Суперстан: Шумдугуң кургур - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Эркин тема
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (163 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 18
  • 19
  • 20
  • 21
  • 22
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Шумдугуң кургур Бири-бирибизди таң калтыралы

#381 Пользователь офлайн   Gasu   22 Февраль 2014 - 22:39

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 677
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 06 Мар 2014 23:17
  • Жынысы:Белгисиз

:)

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 28039.jpeg

"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#382 Пользователь офлайн   Gasu   22 Февраль 2014 - 22:41

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 677
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 06 Мар 2014 23:17
  • Жынысы:Белгисиз

:)

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 1167947887_7.jpg
  • Прикрепленное изображение: de326962_j.jpg

"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#383 Пользователь офлайн   angelo4ka_96   22 Февраль 2014 - 22:41

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 222
  • Катталган: 05 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 13 Июн 2016 17:56
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:.

Просмотр сообщения Gasu (22 Февраль 2014 - 22:39) жазган:

:)


Мынча ужасс! Адамбы өзү?
Я не нравлюсь многим, лишь по одной причине, у меня есть собственное мнение.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#384 Пользователь офлайн   Gasu   22 Февраль 2014 - 22:42

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 677
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 06 Мар 2014 23:17
  • Жынысы:Белгисиз

:)

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: images7.jpeg
  • Прикрепленное изображение: images.jpeg

"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#385 Пользователь офлайн   Gasu   22 Февраль 2014 - 22:46

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 677
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 06 Мар 2014 23:17
  • Жынысы:Белгисиз

:)

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: neobychnye_frukty_1.jpg

"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#386 Пользователь офлайн   Gasu   22 Февраль 2014 - 22:59

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 677
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 06 Мар 2014 23:17
  • Жынысы:Белгисиз

7 планетанын 7 күндөгү адамдарга берген таасирлери.

Дүйшөмбү (1-күн) күнүндө ай планетасы адамдарга чоң таасир берет. Бул күнү биздин сезимталдык (эмоционалдык) абалыбыз өтө эле тез-тез өзгөрүп турат экен. Ошондуктан бул күнү маанилүү жолугушууларды токтото туруубуз зарыл. Анткени, көп катачылыкты кетирип коюшубуз ыктымал. Ал эми кимдир бирөөлөрдүн сезе билгичтиги (интуиция) күчтүү өнүккөн болсо, ал киши ар убакта өзүн-өзү тыңшап жүрөт. Ошондой эле эң зарыл болгон маалыматтарды бере алат.

Шейшемби (2-күн) Марс планетасы колдойт. Бул күнү эң маанилүү деген иштерди чечсе болот, ар кандай келишимдерге кол койсо болот. Эгер чөйрөңдөгү адамдардын көпчүлүгү агрессивдүү болуп жүрүшсө, анда өзүңдү-өзүң токтоо кармап башкалардын кыжырына тийбөөгө аракет кылышың керек.

Шаршемби (3-күн) Меркурий планетасынын тийгизген таасири зор болот экен. Ал күнү жаңы маалыматтарды топтоого же жаңы тажрыйбаларды үйрөнүүгө болот. Ошону менен бирге өзүң билгендерди башкаларга билдирүүгө, келишимдерге кол коюуга ылайыктуу күн экен. Меркурий планетасы көп сүйлөгөн адамдарды жактырбайт. Ошондуктан иште дайыма тилиңе сак болуп жүрүшүң керек.

Бейшемби (4-күн) күндүн колдоочу планетасы Юпитер. Бул күнү жетекчилериң менен жайынча аңгемелешсең болот. Эл алдына чыгып сүйлөөгө жана ар кандай массалык иштерди уюштуруп өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлүп турган күн. Эгерде ишиңди башка бирөө туура эмес чечип койсо, бул маселе боюнча бейшемби күнү сотко кайрылсаң ийгиликке жетишесиң. Бирок келишимдерге кол койбоо керек. Анткени, кийин өкүнүп калууң мүмкүн.

Жума (5-күн) Венера планетасынын күнү. Бул күндө романтикалуу иштерди жүргүзсө болот. Таанышууга, никеге турууга, чыгармачылык иштерди алдыга жылдырууга эң оңтойлуу күн. Бул күнү ашыкча тамак ичпе, себеби денеңе жагымсыз болуп калышы мүмкүн.

Ишемби (6-күн) күнүн Сатурн планетасы коштоп жүрөт. Ушул күнү медитация жасоого жана аткарылуучу иштин аягына чыгууга ылайыктуу күн. Эгерде кыймылсыз мүлктүн документтерин толтурайын десеңиз же жаңы үйдүн пайдубалын тургузайын десеңиз ушул күнү баштасаңыз болот. Бул күнү мүнөздөп тамак ичип, ашыкча сүйлөбөган жакшы, алыс жолго чыгууга болбойт.

Жекшемби (7-күн) күндүн планетасы Күн. Бул күнү жаңы долбоор боюнча ишке киришсеңиз болот. Жаңыдан таанышууларды жүргүзө бериңиз. Себеби, дүйшөмбү күндүн сезгичтиги, шаршембинин акылынын тереңдиги сени коштоп турат. Оор чечимдерди кабыл ала турган болсоң, бул күнү жети өлчөп бир кесүүң керек.


"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#387 Пользователь офлайн   Gasu   22 Февраль 2014 - 23:11

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 677
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 06 Мар 2014 23:17
  • Жынысы:Белгисиз

Элдин эсин оодарган адамдар.

Өзгөчө жөндөмү менен элди таң калтырып келген адамдар бардык учурда болуп келген. Табышмактуулук адамдардын кызыгуусун арттырат эмеспи.


Мишель де Нотрдам 1503-жылы Сен-Реми шаарында туулган. Аны сындагандар да, мактагандар да бар. Алдын ала айтууга мүмкүн болгон нерселерди айткан дешет (Билим революциясы, Гитлердин төрөлүшү, СССРдин түптөлүшү жана кыйрашы, 2001-жылы 11-сентябрдагы теракт ж.б). Ал маалыматтарды жылдыздардан алган, астролог болгон.

Монах-алдын ала айтуучу Авель 1757-жылы туулган. Өзүнүн айтымында, асманга чыгып, эки китеп көргөн. Анын мазмунун жазып калтырган. 1787-жылдан баштап кандайдыр бир үн ага эмне кылышты айтып, буйрук берип турган экен.
Кантсе да Екатерина II жана Павел I нин өлүмүн, Москванын француздар тарабынан өрттөлүшүн жана башка белгилүү окуяларды алдын ала айткан.

Белгилүү сыйкырчы Гарри Гудини 1874-жылы Будапештте туулган. Ал түрмөнүн камераларынан, жүк ташуучу кутудан, кагаздан жасалган мүшөктөн (жыртпай) чыккан, жада калса темир кутудан да чыга алган. 1918-жылы Нью-Йорктогу ипподромдо пилди жогото алган.

Во́льф Григо́рьевич Ме́ссинг 1899-жылы туулуп, 1974-жылы каза болгон. 11 жашында үйдөн качып, Берлинге барганда ал жерде профессор Абель анын өзгөчө жөндөмүн ачкан. 1937-жылы Польшада “Германия Польшага кол салса эмне болот?” - деген суроого “Эгер Гитлер чыгышка бурулса, Германия өлөт” - деп жооп берген. 1953-жылы Сталин Еврей майрамында өлөт деп алдын ала айткан, ошондой болгон.

Ва́нга (Вангелия Пандева Гуштерова) 1011-жылы туулган. Ванга 16 жашынан тартып алдын ала айта баштаган. Көп окуяларды алдын ала айткан. 55 жыл ичинде Вангага миллиондон ашык адам кайрылганын математик Михаил Холмогоров эсептеген. Анын жолун жолдогондордун айтымында Ванга адамдын оорусун туура аныктап, келечегин айтып бере алган. Ал эми Москва атеисттер коомунун төрагасы Ю.Г. Горныйдын айтымында ал кадимки шарлотандардын ыкмасын колдонгон: Ванганын көп сандагы жардамчылары келген адамдар менен алдын ала сүйлөшүп, керектүү маалыматты алып Вангага жеткиришкен.

Элдик дарыгер, табып Жуна Давиташвили 1949-жылы туулган. “Илимпоздордун айтымында Жунанын колу тийгенде жараттар айыгат, оору жоголот, табышмактуу жол менен толук айыгып кетишет”. Анан да ал картайбай жаш бойдон калгандыгы табышмактуу. Убагында Рим папасы Иоанн Павел II, Леонид Брежнев сыяктуу атактуу адамдарды дарылаган.

1956-жылы туулган Дэвид Копперфильд 18 жашында телевидениеге чакырылып, “Дэвид Копперфильддин сыйкыры” аттуу берүүнү алып барган. Белгилүү болуп калганда CBS телеканалынан чыга баштаган. Анын чоң иллюзияларынын алгачкысы – самолеттун жок болуп кетиши болгон. Андан кийин элдин көз алдында Эркиндик эстелигин жогото алган. Ошондой эле, Чоң Каньон аркылуу учуп өтүү, Улуу Кытай дубалдарынын арасынан өтүү, дүйнөдөгү эң катаал Алькатраса түрмөсүнөн качуу, Бермуд үч бурчтугуна саякаттоо, жарылып жаткан имараттан качып чыгуу, Ниагар шаркыратмасынан өзүн таштоо, көрүмчүлөр мекендеген үйдү изилдөө жана күйүп турган отто жашоо сыяктуу иллюзияларды аткарып элдин эсин оодарган.

Сыйкырчы, гипнозчу, йог жана музыкант Крисс Анжел 1967-жылы туулган. Ал акылга сыйбаган трюктарды жасайт. Ал дубалдарда басат, учат, күйөт, экиге бөлүнүп калат.

“Кыргыздын Вангасы” аталган Алмакан Бекованын алдын ала билүү жөндөмү жаш кезинде эле байкалган. Интернаттагы эжейин кырсык күтүп турганын сезгенби, айтор, “бүгүн кипятильникке суу ысытып кир жуубай эле коюңузчу” деген секелек кызга эжейи көңүл бурбай эле үйгө барып, кипятильникке суу ысытып жатып ток тартып каза болгон экен. 1997-жылы “Ордо” гезитине берген маегинде “Ак үйдүн алдынан өткөндө кан жыттанат, кан төгүлөт... Түштүктө кошуналарыбыз кайра көтөрүлүшөт. ..” - деп айткандары архивде сакталуу. Мындай кагылышуунун алдын алуу керектигин бийлик башындагыларга дайыма айтып келгени менен эч ким ишенген эмес.
1997-жылдары КГБны жетектеген Бакаев жол кырсыгына учурап, жөн эле өлүп калбай көпкө комада жатып калаарын көрүп, Ак үйдүн алдына барып “ошол кишини сактап калыш керек. Мынчанчы күнү мынчанчы саатта эшикке чыкпасын. Айтып койгула!” - деп 3 күн бою кыйкырып жүрөт, бирок Бакаевге маалымат жеткирчү адам болбойт. Тескерисинче, бул аял жинди болуп калды деп Чымкоргондогу психооруканага жеткирип салышкан. Андан кийин ал айткандай ошол күнү Бакаев автокырсыкка учурап, көпкө комада жатып жан берет. Ушундан кийин саясатчылар аны психооруканадан чыгарып, кызматынан пайдалана башташкан. Андан бери Кыргызстандагы эле эмес, башка өлкөлөрдөгү белгилүү саясатчылар да анын кызматынан пайдаланышат.



"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#388 Пользователь офлайн   Gasu   22 Февраль 2014 - 23:33

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 677
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 06 Мар 2014 23:17
  • Жынысы:Белгисиз

Бет каптардын мистикалык ааламы.

Жөнөкөй эле буюмдардын катарына кирген бет каптардын табышмактуу ааламы .

Кыялдарды ишке ашырган бет каптар:
Азыр биз бет каптарды карнавалдардын жана маскараддардын белгиси катары гана кабыл алабыз. Мындай кызыктуу майрамдарда тагылган бет каптар адамдардын кооз кийимдеринин көркүн ачып, аларды жомоктогу сулуу каармандарга айлантып коёт. Ар ким өзү тандаган бет каптын алдында жашырынган жүз ханзаада, ханыша, кан соргуч, каардуу пират жана башка каарман боло алат. Айтор, балачагынан элестеткен таттуу кыялдарын ишке ашыра алышат.
Ооба, биз эбак эле бет каптарга олуттуу мамиле кылбай калганбыз жана алар биз үчүн оюн катары гана кабыл алынып келген. Бирок, “бөлөк жүз” аталган бет каптар алыскы жана ысык Африкада же сырдуу Японияда көңүл ачуучу боюм болуп эсептелбейт. Ал жактарда бет каптарга болгон мамиле такыр башка.

Бет кап кийген боорукер шаман:
Биз бүгүн бөлмөлөрүбүздүн (жумушта, конок үйдө, жолугушуу жана конок бөлмөлөрүндө) дубалдарында илинип турган, музейлерде сакталган бет каптар тууралуу деги эмне билебиз? Албетте, алар тууралуу сөз кылганда дароо эле кара терилүү Африканын тургундары ысык аймакта, сапырылган кумда беттерин боёк алдында бекитип алып, чыныгы күлкүгө батып, өздөрүнүн бийин бийлеп жатышканын, жандарында боорукер шаман бет кап кийип алып, үнүн болушунча катуу чыгарып, кыйкырып, жамгырды чакырып жатканын элестетебиз. Анткени ырымчыл элдин бул жоруктары башкаларга дайыма кызыктуу болгон.

Кооз спектакль:

Бирок биз жамгырды мындай жол менен чакыруу мүмкүн эмес экенин жана бул нерселер жөн гана кооз спектакль экенин билебиз. Шаман ырдап, бийлеп, секирип, бакырып жатып жамгырды чакырат. Ага кошулуп уруу да тынчып, үмүт кылып жамгырды күтүшөт. Эгер жамгыр бир айдан кийин жааса да, ал жөн гана кармалып калды деп шаманга ишенишет. Африка... Африка... Алар үчүн чөл бул эң сонун табышмактуу “ырчы кум” катары мүнөздөлгөн.

Бет каптардын мааниси:
Шаман менен уруулар ишенип койгон оюнда шаман боорукер же сыйкырдуу эмес экени баарыбызга маалым. Бирок маскалар, бийлер, сыйынуулардын эч кандай зыяны жок. Биз бул жасалма буюмдар алар үчүн канчалык маанилүү, зарыл жана алардын жасалышы алар үчүн канчалык кыйынга тураарын билбейбиз.

Бет каптардын жазасы:
Ар бир өзүн сыйлаган оймочу уста бет каптарды жөн эле жасап койбойт. Бет кап атайын аныкталган, белгилүү бир арбактын же өлгөн уруунун элесин жаратып, маңыздуу милдетти аткарышат. Аялдар жана балдар даяр боло элек бет капка тийгенге, керек болсо караганга акылары жок. Же болбосо алар өздөрүнүн сыйкырдуу күчүн жоготуп коюшат. Кээ бир урууларда даяр болгончо карап же кармап коюшса, мындай уятсыздыктары жана сыйлабагандыктары үчүн өлүм жазасы да каралган. Эгер алардын саясатка тиешеси бар болсо дагы баары бир кандайдыр бир деңгээлде кул катары жазалашкан.

Бет каптарга жанын берген шамандар:
Негизинен баардык бет каптар сыйкырдуу ырым-жырымдарда катышышат. Алар жамандыктарды, ооруларды алышат. Шамандар бет капты кийгенден кийин өздөрүнө эмес, туугандары жана уруулардын атынан кайрылып жаткан арбактарга толугу менен таандык болуп калышат.

Коркунучтуу бет каптардын кызматы:
Уруулар ортосундагы касташкан согуштарда аскерлер атайын коркунучтуу бет каптарды кийишкен. Анткени, алар мындай учурда душман арбактар алардын жүзүн эстеп калышпайт жана өч ала алышпайт деп ишенишкен. Ооздору ачылып, тиштери арсайган, көздөрү коркунучтуу бет каптар душманды коркутат деп ойлошкон. Иши кылып мындай ыкма менен аскерлер эле тажрыйба алышпастан, башкармалар да бул бет каптарды “келишим” ырым-жырымдарында да башка арбактардын кордуктарынан коргонуу үчүн колдонушкан. Алардын бул жоруктарын карап олтуруп, акылында жалаң арбактар жашап алгандай сезилет.

Африка бет каптарынын мистикалык ааламы:
Маскаларды узак убакыт бою тагынуу ден соолукка абдан зыян келтирет жана бул нерсеге сырдуу күчтөр да каршы тура албайт. Африкалык шамандар да бул чындыкка каршы тура алышпайт.
Көрсө Африканын баардык эле эли бет каптарды колдонушпаптыр. Негизинен бетти бекитүү салты Батыш Африканын элинин салты экен. Мозамбик менен Танзаниден бөлөк Чыгыш Африканын тургундары керек болсо таң калыштуу ырчы кумга байланыштуу ырым-жырымдык кыймылдар учурунда да бет каптарды тагынышкан эмес.

Бет каптарды көмүү салты:
Кээ бир элдерде кылымдар бою өзүнүн сыйкырдуу милдетин аткарган эски бет каптарды сактап коюу салты бар. Африкалыктар ырымчыл адамдар болушкандыктан бет каптар аларга таарынып калбашы жана өздөрүнүн мурунку кожоюндарынан өч албашы үчүн бир топ ырым-жырымдарды ойлоп табышкан.
Кожоюндар атайын арыкты казып, ага бет каптарын салып, жанына билерикти ага ыраазычылыгын билдирип, белек катары коюп коюшат жана аны көмөөрдө, “сен өз милдетиңди колуңдан келишинче аткардың, бирок азыр картайдың жана каза болдуң. Ошондуктан мен сени көмгөнгө аргасыз болуп жатам. Мен сага ыраазымын жана бул белекти ыйгарам. Муну кабыл алып кой жана мага зыян келтирбе” - деп айтышат.

Өлгөн адамдардын бет каптары:
Өлгөн адамдарга жабылчу, көргө коюлуучу бет каптар да болот. Мындай бет каптардын көздөрүн, мурдун, оозун жакшылап калың кылып бекитишкен. Себеби, алар ачык болсо, “биздин ааламга кайрылып келип, туугандарын жана жакындарына конок болушу мүмкүн” - деп ойлошкон.

Сакчы бет каптар:
Ал эми европалыктар коркунучтуу бет каптарды сакчыларга урууларды коркутуу үчүн тагып коюшкан адаттары бар. Кара терилүү адамдар эч убакта ак адамдардын салттык же ыйык же жөнөкөй гана акылга сыйган нерселерин колдонушкан эмес. Ал эми европалыктар бет каптарга абдан ишенген жана олуттуу мамиле жасаган Африкалык арбактардын бет каптарын алып, короолоруна коркутуу үчүн илип койгону албетте аларга ыза жаратпай койбойт. Мындай учурда ырымчыл тургундар сакчы бет каптарды карабай гана өтүштөн башка аргалары жок.

Табышмактуу дин:
Батыш Африканын жапайы ишеничтери миссионерлердин католиктик ырым-жырымдары менен аралашып, бир чети жаш балдардын оюнуна окшошуп кеткен, башка жагынан караганда аны менен кезигишкендерге коркунуч туудурган табышмактуу жана акыл жеткис вуду дини түзүлгөн. Бул динге терең кирип, билгиси келген көптөгөн ак адамдар, өмүрү менен жооп беришкен. Бул табылга Гвинеяда бекемирээк бекилип калган.

Сыйкырдуу бет каптар турмушта:
Африканын баардык аймагында сыйкырчылык адаттагы эле көрүнүш. Туземдиктер турмушта да аны үтүк же чаң соргучту кандай пайдаланса ошондой эле колдонушат.
Бул бийлер, боёктор, дубалар канчалык деңгээлде таасирдүү же чын экенин билүү же айтуу кыйын. Бирок сактык дайыма ашыкча болбойт. Эгер үйдө африкалыктардын бет каптары боло турган болсо, кээ бир техника коопсуздугун колдонуу керек. Эч убакта табылган бет каптарды тагынып көрбөш керек. Анын үстүнө анда ар кандай инфекциялар болушу мүмкүн. Ошондой эле аны балдардын бөлмөсүндө, ашканада, уктоочу бөлмөгө илбеш керек. Эгер шарт болсо мындай жасалгаларды айнекте сактаган жакшы.

Өз жанын тапмайынча жамандык жасаган бет каптар:
Уламыштар боюнча, атактуу жыгач фигуралар кара терилүү адамдарын туугандарынын жана душмандарынын арбактарынын белгиси болуп эсептелет экен.
Гауанын жаны өзүнүн фигурасын тапмайынча жана ага жайгашмайынча ааламда узак убакыт жамандыктарды кылып жүрө бериши мүмкүн экен.
Заманбап жашоодо бул бет каптарды арналган көптөгөн тасмалар жаралып келет.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 965.jpg

"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#389 Пользователь офлайн   Gasu   22 Февраль 2014 - 23:53

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 677
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 06 Мар 2014 23:17
  • Жынысы:Белгисиз

Гүлсада Такенова: "ИЧКЕН ТАМАГЫМА МУРДУМДАН КУРТ ТҮШҮП ЖАТТЫ."

Жакында эле жакаңды карматып, тобоңду келтирткен бул окуяны кулагыбыз чалды. Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Өзгөрүш айылынын тургуну, 83 жаштагы кутман карынын мурдунан 80ден ашуун тирүү курт түшүптүр. Ал кандайча болгонун иликтөөгө алдык.

Окуянын чоо-жайын билүү максатында эненин небереси, Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Эл аралык салттуу жана эксперименталдык медицина академиясынын кенже илимий кызматкери ГҮЛЗАТ ДООРОНБЕКОВАГА кайрылдык.



"КУРТТАР КУЛАГЫНА КИРИП КЕТПЕСИН ДЕП КҮНҮ-ТҮНҮ КАРАДЫК."
– Таенем ак кан оорусу менен ооруганына 15 жылдай болуп калды. Бирок ак кан экендигин, ал тургай анын кандай оору экендигин да билчү эмес. Жашырып айтпай келгенбиз. Адаттагыдай эле дарыланууга райондук ооруканага ушул жылдын апрель айында барган. Таенеме дарыгер «Сиз жакшы болбойсуз, ак кан деген оору менен ооруйсуз. Анын дабасы жок» деп айтып салыптыр. Аны уккан таенемдин кан басымы көтөрүлүп, ичке тамыры жарылып, инсультка кабылат. Кулаганда бети менен түшкөндүктөн, мурду сынган. Биздин баамыбызда, ошол кезде үйгө алып баргандабы же ооруканадабы, айтор, мурунга чымын кирип «булгап» кеткен. Арадан эки ай өтөт, ал арада курттар көбөйүп, мурду ооруксуна баштайт. Кайрадан бейтапканага алып барып, рентгенге түшүрүшөт. Райондук поликлиникадагы лор-врач Эркин Абдылдаева деген айым таенемди кабыл алат. Ошол эле дарыгерге беш жолу алып барышкан. Ал Левомеколь деген мазь жазып берип, мурдуна тампон коё берүүсүн айтат.
Ошентип, дарыгердин айтуусу менен эки жума бир эле майды коё беришиптир. Оору күчөй бергендиктен, тайларым Талас облустук ооруканасына алып барышат. Ал жерде кабыл алган дарыгер мурундун таноолорун ачып көрүп, «Мурду курттап кетиптир, бул рак окшойт» деп Бишкектеги онкологиялык борборго жиберет. Бишкекке жолго чыкканда мурду канай баштайт. Кан менен бирге биринчи жолу курттар түшө баштаптыр. Анан түз эле республикалык ооруканага алып келишти, дароо эле нөөмөттөгү дарыгер кабыл алып, мурдунан 16 курт алган. Ошол эле ооруканадагы профессор Г.А.Фейгин томографияга түшүрүп келүүбүздү айтып, анын жыйынтыгын көрүп эле оорулууну көрүүдөн баш тартты. Бет сөөктөр кара темгил болуп оюлуп, эттери калбай калган экен. Онкологиялык борбордогу дарыгерлер айнек идишке салынган курттарды «Тирүү кишиде мындай курттар болушу мүмкүн эмес, биз клеткаларды изилдейбиз, курттарды кабыл албайбыз» деп көтөрүп барган курттарды карап да коюшкан жок. Облустук дарыгер онкологиялык оору деген диагноз койгон болчу.
Бишкектеги республикалык маанидеги ооруканалардын эң бир тажрыйбалуу, билимдүү деген профессор дарыгерлери кароодон баш тартып жатышты. Таенемди Бишкекке алып келатканда эле биздин академияга алып келгиле десем, «онкологиялык оору дебедиби» дешип апамдын бир туугандары болбой коюшкан эле. Ооруканалар албай койгондон кийин «Айла жок, өзүңөр карап көргүлө эмесе» деп бизге тапшырышты. Академик Нарбеков өзү көрүп, дарылоону баштады. Курттарды түшүрө турган аралашмалар менен мурунду жууп, дарыларды коюп, өзүм карадым. Көп өтпөй курттар түшө баштады. Биздин клиникада алтымыш, жалпы сексенге жакын курт түштү. Эки айдай уктабай калган неме күнү-түнү уктап, биз болсо мурдунан чыккан курттар кулагына кирип кетпесин деп карап жаттык.

Оорулууну айыктырган академик Омарбай Нарбеков: "ДАРЫГЕР БЕРГЕН МАЗЬ КУРТТАРГА ТАМАК БОЛГОН."

– Негизи, мындай нерсе болушу мүмкүн. Кулакты, мурунду, көздү чымын "булгап" кетсе, ал курттап, көбөйүп кетет. Менин тажрыйбамда мурду курттап кеткен оорулуу болгон. Киров районунда практикада жүргөн студент кезимде чабандын мурду так ушундай курттап кеткен. Аны райондук лор-врач эле дарылаган. Андан он жети курт алганбыз. Э.Абдылдаева өзү билбесе, анда облустук же шаардык ооруканага жиберсе болмок. Мурундун таноолорунан курттар көрүнүп турат, чириндинин жытынан жанына киши чыдап тура алгыс. Курттардын этти жеп чыгарган саркындылары бет сөөктүн ферменттерин эритип салыптыр. Дарыгер берген мазь, тескерисинче, курттарга кошумча тамак болуп берген. Ошондуктан алар жылуу-жумшак көбөйө беришкен. 83 жаштагы карыя ооруну сездирбей турган күчтүү дарылардын таасири менен гана күн көрүп калган экен. Бир жаман жагы, улуу адамдын эти өсүп кетүүсү кыйын, сөөктүн оюктары да оңой менен бүтпөйт.

ГҮЛСАДА ТАКЕНОВА апанын ден соолугун билүү үчүн өзү менен телефон аркылуу сүйлөштүк.
"АРЫЗДАНМАК ТУРГАЙ ШААРГА АРАҢ БАРБАДЫМБЫ. "

– Азыр жакшымын, айланайын. Мен ак кан менен ооруганымды укканымда эле оозу-мурдум кыйшайып кулап түшпөдүмбү. Ошондон кийин мурдумдагы балекет башталды. Бара-бара бетимдин ичи бүлкүлдөп кыймылдачу болду. Уул-кыздарыма ооруксунуп жатат десем, алар «Апа, дарыгердин айтканын кыла туралы» дешти. Анан Таласка барсак, ал жактагы дарыгер Бишкекке жиберди. Биринчи барган ооруканадан бир топ эле курт алышты. Кийин профессорлор кабыл албады, «Операциядан чыкпай калса, апаңардын сөөгүн алып кетесиңерби» деп болбой коюшту. Мурдумдан чыккан курттар ичип жаткан тамагыма чейин түшүп жатты. Омарбайга барып, анын дарылары жакшы таасир этти, буюрса. Уйкум келип, эс алып эле калдым. Айылдагы Ильяз Нотбеков деген терапевт келип «Эмне Бишкекке чейин барып арызданасың? » дейт. Мен «Борборго арызданганы эмес, дарыланганы бардым» деп айттым. Арызданмак турсун шаарга өзүмдү араң билип барбадымбы. Чындыгында арызданар оюбуз да жок, эч кимге деле айта элекпиз.

Гүлсада апанын окуясын уккан соң мындай учурда оорулуулар кайсы адистиктеги дарыгерге кайрылыш керек болчу? Ким көзөмөлгө алуусу шарт деген суроолорубуз менен Саламаттыкты сактоо министрлигинин медициналык жардамды уюштуруу бөлүмүнүн башчысы ГҮЛМИРА ИБРАЕВАГА кайрылдык.


"КЫЗМАТТЫК ИЛИКТӨӨДӨН КИЙИН ЖООП БЕРЕ АЛАМ."
– Кандай гана учур болбосун ооруга чалдыккан кезде айылдык медициналык пунктка кайрылуулары керек. Ал дарылай албаса райондук ооруканага, райондук поликлиникадан айыктыра албасына көздөрү жетсе, шаардык же облустук ооруканага жибериши зарыл. Бирок мунун баары тез арада, бат-бат болушу керек. Алар ошон үчүн айлык акы алып иштеп жатышат. Гиппократтын антын ичкенден кийин адамдын ден соолугуна кам көрүүгө милдеттүү да. Ал апанын мурду жабырлангандыктан, лор-врачка кайрылышкандыктары туура. Мындай учурда ошол бөлүм көзөмөлгө алат. Бул окуяда эмнеден улам мурун курттап кеткендигин, канча убакытта көбөйүп кеткендигин атайын кызматтык иликтөөгө алынгандан кийин гана айта алам.

Мына замандаш, беттен алган куу замандын дагы бир жүзү. Соо эле кишинин тирүүлөй курттарга таланып жатканын байкабай, эки жума карап жүрө берген дарыгер Эркин Абдылдаева менен байланыша алган жокпуз. Кесиптештеринен Эркин айым эс алууда экендигин билдик.
Биз бул окуяны башка жарандарыбызга мисал болсун деген ниетте бердик. Экинчи тарап менен байланыша албагандыктан, аларды да угууга даярбыз.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: gul.gif
  • Прикрепленное изображение: gul3.gif

"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#390 Пользователь офлайн   Askaruli2   23 Февраль 2014 - 19:49

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 307
  • Катталган: 31 Август 13
  • Соңку аракети: 17 Мар 2014 22:43
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Екатеринбург (Бишкек сити)

Пилдин мээси,жаныбарлардын арасынан эң чоң мээ болуп саналат экен.Анын салмагы 5-килограмм болуп,алар кайгыруу,сагынуү, зээригүү деген нерселердида сынашат.:84:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#391 Пользователь офлайн   Askaruli2   23 Февраль 2014 - 21:30

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 307
  • Катталган: 31 Август 13
  • Соңку аракети: 17 Мар 2014 22:43
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Екатеринбург (Бишкек сити)

Адам өзүн өзү сүрөткө тартуунү 1920 жылы,ошол жылдардагы белгилүү сүрөтчү-Джо Байрон деген,бийик тамдардын бирине чыгып,өзүнү өзү сүрөткө тартып баштап берген экен.Кызыгы, мунунда өзүнчө аты бар экен-Селфи.


Азыр баарыбыз эле Селфибизда:96:

Сотканы кармап алып,өзүбүздү өзүбүз тартып калабызго.:84:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#392 Пользователь офлайн   Jamalym   23 Февраль 2014 - 22:00

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 347
  • Катталган: 06 Март 12
  • Соңку аракети: 21 Дек 2021 08:12
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Эски шаар

Просмотр сообщения Gasu (22 Февраль 2014 - 20:35) жазган:

Кытайда тургундун интернет аркылуу таанышкан кызы анын келини болуп чыкты.

57 жаштагы Ван Пай өзү жөнүндө жалган маалыматты жана чоочун сүрөттөрдү жүктөп койгон. Бир нече убакыттан кийин ал баарлашкан кыз менен мейманканада жолугушууну чечти. Бирок күткөн кыздын ордуна ал өз келинин көрдү. Кийин аныкталгандай, 28 жаштагы келин үйдө зеригип, интернетте баарлашууну чечкен. Ал дагы чоочун сүрөттөр менен таанышчу. Кайнатасын көргөн бийкеч уялганынан артын карабай качты. Белгилеп кетсек, бул окуяны жубайын көптөн бери туруксуздукка шекшип жүргөн келиндин жолдошу ачыкка чыгарды. Себеби, ал келинчегинин артынан мейманканага чейин аңдып барган.


Олуптур го :rofl: :rofl: :rofl:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#393 Пользователь офлайн   Vazir   23 Февраль 2014 - 22:19

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 439
  • Катталган: 21 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 10 Мар 2024 08:56
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:США

Gasu- сага рахмат форумду жана ушул теманы кызытып жатканын учун..)

Билдирүүнү түзөткөн: Vazir: 23 Февраль 2014 - 22:19

Көтөр башты улутташым, кандашым!!!

Сен баарын түшүнүп бүткөнүңдө мен сенден такыр алыста болом!!!


forget them,and rest your life ehuuu. ;)..)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#394 Пользователь офлайн   Askaruli2   23 Февраль 2014 - 22:55

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 307
  • Катталган: 31 Август 13
  • Соңку аракети: 17 Мар 2014 22:43
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Екатеринбург (Бишкек сити)

Отжимание боюнча бир урунуштагы максималдуу результат-46001 жолу.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#395 Пользователь офлайн   Askaruli2   23 Февраль 2014 - 22:56

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 307
  • Катталган: 31 Август 13
  • Соңку аракети: 17 Мар 2014 22:43
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Екатеринбург (Бишкек сити)

Жылан бир уктаганда,үч жыл уктап коюшу мүмкүн экен.:)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#396 Пользователь офлайн   Askaruli2   23 Февраль 2014 - 23:08

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 307
  • Катталган: 31 Август 13
  • Соңку аракети: 17 Мар 2014 22:43
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Екатеринбург (Бишкек сити)

Бир миллиард секунд,болжол менен адамдын 37 жылдык өмүрү.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#397 Пользователь офлайн   Askaruli2   23 Февраль 2014 - 23:09

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 307
  • Катталган: 31 Август 13
  • Соңку аракети: 17 Мар 2014 22:43
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Екатеринбург (Бишкек сити)

Ар бир төртүнчү Американец, телевизордон көрсөтүлүптүр. :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#398 Пользователь офлайн   Askaruli2   23 Февраль 2014 - 23:10

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 307
  • Катталган: 31 Август 13
  • Соңку аракети: 17 Мар 2014 22:43
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Екатеринбург (Бишкек сити)

Дүйнөө жүзүндөгү эркектердин жарымы,даараттан кийин колдоруну жуушпайт экен.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#399 Пользователь офлайн   Askaruli2   23 Февраль 2014 - 23:12

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 307
  • Катталган: 31 Август 13
  • Соңку аракети: 17 Мар 2014 22:43
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Екатеринбург (Бишкек сити)

18-кылымда,Фридрих армиясына каршы согушуп жаткан аскерлер,Москва жана Питерге таракандарды алып келишкен.Буга чейин таракандар болгон эмес экен.:)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#400 Пользователь офлайн   Askaruli2   23 Февраль 2014 - 23:14

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 307
  • Катталган: 31 Август 13
  • Соңку аракети: 17 Мар 2014 22:43
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Екатеринбург (Бишкек сити)

Хеопс пирамидасындагы плиталарынын аралыгынан, лезвия да өткөрө албайт экенсин.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Эркин тема
  • Кийинки тема →

  • (163 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 18
  • 19
  • 20
  • 21
  • 22
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 9 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 9, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 19 Июл 2025 22:53

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: