Суперстан: Шумдугуң кургур - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Эркин тема
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (163 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 19
  • 20
  • 21
  • 22
  • 23
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Шумдугуң кургур Бири-бирибизди таң калтыралы

#401 Пользователь офлайн   sterva   23 Февраль 2014 - 23:16

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 955
  • Катталган: 17 Ноябрь 11
  • Соңку аракети: 27 Авг 2021 08:39
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Просмотр сообщения Askaruli2 (23 Февраль 2014 - 23:10) жазган:

Дүйнөө жүзүндөгү эркектердин жарымы,даараттан кийин колдоруну жуушпайт экен.


Жарымынан кобу болсо керек :crazy-girl:
Балам менин жашоомдогу эн чон-БАКЫТЫМ. .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#402 Пользователь офлайн   Askaruli2   23 Февраль 2014 - 23:21

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 307
  • Катталган: 31 Август 13
  • Соңку аракети: 17 Мар 2014 22:43
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Екатеринбург (Бишкек сити)

Просмотр сообщения sterva (23 Февраль 2014 - 23:16) жазган:

Жарымынан кобу болсо керек :crazy-girl:/>



Эми лично мен жууйм эле,даже суу жок болуп калса,чөп,жалбырак салбырак менен ырымжылап коёмун.:84:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#403 Пользователь офлайн   Askaruli2   23 Февраль 2014 - 23:27

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 307
  • Катталган: 31 Август 13
  • Соңку аракети: 17 Мар 2014 22:43
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Екатеринбург (Бишкек сити)

Дес жана Хелен деген жубайлар бир күндө төрөлүшүп,75 жыл чоогу өмүр сүрүшкөндөн бир күндөн кийин,экөө тең көз жумушуптур. "Ал аны жансыз көргүсү келбеди,а бул алсыз жашагысы келбеди"
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#404 Пользователь офлайн   Gasu   24 Февраль 2014 - 03:32

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 677
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 06 Мар 2014 23:17
  • Жынысы:Белгисиз

25 жаштагы жигит кызга айланды.

Кыргызстандык дарыгерлер алгачкы жолу жыныс алмаштыруу операциясын жасады. Бишкектеги Улуттук госпиталда өзбекстандык 25 жаштагы жигит кызга айланды. Дарыгерлердин айтымында, учурда анын денсоолугу жакшы, кадимки айымдардай болуп өз мекенинде жүрөт. Коомчулукка мындай көрүнүш терс көрүнгөнү менен, адистер жынысын алмаштырууну каалаган жарандардын саны күндөн-күнгө өсүп жатканын айтышат. Учурда жынысын өзгөртүүнү каалаган, дарыгерлерден кеңеш сураган Кыргызстандык мырзалардын да саны арбын дейт. Мындай терс көрүнүштөр эмнеден улам болуп жаткандыгын билүү максатында Улуттук госпиталга караштуу Урология илимий борборунун андрология бөлүмүнүн башчысы, медицина илимдеринин доктору, профессор Жаныбек Мамбетов агайды кепке тарттык.

- Жаныбек агай, жакында эле бир эркекти кызга айлантканыңыздар чынбы? Эгер чын болсо, анын ден соолугу кандай?

- Чын. Жакында эле 25 жаштагы өзбек жараны биздин Улуттук госпиталга кайрылган. Ал жигит толук медициналык кароодон өтүп, анализдеринин бардыгы туура чыккан соң, 2013-жылы октябрь айында операция жасалган. Мындай операция Кыргызстанда биринчи жолу жасалды. Операция абдан ийгиликтүү өтүп, эч кандай терс натыйжа болгон жок. Учурда ал жигит кызга айланып, өз мекенинде жашап жатат. Ал мырза: "Мен өзүм эркек болгонума карабай, менде аялдык касиет көбүрөөк өкүм сүрөт" дейт. Жынысын өзгөртөм деген кардарыбыз, юридикалык жактан документтерин чогултуп, толук аты-жөнүн өзгөртүп, өз өлкөсүнөн кыз экенин тастыктаган жаңы паспорт алды. Азыр сөйкө тагынып, көйнөк кийип, чач жасалгасын өзгөртүп кадимкидей эле аялзаты. Ал азыркы жашоосуна ыраазы экен.

- Жынысын өзгөртүүгө эмне себеп болууда?

- Акыркы учурларда жынысын өзгөртүүнү каалагандар көбөйүп баратканы ырас. Эмненин кесепетинен улам алардын саны көбөйүп жатканын эч ким аныктап бере албайт. Азыркы учурда канча бала, канча кыз жынысын алмаштырууну каалап, так ушул оору менен ооруп, бизге кайрылгандыгы тууралуу эч кандай такталган статистика жок. Бизге келип кеп-кеңешибизди угуп, өздөрүнүн абалын түшүндүрүп, консультация алып кеткен жарандарыбыз бар.

- Алар эне боло алышабы?

- Жынысын өзгөртүүнү каалаган айымдарга караганда жигиттер басымдуулук кылат. Аларда кызга айлануу мүмкүнчүлүгү көбүрөөк. Бирок эч качан эне боло алышпайт. Анткени, аларга аялдын жыныс мүчөсү операция жолу менен жасалган. Жатын, жумуртка клеткаларын бөлүп чыккан клеткалар буларда жок. Болгону жыныс катнашы аркылуу өзүнүн көңүлүнө жаккан адам менен жашап жүрө беришет. Эгер жашоолору жакшы болуп, бири-бирин түшүнүп кетишсе, бала асырап алышы толук ыктымал.

- Жыныс алмаштыруу операциясынын баасы канча, жашыруун болбосо?

- Акысы мамлекет тараптан ченелген эмес. Бардык дары-дармекти, зарыл каражаттарды жынысын алмаштырууну каалаган киши өзү сатып алат. Дарылардын көбү Европадан жана Орусиядан алынат. Дарыгерлер операция гана жасайт жана андан кийинки алгачкы дарылоону көзөмөлдөйт. Жыныс органын кестирип, аялга айланган мырзалардын бутка турушу үчүн үч жумадай убакыт талап кылынат. Бирок толук сакайып кетмейинче дарыгерге келип, текшерилип турушу кажет.

- Операция жасоодогу этаптарга токтолсоңуз.

- Жыныстык мүчөнү операция жолу алмаштыруунун бир топ этабы бар. Аларды айта кетсек, биринчи этапы - жыныс органын алып салышат; экинчи этапы - жыныс кынын жасаш керек. Аны жанындагы терилерден, ичегиден жасаса болот. Бул жолу териден жасалды; үчүнчү этапы - жасалма эмчек салынат. Бул үчүн имплатант керектелет. Имплатанттын да көлөмү, түрү болот. Сапаты канчалык жакшы болсо, ошончолук кымбат болот. Аны кардарлар өздөрү сатып келишет. Башка да этаптары абдан көп. Эң негизгелери жогоруда айткандарыбыз. ..

- Гомосексуализм жана транссексуализм деген эмне?

- Гомосексуализм деген бул эркек түрүндө эле жүрө берет. Бирок, сексуалдык жүрүм-туруму аялды эмес, эркекти каалайт. Мунун өзүнүн активдүү жана пассивдүү жагы бар. Активдүү жагы эркектер менен баш кошпосо дагы интим жагынан чогуу катнашта болушат. Ал эми пассивдүүсү аял менен жашайт. Бирок, аялды эмес, эркекти талап кылат. Транссексуализм деген бул өзүнүн дене-мүчөсүн, жашоо- шартын аялдыкка алмаштыруу. Илимий изилдөөчүлөр мунун баарын изилдеп чыгып оору деп тапкан эмес. Анткени, алар менен сүйлөшө келгенде алар башкаларга салыштырмалуу абдан акылдуу, сезимтал келишет. Айрым өлкөлөрдө мындай адамдарды колдогон атайын коомдор түзүлүп, алардын укугун коргошот. Себеби, алар ушундай болуп калууну эч качан каалашкан эмес. Биз дагы акырындык менен ушул нерсеге бара жатабыз. Азыр буларды коомчулук терс көз караш менен кабыл алышат. Тескерисинче биз аларды түшүнгөнгө аракет кылып, аларды кемсинтип-басынткандан алыс болушубуз керек.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 1392570236_kyzbala.jpg

"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#405 Пользователь офлайн   Gasu   24 Февраль 2014 - 04:28

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 677
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 06 Мар 2014 23:17
  • Жынысы:Белгисиз

СУУ КУЙГАНДА БИЙЛӨӨЧҮ ТАБАК ИЗИЛДЕНҮҮДӨ.

Тибеттеги колодон жасалган табакка суу куйса бийлеп кирет экен, тобо! Тагыраак айтканда, суу куюлары менен бетинде майда толкун жаралып, анан табак кыймылга келет да, суу тамчылары өйдө секире баштайт. Изилдөөлөргө караганда, табак диний жөрөлгөлөрдү аткарууда колдонуу үчүн 5-кылымда жасалган. Эгер кырларына ичке таякчаларды тийгизсе, «ырдайт» дагы.
Табактын мындай сырларын ачуу үчүн дүйнөнүн көптөгөн окумуштуулары изилдеп көрүшкөн. Азыр да изилдеп жатышат, бирок сыры эмнеде экенин эч ким далилдеп бере элек. Изилдөөлөрдүн жыйынтыгы чыкса, аны техникада, парфюмерияда колдонуу идеялары бар.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: getImage65.jpeg

"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#406 Пользователь офлайн   Gasu   24 Февраль 2014 - 04:31

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 677
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 06 Мар 2014 23:17
  • Жынысы:Белгисиз

КАНАТ ӨСҮП ЖАТКАН МЫШЫК.

Кытайдын Сяньян шаарындагы бир үй-бүлөнүн сүйүктүү мышыгына канат өсүүдө. Азыр канатынын узундугу 10 сантиметрге жакын. Мышыктын кожойкесинин айтканына кулак салсак, алгач канаттардын ордунда эки дөмпөкчө пайда болуп, анан чоңоё баштаган. Эки айдан кийин дөмпөкчөлөр канаттарга айланган. Кожойкенин пикиринде, канатчан мышыгы “мышык-периштеге” окшошот. Мындай шумдуктуу мышыкты текшерген эксперттер “канаттын чыгышы мышыктын гендик мутацияга чалдыгуусунан болгон” - деген пикирлерин айтышкан. Ошондой эле алар “канаттын чыгышы мышыктын жашоосуна зыянын тийгизбейт” - деп эсептешет.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: getImage5.jpeg

"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#407 Пользователь офлайн   Gasu   24 Февраль 2014 - 04:37

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 677
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 06 Мар 2014 23:17
  • Жынысы:Белгисиз

МАРКУМДАР БИЗГЕ КАТ ЖАЗЫШАТ.

Эми Америкалыктар көзү өткөн туугандары менен досторунан кат ала алышат. Же тескерисинче, каза тапкандан бир ай өткөндөн кийин жакындарына видео, аудиокаттарды жана сүрөттөрдү жөнөтө алышат. Мындай кызматты “Timelessmail.com” компаниясы жүргүзүүдө.


“Timelessmail.com” – 2001-жылдан бери иштеп келаткан үй-бүлөлүк бизнес. Аны Лас-Вегаста Роберт жана Нэнси Уокер деген жубайлар ачышкан. Маркумдан кат алуу идеясы 3 жыл бою жетилип келген. Роберт менен Нэнсинин жакын тууганы дүйнөдөн кайтканы аларга катуу сокку болгон да, жубайлар оюн ишке ашырууну чечишкен.


Алгач баалары тууралуу:

Өлгөнүңүздөн кийин жакындарыңызга кат жибергиңиз келсе, анда тирүү кезиңизде “Timelessmail.comго” жазылып, жыл сайын төлөмдөрүн төлөп турууңуз зарыл. Компаниянын өкүлдөрүнө сөзсүз түрдө социалдык фонддо катталган камсыздоонун номерин билдирип койгонуңуз шарт. Себеби, кишинин өлгөнүн же тирүү экенин социалдык фонддон гана билсе болот. Сайтта катталган кардарлар менен соц.фонддун тизмесин салыштырып, “Timelessmail.comдун” кызматкерлери жакындарга кат жиберүү убактысы келгенин билишет.


“Timelessmail.comдун” тарифтик пландары бар: "

Жөнөкөй” тарифине жазылган болсоңуз, өзүңүздөн кийин 20 билдирүү калтырып кетсеңиз болот. “Плюс” тарифинде 40 билдирүү менен сүрөттөр, ал эми эң кымбат “Премиум” тарифи боюнча 60 билдирүү, сүрөт жана видео жаздырып кетүүгө мүмкүн. Сиз көз жумгандан туптуура бир айдан кийин баалуу каттарыңыз эң көп 25 жакын адамыңызга жеткирилет.


Укмуштуу кызматтын ээлери:

“Бизди баары эле түшүнө беришпейт. Кээлери жинди деп да ойлошу мүмкүн. Бирок, “Маркумдан кат” кызматынын максаты – жашоосунда айта албай калган сөздөрүн, сырларын өлүмүнөн кийин билдирүүгө мүмкүнчүлүк берүү”,- дешет. Компаниянын кызматын колдонуучулардын саны 2001-жылы 11-сентябрдагы Америкадагы каргашалуу окуядан кийин кыйла өскөн. &nbsp;&nbsp;< /p>

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: getImage72.jpeg

Билдирүүнү түзөткөн: Gasu: 24 Февраль 2014 - 04:42

"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#408 Пользователь офлайн   Gasu   24 Февраль 2014 - 04:46

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 677
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 06 Мар 2014 23:17
  • Жынысы:Белгисиз

ИНТЕРНЕТ ӨЗҮН-ӨЗҮ ӨЛТҮРҮҮНҮН ЖОЛДОРУН ҮЙРӨТӨТ.
Интернеттеги издөөчү программаларга “суицид” деп суроо узатсаңыз, миңдеген жооптордун арасынан “өзүн-өзү өлтүрүүнүн жолдору”, “чогуу өлүүгө шерик издейм”, “өлүүгө эң ыңгайлуу жерлер” сыяктуу акылга сыйбаган жооптор чыкса таңкалбаңыз.

Суицидге арналган сайттарда өлүүнүн эң оңой жана тез ыкмаларын үйрөтүшөт. Өзүн өлтүрүүгө аракет кылган адамдар болсо “таблеткаларга караганда чычкандын уусу жакшы” же “секирүүнү чечсең, баланча көпүрө эң бийик” сыяктуу кеңештери менен бөлүшүшөт.
Мындай сайттардын арасынан “alt.suicide.holiday” эң көп “ийгиликке” жетишкен. Сайттын a.s.h деген баш тамгалары “күл” дегенди түшүндүрөт. ММКда бул сайттын эч ким тарабынан жабылбай жаткандыгы жөнүндө нааразычылык тараган. Сайт анонимдик түрдө иштегендиги үчүн аны жаап салуу оңойго турган эмес.
Бул сайтта өлүм тууралуу кеңири маалымат, “пайдалуу кеңештер”, сүрөттөр жарыяланчу. Жашоодон тажагандарды “өлүм бардык маселени чечет!” сыяктуу ураан сөздөр колдоп тураар эле. Мындай сайтка кирбей калган коноктордун жөн эле каттоодон чыгып кеткени же максатына жетип, өзүн өлтүргөнү ошол бойдон билинбей калат. 2003-жылга чейин бул коркунучтуу сайттын айынан расмий түрдө 14 адам каза тапкан.
"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#409 Пользователь офлайн   Gasu   24 Февраль 2014 - 05:00

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 677
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 06 Мар 2014 23:17
  • Жынысы:Белгисиз

ӨЛГӨН АДАМ ДАРАК БОЛУП ТИРИЛЕТ.

Австриялык Георг Треммель менен Жапониялык Сихо Фукухара – Лондон искусство колледжинин окуучулары. Жаш окумуштуулар дүйнөдөн кайткан адамдардын ДНКсынан (дезоксирибонуклеиндик кислота) алма дарагын өстүрүп көрүүнү сунушташкан. Алардын негизги идеясы: Күмбөздөр жансыз болушат, ал эми жашоонун символу болгон алма дарагы жакындарын жоготкондорду соорото алат.


Бул ачылыш алгач Георг менен Сихонун “трансгендик күмбөз” аттуу дипломдук иши эле. Бир жылдан кийин бул иш “Биожакындык” деп аталган олуттуу долбоорго айланган. Өлгөн адамдын оозунан ДНК алынат да, алманын клеткасына отургузулат. Алма көчөт болуп чоңойгончо аны 6 айга жакын лабораторияда өстүрүшөт. Адамдын ДНКсынан өскөн дарак өзүнүн тышкы келбетин өзгөртпөстөн, ар бир клеткасында кишинин ДНКсын алып жүрөт да, өлгөн адамга экинчи жашоо берет. Достор “биожакын” дарактын ар бирин 35 миң доллар деп баалашкан.
“Кээ бир өлкөлөрдө өлгөн адамдын атына бак тигишет. Демек, бак-дарак – жашоонун уландысынын символу. Тирүү алмада жакын адамыңдын бир бөлүгү бар экендиги моралдык жактан чоң жардам берет,” - дешет Георг менен Сихо. Бирок Британиялык «ACRE» уюму (жаңы ачылыштарды изилдейт), “тирүү” алма бактар адамдын көңүлүнө терс таасирин тийгизээрин айтышкан. Бул пикирин «ACRE» төмөнкү аргументи менен толуктаган: “Мен өлгөндөн кийин ушул бакта жашайм” дегендин өзү туура эмес. Мисалы, каза болгон чоң эненин элесин өсүмдүктөн эмес, небересинин көздөрүнөн деле тапса болот."

ӨЛҮКТҮН КҮЛҮНӨН ТАРТЫЛГАН СҮРӨТ.
Америкалык “Jane’Us” компаниясы о дүйнөгө кеткен адамдардын сүрөтүн тартуу кызматын сунуштайт. Бирок, сиз ойлогондой портрет эмес, алардын сөөгүнүн күлүнөн тартылган сүрөт. Кадимки боёк менен тартылган сүрөттүн бетине өлгөн адамдын өрттөлгөн сөөгүнүн күлү себиле турган жаңы искусство пайда болду.


Сүйүктүү адамдарын тигил дүйнөгө узаткандар “ар дайым түбөлүккө” деп аталган кызматты колдоно алышат. Мындай таң калыштуу кызмат кайдан келген? Компаниянын жетекчиси Бетти Уилсон-Брокль бир нече жыл мурун энесинен ажыраган эле. Беттинин бул дүйнөдөн кеткен туугандары көмүлгөн бейит анын жашаган жеринен өтө алыста жайгашкан. Бетти бул маселени энесинин сөөгүн жанына алып калып чечкен. Башкача айтканда, энесинин сөөгүнүн күлүн бир нече сүрөткө кошуп тарткан да, сүрөттөрдү жакындарына таратып берген. Мындай идея көпчүлүккө жакканы да күтүүсүз нерсе эле. Ошентип, биринчи заказдарды аткарып баштаганда шумдук бизнестин да тушоосу кесилген.
“Jane’Us” фирмасы адамдар менен айбандардын сөөгүнөн 300дөн ашык сүрөттү тартып чыгарган. Бир сүрөткө 2-6 чоң кашык күл кетет! Эгер чоң киши өлгөн болсо, анын жарым күлү сүрөткө кетсе, жарымын кумурага салып койсо болот. Ал эми кенедей бала чарчап калса, анда сүрөткө анын күлүн толук колдонууга туура келет. Сүрөткө эмне тартылаарын Бетти кардар толтурган анкетаны окуп чыгып чечет. Ал эми баалары сүрөттүн чоңдугуна жараша 350-900 доллардын тегерегинде болот.
"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#410 Пользователь офлайн   Gasu   24 Февраль 2014 - 05:14

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 677
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 06 Мар 2014 23:17
  • Жынысы:Белгисиз

АЧУУЛАНГАНДА ЭМНЕ ҮЧҮН БАКЫРАБЫЗ?

Индиялык бир аалым окуучулары менен Ганг дайрасынын боюнда сейилдеп баратып, бири-бирине ачууланып бакырып аткан үй-бүлөнү көрүп калат.
Окуучуларына кайрылып: “Адамдар неге бири-бирине ачууланып бакырат?” – деп сурайт.
Окуучулардын бирөөсү: “Анткени тынчтыгыбызды жоготобуз” десе, анда аалым: “Ачуубузду келтирген адам жаныбызда турса деле неге бакыра беребиз? Ошол кишиге айта турган сөздөрүбүздү бакырбай акырын айтсак деле болгонуна карабай неге бакырабыз?” – деп кайра сурайт.
Окуучулар ойлонуп унчукпай калганда түшүндүрө баштайт: “Эки адам бири-бирине ачууланганда, жүрөктөрү бири-биринен алыстап кетет. Бул алыстыктан бири-бирине үнүн угузуу үчүн катуу бакырууга туура келет. Канчалык көп ачууланган сайын ортодогу аралык ого бетер алыстай бергендиктен, андан беш бетер катуу бакырууга туура келет.
Эки адам бири-бирин жакшы көргөндө эмне болот? Бири-бирине бакыргандын ордуна, тескерисинче, акырын сөйлөшүп калат, себеби алардын жүрөктөрү бири-бирине жакын, ортодогу алыс аралык жокко эсе, же такыр эле жок. Ал эми эки адам бир-бирин сүйүп калганда эмне болот? Алар сүйлөшпөйт, болгону кобурашат, анткени жүрөктөрү бир-бирине мурдагыдан да жакын болот. Бара-бара сүйлөшүүгө да кажет калбайт, бири-бири менен тиктешүү аларга жетет. Бирин-бири чындап сүйгөн эки адамдын мамилеси дал ушундай болот”.
Андан соң аалым окуучуларын карап мындай дейт: “Андыктан бирөө менен тартышканда жүрөгүңөрдүн алысташына жол бербегиле. Мамилеңер бузулуп бири-бириңерден алыстай турган сөздөрдү айтуудан алыс болгула. Болбосо күндөрдүн биринде артка кайрылып бири-бириңерге жакындоонун жолун таба албай калышыңар мүмкүн”.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: indus-300x217.jpg

"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#411 Пользователь офлайн   Gasu   24 Февраль 2014 - 05:41

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 677
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 06 Мар 2014 23:17
  • Жынысы:Белгисиз

:)

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 4.jpg

"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#412 Пользователь офлайн   Gasu   24 Февраль 2014 - 05:43

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 677
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 06 Мар 2014 23:17
  • Жынысы:Белгисиз

:)

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 5.jpg

"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#413 Пользователь офлайн   Gasu   24 Февраль 2014 - 05:44

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 677
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 06 Мар 2014 23:17
  • Жынысы:Белгисиз

:)

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 1327915349823l7dna6ogk8inw01nrvjyga.jpeg

"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#414 Пользователь офлайн   Gasu   24 Февраль 2014 - 05:45

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 677
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 06 Мар 2014 23:17
  • Жынысы:Белгисиз

:)

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 318228_0.jpg
  • Прикрепленное изображение: 1252513976484.JPG

Билдирүүнү түзөткөн: Gasu: 24 Февраль 2014 - 05:46

"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#415 Пользователь офлайн   Gasu   24 Февраль 2014 - 05:47

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 677
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 06 Мар 2014 23:17
  • Жынысы:Белгисиз

:)

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 162249_1000.jpg

"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#416 Пользователь офлайн   Gasu   24 Февраль 2014 - 05:48

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 677
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 06 Мар 2014 23:17
  • Жынысы:Белгисиз

:)

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 92680549_3185107_bodimodifikaciya_foto.jpg

Билдирүүнү түзөткөн: Gasu: 24 Февраль 2014 - 06:11

"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#417 Пользователь офлайн   Gasu   24 Февраль 2014 - 05:49

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 677
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 06 Мар 2014 23:17
  • Жынысы:Белгисиз

:)

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 1359270162_8.jpg
  • Прикрепленное изображение: 15137-800x534_thumb9.jpg

Билдирүүнү түзөткөн: Gasu: 24 Февраль 2014 - 06:12

"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#418 Пользователь офлайн   Gasu   24 Февраль 2014 - 05:51

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 677
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 06 Мар 2014 23:17
  • Жынысы:Белгисиз

:)

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 1724-thumb.jpg

Билдирүүнү түзөткөн: Gasu: 24 Февраль 2014 - 06:03

"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#419 Пользователь офлайн   Gasu   24 Февраль 2014 - 06:04

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 677
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 06 Мар 2014 23:17
  • Жынысы:Белгисиз

:)

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 250435_original.jpg
  • Прикрепленное изображение: default.jpeg

Билдирүүнү түзөткөн: Gasu: 24 Февраль 2014 - 06:10

"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#420 Пользователь офлайн   Gasu   24 Февраль 2014 - 06:05

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 677
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 06 Мар 2014 23:17
  • Жынысы:Белгисиз

:)

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: vampire2.jpg
  • Прикрепленное изображение: 96849428_Mariya_Hose_Kristerna_bodimodifikacii_foto.jpg

Билдирүүнү түзөткөн: Gasu: 24 Февраль 2014 - 06:11

"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Эркин тема
  • Кийинки тема →

  • (163 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 19
  • 20
  • 21
  • 22
  • 23
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 21 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 21, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 19 Июл 2025 23:08

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: