Эмки жылы уникалдуу крассовкалар сатыкка чыгат.
Анын боолору өзү байланат. Бул тууралуу өндүрүүчү компаниянын өкүлдөрү билдиришти.
Белгилеп кетсем, автоматтык бекиткичтери менен бут кийим алгачкы жолу чоң экрандан көрсөтүлгөн.
1989-жылы “Келечекке карай артка-2” тасмасында каармандар алды көздөй бет алып, 2015-жылга туш келет. Бул маалда технологиялар ушунчалык өнүгүп, боолору өзү байланган крассовкалар чыккан болот. Ал эми азыркы өндүрүүчүлөр укмуштуу бут кийим автоматтык түрдө кантип бекип каларын азырынча сыр бойдон калтырууда.
Шумдугуң кургур Бири-бирибизди таң калтыралы
#221 21 Февраль 2014 - 05:16
"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
#222 21 Февраль 2014 - 05:18
Россиялык таксисттерге “жакшы манералар” мектеби ачылат.Күтүлгөндөй,
5 күндүн ичинде айдоочулардан мыкты профессионалдарды жаратуу болот. Алар кардарлар менен сылык сүйлөшүүдөн тышкары, Москва тууралуу кененирээк тааныша алат. Андан тышкары, такси айдоочуларды биринчи медициналык жардам көрсөтүүгө жана майыптарга жардам берүүгө үйрөтүшөт.
"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
#223 21 Февраль 2014 - 05:21
Кытайда жигит сүйгөн кызына акчадан 999 роза белек кылды.
Кытайдын улуттук валютасы юаньдан гүл жасоого ар бирине 5 мүнөттөй кеткен. 33 миң долларга барабар гүлдестени жасап алып, ал сүйүктүүсүн кафеге чакырып, колун сурады. Кыз ага турмушка чыгууга макул болду. Жигиттин айтымында, кыздын ата-энеси жаштардын үйлөнүү каалоосуна каршы чыккан. Алар жигитке алгач үй, машине сатып алуусун айтышкан. Макул болгон кыз ата-энеси менен сүйлөшүүгө убада берди.
Кытайдын улуттук валютасы юаньдан гүл жасоого ар бирине 5 мүнөттөй кеткен. 33 миң долларга барабар гүлдестени жасап алып, ал сүйүктүүсүн кафеге чакырып, колун сурады. Кыз ага турмушка чыгууга макул болду. Жигиттин айтымында, кыздын ата-энеси жаштардын үйлөнүү каалоосуна каршы чыккан. Алар жигитке алгач үй, машине сатып алуусун айтышкан. Макул болгон кыз ата-энеси менен сүйлөшүүгө убада берди.
"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
#224 21 Февраль 2014 - 05:24
Балалыкта ажырашкан эгиз эже-сиңди интернет аркылуу бири-бирин тапты.
Былтыр франциялык Анис видео карап жатып, алардын биринен өзүнө өтө окшош кызды көргөн. Социалдык тармак аркылуу Анис аны менен таанышып алды. 3 сааттык баарлашуудан кийин экөө бир тууган экенин билишти. Көрсө, Анис жана америкалык жаран Саманта балалыгында ар кайсыл өлкөгө багууга берилген экен. Ал эми жакында ДНК-анализ экөө чынында бир тууган экенин далилдеди.
Былтыр франциялык Анис видео карап жатып, алардын биринен өзүнө өтө окшош кызды көргөн. Социалдык тармак аркылуу Анис аны менен таанышып алды. 3 сааттык баарлашуудан кийин экөө бир тууган экенин билишти. Көрсө, Анис жана америкалык жаран Саманта балалыгында ар кайсыл өлкөгө багууга берилген экен. Ал эми жакында ДНК-анализ экөө чынында бир тууган экенин далилдеди.
"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
#225 21 Февраль 2014 - 05:27
Адамдын жыты пароль боло алат.
Мадрид Университетинин окумуштуулары ишендирип жатышкандай, ар бир кишинин жыты уникалдуу. Адистер аны аныктай турган атайын тузум да иштеп чыгышты. Анын жардамы менен адамды 85 пайызга чейин тактык менен идентификацияласа болот. Жыт адамдын өзүнө билинбей аныкталып, эч кандай кыймыл-аракетти талап кылбайт. Окумуштуулардын ишениминде, мындай тестти аэропорттордо же бажы түйүндөрдө колдонсо болот.
Мадрид Университетинин окумуштуулары ишендирип жатышкандай, ар бир кишинин жыты уникалдуу. Адистер аны аныктай турган атайын тузум да иштеп чыгышты. Анын жардамы менен адамды 85 пайызга чейин тактык менен идентификацияласа болот. Жыт адамдын өзүнө билинбей аныкталып, эч кандай кыймыл-аракетти талап кылбайт. Окумуштуулардын ишениминде, мындай тестти аэропорттордо же бажы түйүндөрдө колдонсо болот.
"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
#226 21 Февраль 2014 - 05:50
Жаман аба-ырайы бизди жакшы иштөөгө аргасыз кылат.
