Ал улам ылдыйлап, жакага жакындаган сайын шамалдын ызылдагы азайып келатты.Бир убакта кулак-мурун кескендей тынчый түштү эле, жылан да бирөө кармапкалгандай “тык!” токтоду. Анткени айыл тараптан ага... сагынычы да, сүйүүсү да,кубанычы,
кайгысы да аралаш сигнал улам-улам дааналанып,
жакындап келаткан!
Жыландемин ичине катты...
– Жан?!. Келатасыңбы,
Жан?!. Менбилгем!
Ушинтээриңди билгем, Жан! Азапка малынып, адам баласынан да кыйын сай-сөөгүңсыздап,
жандүйнөңдүн бырчаланып жатканын билгем!
Үн саамга үзүлө, буйдала калды.Жан кыздын алда неге, же ким бирөөгө алагды болуп, ошон үчүн байланыш үзүлө түшкөнүнтүшүндү.
– Келбей коё албадым, Кызмончок!
Сагындым сени, ушунчалык сагындым!
..– деди Жан байланышты жоготкусу келбейэнтиге-
энтиге дем алып.
– ...Жан, мен да сени сагындым!
Мен да сен деп кусаланып, “шырп” эткен дабышка “селт” этип, шооратыңды издеп...сарооруп жашап келем. А бирок... – кыздын үнү мукактана, үзүлө түштү. Ал ыйлапжаткан окшоду. Жыландын денеси “дирт!” этип, жыйрылып алды:
– Бирок эмне?!. – деди дилиндечебеленип.
– Бирок... мен сени унутушумкерек!
Кайт артыңа, Жан! Анткени мен...
– «Анткени» эмне, Кызмончок?!
– Жандилинде чаңырып ийди.
Байланыш такыр үзүлдү! Жанумсуна түшүп дагы, дагы тыңшады. А бирок өчөшкөнсүп,
жымжырттыктан башка эчнерсе угулган жок! Кызмончоктун аягына чыкпай калган бир сөзү гана кулагынакайра-
кайра жаңырып туруп алды: “...Анткени мен...” Андан аркысын эмнеге айтканжок?!
Эмнени айтпай калды?! Анткени... эмне болушу мүмкүн?! Ооруп калдыбы? Жок,жок! Анын бетин ары кылсын! Андай болгон күндө деле эмнеге келбе дейт эле?! ЖеБектемирге?
.. О, жок!!!
”
Бул жолу да Бектемирди эстегенде,жыландын тулкусу кызганычтан тулуптай болуп чыңалып, карыша түштү. Бул жолу да:“Кызмончок болбогондочу,
аны менен “сүйлөшөт” элем!” – деп алды.
Үн менен кошо эле Кызмончоктунэлеси да жок болду. Тулкусуна ой, санаа, сагыныч батпай кеткендей жыландынденеси ого бетер оордоп, башын өйдө көтөрө албай, тээ бир далайга чейин жердесулк жатты. “Эмнени айта албай калды?! Эмнени?!” Эсине улам бир жагымсыз нерселертүшүп,
ансайын обдула баш көтөрө калып, айыл тарапты карай берди!
Дагы Кызмончок үчүн сабыр туттуал. ө
зөгү өрттөнүп, биринчижолу өлүүнү самап кетти! «Туура айтасың! – деди анан өзүн-өзү кубаттап, – Жеайбанча, же адамча жашай албай, өзүңдү да, өзгөнү да азапка салгандан көрө,ошенткениң жакшы!..»
Анын оюн окугандай, ушул тапта күнукмуштуудай бир коркунчтуу күркүрөп жиберип, жакын эле жерден чагылганчартылдады да, бармактай-бармактай болгон мөндүрлөр, жыланды башка-көзгөкойгулап жиберди…
Жыландын сүйүүсү «Жыландын сүйүүсү» автор тарабынан алымча-кошумчаланып, аңгемелер мене
#103 05 Октябрь 2012 - 17:25
ммм...
...Жыйырма эки жыл деген,
Сегизмиң отуз күн экен,
Эл башылар эр экен,
Сегизмиң отуз суткада,
5 миллион элди бүт жеген...
Сегизмиң отуз күн экен,
Эл башылар эр экен,
Сегизмиң отуз суткада,
5 миллион элди бүт жеген...
#104 05 Октябрь 2012 - 17:28
Жандын эмес менин деле ичим бышып кетти."Анткени"
эмне эле?
Ачуусун жене алган адам кучтуу!
#107 07 Октябрь 2012 - 05:05
Жанды деле азапка салбай, кыздын анткени деген созун табышмак кылбай, жанга да тенин таап бутурбоптурда,
боорум ооруп кетти Жанга, байкушту менда элест етип суйуп калдым, авто сизге рахмат!
☆Дүйнөдө кымбат, өзүңсүң менин АПАКЕМ!☆
#108 07 Октябрь 2012 - 12:52
Эх, кандай сонун чыгарма. Жыланга боорум ооруду, айбан да болсо-суйуусу куч экен.
Жашоо керемет!!!
#109 07 Октябрь 2012 - 17:49
аи ий уландысы барбы?жазгылачы сураныч.окубасам журогум жарылып кетет
#110 08 Октябрь 2012 - 14:14
Жыпар эженин чыгармалары аябай жагатда. Соз жок!
Bul kundor da otup ketet.
#111 08 Октябрь 2012 - 14:20
Barika (07 Октябрь 2012 - 05:05) жазган:
Жанды деле азапка салбай, кыздын анткени деген созун табышмак кылбай, жанга да тенин таап бутурбоптурда,
боорум ооруп кетти Жанга, байкушту менда элест етип суйуп калдым, авто сизге рахмат!
чыгарма эч кандай кошумчасыз таасирдуу жазылган. Эгер сиз каалагандай бутсо анда катардагы жомок болуп калмак.
...Жыйырма эки жыл деген,
Сегизмиң отуз күн экен,
Эл башылар эр экен,
Сегизмиң отуз суткада,
5 миллион элди бүт жеген...
Сегизмиң отуз күн экен,
Эл башылар эр экен,
Сегизмиң отуз суткада,
5 миллион элди бүт жеген...
#112 25 Октябрь 2012 - 04:46
Бир аз шашпай туура жазганга аракет кылгылачы сураныч.
О нас думают плохо лишь те, кто хуже нас, а те
кто лучше нас, им просто не до нас.
кто лучше нас, им просто не до нас.
#114 18 Январь 2014 - 17:05
анткени кыз мончоктун уй булосу бар да.кош бойлуу болуш керек,мен ошондой ойлодум.ачка болгонума карабай окудум.озгочо жазылган чыгарма
#115 19 Январь 2014 - 01:45
Жанга боорум ооруп кетти.Соонун чыгарма экен. operaledi ге чон рахмат.
Бактылуумун!
!!
#116 25 Январь 2014 - 16:24
Avtorgo raxmat,taaasirluu 4ygarma eken.Tunu boyu jylaandy tuw korup 4yktym
.Ozgo4o eken abdan,jylaandardy abdan jaman kor4u elem emi oilonup kaldym alarda da suiuu bolot eken dep ,jomok bolso da oilonto turgan 4ygarma eken.

#117 07 Февраль 2014 - 07:57
Кандай сонун фантазия!
!!Адам менен айбанды суйдуруп...
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#118 07 Февраль 2014 - 22:53
Алты сааттай окуптурмун,
кино коргондой эле болдумго.Аябай жакшы чыгарма экен,окуп жатып,жашоодо болгон окуядай сезилип кетти мага.
#119 16 Февраль 2014 - 17:35
#120 25 Февраль 2014 - 19:59
Сизге ыраазычылык билдирем, автор адамдарды чыгармасы аркылуу табият менен таттуу мамиледе болууга чакырган тура. Чыгармачылыгынызга ийгилик каалайм!