Кыздар неге хиджаб кийбейсиңер?
#2121 16 Февраль 2014 - 17:57
Ислам шариатында аврат деп эсептелинген дененин бөлүктөрүн жаап жүрүү милдеттүү парз катары таанылат. Аялзатынын жүзү жана эки колунан (манжаларынын учтарынан баштап, билек муундарына чейинки аралык) башка денесинин бүтүндөй бардыгы аврат деп саналат.
Кийимдин милдеттүү болгон шарттары:
· Кийилген кийимдин туруш-турпатынын өзү жасалга, зыйнаттуу болбоосу;
· Кийимдин алдындагы денени көрсөтпөй турган деңгээлдеги калың болуусу;
· Мүчөлөрдүн көлөмүн аныктабай турган деңгээлде болуусу;
· Эркектердин жана пасык (шариат жолунда жүрбөгөндөрдүн) аялдардын кийимине окшош болбоосу керек;
· Шухрат (башкалардан өтө айырмаланган жана обочолонгон) кийим болбоосу;
· Жүз жана эки колдон башка мүчөлөрүн жапкан болуусу;
· Аядын кийими ар кандай түстө болгондугу талапка жооп берет. Бирок, күңүрт токтоо түстөгү кийимдерге артыкчылык берилет;
· Никаб, же жүздү жаап жүрүү парздын катарына кошулбайт;
· Аялдар үчүн тигилген шым кийгендер тизеден төмөн түшкөн кийим кийүүлөрү милдеттүү. Ал эми тар тигилген шымдарга тыюу салынат.
· Мусулман аялдын кийген кийими таза жана жөнөкөй болуп, башка аялдарга өрнөк болушу кажет.
Алла Таала баарыбызды ак жолдон адаштырбасын.
КМДБ фатва бөлүмү
АльхамдулиЛлях!
#2122 22 Февраль 2014 - 18:05
#2123 22 Февраль 2014 - 18:26
дагы кошуп кетчу нерсе, хиджаб кийгендердин журуш - турушу. хиджаб кийсенер эле жигит менен журо беруу уруксат болуп калбайт. ушундай эже - синдилер бир гана озун эмес, буткул исламды тепсеп, жаман корунтуп жатышат. оз милдетибизди татыктуу аткаралычы!
#2124 23 Февраль 2014 - 01:06
dina (14 Февраль 2014 - 10:39) жазган:


Ушу кантип хиджап болсун эми,фигурасын дапдаана 90-60-90 кылып коргозуп туратго!
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#2125 23 Февраль 2014 - 01:13
sestra (22 Февраль 2014 - 18:26) жазган:
дагы кошуп кетчу нерсе, хиджаб кийгендердин журуш - турушу. хиджаб кийсенер эле жигит менен журо беруу уруксат болуп калбайт. ушундай эже - синдилер бир гана озун эмес, буткул исламды тепсеп, жаман корунтуп жатышат. оз милдетибизди татыктуу аткаралычы!
+++
#2126 23 Февраль 2014 - 13:51
#2127 24 Февраль 2014 - 14:45
dina (14 Февраль 2014 - 10:39) жазган:



#2128 25 Февраль 2014 - 18:33
MIRULYA (10 Май 2007 - 16:43) жазган:

Далилин барбы ушу созуно хиджап парз болгон
#2130 27 Февраль 2014 - 00:23
zhusubali (25 Февраль 2014 - 18:33) жазган:
Дадил деген аты болбосо заты эчак асынып олуп алган азыр.
Мен миңңңңң адамдан сурадым азыр деле сурай берем.Хиджап парз деп айтылбаган дейт.Кийсен жакшы кийбесен куноо эмес.Куноо эмес десе жыппжыланач деп ойлоп алба ши кылса.
Орус оюндагысын кылат кыргыз аны туурайт дегендей эле болуп жатабызда.Кий дедик кийбе дедик бир тыйынчалык пайза зыяны болбоду ушул жерде.
Кысскасы кийгизип оронуп чумконгусу келгендер ошенте бергиле мейли.Анан кийиш керек кокуй эле кокуй деп тобосун каккылагандар эже карындаш апа сапанарга кийгизип алып анан жазгыла.Экрандын аркы бетинде бирин даммулла бирин имам бирин дагы юир палаткат болуп корунбой
#2131 27 Февраль 2014 - 00:59
Ali.Ht (27 Февраль 2014 - 00:32) жазган:
Сага баары бир эмесби ким айтканы.Же колундан бир нерсе келеби?Асманды таштап жиберчуудой ким айткан деп жаман болдунго.Сага мага ташматка окшогон адамдар айтатда ким айтмак эле уй кой же маймыл айтмакбы?
#2132 27 Февраль 2014 - 01:55
Mr.katagan (27 Февраль 2014 - 00:59) жазган:
хиджап парз деген жерди курандан козуно сайып корсотуп койсом эркек башын м.н хиджап кийесинби??? эгер ишенсен парз эмес экенинине макул бол анда??
#2133 27 Февраль 2014 - 02:16
Билдирүүнү түзөткөн: Destro: 27 Февраль 2014 - 02:18
#2135 27 Февраль 2014 - 09:05
Destro (27 Февраль 2014 - 01:55) жазган:
Мага баары бир эмесби парзбы сунноттбу же дагы бир нерсеби.Жазылса жазылгандыр жазылбаса жоктур.П...... ц эле болуп алдынго кийесинби тигиби деп.Кайсы жерде кордун эле эркек хиджап кийгенин же атан кийеби или сен кийдин беле.Созду окусан а дегенде ангырай бербей.Сен 20 чыксан парз эмес деп 40 чыккан сен сыяктуу даммулллаа болумуш айткан.
#2136 27 Февраль 2014 - 11:44
.
Сынтакса да, не десе да киемин,
А анткени ПАРЗ экенин билемин.
Кечиримди бере көргүн Жараткан,
Тооба кылып, ыйлап турат жүрөгүм,
Бир Алладан ыраазылык тиледим.
Сынтакса да, не десе да киемин,
Сын сөздөрдөн сыздап турат жүрөгүм,
Мен кыргызмын, арап эмес чынында,
Ислам тегиз – бүт улутка! Билемин.
Түшүнгөндөр көбөйсө экен тилегим.
.
Айсалкын. 23/06/2013 ж. Москва шаары
www.islam-kg.com
#2137 27 Февраль 2014 - 12:28
Mr.katagan (27 Февраль 2014 - 09:05) жазган:
иаалыматты тактап анан жаз анда. жон жерден окум чыгарбар
#2138 27 Февраль 2014 - 13:40
Биринчиден бул болум дин болуму. Экинчиден хиджап темасы. Булар ошол Аллахтын айткан мыйзамдарын парздарын ушул жерге жеткирип дават кылып жазып койгондун эмнеси жаман?
Аллахтын буйругу деле ушул эмеспи? Билбегендерге айткыла тушундургуло динге чакыргыла деген.
Булар Аллахтын буйругун аткарып жазып дават кылгандын эмнеси оор келет бизге?
Бул форумду миндеген адам окуйт, Билбегени ушул жерден билет коп нерсени. Хиджап кийеби же жокбу ар ким озу жыйынтык чЫгарып алат.
Бул жерде динге чакыруунун эч кандай зыян жагы жок.
#2139 27 Февраль 2014 - 15:21
#2140 27 Февраль 2014 - 15:50
MIRULYA (10 Май 2007 - 16:43) жазган:

Хиджап кийуу ыйык Куранда жазылган. Мен толугу менен колдойм