Суперстан: Шумдугуң кургур - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Эркин тема
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (163 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 21
  • 22
  • 23
  • 24
  • 25
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Шумдугуң кургур Бири-бирибизди таң калтыралы

#441 Пользователь офлайн   Gasu   24 Февраль 2014 - 21:58

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 677
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 06 Мар 2014 23:17
  • Жынысы:Белгисиз

АЖАЛ ЧАЧКАН АВТОМАТТАР. Жер бетинде адам баласы жаралгандан бери өзүн-өзү коргоого же душманын жок кылууга курал-жарактарды ойлоп таап келишкен. Ар тараптан өнүккөн азыркы заманыбыздын негизги куралы болгон автомат куралдары окурмандарга кызык болсо керек. Андыктан сөз автоматтар тууралуу болмокчу.

Автоматтар тарыхынан:

Биринчи дүйнөлүк согушта көлөмү жагынан чакан жана ыңгайлуу мылтык менен тапанчага караганда күчтүүрөөк куралдын зарыл экендиги билинген. Мындай муктаждыктан кийин азыркы автоматтын алгачкы үлгүсү ойлонуп табылган. Италиялыктар тарабынан 1915-жылы тарыхта биринчи жолу “Ревелли” деген автомат колдонула баштаган.

Тапанча-пулемёт биздин мекенде:

Бир кезде биздин мекен болгон СССРде, биринчилерден болуп 1935-жылы курал ойлоп табуучу В.А.Дегтярёв “Дегтярёв тапанча-пулемётун” (ППД) иштеп чыккан. Ошол эле жылы Кызыл Армияда бул курал колдонула баштаган. Ал эми 1939-жылы согуш талаасынан толугу менен алынып салынган. Ал аралыкта Дегтярёвдун шакирти Г.С.Шпагин тарабынан ыңгайлуу жана жөнөкөй “Шпагин тапанча-пулемёту” (ППШ) ойлонуп чыгарылган. Бул курал Улуу Ата Мекендик согуш башталар алдында колдонууга өткөндүктөн согушта СССРдин негизги куралдарынын бирине айланган. ППШ жөнөкөйлүгүнө жана тынымсыз иштегенине байланыштуу “жоокерлердин атакеси” деген атка конгон. Автомат согуштун алгачкы жылдары 90 миң, кийинки жылы бир жарым миллион, ал эми согуш жылдары жалпысынан 6 миллиондон ашык нускада чыгарылган.

Калашников заманы:

Азыркы кезде дүйнөдө Калашников автоматы тууралуу билбеген өлкө, аскер адамы жок болсо керек. Бул алмашкыс куралды ойлоп тапкан адам Михаил Тимофеевич Калашников 1919-жылы 10-ноябрда Орусиянын Алтай аймагынын Курья айылында туулган. Үй-бүлөдө 17-чи бала болгон. 1938-жылы Кызыл Армияга чакырылып, аскердик кызмат өтөөнү танкалык бөлүктөн баштаган.

Ааламга жол ачкан кылмыш:

Михаил Калашников аскерде жүрүп танкалык окуу жайын аяктап, курал чыгаруучу заводдо эмгектене баштайт. Ошол жылдары Улуу Ата Мекендик согуш башталып кетип, фронтко жөнөйт. Согуштан оор жаракат алгандыктан, узак мезгилге госпиталда дарыланып калат. Дарыланып жүрүп совет аскерлери коркоктугунан эмес куралынын алсыздыгынан окко учуп, чегинип жатат деп намыстанып өзүнүн алгачкы куралын жасап чыгат. Бирок анын тапкычтыгын өзүм билемдикке шылтоолошуп кылмыш деп табышып, жазалоого өкүм чыгарышат. Бирок анын ойлоп тапканы жөнөкөй нерсе эмес экенин кокустан байкап калган аскер чиновниги аны түрмөдөн сактап калган. Ошондон кийин гана курал ойлоп табуу ааламына жол ачылган.

Оор сыноолор:

Ошентип, Калашников тагдырдын буйругу менен бул түйшүктүү жолго түшөт. Көптөгөн чыгаан куралчылардан сабак алып, өзүнүн алгачкы куралдарын иштеп чыгып, бирок колдоо таба албай көпкө кыйналат. Согуштан кийинки кездерде армияга мыкты автомат талап кылынып, көптөгөн таланттуу ойлоп табуучулар куралдын үстүнөн иштей башташат. Аягында келип жогорку чиндеги тажрыйбалуу куралчыларды улуу сержант, үйрөнчүк куралчы, 27 жаштагы Михаил Калашников жеңип чыгат. Ал ойлоп тапкан куралды саздын баткагына, ылай менен кумга ташташып, күндүн ысыгына куйкалашып оор сыноодон өткөрүшөт. Ага карабай автомат такалбай иштеп кетет. “Ушундай кыйноодон кийин автомат кантип иштөөгө жарай берди, билбейм? Акылга сыйбаган нерсе го,"- деп улуу куралчы өзү таң калган экен.
Ошентип, 1949-жылы “АК-47” деген ат менен 7,62 мм калибрдеги Калашников автоматы куралдар арсеналына кабыл алынган.

Дүйнөлүк курал:

Михаил Калашников 1949-жылдан баштап азыркы кезге чейин Ижевск шаарындагы “Ижмаш” заводунда куралчылык жолун улантып келген. Автоматтардын көптөгөн түрлөрүн иштеп чыгып, дүйнөгө таанытууга жетише алды. Ал эми ал ойлоп тапкан Калашников автоматы дүйнөнү багындырып, өзүнүн алмашкыс курал экенин далилдеп келүүдө. Мезгилди жеңген курал учурда 60тан ашуун өлкөнүн армиясында колдонулат. Бул автоматтын канчалык санда чыкканы эч кимге белгисиз. Азыркы кезде расмий түрдөгү саны 100 миллион деп айтылат. Ал эми мыйзамсыз түрдө чыкканы андан 5 эсеге көп. Милиарддаган курал-жарак жаратуучулар Калашников автоматын үлгү катары колдонушуп, ага сапаты жагынан окшош куралдарын чыгарып келет. Батыш аскер адистеринин пикири боюнча “Калашников автоматы дүйнөдөгү акыркы жүз жылдагы мыкты курал” деп табылган.

Адистердин айтуусу боюнча Калашниковдун куралы дагы 30 жыл ичинде алмашкыс курал болот. Ошентсе да Калашников автоматын алмаштыра турган куралчы Геннадий Никонов тарабынан даярдалган жаңы үлгүдөгү “АН-94” же “Абакан” аттуу автоматы учурда колдонууга даяр. Куралчылардын сөзү боюнча “Абаканды” XXI кылымдын куралы деп эсептесе болот.

«Коргоо үчүн жаралган курал.»

Улуу куралчы Михаил Калашниковдон: “Сиз жараткан курал канчалаган өмүрлөрдү алып кетти. Ушундай ажалдын жарчысын ойлоп тапканыңызга өкүнбөйсүзбү? ”- деп сурашканда: “Жок, адамды курал эмес, адамды адам өлтүрөт. Менин куралым кол салып элди жок кылуу үчүн эмес, Ата Мекенди коргоо үчүн жаралган курал,”- деп гана жооп берген.

Дүйнө жүзү боюнча азыркы кездеги 100 тирүү генийлердин арасында орус куралчысы 82-орунда турат.

АК-47 тууралуу кызыктуу фактылар:

Эң кеңири тараган курал катары «Гиннестин Рекорддор китебине» кирген.
Мозамбик өлкөсүнүн мамлекеттик желегинде жана гербинде, Буркино Фасо, Зимбабве, Чыгыш Тимор мамлекеттеринин гербинде жана Хезболла тобунун эмблемалык белгисинде автоматтын сүрөтү түшүрүлгөн.
Египеттин Синай жарым аралынын жээгинде Калашников автоматына эстелик тургузулган.
Ооганстанда автоматтын сүрөтү түшүрүлгөн килемдер токулат.
Жаңы Зеландиянын 2 доллардык тыйынында сүрөтү түшүрүлгөн.
Ирактын мурдагы башчысы Саддам Хусейндин үйүнөн АКШнын жоокерлери алтындан жасалган Калашников автоматын табышкан.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: getImage987.jpeg

"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#442 Пользователь офлайн   Gasu   24 Февраль 2014 - 22:27

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 677
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 06 Мар 2014 23:17
  • Жынысы:Белгисиз

ДУБАЛ БЕТИНДЕГИ КАРА СӨЛӨКӨТТӨР.

Кайсыл динге баш ийген адамдардын арасында болбосун байыртадан бери эле мистикага байланышкан, көзгө көрүнүү, арбак, азыткы, көрдөн чыккан арбактар, өлүп тирилген адамдар ж.б.у.с. туурасында көптөгөн уламыш сөздөр айтылып да, жазылып да келатат. Мына ушундай темаларга байланыштуу дүйнөнүн кээ бир жерлеринде чыныгы болуп өткөн окуялар, тактап айтканда, кара сөлөкөттөр туурасындагы анык маалыматтар:

ТАЗА ЭМЕС ҮЙ.


Бул таң калыштуу окуялар туурасында Уралдагы Миасса аттуу шаардын эски жашоочуларынан дагы эле угууга болот. Улуу Ата Мекендик согуш учурунда Уралда көптөгөн эвакуацияланып, согуш жүрүп жаткан башка аймактардан келген адамдар пайда болушуп, ошол үй-бүлөлөр кандайдыр бир баш калкалап жашоо үчүн, эптеп бир үстү жабык үйлөргө жашоого муктаж болчу. Эки баласын ээрчиткен Пелагея Афанасьевна да ошондойлордун бири эле. Күндөрдүн биринде ал аялдын үй-бүлөсүнө да жергиликтүү жетекчилер Миассанын чет жагынан ээн турган эски үйдү беришет. Жергиликтүү жашоочулар негедир бул эски тамды “таза эмес үй”-деп жолобой айланып өтүшөөр эле. Алар анткен менен Пелагея бул конушка эки баласы менен ээ болуп калганына зор кубанычта болчу. Ошол жашка келгени ал аял асмандагы Кудайга да, шайтанга да ишенип жүргөн жан эмес эле.
Алгачкы жашаган күндөн тартып эле алар ал үйдөн кандайдыр бир таң калычтуулукту байкай башташкан. Күнү да, түнү да полдун астынан дүкүлдөк, чыйылдактарды, бир нерселердин шарактап турганын уга башташкан. Адегенде Пелагея “бул үндөр адамдардын келгенин сезип калышкан чычкан же келемиштердин кыймыл-аракеттеринен пайда болгон шоокумдар болсо керек”-деп жооруган. Кийинчерээк ал үндөрдүн мүнөзү таптакыр башкача өзгөрүп, адамдардын дүкүлдөтүп басканы, дем алгандары, коңурук тарткандары угула баштаган. Көрсө, бул үй өзүнүн жеке жашыруун сыры менен жашаган экен. Түндөрдүн биринде үйдүн ичинде басып жүргөн кандайдыр адамдын баскан таасиринен уктап жаткан үй-бүлө мүчөлөрү ойгонуп кетишет. Пелагея чечкиндүүлүк менен коркпостон тура калып, жарыкты күйгүзүп жиберет. Үй-бүлөдөгү үч адам тең ошол учурда полдун астынан аял адамдын кара сөлөкөтүнүн (кара көлөкөнүн) чыгып басып баратканын, жаңыдан эле акталган дубал боорунан ал көлөкөнүн даана көрүнүп турганын көрүп турушкан. Жана ал эч ашыкпастан дубал боору менен сыйгалана терезеге карай жылып жетип жок болуп кеткен. Көлөкөнүн үй ичинде турган адамдарга же бөлөк буюмдарга тийип, жылмышып кеткени, ал чыгып кеткен соң байкалган эмес.
Ушул түндөн кийин дээрлик ар бир түн сайын коркунучтуу “мейман” Афанасьевдердин үйүнө келип турган. Ал эң биринчи келген түнүндөгүдөй эле пол астынан чыгып, ак дубалдын боору менен акырын терезе жакка жылып барып жок болуп кетип турган.
Бул көлөкөнүн келип-кетүүсү аларга зыяндарды деле алып келген эмес, ошондой болсо да күн сайын кайталанган бул окуядан коркуп калышкан бактылуу үй-бүлө кыш чилдесинин ызгаардуу суугуна карабастан, араңдан зорго жетишкен үйдөн чыгып кетишке мажбур болушат. Пелагеянын өтүнүчү менен текшерип келишкен милиция кызматкерлери да бул көлөкөлөрдү көрүшкөн.
Үйдүн полун милиция адамдары сыйрып алышканда анын түбүнөн капка салынып куурап калган аялдын денеси табылган. Бул өлүктү көрүп, ал жердин айрым жашоочулары бул үйдө “сыйкырчы” аял жашап, анан анын согуш башталаар алдында дайынсыз жоголуп кеткени тууралуу эстешти... Ошондон кийин ал үйдү, “таза эмес үй” деп айланып өтүп калышкан экен. Куураган өлүктү жергиликтүү көрүстөнгө көмгөндөн соң, Афанасьевдердин үй-бүлөсү кайрадан келип жашай башташат. Ошондон соң эч кандай кара сөлөкөттөр түндөсү алардын тынчын алышкан эмес...

ИЛИНГЕН КАРА КӨЛӨКӨ.


