بسم الله الرحمن الرحيم
Шакыйк аль-Балхинин
окуучусу Хатим аль-Асам менен болгон маеги:
-Шакыйк:
канча жылдан бери менден сабак алып жатасың?
-Хатим:
отуз үч жылдан бери.
Шакыйк
: бул убакыт аралыгында сен менден канча нерсе үйрөндүң?
Хатим
: сегиз нерсе.
Шакыйк:
иннаа лиллахи ва инна илайхи роожиъун(мааниси:
биз Аллахка таандыкпыз жана Аллахка кайтып барабыз. Бул сөз көбүнчө жагымсыз кабарды укканда айтылат). Менин өмүрүм сени менен кетти, а сен болсо сегиз нерседен башка нерсе үйрөнбөдүңбү?
!
Хатим:
Оо, устаз! Андан башка нерсе үйрөнбөдүм.
Мен жалган айтканды жактырбаймын.
Шакыйк:
ошол сегиз нерсени айтчы, мен угайын.
(Биринчи)
Хатим:
адамдарды карап, алардын ар бири кайсы бир нерсени жакшы көрүшкөндүктөрүн жана ошол жакшы көргөн нерселери менен кабырга чейин бирге болушуп, кабырга жеткенде ажырашкандыктарын байкадым.Ошондуктан мен жакшы (сооптуу) иштерди өзүмдүн жакшы көргөн нерсеме айланттым.Эгер мен кабырга кирсем, ал да мени менен чогуу кирет.
Шакыйк:
Азаматсың,
оо Хатим! А экинчиси эмне?
(Экинчи)
Хатим:
Аллах Тааланын "
Ал эмиЭгесинин алдында туруудан коркуп, көңүлү
каалаган нерселерден
өзүн тыйган адам, (Анын) бара турган жери – албетте Бейиш
(Назият 40-41)"
-деген сөзүнө карап, Анын сөзү чындык экенин билдим жана Аллахка моюн сунууда бекем болуу үчүн өз каалоолорумду
чектөөгө аракет кылдым.
Үчүнчү:
Адамдарды карап алардын ар биринде алар көтөрүп, сактап жүргөн, белгилүү бир баага жана өлөмгө ээ болгон нерселери бар экенин көрдүм. Андан кийин Аллахтын "
Силердин жаныңардагы
бул дүйнөлүк (нерсе) түгөнөт, ал эми Алланын алдындагы түбөлү
к (Нахл-
96)"
-деген сөзүн карап, качан колума белгилүү бир өлчөмдөгү баалуу нерсе тийген болсо, ал нерсе Аллах алдында сакталуусу үчүн аны Аллахтын ыраазылыгын табуу үчүн жумшадым.
Төртүнчү:
Мен адамдарды карап алардын ар бири байлыгы же атак-даңкы же урматы (авторитети) же ата-теги менен сыймыктанышкандыктарын көрдүм жана ал нерселердин эч кандай баасы жок экенин да билдим. Андан кийин Аллах Тааланын: " Алланын алдында силердин эң сыйлууңар
– такыбараагыңар
"
–деген сөзүн карап, Аллах алдында сыйлуу болуу үчүн такыба болуу менен алектендим.
Бешинчи:
Адамдарды карап алардын кээ бирөөлөрү башка бирөөлөрүн жамандап жана кээ бирлери башка бирөөлөрүн каргап жаткандыгын көрдүм. Бул нерселердин негизи көрө албастык. Андан кийин Аллах Тааланын:
"
Алардын араларында,
дүйнө
тиричилигин
деги ырыскыларын Биз бөлүштүрдүк"
-
деген сөзүнө карап көрө албастыкты таштадым,адамдардан алыс болдум жана ырыскы бөлүштүрүү Аллах тарабынан болушун билип адамдарга душмандык кылууна таштадым.
Алтынчы:
адамдарга карап алардын кээ бири башкаларына кол салып, кээ бири башка бирөөлөрү менен согушушкандыктарын көрдүм. Андан кийин Аллах Тааланын "
Чындыгында,
силерге шайтан душман. Ошондуктан силер да аны душман деп билгиле"
-деген сөзүнө кайрылдым жана шайтандын өзүнө гана душмандык кылып, андан сактанууга тырыштым. Себеби Аллах Таала анын мага душман экендиги тууралуу күбөлүк берди.Ошентип мен адамдардын башкаларга душмандык кылуусун таштадым.
Жетинчи:
Адамдарга карап алардын ар бири өз үлүшүн (ырыскысын) издеп, бул издөөсүндө өз жанын кемсинтип, адал болбогон нерселерге аралашып кетишкендиктерин көрдүм. Андан кийин Аллах Тааланын: "
Жербетиндеги бардык жан-жаныбардын ырыскысы – Алладан келет
(Худ 6)"
-деген сөзүнө карап, мен ошол Аллах Таала ырыскысын бере турган жан-жаныбарлардын бирөөсү экенимди билдим жана Аллах Таала мага жүктөгөн нерсе менен алектенип, Аллах мага бере турган нерсе менен алектенүүнү таштадым.
Сегизинчи:
Адамдарды карап алардын ар бири жаратылган нерселерге тобокел кылышкандыктарын (таянышкандыктарын) көрдүм. Бул айылына, бул соодасына, а бул ден-соолугунун чың экендигине.
.. Алардын ар бири жаратылган жана өзүнө окшош эле жаратылган нерсеге тобокел кылышат. Андан кийин Аллах Тааланын:
"
А кимде-ким Аллага тобокел кылса, Ал өзү ага жетиштүү (Талак 3)"
-деген сөзүн карап, Аллах Таалага тобокел кылдым жана Ал мага жетиштүү.
Аалымдардан үлгү ал аалымдардын сөздөрү, кылган иштери жөнүндө
#2 10 March 2013 - 17:55
Кичинекей аалымдар.
1. Абу Саид аль-Асмаъи айтат: "мени менен сүйлөшүп, таза жана кызыл тилдүүлүгү менен мени кызыктырган араб жаш баласынан: сенде 100 000 дирхам бар болуп, бирок акмак болсоң ыраазы болот белең -деп сурадым. Ал: Аллахтын аты менен ант ичем, жок -деп жооп берди. Мен эмнеге?-деп сурадым. Ал: менин акмактыгым мага кандайдыр бир кылмыш кылдырып, анын айынан байлыгымдан айрылып, акмактыгым менен жалгыз калуусунан корком-деп жооп берди".
2. Ибн Кутайба айтат: "Умар бин аль-Хаттаб (Аллах андан ыраазу болсун) көчөдө ойноп жаткан жаш балдардын жанынан өтүп баратты. Ал балдардын арасында Абдуллах бин Зубейр да бар эле. Ошол убакта Абдуллахтан башка балдар Умардан качып кетишти (Умар ошол убакта мусулмандардын падышасы болчу). Анда Умар, Абдуллахтан: Сага эмне болду? Эмнеге досторуң менен чогуу качпадың? - деп сурады. Ал: оо, момундардын амири (башчысы)! Мен сизден корко турган күнөө иш кылбадым жана жол да сиз батпай тургандай тар эмес-деп жооп берди. "

#3 18 March 2013 - 03:56
Халиф Сулейман ибн Абд аль-Малик
(674—717
) Меккеге ажылык кылуу үчүн келгенде ажы кылуунун кээ бир маселеринде талаш маселе жаралат. Ошондо халиф бул тууралуу кимден сураса боло тургандыгын сурашканда ага Ата ибн Абу Рабах (647, Дженед, Йемен — 732, Мекка)
деген аалымдан сураса болоорун айтышат. Халиф ал аалымга барганда, аалым намаз окуп жаткан болот. Ал намазын ушунчалык узак окугандан халиф күтүп атып чарчап да кетет. Акыры чыдамы түгөнө баштаганда аалым намазын бүтөт. Ошондо, халиф келген себебин айтат. Аалым болсо халифке ордунан турбай, ал тургай халиф жакты карабай берген суроолоруна жооп берет. Ошондо халиф сыртка чыгып чогуу келген эки уулуна айтат:
- Эч качан билим алуудан баш тартпагыла. Мен илимим жок болгондуктан мынабу кулдун алдында тизелеп отуруп пас болдум.
Аалымды халиф кул деп айтканынын себеби, Ата ибн Абу Рабах кара түстөгү йемендик кул болгон. Анан азаттык алып, ислам аалымдарынан билим алып, күчтүү аалымдык даражасына жетип, ал тургай "Харамдын (Мекке шаарынын) имамы" деген титулга да ээ болгон.
Бул аалымдын ден соолугу жакшы болгон эмес. Бир ыптасы иштөөчү да эмес экен. Мурду кыйшайган, кебетеси да келишкен адам болгон экен. Бирок, анын кеселдиги илим алууга тоскоолдук болгон эмес.
Куранда Алла Таала айтат:
" Аллаh силердин араңардагы (таза- калыс) ыймандуулар менен илимдүүлөрдүн даражасын көтөрүп койгон" [58:11]

... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#4 18 March 2013 - 04:05
Ахмад ибн Ханбал өзүнүн жашоосу тууралуу эки ооз сөз айткан экен:
"Mal' mahbara ilal maqbara" - "Калемсаптан кабырга чейин"
Ошол илим алуу үчүн Багдаддан Тарсус шаарына (Түркия) чейин жөө барган экен. Аралык 1181 км.
Андан мурда да 15 жаш курагында илим алуу үчүн Ирактан Йеменге, ал жактан кайра Басра шаарына (Ирак), ал жактан Египетке, Египеттен Палестинага, анан кайрадан Египетти кесип өтүп Алжирге, Алжирден Мекке шаарына. Меккеден Мединага илим алуу максатында барган экен. Төө же ат сатып алганга каражаты жок болгондуктан ал көбүн эсе жөө жүргөн. Ушул сапарларында 280 дөн ашык аалымдан илим алып, мындай сөздү айтып кеткен: "Мен ар бир шаардагы болгон аалымдардын баарынан илим алдым".
Өмүрүндө 5 жолу ажылыкка барып, анын үчөөн жөө ишке ашырган. Ошол хаджынын бирөөн 30 дирхам короткон экен..
"Mal' mahbara ilal maqbara" - "Калемсаптан кабырга чейин"
Ошол илим алуу үчүн Багдаддан Тарсус шаарына (Түркия) чейин жөө барган экен. Аралык 1181 км.
Андан мурда да 15 жаш курагында илим алуу үчүн Ирактан Йеменге, ал жактан кайра Басра шаарына (Ирак), ал жактан Египетке, Египеттен Палестинага, анан кайрадан Египетти кесип өтүп Алжирге, Алжирден Мекке шаарына. Меккеден Мединага илим алуу максатында барган экен. Төө же ат сатып алганга каражаты жок болгондуктан ал көбүн эсе жөө жүргөн. Ушул сапарларында 280 дөн ашык аалымдан илим алып, мындай сөздү айтып кеткен: "Мен ар бир шаардагы болгон аалымдардын баарынан илим алдым".
Өмүрүндө 5 жолу ажылыкка барып, анын үчөөн жөө ишке ашырган. Ошол хаджынын бирөөн 30 дирхам короткон экен..
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#6 21 February 2014 - 18:12
Муаз ибн Жабал айтты: “Силер илим алууга милдетүүсүңөр!
Аныгында, илим талап кылуу - Аллахка ибадат кылуу, акыйкатты таануу - Аллахтын алдында жыпар жыт, илим издөө - жихад болуп саналат, башкаларга алган илиминди үйрөтүү - берген садакан, алган илиминди кайталоо - Аллахты улуктоо. Илимдин негизинде гана адам Аллахты таанып, илимдин негизинде гана адам Аллахка ибадат кылат. Илимдин негизинде кана Аллах даназаланып,
илимдин негизинде гана Анын дини тутулат. Аллах бир гана илимдин негизинде адамдардын даражасын көтөрүп, алардын айткандарына миндеген адамдар муюп, артынан ээрчишет жана ошондой эле илимсиздик себебинен гана Аллах кээ бирлердин даражасын төмөн кылат. ”.
Абд ул-Барр “Жами‘ байан аль-‘Ильми уа фадлихи”, 1/236; Абу Ну‘ейм в “аль-Хилья”, 1/239. китептеринде келтиришкен

"Алладан кечирим сурагыла, аныгында Ал-кечирим Ээси!"
#7 21 February 2014 - 18:13
Биздин башыбызды балээ басты! Биз өз динибизди кандай акыбалга алып келдик? Биз акыретибизди жек көрүү менен ачка калтырып, бул дүйнөбүздү кастарлап семирттик. Биз такыбалыгыбызды ач- жыланач бойдон таштап, денебизди жапкан кийимибиз менен үй эмеректерин атандашып жанылоодобуз.
Бирибиз болсо сол колубузга таянып менменсинип,
ага эч бир тиешеси жок мүлктөн ооз тийип жатабыз. Анын ашы арам жол менен табылып, анын кулдары көзүнүн кареги менен тен айланып чуркап жүрөт. Ал болсо муздак тамактан кийин ысык тамак алып келүүсүн, таттуудан кийин ачуусун, кургатылган тамактан кийин жаны үзүлгөн аш талап кылып турган чагы. Сугалактыгынын кесепетинен ичи ооруп баштаган убакта, кокуйлап тамак синирүүчү дармек сурап "Мага даары бергилечи, менин ичим ооруп жатат" деп ичин басууда.
Акылсыз пенде! Аллахтын аты менен касам ичем, сен дининен башка эч нерсени синире албайсын. Сенин динин гана сага синип, ошол динин менен гана кабырга барасын. Сенин ачка отурган кошуналарын тууралуу камын кана? Айылында жүргөн жетим бала тууралуу сенин камкоордугун кайда? Сага үмүттүү карап жаткан кедей кошунан тууралуучу? Сага Аллах тарабынан кыл делген, Аллахтын парзы кайда? Эй пенде, сен күндөрдөн куралгандыгынды жана ар бир күндүн өтүшү менен сенин бир бөлүгүн ошол күн менен кошо кетип жатканын андасан кана?
Хасан ал-Басри

#8 21 February 2014 - 18:14
Оо адам баласы, күнөө жасап ага тобо кылып, безеленүүгө караганда, ошол күнөөнү жасабай коюш женилирээк.
Хасан Басри
Хасан Басри
"Алладан кечирим сурагыла, аныгында Ал-кечирим Ээси!"
#9 21 February 2014 - 18:16
Бетпактыкты эрдик деген адамдан оолак бол. Мээримдүүлүктү кайраты жоктук дегенден оолак бол. Келжирек сөз сүйлөөнү даанышмандык дегенге жолобо, унчукпоону түркөйлүк дегенден оолак бол.
Имам Шафии
Имам Шафии
"Алладан кечирим сурагыла, аныгында Ал-кечирим Ээси!"
#10 21 February 2014 - 18:17
"Мага бир ирээт:"Сени оозго алгыс сөздөр менен тилдеп жатса, сен унчукпай кетип калганындын себеби эмнеде?" деп суроо беришти.
Бул суроого:
"Ага каяша кылып жооп берүү бул жамандык эшигинин ачкычы. Түркөй адамга каяша кылбай кетип калган адамга көп сыйлык бар, анын унчукпай кетип калуусу анын абийрин сактап калуусу. Арстандар көп унчукпаса да алардан башкалар сестенерин, ал эми кандектер канчалык ажылдап үрбөсүн аларды таш менен кубалап саларын байкаган эмес белен?" деп жооп берген элем
Имам Шафии
Бул суроого:
"Ага каяша кылып жооп берүү бул жамандык эшигинин ачкычы. Түркөй адамга каяша кылбай кетип калган адамга көп сыйлык бар, анын унчукпай кетип калуусу анын абийрин сактап калуусу. Арстандар көп унчукпаса да алардан башкалар сестенерин, ал эми кандектер канчалык ажылдап үрбөсүн аларды таш менен кубалап саларын байкаган эмес белен?" деп жооп берген элем
Имам Шафии
"Алладан кечирим сурагыла, аныгында Ал-кечирим Ээси!"
#11 21 February 2014 - 18:18
"Мен, силер кандай байлыкка умтулуп, байлык жыйнап жатсанар, ошондон ашып илим-билимге умтулуп, илим-билим жыйнап жаткан адамдарды жолуктурган элем. Жана силер акчанарды пайдасыз нерселерге жумшагынар келбегендей,
ал адамдар өз илимин аларга акыретте көп пайда бере алган нерселерге гана жумшаарын көргөн элем."
Хасан ал Басри
Хасан ал Басри
"Алладан кечирим сурагыла, аныгында Ал-кечирим Ээси!"
#12 21 February 2014 - 19:13
Бир адам Абу Ханифага кайрылып: "Кудайдан корк!" - дегенде, имам селт этип, өңү кубара түшүп, башын жерге салып:
"Аллах сенден ыраазы болсун. Сен айткан сөздү, аларга айтып, эскертип туруусуна адамдар өтө муктажбыз" - деп жооп берди.
"Аллах сенден ыраазы болсун. Сен айткан сөздү, аларга айтып, эскертип туруусуна адамдар өтө муктажбыз" - деп жооп берди.
"Алладан кечирим сурагыла, аныгында Ал-кечирим Ээси!"
#13 21 February 2014 - 19:15
Эки адам урушуп кетип бири биринин айыбын ача башташса, бул эки жүздүлүктүн айкын белгиси.
Имам Шафии
Имам Шафии
"Алладан кечирим сурагыла, аныгында Ал-кечирим Ээси!"
#14 21 February 2014 - 20:27
"Аны коргогондор аз экен" деп акыйкатты четке кагып, "Муну көп киши колдойт экен" деп жалганга чирмешпегиле.
(Ушул сөздөрдү бир илим ээси айтканын билем, бирок ким айтканын эстей албай койдум, кимде маалымат бар болсо эстешиме себепкер болуп койунуз)
(Ушул сөздөрдү бир илим ээси айтканын билем, бирок ким айтканын эстей албай койдум, кимде маалымат бар болсо эстешиме себепкер болуп койунуз)
"Алладан кечирим сурагыла, аныгында Ал-кечирим Ээси!"
#15 23 February 2014 - 20:51
Аял жана арстан (Аялдарга насаат катарында)
Бир аял аалымга келип: "Менин күйөөм башка аялдарга барып жүрөт окшойт,анан кошуна аялдар дагы аны күндө мактай эле беришет. Ошол кошуналардынарасындагы бойдоктору башын айлантып, мени таштатып, тийип албасын деп акыркыубактарда чочулап да баштадым" дейт. Аалым: "Анан мага кандаймуктаждык менен келдиң эле?" - деп сураганында, тиги аял: "Мага бирдаары дубалап бербейсизби, аны ичкенден кийин, күйөөм мени эле сүйүп башкааялдарга барбагандай болсун" дейт. Аалым анысына "Макул, мен сагаандай даары жасап берейин, бирок аны жасаш үчүн мага тирүү арстандын бир уучжалынындагы жүнү керек" дейт, тиги аялдан эптеп кутулуу максатында. Себеби, аалым канчалык андай нерсе шариатта жок, мен андай нерсе жасабаймдегенине карабай, тиги аял суранып эле отуруп алган эле.
"Тирүү арстандын жүнү дейсизби? Мен тирүү арстандын жүнүн кайдан алмакэлем, өлгөн арстандын териси болсо деле алып келет элем, ал эми тирүүдөн жүнүнала албайм го?"
"Ала албасаң, мен жасай албайм. Тирүү арстандын жалындагы жүндөн алып кел,анан мен жасап берем" деп аалым тиги аялды жолго салат.
Күйөөмдү кандай болсо да кармап калышым керек деген тиги аял жакын жердегимергенчилерге барып алардан арстан кайда жашарын жана канткенде арстандантирүүлөй жүнүн кыркып алса боло тургандыгын сурайт. Мергенчилер арстан кайдабар экенин маалымдашып, экинчи суроосуна "Тирүүлөй жүнүн кыркып алышмүмкүн эмес, арстандын курсагы тойгондо кыялы жумшарып, адамды өзүнөжакындатышы мүмкүн, бирок бары бир кыркып ала тургандай алыстыккажакындатпайт" - дешет.
Аял көп ойлонбой эле, базардан эт сатып алып талаага жөнөйт. Талаага жетерименен алыстан бир арстанды баамдап, ага алы жетишинче жакындап, колундагыэттерди жерге ыргытып, өзү алысыраак жакка барып, арстан эмне кылат болду экендеп карай баштайт. Эттин жытын сезген арстан аял жакка жакындап, жердегиэттерди бат эле аймап салып кетип калат.
Аял өз максатына жетиш үчүн күндө ал талаага эт ташый баштаган экен. Күн сайынэт таштаган сайын, арстан экөөнүн ортосундагы аралыкты жакындата да берет.Ошентип күндөр өтүп, ага эт ташып жаткан аялга көнүп кеткен арстан, аялдыжалынынан бир ууч жүн кыркып ала алгандай аралыкка да жакындаткан күн келип,аял анын жүнүнөн кыркып алат. Мунусуна кубанган аял, ал жүндү кастарлап катыпалып аалымдын эшигин кагып барып калат. Эшигин ачкан аалым тиги аялды көрүпчочуп кетип: "Эмне арстандан жүн кыркып келдиңизби? " деп сурайт.Кубанычы койнуна батпаган тиги аял "Ооба, мына сиз сураган нерсени алыпкелдим, мына караңыз" деп арстандын жүнүн сунат. "Шумдугун кургур,тирүү арстандан жүнүн кантип кыркып алдыңыз?" - деген аалымдын суроосуна,аял мактана :" Мен күндө ага жакшы тамак ташып, ага жакшы мамиле кылып,анын мүнөзүн изилдеп, ага эмне жагат эмне жакпайт айгинелеп, ага жакканнерселерди гана жасап, жакпаганын жасабай жатып жакындап жүнүн кыркыпалдым" дейт. Ошондо аалым "Эй аял, ошол арстанга жасаган мамилени үйүнөбарып күйөөңө жасасаң, ал сенден эзели кетпейт. Ушул кылган мамилеңди жактырыпарстан сага тийбесе, ошол эле мамилени күйөөңө кылсаң ал сени өмүрү тыштабайт.Жырткычка жаккан мамилең күйөөңө кантип жакпасын" деп аялды кетирген экен.

#16 24 February 2014 - 17:27
Бир илим ээси айтты:
Түн ичинде, жатаар алдында, уктап жаткан аялымдын жүзүн карап, мага мындай ойлор келди :
Ата-энеңдин үйүндө сый-урматта жашап жатып, алардын мээримине бөлөнүп жашап жатып, күйөөгө тийип, чоочун адам менен чоочун үйгө турмуш сапарын улап келип калдын. Ата-энеңдин мээримин таштап, ата-энеңдин урматын таштап “Мындай кыл, тигиндей кыл” деген бир адамга жубай болуп келип калдын.
Анан мен үчүн баардык жыргалын, сый-урмат, мээримин таштап келген жубайымды урганга кантип колум көтөрүлөт? Мен үчүн эзели атасы тааныбаган айылга келип, мага жөлөк болуп жаткан пендени кантип көңүлүн оорутам?
Кантип мен ак никелүү аялымды, Аллахтын каары астындагы ойношко алмаштырам? Кантип мени дүйнөдө башка адамды күтпөгөндөй күтүп жаткан аялымды таштап коюп, башка, чоочун аялдар менен кафелеп жүрөм? Кантип мен Аллах мага аманат кылып берген пендеге кыянат кылам? Бул аманат үчүн Кыяматта сурак барын билип туруп.

#17 24 February 2014 - 17:29
Бул кыска окуя Имам Абу Ханифанын белгилүү окуучусу Якуб Абу Юсуф менен болгон кызыктуу окуяны баяндап бермекчи.
Абу Юсуф кичинекей кезинде анын атасы каза болуп, энеси болсо бир нерселерди түйүү менен жанын бакчу эле. Абу Юсуф бойго жетип калганда энеси ага: “Балам, кичине эс тартып калдын кийим жуугучка барып, ага шакирт болуп кичине үйгө тыйын алып келгин” деп кийим жуугучка күндө эртең менен жетелеп барчу эле. Бирок, илимге умтулган Абу Юсуф энеси кетери менен Абу Ханифанын сабактарына бет алчу. Энеси бир күнү баласынын кылыгын байкап калып, анын артынан аңдып барып, Абу Ханифага кезигет. Ошол жерден жини менен аял “Менин балам
сеникиндей бай эмес, ал кир жууп, акча таап оокат кылып, жанын бакканды үйрөнүшү керек. Сен болсо менин баламды бузуп, кайдагы бир сабакатарды окутуп, жаш баламдын мээсин айлантып жатасың. Сендей бузукуну эзели көргөн эмесмин. Жетим баламды жайына кой” деп имамга бир тийет. Имам:” Эй акылсыз пенде, азыр ал илим алып жаңгак кошулган кыям (бул ашты ал убакта жалаң гана падышалар жеген аш эле) жегенди үйрөнүп жатат” деп жооп бергенине, Абу Юсуфтун энеси “Мээсинен айныган чал, кайдагы кыямды айтып жатасың” деп жулкунуп кетет.
Абу Юсуфтун айтымында бул окуядан кийин, Абу Ханифа бай адам болгон себебинен, окуучусунун зээнин байкап, күндө ага кир жууп таба турган акчасын берип баштаган. Ордуна Абу Юсуфтун андан илим алыш шартын коюп. Илим жолуна түшкөн улан кийин мусулмандар халифатынын жогорку казысы болуп шайланып, халиф Харун ар Рашидге илим берип, анын мугалими болгон.
Бир күнү халиф Абу Юсуфту аны менен бирге тамак ичүүсүн суранып “Мен сага, бүгүн, сен эзели жебеген жаңгак кошулган кыямдан ооз тийгизем” дейт. Мунусун уккан Абу Юсуф катуу күлүп жиберет. “Эмнеге сен күлүп жатасың?” деген халифтин суроосуна ал: “Жаш кезде устазым айткан сөздү эстеп, апамдын кылыгын эстеп” деп жооп берет. Харун ар-Рашиддин суранычы менен Абу Юсуф анын жаш кезинде болгон окуяны халифке айтып берген экен.
Окуяны уккан халиф: “Акыйкатта, илим аркылуу Аллах пендесине бул дүйнөдө гана жакшылык аталабастан, акыретте да жакшылыгын аталайт” деп туруп “Имамды Аллах Мээримине бөлөсүн” деген экен

#19 26 December 2016 - 09:20
Аллах Тааланын дини учун баардык кызыкчылыктарынан кечип , Ислам динине кызмат кылган жогорудагы Имам Аалымдарга Аллахтын рахматы жаасын жана ыраазы болсун .Кандай кана динге мээнет кылышкан .А, бизчи баардык шарт бар , бирок бейкапарбыз .
Бул жакка жазып кочуруп келгендерге да Аллах ыраазы болсун .

لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين

Супер-Инфо
super.kg
видео