Аял кишинин үмүт, арзуулары турмуш куруп, бала тарбиялоого такалып калышы канчалык туура? Эркектин ар бир ийгилинин артында бир аялдын колу бар болот
#1 25 Февраль 2014 - 19:58
Аялдар жашоосу мени жаштыгымда аябай тан калтырчу эле,кичинекей мезгилимде ата-энемдин ажырашып кетиши мени таттуу балалыгымдан ажыраткан.Азыр дагы эсимде,атам апамды ургандары,бечара апам ургандарынан ,жашырынышка жай издечу…Аял кишинин канчалык алсыз экенин коруп,аял болуп жаралганыма окунуп кетер элем.
#2 25 Февраль 2014 - 20:00
Кичинекейимден алган таасирлер,коргон- кечиргендерим келечекте мага аябай пайда берди.Окуучулук кезимден баштап,жашоодо оз ордумду табышка аракет кылар элем.Азыр коздогон максатыма жана кумон болгон баардык арзууларыма жетиштим.Бул озунон озу оной болгон жок….
Тажрыйбамдан келип чыгып 80% аялдардын жашоосу сабыр,курбандык жана тагдырга тан бериштен башка нерсеге арзыбастыгы мени аябай кыйнайт.Эмнеге?
Билдирүүнү түзөткөн: Feijipiao: 25 Февраль 2014 - 20:01
#3 25 Февраль 2014 - 20:02
Жаштыгыман арзуу кылган олко эле,бардык жактарын карап,кайтпаска аракет кылдым,апамдын ыраазылыгы менен бул жакка турмушка чыктым.Тили башка,дини башка бутун бир дуйносу башка уй булого келин болуп жашай баштадым
Жер шаарында кулку менен ый бир болгондой,аял менен эркектин туйшугу бирдей болот экен
Билдирүүнү түзөткөн: Feijipiao: 25 Февраль 2014 - 20:03
#4 25 Февраль 2014 - 20:06
Эртен менен туруп мени кыйнап аткан тынчсыздануунун себебин андап жеттим,жакшы жашоого озумду жоготупкойгонуму ,жаштыгымдагы арзууларымы уй-буломдун бакытына алмаштырып, куйоомдун куурчагына айланып калганымы сездим…Бул мен эмес элем…козум умачтай ачылды.Апамды коргум келди….Газетадан чет эл компаниясына орус тилинде суйлогон жумушчулар керектигин окуп калдым,бирок башка шаарга барып иштеп жашашым керек эле.Куйоомдун уй-булосу учун келини кочого акча табыш учун чыгыптыр дегенди которуш кыйын эле,албетте. .Бирок мен жаман келиндей урушуштарына карабай контракка кой койдум,мага самолетго билет жиберишти.Эн кыйыны уйдон чыгып кетиш болду.Бирок менин кайсарлыгым аркылуу максатыма жеттим.Бул аракеттен уй-булом бузулуп кетиши анык болчу,бирок жогоруда айткандай балалыгымдагы коргондорум жардам берди.Апам балдары деп жалгыз жашап отту,окутту, чонойтту,мени ушул даражага жеткизгенине мен кызы катары ооруп атканда барып ал ахвалынан кабар да алалбасам.Уйдон чыгып кетип жатканда кайын энем «бары бир эки кундо ыйлап кайтып келесин,балдарыны сага бербейбиз деп коркутту.Аябай жиним келип кетти-Мен кеткеним менен балдарымы менден ажырата албайсынар, эгер бербесенер бир куну чоноюшуп мени оздору таап алат дедим.Муну айтыш аларды таштап чыгып кетиш бир эне учун канчалык оор экенин ар бир эне билсе керек
Билдирүүнү түзөткөн: Feijipiao: 25 Февраль 2014 - 20:10
#5 25 Февраль 2014 - 20:08
#6 25 Февраль 2014 - 20:11
Аял кишинин умут,арзуулары турмуш куруш,балдарды тарбиялоого такалып калышы канчалык туура?
Билдирүүнү түзөткөн: Feijipiao: 25 Февраль 2014 - 20:13
#7 25 Февраль 2014 - 20:14
#8 25 Февраль 2014 - 22:25
Эри иштебе десе,иштесе тигил дуйнодо куноо болот дейсинер.Эмне анда бул кыз уйундо отуруп кор болуп,оз апасын коро албай зар болуп отуруш керекпи,?Пешененде алыс жатка тушкон сага насип болгондур кызым.Бирок кор болбой оз ордундуу таап,эмгегин менен иштеги ийгилигин менен ,алган билимин менен кайын журтунду женип кеткенин сен учун да окуп отурган бизге окшогон жердештерин учун да чоон жениш деп бил.Торолгон балдарын учун да сенин оз ордунду тапканын ото сыймык.Алар да сени менен сыймыктанып жуздору жарык болот.Мындан да жогору ийгиликтерге жетип,уй булоон менен аман болуп,кыргыздын кызы деген атка татыктуу болуп жашашынды каалап кетем.
#9 26 Февраль 2014 - 12:53
#10 26 Февраль 2014 - 13:20
Живи здесь и сейчас.
#11 26 Февраль 2014 - 13:21
Живи здесь и сейчас.
#12 22 Март 2014 - 16:44
#13 25 Июль 2015 - 00:50
Аялды балдарына калкан, жолдошуна мыкты кожейке болууга жараткан болсо, бул милдеттен качып кайда бармак элек..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#14 27 Июль 2015 - 01:09
Дагы жемелеп кирмей жок динден дагы жазышыптыр башка жакка жаз тата пата деген создордун кажети жок.!
Билдирүүнү түзөткөн: Gulzat86: 27 Июль 2015 - 01:14