Акындар айтышы. Акынсыңбы? Күчүңдү сынап көр.
#241 11 Март 2009 - 11:08
Эдил дос отту жагыпсын
Жазып койгон ырынды
Кайра очуруп салыпсын
ЛИМОНбайдан коркконунду
Ачыктап эле салыпсын
Баатыр сага жол болсун
ЛИМОНдун угуп кенешин
Жамандардан болбопсун
Согушам деп мен менен
Өзүндү өзүн колдопсун...
Согуш бүткөн десем да
Орус оюн кылат деп
Жулунганың койбопсун...
Жыгылсан да ЭДИЛБАЙ
Күрөшкө эч тойбопсун..
Теңеген элем суурга
Бирок болупсун суура,
Сууран эмне экенин
Түшүндү рүп койбопсун...
Тийишпеген танканы
Салап кылып коюпсун
Салап эмне экенин
Түшүнбой мен келемин..
Балким колдорунан түшурбө гөн
Бирөөлордү н желеги...
Катып койго сыр баран
АА бул кимдин белеги..
Баран деген орус соз
Которуп койсо кыргызга
Кой деген соз келеби?
Армияңды билбепмин
Толтурулган тамак ашка
Жүк артынып келээрин..
Жакшы жатып укта деп
Төшөк салып берээриң ..
Мунуң жакшы кеп экен
Уктап жаткан кезинде
Капилеттен келээрмин..
Эки колду көтөр деп
Жеңишке мен жетээрмин..
Ошондуктан сен досум
Уктап жата бербе деп
Жоокерлерге кеңеш айт,
Бул да болсо акыркы
Болсун сенин керээзин..
Сенсиз жалгыз калышса
Кызгыз менин тууганым
Жардамга өзүм келээрмин
Акыл дос, ачуу душман.
#242 11 Март 2009 - 11:11
Билдирүүнү түзөткөн: AeCHka: 11 Март 2009 - 11:21
#243 11 Март 2009 - 11:38
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#244 11 Март 2009 - 13:24
Айтып кетем саламым
Арнап кетем ыр сабым
Куттуктап кетем жаз айын
Келе жаткан нооруз майрамын.
Улуу кыргыз элинде
Нооруз деген салт майрам
Кыргыз калкын салтына
Байланып калган бул майрам
Кандай сонун жаз майрам
Жаз майрамга пландар
Толкуулайлы достор ай
Биргеликте бекемдешип
Супердеги жамаатарды
Жалпысыны чакырып
Жашыл адыр тубуно
Ат чабышып баралы
Кыздар болсо шокулосун
Бальдар болсо калпактарын
Кийип алып алышып
Ак чолмок ойун куралы
Эки экиден кармашып
Чечек гулдор терели
Тегеренип олтуруп
Колго комуз кармашып
Дынгыр дынгыр эттирип
Айтыштын кызыгын
Ошол жерде куралы
Аечка менен СССРди
Уйлонуу тойун баштайлы
Барыбыз той устундо
Чалкалап койуп каха тееп олтуралы
Айтышта женилип калган инсанды
Кызмат отуна чакыралы
Эки казан сумологун,
Асып койуп,
Жети токоч борсогун
Бышырып койуп
Таш орук мейизин
Салып шагыратып койуп
Сумолокту коолоп койуп
Тилдектерди айталы.
Эки жактан тилек айтып
Жаз жамгырын жаадыралы
Жамгыр менен кошо
Жаз майрамын барктайлы.
Алоолонтуп отун жагып
Ат устундо улак чабып
Ойун кулугун улайлы
Эмне дейсин достор ай
Кандай сонун майрам ай.
#245 11 Март 2009 - 14:54
Эгер менин калыстыгыман шек санап, адилеттигиме ишенбесең издер, ошондой-ак "биздей акылдуу (Жанымайдын сөзү) акындарды баалай албайт"-деп, бул кызматка компетенттү үлүгү мдөн күмөн санай турган болсоңуздар, ушул УЛУУ жана КАДЫРЛУУ милдетти кубанчтуулук менен тапшыра ала турганымды айтып коеюн! ! !
Баарыңыздарды урматтап Барс.
Билдирүүнү түзөткөн: Барс: 11 Март 2009 - 17:29
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#246 11 Март 2009 - 19:22
Цитата
ын баарынын ырын угуп,тимеле "токмо" болуп кеткенсип,кадимки Барпынын кешигин жалгыз озу ичкенсип,USSRдин 251ден бери жагына арнап,кичинеден тамашалап айтып турган жери:
Карагыла досторум
Айтышта бугун жаны ысым
Тааныштыра кетсемби
Бул шайланган менин калысым.....
Эми Тему кантейин
Айтышка чыгып алыпсын
Аралашып сынакка
Калыстыкты чаныпсын..... ...
Айтып оттун тизмелеп
Форумдагы баарысын
Бир ырына топтопсун
"Ардагерин" ,жанысын....
Арбирине келтирип
"Комментарий" жазыпсын
Отура албай ордунда
Жалындап отту жагыпсын
Бирок досум унутпа
Бул темада калыссынг... .....
Андан кийин мышыгым
Мышык эмес "тигрицам"
Аватарын ондогон
Аечкам-"императрицам" .....
Форумда жок убагым
Реалда жургон кезимде
Айланып кыргыз кыздарын
Издегеним эсимде.....
Орукзарлуу Баткендин
Талаасынан издедим
Сулайман-тоо ордолуу
Ош жактан да издедим
Президенттин мекени
Жалалабаддан изедим.....
Аскасы асман тиреген
Нарындан да издедим
Чынгызды таптап чонойткон
Талас жактан издедим......
уландыс бар:
Уруксат берсениздер. ...узулу
п калган оюмду улап....анан. ...кийи
нки окуяларга ырымды жазсам.....
Кыргызымдын бермети
Кол жээгинен издедим
Берекеси тогулгон
Чуй боорунан издедим......
Таппадым,баттым арманга
Кусага батып турганда
Гезиттен окуп кызыгып
Катталганмын форумга.....
Кыздар менен таанышып
Аечканы тандадым
Кулсо кулуп кубаттап
Ыйласа чогуу ыйладым......
Андан кийин Жанымай
Сен да мага жактын ай
СССРде он бешке
Бололу деп айттынай....
Он бешке эмес экиге
Болунуп,сени тандадым
Эми болсо баш тартып
Айнып турган убагын.....
Бир жолу макул деген сон
Кайра созду бурбагын
Андан коро сен мени
Бекемирээк кармагын.....
Таластан чыккан Эдилбай
Кечигип келдин айтышка
Согушту айттын капилет
Биякта
Достошуп балдар жатышса.....
Кыргызымда бир соз бар
Эр чекишпей бекишпейт
СССР менен Лимон дос
Атышпайт да,"тебишпейт" ......
Андан кийин бир досум
Жека деген акын бар
Тартынып турам сындаштан
Коркуп калган жайым бар......
Тамашага тушунбой
Жообунду жазып ийбегин
Жон эле созго теригип
Чындык кылып журбогун.....
Акыркы кундор досумдун
Ырлары болду "дефицит"
Ыр куржундун оозуна
Коюп алганбы "лимит" .....
Анда менин создорум
Тийишким келип турса да
Азырынча "дефицит" .......
Кийинки созум Лимонго
Генералга,маршаллга
Солдаттарын ээрчитип
Минип алган танкага......
Азил созго чыдаган
Азаматсын Лимонум
Эдил чыкты Таластан
Жакшылап эми коргонгун... ...
Баарынан дагы жакканы
Эч ким кирбей койгондо
Мага шерик болгонун.....
Менин оюм тушундун
Мен сага
Эчаак ыраазы болгонмун....
Билдирүүнү түзөткөн: USSR: 11 Март 2009 - 19:33
#247 11 Март 2009 - 20:31
Журогунон арман сыздап
Жанымай кетти уйуно
Ага эч бир акыным
Кайтарып келуу жонундо
Жазбаптыр чиркин дунуйо...
Аз да болсо салымын
Айтышына акындын
Кошуп журчу кунуго..
Калыстардын тобунан
Катуу сындар келгенби
Карангыда карайлытып
Ай тийбептир тунудо..
Озумдун да напсимди
Куноолу сезип турамын
Бир убакта мен дагы
Эчкисинер силер деп
Тийишкен элем жунуно...
Чынын айтсам туугандар
Бул абалдын акыры
Жакшылыктан чыкпайт деп
Карап турам тунуло...
Форумдагы акындар
Кете берсе чууруп
Карап турган козубуз
Жылмайбайт да суйунуп!?
Ынтамкка келели
Жигиттер менен кыздарга
Айтышка билет таратып
Чогулталы жургуло...
Чон айтышта жургонсуп
Катуу сындап озголорду
Салбагыла суруно..
УССР досум чынында
Ачса керек теманы
Оюн кулку турундо...
Конулу томон кезинде
Кире калып айтышка
Ачылсын конул жузундо...
Бул жерге кирген акындар
9 китеп окуганга
Жетишкен эмес улгуро..
Сабыр кылып чыдайлы
Айтышканды билбейсин деп
Басынтпастын аларды
Чын журоктон суйолу..
Эгинди эксен талаага
Кузундо тушум берет го
Кана тос деп палага..
Абалды коруп байкаган
Медатор досум УССР
Батса керек санаага..
Бул создорду айтам деп
Акындардын ортосунда
Калбасам экен жалаага..
Айланайын сулуулар
Таарына бербей создорго
ЛИМОНДУН созун угундар
Келгилечи ойнойлу
Капа болуп турганда
Чыгып калсын бугунар..
Жаманды гана уга бербей
Жакшыны дагы угундар,
ЛИМОН турат суранып
Таарына бербей башкага
Мага да конул бурундар..
Озбекче суйлоп кеттим окшойт
Кечирип мени коюндар...
Суулар болсо агып жатат
Дунгуротуп дуйнону
Нооруз майрам келе жатат..
Андыктан келгин баарынар
Биргеликте ырдайлы
Жашынар да каарынар..
Сумолок бизде жасабайт
Майрамдай берет баарыбир
Анына бизде карабайт
Отура бербе таарынып
Анынар сулуу жарабайт,
Ордунарды билгиле
Форумдагы акындар
Пилус минус башкамес
Баардыгы бирбей барабар
Келбей косон чын эле
Жигиттер анда жарадар
Билдирүүнү түзөткөн: ЛИМОН: 11 Март 2009 - 20:35
Акыл дос, ачуу душман.
#248 12 Март 2009 - 01:43
ди чымчып,тийишип турбасак(айтыштын негизги туру кандай экенин жогору жакта айтып отушту) да болбойт....
Анда тема боюнча улайын.....
Ээ жалпына айтам саламды
Ардактуу достор аманбы?
Кыйкырып айтам саламды
Кымбаттуу достор аманбы?
Эрте менен уйкудан
Сол буту менен тургандар
Айтыштын бузуп темасын
"Разборка" жакка бургандар
Ыр эмес кара соз менен
Ойлорун жазып тургандар
Кыскасын айтсам баарынар
Тынчсынарбы туугандар... ...
Таш жарылып чоп чыкты
Кун узарып,кыш чыкты
Жылуулук берип сезимге
Журокторду ысытты.....
Жыл менен жыл тогошоор
Кунубуз келе жатыптыр
Ушуга арнап Барс досум
Жакшы тема ачыптыр.....
Баарын туура тушунгон
Архидей дароо шашыптыр
Озунуп кетип баарынан
Биринчи болуп жазыптыр.....
Туура ойду айткансын
Архидея азамат
Теманы колдоп кеткенге
Озунча сага ырахмат.....
Калайык калк кубангын
Майрам келди элиме
Жар салалы баарына
Кут тарасын жериме....
Сары-Челек жээгине
Эртерээк эми жетели
Жумурткадай боз уйду
Кыдырата тизели.....
Атын чапкан Бойланы
Чабарман кылып ийели
Чакырып баарын майрамга
Тезинен кабар берели....
Калын журттун алдында
Жакшылап ырды тоголу
Тымызын катпай ичтерге
Акынчылык онорду.....
Сrаsh'тын сурап тайганын
Анчылыкка чыгалы
Лимондон сурап бир мылтык
Ийинге асып алалы
Аечканын жолборсун
Кууп журуп аталы....
Дастанындай Шотанын
Жолборстон тери жамынып
Баатыр болуп кайталы.....
Жыланач жургон Эдилге
Тезинен кийим табалы
Жыпжыланач журот го
Кучагында "аялы"
Майрамы менен куттуктап
Жолборстон чепкен жабалы
Жетпесе жолборс териси
Бир айласын табалы
Эч болбосо "бир жерин"
"Жалбырак" менен жабалы.....
Урматына Нооруздун
"Улак тартыш" тарталы
Темунун илип журогун
Жамбы ордуна аталы......
Жетпей калса ал журок
Жанымайга айталы
Ажыратып журогун
Аны да кошо асалы.....
Жаштар учун акчолмок
Шокторго "топу бекитмей"
Балбандарга курош бар
Ат устундо энишмей.....
Лимондун кыйып пальмасын
Алты бакан жасайлы
Селкинчек тепсин селкилер
Ойноп кулуп жыргайлы.....
Жумшайт го деп коркпогун
Карындашым Архидей
Башталды майрам,тез-тез кел
Терезе тиктеп телмирбей... ..
Ак койнок кийип буралган
Аруу бери караныз
Азалов менен Азура
Майрам болбойт буларсыз.....
Майка кыз менен Лунка кыз
Эркелеп бизге тураарсыз
Бул экоо дагы болбосо
Майрамыбыз кызыксыз..... .
Арчадан жакшы тутотуп
Алас-алас айталы
Жакшы ниет ой менен
Омийн деп бата тарталы....
Оюн-кулку ыр менен
Бир кызыкка баталы
Сумолокту кайнатып
Сырыбызды ачалы.......
Куттуктоо соз кийинкисинде болот
#249 12 Март 2009 - 09:52
Ау, жигит аманбы
Алдым айткан саламын
Уйку бербей форумга
Салам айттын жалпына
Чу, деп эле баштаганда
"разборканы" жазыпсын
Эгер ал соз чыкпаганда
Жазбайт элен бу ырын
Мына келдим мен бугун
Атсан аткын мендейди
Жолборсум менден айрылбас
Куусан дагы жетпейсин
Андан коро чон жигит
Майрамды биз баштайлы
Элге, жерге жеткирип
Жар салдырып данктайлы
Кун менен тун тен бугун
Кутот жазды эл бугун
Тамырлары тамылжып
Татынакай жер бугун
Кокто Кундун сыйы улук
Коктон келди жылуулук
Жерде Жердин деми улук
Жерден келди жылуулук
Нооруз келди жайнайлы
Торгой болуп сайрайлы
Баар келди жайнайлы
Булбул болу сайрайлы
Даназалап достукту
Унуталы кастыкты
Нооруз кунун алгачкы
Ысырыктап алалы
Умай-Эне колунда
Арчасы бар тутогон
Алас созун кайталап
Ар балээден сактаган
Айдан аман бололу деп
Жылдан эсен чыгалы деп
Жакшылыкка жандаган.
Кыдыр Ата уроон сээп
Келди ал да биз жакка
Жерибизге береке тилеп
Элибизге ынтымак сурап
Тенирим бизди жалга деп
Батасын берет жалпына.
Сумолоктон ооз тийишип
Бийлеп, ырдап обон созуп
Жалпы форум жамааты
Элге сунат майрамды.
Биз да карап туруп албай
Ак дасторкон жайалы
Даам сызышып коногубуз
Берсин бизге батасын
Жар салдык жалпы форумга
Биз менен шанга баткыла
Ушул Нооруз кунундо
Дасторкон даамын таткыла.
Умай-Эне мен болдум
Кыдыр-Ата Барс болсун
Берели жалпы батаны
Кыз уяттуу болсун деп
Кыдыр- Ата баштады
Жигит намыстуу болсун деп
Мен уланттым батаны
Жолдошубуз Кыдыр болсун
Жолубуз дайым шыдыр болсун
Жерибизде тынчтык болсун
Ынтымагыбыз ыйык болсун
Кыдыр-ата алакан жайып
Оомийин деп алкады.
Ошентип майрам баштадык
Жакшы каалоо кеп айттык
Кобуроок ырдап ийдимби
Конулун менден калбасын.
#250 12 Март 2009 - 12:33
Салам айтат жалпы журтка Жанымай
Амансынбы суйгон элим куттум ай
Жолугууну каалап турган кезегим
Ыр арнайын кабыл алгын журтумай.
Айтам салам акындарым аманбы
Чогулуп биз майрам сунсак жаманбы
Жыл менен жыл тогошоор маалында
Чогуу ырдап, обон созуп калсакпы
Нооруз келди, данктап аны ырдайлы
Нооруз менен кулуп жайнап жыргайлы
Журок толкуп тынчтык ырын биз ырдап
Жашообузду коркко болоп жыргайлы
Кел, Ноорузум, келе бергин жанырып
Кел Ноорузум бакыт нурун агызып
Айдан жылдан аман-эсен чыксак деп
Ай аалам бут сени кутот сагынып
Форум дагы башкача бир жанданып
Конок кутуп ак дасторконун жайып
Акындары комузун бекем кармашып
Акыбалын биринен - бири сурашып
Тособуз деп чогуу Нооруз майрамды
Камданышып кутуп турган кезекти
Куттук айтат ар бириси элимди
Каалайт бугун жакшылыктын семизин
Орундалсын Нооруз куну тилектер
Сураналы, ыйман бизге берегор.
Мен берейин кезекти акын досума
Кана эмесе чарчабастан сен чамда!
#251 12 Март 2009 - 16:15
Башталды мына бугун
Майрамыбыз ачылышы
Колубузга кайчы кармап
туралычы бантик кармап
СССР менен Барбекти
Кучак жайып колду чаап
Кулку менен шат менен
Колдоруна кайчы берип
Каалоо тилек айттырып
Акындардын темасына
Жакшы батаа бердирип
Тушоо кесин баштайлычы.
Келиштиби жаштарыбы карысы
Супердеги сулуулардын баарысы
Азырынча дайардыктар королу
Пландарды майрам алдын тузолу.
Кана кеттик достор ай
Кайда журот булар ай
Мына келди Жанымай
Комузуну которуп
Ырдап койуп ортодо
Жакшы создор айтыптыр.
Дагы келди Жекабек
Акындарды сындаптыр
Жазып жатып жакшына
Ортосуна келгенде
Айрымдарын жамандап
Жаны оскон теректей
Бутактарын сындырып
Байбичедей жазыптыр.
Койун эми байкежан
Лимон менен Эдилбай
Жакшы жазат менимче
Создоруну маанисинде
Тогулуп турат бир нерсе
Майрам алды конулун
Тушурбонуз тентекче.
Кыздар менен айтышта
Айтышпапмын деп жазган
Келин анда майрам куну
Жашыл чоптун устундо
Комузунду кармагын
Онго солго бурагын
Ойунузду ошол куну
Окшоштуруп курагын.
Женилигендер жакшысы
Кызматыны кылышат.
Женилип калып,бечарадай
Бышып калган булучкадай
Кызарып олтуруп калбагын
Казан аяк башында
Отун кармап колуна
Козун болсо тостойуп
Туруп калба мостойуп.
Ошондуктан айтамын
Озуно дайым бек болгун
Озунду эр ойлосон да
Бироону шер ойло
Жакшынакай жигит Жека
Жазып койдум мен сизге
Капа болбон байке бизге
Один терек один тал
Бирин олуп бирин кал
Деп келгенибиз жетиштуу
Акындардын акылманы
СССРбиз айткандай
Ырыскылуу жолубузда
Бекемдешип биргеликте
Ынтымака баталы.
#252 12 Март 2009 - 16:19
Кийик тилейт бийикти.
#253 13 Март 2009 - 21:55
#254 13 Март 2009 - 23:02
аш токуна олтуруп.... СССР баштайт го......
Ассолому алейкум
Айтыш тема аманбы
Кара кылды как жарган
Калыстарым аманбы......
Акындарым ырдабай
Чарчашып аз-маз калганды
Жетишпей мумкун жургондур
Утурлап Нооруз майрамды..... .
Ырыскы келип форумга
Ынтымак жолун баштайлы
Оо,келгиле жалпы журт
Уюшуп алас айталы.....
Алас,алас,алас деп
Ар балееден калас деп
Эски жыл кетти тарыхка
Жаны жыл келди маарек деп.....
Эски жылда таарынгандар
Жаны жылда жарашсын
Жаман айтып урушкандар
Жакшы создор арнашсын.....
Бала кутуп зарлагандар
Перзент унун угушсун
Суйушкон кыз-жигиттер
Жаны було курушсун....
Карыларым торундо
Насаат суйлоп турушсун
Акылын угуп уул-келин
Ийилип чайын сунушсун..... .
Балага толуп бапырап
Базар болсун уйубуз
Дайыма жаркып журолу
Жылмаюу кетпей жузубуз.....
Кризис кетип элимден
Экономика онуксун
Ишке кирип заводдор
Ондуруштор онуксун.....
калганын дагы улантам.......
#255 13 Март 2009 - 23:13
Айт айт десе Ноорузду айт
Байгеге койгон комузду айт
Алмаздай курч созунду айт
Утукка койгон 3 минг сомунду айт...
Уялып деле калдым ай,
Сындап коюп кээ бирин...
Айтышты кээ бир акындар:
Вайс аке жон журунг!
Отугунузду торго илинг да
Озунуздун ишинизди билинг...
Эл оозунда элек жок,
Эркелеп айта беришсин...
Ченеп куяр челек жок,
Чегин билбей тогушсун...
Кыйын болсо кучторун,
Айтыштан сынап корушсун.
Тандайдагы алтын кеп,
Эл менен тегиз болушсун...
Акындардын жакшысы,
Соз берметин чубуртат...
Айтаарга созун таппаган,
Кара коо сыйпап курутат...
Арсылдап турса коп иттер,
Бору да атын унутат...
Айтышып турсак Инетте,
Ар кимдер келип кирет да...
Андай эмес мындай деп,
Кулакка лапша илет да...
Андыктан акын досторум,
Айтаар бир созунг иретте!
Айт айт десе Манасты айт
Манастын жери Таласты айт
Башканы коюп батыраак,
Оруктуу Баткен жергени айт
Тенир тоону жердеген,
Нарындык элден кабар айт
Жаштардын шаары Жалабат,
Жалпыга маалым жерден айт
Кое туруп озгону...
Куручко бай Озгонду,
Ордолуу Оштон суйлогун
Ыраазы болсун Чуйдогу,
Анан борбордо тентип жургону...
Келишкен турпат-келбети,
Ысык -Кол жердин бермети...
#256 14 Март 2009 - 02:15
Салам калкым аманбы
Айтамын бугун саламды
Акындарым эс алып
Кайра келип калганбы
Салам айтам акынга
Куттук айтып турганга
Элди бугун ойлошуп
Эс алганды токтотуп
Чыкты кайра сахнага
Сынакка аз кун калганда
Акындарын "кыйтырда"
Эки кун уктап алышты
Кыскартып кунун сынактын
Мейли эми сунайын
Данктап, каалоо айтайын
Ырыс кешик апкелсин
Берекесин бизге берсин
Элибиз эмгекчил болсун
Жерибиз берешен болсун
Жамандык бизде болбосун
Жакшылык жолу когорсун
Кырсыктын жолу буулсун
Эгизден перзент туулсун
Эл башкарган эрендер адил болсун
Журт акылы дадил болсун
Каалайм ырды калкыма
Уккун бугун жабыла
Нооруз келип жыргайлы
Жакшы ырдан ырдайлы
Тилек кылып дайыма
Куттук Нооруз майрамын
Келгин баарын аянтка
Арнайт бугун акындар
Сунат жакшы каалоолор
Кабыл алгын ойлонбой
Куттуктоону сурдобой.
Аткарылсын тилектер
Нооруз башы Календер.
#257 14 Март 2009 - 11:24
Жамы журт кыргыз калкыма
Амансынарбы туугандар?
Алыскы айыл жергеде турганда
Эсенсимнерби туугандар?
Бу супердеги курдаштар.
Нооруз майрамынар кут болсон!
Баарынардын башынарга бак консун,
Жакшылык жандап кетбесин,
Жамандык кууп жетбесин.
Ушул келген жаны жыл менен.
Жакшылык кут келсин
Жанагы кризис деген неми
Ала Тоону айланып.
Кыргыз жеримден алыстап эле кетсинчи.
Ыттымак болуп элимде
Береке болсун кыргыз жеримде
Жамгыр коп жаасынчы
Гестерге суу толсунчу
Ушул келген Уй жылында
Свет очбос болсунчу.
Оорулуулар сакайсып
Биз менен чогуу, аман эсен болсунчу.
Наристе куткон Ата-Эне,
Наристе унун уксунчу.
Бешик той коп болсунчу.
Жер жарылып чоп чыкты
Желин жарып сут чыкты
Кана эмеси тууган.
Карап бизда турбайлы.
Келе жаткан Нооруз майрамга
Жакшылап кам уралы!
Алыс жакын тууганга
Чакыруу берип калалы.
Алас алас Ар балээден калас деп
Апалар арча тутотсун
Жакшылык чакырысын жериме
Асалы анда казанды,
Онуп калган буудайдан
Сумоолок жазай салалы.
Айкаштырып баканды
Алты баккан жазайлы
Жаштар тээп куулончо
Конулдору жай болсун.
Анда эмес жигиттер
Силерда карап турбандар
Ат оюнуну баштайлы
Таптап келген кулукту
Жарышка бугун салалы
Алдыда келген кулуко
Байгесин камдап туралы
Билегинде каруу бар
Белинде кучу бар
Жигиттер мында чыгындар
Эр оодарыш, курошту баштай салындар
Аргымак минген жигиттер
Байге улакка чыккыла
Карап турган калын эл
Бир кызыкка батсынчы
Жез тандай акындар
Эл алдына чыккыла
Кызыл тилди сайратып
Кызыктуу кылып майрамды
Силер ырдап тургулаааааааа.
Чокудай бол кыргызымдын жигиттери
#258 14 Март 2009 - 23:22
Нооруз келди жериме
Бак консун кыргыз элиме
Майрам келди элиме
Кут келсин кыргыз жериме.....
Майрамга кошуп шан-шокот
Жакшылыкты ыр кылган
Кылымдарды карыткан
Айланса болот кыргыздан... ..
Салтыбыз жаман бузулду
Орусту ээрчип этектеп
Туурадык орус,батышты
Ошолор ишти билет деп.....
Башкасын айтып не кылам
Баш айланды майрамдан
Уй тууса да майрамдап
Дос таптык го шайтандан... ..
Жаны жылын каапырдын
Бир башкача белгилеп
Ичип калдык шампандан... ...
Бир жылда эки жаны жыл
Жана башка толтура
Эсебимден жанылдым
Жаны жылын орустун
Майрамдаба кыргызым
Эмне бар анын кереги
Турганда сенин Ноорузун.....
Кылымдардын башынан
Келатат Нооруз майрамым
Ошон учун жалпы журт
Бийик болсун маанайын
Куттуктап дос-жар,тууганды
Сурап койгун ал-жайын....
Анда мен да сиздерге
Коп жакшылык каалайын
Унум чыкпай калгыча
Же колум талып калгыча
Болушунча ырдайын.....
Уламалар кеп айтат
Аны тарыхчылар да тастыктайт
Кыргызым улут байыркы
Кыргыздын буту баспаган
Издесен да кыр чыкпайт......
Чыгыш жактан Кангайга
Тиягынан Алтайга
Тундук жактан Оролго
Туштугунон Оогонго
Батыш жактан Эдилге
Андан ылдый Каспийге
Кулачын жайып кыргызым
Оз бийлигин жургузгон
Кубаттуу олко курушуп
Душманга сес коргозгон... ..
Нооруз майрам илгерки
Ошол доордон калган салт
Аны улап кадырлаш
Урпактары,бизге- шарт.....
Маани берсек жалпылап
Конул коюп жакшылап
Келбесе да илгерки
Кыйыры кенен ал убак
Келээр бекен деген ой
Ошондогу куч-кубат
Эгер турсак салтты улап......
Билдирүүнү түзөткөн: USSR: 14 Март 2009 - 23:27
#259 15 Март 2009 - 12:42
Катуу чыгып акындар
Биринден бирин талашып
Чыгып кетчудой жанынар....
Бура суйлоп тийишип
"Сонун" создор жаздынар
Аябай катуу киришип
"Согушка" чейин бардынар.....
Нооруз деп жакшы ат менен
Анан тема берди калыстар....
"Урушту" узбой жазгандар
Жакшы созго келгенде
Тушунбойм неге качтынар..... .
Калемпир тилдуу акындар
Жок беле шекер,балынар
Таттуу созго келгенде
Ташыркап неге калдынар.....
Нооруздун баркын которуп
Доолоттуу создор жазынар
Жакшы ырдан токконго
Жетпейби же алынар.....
Жетпесе мейли жетпесин
Айтышым бутуп кетпесин
Башты кессе кессинчи
Тилинди бирок кеспесин
Барс баш болгон калыстар
Тушунушуп кечирээр
Темадан четтеп кичине
"Чукушуп" жаза бергиле
Антпесек айтыш ойнубуз
Тугонуп калат менимче....
#260 15 Март 2009 - 14:21
Кайгырбаныз байкежан
Жазбай калды акындар
Жок болуп кайда журушот
Жогору айылда кулушот
Буларга эмне болду деп
Букадай аттанып чыкты эле
Бечара болуп калганбы
Деп каткырып кулушсо
Кантебиз эми бугун биз
Теманыз коркко чыгарып
Акындар келет аттанып
Биз болбосо башкасы
Баш кошуп кетээр шаттанып.
Лимон деген байкебиз
Сонун создор жазчыэле
Сиздер менен айтышып
Айтыштын коркун берчи эле
Кайда журот дарексиз
Жок болуп кетти дайынсыз
Эмне кылдык байкежан
Ээртелеп келип эзилдик
Эч ким жокко бул жакта
Эки экиден кармашып
Эрчишип кеткенби гул бака
Майрам алды акындар
Жакшы тилек айтышты
Кийин эле азаматтар
Оозуна талкан салгандай
Же чолдо адашыпып калгандай
Адрестен адашып калгандай
Айтыш деген темага
Баш багышпай койдубу.
Андай эмес достор ай
Келгин эми кайгырбай
Капа болсон жазылгын
конул калса ачылгын
СССРдин маанайын тушурбой
Табышмак болуп журо бербей
Ачкычын айткын сен бугун
Эмне болду сиздерге
Сагызгандай сайрачу элен
Булбун унун куратчу элен
Былтыйып таарынып калгандай
Башкаларды ойго салдынар
Ауулап келчи айтышка
Архидея тосуп алат алкыштап
Келбей койсон кантебиз
Каректер толуп коз жашка.