Окумуштуулардын иликтөөлөрүнө ылайык, Токиодо бир фирманын кызматкерлери арасында изилдөө жүргүзүлгөн. Ага ылайык, кызматкерлер жаман аба-ырайында жумушка көбүрөөк көңүл бөлүп, иштегени аныкталды. Ал эми күн тийип турган кезде, иш үстүндөгүлөр сейилдегиси келип, ойлору он тарапка бөлүнөт.
Окумуштуулардын иликтөөлөрүнө ылайык, Токиодо бир фирманын кызматкерлери арасында изилдөө жүргүзүлгөн. Ага ылайык, кызматкерлер жаман аба-ырайында жумушка көбүрөөк көңүл бөлүп, иштегени аныкталды. Ал эми күн тийип турган кезде, иш үстүндөгүлөр сейилдегиси келип, ойлору он тарапка бөлүнөт.
"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
#227 21 Февраль 2014 - 05:53
Копенгагенде таштандыдан тамак даярдоочу ресторан ачылды.
Анын ээлери түшүндүргөндөй, өнүккөн өлкөлөрдө сырткы көрүнүшү бузулуп калганы үчүн эле ай сайын тонналаган азыктар ыргытылат. Ал эми Африка жана Азиянын бир катар өлкөлөрүндө миллиондогон адамдар ачкалыктан көз жумууда. Таштандылардан алынган азыктар сапатынан кем калбайт, болгону товардык көрүнүшү бузулган. Ачылган ресторанда атайын меню жок. Тамактар ошол күнү табылган азыктарга көз каранды.
Анын ээлери түшүндүргөндөй, өнүккөн өлкөлөрдө сырткы көрүнүшү бузулуп калганы үчүн эле ай сайын тонналаган азыктар ыргытылат. Ал эми Африка жана Азиянын бир катар өлкөлөрүндө миллиондогон адамдар ачкалыктан көз жумууда. Таштандылардан алынган азыктар сапатынан кем калбайт, болгону товардык көрүнүшү бузулган. Ачылган ресторанда атайын меню жок. Тамактар ошол күнү табылган азыктарга көз каранды.
"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
#228 21 Февраль 2014 - 05:55
Сауд Арабиясында эркектин кулагынан 20 жыл мурда катылган шпаргалка чыгарылды.
Ал эстегедей, кичинекей кагазга керектүү маалыматты жазып, кулагына катып койгон. Университетке тапшыруу экаменин берип, ал шпаргалка тууралуу такыр унутуп калган. Арадан 20 жыл өтүп, ал кулагы ооругандан кийин гана эстеди. Кулактагы кагазды дарыгердин жардамы менен гана чыгаруу мүмкүн болду.
Ал эстегедей, кичинекей кагазга керектүү маалыматты жазып, кулагына катып койгон. Университетке тапшыруу экаменин берип, ал шпаргалка тууралуу такыр унутуп калган. Арадан 20 жыл өтүп, ал кулагы ооругандан кийин гана эстеди. Кулактагы кагазды дарыгердин жардамы менен гана чыгаруу мүмкүн болду.
"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
#229 21 Февраль 2014 - 05:58
Швецияда адам өлгөндөн кийин аны музыкалдык көргө жаткыруу сунушталууда.
Дене көмүлүүчү жер алдындагы табытка кабелдер аркылуу жер үстүндөгу көрүстөндүн ташы туташтырылат. Ал өз кезегинде 4G интернетке кошулган. Андыктан көз жумган адамдын туугандары ал үчүн музыканы күн сайын алмаштыра алат. Ал эми эгер киши өзүнүн табитине гана ишенсе, ал музыканы көзү барда эле алдын ала тандап койсо болот.
Дене көмүлүүчү жер алдындагы табытка кабелдер аркылуу жер үстүндөгу көрүстөндүн ташы туташтырылат. Ал өз кезегинде 4G интернетке кошулган. Андыктан көз жумган адамдын туугандары ал үчүн музыканы күн сайын алмаштыра алат. Ал эми эгер киши өзүнүн табитине гана ишенсе, ал музыканы көзү барда эле алдын ала тандап койсо болот.
"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
#230 21 Февраль 2014 - 06:01
Эгер иштеп жаткан бөлмөгө көк түстөгү жарык берип койсоңуз, ал чарчоо сезимин жазат.
Окумуштуулардын далилдөөсү боюнча, көк түстө берилген жарык адам мээсиндеги көңүлгө жооп бере турган бөлүктү ойготуп, чарчаганыңызды жазып, анын алдында иштөөдө уйку келбей, сергек болосуз.
Окумуштуулардын далилдөөсү боюнча, көк түстө берилген жарык адам мээсиндеги көңүлгө жооп бере турган бөлүктү ойготуп, чарчаганыңызды жазып, анын алдында иштөөдө уйку келбей, сергек болосуз.
"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
#231 21 Февраль 2014 - 06:05
Калифорнияда мектеп мугилиминин үйүндө 400 жылан табылды.
Анын жарымы өлүк бойдон жаткандыгы аныкталды. Полицияга анын кошуналары жагымсыз жыттын айынан арызданган. 53 жаштагы Уильям Бэчмен жаныбарларга таш боор мамиле жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылды. Андан тышкары, Уильямдын үйүндө чычкан жана келемиштер да болуп, алар бир чоң кутучага салынып, бири бирин жеп келген. Белгилүү болгондой, ал ар кандай түрдөгү жыландарды кошуп, жаңы түр ойлоп чыгаруу менен алектенген.
Анын жарымы өлүк бойдон жаткандыгы аныкталды. Полицияга анын кошуналары жагымсыз жыттын айынан арызданган. 53 жаштагы Уильям Бэчмен жаныбарларга таш боор мамиле жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылды. Андан тышкары, Уильямдын үйүндө чычкан жана келемиштер да болуп, алар бир чоң кутучага салынып, бири бирин жеп келген. Белгилүү болгондой, ал ар кандай түрдөгү жыландарды кошуп, жаңы түр ойлоп чыгаруу менен алектенген.
"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
#234 21 Февраль 2014 - 09:08
Шумдугун кургур десе! Кулагына шпаргалканы унутуп калганы кызык экен.
Yй бyлooм- менин жашooм, kелечегим!!!
#235 21 Февраль 2014 - 10:16
Шумдук! корустонго музыка койгону
Кай жерде болбо, ар дайым, ар качан, туболукко журогумдо жашайсын.
#236 21 Февраль 2014 - 13:35
Базар-Коргон районунда эки баштуу музоо туулду.
Кечээ, 20-февралда эртең менен Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунун Кеңеш айыл өкмөтүндө эки баштуу музоо туулду. Бул тууралуу аймактагы "Сентябрь" каналынан көрсөтүлгөн.
Анда айтылгандай, адамдар муну кудайдын көрсөткөн керемети деп атоодо. Бирок, музоо жарым саат өтпөй өлүп калган. Анын ээси Дилшад Заиров 20-февралда музоону Жалал-Абаддын борборуна алып келген.
Кызыгы, топтолгон эл аны сүрөткө тартып жатканда, кээ бирлеринин телефондору өчүп калганы айтылат.
Булак: "Түштүк"

АльхамдулиЛлях!
#237 21 Февраль 2014 - 13:47

Я не нравлюсь многим, лишь по одной причине,
у меня есть собственное мнение.
#238 21 Февраль 2014 - 19:27
Италияда пол жууган аял заманбап искусствону таштанды деп ыргытып салды.
Ал мейманкананы иреттеп жатып, кагаз жана картондон жасалган буюмдарды санитардык кызматка тапшырып салган. Искусство буюмдары, ошондой эле, полго себилген печенье күкүмдөрүн камтыган эле. Экспонаттардын автору ким жана алар кантип аталат – белгисиз, бирок алардын баасы 10 миң еврого жетээри аныкталды. Бузулган заманбап искусство үчүн компенсацияны пол жууган аялга жумуш берүүчү бермей болду.
Ал мейманкананы иреттеп жатып, кагаз жана картондон жасалган буюмдарды санитардык кызматка тапшырып салган. Искусство буюмдары, ошондой эле, полго себилген печенье күкүмдөрүн камтыган эле. Экспонаттардын автору ким жана алар кантип аталат – белгисиз, бирок алардын баасы 10 миң еврого жетээри аныкталды. Бузулган заманбап искусство үчүн компенсацияны пол жууган аялга жумуш берүүчү бермей болду.
"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
#239 21 Февраль 2014 - 19:30
Мусулмандарга Марска бир тараптуу учууга тыюу салынды.
Ислам боюнча Бириккен Араб Эмираттарынын башкы агенттиги диний эреже чыгарды. Ага ылайык, Марска кайра келбес үчүн учуп кеткен адам планетада жашап кетери шектүү. Демек, мындай саякат өз жанын кыюга теңелет. Ал эми бул - чоң күнөө. Эске салсам, Mars One долбоору боюнча, 2022-жылы кайра келүү мүмкүнчүлүксүз коллонисттердин биринчи тобу Марска жөнөйт. Учурга карата планетаны алмаштырууга арызды 500 адам берди.
Ислам боюнча Бириккен Араб Эмираттарынын башкы агенттиги диний эреже чыгарды. Ага ылайык, Марска кайра келбес үчүн учуп кеткен адам планетада жашап кетери шектүү. Демек, мындай саякат өз жанын кыюга теңелет. Ал эми бул - чоң күнөө. Эске салсам, Mars One долбоору боюнча, 2022-жылы кайра келүү мүмкүнчүлүксүз коллонисттердин биринчи тобу Марска жөнөйт. Учурга карата планетаны алмаштырууга арызды 500 адам берди.
"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
#240 21 Февраль 2014 - 19:34
Арыктоону каалап жаткан айымдарга дагы бир пайдалуу жана жөнөкөй кеңеш.
Эгер сиз чынында эле арыктагыңыз келип, бирок даамдуу тамактанууну токтотууну каалабасаңыз көңүл бургула. Тамактанууну уланта бергиле, болгону күнүнө 8 стакан суу ичиңиз. Бул организмди жөнгө келтирип, ашыкча салмактан арылууга жардам берет.