Суперстан: Шумдугуң кургур - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Эркин тема
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (163 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 23
  • 24
  • 25
  • 26
  • 27
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Шумдугуң кургур Бири-бирибизди таң калтыралы

#481 Пользователь офлайн   Gasu   26 Февраль 2014 - 01:12

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 677
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 06 Мар 2014 23:17
  • Жынысы:Белгисиз

Өлүп тирилген адам.


Бул окуя Улуу Ата Мекендик согуш аяктаган жылдары Көл өрөөнүнүн аймагында болуптур. Чоң апамдын айтуусуна караганда бир айылда Усуп деген эки адам кошуна жашашкан экен. Ал Усуптун бирөөсү менин чоң атам болгондугун айтып жүрүшөт. Күндөрдүн биринде ооруппу же өз ажалы жетиппи, айтор ошол Усуп абышка көз жумгандыгы жөнүндө суук кабар угулат.


Туугандары ошол замат ызы-чуу түшүп, алыс-жакынга кабар берилип, аңгыча өлүктү кепиндеп, акыркы сапарга узатууга камданып жатышкан. Бир кезде эле боз үйдүн ичинде өңгүрөп ыйлап, кошок кошуп жаткан маркумдун туугандары сыртка качып чыгышат. Жаназа түшүрүүгө чакырылган молдо да боз үйдүн босогосун аттабай жатып артын көздөй кетенчиктей түшөт. Көрсө, Усуп чоң атабыз ордунан туруп, тегерегинде ыйлап жаткан балдарын сооротуп, кандай дүйнөгө туш болгондугун мындайча баяндап бериптир: Төрт киши темир торго салып көтөрүп жөнөдү. Айланамдагы гүлдөрдүн кооздугун, жыпар жытын айтпа. Алгач көзүмө көпөлөк кармап, гүл терип ойноп жүргөн балдар көрүндү. Алар "атам келатат, жаңылган-жазганын кечиргиле" дешип, мени коштоп бараткан төртөөнүн бутуна жыгылып жатышты. Бул жер чарчап калган наристелердин "бала мазары" экен.
Дагы бир аз басканда кызыл чок болуп күйгөн темир тордон чыга албай "жан соогалап" кыйкырган адамдар көрүндү. Булар өз жанын кыйып, тозокко түшкөндөр экен. Аңгыча чоң дарбаза ачылып, мени ошол жакка киргизишти. Кең далылуу бир адам кагазды карап отурган экен, "муну эмнеге алып келдиңер, балдарын араң багып жатса. Дароо жеткирип, кошунасы Усупту алып келгиле, бул Усуптун өмүрүн дагы узарттым" деген сөзүн гана уктум. Андан соң дарбазадан чыгарып салышты. Балдарым, силерге бир гана айтаарым, беш убак намаз окуп, даарат алганды унутпагыла. Аркы дүйнөдө денеңди заараң булгап койсо жаман уят болот экенсиң. Аялдар эч убакта күйөөңөргө каяша сүйлөбөгүлө" деп сөзүн аяктайт.
Баса, ошол күнү эле кошуна Усуп каза болуп, боз үйгө анын сөөгүн коюшат. Ал эми чоң атабыз болсо 105ке чыгып, оору-сыркоосу жок эле балдарын чогултуп, кичине "тук" этип уктап алайын деп жарык дүйнө менен кош айтышыптыр.
Назгүл КУРМАНОВА, Тоң району.


"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#482 Пользователь офлайн   Gasu   26 Февраль 2014 - 01:15

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 677
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 06 Мар 2014 23:17
  • Жынысы:Белгисиз

Ыйлаак бала.


16-жылы Үркүн убагында бир жаш келин бир айлык баласын таппай, боздоп кеткен экен. Көрсө, баланын үстүнө чоң казан кулап, басып калып көрүнбөй калган тура. "Арадан канча жыл өтүп, кылым жаңырса да ушул убакка чейин ошол жерден өткөн кишилердин кулагына баланын ыйлаганы угулса, кээ бирөөгө көрүнөт" деген сөздөрдү эшитип эле жүрчүмүн. Күндөрдүн бир күндөрүндө табышмактуу бала менен кезикпедимби. Атам экөөбүз былтыр жайында кымыз ичкени жайлоого аттанып, дал ошол жерге жете бергенибизде бала ыйлап жиберди эле, ат чочуп кетип, үркүп, мени жыгып качып кетти. Атам аттын артынан чаап жөнөдү. Мен болсо жыгылган жеримден туралбагандыктан, асманды карап жата бердим. Жакшылап кулак төшөсөм, эмнегедир баланын ыйы басылгандай. Эптеп ордуман турдум. Мына эмесе, бет маңдайымда, калп айтпасам бир жашта го, болтойгон, жып-жылаңач бөбөк жаңы ойгонуп жаткандай, быйтыйган колдору менен көзүн ушалап олтуруптур. Аны көрүп алгач корккон жокмун, кайра көзүмө сүйкүмдүү көрүнүп, ага жакындай бергенде кайрадан бакырып ыйлап жиберди. Ошондо гана элдин айтып жүргөн сөзү эсиме түшүп, элеңдеп эки жагымды карап, ыйлаак бала ушул окшойт деп, тамагым кургап, денемди калтырак басып, ордумда каттым. Эмне кыларымды билбей, ичимен келме келтирип, кайра жерге отура калдым. Аңгыча: "Эй Асан, сага эмне болду? Мин атыңды!" деген тааныш үн угулду. Көзүмдү ачсам, баланын ордунда атымды кармап, атам турган экен. Жолдо баратып, укмуштуу көрүнүштү атама айтсам, ал : "Бул бала эч кимге тийбейт. Баланын ыйлаактыгынан бул жер "Ыйлаакча" деп аталып калган" - деди.


Бул окуядан кийин көпкө дейре өзүмө келалбай жүрдүм.
Асан Бурканов, Токмок шаары.


"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#483 Пользователь офлайн   Gasu   26 Февраль 2014 - 01:22

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 677
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 06 Мар 2014 23:17
  • Жынысы:Белгисиз

Үйдө кырсык болоорун мышык алдын ала сезет.


Демейде көпчүлүгүбүз жакшы көрүп, үйдө биз менен чогуу жашаган мышыктын кандай касиети бар экендигин билесизби? Көрсө, бул жаныбардын чычкан аңдыгандан тышкары ошол өзү жашаган үйдө боло турган ар кандай кырсыктарды алдын ала билүүчү "көзү ачыктык" жөндөмдүүлүгү да бар экен. Биринчиден, мышыкты эч качан бекер албаш керек. Ошол эле учурда чоң акчага да сатылбайт. Экинчиден, жаңы үй сатып алганда эң оболу мышыкты кое бергенди унутпаңыз. Андан соң үйдүн кайсы жерине жатарына көңүл буруп, үй эмеректерин мышык анча жактырбаган жакка койгон оң. Анткени мышыктар адамдын энергетикасына каршы келген аймакты жакшы байкашат. Башкача айтканда геопатегендик зонаны тандап алып, терс энергетиканы жутуп алат жана кайрадан иштеп чыгуу менен чаң соргуч сыяктуу бөлмөдөгү энергетикалык атмосфераны тазалайт. Демек, жумуш столу менен эртеден кечке сериалдарды көрүүчү телевизорду мышык жаткан жерге эмне үчүн койбош керектиги түшүнүктүү болду окшойт. Көрсө, мышык жакшы көргөн нерсе адамдарга зыян турбайбы. Бирок, эч качан аны столдун үстүнө чыгарбаңыздар. Эгер кокус болбой эле столго жармаша берсе, анда үйдө бирөө жарым кырсыкка кабылышы мүмкүн. Ошондой эле мышыктын жүрүш-турушуна карап аба ырайы кандай болоору да аныкталат: Эгер мышык жазында бутун жалай берсе, жайдын салкын болушу күтүлөт. Эгер күзүндө да ушинтсе - кыш суук болот. Ал эми жайдын ортосунда айылда мешке, шаарда батарейкага ыктаса - күз узакка созулбайт. Күндүзү катуу уктаса - жакшылыктын, жылуулуктун белгиси, аба ырайы да күнөстүү болот. Тырмагы менен полду сүрсө - шамал, бороон-чапкын күтүлөт. Эгер кожоюну урганда же кубалаганда дубалдын түбүнө жатып алса - аба ырайы кескин өзгөрөт. Буттарын өйдө каратып жатса - сыртта мемиреген бейпилдик болот. Башы менен куйругун катып алса - күн бүркөлөт. Чүчкүрсө - жамгыр жаайт. Төмөнкү белгилердин үй ээлеринин өзүнө түздөн түз тийешеси бар: Мышык үйдөгүлөрдүн биринин башына жатып алса да жакшы эмес. Анткени ал адам ооруп калышы мүмкүн. Үйдө катуу ооруп аткан киши жаткан бөлмөнүн полун жууп, кир сууну мышыктын үстүнө чачып жиберип, дароо эшикке чыгаруу керек. Себеби ошол кир менен кошо бул сыйкырдуу жаныбар илдетти да ала кетет. Дагы бир ырым-жырымга ылайык эгер мышык үч жолу чүчкүрсө - үйдө бирөө жарымга суук тийет. Буту менен башын тырмаса - үйгө күтүлбөгөн конок келет. Ал эми мышык алдыңкы эки бутун көтөрүп, үй ээсине асылса - кымбат баалуу белек же жакшы кабар күтүңүз. Эң акырында айтаарыбыз - эч качан ооруган же картайган мышыктын үйдө өлүп калышына жол бербеңиз. Өзү кетип калса жакшы, болбосо сыртка чыгарып, алдына тамак коюңуз. Анткени үйдө чоң кырсык болуп кетиши мүмкүн.




Даярдаган Автандил Турсунбаев.


"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#484 Пользователь офлайн   Gasu   26 Февраль 2014 - 01:26

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 677
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 06 Мар 2014 23:17
  • Жынысы:Белгисиз

Ак кийимчен колдоочу.


Таланттуу адамдар менен чоң спортсмендер атак-даңкка жана ийгиликке жеке өзүнүн аракети аркылуу гана эмес, колдоочу күчтөрдүн жардамы болгондо да жетээрине мен жакын агамдын турмушу аркылуу ишенем. Баса, залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматов "Чыңгыз хандын ак булуту" аттуу чыгармасында бул темага кеңири кайрылып, бир кезде дүйнө жүзүнүн жарымын багындырган адамды дайыма жортуулга чыкканда төбөсүндө ак булут коштоп жүрөөрүн баяндаган. Ошо ак булут Чыңгыз хандын колдоочусу болгон. Демек, ал душман менен салгылашканда колдоочусу дайыма ээрчип жүргөн.


Ал эми биздин Лейлек районунда аш-той, ар кандай майрамдар улак же күрөшсүз өтпөйт. Андыктан эл арасында улакчылар менен палбандардын кадыр-баркы жогору. Палбан деген атка ээ болуунун өзү эле спорттун чеберчилигине жеткендей кадыр-баркка тең.
80-жылдары Нурланбек деген агам өзү орто мектепти жаңы бүткөн менен атактуу палбандар менен күрөшүп, бир нечесинин далысын жерге тийгизет. Демейде спортсмендердин аты тез эле алыска угулат эмеспи. Нурланбек агам да Республикалык мелдештерге чейин катышып, палбан аталат. Аңгыча агам армияга чакырылып, эки жыл Украинада аскердик милдетин өтөп келди.
Ал эми армиядан келген соң мурдагыдан да каруусу күчкө толуп, тойлор менен майрамдарда да дайыма баш байгени алып жүрчү. Кээде калыстар күрөштү кызытуу үчүн ортого чыкпай эле кой деп суранышчу. Ошентип Нурланбек агамдын атына палбан деген кошумча ысым ыйгарылып, бүтүндөй айылыбыз сыймыктанышар эле.
Чындыгында агамдын күрөшө алгандыгына аябай кызыкчумун. Ал өзүнөн көлөмү эки эсе чоң балбандарды да куурчактай кылып жыгып койчу. Эмнегедир дайыма күрөшкө ак шапке кийип чыкчу. Бир жолу агама эмнеге башыңызга ак шапке кийип күрөшөсүз десем, түшүндө ак кийимчен аксакал ушинтип айткандыгын жана күрөш алганда ошол аксакал дайыма көзүнө көрүнгөндүгүн айтты эле. Көрсө, ошол ак кийимчен аксакал палбан агамдын колдоочусу экен.

Сулайман ЖОЛДОШОВ, Лейлек району.


"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#485 Пользователь офлайн   Gasu   26 Февраль 2014 - 01:32

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 677
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 06 Мар 2014 23:17
  • Жынысы:Белгисиз

Дүйнөнүн жети керемети - Олимпиялык Зевс статуясы:

Дүйнөдөгү жети кереметтин бири - Кудайлардын жана адамдардын падышасы - Олимпиялык Зевтин статуясы. Аны атактуу уста Фидий тургузган. Эстелик Зевс храмында олипиялык ыйык жайдын так ортосуна орнотулган.

Эстелик хрисоэлафантиндик ыкма менен курулган. Сырткы бөлүгү пил сөөгүнөн жасалып, кийимдери алтындан тигилген. А дененин өзөгү жыгачтан жасалган. Статуянын бийиктиги 17 м.
Зевстин жүзүнөн сөөлөт, кайрымдуулук, боорукердик жана акылмандык байкалып турат. Фидийдин чеберчилиги мына ушунда.
Зевтин тагы да пил сөөгүнөн алтын жалатылып жасалган. Такка ошондой эле Кудайлардын кымбат баалуу таштардан жасалган статуэткалары орнотулуп, кооздоп турат. Зевстин бут кийими да чылк алтындан жасалган.
Храмдын полу да кымбат баалуу таштардан төшөлүп, кичинекей көлчө курулган. Ага оливка майы куюлат. Май эстеликти дат басуудан жана чирип кетүүдөн сактайт. Храмдын дубалына кичинекей тешикче көзөлгөн. Андан кирген жарык көлчөгө түшүп, Зевстин кийимине чагылат. Кийим Зевстин жүзүн жарытат. Кирген адамга Зевстин бетинен жарык чыгып жаткансып көрүнөт.
IV кылымда эстелик Константинополго көчүрүлүп келген. Бирок, тилекке каршы ипподромдон өрт чыгып, күйүп кеткен.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: Statuya-Zevsa-300x230.jpg

"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#486 Пользователь офлайн   Gasu   26 Февраль 2014 - 01:41

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 677
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 06 Мар 2014 23:17
  • Жынысы:Белгисиз

Елизавета II жөнүндө:
Елизавета II (толук аты Елизавета Александра Мария) Англия өлкөсүнүн башкаруучуларынан 40-монарх болуп саналат. Елизавета II французча эркин сүйлөйт жана франциядан келген меймандар менен француз тилинде эркин сүйлөшөт. Ал монарх болгондон бери Кетерберийскдеги алты архиепископ алмашып, Улуу британияга он премьер министр, АКШ га он прездент шайланган. Британиянын азыркы премьер- министри Тони Блер королева бийлик кылып турганда төрөлгөн.(1953- жыл майда) Елизавета 1952-жылы 25 жашында атасы Георгий IY дүйнөдөн кайткандан бери Великобританиянын королевасы. Ушул жылдар ичинде 388 миң сыйлык тапшырып, 540 титул тапшыруу аземине катышкан. Ар бир аптанын шейшембисинде королева өлкөнүн премьер -министри Тони Блерди жеке кабыл алып, андан өлкөдө болуп жаткан окуялар боюнча отчет алат. Бул сүйлөшүүлөрдү экөөнөн башка эч ким билбейт. Сүйлөшүүлөр жабык эшик артында өтөт. Королева 3 миллион кат алып, өзү 100 миң жолу кат жазган. Тактыдагы 54 жылдын ичинде королева дүйнөнүн 129 өлкөсүнө 256 жолу иш сапары менен барган. Алардын ичинен Жаңы Зеландияга он жолу, Канадага 23 жолу, Ямайкага алты жолу, Австралияга 15 жолу барган. Чет өлкөгө барчу иш сапарларынын көбүндө Елизавета II нин жакшы көргөн унаасы “Британия” яхтасы болчу. Бирок 1997- жылы бул яхта өз ишин токтоткон. Алгачкы электрондук катын 1976- жылы жиберген. Королева техниканы аябай жакшы көрөт. Машинаны оңой айдайт жана фото өнөрүнө кызыгат. Азыркы тапта Британ монархынын Эмма Линнет Монти Холли Уиллоу аттуу иттери бар. Королеванын өзү ойлоп чыгарган дорги породасындагы да иттери бар.Темзадагы бардык балыктар куштар жана ак куулар королеванын жеке менчиги болуп саналат. Эгерде бирөө ак куу атып алса королдук кароолчуга көрсөтүп, каттоодон өтүшү керек.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 280px-Elizabeth_II_greets_NASA_GSFC_employees_May_8_2007_edit1-216x300.jpg

Билдирүүнү түзөткөн: Gasu: 26 Февраль 2014 - 01:44

"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#487 Пользователь офлайн   Gasu   26 Февраль 2014 - 01:46

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 677
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 06 Мар 2014 23:17
  • Жынысы:Белгисиз

Кытайда адам организми телефонго заряд катары колдонулушу мүмкүн. Күтүлгөндөй, келечекте смартфондор зарядды адамдын жүрөк согушунан толтуруп алат. Ал үчүн телефонго кичинекей электростанция орнотулмакчы. Ал телефонго энергияны өткөрүп турат. Мындай ыкма жаныбарларда колдонулду.
"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#488 Пользователь офлайн   Gasu   26 Февраль 2014 - 01:51

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 677
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 06 Мар 2014 23:17
  • Жынысы:Белгисиз

АКШда атактуу Marlboro тамекисинин “ковбою” өпкө оорусунан каза тапты. Актер жана модель Эрик Лоусон 73 жашта болчу. Анын көз жумушуна көп чылым чегүүдөн пайда болгон өпкө оорусу себеп болду. Эске салсам, Лоусон 1970-80-жылдары Marlboro бренди үчүн жарнамалык роликтерде ковбойдун образын жараткан. Белгилүү болгондой, актер 14 жашынан баштап тамеки тарта баштаган.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 1390831543_kowboy.jpg

"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#489 Пользователь офлайн   Gasu   26 Февраль 2014 - 01:51

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 677
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 06 Мар 2014 23:17
  • Жынысы:Белгисиз

Америкада “акылдуу” капчык чыгарылды. Аны уурдап кетишсе, бул жөнүндө дароо кожоюнга белги берилет. Чоң эмес пластикалык карта капчыкка салынып, смартфонго туташтырылат. Эгер капчыктын ээси аны үйдө унутуп калса, байланышын жоготкон смартфон катуу үн чыгарып баштайт. Ошол сыяктуу эле, капчыкты уурдаган адам тараптан белги жаңырат. Анын үнү жада калса көчөдө 10 метр аралыкта угулат.
"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#490 Пользователь офлайн   Gasu   26 Февраль 2014 - 01:54

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 677
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 06 Мар 2014 23:17
  • Жынысы:Белгисиз

Канаданын 104 жаштагы тургуну сууда сүзүүдө 2 ирээт рекорд койду. Яринг Тиммерман февралда 105 жашка толгондуктан, бул жаш категория ичинде да ал эң мыкты жана жалгыз рекордчу сүзүүчү болот. Тиммерман карыя жумасына эки жолу бассейнге барып, машыгып турат.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 21-25.jpg
  • Прикрепленное изображение: 9999999999yyyyyyyyyyy.jpeg

"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#491 Пользователь офлайн   Gasu   26 Февраль 2014 - 01:58

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 677
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 06 Мар 2014 23:17
  • Жынысы:Белгисиз

Африканын 25 жашар тургуну Мандла Масеко космоско жолдомо утуп алды. Америкалык космостук академия тарабынан уюштурулган сынакка 1 миллиондон ашык адам катышкан. Талапкерлер өтө оор физикалык машыгууларда атаандашып, ондогон тестирлөөдөн өттү. Жеңүүчү Мандла Масеко – Африканын айылдарынын биринде турат. Эми минтип анын бала кезинен берки каалоосу орундалганы турат. Ал кара түстөгү африкандыктардан алгачкы болуп 2015- жылы космоско учат.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: Mandla-Maseko-first-Black-African-in-space.jpg
  • Прикрепленное изображение: Axe Sends Mandla Maseko To Space! (4).jpg

"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#492 Пользователь офлайн   Gasu   26 Февраль 2014 - 02:20

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 677
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 06 Мар 2014 23:17
  • Жынысы:Белгисиз

БОЮНДА БАР ЭРКЕК.


Американын Орегон штатында Томас Беати аттуу 5 айлык боюнда бар эркек жашайт. Бул ушака Американын ММКсы ишенип-ишенбей жатышканда The Advocate журналдын кызматкери Томастын врач-гинекологу жана Томастын өзү менен сүйлөшкөнгө жетишкен. Жыйынтыгында, бул ушак эмес, чын болуп чыккан. Эркектин органы кантип эле аялдыкындай болуп калсын деп таңгалгандарга, ал өзүнүн сырын ачкан. Көрсө Томас биринчи жарык дүйнөгө кыз болуп жаралган экен. Чоңоюп, эс тарткандан кийин эркек болууну самап, ушундай кадамга барат. Гормоналдык терапиянын жардамы менен самаганына жетет. Бара-бара көкүрөгү жоголуп, бетине сакал өсүп эркекке окшой баштайт. Документинде да жынысы эркек. Сырткы келбети өзгөргөнү менен ички органы аялдыкы боюнча калган. Томас ички органдарын да эркектикине алмаштырганга чыгынбай жүрө берген. Томас Ненси аттуу айымга баш кошуп, 10 жыл бирге жашап, балалуу болууну самашкан менен бул тилектерине жетпей келишкен. Буга Ненсинин жатынынын жоктугу себеп болгон. Жубайлар кеңешип отурушуп, баланы уруктандыруу жолу менен Томас төрөмөй болот. Биринчи кезекте эле Томас врачтардын дискриминациясына кабылат. Алгачкы кайрылган врачы "сакалыңды кырып кел"- деп мазактаса, регистрацияда отургандар каткырып, алар да шылдыңдашкан. Томас; "Мен өзүмдү "суррогатная мать" катары гана бул милдетти аткарып келем. Наристе төрөлгөндөн кийин кайра эле өзүмдүн эркектик милдетимди аткара берем. Ненси мага азыр деле күйөөсүндөй мамиле кылат. Ал эми Орегондо бизди мурдагыдай сүйүшкөндөрдөй эле кабыл алат. Мен баламдын атасы, Ненси апасы болот. Биз бир үй- бүлөбүз." - дейт. Азыр Томас жөн интервью бербейт, берсе да абдан кымбатка турат.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: default.jpeg
  • Прикрепленное изображение: 27390905_1213735810_pregnatmen.jpg
  • Прикрепленное изображение: 1to.jpg
  • Прикрепленное изображение: Thomas-Beatie-Drops-Pregnancy-Weight-Is-Now-Ripped-2.jpg

"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#493 Пользователь офлайн   gulperi.kg   26 Февраль 2014 - 03:33

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 235
  • Катталган: 03 Апрель 12
  • Соңку аракети: 03 Фев 2022 19:32
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Фууууу ужас адамдар го
Меня никогда не отталкивала бедность человека, другое дело, если бедны его душа и помыслы
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#494 Пользователь офлайн   Azem2013   26 Февраль 2014 - 08:18

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 779
  • Катталган: 23 Март 13
  • Соңку аракети: 05 Июл 2020 13:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишkеk

Шумдукко
Yй бyлooм- менин жашooм, kелечегим!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#495 Пользователь офлайн   Aristokrat-unname   26 Февраль 2014 - 09:14

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 547
  • Катталган: 20 Июль 13
  • Соңку аракети: 28 Июл 2015 21:59
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Isfana

Fuuu eken))))
Нуржылдыз+Хуснидин=Любовь!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#496 Пользователь офлайн   KARAGER   26 Февраль 2014 - 10:37

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 474
  • Катталган: 05 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 01 Авг 2019 00:18
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:БІШКЕК

Укмуш экен го.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#497 Пользователь офлайн   Gasu   26 Февраль 2014 - 16:35

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 677
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 06 Мар 2014 23:17
  • Жынысы:Белгисиз

Марста темир жол линиясы табылды.

Америкалык изилдөөчүлөр жакында марс планетасынан тогуз жүз километрге жеткен темир жолду табышты. Анын узундугу Гейла кратерине чейин жетет. Андан сырткары вагондор, темир жол вокзалдары болгон. Бул обьектилер кол менен жасалгандай.
"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#498 Пользователь офлайн   Gasu   26 Февраль 2014 - 16:37

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 677
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 06 Мар 2014 23:17
  • Жынысы:Белгисиз

Салмагы 26 кг эне кыз төрөдү.

26 жаштагы Украиналык Мария кыз төрөдү. Эң кызыгы Мариянын салмагы 26 кг болсо, бою 90 гана см болгон. Ал эми күйөөсүнүн боюнун узундугу 187 см экен. Мындай салмак менен бала төрөө абдан кооптуу болсо дагы врачтардын айтканына карабай ден соолугу чың кызды жарык дүйнөгө алып келди. Жаш жубайлар ымыркайга Алина деген ысым коюшту. "Эгер врачтар уруксат беришсе дагы бир балалуу болууну пландаштырабыз" дейт ааламды таң калтырган жубайлар.
"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#499 Пользователь офлайн   Gasu   26 Февраль 2014 - 16:45

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 677
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 06 Мар 2014 23:17
  • Жынысы:Белгисиз

Мhttp: //www.super.kg/superstan/ index.php?showtopic=75869оя ссылка.

Билдирүүнү түзөткөн: Gasu: 26 Февраль 2014 - 16:49

"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#500 Пользователь офлайн   Gasu   26 Февраль 2014 - 16:57

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 677
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 06 Мар 2014 23:17
  • Жынысы:Белгисиз

Жексон таз болгон жана анарексияга кабылган.

Майкл Жексондун өлүмү алигүнчө табышмак болуп келет. Бирок эксперттердин жыйынтыгы боюнча, ырчы элүү жаш менен чектелген өмүрүнүн акыркы жылдарын адам чыдагыс кыйналуу менен өткөргөн. Көз жумган учурунда ушунчалык арыктаган - бою 178 см келген Жексон 57 килограммга жетпеген салмакта болгон. Патологоанатомдор анын ашказанынан дары-дармектен башка эч нерсе табышкан эмес. Андан тышкары Майкл Жексон денесиндеги тырыктарга караганда аз дегенде 13 операцияны башынан өткөргөн. Хирургиялык кийлигишүүгө кабылган бети бир топ жабыркаган: жөргөмүштүн желесиндей жыбыраган тырыктарга толуп, мурунунун кайкысы (переносица) таптакыр жок болгон. Элди таң калтырган дагы бир кабар - таптакыр чачы түшүп калган, эл алдына кийме чач менен чыгып жүргөнүн аз гана адам билген. Бир катар кабыргасы жүрөгү токтоп калганда жасалган массаждан сынып кеткен, жүрөк туштагы төрт ийне изинен адреналин саюу менен анын жанын алып калуу аракети жасалганы билинген.
"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Эркин тема
  • Кийинки тема →

  • (163 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 23
  • 24
  • 25
  • 26
  • 27
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 19 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 19, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 21 Июл 2025 21:13

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: