Бул да болсо пешенеге жазганыдыр.
Кутулбогон жанылык жолдошум экообузду чексиз кубанычка болоду,анткени мен кош бойлуу элем.учунчу перзентибиз болсо да ар бир баланын оз орду болот эмеспи.Алдыга жакшы пландарды тузуп,чон умуттор менен озумду жана тамырымда согуп жаткан периштемди аярлап карай баштадым.бир жарым ай болгондо узиге тушконумдо баары жайында деп айтышкан.Балдарым айылда болгондуктан алып келеин деп Кыргызстанга кеттим.Барсам балдарым тааныбайт арадан 7ай отуп мени унутуп калышыптыр.
Тирилигин курсун жан дуйном орттонуп ыйлаганымды айтпа.Байкуштарым чоочун адам келгенсип мени жатыркап карашат.Айылга балдарын таштап кор оокаттын айынан талаада ыйлап балдарын сагынып жургон энелердин акыбалын эми тушундум.жумуштан он беш кунго суранып кеткен элем,балдарымды алып кеткени келдим озубуз менен эле бирге болсун дедим апамдарга(кайненеме),
алар бизди иштегиле уйго салгыла бала силердики дешет,анткен менен жаш болсок да балдарыбызды боорубузга алып жаткыбыз келет да.Билинбей бир жума отту балдарымдын конбогону бир азап,алып кетпе дегендери эки азап болуп таксикозум кучоп эч нерсе жакпай жеген тамагымды кусуп жургонум учунчу азап болдуп билинбей убакыт ото берди.кичине мага конуп калганда алып келдим.аэропортко узатып жатып да апкетпей эле койбодун да деп кайра кайра айткандары мага аябай оор болду.Бир кун ичим катту ооруп тез жардам менен ооруканага бардым.анализим жакшы чыкпады бала ото ылдыйда сактаганга болбойт дешип тазалап салышты,мындайды кутпогон жаным жалдыраап эле жатып калдым.ушул кундору башым коп ооручу болду,боюмда бар экенин билип туруп озумо неге этият болбодум?же апамдарды укпаганым учун жаза болдубу?же пешенеге жазганы ушубу?балдарымы караап олтуруп, торосом ал ушинтип шоктонот беле деп ичимден бир сызып алам.Айтайын дегеним баланы энеден алыстатпаса экен.жашоо улана берет экен ар дайым балдарыбыз менен бирге бололучу.соз байлыгым анча жок болгондуктан коргон кундорумду суроттоп жаза албадым.бирок жазып бутуп негедир бир женилдеп алгансыдым.
Балапаным сени сактай албадым:-(.
#2 23 February 2014 - 23:45
Сабырдуу болун!Эки баланыз бар экен ошолордун омурун тилен.Буйруса,
дагы торойсуз.Озунузду эзе бербен.Торобос болсонуз мындан да жаман болмок.Ушуга каниет кылып жашан!
#3 24 February 2014 - 00:01
Салам.Сабыр кыл, 2 балана кудай омур,бактылуу жашоо берсин! Кудай дагы бала берээрин унутпасын!
Мен да балдарымы таштап иштечумун, азыр алып келип алдым, бирок чон баламды 40ын чыгарып эле таштаганга дагы да болсо "силер"
деп болунуп турат.Ал канчалык озун алыс кармаса,мен ошончолук озумду куноолуу сезе берем, канча кыйналсам да таштабай эле койбоптурмун деп...
#4 24 February 2014 - 00:06
Рахмат сиздерге.Азыр биз да кыйналып жатабыз.урушуп койсом кетебиз деп ыйлашат.бул корунуш канчалык энеге оор экенин соз менен айта албайм:-(
#5 24 February 2014 - 00:08
#6 24 February 2014 - 00:18
Кудайым ден соолук берсин, буйруса дагы балалуу болосуз деген ишеничтемин.
Балдарынызда сизге конот энеси эмесизби, эненин суйуусу баарын женет.
Смысл жизни улыбка мамы.
.
Хочу чтобы те люди, которых я люблю, были счастливее всех на свете. Они этого достойны!
#7 24 February 2014 - 00:22
Ар бир эле баланы ата энесинен алыстатбасын ылайым.
Кай жерде болбо, ар дайым, ар качан, туболукко журогумдо жашайсын.
#9 24 February 2014 - 02:55
tirichilik kurusun… azyr kichinekeilerdin baary chon ene taenesin kolunda kalyp atpayby.baldarynyz esin taanyi elek bolso tez ele konup ketisheer.sygyla berbeniz.
#10 24 February 2014 - 03:02
Автор озунузду куноолумун деп жемелей бергениниз,
озунузго зынян болот.
Мындай нерсе пешененизде бар экен, биз пенделер тагдырдан качып кутула албайт экенбиз.
Мындан ары жакшы умуттор менен жашаныз, буйруса дагы наристе жытын жыттайсыз.
Бактылуу болунуз.
Мындай нерсе пешененизде бар экен, биз пенделер тагдырдан качып кутула албайт экенбиз.
Мындан ары жакшы умуттор менен жашаныз, буйруса дагы наристе жытын жыттайсыз.
Бактылуу болунуз.
#11 24 February 2014 - 14:49
Сиздин абалынызды балким эне болуп корбогонум учун тушуно албас чыгаармын. Бирок, эки баланыздын омурун тилеп, шугур кылыныз демекчимин.
Бала жытына зар болуп омурдон кеткендерге караганда сиздин жараныз женил экен. Ал эми конуп кетээри жонундо кепилдигим бар. Менин ата-энем да тууганыбыздын эки баласын аларды иштеп алсын деп 1 жыл баккан. Башында аларга кайра коно албай ото жатыркап журушуп, азыр сопсонун эле конуп кетишти. Ал дуйного келбей коштошкон баланыз периште бойдон кетиптир. Ал учун озунузду куноолоп, журогунузду сыкпай эки баланызга жакшы карап, кондурууго аракет кылыныз демекчимин.
#12 24 February 2014 - 16:59
салам.ушул кор турмуш деп мен да эгиздеримди 1 жашка чыгарып эле кыргызстанга алып барып таштадым кайненеме антпесе тапканыбыз тамак аш, кийим кече, квартирадан артпай калды.ошентип аларды таштап кайра москвага келдим.Иштеп журуп 5-6 ай отпой эле кайра боюмда бар экенин билдим.менде озу ит талгак деген бар сууда отпой жатып калам шалдырап.ошентип кайра Кыргызстанга келдим.Келсем балдарым мени тааныбайт энесине карап качып ыйлап мени кач дешсе , куйом да келген. Бир жаман болдук экообуз тен.ыйладым отуруп., куйом балдардын ыйлаганына карабай экоону тен ыйлатып алым чыгып кетти машинада ойротуп паркка алып барам деп.Куйом кант мороженое алып берип кондуруп алды.мен болсо талгак мн кыйналган учун карай албадым, алар болсо атасына барат мага келбейт.кичине укол алып озумо келип зорго кондурсок.кайнатам чыкты биз багып чонойтуп койсок талашасынар деп.анакей сага деп отуруп калдык.анан куйом ттпуску бутуп кетти.Мен жакшына журуп эле бии кун ичим ооруп чыдабай роддомго барсам кровотечение болуп, угрожаюший бирок журок согушу бар баланын деп айтты УЗИде.ал жакта бир гинеколог Айнагул деген чыкты тазалайм болду по любому тушуп калат деп.Мен ыйладым бир жагынан ооруга чыдабай, бир жагынан ичим ачышып ичимдеги баламы жоготкум келбей.Айттым тиги эжеге мен алдырбайм сактаганга аракет кылам так что канча акча десениз берем баламы сактан дедим.Ал эже айкырып жатат анан акыры жат деди 8 палатага.Жаттым укол алдым магнезия мн папуворинби 10 кунчо жаттым чыгып кеттим.Балдарым кайенемде.уйуно барганда да 1 ай жат кыймылдабай деди.келдим апамын уйундо жаттым 20 кунчо анан чыдабай балдарыма жонодум.Ал жакка барганда дагы кровотечение болуп кетип машинада кыйнвлып калыпмын Кайненем коркуп кетип энеми чакырдык кайнатамын апасын 93 чыккан.анан энем эч нерсе болбой бала боюнда болгондо кан корсо балан сулуу болот деп эскичилик кыргызчылык кылабыз деди.анан аттын эгарын апкелип тескери мингизип , халатымы артын бугуп, ичими которушту.Билбейм ишенген учунбу азыр баары жакшы 7 ай болуп калдык, 2 ай чыдасак анан торолот бул кыз экен буюрса.Врачтарга азыр оной болуп калыптыр да 1000-3000 чейин абортко акча алып коюп тазалап коюшат экен. коркутуп эле.ошон учун озуно бекем болушун керек экен.эми кудайым куч кубат берип ай кунубузго жетип женилинен берип тороп алайын деп эле тиленип отурам.
#13 24 February 2014 - 19:01
Жаман иш болуптур,коп капа боло бербе,озундуу этиет кыл.УУчун кур эмес экен балдарындын омурун бактысын тиле.Берерин аллахым унутпасын.Бала ширин деп койобуз баладан небере ширин кызым.Айтып же жазып жеткире албайсын.Аллахым сага да узун омур берсин,сен да неберенин жытын искегенде,балдарын колунан жулуп кеткенде сагынганда анан сезерсин кызым.Чон ата менен чон эне уйго батпай сомсойушуп,
тамагынан аш отпой боз ала болуп калышыптыр да..Бизде да уч небере бар.Чон атабыз неберелердин оздук шафору.Бир небересин окуудан алып келет.Кечинде ата энеси уйуно келгенде,уйуно жеткирип келет.Экоону садике алпарып,алып келет.Ортолукта такси кылат да неберелерине жумшайт.кээде айлыгы менен пенсиясын кошуп да жиберет. М ен аялдык кылып акчанды эконом кылбайсынбы деп калсам.ЭЭушул неберелерим учун иштейм,ошолор бар учун мен бар,Мен ушулар бар бактылуумун,
менин ырысым чон,деп калат.Неберелеримдин бактысы тегиз кут кылсын.МЕН ЧОН АТА ЧОН ЭНЕ,ТАЯТА ,ТАЙЭНЕ ЭМНЕ ЭКЕНИН БИЛБЕГЕМ.Мен жада калса эне мээримине да тойбогом.Байлык акча бар эле го,мээрим корбогом.Неберелерибиз биздин мээримибиздин устундо бактылуу болуп осушу керек деп калат.Эшиктен киргенде мен чарчап келдим кана мени ким обот дегенде неберелери басып жыгылып,талашып обушуп,тополон тоз болуп кетет.Ох чарчоом басылды деп ракатанып отуруп калат.Мен аргасыз бир жылмайып алам.Чон атанын ушундай бир бактысынан ажыратыпсын да.
Мен экинчи келинимдин тунгучун эки айлык болуп калганда алып калдым.Жыл отпой эки кат болуп келип калды.3-4 кундон кийин апа мен баламды алып торкунумо кетип атам деп кесе айты.Жаштыгы да барып келелиби десем баланы бербей койот деп ойдлоду окшойтЖурогум тыз этсе да сыр бербей болуптур дедим.Кызык кечинде башталды.Козум илингенде эле баланы сыйпалап таппай калып чочуп ойгонуп кетем же баланын ыйы кулагыма угулуп чочуп тура калам.Чон атабыз мени урушат Эмнеге баланы бересин,ал жакта бала кыйналып аткандыр,келин да оор аяк,ал да бала менен кыйналып атса керек деп суйлонот.Акыры ээси келсе,бээсин бер деген,апасынан кантип талашам деп озумдуу соротком.5-6 кундон кийин шашылып келип калышты бала ооруп калган экен.Мени коруп эле баа деп бакырып кучагыма келди да башын кокурогумо койуп уктап калды.Ысытмасы тушуп бала ойноп калды.Корсо куса болуп калган экен.Экинчисин коз жарып 6 ай болгондо кетти.Мына эми жыл жылт этип неберелерим 5-4 чыгышты.Апасы менен скайптан суйлошуп турушат.Балдарын окутат,жаздырат. Деги эле мен неберелеримди апасына жат кылбайм.Чон эненин да апанын да оз оз ордуу бар.Биз ошону кана билишибиз керек ошондо балдар да кыйналбайт. Балдарым мени унуттуу деген болбогон соз.Бала эч качан унутпайт,кичинекей быйтыйган журокторуу менен сезип турат апасын.Эки айлык неберемди апасы кеткенде биринчи жолуу олуу сут бердим,соруп тупуп,кайра озунан малютканы чыгарып,сосканы тили менен туртуп ичпей мени суз коз карашы менен карап калса.Чон эне болбой жерге кир апамдын мамагы кана апам кана дегендей эле сезилди.Ошондо бир боздоп ыйладым,ушундай мезгилге тушкон тагдырыбызга ыйладым окшойт.3-4 кун кабагын ачпады,сутту эмип атып мени тиктеп эмет.кабагы бурко.Ошол кундору кыйналганымды айтып тугото албайм,эки айлыктын коз карашы жанымды жеп журду.Бирок конду.Эки айлык апасын издеп капа болгондон кийин,биягы тушунуктуу да.Ошон учун апалар силерди баланар унутпайт эч коркпогула жон кана силерге болгон сагынычын,куса болгондогу таарынычынан силерге чочуркагандай сезилет.Эми чон эненин оордуу да башка.Чон неберем бой жетип,студент болуп калдыЭки метир бойу бар,уйго келип калганда кучактап энеоов сагындым деп жыттап жыттап калат.Энеге мындан башка жыргал барбы.Ушул неберемди 20 кундугундо кучагыма алып бактым эле.7 жашка чыканда ата энеси болунгондо, озунор менен оссун деп колдоруна бергем.Бергенимде журогумдун жарымы кошо болунуп кеткендей зырылдагам бирок сыр бербей кошуп ак батабыз менен болгонбуз.АЗ да болсо неберенин шириндигин жеткире алдымбы билбедим.Балдардын ата энеси менен чонойгону жакшы го эгер Россияда оздук уйун болсо,эн жок дегенде эле балдарын менен озунор жашасанар,садике бере алсанар жок эле дегенде нянка иштете алсанар анда жакшы.Ишке кеткенде оздорун камап койуп же болбосо жат адамдардын арасында жашасанар,балдар кыйналат го дейм.Андан коро чон ата менен чон эненин мээриминде эркелеп кенен уйдо оскондору абзел го дейм.

#15 12 March 2014 - 19:32
Биз куйоом экообуз жашап 1жыл дегенде аран боюмда болду Москвада болчубуз,ошондогу кубанычыбызды соз м.н жеткире албайм го.бирок эмнегедир кыжаалат б.п узиге тушкум келди туштум врач месячныйын м.н не совподает балан оспой атат окшойт бир жумадан кийин кел деди бардым анда аз маз осуптур кийинки жумада кел журок соконун текшерем деди коркуп барбай 2жума журуп айла жок кайра бардым барсам баланын журогу сокпой атат срочно аборт кылдыр больницага бар деп бир таблетка жазып берди а мен ошол кездеги абалымы айтпан ыйладым кечке больницага да барбай жатып алдым аборт кылдыргым келбеди,ыйлап жатып тунку 11 12лерде ичим чыдатпай ооруп баштады куйоому ойготкум келбейт сыртка чыгам кайра кирем акыры 4 5терде уже чыдабай калдым куйоом сосед эжени чакырды ал чай пай берип аты такыр болбоду анан скорый чакырып келип апарышты да тазалап салышты наркоз м.н ойгонсом жанымда жалан орустар куйоом жок же бир кыргыз жок же ичимде балам жок аябай ыйлагам анан куйоом бечара келди кайнатма кылып ал келгенде да раса ыйладым аны да ыйлатым мен эми боюмда болбосо керек эми торой албайм куйоом мени деп баласыз отушун каалабай кыргызстанга кетем ажырашам деп аны да аябай кыйнагам бирок куйоом аябай сабырдуу б.н учун менин бардык эркеликтериме кайсарлыктарыма чыдады азыр кудайга шугур боюмда бар 7айлык бирок окунучтуусу куйоом жанымда жок Москвада журот мени баламы багам деп,а мен Кыргызстандамын
#16 16 March 2014 - 14:02
Сабырдуу болунуздар!
Энедей эч ким куйбойт, эне бир башкача жан экен.
Баары буудай, мен саман,
Баары жакшы, мен жаман...
Баары жакшы, мен жаман...
#17 05 April 2014 - 13:34
Мен эч бир болумдо мынчалык катуу ыйлабадым эле. Такыр токтоно албайм. Автор сабыр кылыныз. Баарынан да козго корсотуп алганы жаман дешет, наристенизге Аллахым ошону буйруптур, конбоско арга жок. Балдарыныз болсо конуп кетишет, болгону аларга бир аз убакыт бериниз. Мен да буюрса аз убакыттан кийин балапандарыма барам. Эмитен озумду даярдап жатам, барганда эле мага дароо конуп беришпейт деп, бирок адамзатпыз да, сабырыбыз азыраак, тутпой ыйлаймынбы деп коркуп турам. Ушунчалык катуу сагындым балдарымды,
бир айдан кийин бир жыл болот. Баарынан да кайра кайтаарымда кантээр экенмин деп ойлоном. Эхх турмуш,турмуш.
Чон курсактар карапайым элди аябай кыйнашты го, баарынан да бала дегенде эт бетинен кеткен эне менен журогуно эн жакыны-энесинен алыс калган куноосуз балакайларга кыйын болду го...

Супер-Инфо
super.kg
видео