Афанасьевдердин үй-бүлөсүнүн тарыхына окшоп кеткен дагы бир окуя: Бирок бул окуя илгери эмес, 1987-жылы эле болуп өтүптүр. Поселканын чет жакасынан анча чоң эмес бир үйдү жаш үй-бүлөлөрдүн бири сатып алышат. Келинчеги Наталья соодалашып жаткан учурда эле бул тамда бир нерсе бар экенин туят, бирок үйдүн арзан сатылып жаткандыгы жагына көбүрөөк азгырылып кетет.
Толук отуз күн жаңы баш кошкондор ал үйдө тыптынч жашоо кечиришти. Ошондон көп өтпөй таң калычтуу нерселер пайда боло баштады. Күйөөсү өз жумушуна кетип, Наталья болсо үй-тиричиликтери менен алектенип жаткан учурда күтүүсүздөн жанынан кандайдыр бир кишинин аба катмарын жиреп, өтүп кеткенин сезет. Ошол эле мезгилде жаркырап күн тийип турган дубал боорунан адамдын көлөкөсүн көргөн. Ал бөлмөнүн ичин ары-бери караса өзүнөн бөлөк эч ким жок экени көрүнүп турат. Наталья таң калыштуу көрүнүштү көпкө байкап отуруп, ал көлөкөнүн көрүнбөгөн жипке артылып же илинип тургандай нары-бери саат маятниги сыяктуу эки жакка термелип турганын байкайт.
Көлөкө ошол замат жок болуп кетет. Наталья бул көрүнүштү жөн гана күндүн ысыгынын таасири же болбосо чарчап-чаалыкканымдын натыйжасында көзүмө ошондой болуп көрүнүп жатса керек,-деп койгон. Бирок, ал “мейман” кийинки күнү деле дагы пайда болуп, андан соң ар күн сайын келе берген. Ал “мейман” менен Натальянын күйөөсү жана коңшулары да “таанышып” чыгышат. Коңшулар бул үйдө мурун адамдык сапаттан айрылган өңү суук адам жашаганын, ал согуш учурунда полицей кызматын аткарып жүрүп, кийинчерээк өзүн-өзү асып өлтүргөнүн, анын каерге көмүлгөнүн же көмүлбөгөнүн эч ким билбестиги тууралуу маалыматтарды эбиреп-жебиреп айтып кеп кылып, “анын арбагы ушул үйдү айланчыктап жүрсө керек да”-дешти.
Илинип турган жандуу көлөкөдөн кутулуунун эч кандай жолун таба алышпаган Наталья менен күйөөсү аргасыз ал жерден башка жакка көчүп кетүүгө мажбур болушту.

1941-ЖЫЛДАН 2001-ЖЫЛГА ЧЕЙИН:


2001-жылы Немецтердин анча чоң эмес Битигхайм аттуу шаарында болуп өткөн окуя тууралуу көптөгөн газеталар жазып чыгышкан. Ошол гезиттик макалалардын бирөөндө: “Битигхаймдын жашоочулары кээ бир үйлөрдүн дубалдарынын бетинде адамдардын кара сөлөкөттөрүнүн (көлөкөсүнүн) күн сайын пайда боло баштаганын көрүшөт.
Тегерек-четте эч кандай көлөкө түшүрө турган буюмдарсыз эле ал сөлөкөттөр өзүнөн-өзү пайда болгонун аныктап билишет. Кээ бир кара сөлөкөттөр жандуу сыяктуу ары-бери кыймылдашкан. Ал көлөкө-сөлөкөттөр массалык (көп санда) пайда боло баштаганда жергиликтүү бийлик аны аныктап, изилдөө иштерин уюштура баштайт. Бул көрүнүштү 1991-жылы изилдөөдө учурунда окумуштуулар жана парапсихологдор түрдүү ой-пикирлерди айтышкан менен так аныктамага ээ боло алган эмес.
Азыркы учурда (2001-жыл) бул көрүнүш тууралуу Берлин университетинин профессору Францфельд мистикага ишенбей, ошондой болсо да ал өз оюн же аныктамасын: “Бул кыйшаюуусуз факт, себеби, кара сөлөкөттөрдүн жүрүшүн көптөгөн сүрөттөр жана видео тасмалар тастыктап турат,”-деп билдирген.
Кара көлөкөлөрдүн келиши кокусунанбы же... Бирок, кара көлөкөлөр Битигхаймда 1941-жылдагы еврейлерди массалык түрдө жок кылуу жылдыктарына (1991-2001-жылдар сыяктуу) төп келген. Ошол жылы миңдеген еврейлерди немецтер шаардын сыртына айдап чыгып, өздөрүнө ор каздырып, атып салышкан. Жергиликтүү жашоочулар дубал боорунда көрүнө калып жаткан кыймылдуу кара көлөкөлөрдү ошол каргашалуу жылдын кара күнүндө гитлерчилер тарабынан өлтүрүлгөн күнөөсүз адамдардын арбагы же сөлөкөтү деп эсептешет. Бул маселе боюнча окумуштуулар так жооп бериштен азырынча кыйналып турат,”-деп баяндалат.



"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#443 Пользователь офлайн   Gasu   24 Февраль 2014 - 23:39

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 677
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 06 Мар 2014 23:17
  • Жынысы:Белгисиз

Эркектин алигиси сырткы келбетке карабайт.

Эркектер аялдардын сырткы келбетинин кандай болгонуна карабай төшөк кумарына бирдей батышат. Голланд окумуштуулары 21 жаштан 25 жашка чейинки жигиттерди чогултуп, эксперимент жүргүзүшкөн. Ар бирин бөлмөгө кыздар менен киргизип, 5 мүнөттөн төшөк кумарына батууга тапшырышкан. 5 мүнөт сайын кыздар алмашып, ал эми эркектер “жакты”, “жакпады” деген белгилерди басып турушкан. Бул убакта эркектин организмин текшергенде, алар кандай белгини баспасын, тестостерондун саны бирдей жогорулай берген. Мындан улам эркектин организми аялдын келбетинин кандай экенине карабайт деген жыйынтык чыгарууга болот. Бул эркектин жаратылышы.


"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#444 Пользователь офлайн   Gasu   24 Февраль 2014 - 23:44

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 677
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 06 Мар 2014 23:17
  • Жынысы:Белгисиз

Дүйнө жүзүндө тамеки чеккендердин саны миллиард адамга жетти.

Чылым чегүүгө каршы мыйзамдарга карабастан, дүйнө жүзүндөгү тамеки чегүүчүлөрдүн саны бир миллиардга жакындады.
Тамеки чегүү дүйнөнүн көп бөлүктөрүндө популярдуулугун жоготуп баратканы менен, статистика көрсөткөндөй, чылым чегүүчүлөрдүн саны күн өткөн сайын өсүп баратат. Вашингтон университетинин ден соолукка баа берүү жана көрсөткүч институтунун (Institute for Health Metrics and Evaluation) маалыматына караганда, 187 өлкөгө байкоо жүргүзгөндө 2012-жылдын ар бир күнүндө 967 миллион адам тамеки чеккен. 1980-жылы дүйнөдө 721 миллион чылым чеккен адам бар деп эсептелген.
Окумуштуулардын пикиринде, тамеки чеккендердин санынын өсүшүнө акыркы 50 жыл аралыгында жер жүзүндөгү адамдардын көбөйүшү себеп болгон. Изилдөөлөрдүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, Бангладеш, Кытай жана Орусия сыяктуу чоң өлкөлөрдө акыркы жылдары тамеки чеккендердин саны күн санап өсүүдө.
Окумуштуулар белгилегендей, дүйнөдө күн сайын он эркектин үчөө жана 20 аялдын бирөө чылым чегет.
Тамеки чегүү боюнча Чыгыш Тимор лидер, анткени ал жердеги тургундардын 61 пайызы күн сайын чылым чегишет. Экинчи орунда – Индонезия, үчүнчү орунда – Кирибати. Ал эми төртүнчү орунду Армения ээлесе, андан кийинки орунда Папуа – Жаңы Гвинея.
Чылым чеккендердин санынын аздыгы боюнча Антигуа жана Барбуда аралдары, Сан-Томе жана Принсипи, Нигерия, Эфиопия жана Гане.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 1389202968_-mfpsv0ickg.jpg

Билдирүүнү түзөткөн: Gasu: 24 Февраль 2014 - 23:47

"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#445 Пользователь офлайн   Gasu   24 Февраль 2014 - 23:50

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 677
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 06 Мар 2014 23:17
  • Жынысы:Белгисиз

Аялдын назик үнү сексуалдуулукту жогорулатат.

Этек кир келип жатканда аялдардын үнү эки эсе бийик чыгат. Мындай жыйынтыкты АКШдагы Калифорния университетинин окумуштуулары чыгарышты. Алардын изилдөө ишине 99 аял катышып, алар бир ай бою үндөрүн диктофонго жаздырып турушкан. Бардыгынын үнү этек кири келээрге жакын бийиктеп турган. “Үндүн өзгөрүшү менен этек кири келип жаткан аялда сексуалдуулук жогорулап, бойго бүтүү мүмкүнчүлүгү көбөйөт”-дейт изилдөөчүлөрдүн бири Стив Рассел.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 1392318479_kadr-iz-seriala-bezumcy.jpg

"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#446 Пользователь офлайн   Gasu   24 Февраль 2014 - 23:56

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 677
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 06 Мар 2014 23:17
  • Жынысы:Белгисиз

Аял жамбашы эркекке баңги.

Келишкен мүчөлүү кыз өтүп баратса, аркасына кылчайып карабаган эркек болбос. Эмнеге эркектер мындай? Атланттагы Эмори университетинин изилдөөчүлөрү аялдын жамбашы эркектин көңүлүн буруучу мүчө экенин айтышат. Бул жыйынтыкка келүү үчүн изилдөөчүлөр бир нече эркекке аялдын жарым жылаңач жана жылаңач мүчөлөрүн көрсөтүшкөн. Бул убакта алардын баш мээсинин аракетин текшеришкен. Алардын байкашынча, мээдеги сексуалдык сфера менен байланышкан гипофиз эндорфиндерди (бакыт гормондорун) башкача айтканда табигый наркотикти көбүрөөк бөлүп чыгара баштаган. Пайда болуп жаткан эндорфиндердин саны эркектин көзү аялдын кайсы мүчөсүнө кадалганына жараша болгон: Мисалы, аялдын белин, төшүн караганда эндорфиндин саны өскөн. Бирок аялды аркасынан караганда эркекте бакыт гормонунун саны эсептегенден да көп пайда болгону байкалган. Мындан улам окумуштуулар аялдын жамбашы эркекке наркотик катары эле таасир берерин айтышкан. Жамбашты карап жатып алар нашанын жаңы “дозасын” кабыл алып жаткандай сезимде болушкан.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 1392315578_zhenskaya-yubka-nani-sabrini-ns-02dz6-3-88d44ece654991cbd482af8b7bae370d.jpg

"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#447 Пользователь офлайн   Gasu   25 Февраль 2014 - 00:17

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 677
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 06 Мар 2014 23:17
  • Жынысы:Белгисиз

Facebook – дүйнөдөгү эң ири социалдык түйүн.

2004-жылы Марк Цукерберг тарабынан негизделген. Марк Цукерберг - 1984-жылы 14-майда АКШдагы Нью-Йорк штатында төрөлгөн. Анын атасы тиш доктур, апасы психолог болгон. Марк да Гарвард университетинин психология бөлүмүнө тапшырган. Мектепте окуп жүргөндө эле өз алдынча “тобокелдик” деген оюн ойлоп тапкан. Кийин жогорку окуу жайында окуп жаткан учурда достору менен бирге Фейсбук түйүнүн негиздей баштаган. 4-февраль Фейсбуктун туулган күнү. 2013-жылдын июль айындагы эсеп боюнча Фейсбуктагы колдонуучулардын саны 1, 2 миллиардга жеткен. Бир күндө 750 млн. адам Фейсбукка кирет. Күн сайын колдонуучулар тарабынан 3, 2 миллиард “like” (жактыруу) белгиси басылса, жарыяланган маалыматтар жана сүрөттөрдүн саны 300 миллионго жетет. 2012-жылдын биринчи чейрегинде бул компаниянын кирешеси 1 миллиард 58 миллион долларды түзгөн. Ошондо Фейсбук ар бир колдонуучусунан кварталга 1 доллардан көбүрөөк каражат табат. Ал эми сайтта жайгаштырылган рекламалар аркылуу 872 миллион доллар, башка булактардан 186 миллион киреше кирет. Бул сайттын жардамы менен Марк Цукерберг эң жаш миллиардер болгон.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 1392832296_766558248.jpg

Билдирүүнү түзөткөн: Gasu: 25 Февраль 2014 - 00:24

"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#448 Пользователь офлайн   Gasu   25 Февраль 2014 - 00:19

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 677
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 06 Мар 2014 23:17
  • Жынысы:Белгисиз

"Классташтар" социалдык түйүнүнө бир күндө 40 млн адам кирет.

«Одноклассники» - 2006-жылдын март айында орусиялык веб-иштеп чыгуучу Альберт Попков тарабынан негизделген. Ойлоп табуучу 1972-жылы Түштүк Сахалинде жарыкка келген. Ал үч жашында үй-бүлөсү менен Москва шаарына көчүп барышкан. 16 жашында техникумда окуп, ага кошумча программист болуп иштеген. 14 жаштан 55 жашка чейинки орус тилдүү интернет колдонуучуларына кызмат кылган “Классташтар” сайты биздин мекенде да атактуулукка ээ. Сайттын статистикалык маалыматына таянсак, 2011-жылы 100 миллиондон ашык колдонуучу катталса, 2012-жылы 148 миллион, ал эми 2013-жылы 205 млн. киши каттоодон өткөн. Бир күндө 40 млн. адам сайтка кирет.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 1392893236_oongon.jpg

"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#449 Пользователь офлайн   Gasu   25 Февраль 2014 - 00:30

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 677
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 06 Мар 2014 23:17
  • Жынысы:Белгисиз

Чарли Чаплиндин шляпасы.

Учурунда Чарли Чаплин кийген котолёк шляпасы Лос-Анджелесте өткөн аукциондо 140 миң долларга сатылган. Уюштуруучулардын божомолунда ал шляпа 40 миңден 50 миң долларга чейинки баага татымак. Чарли Чаплинден тышкары котолёк шляпасын Ленин, Уинстон Черчилль да кийген.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 1388079455_188917_original.jpg

"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#450 Пользователь офлайн   Gasu   25 Февраль 2014 - 00:38

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 677
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 06 Мар 2014 23:17
  • Жынысы:Белгисиз

Жер жүзүн кайрадан муз доору капташы мүмкүн.

Жер жүзүн кайрадан муз доору капташы мүмкүн. Бул туралуу Британиялык окмуштуулар билдирүү жасагандыгын The Daily басылмасы жазып чыкты. Маалыматка караганда күндүн кубаты төмөндөп, жакынкы 40 жыл арасында муз доору капташы күтүлүүдө. Окмуштуулар аба ырайынын суук болушун XVII кылымдагы күндүн жылышы төмөндөп, чакан муз доору каптагандыгын эске алышууда . Анда 1645 жана 1715-жылдар арасында Европаны болуп көрбөгөндөй суук каптап Темза дарыясы тоңуп калган. Бул акыркы 500 жыл ичиндеги эң суук аба ырайы болгон. Окмуштуулар мындай катуу аба ырайын 2014-жылдын башын мисал кылып көрсөтүшүүдө. Анткени акыркы 100 жылда алгачкы жолу Ниагара шаркыратмасы тоңуп калган. Бир ай ичиндеги Америкадагы сууктун чыгымы 5 миллиард доллар деп саналууда.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 1390666625_1367473317_1.jpg

"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#451 Пользователь офлайн   Gasu   25 Февраль 2014 - 00:42

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 677
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 06 Мар 2014 23:17
  • Жынысы:Белгисиз

Бразилиядагы Иса пайгамбардын айкелине чагылган түштү.

Рио Де Жанейро шаарындагы тоодо жайгашкан Иса айкелине чагылган түштү.
Бразилияда туристтерди эң көп кызыктырган Корковадо чокусунда жайгашкан 40 метрлик Иса айкелине чагылган түшүп, айкелдин манжалары зыянга учураган. Чагылгандан кийин эксперттер иликтеп, февраль айында зыянга учураган оң манжаларын оңдоп- түзөө иштери жүргүзүлөт. Айкелге жылда орто эсеп менен 6 жолу чагылган түшөт. Бирок, алгачкы жолу мындай зыянга учурап жатат. Бразилиялыктардын ишеними боюнча бул айкел шаарды ар кандай жамандыктардан коргоп турат.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 1390156226_christ_the_redeemer_hit_by_lightening.jpg

"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#452 Пользователь офлайн   Gasu   25 Февраль 2014 - 00:51

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 677
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 06 Мар 2014 23:17
  • Жынысы:Белгисиз

Дүйнөнүн эң жапыз автоунаасы.

Бул жер менен жер болгон автоунааны көргөндөр көздөрүнө ишенбей турат. Бул "Flatmobile" деп аталган дүйнөнүн эң жапыз унаасы британиялык конструктор Перри Уоткинстин жасаган чыгармасы. Ал бул унаанын үстүндө 25 жыл иштеп, Гиннесс рекорддор китебине кирген. "Flatmobile" унаасынын бийиктиги болгону 48 сантиметр, узундугу - 3,7 метр, туурасы− 1,65 метр өлчөмүндө . Бул автоунааны жасоого 1963-жылдан бери башталган Hillman Imp сериясынын уландысы. Бэтмен каарманынын атактуу "Бэтмобиль" автоунаасына окшоштурулуп жасалган. Перри кажыбыс эмгеги менен бул унаага 10 миң евро каражат короткон. Перри Уоткинстин мындай нукура техникасы менен эң таланттуу конструктор наамына татыган.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 1391756982_unaa-2.jpg
  • Прикрепленное изображение: 1391756948_unaa-1.jpg
  • Прикрепленное изображение: 1391756903_unaa-3.jpg

"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#453 Пользователь офлайн   Gasu   25 Февраль 2014 - 00:55

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 677
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 06 Мар 2014 23:17
  • Жынысы:Белгисиз

Эки буттуу туулган козунун жашоо күрөшү.

Индияда эки буттуу туулган козунун жашоо үчүн күрөшү баардыгын таң калтырууда. Бул туралуу видиотасманы DHA кабар агенчилиги таркатты.
Анда үч айлык болуп калган козунун жашоого ушунчалык аракеттенип, эки бутунун болбогонуна карабай тамтаңдап басып, эми жүгүрүп да калгандыгы тартылган. Бул майып козуну кожоюндары өзүнчө жем, чөп берип карап турушат. Азыркы учурда козу баардыгынын таң калып караган, көңүл борборуна айланган.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 1391689160_kozu.jpg

"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#454 Пользователь офлайн   Gasu   25 Февраль 2014 - 00:59

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 677
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 06 Мар 2014 23:17
  • Жынысы:Белгисиз

1 метрлик муруту менен чемпион болду.

Түркиялык Эрзурум шаарынын тургуну Хорошан Кырмач 1 метр узундугундагы муруту менен чемпиондукту эч кимге бербей келет. IHA кабар агенчилигинин маалыматына караганда, Хорошан Кырмач 1996-жылдан бери мурутун атайлап багып өстүрүп келет. Түркиянын эң узун муруту наамын сактап келаткан Кырмач мурутун багып, кароо үчүн чет өлкөдөн жабдыктарды колдонот. Шаарга чыккан күндөрү элдин көңүлүн баардыгын өзүнө буруп, бери дегенде эле 100 ашык адамдар менен сүрөткө түшүп келет. Ал эми өзү болсо эчендеген атактуу адамдар жана саясатчылар менен түшкөн сүрөттөрүн сактап койгон. Мурут чемпиону Түркиянын премьер-министри менен түшкөн сүрөттөрүн дүкөнүнө илип алган. Мындай атак данктан тажабай тургандыгын айткан Хорошан Кырмач 7ден 77е чейин баардыгы аны таанып, сый көргөзүп тургандыгы адаттагы эле көрүнүш катарында караарын билдирген.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 1391851669_2014-02-07_08-39-48_253630.jpg

"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#455 Пользователь офлайн   Gasu   25 Февраль 2014 - 01:05

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 677
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 06 Мар 2014 23:17
  • Жынысы:Белгисиз

Жар боорундагы Кандован.

Кандован - Ирандын Чыгыш Азербайжан провинциясында Тебриз шаарына жакын жайгашкан, туристтер эң көп барган байыркы кыштак. 680 киши жашаган жерде тоонун боорун тешип салынган үйлөрдүн айрымдары 700 жылдай мурун пайда болгон. Кандован илгертеден эле белгилүү болгондуктан, кыштакта бир нече мейманкана, ресторандар ачылган. Кандован ошондой эле минералдык суусу менен таанымал.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 1392548367_c0add5b9-3f12-42c9-9ccd-09100e9bc0a1_w974_n_s.jpg
  • Прикрепленное изображение: 1392548419_45e94824-824c-4e9b-9727-ddcecc9420d8_w974_n_s.jpg
  • Прикрепленное изображение: 1392548459_1e6aa78f-fe71-48e8-aaa3-83e2180c242d_w974_n_s.jpg

"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#456 Пользователь офлайн   Gasu   25 Февраль 2014 - 01:08

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 677
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 06 Мар 2014 23:17
  • Жынысы:Белгисиз

:)

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 1392548478_1690481_594869853924857_1125372712_n.jpg
  • Прикрепленное изображение: 1392548499_a8b7b35f-a424-4209-a27a-2f030aa44ec9_w974_n_s.jpg
  • Прикрепленное изображение: 1392548521_a19b9ce4-e62d-48c9-8ec4-0181df9c3535_w974_n_s.jpg
  • Прикрепленное изображение: 1392548523_ac8300ec-e8b2-45c9-acd4-b27be520c92e_w974_n_s.jpg

"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#457 Пользователь офлайн   Gasu   25 Февраль 2014 - 01:11

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 677
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 06 Мар 2014 23:17
  • Жынысы:Белгисиз

Нигерияда адам этинен жасалган тамак берген ресторан жабылды.

Нигерия полициясы адам этинен жасалган тамак берген ресторанды жапты. Бул тууралуу шаршембиде Daily Mirror басылмасы полицияга таянып билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазат. Басылманын маалыматы боюнча, Анамбра штатындагы ресторанды курчоонун натыйжасында полиция кызматкерлери 11 адамды, анын ичинде ресторандын кожоюнун кармашты. Тартип сакчылары тамактануу жайынан 2 АК-47 автоматын жана башка курал, ондогон ок, бир нече уюлдук телефон, ошондой эле полиэтиленге оролгон 2 адамдын башын тапкан. Милициянын маалыматы боюнча, куурулган адамдын башы жада калса менюда көрсөтүлгөн. Полицияга бул ресторан тууралуу жергиликтүү пастор кабарлаган. Анын айтымында, ал абдан чоң өлчөмдөгү эсепке таң калган. Ошондо ал эмнеге баалар жогору экендигин ресторандын кызматкеринен сураганда, ага адам этин жегендигин айтышкан. “Мен абдан жаман болдум”, - деп билдирет пастор.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 1392467044_1392309337_adam.jpg

"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#458 Пользователь офлайн   sterva   25 Февраль 2014 - 10:45

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 955
  • Катталган: 17 Ноябрь 11
  • Соңку аракети: 27 Авг 2021 08:39
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Кызыктуу экен.дагыыыы
Балам менин жашоомдогу эн чон-БАКЫТЫМ. .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#459 Пользователь офлайн   Gasu   25 Февраль 2014 - 19:07

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 677
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 06 Мар 2014 23:17
  • Жынысы:Белгисиз

Бизде салтка айланып калган айырм көрүнүштөр чет өлкөлөрдө жат көрүнөт.

Алсак, Норвегияда коомдук транспортто улууларга орун бошотуп берүү туура эмес. Муну менен жаштар өзүнүн физикалык жактан күчтүүлүгүнө баса белгилегендиги түшүндүрүлөт. Ал эми АКШда ресторандарда айым үчүн төлөп коюу уят. Муну менен мырзалар айымдарга үстөмдүк кыла алат деген түшүнүк бар. Кытайда болсо кожойкелерге гүл сунуу уят болуп эсептелет, анткени бул сенин үйүң ушунчалык кооз эмес, ошондуктан биз жасалга ала келдик деген маанини чагылдырат.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 28362_m.jpg

"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#460 Пользователь офлайн   Gasu   25 Февраль 2014 - 19:08

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 677
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 06 Мар 2014 23:17
  • Жынысы:Белгисиз

Японияда иттер үчүн бий мектеби ачылды.

Жаныбарларга ачылган мейманкана, кафе, ресторан, унаалардан тышкары эми бийлер курсу менен толукталды. Бий сабактарында иттер ээлери менен вальс, самба, румба жана ча-ча-ча бийлейт. Бир айда эки жолу өтүүчү бий сабактарында иттерди ээлерин айланып бийлөөгө да үйрөтүшөт.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 28361_m.jpg

"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Эркин тема
  • Кийинки тема →

  • (163 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 21
  • 22
  • 23
  • 24
  • 25
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 3 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 3, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 22 Июл 2025 04:46

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: