Суперстан: Шумдугуң кургур - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Эркин тема
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (163 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 17
  • 18
  • 19
  • 20
  • 21
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Шумдугуң кургур Бири-бирибизди таң калтыралы

#361 Пользователь офлайн   Gasu   22 Февраль 2014 - 20:01

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 677
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 06 Мар 2014 23:17
  • Жынысы:Белгисиз

Дүйнөнүн эң бай музыканттары тизмесинде биринчи орунду Мадонна ээледи.

55 жаштагы аткаруучунун бир жылда тапкан акчасы 125 миллион долларды түздү. Бул сумманын көбүнчөсүн дүйнөлүк турне алып келди. Андан тышкары, Мадоннада кийимдер жана атыр коллекциясы бар. Экинчи орунда 80 миллион доллардык кирешеси менен Леди Гага, ал эми үчүнчүдө 79 миллион тапкан музыкант Бон Жови турат.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 27309_m.jpg

"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#362 Пользователь офлайн   Gasu   22 Февраль 2014 - 20:06

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 677
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 06 Мар 2014 23:17
  • Жынысы:Белгисиз

38 жаштагы аял кудуктун түбүндө жарым ай жашап, аман калды.

Су Цисю даары чөптөрдү чогултуп жүрүп, талаанын ортосунда казылган кудукка түшүп кеткен. Тереңдиги төрт метр, аңдан ал чыга алган жок. 15 күн бою аял талаадан чогулткан жүгөрүнүн кабыктары менен тамактанып, жаан суусун жутуп, жан баккан. Жарым айдан кийин гана анын кыйкырыктарын фермерлер угуп, жардамга келишти.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 27248_m.jpg

"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#363 Пользователь офлайн   Gasu   22 Февраль 2014 - 20:09

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 677
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 06 Мар 2014 23:17
  • Жынысы:Белгисиз

Дүйөдө эң эле жолу бар бактылуу адам тууралуу сөз кылабыз.

Фран Селак 1962-жылы поезд менен бара жатканда, вагон рельсыдан чыгып, 2 ирээт оодарлып сууга түшкөн. 17 адам дароо каза таап, Фран болсо колунан жеңил жараат алган. Бир жылдан кийин ал учакта баратканда, аба кемесинин эшиги жулунуп, Фран андан ыргып кеткен. Ооруканадан өзүнө келгенде, учак жарылгандыгын, жана Фран жалгыз тирүү калгандыгын угат. 1966-жылы биздин карман аварияга кабылып, унаа толугу менен өрттөлүп 4 адам каза таап, ал эми Франдын чачы гана күйгөн. Ушул сыяктуу дагы бир нече таң калтыруучу окуялардан соң, 74 жашында Фран өмүрүндө биринчи жолу лотерея билетин сатып алып, баш байге 1 миллион доллардын ээси болуп табылды.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 27243_m.jpg

"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#364 Пользователь офлайн   Gasu   22 Февраль 2014 - 20:12

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 677
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 06 Мар 2014 23:17
  • Жынысы:Белгисиз

Венгрияда бала кереметтүү жол менен дүйнөгө келди.

Дебрецен шаарында көз жумган эненин курсагында 27-жумасында ымыркай көз жарды. Анын салмагы жарым килограмм жана ал өзүн жакшы сезүүдө. Аял курсагындагы балага 15 жума болгондо инсультка кабылып, анын мээси ишин токтоткон. Эң кызыгы, мындай нерсе түйүлдүккө залака тийгизген жок. Андыктан дарыгерлер энени өмүр камсыздоочу апараттан өчүрбөөнү чечкен. Белгилеп кетсек, мындай кереметтүү төрөлүү учурлары дүйнөдө болгону 3 жолу катталган.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 27233_m.jpg

"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#365 Пользователь офлайн   Gasu   22 Февраль 2014 - 20:14

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 677
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 06 Мар 2014 23:17
  • Жынысы:Белгисиз

Брайан Берг дүйнөнүн эң чыдамкай адамы деп айтса болот.

Анткени ал эбегейсиз ири көлөмдөгү жана абдан кооз конструкцияларды ойноочу карталардан чогултат. Анын эмгегине үйлөр, кеме жана ордолор таандык. Бирок, ал аларды чогулткандан сырткары, кайра сындырганды жакшы көрөт.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 27209_m.jpg

"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#366 Пользователь офлайн   Gasu   22 Февраль 2014 - 20:21

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 677
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 06 Мар 2014 23:17
  • Жынысы:Белгисиз

Лондондо бажы кызматкери жумуштан кетүү арызын торттун үстүнө жазды.

Крис Холмс туулган күнү алдында жашоосун түп тамырынан өзгөртүүнү чечкен. Анын себебин Британиялык тургун, балалуу болгону менен түшүндүрдү. Туулган күнүндө ал кесиптештерин жана начальникти чогултуп, жумуштан кетүү арызы крем менен жазылган тортту тартуулады. Эми ал үй-бүлөгө көбүрөөк убакыт бөлүп, чынында сүйүктүү иши менен алектенүү ниетинде. Холмс жаштык кезинен бери кондитетрдик бизнеске кызыкчу. Белгилеп кетсек, тургундун жасаган торту интернетте кеңири талкууланып, болочок ишине жакшы жарнама дагы болуп калды.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 27161_m.jpg

"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#367 Пользователь офлайн   Gasu   22 Февраль 2014 - 20:23

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 677
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 06 Мар 2014 23:17
  • Жынысы:Белгисиз

Эгер сиз өзүңүздү укмуш акылдуу деп эсептеп жүрсөңүз, ал оюңуздан баш тарта бериңиз.

Укмуштуу адамдар тууралуу дагы бир окуя. Таанышып алыңыз – Корея тургуну Ким Унг-Йонг, же планетадагы эң акылдуу адам катары Гиннестин рекорддор китебине катталган киши. Ким Унг-Йонг 1962-жылы туулган. Анын тили жарым жашында чыгып, 3 жашында корей, япон, немец, англис жана португал тилдеринде эркин баарлаша баштаган. 5 жашка келгенде кореялык гений татаал дифференциялык эсептерди кыйналбастан чыгарчу. 8 жашында АКШнын космосту иликтөө башкармалыгынын стипендианты болду. Азыр Ким Унг-Йонг Кореяда университетттердин биринде сабак берет.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 27139_m.jpg

"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#368 Пользователь офлайн   Gasu   22 Февраль 2014 - 20:27

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 677
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 06 Мар 2014 23:17
  • Жынысы:Белгисиз

Смартфон адамдын өмүрүн сактап калды.

Флорида штатында куралданган ууру май куючу станцияны тоноп кетүүнү көздөгөн. Ал кызматкерге тапанча такап, сейфти ачууну буюрган. Бирок темир куту ачылбай койгондон кийин кылмышкер адамга ок чыгарып, качып кеткен. Полиция келгенде, АЗСтин кызматкери көкүрөгү ооруп калганын сезди. Ал төш чөнтөгүнөн смартфонду алып чыгып, аппаратка ок тыгылып калганын көрдү. Телефон албетте жарабай калды, бирок анын кожоюну аман калды.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 27085_m.jpg

"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#369 Пользователь офлайн   Gasu   22 Февраль 2014 - 20:31

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 677
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 06 Мар 2014 23:17
  • Жынысы:Белгисиз

Германияда аялынын наалыганынан тажаган тургун андан эс алуу үчүн түрмөгө түштү.

Өз оюн ишке ашыруу үчүн 47 жаштагы Немец жол эрежелерин бузуу үчүн айыптарды атайлап төлөбөй жүргөн. Мыйзам боюнча мындай иш-аракет үчүн 10 күндүк түрмө жазасын каралган. Айыптарды төлөө мөөнөтү аяктагандан кийин тургун өзү полицияга телефон чалып, “Мени алып кетпейсиңерби? ” - деп даттанган. Киши тартип сакчыларга түшүндүргөндөй, “анын урушчаак жубайы мээни тим эле кашыктап жейт."

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 27061_m.jpg

"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#370 Пользователь офлайн   Gasu   22 Февраль 2014 - 20:35

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 677
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 06 Мар 2014 23:17
  • Жынысы:Белгисиз

Кытайда тургундун интернет аркылуу таанышкан кызы анын келини болуп чыкты.

57 жаштагы Ван Пай өзү жөнүндө жалган маалыматты жана чоочун сүрөттөрдү жүктөп койгон. Бир нече убакыттан кийин ал баарлашкан кыз менен мейманканада жолугушууну чечти. Бирок күткөн кыздын ордуна ал өз келинин көрдү. Кийин аныкталгандай, 28 жаштагы келин үйдө зеригип, интернетте баарлашууну чечкен. Ал дагы чоочун сүрөттөр менен таанышчу. Кайнатасын көргөн бийкеч уялганынан артын карабай качты. Белгилеп кетсек, бул окуяны жубайын көптөн бери туруксуздукка шекшип жүргөн келиндин жолдошу ачыкка чыгарды. Себеби, ал келинчегинин артынан мейманканага чейин аңдып барган.


"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#371 Пользователь офлайн   Gasu   22 Февраль 2014 - 20:40

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 677
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 06 Мар 2014 23:17
  • Жынысы:Белгисиз

Африкада ачкачылыктын арааны ачылды.

Сомалиде 11,3 миллион адам гуманитардык жардамга муктаж, ачкачылыктан жан берип жатышат. Чыгыш Африкада акыркы 60 жыл ичиндеги кургакчылыктын айынан 11 миллион адам жабыркагандыктан БУУ бул аймакта ачкачылык болуп жатканын расмий жарыялады. Тамак-аш, суу издеген адамдар качкындар борборуна жетүү үчүн жүздөгөн километр аралыкты басып өтүп, жеткени жетип, жетпегени ара жолдон өлүп жатат. Чыгыш Африка өлкөлөрүндө - Сомалиде, Эфиопияда, Кенияда 800 миң жаш бала өлүм алдында деп бийлик өкүлдөрү эскертип жатышат.

Дүйнөдөгү ачкачылык.

БУУнун маалыматы боюнча 2010-жылдын сентябрь айына карата дүйнөдө ачкачылыктан жабыркагандардын саны 925 миллионго жеткен. Алардын 578 миллиону Азия-Тынч океан аймактарында, 239 миллиону Африкада, 108 миллиону дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө жашашат. Ачкалыктан жабыркагандардын үчтөн эки бөлүгү 7 өлкөдө: Бангладеш, Кытай, Конго демократиялык республикасы, Эфиопия, Индия, Индонезия жана Пакистан.

Азыркы убакта Сомалиде ачкачылык абалы курчуду. Анын үстүнө бул аймак кылмыш топторунун көзөмөлүндө болгондуктан абал ого бетер оорлоду. Боевиктер “ачкачылык болгон жок - бул пропаганда” - деп жарыя кылып, аялдар жана жаш балдар иши боюнча министрди уурдап кетишкен. Алар тийбеген бир эле уюм – Кызыл Крест калды.
Ачкачылыктан жабыркаган адамдарга 2,4 миллиард доллар жардам керек. БУУ демөөрчүлөрдөн 1,6 миллиард жардам сурады.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 634.jpg

"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#372 Пользователь офлайн   Gasu   22 Февраль 2014 - 20:47

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 677
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 06 Мар 2014 23:17
  • Жынысы:Белгисиз

Топ-модель жана секс-символго айланган БОМЖ.

“Бешиктеги баланын бек болоорун ким билет” дегендей, “Таштанды терген БОМЖдун модель болоорун ким билет” болуп, Кытайдын көчөдө жүргөн БОМЖу учурда топ-модель жана секс-символго айланды.

Чен Го Жуна 1996-жылы өзүнүн кыштагынан аялы менен эки баласын багуу максатында Кытайдын Нинбо шаарына жумуш издеп келет. Бирок, тилекке каршы жумуш табылбаган соң, Чен болгон акчасын сарптап, эч нерсеси жок калат. Мындай учурда үйүнө туугандарына баруудан да уялып, көчөдө таштандыларды терип, ары-бери өткөн адамдардан тамакка акча сурап, тентимишке айланат. Бирок, көп жылдар бою көчөдө жүрүп, БОМЖга айланганы менен кийингени өзгөчө болгон. Жасалма булгаарыдан узун куртка кийип, түстүү кездемеден белине кур тагып, уггиге окшогон бут кийим кийип жана сумканын ордуна кайсыл бир бутиктин кагаз баштыгын көтөрүп алчу.
Бирок 2010-жылдын 30-январь күнү Чен ушинтип кийинип алып көчөдө тамеки чегип жүргөндө ошол жердин бир сүрөтчүсү Ченди сүрөткө тартып алып, сүрөтүн интернетке коюп коёт.
Экстраваганттуу кийими, таралбаган чаташкан чачы, оркойгон жаагы менен 34 жаштагы Чен Интернетти колдонуучулардын кумирине айланып, “Кытайдын эң сексуалдуу тентимиши” жана “Саркеч-Мырза” атка конгон. Себеби, Чендин сүрөтүндөгү анын кийингени заманбап дизайнерлердин акыркы коллекцияларына окшош болгон.

Ал эми үйү жок Ченди өлүп калды деп ойлошкон туугандары аны интернеттен жана телеберүүлөрдөн көрүшүп, таанышып, таң калышкан. Ал эми атасы менен аялынын жол кырсыгынан каза болгонун билген Чен, 14 жылдан кийин биринчи жолу үйүнө барган.
Учурда Чен агентиктерде манекенщик болуп иштеп, жарнамалык компаниялардан көптөгөн сунуштарды алып турат. Ал эми 2011-жылдын февраль айында бюжети 10 миллион долларды түзгөн Чен туурасында тасма тартылган.

50 жаштагы килем төшөгүч модель.

30 жыл килем төшөгүч болуп иштеген Роберт Найтон аттуу мырза 50 жашка чыкканда эң ири дүйнөлүк моделдик агенттик менен келишим түзгөн.

Роберт Next Model Management агенттигинин кеңсесине килем төшөп жатканда агенттиктин өкүлү аны байкап, кастингге катышууга сунуш кылган. 50 жаштагы адистин моделдик жаатта эч кандай тажрыйбасы жок болсо да, кастингден ийгиликтүү өтүп, жумушка алынган.
Ошентип Роберт Найтон Лондон, Париж, Милан, Нью-Йорк жана Майамиде филиалдары бар агенттиктин жүзү болуп калган. Агенттиктин мүчөлөрүнүн айтуусунда, алар Роберттин ийгилик алып келээрине толук ишенишкен.
“Мен жаңы жашоо баштадым. Эми мен килем төшөбөйм" - деп кубануу менен ой бөлүшөт манекенщик.
Ал эми агенттик менен түзүлгөн келишим канча жылга созулаары али белгисиз, бирок жетекчилик Найтондун өз курагынан жаш көрүнүп, жумушун эң мыкты аткарып жаткандыгы туурасында айткан.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 835.jpg

"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#373 Пользователь офлайн   Gasu   22 Февраль 2014 - 20:56

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 677
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 06 Мар 2014 23:17
  • Жынысы:Белгисиз

Семиз жүргүнчүнүн айынан америкалык тургун 7 саат бою самолетто туруп учту.

Артур Берковиц Аляскадан Филадельфияга бараткан. Анын кошунасы 180 килограмм салмакка ээ болгондуктан, ал эки отургучту ээлеп алган. Ал эми самолетто башка бош орундар жок болгондуктан, Артур 7 саат бою туруп учуп барды. Билеттин баасы 800 доллар турганына карабастан, авиакомпания компенсация катары 200 доллар берүүгө макул болду. Белгилеп кетсем, айрым Америкалык авиакомпаниялар буга байланыштуу атайын эреже киргизген. Ага ылайык, ашыкча салмак менен жабыркаган адамдар алдын ала эки орун үчүн билет сатып алышы керек.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 17739_m.jpg

"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#374 Пользователь офлайн   Gasu   22 Февраль 2014 - 20:59

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 677
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 06 Мар 2014 23:17
  • Жынысы:Белгисиз

Нигерияда эмгек акы алып жүргөн мамлекеттик кызматкерлердин бири бир айлык бала болуп чыкты.

Жергиликтүү бийлик чиновниктердин арасында мыйзамсыз маяна алгандарды аныктоо боюнча текшерүү жүргүзгөн. Документтерге ылайык, бир айлык баланын жогорку билими тууралуу диплому дагы бар экен. Бул факты боюнча, мамлекеттик каражатты энчилеп алууга ылайык кылмыш иши козголду. Бийликтин маалыматы менен, мындай жасалма документтер менен маяна алган адамдар арбын эле кездешет.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 17209_m.jpg

"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#375 Пользователь офлайн   Gasu   22 Февраль 2014 - 22:07

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 677
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 06 Мар 2014 23:17
  • Жынысы:Белгисиз

Сибирдин тургуну аймактагы эң чоң помидор өстүрүп, белекке жаңы “Жигули” алды.

2 килограммдан ашык жер-жемишти Юрий Бабаев жыл сайын өткөрүлүүчү сынак үчүн өстүргөн. Калыстар тобу помидор чоңойгон шарттарды иликтеп, андан соң аны үзүп алышты. Жер-жемиш химиялык текшерүүдөн дагы өттү. Буга чейинки Сибирдеги рекорд 1,7 килограммга барабар болчу.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 15402_m.jpg

"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#376 Пользователь офлайн   Gasu   22 Февраль 2014 - 22:10

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 677
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 06 Мар 2014 23:17
  • Жынысы:Белгисиз

32 жыл мурда каза болду деп эсептелген америкалык тургун табылды.

Артур Джеральд Джонс 1979-жылы дайынсыз жоголуп кетип, кийинчирээк өлдү деп жарыяланган. Жакында ал Лас-Вегаста табылды. 72 жаштагы тургун жасалма документтер менен жашап жүргөн. Буга чейин Джонс жубайы менен туруп, үч баланын атасы болчу. Кийинчирээк брокер болуп иштеген тургун кумар оюндарына берилип кетип, карызга белчесинен баткан. Бир күнү Джонс үйдөн чыгып кеткен бойдон кайрылып келген эмес. Кармалган адамдын айтымында, ал жаңы жашоо баштагысы келген.


"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#377 Пользователь офлайн   Gasu   22 Февраль 2014 - 22:12

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 677
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 06 Мар 2014 23:17
  • Жынысы:Белгисиз

Америкалык окуучулар дүйнөнүн картасынан Мекенин таба албай жатат.

Иликтөөнү өлкөнүн билим берүү министрлиги жүргүзгөн. Натыйжада окуучулардын басымдуу бөлүгү Американын географиялык жайгашуусун жакшы билбегени аныкталды. Буга негизги себеп – жаңы технологиялар, дешет чиновниктер. Уюлдук телефондордогу GPS (ДжиПиЭрЭс) түзүмдөрдү активдүү колдонуу, картанын зарылчылыгын жокко чыгарууда.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 14537_m.jpg

"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#378 Пользователь офлайн   Gasu   22 Февраль 2014 - 22:15

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 677
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 06 Мар 2014 23:17
  • Жынысы:Белгисиз

Мексикалык тургун түрмөдөн чемоданда качып кетүүнү көздөдү.

Абакта отурган Хуан Рамирезге анын 19 жаштагы сүйлөшкөн кызы келген. Бийкеч жолугушуудан кайтып келе жатканда күзөтчүгө анын колундагы чемодандын кызыктай формасы шек туудурган. Анын үстүнө кыз өзүн шашкалактап алып жүргөнү күмөн жаратты. Күзөтчүлөр чемоданды ачып, анын ичинде түйүлдүккө окшоп отурган Хуанды көрүшкөн. Рамирез куралды мыйзамсыз сактагандыгы үчүн 20 жылдык түрмө жазасына тартылган болчу.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 14092_m.jpg

"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#379 Пользователь офлайн   Gasu   22 Февраль 2014 - 22:18

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 677
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 06 Мар 2014 23:17
  • Жынысы:Белгисиз

Кытайда аял 10-кабаттан кулап түшкөн кичинекей кызды тосуп калды.

Наристе бөлмөдө кароосуз калып, терезени бойлоп жөрмөлөп жаткан. Анын төмөн көздөй учуп келе жатканын 31 жаштагы У Цзюйпин көрүп калып, кызды кармап калуу үчүн колун тоскон. Бийктик өтө эле чоң болгондуктан, наристе баары бир жабыркады. Анын ички органдарына доо кетсе, аялдын колу сынган. Учурда экөө ооруканада жатат. Кыздын өмүрүн сактап калган айым билдиргендей, ал энелик ички туюм менен аракеттенди. “Мен баланы жарыкка алып келүү канчалык оор экенин аял катары билем. Андыктан наристенин өмүрүнүн үзүлүп кетишине эч качан жол бербейт элем," - дейт куткаруучу.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 14057_m.jpg

"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#380 Пользователь офлайн   Gasu   22 Февраль 2014 - 22:38

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 677
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 06 Мар 2014 23:17
  • Жынысы:Белгисиз

:)

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 01.jpg

"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Эркин тема
  • Кийинки тема →

  • (163 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 17
  • 18
  • 19
  • 20
  • 21
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 18 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 18, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 19 Июл 2025 18:47

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: