Суперстан: Аттардын мааниси, магиясы бул жерде! - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (71 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 27
  • 28
  • 29
  • 30
  • 31
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Аттардын мааниси, магиясы бул жерде! Аттардын маанисин чечишебиз, суруштуробуз.

#561 Пользователь офлайн   Angel92   24 Январь 2014 - 18:44

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 5 107
  • Катталган: 02 Апрель 13
  • Соңку аракети: 13 Дек 2024 13:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Орустун батири

morther (15 Декабрь 2013 - 00:07) жазган:

Жамал деген сөз адамдын жүзү деген маанини түшүндүрөт. Жамалынан нур тамып турган сулуу кыз болсун деген максатта койгон да атыңы.

Ой чоон рахмат,апа!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#562 Пользователь офлайн   Warsaw   24 Январь 2014 - 19:53

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 726
  • Катталган: 10 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 15 Май 2014 20:05
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

Ильгиз деген атты чечмелеп бере аласынарбы? :)
Баарынарды 2о14 жаны жылынар менен чын журоктон куттуктайм, ушул жыл тынчылыктын барчылыктын жылы болсун кыргызстаныбыз онуксун эч жамандык болбосун ошондой эле бойдоктор ушул жылы бир башыбызды эки кылайлы!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#563 Пользователь офлайн   Kg.lady   25 Январь 2014 - 01:26

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 7 580
  • Катталган: 26 Январь 13
  • Соңку аракети: 17 Фев 2025 13:10
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ак монгулуу Ала-тоо

Taifun (19 Январь 2014 - 20:28) жазган:

Menin atym Ernest...chechmelep berip koiosuzdarby?

Ернест деген негизи немистерге таандык ат болуш керек.Ернест Хемингуейдин урматына коюлганго менимче атыныз.

Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.

Байдылда Сарногоев
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#564 Пользователь офлайн   morther   26 Январь 2014 - 23:18

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 273
  • Катталган: 22 Май 13
  • Соңку аракети: 20 Ноя 2018 21:02
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Алыскы кыргыз айылы

lazygirl (27 Декабрь 2013 - 05:30) жазган:

Менин Жанара " атымды да түшүндүрүп бериңизчи Апа! Сүрөт/> (mother эже)
Атам койгон экен ,маанисин сурагам кичинемде, эсимде жок да. Атымын маанисин сурашса эле,таппай калам. Сүрөт/>


Атың жакшы экен кызым.Вулкандуу тоолорду жанар тоо деп коет. Оттой жанган же вулкандай атылып тарсылдаган кыз болсун деген го ата -энең
Унутпа ата-энеңдин кадыр -баркын,
Аларга эч тең келбейт каухар-алтын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#565 Пользователь офлайн   morther   26 Январь 2014 - 23:21

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 273
  • Катталган: 22 Май 13
  • Соңку аракети: 20 Ноя 2018 21:02
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Алыскы кыргыз айылы

Warsaw (24 Январь 2014 - 19:53) жазган:

Ильгиз деген атты чечмелеп бере аласынарбы? Сүрөт


Ильгиз татарлардын аты.Сага Ильгиз Айтматовдой чыгаан уул болсун деп койсо керек
Унутпа ата-энеңдин кадыр -баркын,
Аларга эч тең келбейт каухар-алтын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#566 Пользователь офлайн   lila06   26 Январь 2014 - 23:46

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 79
  • Катталган: 25 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 20 Окт 2014 19:42

Перизат деген кандай мааниде???
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#567 Пользователь офлайн   Warsaw   27 Январь 2014 - 10:43

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 726
  • Катталган: 10 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 15 Май 2014 20:05
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

morther (26 Январь 2014 - 23:21) жазган:

Ильгиз татарлардын аты.Сага Ильгиз Айтматовдой чыгаан уул болсун деп койсо керек

Рахмат эже
Баарынарды 2о14 жаны жылынар менен чын журоктон куттуктайм, ушул жыл тынчылыктын барчылыктын жылы болсун кыргызстаныбыз онуксун эч жамандык болбосун ошондой эле бойдоктор ушул жылы бир башыбызды эки кылайлы!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#568 Пользователь офлайн   avatar   29 Январь 2014 - 23:26

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5
  • Катталган: 22 Июль 10
  • Соңку аракети: 27 Сен 2020 11:25
  • Телефон:+79506000566
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан

Мага Адилет
Бектур
Белек
Деген аттар жакты ушул сыяктуу кыргызча ысымдар болсо жазып койсоңор жакын уулдуу болом баарын окуп чыктым бияктан бирок д-нын кыргызча ысымдар көп болуш керек
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#569 Пользователь офлайн   kutordo   31 Январь 2014 - 11:51

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 82
  • Катталган: 28 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 07 Апр 2014 21:14

Эн биринчи эле ар бир кыргыз озунун улуу эл экенин билуусу зарыл. Улуу десе эле башка улуттарды болуп салуу эмес. Жерге жаралган адамзаттын озогу болгон Кыргыз болгон, андан кийин Индец, Тибет, Еврей эли болушкан. Мына ушуллардан калган улуттар тараган. Андыктан кыргызчылык деген туз Аалам байланыш турган элди Кут Эли деп айтышат. Эми биз оз улуулугубузга кайта турган болсок кыргыздын созу жана ар бир нерсени атоодогу аттары баары оз затына жараша болуп аттардын кучу оз кызматтарын аткарып турган. Создун тируулугун билген улуу эл урпактарына атына заты жарашсын деп ат койушкан. Улуулук жолун анын мыйзамын билгендиктен ак менен каранынын кучторун тен кармап, аны тергоо аркылуу боз деген ат менен тергешкен. Ак боз уйду "боз уй" деп, ак атты "боз ат же куу ат" деп тергешкен. Адамды адам кылып кармап турган осуудо- онуугудогу жана кобойуудогу эки кучтун айырмасын билишкен дагы урпактарына ат койууда мына ошондон жанылбаган. Мисалы аял затынын кучу мээрим нурунан, ал эми эркек заты сабырдуулуктун нуру аркылуу эки куч ар дайым осуудо келген. Андыктан жердин жети катмарынын ички озгунун кучун аял кармап сырткы кучун эркектин кучу кармап турат. Ошондуктан кыз баланын аттарын ар дайым мээримге болоп туруучу "гул" менен аттын аягын аташкан. Аялдын атына заты жарашып мээримдулуугун эч качан жоготпосун деген ниетте, ал эми эркектин ысмын туш тарабы бош болбой баардык жагынан телегейи бек болсун деп " Бек" менен бекитишип койушкан. Бул эки кучтун кучун билген жана бизге улуу белек кылып оз жолундан адашпа деген улуу ататектерибизге таазим болсун.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#570 Пользователь офлайн   Aselina_kg   07 Февраль 2014 - 13:42

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 194
  • Катталган: 16 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 25 Май 2023 09:58

Жакында уул жээндуу болобуз буйруса,атын силер койгула дешти.Кызынын аты Аэлина,уйкаштырып жакшы,маанилуу ысым тандаш керек болуп жатат.

♡♡♡♡♡♡♥♥♥♥♥♥♥♡♡♡♡♡♡
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#571 Пользователь офлайн   KABBAN4IK   09 Февраль 2014 - 14:41

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 547
  • Катталган: 09 Январь 14
  • Соңку аракети: 14 Май 2014 21:13
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Moskva

Фатима деген ат жагат мага негизи эле суннот аттар жагат
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#572 Пользователь офлайн   muxammet   23 Февраль 2014 - 02:17

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 641
  • Катталган: 27 Март 13
  • Соңку аракети: 24 Мар 2014 18:04
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Суперстан!

Бул тема чан басып кетиптирго.
Кана менин атымды ким кандай чечмелейт экен? Нурмухаммед
Важно не то, кем тебя считают...
Важно - кто ты на самом деле
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#573 Пользователь офлайн   atlas   23 Февраль 2014 - 02:38

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 11
  • Катталган: 07 Февраль 14
  • Соңку аракети: 19 Апр 2014 10:20

менин атымыда чечмелеп бериниздерчи. атым Элиза:)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#574 Жолоочу_Kosmopolitka_* 23 Февраль 2014 - 20:22

  • Тайпасы: Жолоочу
  • Соңку аракети:

Nuriya degen ysymym kandai chechmelenet eken.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#575 Пользователь офлайн   Toguzbay   26 Февраль 2014 - 17:35

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 10
  • Катталган: 13 Февраль 14
  • Соңку аракети: 05 Май 2016 12:40
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Саламатсынарбы достор! Мен жакында уулдуу болдум! Уулума ылайыктуу (маанилуу, уккулуктуу) ысым издеп интернеттен таптакыр кыргызча ысымдардын чечмелениши менен таппай койдум. Же мен туура эмес жерден издедимби билбейм... Анан озумо жаккан Асман деген ысымды ыйгардым. Атын сурагандын баары эле "Эмнеге Асман?", "Асман деген ат болобу?"- дей беришип тажатты. Анан баарына ушул форум аркылуу жооп бергенге аракет кылайын деп чечтим... -Ооба, болот! Эмнеге болбойт? Асман дегенимдин себеби коп: 1)Илгертеден ата-бабаларыбыз асманды карап Жараткандан суранган, жалынган (Асман-Кудай эмес, чаташтырбагыла(! ) ) "Адам" деген атка татыктуу, бийик болсун деп, 2) Жер бетиндеги адамзаттын баардыгына асман бирдей (комкоргон казандай) корунот, б.а. байлыгы-бийлиги, мансабы-акчасы барбы же жетим, мусаапыр, карыябы-жашпы баарыбир.. Баардыгына бирдей караган, калыс, адилет болсун деп, 3) Жогору караган адамга асман тупсуздой корунот.. Омуру узун болуп коп жашасын деп, 4) Асман булуттуу болсо дагы, эч бир булуту жок болсо дагы озунчо кооз.. Мандайынан нур тогулгон, келишимдуу болсун деп..
Ушул ысымды ыйгардым! Булар аздык кылса эжесинин аты - Тунук, ошону уланттык :) ! Же жон гана кулакка жагымдуу :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#576 Пользователь офлайн   admin_superstan   26 Февраль 2014 - 17:48

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

"Ысым" темасы менен бириктирилди.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#577 Пользователь офлайн   eldiyarmacho   26 Февраль 2014 - 22:25

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 725
  • Катталган: 21 Апрель 13
  • Соңку аракети: 30 Апр 2023 19:33
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Обл, Жалалабад р, Базар-Коргон с, Таш-Булак

менин атым ЭЛДИЯР татарча ысым мааниси жөнөкөй эле эл даЯР болуп калат экен
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#578 Пользователь офлайн   Gasu   27 Февраль 2014 - 16:44

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 677
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 06 Мар 2014 23:17
  • Жынысы:Белгисиз

Аттардын маанилери:

Айымдардын аттары:
Адия – араб. “белек, сыйлык”
Ажар – “сулуу, сүйкүмдүү”
Аида – араб. “сыйлык, пайдалуу”
Айбике – “ай сымал сулуу”
Айдана – иран. “пакиза, таза”
Айжамал – “ай сымал сулуу”
Алина – байыркы немис. “кең пейил, боорукер”
Алиса – байыркы немис. “наристе”
Айзада – “ай сымал”
Айзия – “айдын жаркыроосу”
Айнагүл – иран. “таза, ак ниеттүү, берилген”
Айнур, Айнура – “айдын нурундай”
Айша – араб. пайгамбарыбыздын аялынын аты “жандуу, жашоону сүйгөн”
Алия – араб. “кадырлуу, урматтуу”
Альфия – араб. “көп жашоочу”
Асел – араб. “бал”
Асем – “сонун, кооз”
Амина – араб. “ишенимдүү, бекем”
Амира – араб. “ханыша”
Аниса – араб. “достукту сүйгөн, жароокер”
Адиля – араб. “адилеттүү, чынчыл”
Азиза – араб. “күчтүү, улуу урматтуу”
Айжан – “ай сымал сулуу”
Асия – араб. “бей-бечарага жардам берген жана аларды айыктырган”
Адина – фарс. “жума же майрам”.
Бибигүл – иран. “гүлдөрдүн ханышасы, гүлдүү ханыша”
Бибинур – иран. “жаркыраган ханыша”
Ботокөз – “ботонун (төөнүн баласы) көзүндөй”
Бузайна – араб. “келбети келишимдүү”
Фаиза – араб. “жеңиш алып келүүчү”
Венера – байыркы мифтердеги сулуулуктун, сүйүүнүн, жаздын кудайы. “сулуулук, кооздук”
Гүлназ – фарс. “кооз, назик гүл”
Гүлбахрам – араб. “жаздын гүлү”
Гүлжахан – иран. “дүйнөнүн гүлү”
Гүлниса – араб-иран. “бардык айымдардан сулуу”
Гүлшара – иран. “сулуу, татынакай жүз”
Гүлзара – иран. “алтындай кооз”
Гүлнара – фарс. “анар гүлү”
Гүланда – иран. “гүлгө окшош”
Камила – араб. “эң сонун, эң алдыңкы”.
Карима – араб. “берешен, кең пейил”
Лейла – араб. “түн”
Латифа – араб. “назик, жумшак”
Лина – араб. “назик”
Наиля – араб. “максатына жете алган”
Нафиса – араб. “кымбат баалуу”
Назия – араб. “оптимист, үмүттүү”
Назира – араб. “кыраакы, сезгич, алтын”.
Дана – иран. “акылдуу, билимдүү”
Дарига – “ой, кандай сонун!”
Дурия – иран. “кооз жибек кездеме”
Жылдыз – түрк тилдери. “асмандагы жаркыраган жылдыз”
Жазира – “кенен, талаадай кеңири”
Жамила – араб. “сулуу, ак көңүл”
Жанна – байыркы еврей. “кудайдан берилген сүйкүмдүүлүк”
Жайна – “жаркыраган, кооздолгон”
Жанар – “жакын, боордош, көздүн нурундай”
Жания – иран. “сүйкүмдүү жан”
Диля – татар. “сулуу”
Динара – араб. Динар “алтын тыйын”.
Зуура – өзбек. Зухра “таңкы шоола”.
Зара – иран. “алтын”
Зарина – иран. “алтын гүлдүү”
Замира – араб. “катылган, жашырылган кыял, чоордо ойногон”.
Зулфия – араб. “өзүнө тартып турган, жылдыздуу, тармал чачтуу”.
Роза – грек. “гүл”.
Рабия – араб. “жаз айы”
Рана – араб. “шайыр”
Рашида – араб. “акылман, көрөгөч”
Рая – араб. “суусунду кандырган”
Раида – араб. “алга умтулган, лидер”
Рабига – араб. “сүйкүмдүү, камырабаган”
Разия – араб. “сүйүктүү, жагымдуу”
Ракия – араб. “өзүнө тартып турган, жылдыздуу”
Раушан – иран. “көрүнүктүү, ачык”
Рахила – араб. “шамдагай, жаны тынбаган”
Рухия – иран. “көтөрүңкү маанай”
Саида – араб. “сыйлуу, урматтуу”
Саулет – араб. “сулуу, жылдыздуу, көрүнүктүү”
Сабира – араб. “чыдамкай”
Сафия – араб. “таза, достукка бекем, жайбаракат”
Сакина – араб. “оор басырыктуу”
Самия – араб. “кадырлуу”
Сальма – араб. “тынч, оор басырыктуу, ынтымактуу”
Салиха – араб. “жакшы, бактылуу”
Самар – араб. “баарлашуучу”
Самира – араб. “баарлашууну колдогон”
Салима – араб. “бузулбаган, дени сак”
Шарифа – араб. “асылзат, нурдуу”
Тахира – араб. “пакиза, таза”
Ясира – араб. “көңүлүнө караган”
Захира – араб. “ачык, жаркыраган”
Зайна – араб. “сулуу, татынакай”
Зафира – араб. “ийгиликтүү, жолу ачык”
Закия – араб. “таза”
Дилара – фарс. “сүйгөнүм, махабатым”
Дилбара – араб. “сулуу, татынакай”
Дина – “дин, ишеним”
Зейнеп – араб. “толук, семиз”
Калима – араб. “жумшак көңүлдүү”
Мадина – араб. шаардын аты
Саида – араб. “бактылуу”
Салтанат – араб. “бийлик, хандын аялы”.
Тахмина – байыркы иран. “баатырдын энесинин аты”.
Фарида – араб. “чанда учуроочу, жалгыз”.
Фатима – “жарык жүздүү”, пайгамбарыбыздын кызынын аты.
Фатина – араб. “ажарлуу”
Галия – араб. “кымбат”
Хурия – араб. “эркин”
Халима – араб. “аралашмасыз, таза”.
Чолпон – түрк тилдери. “таңкы жылдыз”.
Ширин – фарс. “таттуу”.
Шарипа – араб. “кең пейил, ыйык”
Уркия – араб. “абдан жагымдуу”
Феруза – иран. “нур чачкан”
Малика – “ханыша”



"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#579 Пользователь офлайн   Gasu   27 Февраль 2014 - 16:45

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 677
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 06 Мар 2014 23:17
  • Жынысы:Белгисиз

Мырзалардын аттары:
Абай – кыргыз. “ыкыластуу, көңүл койгон”
Автандил – грузин. “мекендин жүрөгү”
Абдулла – араб. “Алланын кулу”
Аббас – “үтүрөйгөн, катуу, сүрдүү”
Азамат – “улуулук, даңк, чыныгы жигит”
Азим – араб. “улуу”
Айдын – “жарык, ачык”
Али – “жогорку, даражасы көтөрүлгөн”
Арман – “үмүт”
Арсен – “эр жүрөк, эрктүү”
Артур – “алп денелүү, күчтүү адам”
Айдар – араб. “арстан”
Аалы – араб. “бийик, көтөрүңкү”
Аалым – араб. “билимдүү”
Аким – араб. “акылдуу”
Алмаз – түрк тил. Алмаз ташы
Асан – араб. “жакшы, келишимдүү”
Аскар – “улуулук”
Аскат – араб. “бактылуулардын бактылуусу”
Атабай – “оокаттуу, бай, популярдуу”
Атабек – “мугалим, тарбиячы”
Ахат – “жалгыз”
Ахмед – араб. “мактоого татыктуу”
Аян – “баарына маалым”
Байсал – “оор басырыктуу, акыл-эстүү, катуу”
Акмат – араб. “даңкы чыккан”
Акбар – араб. “жылдыздуу”
Аваз – араб. “алмаштыруу”
Азат – фарс. “эркин, асыл, укмуш”
Азиз – араб. “урматтуу, кымбаттуу”
Алихан – араб-түрк. “жараткандын укмуштуу арстаны”
Анвар – араб. “нур чачкан”
Абай – “кыраакы, сергек”
Абылай – араб. “ата, чоң ата”
Адил – араб. “адилеттүү”
Аман – “дени сак, сак-саламат”
Амир – “өкүмдар, башкаруучу”
Бакир – араб. “изилдөөчү”
Баян – байыркы түрк. “чексиз бактылуу”
Баят – араб. “ак, агартуучу”
Байымбет – түрк. “башкаруучу”
Бекзат – “ак сөөктөрдүн тукумдары”
Буркан – араб. “себеп, далил”
Гани – араб. “бай, оокаттуу, атактуу”
Бахтияр – фарс. “бактылуу”
Бекболот – “темирдей бек, темирдей башкаруучу”
Болот – түрк тил. “темир, болот”.
Вахид – “жалгыз, өзгөчө”
Даниал – араб. “кудайдын белеги”
Данияр – араб. “жакын, тааныш”
Дияр – араб. “өлкө, аймак”
Дөөлөт – араб. “бакыт, байлык”
Дамир – араб. “көшөргөн, тырышчаак”
Едиге – байыркы түрк. “жакшы, асылзат, укмуш, сонун”
Жунус – еврей. “көгүчкөн”
Жалал – араб. “даңктуу, белгилүү”
Жамбыл – монгол. “мыкты, чыйрак, бекем”
Жамшид – иран. “нур чачкан”
Жанболот – “темирдей жан”
Жолон – “жолу ачык, ийгиликтүү”
Жолдош – “ишенимдүү шерик”
Жуман – араб. “баалуу таш”
Жамал – араб. “Алланын кулу”
Жусуп – еврей. Пайгамбардын аты “сулуу, келишимдүү”
Зайир – араб. “ачык, даана, шексиз”
Иляз – еврей. “күчтүү, колунан баары келген, жардамга келүүчү”
Закир – араб. “кудайды мактаган”
Ибрагим – пайгамбардын аты
Рустам – фарс. “баатыр”
Руслан – түрк тил. “арстан”
Иса – “кудай тарабынан берилген сүйкүмдүүлүк”.
Ислам – “Улуу жаратканга баш ийүүчү”
Исматулла – “Алланын коргоосу алдындагы”
Икрам – араб. “сый, урмат”
Иман – араб. “ишеним, ыйман”
Исмаил – еврей. “Алла укту, туйду”
Искак – еврей. “күлкү, күлүүчү”
Искендер – грек. Александр “коргоочу, жеңүүчү”.
Кадыр – араб. “бардык нерсени жасай алуучу”
Кайрат – араб. “күч, энергия, таң калтыруучу”
Камбар – араб. “чоң күч”
Канат – “канат (бакыттын, ийгиликтин, жардамдын канаты эске алынат)”
Капар – араб. “кечирүүчү”
Касым – араб. “бөлүштүрүүчү, тамактандыруучу”
Карим – араб. “берешен, ак көңүл”
Кемел – “бышкан, эң сонун”
Мухаммед – араб. “мактоого татыктуу”
Максут – араб. “асылкеч, жагымдуу”
Махмуд – араб. “мактоого татыктуу”
Мамажан – “ата-эненин таянычы”
Манап – “ак сөөк, башкаруучу”
Манар – араб. “сигнал, белги”
Манас – “эч нерседен тайманбаган баатыр”
Мансур – араб. “жеңүүчү”
Медет – араб. “жардам, таяныч”
Мурас – араб. “мурас, энчи, мураскор”
Мубарак – араб. “ыйык”
Музаффар – араб. “жеңүүчү”
Муса - араб. пайгамбардын аты “суудан чыгарылган”
Муталип – араб. “талап кылуучу”
Мухит – араб. “океан, айлана чөйрө”
Мажит – араб. “кыйын, баарын жасай алган”
Мурат – араб. “каалаган, самаган нерсе”
Мустапа, Муктар – араб. “тандалган”
Нариман – байыркы иран. “жалындуу аскер”
Надыр – араб. “чанда кездешүүчү”
Назар – араб. “көз караш”
Насыр – “дос”
Нияз – “ырайымдуулук, боорукердик”
Нурлан – “жаркыраган арстан”
Расул – “белги берүүчү”
Ринат – “жаңыланган, жаңыдан төрөлгөн”
Нурсултан – араб. “жаркыраган султан, башкаруучу”
Нурулла – араб. “Алланын гүлү”
Омар – араб. “чыдамкай, турмушка ылайыктуу”
Ороз – түрк. “байлык, бакыт, ийгилик”
Райымбек – араб. “сүйкүмдүү, ак көңүл бек”
Рахман – араб. “жумшак көңүлдүү”
Рашит – араб. “акылдуу, эрктүү”
Сайфуддин – “ишенимдин кылычы”
Сабит – араб. “туруктуу, ишенимдүү”
Садык – араб. “чыныгы”
Самир - “маектеш, маекти колдоочу”
Санжар – “ханзада”
Сираж – “жарык”
Сейит, Сайит – араб. “бактылуу”
Самат – араб. “түбөлүктүү, чеги жок”
Сулайман – еврей. “корголгон”
Сүйүнбай – “кубанычка бай”
Тагай - араб. “эне тарабынан тууган”
Тайыр – араб. “бийикте учкан”
Талип – араб. “билим издеген, студент”
Шамил – “баарын өз ичине камтыган”
Шухрат – “даңктуу, белгилүү”
Талгат – араб. “чөлдө өскөн өсүмдүктүн аты”
Урал – түрк. “сүйүнүч, ырахат”
Замир – фарс. “жүрөк, ынсап, уят”
Казы, Газы – араб. “дин аскери”
Максыт – татар. “каалаган, жагымдуу”.
Малик – араб. “чексиз укуктуу кожоюн, падыша”.
Сабыр – араб. “чыдамкай”
Султан – араб. “бийлик, өлкөнү башкаруучу”
Тариэль – араб. Чыгып келе жаткан күн”
Тимур, Темир – монгол. “темир”
Кудаяр – иран. “кудайдын сүйүктүүсү, досу”
Улан - “азамат”
Хамит – араб. “зыянсыз”
Шарип – араб. “сыйлуу, даңктуу, ыйык”
Шерхан – “күчтүү, арстан сыяктуу”
Ыбырай – еврей. “элдердин атасы”
Элдар – түрк тил. “өлкө башкаруучусу”
Эрболот – “чыныгы эркек”
Эрден – “кымбаттуу баатыр”
Эрдос – “жоопкерчиликтүү дос”
Эржан – “тайманбас, эрктүү, күчтүү”
Эрмек – “оюн, тамаша”
Эсен – “аман-эсен, сак-саламат”
Фарук – “бактылуу”
Халил – “дос, сүйгөн”
Чынгыз – “улуу, күчтүү, колунан бардык нерсе келген”
"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#580 Пользователь офлайн   Feijipiao   27 Февраль 2014 - 16:48

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 042
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 01:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анкара

Алтынай-кандай мааниси Gasu эже
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Мен кыргызмын!
  • Кийинки тема →

  • (71 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 27
  • 28
  • 29
  • 30
  • 31
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 2 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 2, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 29 Июн 2025 01:05

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: