Лаа Илааха Илоллох Мухаммадур Расулоллох.
Момун мусулмандар аллах бар ага ишениниздер.
Аллах бул «Жоктон бар кылуучу,Бардан жок кылуучу»зат,
иншаалах.
Улуу Жаратуучунун бар экени чындык! Биз Аллахка ишенебиз жана тооба кылабыз,
#202 27 February 2014 - 21:02
Илим жана дин
.
«Дин жана илим» деген түшүнүктөр жөнүндө айрымдар адегенде эле «экөө таптакыр эки башка нерсе» деп, бири-биринен ажыратып карашат. Өзгөчө илимдин булагы дегенде Чыгыштын илимге чыйыр жол салган чыгаандарын эстен чыгарып, дароо эле Европа менен Американы элестетебиз. Ал эми дин дегенде эскирген түшүнүк, эскичил, заманбап илим-билимден кабары жок сабатсыз, түркөй адам катары селде оронгон молдону түшүнөбүз. Чындыгында илимден да, чыныгы динден да кабары бар айрым инсандар илим менен дин бири-бирин толуктап келгендигин, илим – исламдын жашоосу, ыймандын түркүгү, илим алуу аял-эркекке бирдей парз экендигин, илим менен дин эч качан бири-бирине карама-каршы келбестигин айтышат. Ал гана эмес, чыныгы дин – илим үчүн ар дайым жол баштаган шам чырак болуп, экөө эриш-аркак ажырагыс бир бүтүн күч сыяктуу адамзатка кызмат көрсөтүп келет.
.
Ислам дининде илим түшүнүгү
«Билүү», «аңдоо» маанисин билдирген «илим» сөзү бул – сабаттуулуктун даңгыр жолуна түшүүнү, даанышмандыкка сүңгүүнү, жашоонун түйүндүү маселелерин чечүүнү да туюнтат. Ал эми терминологияда «белгилүү бир тармакка таандык системалуу билим жыйындысы» деген маанини туюнтат.
.
Ыйык Куранда «илим» сөзү туундулары менен биргеликте 750 жолу кайталанып айтылат. Айрыкча анда илимге, акылга байланышкан сөздөр байма-бай эскерилет. Ислам дини илим-билимге, окууга өзгөчө маани берген. Тарыхка үңүлүп карачу болсок 14-кылым мурун окуганды, жазганды билбеген Азирети Мухаммед (с.а.в.) пайгамбарга Жараткандын ыйык кабары эң оболу «Оку!», тактап айтканда, «оку, билимдүү, сабаттуу бол» деген мааниде билдирилген. .
Анда төмөнкүчө буйрулган: «Оку! Жараткан Эгеңдин аты менен. Ал адам пендени уюган кандан жараткан. Оку! Сенин Эгең абдан Айкөл, Жоомарт. Ал инсанга калем менен жазууну үйрөткөн. Ал инсанга анын билбеген нерселерин билдирген» (Алак сүрөсү, 1-5-аяттар).
.
Көрүнүп тургандай ислам дининде Алла таала адам пендесине кандайдыр бир нерсени, кайсыл бир багытты же болбосо аны эмес муну «оку» деп, илимди чектеген эмес.
Негизинен Куран ар дайын алдыда келет, ал эми илим аны ээрчип жүрөт. Астрофизика, эмбриология, батоника, астрономия жана башка көптөгөн илим тармактарынын алгачкы булагы Куран болуп эсептелет. Куран ар дайым жараян эткен жана боло турган иш-аракеттердин маңызындагы аялуу сырларды, даанышмандыкты жар салат. Кудай таала бардык илимдерди ал тургай жаратылыштын эрежесин, мыйзамын өзгөргүс кылып жараткан. Куран болсо ошол илимдердеги эреже, мыйзамдардагы түгөнгүс даанышмандыкты маалымдайт.
.
Арийне, 14-кылым мурун Куранда болгондугу жана боло тургандыгы тастыкталган айрым факторлор окумуштуулардын кызыгуусун арттырып келет. Маселен, Куран китебинде күн системасы тууралуу сөз болот. 16-кылымга чейин жер күндү айланабы же күн жерди айланабы деген суроонун айланасында талаш-тартыш күчөп келген. Жадагалса «Жер шары күндү айланат» деген көз карашы үчүн окумуштуу Флорида Галилейди Инкивизация соттоп, Галилейди өлүм жазасына буйруйт. Галилей: «Макул, мен сөзүмдү кайтарып алдым. Жер шары айланбайт» деп артка чегинет. Ал сот залынан чыгып баратып досторуна: «Силер менин жанакы сөзүмө маани бербегиле. Мен айланат, айланбайт десем дагы жер өз огунда айлана берет» дейт. Галилей бул илимий пикирди Исламдын Аббасий доорунда жетилген аалым, окумуштуулардан алган.
.
Ымыркайдын эне курсагындагы өсүү этабы 18-кылымда гана араң белгилүү болду. Ал эми бул тастыктоо куранда айтылган. Жараткан Вакиа сүрөсүндө учу кыйырсыз жайларга (ант берем деген таризде) ант эткен. Көк асмандын учу кыйырсыз кеңдигин, жылдыз менен жылдыздын ортосундагы аралык өтө узак экенин билдирген. Мына ушуга окшогон ачылыштардын баары кийин ачылып жатат. Демек, Куран жана анын бүткүл маани-маңызы биринчи кезекте турат. Илим болсо, жаңы ачылыштары менен ар дайым аны тастыктап келет.
.
Ислам аалымдарынын илимге кошкон салымы
.
Абу Бакир Закария ар-Рази. 10-кылымда жашап өткөн бул аалымдын латын тилинен которулган он томдук «Китабу ат-Тибб» жана медицина энциклопедиясы болгон «Аль-Хави» аттуу эки эмгеги дүйнөгө белгилүү. Ар-Рази чечек жана кызамык ооруларына каршы алгачкы эмдөөнү жүргүзгөн. Дененин ысытмасынын жогорулашына каршы муздак суу менен төмөндөтүү жолун колдонуп, тажрыйба жүргүзгөн. Горчицаны ойлоп тапкан. Ооруканалардагы эң алгачкы оорулууларды каттоо системасын түзгөн.
.
Ибн Сина. Бухаралык бул философ жана дарыгер медицинага тиешелүү «Аль-Канун фит-Тибб» аттуу эмгегин жазган. Чыгышта «Башфилософ», батышта «Авиценна» деген ат менен даңкы далайга чыккан бул китеп орто кылымдарда Европада окуу курал катары колдонулган. Кан азык ташыган суюктук экендигин, кайнатуу жолу менен суунун тазаланышын, суу, топурак аба аркылуу вирустун тарарын жана вирустун бар экенин биринчилерден болуп далилдеген. Кандагы шекерди таап, кант оорусун дарылаган. Операция учурунда дененин ооруну сезбеши үчүн анесентезияны ойлоп тапкан.
.
«0» цифрасын ойлоп тапкан Мухаммад бин Ахмад. Нолдун табулуусу математика илиминде өтө чоң өзгөрүүлөрдү жана жеңилдиктерди алып келген. Математика дегенде эң алгач эске келе турган адам аль-Хорезми жана анын эң белгилүү «Хусабу аль-жабр ва аль-Мукабала» аттуу китеби саналат. Бул эмгегинде барабарлоо жана интеграл эсептөөлөр тууралуу жазган. Учурдагы математиканын бөлүмдөрү катары каралган «алгебра» жана «логарифимди» киргизген.
.
Математика. Мусулман илимпоздор мурунку маданияттардан алган математика илимин кеңейтип, кемчиликтерин толуктап, маанилүү ачылыштарды жасашкан. Европалыктар учурда колдонуп жатышкан цифраларды мусулмандардан үйрөнүшкөн. Ал эми мусулмандар, индустардан алып, колдонууга жарактуу кылышкан. Ошол учурда европалыктар рим цифрасын колдонушчу.
.
Ботаника.
Ислам аалымдары ботаника илимин «Илму аль-набаат» деп аташкан. Өсүмдүктөрдүн түрлөрүн изилдеп жазышкан. Абу Ханифа Динаваринин «Китабу ан-наабат» аттуу эмгеги ботаника тармагында жазылган илимий эмгектердин эң белгилүүсү. Химия. Абу Закария, Инбул Хасам, Байруни сыяктуу атактуу аалымдар химиялык 18 элементтердин жекече салмактарын өлчөгөн так аспаптарды жасашкан жана көптөгөн элементтерди, булардын татаал кошулмаларын табуу менен ары химия илимине чоң салымын кошкон. Жабир ибн Хайян металлдардын аралаштыруу жана болотту чыгарууну, күкүрт менен нитрат кислотасын таап, коргошун карбонатын жасаган. Бул аалымдын эмгектерин бир нече кылымдар бою Европада окуу курал катары окутулуп келген.
.
Физика.
Мусулмандардын физика илиминде дагы чоң салымдары бар. Ибн Хайсам жарык нурунун сынуусу, нурдун жаңырышы жана күзгүлөр тууралуу жаны ачылыштарды жасаган. Аль-Кинди жердин тартылуу күчү жана нерселердин жерге түшүүсү жөнүндө көптөгөн изилдөөлөрдү жүргүзгөн. Байруни жарыктын ылдамдыгы нурдун ылдамдыгынан тез экендигин тапкан. Саатты эң биринчи мусулмандар колдонгон. Европалыктар саат колдонууну жана мылтык дарысын жасоону мусулмандардан үйрөнүшкөн.
.
Астрономия.
Улугбек, Насрудин Туси, Абу аль-Вафа, Заркали сыяктуу аалымдар астрономия илимине көптөгөн салымдарын кошуп, күндүн бетинде тактар бар экендигин, жердин тоголок шар түрүңдө болгондугун, бир окто айланарын жана атмосферанын катмарларын аныкташкан. Бул аалымдар астрономия илимине жол чыйыр салгандардан болуп саналат.
.
Медицина.
Ислам дини адам баласынын ден-соолугуна аябай көңүл буруп, өтө кылдат маани берет. Азирети Мухаммед пайгамбарыбыздын медицина боюнча кеңештери мусулмандарга медицина илимин үйрөнүүгө дем берген. Алгач Багдадта, кийинчерек башка аймактарда ооруканалар жана дарыканалар курулган. Ар кандай заттар менен өсүмдүктөрдүн дарылык касиеттерин изилдешкен жана дарылоодо колдонушкан. Бирунинин «Китабус сайдала» жана Ибн аль-Байтардын «аль Жами ли муфрадату аль-Адвия» аттуу эмгектери фармакология тармагында тиешелүү табылгыс китептер.
.
Философия.
Ислам булактарында филасофия илими «хикмат», ал эми философ «хаким» деп айтылат. Аль-Кинди тарабынан башталган филасофия илими Аль Фараби тарабынан өнүктүрүлүп, Ибн Сина жана Ибн Рушид тарабынан улантылган. Филасофия калган илимдерди өз ичине камтыгандыктан, ошол кездеги философтор табият илимдери менен да алектенишкен.
.
Мына ушундай илим менен динди шайкеш алып жүргөн аалымдарыбыздын эмгектери, салымдары жана ачылыштары басып өткөн жолунда бизге калтырган алтын мурастар. Албетте дин деген эски түшүнүк эмес. Тескерисинче динде айтылган айрым түшүнүктөр мезгилдин өтүшү менен илимий негизде тастыктала берири бышык.

Кай жерде болбо, ар дайым, ар качан, туболукко журогумдо жашайсын.
#203 27 February 2014 - 22:11
Жакшы маалыматар,
бизге дагы деле болсо сыр сандыктар ачыла элек, окумуштуулар деле айтып жатпайбы биздин Аалам отто кылдатык менен ойлонуп тузулгон бирин бири толуктап турат..!
Көтөр башты улутташым, кандашым!!!
Сен баарын түшүнүп бүткөнүңдө мен сенден такыр алыста болом!!!
forget them,and rest your life ehuuu. ;)..)

#205 01 March 2014 - 06:36
#206 01 March 2014 - 06:39
#207 01 March 2014 - 06:49
#208 02 March 2014 - 14:14
АЛЛАХ БҮТ ЖЕРДЕ
Harun Yahya Facebook
.
Адамдардын кээ бирлери өздөрүн, заттарды, чөйрөлөрүндө көргөн дүйнөнү абсолюттук нерселер деп ойлошот. Аллахты болсо (Аллахты аруулайбыз) бул абсолюттук материяны, заттарды курчаган бир кыял, элес сыяктуу элестетишет. Же болбосо, Аллахты көздөрү менен көрө албаганы үчүн «Аллах биз көрө албаган бир жерде, космостун же асмандын алыс бир жеринде болсо керек» дешет. (Аллахты аруулайбыз) .
Булардын баары чоң жаңылыштык.
Себеби Аллах жалаң гана асмандарда эмес, бүт жерде. Аллах жалгыз абсолюттук зат катары бүт ааламды, бүт адамдарды, жерлерди, асмандарды, бүт жерде ороп курчаган жана Аллах бүт ааламда көрүнүүдө. Хадистерде риваят кылынганына караганда, Пайгамбарыбыз (сав) «Аллах асманда» деп айткан бир адамга туура айтканын билдирген. Бирок бул риваят Аллахтын бүт жерде экендиги чындыгы менен эч кандай карама-каршы келбейт. Себеби, дүйнөнүн сиз жашаган чекитиндеги бир адам колдорун асманга көтөрүп, Аллахка дуба кылса жана Аллах асманда деп ойлосо, түштүк уюлдагы башка бир адам да ошол сыяктуу Аллахка кайрылса, түндүк уюлдан бир адам колдорун асманга көтөрсө, Япониядагы бир адам, Америкадагы бир адам, Экватордогу бир адам да ошол сыяктуу колдорун асманга көтөрүп, Аллахка дуба кылса, мындай абалда кандайдыр бир туруктуу багыттан сөз кылуу мүмкүн эмес. Ушул сыяктуу ааламдын жана космостун ар кандай жерлериндеги жиндер, периштелер, шайтандар да асманды карап дуба кылса, кандайдыр бир туруктуу асман чекитинен же багытынан сөз кылууга мүмкүн болбойт, бүт ааламды каптаган бир абал болот.
.
Бирок муну да унутпаш керек, Аллах убакыт жана мейкиндикке көз-каранды эмес, андай кемчиликтерден аруу. Аллахтын Заты башка. Аллахтын көрүнүштөрү болсо бүт жерде. Бир адам бир бөлмөгө кирсе жана ал жерде Аллах жок десе, Аллахтан баш тарткан болот. Аллахтын көрүнүштөрү ал бөлмөдө да, бүт жерде. Сиз кайсы тарапка бурулсаңыз, Аллахтын көрүнүштөрү ошол тарапта. Аллахтын бүт нерсени ороп-курчагандыгы, бизге күрөө тамырыбыздан да жакын экендиги, кайсы тарапка бурулсак, Аллахтын жүзүнү көрөөрүбүз көптөгөн Куран аяттары аркылуу билдирилген. Мисалы, Аллах Бакара Сүрөсүнүн 255-аятында «... .
Анын күрсүсү бүт асмандарды жана жерди каптап-курчаган. ..» деп билдирүүдө. Худ Сүрөсүнүн 92-аятында болсо «... Шек жок, менин Раббим кылып жатканыңарды ороп-курчаган. » деп айтылуу менен Аллахтын адамдарды да, кылган иштерин да курчап турганы билдирилүүдө.
Куранда да билдирилген чындык ачык:
.
Аллах жалаң гана асмандарда эмес. Аллах бүт жерди ороп-курчаган. Бул маалымат бизге Куран аркылуу берилүүдө. Заттын аркасындагы сыр менен байланыштуу чындыктын түшүндүрүлүшү бул аяттардын адамдардын жакшыраак түшүнүшүнө жана кабыл алышына себепчи болот. Заттын, материянын абсолюттук нерсе эмес экенин түшүнгөн адамдар Аллахтын дайыма бүт жерде экендигин, дайыма аларды көрүп жана угуп тураарын, бүт нерсеге күбө экендигин жана аларга күрөө тамырларынан да жакын экендигин, бардык дуба кылгандардын дубаларын угаарын толугу менен түшүнүшөт.
.
.
Бул тема менен байланыштуу кээ бир Куран аяттары
.
Чыгыш дагы, батыш дагы Аллахка таандык. Кайсы тарапка жүз бурсаңар, Аллахтын Жүзү (кыбыласы) ошол жакта. Албетте, Аллах, курчоочу, билүүчү. (Бакара Сүрөсү, 115)
.
Аллах... Андан башка илах (сыйынууга татыктуу зат) жок. Ал – тирүү, Кайуум. Аны уйкусуроо жана уйку тартпайт. Асмандарда жана жерде эмне бар болсо, баары Аныкы. Анын уруксаты болбостон, Анын кабатында шапаат кылуучу ким? Ал алдыңардагыны жана артыңардагыны билет. (Алар болсо) Ал каалагандан сырткары, Анын илиминен эч нерсени түшүнүп-аңдай алышпайт. Анын күрсүсү бардык асмандарды жана жерди курчап турат. Аларды коргоо Ага оор эмес. Ал – абдан улук, абдан бийик. (Бакара Сүрөсү, 255)
.
Бир кезде Биз сага: «Раббиң адамдарды ороп турат» дегенбиз. Биз сага көргөзгөн ал түштү адамдарды сыноо үчүн кылдык, Куранда каргыш айтылган даракты да. Биз аларды коркутабыз. Бирок бул (коркутуу) алардын ашынган каапырлыгын гана көбөйтөт. (Исра Сүрөсү, 60)
.
Асмандарда жана жердегинин баары Рахман (болгон Аллах)ка кул-пенде болуп гана келишет. Ант болсун, алардын баарын курчаган жана алардын анык эсебин алып (санап) койгон. (Мерйем Сүрөсү, 93-94)
.
Жана башка (канчалаган нематтар бар), силер аларга азырынча ээ боло албайсыңар. Чындыгында Аллах аларды ороп алган . Аллах ар нерсеге Кудуреттүү. (Фетих Сүрөсү, 21)
.
Аллах болсо аларды(н бардык иштерин) камтып-ороп турат . (Буруж Сүрөсү, 20)
.
Ант болсун, инсанды Биз жараттык жана напсинин ага кандай азгырыктар берип жатканын билебиз. Биз ага күрөө тамырынан да жакынбыз . (Каф Сүрөсү, 16)
.
Эгер силерге бир жакшылык жетсе, бул аларды капа кылат. А эгер силерге бир жамандык жетсе, муну менен сүйүнүшөт. Эгер силер такыбаа болсоңор жана сабыр кылсаңар, алардын айлакерлиги силерге эч кандай зыян жеткирбейт. Шек жок, Аллах кылып жаткандарын ороп алган. (Ал-и Имран Сүрөсү, 120)
.
Алар адамдардан жашырышат да, Аллахтан жашырышпайт. Чынында, алар түндөлөрү жашынып алып, Аллахка жакпаган нерсени (пландап) куруп жатканда, Ал (Аллах) алардын жанында болот. Аллах, кылгандарын ороп алган. (Ниса Сүрөсү, 108)
.
Асмандарда жана жердегинин баары Аллахтыкы. Аллах бүт нерсени ороп-курчап алуучу. (Ниса Сүрөсү, 126)
.
Мекендеринен текеберленип, адамдардын көзүнө шаан-шөкөттөнүп чыккандар жана Аллахтын жолунан тоскондор сыяктуу болбогула. Аллах алардын бардык иштерин ороп-камтып алуучу. (Анфал Сүрөсү, 47)
.
Айтты: «Оо, коомум, силерге менин уруу-жамаатым Аллахтан да кадырлуубу? Аны(н буйруктарын) артыңарга таштап койдуңар. Менин Раббим бардык ишиңерди ороп алуучу» . (Худ Сүрөсү, 92)
.
Көңүл бургула, чындыгында алар Раббилерине жолугуудан терең шектенишүүдө. Көңүл бургула, чындыгында Ал бүт нерсени ороп-курчоочу . (Фуссилет Сүрөсү, 54)
.
.
УРМАТТУУ АДНАН ОКТАРДЫН ТАГДЫР ЖАНА АЛЛАХТЫН БҮТ ЖЕРДЕ ЭКЕНДИГИ ЖӨНҮНДӨГҮ СӨЗДӨРҮ
.
Аднан Октар
Аднан Октар: Адамдар эң көп ойлонгон, сөз кылган темалар – бул Аллахтын бар экендиги, өлүм, акыретте эмне болот, тагдыр сыяктуу темалар. Адамдар канчалык сездирбесе да, бул түнү-күнү алардын ойун ээлеген тема. Себеби телевизордо күн сайын бир адамдын өлүмү менен байланыштуу кино болот. Жок дегенде бир курттун өлгөнүн көрсө да, бир адам өлүмдү эстейт, өзүн ойлогондо да өлүмдү эстейт. Тагдыр темасында көп кыйынчылыктары бар. Мисалы, ушунча түшүндүргөнүмө карабастан, дагы эле каршы пикир айткандар бар, кайра түшүндүрүшүүдө. Мындай дешет, «Албетте, Аллах бир тагдыр жараткан. Күлли (жалпы) эрк (Аллахтын эрки) бар, бирок ошондой эле жүзи (жекече) эрк дагы бар» башкача айтканда, «Аллах, хаша (Кудай сактасын), контроль эте албаган бизге тиешелүү кичинекей бир күч бар» дешүүдө «бизге тиешелүү». Башкача айтканда, биздин эмне кылаарыбызды Аллах билбейт, же билет, бирок так эмес, бозомук билет. Жана биз бир нерсени кылганда, Аллах бизге эки жолду көрсөтөт, бирок биздин кайсы жолду тандаарыбызды, кайсы жол менен жүрөөрүбүздү билбейт. Биз жүзи эркибиз менен, хаша, ал жолду тандайбыз. Аллахка да, хаша, бул бир сюрприз болот, алгачкы жолу көрөт жана натыйжада Аллах бизди сынаган болот, түшүнөт. Мындай нерсе жок. Жүзи эрк да, күлли эрк да, экөөсүн тең Аллах жараткан. .
Караңыз, жалгыз бир көз ирмем бар. Жалгыз бир көз ирмем деген эмне? Чексиз кыска убакыт. Башкача айтканда, көз ирмем деген нерсе – чексиз кыска убакыт. Чексиз кыска убакыт, көз ирмемде Аллах чексиз өтмүштү жана чексиз келечекти жаратып бүтүргөн. Башкача айтканда, кыла турган эч нерсе жок, сен кыла турган эч нерсе жок. Мындай учурда сенин жүзи эркиң кандайча тагдыр ичинде болбойт? Ошондуктан, мындай бой көтөргөн жана өзүн, хаша, Аллах сыяктуу көргөн кээ бир адамдар бул теманы эч акылына, жүрөгүнө сиңире алышпоодо. Аллахтын жүзи эркти да, күлли эркти да жараткан болушу алардын бир жерине тийүүдө, таң калыштуусу.
.
Алар тынчсызданган экинчи тема болсо – Аллахтын бүт жерде болушу. Аллахтын асманда болушун каалашууда. Асманда бир жерде, белгилүү бир чекитте болушун каалашууда. Асмандын бүт жеринде да эмес. Асманда белгилүү бир чекитте. Чексиздикке салыштырганда, демек жок сыяктуу бир жерде. Себеби, чексиздикке салыштырганыбызда, кандайдыр бир жерде болгон канчалык чоң болсо болсун, бир көлөмгө ээ болгон бир нерсе чексиз кичинекей, ошондой эмеспи, чексиз кичинекей, биз албетте мындай ишеничтен алыспыз. Бар, бирок, кичинекей. «Аллах», мисалы дейт, өткөндө бир курдаш жазыптыр, «эгер- дейт – Аллах бөлмөнүн ичинде болсо, жана биздин бүт жерибизде, денебизде болсо, анда биз өзүбүз да Аллах болгон болобуз» дейт хаша. Биз Аллахтын Затына сыйынабыз. Көрүнүшү болуу башка, ошондойбу, Аллахтын Заты башка. Биз Аллахтын Затына сыйынабыз. Албетте, биз Аллахтын бир көрүнүшүбүз жана бүт жерде Аллах бар. Биздин денебиздин ичинде да бар. Бул адам каалабоодо, денесинин ичинде Аллахтын болушун. Ошондуктан, бөлмөнүн ичинде да болушун каалабоодо. Каерде болушун каалоодо, асманда жана абдан абдан алыстарда. Катриллиондогон киллометр алыста бир жерде, ошол жакта болушун каалоодо, хаша. Бул эмнеге мындай болушу керек, эмне үчүн мындай ойго муктаж болушууда, муну түшүнгөн жокмун. Демек, сурасаң, Аллах бул жерде барбы десең жок дейт бул адам. Каякта, асманда, бирок бул жерде Аллах жок дейт. Ошондуктан дүйнөдө да жок дейт, Аллах, «Аллах асманда, бирок бул жерде жок. Маалыматы гана жетет» дейт «Аллахтын Өзү жок» дейт. «Биз абсолюттук нерселербиз» дейт «Аллах көлөкө зат». Мен кичинекейимде укчумун, «Аллахты далилде» дешчү. Сен телевизордун сүрөттөлүшүн көрсөтө аласыңбы, мобул радионун үнүн көрсөтө аласыңбы?», же болбосо, «акылыңды көрсөтө аласыңбы, акылыңдын ичин көрсөтө аласыңбы, акылыңды көрсөтө албайсың, ошол сыяктуу Аллахты да көрсөтө албайсың» деген сыяктуу түшүндүрүшчү. .
Туура, Аллах көрүнбөйт, Ага тийе албайсың, көрүнбөйт, бир нерсе эмес, бир мейкиндиги болгон, убактысы болгон бир зат эмес, убакыт жана мейкиндиктин тышында. Бирок, мындай адамдардын мындай деп айтуудагы максаты такыр башка. Мисалы, айтышууда, бир кичинекей кыз бар экен, Расулуллах Пайгамбар келиптир (сав), Аллах каерде дептир, Аллах асманда дептир, туура айттың дептир Пайгамбар (сав). Муну далил катары көрсөтүп, Аллахтын асманда экенине ишенишүүдө. Мейли, Аллах асманда, бирок колуңду көтөргөндө, асманды көздөй көтөргөнүңдө, ал кыз Арабияда. Түндүк уюлда бир адам да асманга колун көтөрүп, Аллахка дуба кылат, түштүк уюлда да, туурабы, экватордо да бири колун көтөрөт, башкача айтканда, дүйнөнүн, жер шарынын бүт айланасындагы адамдардын баары колдорун жогоруга көтөрөт. Марста, Уранда, башка бүт системаларда бүт жандыктар колдорун асманга көтөрүшөт. Бул учурда космос мейкиндигин толугу менен каптаган бир абал болбойбу, туурабы? Бүт жерде колдорун көтөрүшкөндө, бүт айлана асман болот, туурабы? Мисалы, Марстагы бир адам үчүн асман дүйнө болуп калат, ошол эле учурда, туурабы, колун көтөргөндө, жерди көздөй көтөргөн болот. Дүйнөдөгү бир адам колун көтөргөндө, башка планетаны көздөй көтөргөн болот. Натыйжада 360 градустун баарын камтыган бир абал болгон болот. Мисалы, кара, буга акылдары жетпептир. Муну айтканымдан кийин, тык токтотушту бул адамдар мындай туура эмес ишенимдерин. Бирок, дагы эле ар кайсы бурчтан ушул сыяктуу ишенимдеги адамдар чыгып калат, ушундай түшүндүрмөлөрдү жасаган. Дагы эле жүзи эркти жактагандар бар. Тууганым, туура жүзи эрк бар, бирок тагдырдын ичинде бар. Аллах жараткан тагдырдын ичинде бар. Тагдыр ичинде жараткан, бүткөн. Сен ал жерде тандайсың, сен өзүң тандайсың, бирок бул сенин тагдырыңда болгон болот. Ошондуктан, сенин, хаша, Аллахка сюрприз кылуу мүмкүнчүлүгүң жок, Аллах билбеген бир нерсени жасай албайсың. Бар болгон, жашалган нерсени дагы бир жолу жасайсың, жасаган болосуң, болгону ушул.
.
2010-09-18 20:54:28

#209 02 March 2014 - 14:18
Аллахтын кудуретин толугу менен түшүнүү кандай болот?
Harun Yahya Facebook
.
.
Адам ар күнү ойгонгондон баштап эле, Аллахтын ага берген ниметтерин (жакшылыктарын) көрө баштайт. Дем ала алат, көрө алат, уга алат, ойлоно алат, жүрөгү согот, клеткалары жаңыланат. Курсагы ачат, тамак жейт, андан ырахат алат, кубат алат. Суусайт, суусунун кандыра алат. Сүйлөй алат. Булар Аллахтын инсан үчүн жараткан жакшылыктарынын болгону бир канчасы гана. Жакшылыктарды баалай алган инсан үчүн эң негизгиси Аллахтын күчүн толугу менен түшүнө билүү болуп саналат. Себеби, Аллахтын урматы аябай бийик, бардык нерсенин ээси, жаратуучусу. Аллахты бийик сыпаттары менен ойлонуп, аны таанып билүүгө аракет жасоо керек.
.
Аллах Ыйык Куран аяттарында урматынын бийик экендигин төмөнкүчө билдирет:
.
Алар Аллахтын кудуретин акысына жараша (толугу менен) аңдап түшүнүшкөн жок. Чындыгында, Кыямат күнү жер толугу менен Анын уучунда, асмандар да оң колу менен түрүлүп бүктөлгөн болот. (Зүмер Сүрөөсү, 67).
.
Ааламда, инсандын жаратылуусунан кыяматтын ишке ашуу баскычтарына, асмандардын жаратылуусунан деңиздер жана тоолордун жаралуусуна чейинки ар бир окуяда кереметтүүлүк жана чексиз күч бар. Жана бул күч-кудурет бийик акылга ээ Аллахка гана тиешелүү. Аллах адамдарга китептер түшүргөн жана пайгамбарлар жөнөткөн. Ал Өзүнүн бийиктигин жараткан жандуулардагы окшошу жок чеберчилиги жана илими менен жана китептери, пайгамбарлары аркылуу бизге таанытууда. Адамдын милдети болсо, Аллахтын улуулугун, кудуреттүүлүгүн зарыл болгон деңгээлде аңдап түшүнүү үчүн мүмкүн болушунча терең терең ой жүгүртүү.
.
.
Жаратылуу максатыбыз эмне?
.
Жаратылуу максатыбызды Аллах бизге Куранда мындайча билдирет:
.
...инсандарды Мага ибадат кылуулары үчүн гана жараттым. (Зарият Сүрөөсү, 56).
.
Бул аятта бизге билдирилгендей, инсандын жер жүзүндө жашоосунун максаты жалгыз гана Аллахка пенделик (кулдук) кылуу, Ага ибадат кылуу (сыйынуу), Анын ыраазычылыгына ээ болуу болуп саналат. Инсан бул дүйнөдөн көзү өткөнгө чейин ушул багытта сыналат. Аллах дүйнөдө Ага ыйман келтиргендер менен ыйман келтирбегендерди бири-биринен айырмалоо жана ыйман келтиргендердин кайсынысынын көбүрөөк жакшы иштерди жасай тургандыгын аныктоо үчүн инсандарды сынайт. Ошондуктан, бир инсандын «мен ыйман келтирдим» деп айтышы жетиштүү эмес. Адам жашоосу боюнча Аллахка болгон ыйманы жана жакындыгы, диндеги туруктуулугу, кыскача айтканда, Аллахка кулдук кылуудагы сабыры менен атайын жаратылган шарттар жана абалдар менен сыналат. Аллах бул чындыкты бир аятында мындайча билдирет:
.
Ал, амал (иш-аракеттер) жагынан кайсынардын жакшыраак экендигин сыноо үчүн өлүмдү жана жашоону жаратты. Ал бийик жана кудуреттүү, абдан кечиримдүү. (Мүлк Сүрөөсү, 2).
.
Аллахка кулдук кылуу болсо инсандын бардык жашоосун Аллахтын ыраазычылыгына ээ болуу максаты менен жашоосу болот. Кылган ар бир ишин Аллах ыраазы боло турган эң жакшы негизде жасоого аракет кылышы, жалгыз Аллахтан коркуп тартынышы жана бардык ойлорун, сөздөрүн, кылган иштерин бул максат негизинде жасашы болот.
.
«Так (толук) илим менен ыйман» деген эмне?
.
Бир инсан колун отко сунганда күйүшүн билет, мындан эч кандай күмөнү жок. «Чындап эле күйөт болду бекен?» деп ойлонбойт. Демек, бул киши оттун колун күйгүзөөрүнө толук билүү менен ишенет. Куран аяттарында болсо «толук (так) илим менен ыйман» жөнүндө төмөнкүдөй айтылат:
.
Бул (Куран) инсандар үчүн нуру менен Аллахка багыттаган аяттар, так толук илим менен ишенген бир коом үчүн бир хидаят (туура жол) жана бир Аллахтын рахматы (белеги). (Жасийе Сүрөөсү, 20).
.
Так толук илим менен ыйман келтирүү – жогорудагы от мисалындагы сыяктуу так толук бир ишеним менен, эч кандай күмөн санабастан, ошол учурда айланасында көргөн, сүйлөшкөн нерселер сыяктуу чындык экендигине так ишенүү менен Аллахтын бар жана жалгыз экендигине, Кыямат күнүнө, бейиштин жана тозоктун бар экендигине ишенүү болот. Так толук билүү менен ыйман келтирүү адамдын ар бир аракетин, жашоосунун ар бир көз ирмемин жалгыз гана Аллахты ыраазы кылуучу негизде өткөрө турган бир жүрөккө багыттайт. Аллах Андан корккон инсандын жүрөгүнө ар дайым сөзсүз эң туура болгон кадамды илхам кылат. Унутпашыбыз керек, көбүнчө инсандын жүрөгүндө эң алгач келген үн туураны туура эместен айырмалоочу уяттын үнү жана Аллах ыраазы боло турган кадам эң алгач угулган добуштун айтканы болот. Ошентип, Аллахтан корккон инсандар жүрөктөрүнүн, совесттеринин үнүн угуу менен туураны таба алышат.
Бир нерсени «пут кылып алуу» деген эмне?
.
«Пут кылып алуу» эл арасында ар кандай айкелдерге сыйынуу катары гана түшүнүлөт. Чындыгында, бул сөздүн кеңири мааниси бар жана өткөн замандарга гана тиешелүү көрүнүш эмес. Бир нерсени өзүнө пут кылып алган инсандын сөзсүз түрдө пут кылып алган нерсени «бул бир илах (сыйынууга татыктуу зат), мен буга сыйынуудамын» деп айтышы же ал нерсеге сежде кылуусу (алдына жыгылуусу) шарт эмес. Пут кылып алуунун негизинде адамдын бир нерсени же бир адамды Аллахка алмаштырып алышы жатат. Мисалы, бир адамдын ыраазычылыгын Аллахтын ыраазычылыгына алмаштыруу, бирөөдөн Аллахтан корккон сыяктуу коркуу же бирөөнү же бир нерсени Аллахты сүйгөн сыяктуу сүйүү. Куранда Аллах адамдардын Ага шерик кошкон путтарынын аларга бир пайда бере албастыгын төмөнкүчө билдирет:
.
Силер жалаң гана Аллахтан башка ар кандай путтарга сыйынуудасыңар жана ар кандай калптарды айтып жатасыңар. Чындыгында, силердин Аллахтан башка сыйынгандарыңар силерге ырыскы бергенге кудурети жетпейт; демек ырыскыны Аллахтан сурагыла, Ага кулдук кылгыла жана Ага шүгүр келтиргиле. (Анкебут Сүрөөсү, 17).
.
Путтардан кутулуп жалгыз гана Аллахты көздөгөн инсан жашап өткөн түп-тамырынан өзгөрүү эң алгач анын жүрөгүндө жашалат. Мурда өзүнүн каалоосуна, ар кандай ой жана караңгылык эрежелерге карап жүргүзгөн жашоосун мындан кийин жалаң гана Аллах ыраазычылыгын көздөп өткөрөт.
.
Аллахтын ыраазычылыгынын эң жогорусун тандоо деген эмне?
.
Турган жериңиз ири сел кырсыгына кабылса эмне кыласыз? Эң жогорку кабатка чыгып кутулууну күтөсүзбү же суу жогорулаган сайын бирден кабат өйдөгө чыгасызбы? Эң жогорку кабатка чыгууда тепкичтерди колдоносузбу же лифттиби? Мындай учурда адамды куткара турган эң натыйжалуу жолду тандоо акылга ылайык болот. Адам лифтти колдонуу менен эң жогорку кабатка чыгуу менен кыла ала турганынын эң жогоркусун кылган болот. Демек бул «эң жогоркусун тандоо» болот. Момун мусулман да колундагы бардык материалдык жана моралдык мүмкүнчүлүктөрүн, жашоосунун ар бир саатын, ал тургай ар бир секундасын Аллахтын ыраазычылыгына ылайыктуу колдонот. Муну кылууда ар кандай альтернативалар арасынан тандоо жасоо зарыл болуп калса, акылы жана совестин колдонуу менен аракет жасайт, башкача айтканда, Аллахтын ыраазычылыгын көздөйт. Аллахтын ыраазычылыгын максат кылуу менен бир иш жасоо Аллахтын ыраазычылыгынын эң жогоркусуна ылайыктуу аракет кылуу болот. .
Аллах Куранда мындайча билдирет:
Шек-күмөнсүз ыйман келтирип жакшы амалдарды кылгандар болсо; Биз чынында эң жакшы иштерди жасагандардын сыйлыгын жоготууга учуратпайбыз. (Кехф Сүрөөсү, 30).
.
Ар бир инсан динде жашоого мажбурбу?
.
Аллахтын бар экендигин түшүнө ала турган бир акыл деңгээлине жеткенден баштап, ар бир инсан Аллахтын буйруктарын аткарышы керек. Кедей болушу, майып болушу, оорулуу болушу, абдан бай жана абдан атактуу болушу же жогорку бийлик орунуна ээ болушу бир адамдын динди жашашына тоскоол эмес. Себеби, булардын эч кайсынысы адамдардын Аллахка кулдук кылуу үчүн жаратылуу чындыгын өзгөртө албайт. Куранда жалгыз гана физикалык жактан майыптыгы бар адамдардын диндин кээ бир өкүмдөрүнөн бошотулгандыгы билдирилген. Инсандын тили менен гана Мусулман экендигин айтышы жетиштүү эмес. Себеби ыйман келтирүү, тил менен бекемдөө менен бирге Аллахтын динин иш жүзүндө жашоо жана жашатуу менен мүмкүн болот. Аллах Куранда ыйман келтирген инсандарды бизге төмөнкүдөй өзгөчөлүктөрү менен сүрөттөп берет:
.
Дин ахлагынын жашанышы үчүн аракет кылган, зарыл болгондо диндин пайдасы үчүн өзүнүн пайдаларынан баш тарта алган, напсисинин өзүмчүл каалоолорун жеңе алган, башкалардын каталарын кечире алган, кыжырын токтотуп жумшак мамиле жасай алган, муктаждыкта болсо да башкаларга жардам бере алган, мал-мүлкүн Аллах жолунда каржаган, Аллахты көп эстеген, адилеттүү жана ушул сыяктуу ар кандай багыттарда аракет кылган адамдар... Булардын эч бири ооз менен эле ишке ашырылчу нерсе эмес. Албетте, «мен Мусулманмын» деп айтуу ыйман келтирүүнүн балким башталгыч баскычыдыр, бирок чыныгы ыйман Аллахтын буйруктарын, өкүмдөрүн толугу менен жашоо аркылуу гана мүмкүн болот.
.
«Адамдык» дини деген эмне?
.
Дүйнөдө идеологиясы, философиясы, дүйнөгө көз-карашы кандай болбосун, чыныгы динден алыстаган бардык инсандар баш ийген орток бир «дин» бар. Чыныгы дин жашалбаган коомдордун бардыгында жашалган ушул дин. Мындай коомдордогу инсандар дүйнөгө келгенден баштап чөйрөлөрүнөн алган көптөгөн тарбиялардын натыйжасында бул дин сунган баалуулуктарды, ахлак эрежелерин, ойлонуу калыптарын өздөрүнө сиңиришет. Мына ушул диндин аты - «адамдык дини». Адамдык динин жашаган инсандардын эң негизги өзгөчөлүгү Аллахтын ыраазычылыгы эмес, арасында жашаган коомдун ыраазычылыгын максат кылып алышында жана жашоолорун бул максат негизинде өткөрүшүндө. Адамдык динин жашаган коомдордун адамдардан эң негизги күткөн нерсеси «адам болуу».
«Адам болуу» сөзүнүн мааниси коом тарабынан жалпылай кабыл алынган бир ахлакка, маданиятка, мамилеге жана адепке ээ болуу, макул көрүлгөн белгилүү бир калыптарга (кыялдарга) ээ болуу болуп саналат.
.
Аллахтан баш тартуу негизине курулган бул системадан кутулуу үчүн эң алгач жалгыз Аллахтын ыраазычылыгына ээ болууну самоо, Ал Куранда билдирген ахлак жана жашоо жолун кемчиликсиз ишке ашырууга аракет жасоо керек. Жашоосун толугу менен Куран аяттарынын негизине курган инсан караңгы коому сунган жаман ахлак жана жаман кыялдардан алыстайт.
.
.
Тагдыр деген эмне?
.
Тагдыр – бул Аллахтын өткөн жана келечекте боло турган бардык окуяларды «бир көз ирмемдей» билиши. Адамдардын көпчүлүгү «Аллах али боло элек окуяларды алдын ала кантип билет?» деп сурашат жана тагдырдын чындык экендигине ишенишпейт. Чындыгында болсо, жашана элек окуялар биз үчүн жашана элек окуялар болот. Аллах болсо убакыт жана мейкиндикке көз каранды эмес, себеби убакыт жана мейкиндикти да Аллах жараткан. Аллах деңгээлинде убакыт деген түшүнүк жок. Ошондуктан Аллах үчүн өткөн чак, келээр учур жана азыркы учурдун эч кандай айырмасы жок жана баары жашалып өткөн.
Коомдо тагдыр түшүнүгүн туура эмес түшүнгөн көпчүлүк адамдар Аллах тарабынан белгиленген тагдырдын адамдар тарабынан өзгөртүүгө болот деп ойлошот. Мисалы, өлүм төшөгүнөн кайткан бир оорулууну «тагдырын жеңди» сыяктуу караңгы түшүнүктөр менен сөз кылышат. Чындыкта болсо, эч ким тагдырын өзгөртө албайт. Өлүмдөн кайткан адам тагдырында ошондой жазылган үчүн өлбөй калат. «Тагдырымды жеңдим» деп өздөрүн алдаган адамдардын антип айтышы жана мындай ойго келиши да тагдырында жазылган нерсе.
.
Тагдыр Аллахтын илими. Бардык замандарды бир эле убакытта билген жана бардык убакыт жана мейкиндиктин ээси болгон Аллах үчүн бардык нерсе тагдырда жазылуу жана баары болуп бүткөн. Аллах үчүн убакыттын бир көз ирмем экендигин Курандан да түшүнөбүз. Биз үчүн өлүмүбүздөн кийин жашала турган кээ бир окуялар Куранда болуп өткөн окуялар сыяктуу баяндалат. Аллах бардык окуяларды убакыт жок абалда каалаган, адамдар аларды жасаган жана аягына чыккан. Адамдардын мойнуна жүктөлгөн болсо, туура жолго түшүү, тагдырга моюн сунуу жана Аллахтын парздарын аткаруу, акыретке даярдануу же туура эмес жолду тандоо болот. Аллах биздин кандай жашап өтөөрүбүздү билет жана тагдыр китебибизде баяндалуу. Биздин бул сыноо жашоосун жашап өтүүбүздүн максаты болсо, биздин өзүбүз жасаган иштерибизге, өзүбүз тандаган жолубузга өзүбүз күбө болуубуз үчүн. Адамдардын дилдерин билген Аллах аларды ыйманга келчүлөрүн туура жолго баштайт жана чындап ыйманга келбечүлөрдү туура жолдон адаштырат. Ошондой эле, Аллах адамдардын бул сыноо жашоосунда каалаганын берээрин Куранда билдирген. Адамдар бул жашоодогу байлыкты гана кааласа, аларга ошол нерселер берилет. Бирок акыретте аларга сооп жок. Ал эми адамдар акыретте бейишти кааласа, аларга бул жашоодо да тигил жашоодо да бакыт берилет. Бирок, тигил жашоодо берилчү түбөлүк бейиш адамдар дилдеринде самаган сонун жашоодон да алда канча кооз жана сонун. Бейишке жетүү үчүн Аллахтын ыраазылыгына ээ болуу керек, ал эми Аллах анын буйруктарын аткарган, жакшы амалдар жасаган адамдарга гана ыраазы болот.
.
Шайтан кандай зат?
.
Шайтан Аллах жараткан жиндердин бири. Аллах алгачкы инсан болгон Азирети Адамды жараткандан кийин бардык периштелерге Адамга сажда кылууларын буйруган. Алардын арасынан жалгыз гана шайтан бой көтөрүү менен Аллахтын буйругунан баш тарткан жана мындай деген:
.
Ал айтты: Раббим, мени жолдон чыгарган нерсең үчүн, ант болсун, мен дагы жер жүзүндө аларга (сага баш көтөрүүлөрүн жана дүйнө байлыктарын) көздөрүнө кооз кылып көрсөтөм жана алардын баарын сөзсүз азгырып жолдон адаштырам. (Хижр Сүрөөсү, 39).
.
Аллахтын алдынан куулган шайтан бардык инсандарды Аллахтын жолунан тескери буруу жана алардын баарын адаштыруу үчүн Аллахтан кыяматка чейин убакыт сураган. Шайтан өзүнө берилген бул убакыт ичинде инсандарды Аллах жолунан адаштырууга аракет жасайт жана бул үчүн ал ар кандай жолду колдонуп көрөт. Мына ошондуктан, шайтан ар бир инсандын акырети (кыяматтан кийинки түбөлүк бейиш же тозок жашоосу) үчүн маанилүү коркунуч жана ар бир инсандын душманы.
.
Аллах Куранда «Акырындык менен жүрөктөргө азгыруу жана күмөн салып турган азгыруучунун жамандыгынан (корго). Ал (азгыруучу) инсандардын дилдерине азгырык берет (ичтерине күмөндөрдү шыбырайт) (Наас Сүрөөсү, 4-5) аяты менен шайтандын жүрөктөргө байкатпай азгырык бере тургандыгын баян этүүдө. Бул шайтандын эң тымызын ыкмасы болуп саналат. Көпчүлүк инсандар ойундагы мындай ойлордун шайтандан экендигин байкай алышпайт. Мындай ойлордун баарын өзүмдүн ойум деп ойлошот. Мисалы, динди жаңы үйрөнгөн инсан шайтандын эң негизги максаты болуп саналат. Бул инсанга шайтан динди оор, кыйын сыяктуу көрсөтүшү мүмкүн. Же бул инсандын жасап жаткандарынын жетиштүү экендигин, мындан ашыкчасын жасаш керек эмес экендигин айтышы мүмкүн. Бул инсан болсо мындай ойлорду туура деп кабыл алышы мүмкүн. Же шайтан инсандарга коркунуч, камсаноо, стресс, жүрөк өйүү сыяктуу тескери сезимдерди берүү менен алардын күчүн азайтат. Жакшылык жана кайрымдуулук кылууларына, терең ой жүгүртүүлөрүнө тоскоол болууга аракет жасайт. Бул жерде төмөнкүнү унутпашыбыз керек: дүйнөдөгү бардык жамандыктар, согуштар, киши өлтүрүүлөр, ахлаксыздыктардын тамырында шайтандын адамдарга болгон таасири орун алат.
.
Аллахка кантип тообо келтирүү зарыл? «Тообо кылдым» деп айтуу жетиштүүбү?
.
Инсан жасаган күнөөлөрү жана каталары үчүн чын жүрөктөн Аллахка тообо кылгандыгын айтуусу, Аллахтан кечирим тилеши жана башка кайталабоого бекем ниет кылуусу жетиштүү. Аллах Куранда мындайча билдирет:
.
Бирок, ким күнөө кылгандан кийин тообо келтирип, кылган иштерин оңдосо, шек-күмөнсүз Аллах анын тообосун кабыл кылат. Аллах кечиримдүү, боорукер. (Мааида Сүрөөсү, 39).
.
Аллах чын жүрөктөн тообо келтирген, катасын кайталабоого чын жүрөктөн ниет кылган жана тообо келтиргенден кийин кыялдарын, иштерин оңдогон инсандын тообосун кабыл кылат. .
Күнөөнүн чоң же кичине болушу маанилүү эмес. Эң негизгиси, ал катаны чын жүрөктөн өзгөртүүгө чечим чыгаруу.
.
Аллахтын тообо келтирүү менен байланыштуу өкүмү мындайча:
.
Аллах (кабыл кыла турган) тообо – караңгылык, билбестик менен жамандык кылгандардын, андан кийин кечиктирбестен тообо кылгандардардын тообосу. Аллах мына ушундай пенделердин тообосун кабыл кылат. Аллах билүүчү, өкүм жана илим ээси. (Ниса Сүрөөсү, 17).
.
«Кандай болсо да тообо келтиргенимде Аллах кечирет, ар нерсени жасай берейин, кийин тообо келтирем» деп ойлонуш инсанды жаңылта турган эң жаман ой. Аллах бардык жүрөктөрдү, жүрөктөрдөгү эң жашыруун нерселерди билет. «Кандай болсо да Аллах мени кечирет» деп күнөө кылгандар акыретте ар бир кылган иши үчүн жооп берет жана натыйжасын алышат.
2010-05-02 17:07:18

#210 02 March 2014 - 14:23
БУЛ ДҮЙНӨНҮН ӨТҮП КЕТҮҮЧҮ КООЗДУГУ ЖАНА ЧЫНЫГЫ МЕКЕН – АКЫРЕТ
Harun Yahya Facebook
.
Азыр терең бир дем алыңыз!
Ким билет, балким бул дүйнөдө алган акыркы демиңиздир. ..
Себеби, ар бир адам үчүн качууга мүмкүн болбогон өлүмдүн сизге качан келээрин билбейсиз.
.
Кокусунан, балким сиз эч ойлобогон убакта алдыңыздан чыга турган жана артка кайтарууга эч мүмкүн болбогон бул окуя үчүн бир даярдык көрдүңүзбү?
.
Эрте менен кандайдыр бир саатта туруу үчүн да даярдык көрөсүз, саатыңызды койуп, эртерээк жатасыз.
.
Үйдөн сыртка чыгаардан мурда да сөзсүз даярданасыз.
Күндүз кире турган бир чогулуш же кечинде жей турган бир тамагыңыз үчүн ар кандай даярдыктарды көрөсүз.
.
Кээде жумушуңуз менен байланыштуу бир келишим же бир сынак үчүн бир топ күн бойу, балким бир топ апталар бойу окуп, даярданасыз.
Болгондо да, ар кайсы тарабы, ар бир майда-чүйдөсүнө чейин эсепке алып.
.
Ал эми түбөлүк жашоо болгон акыреттеги чыныгы жашооңуз үчүн кандай даярдык көрүп жатасыз?
.
Ал үчүн канчалык терең план куруп жатасыз?
.
Адамдын алтымыш-жетимиш жылдык кыска өмүрү бар.
Жана бул өмүр кум сааты сыяктуу тынымсыз азайып отурат.
Жана ар бир адам акыретти көздөй жакындай берет.
Бул дүйнө - Аллахтан коркуп- сактангандар менен Ага шүгүр келтирбегендерди айыруу үчүн даярдалган сыноо мекени.
Ушул себептен, адамдар ыймандары белгилүү болушу үчүн ар кандай жолдор менен сыналууда.
Аягында Аллахты чындап таанып, Аны урматтап, Андан корккондор чындыктан баш тартуучулардан айырмаланышат жана кутулууга жетишет.
.
Бул жашоо кыска, бирок адамдын руху, Аллахтын каалоосу менен түбөлүк жашайт.
Түбөлүк жашоонун жанында 60-70 жылдык жашоонун эч кандай баркы жок.
Бул 60-70 жылдык өмүрдүн ичинде «мен жашап жатам» деген учурлардын жалпысы болгону бир канча жыл гана.
Ооба, туура эмес угуп алган жоксуз, узун өмүр деп ойлогонуңуз чындыгында бир канча жылдан гана турат.
.
Кантип дейсизби?
Ар бир адам жашаган 24 саатынын, чындыгында эң көп 18 саатын аң-сезимдүү абалда өткөрөт, калган эң аз 6 сааттык уйку абалында болсо, аң-сезими толук жабык болот.
Тагыраак айтканда, 60 жылдык бир өмүрдүн эң аз төрттөн бири, башкача айтканда 15 жылы «аң-сезимсиз» өтүүдө.
Калган 40-45 жылдын болсо, алгачкы 5-10 жылы балалык кездеги аң-сезимсиз период.
Башкача айтканда, 60 жаштагы бир адам чындыгында бул жашоосунун жарымын «аң-сезимсиз» абалда өткөрүүдө.
Калган убактысынын абдан көп бөлүгүн тамак даярдап, тамак жеп, денесин жана айланасын тазалоо, бир жерге жетүү үчүн жолдо жүрүү менен өткөрөт.
Аягында, «узун бир өмүрдөн» болгону 3-5 жылдык бир убакыт калат.
.
Ушунчалык бир убакытты түбөлүк жашоо менен салыштырууга болобу?
Ошондой эле, мынчалык кыска дүйнө жашоосу ошол эле учурда көптөгөн кемчиликтер, кыйынчылык жана азаптарга толо.
.
.
ДҮЙНӨ ЖАШООСУНУН АЛДООЧУ КООЗДУКТАРЫ
.
Биз жашаган дүйнөдө адам көзүн кайсы тарапка бурбасын, көптөгөн кооздуктарды көрөт.
Адамдын кынтыксыз дене түзүлүшү, миллиондогон түрдүү өсүмдүктөр, тонналаган оордуктагы булуттар жайгашкан учу-кыйырсыз асман жана башка көптөгөн нерселер рухка ырахат бере турган бир көрүнүштө жаратылган.
Көздөн башка сезүү органдары менен сезген көптөгөн нерселер да адамга ырахат берет.
Сонун бир жыт, даам же сонун ритмдеги музыка сыяктуу.
Шагында төгүлүп турган мөмөлөр сонун жыты жана даамы менен баарыбызга жагат.
Ушул сыяктуу бир гүлдүн ар кандай түстөрдөн куралган кооз көрүнүшү абдан жагымдуу.
Же кооз бир үй же сонун машина...
Ар бир адам жашоосунда ушул сыяктуу дагы көптөгөн нерселерди жакшы көрүп, аларга ээ болууну каалайт.
Бирок бардык бул нерселерди белгилүү бир убакыттан кийин кайрылып караганда, абдан таң калат.
Бул кооздуктар маанисин жоготуп, ал тургай алардын көпчүлүгү көргүсү да келбеген абалга айланган болот.
Себеби, бул дүйнөдөгү бардык сулуулуктар өтүп кетүүчү.
Жер бетиндеги бир жер канчалык кооз болбосун, арадан бир канча он жыл өткөндө, ал тургай кээде бир жыл мезгили алмашканда, эч таанылбай турган абалга айланышы мүмкүн.
.
Мисалы, бир мөмө шагынан алынгандан кыска бир убактан кийин карарып баштайт, сонун жытын жоготот. Андан кийин чирийт жана жаман жыт чыгарып баштайт.
Адам жандуу түстөрү жана сонун жыты менен жагымдуу болгон гүлдөрдү алып, үйүнө алып келет жана бир вазага койот; бирок арадан бир канча күн өтпөстөн гүлдөрдүн түстөрү соолуп, жандуулугу жоголот.
3-4 күндөн кийин болсо гүлдөр толугу менен карарып, чирип калат.
Дүйнөнүн эң сулуу жүздүү адамы деп ойлогон кишиңизди 60 жылдан кийин көрсөңүз, балким тааныбай калышыңыз да мүмкүн.
Ал сулуу адам картайып, жүзүн тырыш басып, чачтары аппак болгон болот.
Мурдакы сулуулугунан эч нерсе калган эмес болот. Дүйнөдөгү жандуу-жансыз бардык нерселер убакыттын өтүшү менен бузулуп баштайт.
Бул абал көп адамдарга «табигый бир процесс» сыяктуу сезилет.
Чындыгында болсо бул жерде абдан маанилүү сыр бар.
.
Айланабыздагы бардык нерселер тынымсыз бузулууга, эскирүүгө, чирүүгө багытталуу менен бизге чындыгында абдан маанилүү бир нерсе жөнүндө кабар берет.
Бул нерсе – бул дүйнөнүн өтүп кетүүчү жана алдоочу бир кыял экендиги жөнүндөгү чындык.
Аллах адамдардын дүйнөнүн алдоочу тарабына алданбашы жана бул чындыкту ойлонуулары үчүн Куранда көптөгөн мисалдар берген:
.
.
Дүйнө жашоосунун мисалы – Биз асмандан түшүргөн, аны менен адамдар жана жаныбарлар жеген жер жүзүнүн өсүмдүгү аралашкан бир суу сыяктуу гана. Жер сулуулугун жамынып, кооздонгондо жана ал жердин эли чындыгында аны биз кылдык деп ойлоп жатканда (дал ушул учурда) түнкүсүн же күндүз ага буйругубуз келип, кечээ эч кандай байлыгы жок сыяктуу аны тамырынан жулунуп ыргытылган сыяктуу бир абалда кылган болобуз. Ойлонгон бир коом үчүн Биз аяттарды ушундайча бир-бирден түшүндүрөбүз. (Йунус Сүрөсү, 24)
.
Кооз жана өзүнө тартуучу болушу .
– дүйнөдөгү сынактын бир сыры.
Аллах дүйнөдө адамдарга сунган бардык мүмкүнчүлүктөрдү абдан кооз жана көркөм кылып жараткан.
Бирок адамдар салыштыруу жасашы үчүн алардын кээ бир тараптары кемчиликтүү, ошол эле учурда өтүп кетүүчү жана кыска убакыттуу болушат.
Сыр мына ушул жерде сакталган.
Дүйнө жашоосу Аллахтын Улуулугуна ылайыктуу негизде абдан кооз, түркүн түстүү жана абдан сулуу.
Бул дүйнөдө жашоо, Аллахтын көрүнүштөрүнөн ырахат алуу албетте бир жакшылык жана Аллахтан сурала турган нерсе.
Бирок, бул дүйнө кооздуктары эч качан Аллахтын ыраазычылыгы жана акыреттен артык эмес.
Ошондуктан адамдар бул жакшылыктарды колдонуп жатканда, эч качан чыныгы максаттарын унутпашы керек. Аллах Куранда адамдарды бул жөнүндө мындайча эскертет:
.
Силерге берилген бардык нерселер – жалаң гана дүйнө жашоосунун алдамчы кооздугу. Аллах Кабатында болгондор – жакшыраак жана түгөнгүс. Дагы эле акылыңарга келбейсиңерби? (Касас Сүрөсү, 60)
.
Аятта билдирилгендей, дүйнөдөгү кооздуктардын баары бир күн сулуулугун жоготот жана ал тургай өздөрү да жок болот.
Бул чындыктарды түшүнгөн адамдын аракетинин баары чыныгы мекен болгон акыретке даярдык көрүү, жашоосун жалаң гана Аллахты ыраазы кыла турган жолдорду издөө менен өткөрүүгө багытталат.
Болбосо дүйнөдө да, акыретте да азапка жолугат.
Бир адам балким бай болушу мүмкүн, бирок бактылуу боло албайт.
Сулуу болушу мүмкүн, бирок сулуулугу башына азап алып келиши мүмкүн.
Гезиттерде жана телевизорлордо бул сыяктуу кабарларга дайыма жолугабыз.
Бир сыйлык алып жатып күлүмсүрөгөн, бир канча күндөн кийин бактысызмын деп айткан атактуу адамдар, жашоодо эч нерседен ырахат таба албаганын айткан фильм жылдыздары. ..
Эч бир адамдын бир нерсенин «эң жакшысына» ээ болушу – дүйнө жашоосунда мүмкүн эмес.
Ээ болгон нерсе эмне болсо болсун, сөзсүз андан жакшыраак, сулуураагы бар. Ошондуктан, бул дүйнө эч качан адам рухунун чыныгы ырахатты жана канааттанууну таба турган бир жер эмес.
.
АДАМ АЛСЫЗ БОЛУП ЖАРАТЫЛГАН
.
Күнүмдүк жашоонун агымында үйдө, жолдо, жумушта, окууда ар түрдүү адамдарга жолугасыз.
Бул адамдардын көпчүлүгү тыкан кийинген, өздөрүн жакшы караган, чачтары таралган, сакал- мурутун кырынган, үтүктөлгөн кийимдер кийинген адамдар.
Бирок, бул көрүнүштөрүнүн артында мунун көрүнбөгөн тарабы да бар.
Бул адамдар мындай жакшы көрүнүшкө келүү үчүн канчалык убакыт коротушту болду экен?
Ар бир адамдын күн бойу жашаган убактысынын маанилүү бөлүгү тазалануу жана өзүн каранууга кетет.
Бирок канчалык тазаланса да, бул убактылуу болот.
Тишин щеткалап жууган адам балким 1 сааттан кийин эч жуубаган сыяктуу абалга келиши мүмкүн.
Жуунган бир адам эгер жайында болгон болсо, бир-эки сааттан кийин эч жуунбаган сыяктуу абалга келип калышы мүмкүн.
Бир топ убакыт коротуп сакал- мурутун алган бир эркек эртеси күнү ойгонгондо, кайра эле сакал алууга мажбур.
.
Адамдын эмне үчүн мынчалык кароого жана коргоого муктаж денеге ээ экендигин ойлонуп көрдүңүз беле?
.
Эмне үчүн бүт адамдар жашоосу бойу тынымсыз денесин тазалоого мажбур?
.
Эмне үчүн микроскоп менен араң көрүнгөн кичинекей бактериялар, вирустар да бул денеге зыян бере алышат?
,
Жана эмне үчүн адамдын денеси убакыт өткөн сайын начарлап, картайууда?
.
Бүт адамдардын денеси ушундай.
Дүйнөнүн эң бай, эң сулуу адамдары, бул дүйнөдө жашап өткөн бүт хандар, императорлор, өкүмдарлар, башкаруучулар же бүгүн жашаган же жашабаган бардык адамдарга бул абал тиешелүү.
Ар кандай адам бир канча күн кароосуз калса, таанылгыс абалга келип калышы мүмкүн. Улгайуу менен бирге ишке ашкан бардык өзгөрүүлөр да бүт адамдарга тиешелүү.
.
Ооба, адамдын денеси ар тарабынан корууга жана кароого муктаж.
Дүйнө шарттарында болсо адамдын башына качан, эмне келээри белгисиз.
Жашаган жери дүйнөнүн эң өнүккөн шаары болсун, же электр энергиясы, суусу жок бир тоодогу айыл болсун, адам жашоосунда эч күтпөгөн бир учурда бир коркунучка кабылышы мүмкүн.
Айыкпас ооруга кабылышы же майып болуп калышы мүмкүн.
Ал жолуккан бир окуя эч качан жоготпойм деп ойлогон дене күчүн, сулуулугун же денесинин мактанган бир өзгөчөлүгүн андан ажыратып койушу мүмкүн.
Абдан жакшы көргөн үй-бүлөсүн, досторун эч эстей албай турган абалга келип калышы мүмкүн.
.
Давид Родригез сыяктуу.
Анын да жандуу бир социалдык жашоосу, абдан жакшы көргөн үй-бүлөсү жана сөйкө салган кызы бар эле.
Бирок бир авария натыйжасында бардык бул нерселер ал үчүн маанисиз болуп калды.
Давид 2 жума комада жатты, мээсиндеги бир травма себебинен ал мурда тааныгандарынын эч кимисин тааный албас абалга келди.
Ал тургай бир канча мүнөт мурда көргөн адамдарын да бир аздан кийин унутуп калып жаткан.
Бир күн мурун, ал тургай бир саат мурун мындай нерсе болот десе, ишенбесе керек эле.
Апасы сүйлөп жатат : Ооруканада эле. Аны менен сүйлөшүп жаткам, бирок мени апа деген жок, ал тургай 5 мүнөткө бөлмөдөн чыгып, кайра келсем мени тааныбай, башка бирөө деп ойлочу.
.
Мисалы Түштүк Кореядагы бир атактуу соода борбору.
Чындыгында борбору болчу деп айтуу туурараак болот...
Ал жерге бараткандардын баары кадимкидей эле соода кылам деп ойлошкон.
Бирок, эч күтпөгөн жерден алардын баарынын пландары өзгөрмөк.
Чоң бир газ кысылуусу натыйжасында пайда болгон жарылуу менен 20 секунда ичинде бул имарат жер менен жексен болду.
Чаң булуту таркаганда, соода борборунун толугу менен талкаланганы байкалды.
Бир убактарда Сеулдун экономикалык өнүгүшүнүн символу болгон имарат эми кыйшайган темир жана бетон жыйындысына айланды.
Пландардын баары бул бетондун астында калды.
.
Аллах бул мисалдар менен дүйнө жашоосунун өтүп кетүүчү экендигин, өлүмдүн ар кайсы убакта келип калышы мүмкүн экендигин көрсөтүүдө.
Жашап жаткан бул кыска жашообузга байланып алуу болсо, өзүбүздү чөгө турган бир имаратка камап алган сыяктуу. Демек, акылдуу бир адам мындай алданууга кабылбайт.
.
Аларга дүйнө жашоосунун мисалын бер; асмандан (Биз) түшүргөн сууга окшойт, аны менен жер бетинин өсүмдүктөрү бири-бирине аралашты, ушундайча шамалдар учурган ыпыр-сыпырга айланды. Аллах – бардык нерсеге күч жеткирүүчү. (Кехф Сүрөсү, 45)
.
Кристофер Риив бир мультфильмдин киносунун тартылышы менен миллиондогон адам үчүн Супермэн болгон эле.
Бүт адамдардын көзүндө күчтүү, кубаттуу, атактуу бирөө эле бирок...
Бир күн баары өзгөрдү. Ал аттан жыгылды.
Денесинин бир топ сөөгү сынды жана шал болуп калды.
Эски күч-кубатынан эчтеке калбады.
Башкалардын жардамы менен гана араң кыймылдай ала турган абалга келди.
9 жыл ушинтип жашагандан кийин, 2004-жылы өлдү.
Анын да жашап жаткан кезинде фанаттары бар сыяктуу эле.
Акчасы жана келечекке байланыштуу пландары.
Балким бул дүйнөдө сонун жашоом бар деп ойлоп жаңылган эле.
Андан бир топ жылдар мурун өлгөн башка атактуулар жаңылган сыяктуу.
Бирок ал да бүт адамдар сыяктуу өлгөндө, топурактын астына жападан жалгыз көмүлдү.
.
Ант болсун, силерди алгач жараткан сыяктуу (бүгүн да) бир-бирден, жападан жалгыз жана окшош (бирдей) абалда Бизге келдиңер жана силерге бергендерибизди артыңарда таштадыңар. .. (Энам Сүрөсү, 94)
.
Орточо 70-80 килограммдык бир «эт жана сөөктөн» турган дене жука бир тери менен капталган.
Албетте, бул жука тери оңой эле чийилет, жыртылат жана кичинекей бир травмада көгөрөт.
Күн астында көпкө турганга чыдай албайт.
Белгилүү бир убакыттан кийин тери алгач кызарат, кийин шишийт жана сары суу топтойт.
Ошол сыяктуу суукка да чыдай албайт.
.
Аллах адамдарды эң сулуу келбетте жараткан жана эң комплекстүү системалар менен камсыз кылган.
Бирок дүйнөнүн өтүп кетүүчү экендигин көрсөтүү жана дүйнөлүк амбицияларга берилип кетишине тоскоолдук болушу үчүн адамдын денесин эт жана май сыяктуу абдан бат бузула турган заттардан жараткан.
Адамдын эң чоң алсыздыктарынын бири – денесинин затынын ушунчалык чирик болушунда.
Адам Аллахтан бир эскертүү катары денесинин алсыздыгын бат бат сезип турат.
Бул дүйнөдө кемчиликсиз бир сулуулук, картайбаган бир жүз, эч оорубаган бир дене сыяктуу түшүнүктөр жок.
.
Себеби бул дүйнө жалаң гана убактылуу кала турган сыноо мекенибиз. Чыныгы мекен – акыретте.
.
Башка бир мисал жөнүндө ойлонолу. Муздак абанын таасири да адам денесинин алсыздыгын толугу менен көрсөткөн бир далил.
Муздак аба адамдын физиологиялык коргоосун акырын акырын шал кылат.
Мындай абада дененин акырын акырын чөгүшү байкалышы мүмкүн.
Башында жүрөктүн согуу ритми жайлайт, тамырлар кысылат жана артерия басымы жогорулайт.
Дене өзүн жылытуу үчүн титиреп баштайт.
Дененин жылуулугу 35 градуска түшкөндө, кооптуу бир абал пайда боло баштайт.
Жүрөктүн римти жайлап баштайт, басым төмөндөйт, кол жана буттарда, эң көп манжаларда тамырлар кысылып баштайт.
Денесинин жылуулугу 35 градуска түшкөн адамдын аң-сезими начарлап, уйкусу келип, концентрациясы жоголуп баштайт.
Мээнин иштешинде кемчиликтер жаралат.
Бул жерде эң маанилүү нерсе дене жылуулугунун 1,5 градуска эле төмөндөшүнүн канчалык маанилүү натыйжаларга жол ачып жаткандыгы.
Суукта мындан көбүрөөк калган учурда жана дене жылуулугу 33 градустан төмөнгө түшкөндө болсо, эс тутум жана аң-сезим жоголот.
24 градуска түшкөндө дем алуу, 20 градуска түшкөндө мээ, 19 градуска түшкөндө болсо жүрөк токтойт жана өлүм ишке ашат.
.
Адамдын физикалык алсыздыктарынын себебин түшүнүшү абдан маанилүү.
Себеби, бул алсыздыктар адамга дүйнөдө эмне кылбасын чыныгы ырахатка эч качан жете албастыгын апачык көрсөтөт.
Бардык бул нерселердин жаратылышынын себеби – адамдын Жаратуучубуз болгон Аллахтын алдындагы алсыздыгын түшүнө билиши жана дүйнөнүн өтүп кетүүчү мекен экендигин байкашы.
Муну байкаган адам чыныгы мекен болгон бейишке багытталат, бул дүйнөгө эч ойлонбостон байланып албашы керек экендигин эстейт.
Себеби адамга убада кылынган түбөлүк бир бейиш жашоосу бар.
Бейиш – эч кандай кемчилик, физикалык алсыздыктар болбогон бир жер.
.
Ал жерде адам напсиси каалаган бүт нерсеге ээ болот, чарчоо, курсак ачуу, суусоо, картайуу, ооруп калуу сыяктуу физикалык кемчиликтерден болсо толугу менен кутулат.
.
ӨМҮРДҮН ЭҢ ТӨМӨНКҮ УЧУ: КАРЫЛЫК
.
Бир аял 70 жаштын тегерегинде эле.
Жылдарды да эсептегенге жетишпестен, өзүн алгач мектеп парталарында, анан жумуш ордундагы орундукта, андан кийин балдары менен, бир канча жылдан кийин болсо неберелери менен паркта бараткан абалда көрдү.
Эч кыйналбастан спорт менен машыга алган, чуркап кыймылдаган денеси эми бутун да көтөрө албай калганчалык алсыз абалга келди.
Абдан даана көргөн көздөрүнө перде түштү, жайнап турган терисин тырыштар басты.
Мурдакы сүрөттөрүн караганда, жылдардын аны кандайча өзгөрткөнүн даана байкоодо.
Руху канчалык чуркап ойногусу, ылдам баскысы же көңүл ачкысы келсе да, денеси буга эч мүмкүндүк бербей турат.
Жашаган 70-80 жылдык өмүрүнүн кандайча өтүп кеткенин түшүнбөй тургандыр.
Ал тургай сурасаңыз, «көз ачып жумганча өтүп кетти, эчтеке түшүнбөй калдым» деп айтат.
20 жаштардагы кезинде улгайарын ал да эч ойлогон эмес болуш керек.
Бирок азыр болсо абдан алыс деп элестеткен ошол улгайган чагын жашап жатканына таң калып тургандыр.
Жана бул учурду абдан алыс деп ойлоо менен жаңылганын жакшыраак түшүнүп турат болуш керек.
Жашоосу бойу жасагандарын жазып же айтып бер деп сурансаңыз, эң көп бир дептерди толтурушу же эң көп беш, алты саат тынымсыз айтып бере алышы мүмкүн.
Балалык жана жаштык кезиндеги башынан өткөргөн жакшы же жаман окуяларды, маанилүү чечимдерин, аябай каалап, жетүү үчүн жылдап өмүрүн арнаган максаттарын эми араң эстейт болуш керек. Ал убактарда абдан маанилүү деп ойлогон нерселер эми болсо ал үчүн эсте калган окуялар гана.
.
«Узун 70 жыл» деген нерсенин баары мына ушунчалык гана...
Убакыттын эскиртүүчү таасири бардык нерселерде көз менен көрүнө турган деңгээлде байкалат.
Бирок эң маанилүү эскирип, картайууну адам өз денесинде даана байкайт.
Жылдардын өтүшү менен бирге адамдын абдан маани берген денеси артка кайтпай турган болуп бузулууга дуушар болот.
Адамдын белгилүү бир убакыт ичинде башынан өткөргөн бул өзгөрүүсү Куранда мындайча билдирилет:
.
Аллах силерди бир алсыздыктан жаратты, кийин (бул) алсыздыктын артынан бир кубат кылды, кийин бул кубаттын артынан да бир алсыздык жана карылык берди. (Ал) Каалаганын жаратат. Ал – билүүчү, күч жеткирүүчү. (Рум Сүрөсү, 54)
.
Медицинада карылык «экинчи балалык доору» деп да аталат.
.
Себеби, денеде болгон бузулуулар адамды бала сыяктуу бир кароо жана корууга муктаж кылат.
Ар бир адам жашоосун балалыктан баштайт жана бир убакыттан кийин кайра балалыкка кайтып, жашоосун аяктайт.
Бул процесс, шек жок, өзүнөн- өзүн, кокустуктан пайда болгон эмес. Аллах кааласа, адамды өлгөнгө чейин жаш кылып жашатмак, денесинде эч кандай кемчилик же ооруу жаратмак эмес эле.
Бирок, Аллах карылык чагында адамда бир топ кемчиликтер жаратуу менен ага бул дүйнөнүн өтүп кетүүчү экендигин дагы бир жолу эстетүүдө.
Бул дүйнөнүн өтүп кетүүчү экендиги жана адамдын маанилүү бир максат менен картайуу чагына чейин жашатылаары бир аятта мындайча билдирилет:
.
Аллах силерди жаратты, кийин силерди өлтүрөт, силердин кээ бирлериңер билгенден кийин, эчтеке билбесин деп, өмүрдүн эң төмөнкү учуна чейин (карылыкка) кайтарылат. Шек жок, Аллах – билүүчү, бардык нерсеге күч жеткирүүчү. (Нахл Сүрөсү, 70)
.
Тери – адамдын сулуулугунда абдан маанилүү нерсе.
.
Дээрлик бир миллиметр калыңдыктагы бул нерсени денеден бөлгөнүбүздө алдыбызга эч жагымсыз бир көрүнүш чыгат.
Ал тургай аны карап койуу да канчалык оор.
Анда, «адамдын чөйрөсүнө көрүнүп мактанган нерсеси, чындыгында денесинин бардык тарабын каптаган дээрлик 2 киллограммдык териден турат» деп айтууга болот.
Маанилүү нерсе болсо карылыкта эң көп зыян көргөн нерсенин кайра эле тери болушу.
Бир убактарда денесинин сулуулугу, күчү менен абройлуу болгон, абдан акылдуу жана ден-соолуктуу деп таанылган адамдардын да аягы азыр экранда көргөнүңүздөн айырмасы болбойт.
Колдонулган бардык косметикалык каражаттар, бул каражаттарга коротулган миллиондогон акча, ар кандай сулуулук үчүн жасалган операциялар бул процессти эң көп бир канча жылга кечиктириши мүмкүн, бирок натыйжаны өзгөртө албайт.
.
Түбөлүк жашоо жанында бул дүйнө жашоосунун эч кандай баркы жок экендиги айдан ачык бир чындык. Аллахка ыйман келтирүү гана адамды акыретте түбөлүк бактылуулукка жеткире алат.
.
.
ДҮЙНӨДӨГҮ БАЙЛЫК ЖАНА АБРОЙ СӨЗСҮЗ ЖОК БОЛОТ
.
Көп адамдар дүйнөдө абдан сонун бир жашоо жашай алам деп жаңылат.
Чындыгында болсо, Аллахты жана акыретти унуткан бир адам эч качан каалагандай, кыялдангандай жашоого жете албайт.
Себеби, каалаган бир нерсесине жеткенде, андан да жакшысын жана көбүн каалап баштайт.
Акчалуу болот, ал жетишпейт, дагы көбүрөөк иштеп, көбүрөөк табайын дейт.
Үйлүү болот, ал жакпай калат; андан да көңүлүнө жакын бир үй көрүп, аны алуу үчүн аракет кылып баштайт.
Жыл сайын каалоолору өзгөргөндүктөн, үйүнүн ичин да, кийимдерин да жактырбайт, тынымсыз андан да жакшы эмерек жана кийимдерди кыялданат.
Албетте, бир момундун көбүрөөк шүгүр келтирүү үчүн жана бейишти эстөө үчүн Аллахтан жакшылык сурашы жакшы нерсе.
Бирок, Аллахты жана акыретти унутуу менен, жалаң гана дүнүйөнүн артынан чуркаган Аллахты эстебеген адамдардын рух абалы момундардыкынан такыр башкача.
.
Мындай адамдардын абалы Куранда мындайча сүрөттөлөт:
.
Аны жалгыз кылып жаратканымды Мага кой. Мен ага «ушунчалык көп мал-мүлк» бердим. Көз алдында даяр балдар. Жана сансыз мүмкүнчүлүктөрдү алдына койдум. (Ал болсо) мындан да көбөйтүшүмдү каалап, ач көздүк кылат. (Мүдессир Сүрөсү, 11-15)
.
Бул жерде абдан маанилүү бир чындыкты байкайбыз.
Эң көп үйү болгон, эң кымбат машиналарды сатып алган, эң көп кийими бар адамдын да жашай турган бөлмөсү, колдоно турган машинасы, жей турган тамагы, жата турган төшөгү, кийе турган кийими чектүү.
.
Дүйнөнүн эң чоң сарайында жашаган адам бир эле учурда канча бөлмөдө жашай алат?
.
Же эң кооз кийимдери бар адам бир жолкуда бул кийимдеринин канчоосун кийе алат?
.
Ондогон бөлмөдөн турган хан сарайына ээ болсо да, бир эле убакта бардык бөлмөлөрдү колдоно албагандыктан, үйүнүн эң көп бир бөлмөсүндө жашайт.
Шкафтар толо кийими болсо да, бир эле учурда бир гана кийим кийе алышат.
Аллах жараткан миңдеген түрдүү тамакка ээ болсо да, эң көп 2-3 чыны тамак жей алышат; андан көбүн жей турган болсо, бул алар үчүн кыйноо алып келет...
.
Шек жок, мындай мисалдар толтура.
Эң негизгиси, адамдын ага «ырахат алып келет» деген малы-мүлкүнүн, башка бүт нерселеринин чектүү болушу.
.
Чыныгы байлык деген эмне анда?
.
Чыныгы байлык – Аллахка ыйман келтирген жана дүйнөнүн өтүп кетүүчү кооздуктарына ашыкча маани бербеген, бүт нерсенин жалаң гана Аллахтан келгенин билген момундарга тиешелүү.
Себеби, момун дүйнө жашоосун берип, акыретти сатып алган. Мал-мүлкүн Аллахтын ыраазычылыгына жетүү үчүн сурайт жана бул максатта колдонот. Ага берилген жакшылыктарга шүгүр келтирип, дүйнөдө кемчилик сыяктуу көрүнгөн окуяларда да Аллахка шүгүр келтирет.
Ошондуктан, эң пайдалуу соода кылган болот, өтүп кетүүчү эмес, түбөлүк байлыкты тандайт.
Куранда бул чындык мындайча билдирилет:
.
Эч шек жок, Аллах момундардан ал үчүн сөзсүз бейишти берүү үчүн жандарын жана мал-мүлкүн сатыл алды. Алар Аллах жолунда согушушат, өлтүрүшөт жана өлтүрүлүшөт, бул Тооротто, Инжилде, Куранда Анын үстүндөгү чыныгы убада. Аллахтан да убадасына бе к турган ким бар? Андай болсо, бул соодаңар үчүн сүйүнүп, сүйүнчүлөшкүлө. «Чоң кутулуу жана бактылуулук» мына ушул. (Тообо Сүрөсү, 111)
.
.
ӨЛҮМ СИЗГЕ АР ДАЙЫМ КЕЛИП КАЛЫШЫ МҮМКҮН
.
Ар бир адамдын өз жашоосу боюнча бүтпөгөн пландары бар.
Мектепти бүтүрүү, университетке кирүү, аны бүтүрүү, жумушка ээ болуу, үйлүү болуу, үйлөнүп, бала-чакалуу болуу, баласын чоңойтуу, пенсияга чыгуу, бактылуу бир жашоого жетүү сыяктуу...
Чындыгында болсо бул пландарынын эч бирөөсүнүн ишке ашышы так белгилүү эмес.
Бала кезиңизден бери пландаган жумушуңузга кире албашыңыз мүмкүн.
Бүгүн кечки тамак үчүн бирөөгө сөз берип, бирок бара албай калышыңыз мүмкүн.
Ал тургай бул фильмди аягына чейин көрө алышыңызга да кепилдик жок.
.
Дүйнөдө сөзсүз ишке аша турган бир чындык бар.
Өлүм!
.
Дүйнө жашоосунда сөзсүз ишке аша турган нерсе бул өлүм.
.
Баарынан эң маанилүүсү бул дүйнөдөгү бардык жаныбарлар, өсүмдүктөр, адамдар, башкача айтканда, жер бетиндеги бардык жандыктар өлүмгө кабылышат.
Кээ бир адамдар бул улуу чындыктын маанисин түшүнүшпөйт.
Мунун себеби өлгөн адамдардын жана жаныбарлардын ордуна улам жаңыларынын төрөлүп турушу, табиятта жыл сайын жаңы түшүмдөрдүн бышып турушу.
Эгер жаңы төрөлүүлөр болбостон, өлүмдөр уланган болгондо, бул дүйнө кандай болмок, бир ойлонуп көрүңүз.
Бир-бирден азайган адамдарды, жаныбарларды, өсүмдүктөрдү. ..
Бул көрүнүштү көргөндөрдүн баары кандайдыр бир убакыттан кийин ишин таштап, жалаң гана өлүмдү ойлонуп, аны күтүп башташы мүмкүн эле.
Бул мисалдарды ойлонгондо, өлүм чындыгы абдан даана байкалат.
Жылдар бойу окуп, аракет кылып университетке кирген бир студент университетине кетип баратып өлүшү мүмкүн.
Же жаңы жумушка кирген бир адам жумушуна баратып...
.
Ийгиликтүү бир ишкер жумуштарын ылдам бүтүрүү, бара турган жерине ылдамыраак жетип, убакыттан утуу жана көбүрөөк жумуш бүтүрүү үчүн учак менен сапар кылууну тандашы мүмкүн.
Бирок учак кулап түшүп, жашоосу эч күтпөгөн бир абалда түгөнүшү мүмкүн.
Бир канча саат, бир күн, бир жыл, 30 жыл же 70 жыл...
Чектүү нерселердин баарынын бир күн түгөнөөрү так белгилүү бир чындык.
.
Бир адам 80 жыл жашаса да, 100 жыл жашаса да күн өткөн сайын сөзсүз келчү бир финалды көздөй илгерилейт.
Мисалы, бул фильмди көргөн бир адамдын канча күн, канча саат, канча мүнөт өмүрү калгандыгы азыр белгилүү.
Ошондуктан, ар бир адам Аллах ага берген мөөнөттү эң жакшы, эң туура колдонушу зарыл.
Өлүмдүн сөзсүз келчү бир чындык экендигин түшүнгөн адам топурактын астында мал-мүлктүн, моданын, чөйрөсүндөгү адамдардын бир мааниси болбой тургандыгын абдан даана түшүнө алат.
.
Бай же кедей, сулуу же сулуу эмес ар бир адам жалаң гана бир канча метрдик бир бөзгө оролуп көмүлөт.
.
Эй адамдар, шек жок Аллахтын убадасы чындык; андай болсо дүйнө жашоосу силерди жаңылтпасын. .. (Фатыр Сүрөсү, 5)
.
Акылдуу бир адам чындыктарды ойлонбой жүрө берүүнү токтотот.
Себеби, өлүм сизге, чоң ыктымалдуулук менен, бир мүнөт мурда өлүмдү эч ойлонбой турган бир учуруңузда келет.
Бул жаназага катышкан адам да бир күнү көмүлгөн адамга окшош кейипке келет.
Ошол сыяктуу анын денеси да топуракка аралашат, жансыз денеси бир убактарда эч уккусу да келбеген чирүү процессине кабылат.
Адам бул дүйнөгө «жалгыз» абалда келген сыяктуу, «жалгыз» абалда дүйнөдөн кайтаарын билиши зарыл.
Аны менен акыретке бара турган жалгыз нерсе – Аллахка болгон ишеними же ишенбестиги.
.
Атактуу Ислам алими Имам Газали бир сөзүндө дүйнө жашоосунун өтүп кетүүчү экендигин жана өлүм чындыгын мындайча баяндаган:
Канчалаган дем алгандар бар, алган акыркы демин кайра чыгарбастан, бир заматта өлүм аларды кармаган. Андай болсо сен ээ болгон нерсе алган демиңден гана турат; бир күн же бир саат эмес! Бир дем алууну да өткөрбөстөн, Аллахка баш ийүүгө жана тообого багыт ал. Балким экинчи бир дем алганга үлгүрбөстөн, өлүм сени кармайт! Демек адамдын экинчи бир күн, экинчи бир саат, экинчи бир дем үчүн кылган аракеттери дээрлик бошко чыгууда. Себеби аларга жетүү кепилдиги жок . (İmam Gazali, Cennete Doğru, (Yedi Geçit), Minhacü'l-Abidin, sf. 118)
.
.
МОМУНДУН ЧЫНЫГЫ МЕКЕНИ – АКЫРЕТ
.
Куранда акырет жашоосу «чыныгы жашоо» деп айтылат.
Бул сөз дүйнө жашоосунда чындык кабыл алынган бардык нерселердин биз ойлогондон такыр башкача экендигин көрсөтөт.
Дүйнөдө адамдардын өмүр бойу артынан чуркаган нерселер, ээ болууга аракет кылган байлыктар акырет менен салыштырганда, «чыныгы» эмес «жасалма» болууда.
Ар бир адам акыр аягында Аллахка кайтарылат жана акыретте бүт нерсенин чыныгы жүзүн көрөт.
Ушул себептен адам Куранда «чыныгы жашоо» деп билдирилген акырет жөнүндө терең, чын көңүлдөн ойлонушу зарыл.
Раббибизге дүйнөдө ага берген жакшылыктар үчүн шүгүр келтирүү менен Куран ахлагын жашашы зарыл.
.
Бул дүйнө жашоосу –бир ойун жана «өзүнө тартуучу бир алаксуу» гана. Чындыгында, акырет мекени болсо – чыныгы жашоо ошол. Билишсе кана. (Анкебут Сүрөсү, 64)
.
Бул макала даярдалышында Харун Яхья эмгектеринен пайдаланылды.
www.harunyahya.tv- www.harunyahya.com
2010-05-03 15:33:31

#212 20 March 2014 - 11:51
Куран ката издегендин катасын оңдойт
.
Канадалык християн жолдоочусу доктор Мольер библияны абдан жакшы билет. Математиканы жакшы көргөндүктөн логика жана логикалык ырааттуулукту да жактырат. Бир күндөрү ал Куранды окуп андан ката табуу менен мусулмандарды христиандыкка чакырам деп ойлойт. Ал Куранды 14 кылым мурда чөл аймагын чагылдырган бир жазылма болсо керек деп болжогон. Бирок, Куранды барактап жатып ушунчалык таасиреленип, эч бир китептен ал гана эмес өзү теңдешсиз эсептеген библиясынан да кезиктирбеген маалыматтарды табат. Ал пайгамбар Мухаммаддын (Аллахтын тынчтыгы жана ыракматы болсун) турмушундагы кыйын кырдаалдар, анын азаптанганын билгиси келет. Бирок таппайт. Ал «Мариям» сүрөөсүн окуп библияда мынчалык баяндалбаган Мариям (Аллахтын тынчтыгы болсун) энебиздин аруулугун окуйт. «Аиша», «Фатима» сүрөөлөрүн да таба албайт жана чындыктан кыя өтө албайт. Таңданат. Андан кызыгы Мухаммадга (Аллахтын тынчтыгы жана ыракматы болсун) түшүрүлгөн китептен Иса (Аллахтын тынчтыгы болсун) пайгамбардын ысымы 25 ирет кайталанса, Мухаммаддын (Аллахтын тынчтыгы жана ыракматы болсун) аты 5 жерде гана эскертилгенине күбө болот. Ал Куранга кызыгып, кунт коюу менен окуп, эми ката табам деп катуу белсенет. Качан ал Курандагы
.
«Алар Кураанды терең пикир менен окушпайбы?! Эгер Кураан Аллаhтан башканын алдынан болсо, андан көп карама-каршылыктарды табышат эле» (4:82),-деген сүрөөнү окуганда чындап таңданат.
.
«Алар өздөрү жөнүндө ойлонушпайбы? ! Аллаh асмандар менен жерди жана ал экөөнүн арасындагыларды (беймаксат эмес) Акыйкат менен убактылуу мөөнөткө гана жаратты. Бирок, адамдардан көпчүлүктөрү Раббилерине жолугууга (жана бул сыноо дүйнө жашоосунан эсеп берүүгө) ишенишпейт». (30:8) .
деген аяттарды окугандан кийин ой жүгүртүүсү башка нукка бурулуп ишене баштайт. Жыйынтыгында, Мольер Курандын акыйкат китеп экендигине ынанып мындай дейт: .
«Таң калыштуусу, Куран мусулманды да, мусулман эмести да андан ката издегенге чакырат. Бирок андан эч ким ката таба албайт. Дүйнөдө эч бир автор мындай китеп жарата албайт жана эч кандай катасы жок деп да айта албайт».
.
Куранда ката бар дегендер 1400 жылдан бери ката таба албай келишет». Ошентип адашууну издеп отуруп ал 2010-жылы мусулманчылыкты кабыл кылган. Мольер байкагандай, Куран ката издегенге чакырат да пендеге өзүнүн катасын көрсөтөт. Ырайымдуу Зат ошентип Өзүнө акаарат айтканды да ыракмат-ырайымы менен коргонуна алып акыйкатты таанытат. Ааламдагы канча деген Кудайдан качкандардын арасынан тандап ыйман нуруна бөлөйт.

#213 20 March 2014 - 11:52
ИЛИМДҮҮЛӨРДҮН КУРАН ЖӨНҮНДӨГҮ ЖОРОМОЛДОРУНУН КЭЭ БИРЛЕРИ
.
Курандын адабий кереметтүүлүгү жана тууроого
мүмкүн эместиги жөнүндөгү жоромолдордун кээ бирлери
Меккеликтер дагы эле андан керемет каалап жатышкан эле жана Аз. Мухаммед (сав) чоң бир эр жүрөктүк менен жана өзүнө ишенүү менен миссиясынын далили болгон Курандын өзүнө кайрылды. Бүт Араптар сыяктуу алар да тил жана сүйлөө чеберчилигинде адис эле. Эгер Куранды ал өзү жазган болсо, башка адамдар да аны менен атаандаша алышмак. Ал сыяктуу он аят жазышсын. Эгер жаза алышпаса (эч жаза алышпайт да), анда Куранды апачык бир керемет катары кабыл алышсын. (Оксфорд университетинен атактуу Арап тили адистеринен Гамильтон Гибб (Hamilton Gibb))
Адабий бир ири эмгек катары Куран жалгыз турат; Арап адабиятынын теңдешсиз бир түшүмү, өзүндө айтылгандай бир «ата-бабасы» жана мураскору жок. Бүт доорлордун Мусулмандары бир гана мазмуну эмес, услубун да тууроо мүмкүн эмес деген орток пикирге келишкен... (Арап тили адиси Гамильтон Гибб (Hamilton Gibb))
Курандын Арап адабиятынын өнүгүшүнө болгон таасирин өлчөөгө болбойт жана бул таасир көп тараптуу болгон. Ичиндеги пикирлер, тили, рифмасы кийинки бардык адабия чыгармаларга аз же көп таасири болгон. Белгилүү тил өзгөчөлүктөрүн кийинки кылымдын прозасында да, андан кийинки проза чыгармаларында да тууроо мүмкүн болгон жок, бирок Куран Арап тилине алып келген ийкемдүүлүк себебинен ошол учурдагы абал жарым-жартылай ылдам өнүгө алды жана императорлук башкаруунун жана өнүккөн коомдун жаңы муктаждыктарына ылайык абалга келди. (Арап тили адиси Гамильтон Гибб (Hamilton Gibb))
Миссиясынын чындык экендигинин бир далили катары Аз. Мухаммедден (сав) бир керемет сурашкан сайын, Ал Курандын Аллахтан келгендигинин бир далили катары Курандын баяндарын жана эч салыштырылгыс улуулугун колдонгон. Негизи Мусулман болбогон адамдар үчүн да эч нерсе анын түшүнүктүү бир бүтүндүккө жана токтукка ээ тилинен кереметтүүрөөк эмес... .
Кереметтүү гармонияларга толгон тыбыштардын көптүгү жана кереметтүү ритмдер абдан душмандык жана шектенүү менен караган адамдардын өзгөрүшүндө маанилүү болгон. (Пол Казанованын (Paul Casanova) "L'Enseignement de I'Arabe au College de France" (Француз коллежинде Арапча окутуу) аттуу макаласынан)
Куран Жебрейил тарабынан Аз. Мухаммедге (сав) жеткирилген сөзү сөзүнө Аллахтын бир вахийи. Өзүнүн жана Аллахтын пайгамбары Аз. Мухаммеддин (сав) тууралыгын далилдеген бир керемет. Кереметтүү сыпаты услубунда да жатат –ушунчалык кемчиликсиз жана улуу болгондуктан, эч бир адам жана жин эң кыска сүрөсүнө салыштырууга мүмкүн болгондой бир сүрө да жаза албайт- мазмунунда да бар, келечек жөнүндөгү маалыматтарында жана Аз. Мухаммед (сав) эч өз башынча жете албаган маалыматтардын кереметтүү тууралыгында жатат. (Гарри Гайлорд Дормандын (Harry Gaylord Dorman)Towards Understanding Islam(Исламды түшүнүүнү көздөй) аттуу китебинен)
Арапча Куран менен тааныш болгон бүт адамдар бул диний китептин сонундугун макташат; калыбындагы керемет ушунчалык улуу болгондуктан, кандайдыр бир Европа тилине которулганда, анчалык суктанылбашы мүмкүн. (Эдуард Монтет (Edward Montet),Traduction Francaise du Coran(Курандын Француз тилиндеги котормосу) аттуу китебинен)
Оригиналдуу Арапчасы менен Куран адамды кыймылга келтирүүчү бир кооздукка жана өзүнө тартуучу күчкө ээ. Маңыздуу жана жогорку стили, көбүнчө рифмалуу болгон, бирден көп маанилерди камтыган кыска сүйлөмдөрү, сөзмө-сөз котормо аркылуу берилиши абдан кыйын болгон маанилүү бир таасирге жана жарылуучу бир энергияга ээ. (Жон Неиштин (John Naish)The Wisdom of the Qur'an(Курандын хикматы) аттуу китебинен)
Куран ааламдык (Китеп) катары Араптардын эң асылы жана жөнөкөйү болгон Курейш диалектинде, эң сонун жана таза бир тилде жазылган... Курандын стили сонун жана куюлушкан... жана көп жерде өзгөчө Аллахтын улуулугу жана сыпаттары сүрөттөлгөн убактарда улуу жана көркөм... Ушунчалык ийгиликтүү жана угуучуларды ушунчалык таң калтыргандыктан, кээ бир каршы чыккандар бул бир көз бойомочулук жана сыйкыр таасири деп ойлошкон. (Жорж Сейлдин (George Sale)The Koran: The Preliminary Discourse(Куран: алгачкы чакырык) аттуу китебинен)
Чындыктын, хикматтын жана услуп маңыздуулугунун керемети... (Касиеттүү (святой) Босуорт Смиттин (Bosworth Smith)Mohammed and Mohammadanism(Аз. Мухаммед жана Мухаммедийлик) аттуу китебинен)
Куран тандамал кооздуктагы бир рифмага жана кулакты сыйкырлоочу бир гармонияга ээ. Көп христиан-арап Курандын стилинен таң калуу менен сөз кылышат жана көп арап тили адистери анын кемчиликсиздигин кабыл алат... Чынында поэзияда да, прозада да бай жана түшүмдүү болгон Арап адабиятында аны менен салыштырууга боло турган эч нерсе жок. (Альфред Гийомдун (Alfred Guillaume)Islam(Ислам) аттуу китебинен)
Курандын Кудайдан келген бир Китеп болушу жана адамдарга
таасири жөнүндөгү пикирлердин кээ бирлери
Бир бүтүн катары Куранда эң мээлүү адамдар, эң улуу философтор жана эң күчтүү саясатчылардан алына ала турган бир акыл коллекциясын табабыз. Бирок Курандын Кудайдан келгендигинин дагы бир далили бар; вахий кылынган күндөн бүгүнкү күнгө чейин кылымдар бою бузулбастан корголгондугу. .. Мусулман дүйнөсү тарабынан кайра кайра окулуучу бул китеп ыйман келтирген бир адамды эч качан тажатпайт, тескерисинче кайталанган сайын ар күнү мурдакыдан да көбүрөөк сүйүлөт. Аны уккан же окуган адамда терең бир хушу (Аллахтан коркуу) жана урмат сезимин ойготот... Ошондуктан, Исламдын улуу жана ылдам жайылышына себеп болгон – бул баарынан мурда бул китептин Аллахтын китеби болушу... (Лаура Веччи Вальеринин (Laura Veccia Vaglieri)Apologie de I'Islamisme(Ислам дини жөнүндө бир сөз) аттуу китебинен)
Куран көп санда кемчиликсиз ахлактык кеңештерди камтыйт жана мазмуну кичине, байланышсыз бөлүктөрдөн турат, бүт адамдар тастыкташы керек болгон нуска сөздөрү (афоризми) жок бир бетин да көрө албайбыз. Курандын бөлүмдөр абалындагы мындай түзүлүшү жашоодогу кандайдыр бир окуяда катардагы адамдарга туура келген, өз ичинде бир бүтүн болгон бул тексттер нуска сөздөрдү жана эрежелерди түзөт.159(Жон Уильям Драпердин (John William Draper)A History of the Intellectual Development of Europe(Европанын интеллектуалдык тарыхынын өнүгүшү) аттуу китебинен)
[Аллахтын] Күч, илим жана ааламдык Кудайдык эрк жана жалгыздыгы (асмандардын жана жердин ээси жалгыз бир Аллахка болгон ишеним жана таяныч) сыпаттарына таянган Курандагы Кудайдык табият түшүнүгү, ошондой эле жогорку жана терең адеп-ахлактык чечкиндүүлүк, насаат берүүчү көсөм темалардын Куранда орун алышы жана күчтүү калктар жана чоң императорлуктардын курулаарын далилдеген бөлүмдөрдүн болушу себебинен Курандын эң жогорку мактоого татыктуу экенин кабыл алуу керек.160(Касиеттүү (святой) Ж. М. Родуэллдин (J. M. Rodwell) Арапчадан которулган англисче Куран маанилери котормосунун баш сөзүнөн)
... Адабий бир түшүм катары анын баркын кээ бир субъективдүү жана кооздук каалоолорго карап өлчөбөш керек, Аз. Мухаммеддин (сав) замандаштары жана жердештерине болгон таасирин эске алуу зарыл. Ошого чейин душман болгон элементтерди жалгыз бир денеде бириктирүүдөн тышкары, эгер угуучулардын жүрөгүнө үнүн мынчалык күчтүү жана ынандырарлык жеткире алып жатса, ошого чейинки араптардын аң-сезиминен жогору болгон пикирлерди сунуп жатса, реторикасыэч кемчиликсиз, себеби уруулардан маданий бир улут курган... (Др. Стейнгасстын (Dr. Steingass) T. P. Hughes'тунDictionary of Islam(Ислам сөздүгү) аттуу китебинде орун алган бир сөзү)
... Арапча Курандын улуу реторикасын алсыз да болсо чагылта турган бир нерселерди чыгаруу аракетим, кабардын өзүнөн тышкары, комплекстүү жана бай рифмалары менен байытылган адамзаттын эң улуу адабий шедеври болгон Курандын алдында нурсуз болуп калды... Мусулман Пикхоль (Pickthall) Ыйык Китепти сүрөттөп жатып айткандай «тууроого мүмкүн болбогон гармонияга» мурдакы котормочулар тарабынан дээрлик эч маани берилген эмес; ошондуктан кереметтүү кооздолгон оригиналы менен салыштырылганда (котормолордун) супсак жана түз тыбыштарга ээ болушу таң калыштуу эмес.162(Артур Алберринин (Arthur J. Arberry)The Koran Interpreted(Түшүндүрмөлөрү менен Куран) аттуу китебинен)
Заманбап илимдин негизинде Куран толугу менен объективдүү анализ кылынганда, көп жолу айтылгандай, экөөсү арасындагы дал келүү байкалат. Аз. Мухаммеддин (сав) доорундагы бир адамдын ал күндүн илим деңгээли менен мындай баяндарды жаза алышы мүмкүн эмес. Мындай ойлор Курандын теңдешсиздигин көрсөтүүдө жана объективдүү илимпоздун материалисттик себептерге таянган бир түшүндүрмө бере албашын кабыл алууга мажбурлайт. (Др. Морис Бюкай (Dr. Maurice Bucaille), Париж университетинин Хирургия клиникасынын башчысы)
... Куран башталгыч чекити катары өзгөрбөгөн ордун сактап калды... Бүт адамдар түшүнө ала турган маңыздуу бир баянга ээ болгон бул дин адамдардын абийирин кыймылдатууга багытталган улуу бир күчкө да ээ.164(Атактуу француз окумуштуулардан Эдуард Монтет (Edward Montet))
... Корголгон болушу жана мазмуну жагынан толугу менен теңдешсиз бир китеп бар... эч ким олуттуу бир шектенүү чыгара албаган чыныгы бир авторитет. (Босуорт Смиттин (Bosworth Smith)Mohammed and Mohammadanism(Аз. Мухаммед жана Мухаммедийлик) аттуу китебинен)
... Куран абийир эркиндигин апачык колдойт.166(Жеймс Миченердин (James Michener) "Islam: The Misunderstood Religion" (Ислам: туура эмес түшүнүлгөн дин) аттуу макаласынан)
Адилет түшүнүгү Исламдын кереметтүү идеалдарынын бири, себеби Куранды окуганымда жашоонун бул динамикалык принциптерин көрүүдөмүн; булар мистикалык эмес, тескерисинче бүт дүйнөгө туура келген, жашоонун күнүмдүк агымына ылайыктуу практикалык адеп-ахлак системасын көрүүдөмүн. 167(Speeches and Writings of Sarojini Naidu(Сарожини Найдунун сөздөрү жана дил баяндары) аттуу китепте орун алган"The Ideals of Islam"(Ислам дининин идеалдары) темалуу бир конференциядан)
Курандын бир булак, илимдердин башы экенин көрүү бизди таң калтырбашы керек. Куранда асмандар жана жер менен, адам жашоосу менен, соода жана ар кандай иштер менен байланыштуу ар түрдүү темадан сөз кылынууда жана бул болсо ыйык китептин бөлүмдөрүндөгү тафсирлерди түзгөн жалгыз бир тема же бир теманын жалгыз бир тарабы жөнүндөгү түшүндүрмөлөрдү пайда кылууда. Куран ушундайча Мусулман дүйнөсүндөгү бардык илим тармактарындагы кереметтүү өнүгүүлөрдүн негизги себеби... Бул бир гана араптарга таасир этпестен, ошол эле учурда еврей философтордун метафизикалык жана диний темаларга арап ыкмалары менен ой жүгүртүшүнө себеп болгон. Ошондой эле, христиан схоластицизминин арап дин философиясы менен канчалык аралашып кеткени жөнүндө көп талашуунун кажети жок.
Исламдык чектер ичинде ойгонгон руханий кыймыл бир гана диний божомолдор менен чектелбейт. Гректердин философиялык, математикалык, астрономиялык жана медициналык жазма эмгектери менен болгон жакындык бул эмгектердин уланышына жол ачкан. Аз. Мухаммед (сав) түшүндүрмө вахийлер менен Аллахтын кереметтеринин бир бөлүгү катары адамдын кызматына сунулган, натыйжада сыйынылбашы керек болгон асман телолорунун кыймылдарына көп жолу көңүл бурган. Бүт улуттардан Мусулмандардын астрономия илиминде канчалык ийгиликтүү эмгектенгени алардын кылымдар бою бул илимдин эң алдыңкы колдоочулары болушунан көрүнүп турат. Азыр деле көптөгөн арап тилиндеги жылдыз аттары жана техникалык термин колдонулууда. Европада ортоңку кылым астрономдору араптардын окуучулары болушкан.
Ошондой эле, Куран медициналык эмгектерге да күч берип, жалпы табият жөнүндө ойлонууну жана эмгектенүүнү насаат кылган.168(Проф. Хартвиг Хиршвельддин (Prof. Hartwig Hirschfeld)New Researches into the Composition and Exegesis of the Qur'an(Курандын түзүлүшү жана тафсирин изилдеген жаңы эмгектер) аттуу китебинен)
Курандын дүйнөнүн Кудайдан келген улуу китептеринин арасында маанилүү орду бар экенин көпчүлүк кабыл алат. Кылымга жол ачкан эмгектердин эң жаңылары адабият классына тиешелүү болсо да, булардын дээрлик эч бири көп адам топторуна мынчалык кереметтүү таасир эте алган эмес. Куран адамдын ой жүгүртүүсүндө жаңы бир доор жана жаңы бир табият пайда кылган. Алгач Арап жарым аралынын бири-биринен абдан айырмалуу көп сандагы чөл урууларын баатырлар калкына айлантып, андан соң учурда Европа жана Чыгыштын эң чоң күчтөрүнүн бири катары эске алынышы керек болгон Аз. Мухаммед (сав) доорунун абдан кеңири саясий-диний уюмдарын түзүүсүн уланткан. (Ж.М. Родуэллдин (J. M. Rodwell) Курандын арап тилинен англис тилине маанилеринин котормосуна Г. Марголит (G. Margoliouth) тарабынан жазылган кириш бөлүмүнөн)
... колубузга алган сайын... кыска бир убакыт ичинде бизди өзүнө тарткан, айран таң калтырган жана эң аягында алдына таазим кыла турганчалык таң калтырган бир чыгарма... Курандын услубу мазмуну жана максатына ылайык абдан күчтүү, улуу жана кереметтүү. .. бул китеп кылымдар бою эң таасирдүү китеп бойдон калат. (Гетенин (Goethe) Т. П. Хьюздун (T. P. Hughes)Dictionary of Islam(Ислам сөздүгү) аттуу китебинде орун алган бир сөзү)
.
Илимпоздордун Куран жөнүндөгү пикирлеринин кээ бирлери
... (Куранда) абдан көп чындык бар жана Др. Мур (Dr. Moore) сыяктуу мен да бул баяндарды жасаткандын Кудайдан келген бир илхам экенине ишенүүдө эч кыйналбайм. (Проф. Персод (Prof. T. V. N Persaud) Manitoba университетинде анатомия, педиатрия жана балдар ден-соолугу, акушердик, гинекология тармактарында профессор)
... Менимче генетика менен дин арасында эч бир карама-каршылык жок, тескерисинче дин кээ бир традициялык илимий подходдорго вахий кошуп, илимге жол көрсөтө алат, булар болсо Куранда бар болгон сөздөр, кылымдардан кийин туура экени көрсөтүлгөн жана Курандагы мындай илимий колдоо Аллахтан. (Проф. Жо Ли Симпсон (Prof. Joe Leigh Simpson) акушердик, гинекология, молекулярдык жана адам генетикасы тармактарында профессор)
Бир илимпоз катары таптак көргөн нерселеримди гана изилдей алам. Эмбриология жана өрчүү биологиясын түшүнө алам. Курандан мага которулган сөздөрдү да түшүнө алам. Мурда берген мисалымда айткандай, эгер өзүмдү ошол доорго алып бара алганымда, бүгүн билгендерим менен жана түшүндүрө алгандарым менен ал доордо сүрөттөлгөн нерселерди түшүндүрүп бере алмак эмесмин... Демек (Куранда) жазылган бүт нерседе Аллахтын кийлигишүүсү бар деген пикирде эч бир карама-каршылык жок. (Проф. Маршалл Жонсон (Prof. E. Marshall Johnson), Thomas Jefferson университетинде анатомия жана өрчүү биологиясы профессору)
Кээ бир аяттар (Куран аяты) адамдын өрчүшүн клетка аралашмасынан органдардын жаратылуусуна чейин абдан терең баяндап берет. Баскычтары, терминологиясы жана түшүндүрмөсү менен бирге адамдын өрчүшүнүн мынчалык даана жана кемчиликсиз маалыматы мурда болгон эмес эле. Баарында болбосо да көбүнчө бул түшүндүрмө адаттагы илимий булактарда жазылган адамдын эмбриону жана адам түйүлдүгүнүн өрчүшүнүн көптөгөн баскычтарын кылымдар мурда кабар берген. (Жеральд К. Герингер (Gerald C. Goeringer), Georgetown университетинде медициналык эмбриология тармагында доцент)
Адамдын өрчүшү жөнүндөгү Курандагы сөздөрдү түшүндүрүүдө көмөкчү болуу мен үчүн чоң бир ырахат. Мен бул баяндарды Аз. Мухаммедге (сав) Аллах берди деп так айта алам, себеби бул маалыматтардын көпчүлүгү көптөгөн кылым кийинге чейин аныктала алган жок. Бул мага Аз. Мухаммеддин (сав) Аллахтын элчиси (пайгамбары) экенин далилдөөдө. (Проф. Кейт Мур (Prof. Keith L. Moore), Торонто университетинин анатомия жана клетка биологиясы профессору, атактуу бир эмбриолог жана көптөгөн медициналык окуу китептеринин автору)
... Адамдын эмбриону басып өткөн баскычтар комплекстүү болгондуктан, –бул үчүн өрчүү учурундагы тынымсыз өзгөрүүгө милдеттүү- Куран жана сүннөттөгү сөздөр колдонулуу менен жаңы бир классификациялоо системасы сунушталган. Сунушталган система жөнөкөй, абдан көп маалыматты камтыйт жана учурдагы эмбриология илиминин ачылыштарына толук дал келет. (Проф. Кейт Мур (Prof. Keith L. Moore), Торонто университетинин анатомия жана клетка биологиясы профессору)176
Акыркы төрт жылда Куран жана хадистер менен жасалган терең изилдөөлөр натыйжасында адамдын эмбрионун бөлүмдөргө бөлгөн жаңы бир система пайда болду, мунун б.з. 7-кылымында жазылган болушу болсо абдан таң калыштуу... Курандагы маалыматтардын б.з. 7-кылымындагы илимге таянган болушу мүмкүн эмес... (Проф. Кейт Мур (Prof. Keith L. Moore), Торонто университетинин анатомия жана клетка биологиясы профессору)
(Аз. Мухаммеддин) ааламдын орток тамыры сыяктуу темаларды билген болушу мүмкүн эмес деп ойлоймун, себеби илимпоздор муну абдан комплекстүү жана алдыңкы технологиялык ыкмаларды колдонуу менен акыркы бир канча жыл ичинде аныктай алышты... 1400 жыл мурда ядролук физика жөнүндө эч нерсе билбеген бир адам, мисалы; жер бетинин жана асмандардын бир эле булактан келгенин же бул жерде биз талашкан башка суроолордун жоопторун өзү таба албайт. (Проф. Альфред Кронер (Prof. Alfred Kroner), Германия Mainz университетинин геобилим профессору, дүйнөнүн эң атактуу геологдорунан)
Булардын баарын бириктирсеңиз жана Куранда дүйнө жөнүндөгү темалар менен дүйнөнүн пайда болушу жана жалпысынан илим менен бардык бул сөздөрдү кошсоңуз, бир канча түрдө ал жерде баяндалгандардын туптуура экенин жана учурда алардын илимий ыкмалар менен тастыкталганын. .. айта аласыз. Куранда айтылгандардын көпчүлүгү ал доордо али далилденген эмес эле, бирок заманбап илимий ыкмалар учурда Аз. Мухаммеддин (сав) 1400 жыл мурда айткандарын далилдеген бир позицияда. (Проф. Альфред Кронер, Германия Mainz университетинин геобилим профессору)
Куранда туура астрономиялык чындыктарды көргөнүм үчүн абдан таасирлендим деп айта алам жана биз сыяктуу ааламдын эң кичинекей бөлүкчөсүн да изилдеген заманбап астрономдор үчүн өзгөчө. Эң кичинекей бөлүкчөнү да түшүнүү үчүн көп аракет кылуудабыз. Себеби телескопторду колдонуу менен бүт ааламды ойлонбостон, асмандын эң кичинекей бөлүктөрүн да көрө алуудабыз. Демек Куран окуу менен жана суроолорду Курандан жооптоо менен аалам изилдөөлөрүм үчүн келечектеги жолумду таба аламын деп ойлойм. (Проф. Юшиди Кусан (Prof. Yushidi Kusan), Япония, Токио Обсерваториясынындиректору)
Көргөн нерсебизди кереметтүү деп так айткым келет. Илимий түшүндүрмөнү кабыл алсын, албасын, биз көргөн бул жазууларды анализдөө үчүн биздин кадимки бир адам тажрыйбасы менен түшүнө ала тургандан абдан жогору болушу керек. (Проф. Армстронг (Prof. Armstrong), NASA'да иштеген астрономия профессору)
Мындай бир маалыматтын ал доордо, т.а. 1400 жыл мурда бар экенин элестетүү да абдан кыйын. Балким кээ бир нерселер жөнөкөй бир пикирлер болушу мүмкүн эле, бирок буларды абдан терең түшүнө алуу абдан татаал. Демек, бул эч адам өзү билген нерсе эмес. Кадимки бир адам бул кубулушту мынчалык терең детальдары менен түшүндүрө албайт. Демек бул маалымат табияттан жогорку бир булактан келген болушу керек деп ойлойм. (Проф. Dorja Rao, Сауд Арабия, Жидда, Абдулазиз Хан университетинде деңиз геологиясы профессору)
... Мен Куранда 1400 жыл мурда айтылган бүт нерсенин туура экенине жана илимий ыкмалар менен далилдене алаарына ишенем... Бул бүт илимдерди билген Аллахтын илхамы. Демек, төмөнкүнү айтуунун убактысы келди, «Аллахтан башка Кудай жок жана Аз. Мухаммед (сав) Анын элчиси». (Проф. Tejatat Tejasen, Tayland, Chiang Mai университетинин эмбриология жана анатомия бөлүмүнүн башчысы)
Куран бир канча кылым мурда келген жана эмне ачылыш жасасак тастыктаган. Бул Куран Аллахтын сөзү дегенди билдирет. (Проф. Joly Sumson, гинекология жана акушердикпрофессору)
Бул китеп (Куран) өтмүштөн, жакынкы убактан жана келечектен сөз кылууда. Аз. Мухаммеддин (сав) доорундагы адамдардын маданий деңгээлин биле албаймын жана илимий деңгээлин да билбейм. Эгер бул өтмүш доордо илим деңгээли биз билгендей төмөн болгон болсо жана технология жок болгон болсо, анда учурда Куранда окуганыбыздын баары Аллахтын нуру экенинде эч күмөн жок. Муну Аз. Мухаммедге (сав) илхам кылган. Мынчалык кемчиликсиз бир илим болушу мүмкүнбү деп Ортоңку Чыгыштагы маданияттын башталгыч тарыхы жөнүндө бир изилдөө жасадым. Бул Аллахтын Аз. Мухаммедди (сав) жөнөткөнүнө болгон ишенимди андан да күчтөндүрдү. Ага улуу илиминен биз жакында аныктаган кичинекей бир бөлүк жөнөттү. Геология тармагында Куран менен илимдин үзгүлтүксүз бир диалогу болоорун үмүт кылуудабыз. (Проф. Palmar, Америкада геология тармагындагы алдыңкы илимпоздордун бири)
Куранда тоолордун жер бетин турукташтыруу функциясы жөнүндө болгон бир маекте:
Бул (Куран маалыматы) абдан абдан кызыктуу жана дээрлик эч мүмкүн эмес экенине ишенем. Эмне айтсаңар туура экенине ишенем, мындан улам бул китепти (Куранды) угузуу (жеткирүү) абдан баалуу, силерге кошулам. (Проф. Syawda, океан геологиясы тармагында Японияда жана дүйнөдө атактуу япон илимпоз)186
Куран жөнүндө айтылган башка сөздөрдөн тандалмалар
Бүт баары логикага абдан туура келди. Мына ушул Курандын кооздугу сизден жооп жана акыл жүгүртүүңүздү күтөт... Куранды көбүрөөк окуганымда, дуба, жакшылык жана жардам жөнүндө сөз болуп жаткан эле. Ал кездерде али Мусулман болгон эмес элем, бирок мен үчүн жалгыз жооптун Куран экенин жана Куранды Аллахтын жөнөткөнүн түшүндүм.
(Йусуф Ислам [Cat Stevens], мурдакы англис поп жылдызы)
«Аллахка моюн сунган адам» маанисинде бир «Мусулманмын» деп үмүт кылганыма карабастан, көнүмүш мааниде бир Мусулман эмесмин. Менин жана башка батыштыктардын Куран жана башка Исламдык ой жүгүртүүнү чагылдырган булактарда терең каралган жана али үйрөнүшүбүз керек болгон абдан улуу Илахий чындыктар бар экенине ишенем. Ошондой эле, Исламдын келечектин жалгыз дининин негизги чатырын түзө турган эң күчтүү талапкер экени талашсыз. (Islam and Christianity Today(Учурда Ислам жана Христиандык) аттуу китептен)188
Менин динимди өзгөртүп, Ислам динин тандашымдын эң маанилүү факторлорунун бири Куран эле.
Мен Ислам динин тандоодон мурда Батыштык бир интеллектуалдын критикалык маанайы менен Куранды изилдеп баштадым... Бул китепте, Куранда он үч кылымдан мурда вахий кылынган, заманбап илимий изилдөөлөрдүн көпчүлүгүндөгү пикирлерди толугу менен камтыган аяттар бар. Мына ушул толугу менен менин динимди өзгөртүшүмө себеп болду. (Ali Selman Beroist, Француз медицина доктору)
Мен бардык диндердин ыйык китептерин окудум, Исламда көргөн нерсемди эч бирөөсүнөн таба албадым; кемчиликсиздикти. Куран, башка окуган китептериме салыштырмалуу, бир ширеңкенин жарыгы менен күн сыяктуу. Чындыкка толугу менен жабык болбогон бир акыл менен Аллахтын сөздөрүн окугандардын баарынын Мусулман болооруна так ишенем. (Saifuddin Dirk Walter Mosig)
Куранды күчтүү кылган нерселердин бири төмөнкүдөй; бир Мусулман же кандайдыр бир адам Куранды колуна алып кандайдыр бир бетин ачып окуганда, жашоонун маңызы жөнүндө алышы зарыл болгон кабарды алат. (Атактуу теолог Джон Эспозито (John Esposito))191
Дүйнөдөгү бардык аалым жана билерман адамдарды топтоп, жалгыз туура жана адамдарды бактылуулукка жеткире турган жалгыз себепчи болгон Курандын принциптерине таянган орток бир режим кура турган учурдун абдан жакын экенин үмүттөнөм. (Француз император Наполеон Бонапарт)
Тони Блер (Tony Blair): «Куран мага илхам берди»
Бүгүнкү күнгө чейин Куранды үч жолу окуганын айткан Англиянын премьер-министри Тони Блер көп сөздөрүндө Куран ахлагына болгон суктануусун айтып келүүдө. 2000-жылдын 29-мартында атактуу телевизор каналы BBC Блердин Куранга болгон суктануусун "Blair: Koran Inspired Me" (Блер: Куран мага илхам берди) темалуу кабары менен чагылдырган эле. Исламдын абдан тынчтыкка чакырган жана сонун бир дин экенин, ага тиешелүү эки Куранды окуганын жана Куранды окуган сайын андан илхам алганын айткан Блер сөздөрүн мындайча уланткан:
Эгер Куранды окусаңыз, абдан айкын бир китеп экенин көрөсүз... адамзатка жол башчылык кылган сүйүү жана достук түшүнүктөрүн абдан сонун баяндап берет.
11-сентябрь кол салуусу болоордон бир эки күн мурда англисThe Mail on Sundayгезитиндеги бир кабарда болсо мурдакы АКШ президенти Билл Клинтондун (Bill Clinton) кызынын ага Куран белекке бериши менен Куран окуп баштаганын айткан Блер Курандын ага эр жүрөктүк бергенин айткан эле. Кол салуудан кийин Аль-Жазира каналында жарыяланган бир маегинде Блер дагы бир жолу Куран окуганын айтып, мындай деген:
Курандын биздин тилге которулганын окудум. Ислам жөнүндөгү эмгектерди да окуп жатамын жана мындан абдан ырахат алам. Куран жөнүндө мурда билбеген жана Христиандарды да абдан кызыктырат деп ойлогон көп нерсени үйрөндүм.
Timeжурналы болсо Тони Блер жөнүндөгү бир макалада Блерди«көп убактан бери Курандын окуучусу болгон Тони Блер»деп сүрөттөгөн.
Билл Клинтондун Курандан канчалык таасирленгенин айткан сөзү
Американын мурдакы президенти Билл Клинтон (Bill Clinton) Ак үйдөгү акыркы жылында Рамазан майрамында Мусулмандарды кабыл алган эле. Куран аяттары окулуп башталган чогулушта Билл Клинтон да өз сөзүндө Курандан аяттар колдонгон жана Исламга болгон жакындыгын көп жолу айткан:
Имам Курандан окуган бөлүмдө Аллахтын адамдарды бири-бири менен согушушу үчүн эмес, таанышуулары үчүн улут улут кылып жаратканы айтылган эле. Менимче бул абдан таасирлентүүчү. Тооротто адамдардын жат адамдардан жүз бурбашы, мунун Улуу Теңирден жүз буруу маанисине келээри айтылат. Инжилде болсо адамдарга коңшуларына жакшы мамиле кылуулары айтылат. Бирок Куранда Аллахтын улуттарды жана расаларды бири-бири менен таанышсын, пикирлерин бөлүшсүн деп жараткандыгынын айтылышы менимче керемет... Бир нерсени айтууга уруксат бериңиздер, менимче дүйнө Исламдан үйрөнө турган көп нерсе бар. Дүйнөдө ар бир төрт адамдын бири Мусулман. Америкалыктар университеттерде жана лицейлерде Исламды үйрөнүшүүдө. Менин кызым да лицейде окуп жүргөн кезинде Ислам тарыхы сабагын окуган жана Курандын көп бөлүгүн окуп чыккан эле. Ал тургай, мектептен келген соң бизге да бул жөнүндө маалымат берип, бизге суроолор узатчу. Сиздерден дагы бир жолу бул өлкө адамдарынын сиздердин диниңиздерди, ибадаттарыңыздарды, үрп-адаттарыңыздарды жакшыраак түшүнүүлөрү үчүн өзүңүздөрдү, диниңиздердин баалуулуктарын жана адамзаткан берген жакшылыктарын аларга жеткиришиңиздерди өтүнөм. Куранда адамдарга өзүңө кандай мамиле кылынышын кааласаң, башкаларга да ошондой мамиле кыл деп айтылган. Жана өзүбүзгө каалабаган нерселерди башкаларга да каалабашыбыз жана тынчтык ичинде аракет кылышыбыз...
Жорж Буш (George W. Bush): «Куран – алган эң сонун белегим»
2001-жылдын 26-сентябрь күнү Буш Америкадагы Мусулман уюмдардын башчыларын Ак сарайда кабыл алды. Исламдын адамдарды бир гана тынчтыкка жана жакшылыкка чакырганын айткан Бушту бул жолугушуу учурунда таасирленткен окуялардын бири – Мусулман лидерлер ага тартуулаган Курани Керим эле. Түндүк Америка Ислам коомунун (ISNA) башчысы Др. Музаммил Сиддикиден (Dr. Muzammil Sıddıqi) алган бул белектин канчалык көңүлүнө жакканын жолугушуудан кийин жасалган пресс-конференцияда Буш мындайча билдирген:
ИмамСиддикиге «Мага берген белегиңиз үчүн, Куран үчүн сизге чоң ыраазычылык билдирем. Абдан аярдык менен тандалган бир белек» дегенимде, «Бул мен сизге бере алчу эң баалуу белек урматтуу Президент» деген жообун берди.198
2001-жылдын 17-сентябрь күнү президент Буш Американын эң байыркы мечиттеринин бири болгон Вашингтон Ислам борборунун мечитин зиярат кылды. Исламдын тынчтык дини экенине, террористтик кол салуулардын Ислам менен жана чын ниеттүү Мусулмандар менен эч байланышы жок экенине басым жасаган бул сөзүндө Буш күнөөсүз жана катардагы Мусулмандарга зыянын тийгизген адамдардын да террористтик кол салууларды жасагандардай адилетсиздик кылган болоорун айтты. Көп адам чогулган, көптөгөн улуттук жана эл аралык телевизор каналы тарабынан түз алып берүү жасалып жаткан сөзүндө Буш Курандан төмөнкү аятты окуду:
«Анан жамандык кылгандардын акыбети, Аллахтын аяттарын жалганга чыгарганы жана шылдың кылганы үчүн, абдан жаман болду.» (Рум Сүрөсү, 10)

#214 20 March 2014 - 11:55
Теңирчилер тууралуу баян
.
Орусиялык бир тууганыбыздын баяны. "Мен динге кантип келдим"
Ассаламу алейкум рахматуллахи ва баракатух.
Менин атым Антон, жашым 28 де. Менин эси-кардым соо, тунук ой жүгүртүп, бул жашоодо өзүмө туура максат коюп жашай алган жана жашап келген адаммын. Бул кичине айта турган кебимен, менин кандай адам экендигимди түшүндүрүү максатында, четтөөм болду.
Мен Россиянын Приморский крайында төрөлүп азыркы кезде жашап келем. Мен Исламды жакында эле, жарым жыл мурун, кабыл алдым, бирок буга чейин мен Аллахка ыйман келтирген эмесмин дегеним туура эмес болоор. Себеби, мен кичинемден тарта эле (12 жаш) бул ааламдын жаратылуусу, анын түзүлүшү тууралуу көп ой жүгүртчүмүн. Көбүн эсе караңгыда жатып алып ушул нерселер тууралуу ой жүгүртүүнү жакшы көрчү элем. Адамзатты, аалымды Ким жаратканы тууралуу жана баарын орду-орду менен кандай гана так жана туура тартип менен жараткандыгы тууралуу. Күн өз ордунда, ай өз ордунда, жер өз ордунда, жаныбарлар өз ордунда, адамдар өз ордунда, ата-энени өз ордунда кылып. Мен баардык балдардай эле көчөдө оюн салып, кээде тентек кылып, кээде туура, кээде туура эмес иштерди кылып чоңойгом. Дагы бир басым жасай кетчү нерсе мени ата-энемдин христиан болгондугу, ошол себеп мени кичине кезимде алып барып чиркөөдөн чокундурушкан экен. Дагы кошумчалай кетчү нерсе менин туугандарымдын баарысы христиандар болгондугу. Бирок бул жагдайга карабастан мен кичинемен тарта эле кандайдыр бир себептер менен христиандыкты, чиркөөнү такыр эле кабыл алгым келген эмес. Туугандарым мени чокундуруп коёюн деген ниеттерин көп эле жактыра бербей, алардан оолактап качып да кетчү элем. Алардын мени чокундуруп коёюн дегендерин такыр эле кабылдагым келчү эмес.
Энем кээде мени чокундурса, эне минтпей эле коюңузчу деп суранар да элем. Кичинемде чиркөөдө көп эле ирет болдум, бирок ал жерде айтылган сөздөр, ал жерде кылынып жаткан жөрөлгөлөр эч эле жүрөгүмдөн түнөк таппады. Алар кимге сыйынып жата, эмнеге минтип сыйынып жата мага түшүнүксүз нерсе эле.
Кийин мен чоңоюп, жеке ишкер болуп, үй-бүлөөлү болуп өз алдымча жашоомду уланттым. Жеке ишкер болгону көп Россиянын жана башка мамлекеттин (Аллахтын да) мыйзамдарына карама-каршы келген иштерди да жасадым. Бирок ичимдеги кандайдыр бир сезим мунун баары туура эместигин, мен туура эмес иштерди жасап жаткандыгымды мага күнү-түнү кабарлап турду. Мени курчап турган адамдар тууралуу, мени курчап турган аалам тууралуу акыркы убакта көп ойго чөмүлүп баштадым, адамдын бул жашоодо максаты кандай, орду кандай экендиги тууралуу ойлорго. Мен жашоомду талдап карай баштадым, мени курчап турган адамдардын жашоодогу максатын алардан сурап талдай баштадым. Ааламдын жаратылышынын себеби эмнеде, адамдардын жаратылышынын себеби эмнеде, ушул суроолордун үстүндө ойлонуп, адамдын жаратылыш максатын изилдей баштадым Жөн гана үстүртөн изилдебестен, терең изилдей баштадым. Бул үчүн ар кайсы диндер тууралуу маалыматтарды издеп, таап окууга өттүм. Окуп гана тим болбостон алардагы жазылган ар бир сөздү талдап, ар бир сөздүн маанисине түшүнүүгө аракет жасадым. Китептин сырткы мукабасын гана окуп койбостон, мындайча айтканда, анын маанисин, негизги оюн түшүнүүгө аракет жасадым. Бул үчүн мен “биздин” дин деп кыйкырылып жаткан теңирчиликтен баштаган христиандыктын китептерин, алардын сайттарын калтырбай окудум. Акыры бул экөөнөн тең баш тарттым, өкүнбөстөн баш тарттым.
Теңирчилердин эркектин жыныстык мүчөсүн кудай кылышы жеткен эле келесоолук деп баалайм. Кайсы эси-карды соо адам теңирчилерге окшоп, жер энени, эркектин жыныстык мүчөсү болгон, “кудай” жакшылап канааттандырса, жер эне мол түшүм берет деп эркектин жыныстык мүчөсүн кудай кылып, ага сыйынсын? Мисалы мен баламды же кызымды менин мүчөмө сыйынуусун эч эле каалабайм. Ким эле каалайт бул нерсени? Ал эми ал мүчөнү тумар кылып моюнга кичинекей балдарга тагуу керек дегенди мен дөөпөрөстүк деп гана баалайм. Өз нукура диниңди сатып жатасың дегендерге айтаар элем, эгер силер үчүн кудай - эркектин жыныстык мүчөсү болсо, мен андай кудайга муктаж эмесмин.
Ал эми өз диниңди сатып жатасың деген христиандарга айтарым, бизге хрситандык миң жыл мурун келген, ага чейин биздин динибиз жогоруда сөз болгон, эркектин жыныс мүчөсүн кудай кылган теңирчилик болгон. Бул себеп мен силерди саткан жокмун деп айтам.
Ушундай талдоодон кийин менин назарым Ислам динине түшүп Ислам динин тууралуу маалымат жыйнап, Ислам динин терең окууга өттүм.
Жаш баланын мээси айланып ушул ишти кылып жатат дегендерге айтарым. Мен рационалдуу ой жүгүртүп, ар бир нерсени терең талдап, чечим кабыл алган адаммын. Ар бир олуттуу нерседе мен ушундай кылам, миң жолу ойлонуп анан чечим кабыл алам. Ал эми дин менин жашоомдо ушундай олуттуу нерселерден.
Мына ошентип мен Исламга болгон кызыгуум артып, ал тууралуу маалымат алып, ар бир алган маалыматымды кубаттоо менен кабылдап жаттым. Себиби Исламда туура гана нерселерге уруксат берилип, туура эмес нерселерге, адамга зыян алып келүүчү нерселерге тыюу салынганын ачык баамдай алабыз. Мисалы аракка тыюу салынган, ким эле баласынын же кызынын ылжыйып мас болуп маңдайында турганын жактырсын? Ким эле апасы мас болуп көчөдө жатканын жактырат же атасынын? Эси соо кайсы адамга мас киши менен бирге олтуруу жагат? Эч кимге.
Аялдар бир тартипке ылайык кийинип, өзүлөрүн такыба алып жүрүшү абзел Исламда. Айланабызды карайлычы, канчалаган аялдар азыркы тапта сойку болуп көчөдө жүрөт? Кимибиз эжебиз же карындашыбыз сойку болсун деп тилек кыла алабыз? Эч кимибиз туурабы? Кимибиз биздин апабыз сойку болсун деп тилек кыла алабыз? Эч кимибиз. Кимибиз эркектин жыныстык мүчөсүн өзүнүн кудайы кылгысы келет? Мен азыр кудайыма сыйынып коёюнчу деп ким шымын шыпыргысы келет? Эч ким. Көрдүңүзбү Ислам дини адамдын ички табитине жакпаган нерселерге гана тыюу салган. Эч бир адам каалабаган нерселерге гана. Эч ким сыймыктануу менен “Менин балам аракеч болбодубу” же “Менин апам сойкулук кылып бизди багып жатат” деп айта албайт, туурабы? Мына ушундай адамдын ички табитине жакпаган нерселерге гана тыюу кылганын окуп билген сайын, мен бул динди жактырып, кабылдай баштадым. Ислам динин каралаган адамдардын стереотибин четке кагып, Ислам динин биринчи негиздеринен (Куран жана Сүннөт) окуп тааныша баштадым.
Кокусунан интернеттен “Оку!” деген бир жарнаманы көрүп калып, ошол сайтка кирип, мага Куранды жиберүүсү өтүнүчүм менен аларга кат жаздым. Биринчи таратылган Куран китептин нускасына жетпей калып, экинчи ирет кат жаздым. Аллах насип этип мага Курандын бир нускасын жиберишкендиги тууралуу кат алдым. Китепти барып аларда чынын айтсам ичимде кандайдыр бир катуу толкундоо болду. Китепти аларым менен аны күнү-түнү окуй баштадым. Окуп жатып, Аллахка илимим жеткендей сыйынууга да өттүм, туура сыйынууну билбейт элем, бирок менин табитим мени Ааламдын Эгесине таат-ибадат кылуумду талап кылып жатты. Чын ыкластан билгенимдей “Аллах, Аллах кечир мени” деп тилене бердим. Куранды окуган сайын менин мусулман (Аллахка толук моюн сунган) болууга дитим күчөп бара жатты. Ошентип мен мусулман болууга толук ниетим жеткенде, тиги Куранды жиберишкен сайтка кирип, “Мен мусулман болгум келет” деген кайрылуу жаздым. Мени менен ал сайттагы Абу Юсуф деген адам байланышып, менин исламга келишүүмө себепкер болуп, мен мусулман болдум.
Менин кыскача динге келген тарыхым ушундай.
Аллахтын тынчтыгы менен ырайымы болсун силерге деп сөзүмдү аяктаймын. Силердин диндеги бир тууганыңар.

#215 25 August 2014 - 18:59
КУДАЙДЫ КӨРҮҮ ЭМНЕ ҮЧҮН МҮМКҮН ЭМЕС?
Жогорудагы суроого берилген жооптун ичинде Имам Азам менен ыймансыз
адамдын ортосунда маек курулуп, акыры ыймансыз киши Кудайга ыйман
келтирет эмеспи. Бирок ыймансыз киши муну менен токтоп калбайт. «Андай
болсо бир суроо берем, Кудайга даана ишениш үчүн буга да жооп беришиң
керек.» - дейт.
Имам Азам мурдагыдай кебелбестен сурай бер дейт. Ыймансыз адам
кабагы салыңкы түрдө сурайт:
- Болуптур, Кудайдын бар экендиги чын болсо, анда аны эмне үчүн көрө
албайбыз?
Имам Азам бул суроонун абдан оңой экенине сүйүнүп кетет:
- Оболу бизге сүт беришсин, маегибиз таттуу болсун, - дейт. Ыймансыз
адам да кургаган эриндерин жалагылап, жакшы болот, маекти сүт менен
уланталы дейт.
Сүттү алып келишет. Ошол кездерде сүт таттуу болуш үчүн нават кошушчу
экен. Албетте, азыркыдай шекер жок да. Адам наваттан сүткө кошуп, сүтүн
таттуу кылып иче баштайт. Бирок Имам Азам адамга дагы бир кашык нават
берет. Ал болсо рахмат, мен наватты аралаштырдым, сүтүм таттуу, андан
көрө сен менин суроомо жооп бергиниң дейт.
Имам Азам сүттүн наватын текшерип көрбөйлүбү дейт. Тигил болсо бир аз
ачууланат:
- Менин сүтүмдө нават бар дебедимби?
Имам Азам:
- Ишенбейм.
Адам абдан ачууланат:
- Эмнеге ишенбейсиң?
- Мен көрбөгөн нерсеме ишенбейм, сүткө аралашкан наватты көрсөтсөң,
ишенемин.
Ал болсо кайдагы балээге кабылгам деп кыйкырат:
- Сүткө аралашкан нават көрүнмөк беле? Аны көзүңө көрсөтө албайм, бирок
ичсең даамын тилиң сезет. Абдан кызыгып жатсаң, көзүң менен эмес, бирок
тилиң менен сүттүн таттуулугун көрө аласың. Сен буга эмне эле кадалып
калдың? Менин суроомдун жообун бербейсиңби, андан көрө?
Имам Азам жагымдуу жылмайып:
- Мага мүмкүнчүлүк берген жоксуң да... Сурооңдун жообун өзүң бердиң –
дейт.
- Кандайча?!
- Кандайчабы? Сүттүн ичине аралашкан нават кандайча көрүнбөсө, Кудай
да бар, бирок бул көзүбүзгө көрүнбөйт. Ичкен сүтүңдүн майын да көрсөтө
албайсың. Бирок сүт абдан сонун жана майлуу. Аны да көзүң менен эмес,
тилиң менен татып түшүнөсүң. Демек, бул дүйнөдө бар болгон бир топ
нерселерди көзүбүз менен көрө албайбыз. Бирок алардан чыккан издер
аркылуу алардын бар экендигин түшүнөбүз, же башка сезүү органыбыз
менен түшүнөбүз. Сен сүттүн майын, шекерин да көрө албай туруп Кудайды
көргүң келет. Ал эми бул көзүбүз - дүйнөдөгү бардык нерсени көрө албаган
чектүү көз.
Так эле ушул мисал сыяктуу, биз Кудайды көзүбүз менен бул дүйнөдө көрө
албайбыз, себеби, ал жараткан нерселерди, чыгармаларды көрүүдөбүз.
Пайда болгон таасирлерин түшүнөбүз. Бирок бул көзүбүз менен эмес, акыл
көзүбүз менен, албетте.

Окунуп кийин калба,
Бул кундор откон чакта,
Кеч болот анда сага!
Бул кундор откон чакта,
Кеч болот анда сага!
#216 27 January 2016 - 17:56
Аллах Таалага мин мертебе шугурлор болсун ушул кундорго жеткизген.Аллах Таала кудуреттуу,
Аллах Таала мээримдуу,Аллах Тааланын азабы кучтуу.
Урматтуу мусулман бир туугандар! Эмне учун копчулугубуз Аллахтын бар экендигин ички сезим туйумдарыбыз менен сезебиз дагы, бирок анга конул бурбайбыз.Копчулук Кудай бар дейт дагы,ойуна келген ишти кылып жургонун коросун.Эмне учун коркушпайт? Себеби алардын журоктору кара чанга толуп калган.Чан женил, майда,козго азы корунбогондой журоко кируучу чандар, ошондой билинбей кирип кете берет.Ошондуктан Аллахка жакындайлы бир кун келип,баарыбыз Анын алдына кайтубуз чындык.

#218 27 January 2016 - 22:53
Эгер башына бир иш тушсо дароо Кудайды эстейсин.Билесин колунан эч нерсе келбешини.Бирок негедир жыргап жургон маалда, копчулугубуздун ойубузга келбейт.Жогоруда жазганымдай журоктун каралыгы Аллах Тааланы таануга,коп эстоодон кайтарат жана унуттурат.Унуткан эстебеген адамдарды,бир вакумга кирип калган нерсеге окшоштурсак болот.Вакумдагы басым бул коралбастык,
жалкоолук,текеберлик,
мактанчактык,
ачкоздуктор болуп саналат.Ошол нерселерден аруу болгон адам гана эки дуйно бактылуулугуна жетишине ишенем.Озуну озун ондобосок,башка биро келип ондоп койбойт. Ошондуктан Журокторубузу тазалайлы,кооздойлуу,
ошондо калган мучолорубузда таза жана корком болот экен.
Аллах Тааланы коп жолу эстесек,Анын кудуретин,Анын бар экенин сени эмне учун жаратканын тушунуп жетесин.
Омур аз,убакыт аз калды жетишип каалайлы...

#219 27 January 2016 - 23:33

++++
لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
#220 28 January 2016 - 00:12
Капленин жазганына аран жетесинго бул темада...))
Туура айтасын Тамчы шейх, ошол вакумдан чыгуу учунда аракет кылсалар, оной эле чыгып кетишет негизи, болгону текеберлик сезимдери коё бербей жататта жол бербей...

Супер-Инфо
super.kg
видео