Ооба, дагы кызыгына келип бутуууууп калды.
Жүрөгүм издейт сендейди... Жон гана окуп койгула. Комментарий жазыш не ОБЯЗАТЕЛЬНО!!!
#82 26 Февраль 2014 - 03:11
эээхх окучулук кундор кайра келсе э кандай сонун бирок аттин мага соймолоп кароол болгону жакты
#83 26 Февраль 2014 - 05:37
кызыктуу сериалдарда да бутоюн дегенде реклама же кызыктуу жеринен бутуруп койотго ошондой болтат окшойт
#85 26 Февраль 2014 - 08:47
Аябай соонун жазыпсыз.Коп-
коп айтып беринизчи...
Убакыт отот,
Эс тутум очот
Сезимдер озгорот
Башкалар таштап кетет
Бирок,журок унутпайт...
Эс тутум очот
Сезимдер озгорот
Башкалар таштап кетет
Бирок,журок унутпайт...
#88 26 Февраль 2014 - 22:39
...Мени уруп койгон тиги зоокур качып кетиптир.Менин атам айылдагы беделдүү,кадыр барктуу адамдардын бири болгондуктан тиги зөөкүрдүн ата-энеси канча жолу келип кыргызчылык кылып бүтүрүп коелу десе да көнбөй тиги зөөкүрдү издеттире берди айылды түп көтөрүп.Акыры ортого аксакалдарды салып атып менин атамды тынчтандырышты.
Эгер айылда дагы бирөө жарымды ушинтип токмоктосо каматтырып ийебиз деген аксакалдардын убадасын алып атам мени айылга алып келип алган болчу.Каникул бүтсө деле мен өзүмө келе албай жаттым.Кереелден кечке жатып ушунчалык бук болуп кетеер элем.Эмне менен алек болуштун айласын таппай калганда үйдө жатып алып китеп,дептердеги ар нерселердин сүрөттөрүн тартып отура береер элем.Үсөн сыртынан сыр бербей жүргөнү менен мен анын айынан ушул акыбалга түшүп калганымды билип өзүнчө бир калаты акыбалда жүрдү.Спорт менен ар дайым алек болуп жүргөнгөбү денеси чымыр, олбурлуу эле.Жакшы да мушташат болчу.Кыскасы убакыт отуп тиги зөөкүр айылда кайра пайда болгондо Үсөн бир эки досу менен аны жалгыз кармап алышып катуурак какыс-кукус кылып койушуптур.
Көзү көгөрүп,мурду кыйшайып кыйла эле жүрдү окшойт айылда ичип,акыры Россияга кетип жаны тынды....
---Акыры февральдын онунда апамдын толук жакшы боло элексин дегенине карабай мектепке жөнөп калдым.Келе жатып журөгумдун бир башкача дүкүлдөп сокконун айтпа.Классташтарым тез-тез менен кабар алып тургандыктан алар менен эч нерсе болбогондой эле учурашып койдум.Кусалуу көздөрүм Жазгүлдү издеп жатты.Менин катуу токмок жегенимди мектептин баары уккан окшойт баары эле таң калып карап,кее бирлери "кандайсын? ,кандайсыз?" деп учурашып атышты.Чоң переменада ажааткананы жанында Самат досумду күтүп турсам Жазгүл чыгып калды кыздар тараптан.Кыздар менен балдардын ажаатканасы кошуна болгондуктан алар баари бир менин жанымдан өтүш керек болчу.Мен аны көрсөм деле көрмөксөнгө салып тетири карап тура бердим.Жазгүлдүн досунан: "Тиги Асан байкеби" деп жанга жагымдуу үнү менен сурап калганын угуп калдым.Адатымча бүткөн боюумду ыссык тер аралап өттү.Алаканым кадимкидей сууланып,бетим алоолонуп күйүп аткансыды.Жөн эле отуп кетсе керек деп башка жакты карап турсам жанымдан өтүп кетип атып "Асан байке жакшы болуп калдыңызбы? деген Жазгүлдүн үнүн угуп калдым.Мен сүрдөгөнүмдөн аны карап,араңдан ооз уучумдан:" Ии жакшы,рахмат" деген жооп узаттым.Жазгүл жанда жок сулуу көздөрү менен бир башкача жылмайды да мектепти карай кадам шилтеди.Арканы үзүлгөн досум да чыгып биз дагы мектепке кирип кеттик....
---Ошол окуядан кийин Жазгүл мени менен кездешип калганда учураша баштады.Анын ар бир учурашуусу, жылмайуусу,коздөрүмө тике карап жылуулук тартуулашы менин болуп өткөн окуяны унутушума өбөлгө болду.
Азыр шам шум этип алып уйкум келгичекти жазып берем.Эч шаштырбагыла мени.Азыр силер окуп жаткан окуялар 10-11 жыл мурда болгон Жазгүл тууралуу окуялар.

Билдирүүнү түзөткөн: kuu-1005: 26 Февраль 2014 - 22:42
"Бактылуумун"
!
#89 27 Февраль 2014 - 02:05
...Кундор биринин артынан бири чууруп отуп жатты.Нооруз дагы келди.Ар жылдагыдай эле биз 20-сы күнү кечки сүмөлөктү айланып кыздарга тийишип ойноп жүрдүк.Мен Жазгүлдүн айланчыктап эле жүрүп калдым.Үсөн башка классташтарга кошулуп айыл кыдырып отуруштарга кеткен окшойт көрүнбөй калды.Биз Самат экөөбүз жүрө бердик ошол жерде.Элдер азайып клубдун алды ээндей баштаганда Жазгүл дагы досу Кызжибек экөө (кошуналар дагы болчу) классташтар кыздары менен коштошуп кетүүгө камына башташты.Мен аны байкап калып Жазгүл классташтары менен коштошуп атканда Саматты ээрчитип анын үйүнө барчу жолдон тосууга жолду кыскартып иттердин ажылдаганынан да коркпой уйлорду аралап өтүп жарым жолдо күтүп отуруп калдык.Биз аларга эмне дээрибизди ойлоп таба албай турабыз жолдун четиреек жагында.Кылыктанып күлүп койуп алар келе жатышты.Тегеректе бирөөлөр кыжылдашып атышкан болчу.Алар келе жатканда бир бурчтан эки бала чыкты да тийише баштады."
Мине болуп атасынар?"
деп кыйкырганынан Самат колуман кармап токтотсо болбой мен жулкунуп өтүп бардым.Барсам 11-класстын балдары экен.Үсөн көбүнчө өзүнөн чоңдор менен достошот эле.Ал экөөнүн бирөөсү да Үсөндүн досу экенин тааныдым.Мени көрүп эле "Ээ Асан кандай? тынччылыкпы?
" деп сурап калды.Досу дагы деле тиги экөөнө асылып атат.Мен "Досуңа айтып кой тигилерди оз жайына койсун" десем мени карап "Не сенин сүйлөшкөн кызыңбы? деп какшык аралаш сурап калды.Мен эмне дееримди билбей шашылганымдан "Оба" деп жооп бере салдым.Ичип алган окшойт арактын жыты жыттанып атты.Мени карап турду да:"Аа анда бул башка кеп.Азыр"
деп тигинисине барып бир нерсени айтты эле анысы Жазгүлдөрдүн жолун тосконду токтотуп четке чыга берди.Жазгүл бизди жакын келип тааныды да сүйүнүп алды.Жеткизип коелу деп биз аларды жандап басып кетип аттык.Жазгүл экөөбуз алдыраакта а Самат менен Кызжибек биздин артыбызда келе жатышты."
Майрам кандай болтат? тигилерге капа болбодуңбу?
каникулда эмне кыласын? деген суроолорду берип суйлошуп келе жаттык.Самат Кызжибек менен анын үйүндө сүйлөшүп туруп калышты.Биз да анын үйүнүн жанына келип бири-бирибизге эмне деерибизди билбей туруп калдык.Мен болгон күчүмдү жыйнадым да "Жазгүл сен мага көптөн бери жагып журосун,каршы болбосоң жолугуп туралы?" деп ал убактагы балалык сөздөрүм менен биринчи жолу кыз кишиге жолугуп турууну сунуш кылдым.Жазгүл мындай бурулушту күтпөгөн окшойт эмне деерин билбей дендароо болуп туруп калды.Мен беш секунддун ичинде анын жообун кутуп "эмне деер экен" деп кийип турган кийимиме батпай жарылып кете жаздадым.Жазгүл жер карап ойлонуп туруп "каршы болбосоңуз эртеге жообун берейин" деп үйүнө чуркаган бойдон кирип кетти......
Айлуу түн.mp3 (662,86К)
Количество загрузок:: 478

Количество загрузок:: 478
Билдирүүнү түзөткөн: kuu-1005: 27 Февраль 2014 - 02:06
"Бактылуумун"
!
#90 27 Февраль 2014 - 06:18
иииий даагы бутуп калдыбы ушул сериалдын дискин алып эле окуш керек экен
#92 27 Февраль 2014 - 09:20
сериалдан аырмасы жок экен.тан калычтуусу ушунча чон кылып жазып бир тамгаданда катасы жок экенине.
#94 27 Февраль 2014 - 13:09
Улам окуган сайын окуяны элестетип жатам.кандай болгонун.Азаматсыз!
!!
#96 27 Февраль 2014 - 14:32

#97 27 Февраль 2014 - 14:53
Менин журогум авторго окшогондорду издейт . Журоктон чыккан соз журокторго жетет дешет эле ,анан тиги жазгулдон кызгана да баштадым хе хе ...
#100 27 Февраль 2014 - 16:46
Автор азаматсыз!
Коркомдоп жазып жатасыз,адамды кызыктырып.
..
Убакыт отот,
Эс тутум очот
Сезимдер озгорот
Башкалар таштап кетет
Бирок,журок унутпайт...
Эс тутум очот
Сезимдер озгорот
Башкалар таштап кетет
Бирок,журок унутпайт...