11миң долларлык арак ичкиң келеби?
Blackwood Distillers Шотландиялык ичимдик чыгарган компаниясы өзүнүн Дива арагы менен 2006-жылы дүйнө жүзү жүргүзгөн сынакта жеңүүчү болгон. Ичимдик үч жолу кайың көмүрүнөн жана алмаз, рубин, изумруд баалуу таштарынын майда кыпындарынан чыпкаланып өтөт имиш. Бөтөлкөнүн сырты болсо ошол баалуу таштардын өзгөчө жасалгалоосунда камтылып, сатыкка коюлат экен. Бир бөтөлкө экинчи бөтөлкөгө окшошпогонун айтышат. Баасы 11000 доллардан жогору.
Шумдугуң кургур Бири-бирибизди таң калтыралы
#561 27 Февраль 2014 - 01:20
"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
#562 27 Февраль 2014 - 01:22
Эки чакырым жердин ортосу 21 саат айырма.
Адамзаты жаралгандан бери, күн нуру биринчи Япония жергесине чачырайт деп келебиз. Ошого карата саат алкагы тартиптелген. Маселен, бизде Москва убактысы менен салыштырмалуу 3 саат айырма бар. Эки ортонун аралыгы да (5 миң чакырым) кыйла. Эми, Ратманов аралы (Россия) менен Крузенштерн (АКШ) аралынын ортосу эки чакырымды түзгөнү менен 21саат айырмасы катталган. Россия аралында чак түш (12,00) бейшемби болсо, Крузенштернде түш ооп (15,00) шаршемби экен.
Адамзаты жаралгандан бери, күн нуру биринчи Япония жергесине чачырайт деп келебиз. Ошого карата саат алкагы тартиптелген. Маселен, бизде Москва убактысы менен салыштырмалуу 3 саат айырма бар. Эки ортонун аралыгы да (5 миң чакырым) кыйла. Эми, Ратманов аралы (Россия) менен Крузенштерн (АКШ) аралынын ортосу эки чакырымды түзгөнү менен 21саат айырмасы катталган. Россия аралында чак түш (12,00) бейшемби болсо, Крузенштернде түш ооп (15,00) шаршемби экен.
"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
#563 27 Февраль 2014 - 01:23
Эң узак тутулган күн.
Түштүк-чыгыш Азия жана тропикалык Африка өлкөлөрүндө жашаган элдер эң узак күндүн тутулганын байкай алышкан. Бул жаратылыш кубулушу ( 10- январь) 11 мүнөткө созулган. Адамзаттын тарыхында мындай болуп көрбөптүр. Астрономия илимпоздорунун айтымында, эмки узак күн тутулуусу 3043-жылы болот имиш.
Түштүк-чыгыш Азия жана тропикалык Африка өлкөлөрүндө жашаган элдер эң узак күндүн тутулганын байкай алышкан. Бул жаратылыш кубулушу ( 10- январь) 11 мүнөткө созулган. Адамзаттын тарыхында мындай болуп көрбөптүр. Астрономия илимпоздорунун айтымында, эмки узак күн тутулуусу 3043-жылы болот имиш.
"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
#564 27 Февраль 2014 - 01:23
Gasu (27 Февраль 2014 - 00:59) жазган:
Мына сага, гамбургер жегич!
Америкалыктарда бир өнөр бар экен. Гамбургерди убакытты ченеп алышып, жарышып жешет. Жакында да ушундай окуя болду. 23 жаштагы Джой Честнат гамбургер жеш боюнча рекорд койду. Ал сегиз мүнөттө 103 гамбургер жегенге жетишкен. Джой мындай эрдиги үчүн 10 миң долларлык гамбургердин чегин алды. Мындан мурда Такеру Кабаяши деген япон ушул эле убакытта 97 гамбургер жеген.

...dadilgo
#565 27 Февраль 2014 - 01:25
Асман тиреген имарат.
Дубай шаарында дүйнөдөгү эң бийик имарат курулуп бүттү. Бийиктиги 828 метрди түзүп, 160 кабаттан турат. Мунара сымал курулуш 2004-жылы башталып, 12 миң жумушчу эмгектенген. Имаратты абдан тез жүрүүчү 57 лифт тейлейт. Долбоорду жүзөгө ашыргандардын айтымында, асман тиреген Дубай Бурдж мунарасына 4,1млрд америка пулу сарпталганын эскертишет.
Дубай шаарында дүйнөдөгү эң бийик имарат курулуп бүттү. Бийиктиги 828 метрди түзүп, 160 кабаттан турат. Мунара сымал курулуш 2004-жылы башталып, 12 миң жумушчу эмгектенген. Имаратты абдан тез жүрүүчү 57 лифт тейлейт. Долбоорду жүзөгө ашыргандардын айтымында, асман тиреген Дубай Бурдж мунарасына 4,1млрд америка пулу сарпталганын эскертишет.
"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
#566 27 Февраль 2014 - 15:28
Бейбаш жүргүнчүнүн айынан учак конууга аргасыз болду.
Санкт-Петербург - Ош аба каттамы боюнча бараткан учак Кыргызстандык жүргүнчүнүн бейбаштыгынын айынан ара жолдо аргасыз конууга мажбур болду. Орусиялык маалымат каражаттары билдиргендей, 17-январдан 18-январга караган түнү Airbus-319 учагынын жүргүнчүсү мас абалында стюард менен мушташа кеткен. Кыргызстандык мас жаран дааратканада чылым чеккен жана ага тыюу салынат деп айтылганда, учак кызматкерине кол көтөргөн. Натыйжада учак кызматкеринин эрди канап, жүргүнчүнүн мурду сынган. Мунун айынан учак Челябинск шаарына конуп, бейбаштык кылган 29 жаштагы Кыргызстандык жигит унаа полициясына өткөрүлүп берилген.
Санкт-Петербург - Ош аба каттамы боюнча бараткан учак Кыргызстандык жүргүнчүнүн бейбаштыгынын айынан ара жолдо аргасыз конууга мажбур болду. Орусиялык маалымат каражаттары билдиргендей, 17-январдан 18-январга караган түнү Airbus-319 учагынын жүргүнчүсү мас абалында стюард менен мушташа кеткен. Кыргызстандык мас жаран дааратканада чылым чеккен жана ага тыюу салынат деп айтылганда, учак кызматкерине кол көтөргөн. Натыйжада учак кызматкеринин эрди канап, жүргүнчүнүн мурду сынган. Мунун айынан учак Челябинск шаарына конуп, бейбаштык кылган 29 жаштагы Кыргызстандык жигит унаа полициясына өткөрүлүп берилген.
"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
#567 27 Февраль 2014 - 15:35
Күтүлбөгөн эффект: Токойду аралап өткөн сел өзүнүн изин калтырды. Бул кадимкидей эле, фотошоп колдонулбаган сүрөт, автору — Willyyz.
"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
#568 27 Февраль 2014 - 15:37
"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
#569 27 Февраль 2014 - 15:51
Эң жаш эне.
1993-жылы беш жарым жаштагы (5,5) бөбөк бала төрөп, тарыхта калды. Бул наристе ден соолугу чың эркек уулду төрөгөн. Бирок ал 33 жылдан кийин гана экинчи жолу төрөткө барган.
1993-жылы беш жарым жаштагы (5,5) бөбөк бала төрөп, тарыхта калды. Бул наристе ден соолугу чың эркек уулду төрөгөн. Бирок ал 33 жылдан кийин гана экинчи жолу төрөткө барган.
"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
#570 27 Февраль 2014 - 15:53
Эң улуу эне.
Индиялык Омкари Панвар аттуу айымы 70 жашында 3 эм баланы төрөп, эң улуу апа болуп аталып калган.
Индиялык Омкари Панвар аттуу айымы 70 жашында 3 эм баланы төрөп, эң улуу апа болуп аталып калган.
"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
#571 27 Февраль 2014 - 15:54
Эң көп бала төрөгөн айым.
Улуу Британиялык Элизабет Гринхиллдин аты тарыхта эң көп бала төрөгөн эне катары калды. Өзүнүн өмүрүндө ал 39 жолу бирден бала төрөгөн. 1681-жылы болсо бул дүйнө менен коштошкон.
Улуу Британиялык Элизабет Гринхиллдин аты тарыхта эң көп бала төрөгөн эне катары калды. Өзүнүн өмүрүндө ал 39 жолу бирден бала төрөгөн. 1681-жылы болсо бул дүйнө менен коштошкон.
"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
#572 27 Февраль 2014 - 15:55
69 бала төрөгөн айым.
Ал эми он сегизинчи (18) кылымда жашаган Россиялык айым өмүрүндө жыйырма жети (27) жолу төрөп, жалпы балдарынын саны 69га жетип, эң көп бала төрөө боюнча рекорд койгон.
Ал эми он сегизинчи (18) кылымда жашаган Россиялык айым өмүрүндө жыйырма жети (27) жолу төрөп, жалпы балдарынын саны 69га жетип, эң көп бала төрөө боюнча рекорд койгон.
"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
#573 27 Февраль 2014 - 15:56
Жыныстык жактан жетилгенче эмчек эмген балдар.
Жыйырманчы (20) кылымдын башында Япон энелери балдарын 5-6 жашка чейин эмизишкен. Кээ бирлери жыныстык жактан жетилгенче.
Жыйырманчы (20) кылымдын башында Япон энелери балдарын 5-6 жашка чейин эмизишкен. Кээ бирлери жыныстык жактан жетилгенче.
"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
#574 27 Февраль 2014 - 15:57
Кош бойлуулукка байланыштуу кызыктуу факты:
Пилдердин эң узак кош бойлуулугу 22 айга созулат. Ал эми адамда эң узак кош бойлуулук 17 ай, 11 күн болоору катталган.
Пилдердин эң узак кош бойлуулугу 22 айга созулат. Ал эми адамда эң узак кош бойлуулук 17 ай, 11 күн болоору катталган.
"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
#575 27 Февраль 2014 - 16:03
кыргыздарда 9ай 9 Кун 9 саат 9 мунотто бала жарыкка келет,эгерде айынан ашып кетсе тоонун этин жедин беле деп коюшат го?
жаным апам сизди сагындым элесиниз кундузу козумдон тундосу тушумдон кетпейт
#576 27 Февраль 2014 - 16:25
Дүйнөдөгү эң таң калычтуу майрамдар:
Атайын бир убакты белгилеп, ошол учурду майрам катары санап, сайрандоо – жакшылыктан кабар берсе керек. Бирок, ар бир улуттун, ар бир жердин майрамдары салт-санаа сыяктуу эле бири-биринен айырмаланып тураары талашсыз. Алардын арасында адамды таң калтырган майрамдар дагы жок эмес. Алар үчүн өз майрам болсо, биз үчүн таң калычтуу эле болду. Анда, төмөндө айрым жерлердеги айрым таң калычтуу майрамдар туурасында сөз кылсак.
Тооктордун майрамы.
Небраска штатында тооктордун майрамы бар. Ал жерде мырзалар атайын тооктордой болуп кийинип алышып Тоок Шоуго катышышат. Жыл сайын жай мезгилинде бул жердин жашоочулары көлөмү чоң тооктордун катышуусунда оюн-зоок уюштурушуп, ар кандай сынактар дагы өткөрүлөт. Мисалы, тооктун этин эң көп жеген адам сынактын жеңүүчүсү деп табылат.
Жылаңач эркектердин майрамы.
“Хадака матсури” деп аталган бул майрамды бизче которгондо жылаңач эркектер дегенди билдирет. Бул майрам Японияда 1200 жылдан бери фестиваль катары майрамдалып келет. Жылаңач эркектер кышында, 9 градустук суукта муз сууга түшүшөт. Сууга түшүү менен алар рухий жактан тазаланып да алышат.
Мистикалык майрам.
Бул майрамды Австриянын эли беш жылда бир белгилеп турушат. Бул күнү жергиликтүү калк атайын маскаларды кийип алышып шаар айланып басышат. Маалыматтарга таянсак, мистикалык майрам 15 кылымдан татып белгиленет.
Ажарлуу мырзалардын майрамы.
Батыш Африкада жыл сайын ажарлуу мырзалардын майрамы дагы белгиленип келет. Алар өздөрүнүн сулуулуктарын калыстар тобу астында жарыялашып, жеңишке жетүүгө болгон аракетин жасашат. Себеби, жеңүүчү өзүнө ошол жерден каалаган селкини жубай кылып тандоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.
Фонарлардын фестивалы.
Тайванда фонарлардын фествалы өтүп турат. Күйүп турган фонарлар Жаңы жыл астында Тайвандыктарга үмүттүн шооласын көрсөтүп турат. Бул майрам Жаңы жылдын биринчи айдын толушунда белгиленет. Фонарлардын майрамы Тайвандан сырткары кытайлардын дагы салттык майрамы болуп саналат. Бирок, майрамдын эмне болуп пайда болгону туурасында азыркыга чейин так маалыматтар жок.
Майлуу Шейшемби.
Майлуу Шейшемби – Жаңы Орлеандагы классикалык майрам. Жыл сайын болуп туруучу бул майрам христиандарга Орозо (Пост) астында сайрандап алышына шарт түзөт. Жаңы Орлеанда тесмелерди коллекциялоо майрамдын дагы бир шарты болуп эсептелинет. Майрам учурунда ал тесмелер чогулган элдин үстүнө ыргытылат.
Самбанын майрамы.
Бразилияда 1920-жылдан тартып Самба бийинин майрамы белгиленип келет. Самба бийи Рио-де-Жанейродо пайда болгон. Ошондуктан жыл сайын бул жерде бул бийдин күнү белгиленип турат. Самба бийинин майрамына музыканттар, бийчилер, дизайнерлер катышышат.
Гүлдөрдүн майрамы.
Филиппиныда жыл сайын февраль айында гүлдөрдүн (Panegbenga – бизче которгондо “гүлдөө” дегенди түшүндүрөт) майрамы белгиленип турат. Гүлдөрдүн фестивалы учурунда бийчилер айланасын суу менен чачышып, ар кандай бийлерди аткарышат.
Холи фестиваль.
Ар түрдүү түстөгү порошок менен жамынган кыз бул майрамдын башкы белгиси болуп саналат. Холи майрамы Индиялыктардын диний майрамы болуп эсептелинет. Ошондой эле Холи майрамын Калуа-Лумпур, Малайзияда дагы белгилешет.
Жаз фестивалы.
Жаңы Орлеандын салттары жана жаздын (муз.жанр) фестивалын индейцтер коштошот. Бул майрамда индейцтер өзгөчө шоу көрсөтүшөт. Ошондуктан бул майрамдын башка майрамдардан кооздугу менен айырмаланып турат.
От фестивалы.
Индиядагы Раджастхан штатында от фестивалы өтүп турат. От фестивалында адамдар свеча кармап жүрүшөт. Бул майрам беш күнгө созулуп, жаңы жылдын жана караңгылыкка болгон жеңиштин белгисин билдирет.

#577 27 Февраль 2014 - 18:00
Жасалма кыздык белги модага айланып баратабы?
Гименопластика – медициналык термин, жалпак тил менен айтканда “кыздык белгини кайра орнотуу”. Анын модага айланганын ушундан билсеңиз болот: Учурда Америкада өзгөчө 40-45 жаштагы айымдар ушул маселе боюнча адистерге көп кайрылышат. Алардын дээрлик көпчүлүгү үй-бүлөлүү, ал тургай балдары да чоңоюп калган. Бул айымдардан операция жасатышынын максатын сураганда, көпчүлүгү күйөөсүнүн туулган күнүнө ушундай өзгөчө белек тартуулоону каалашкандыгын айтышат. Ал эми айрымдары жолдошу башка кызга кетип калбаш үчүн тиктирсе, кээ бирөөлөрү жөн гана кызыкчылык деп жооп беришет.
Кыздык белгини бизнес катары пайдаланышат:
Гименопластиканы бизнес катары пайдаланып, бир эмес бир нече жолу жасаткан да бийкечтер жок эмес. Алардын баасы ар бир мамлекетте ар түрдүү.
Мисалы, Британиялык модель кыз жасалма жол менен тиктирген кыздык абийирин аукционго койгон. Ага катышкан 50 мырзанын бирөөсү мындай модель менен болгон бир түнүн 80 миң фунт стерлингге баалаган. Бул айым жасалма жол менен тиктирген абийирин ушунча акчага баалап жатса, Кудай берген кыз белгисин акча үчүн сатыкка койгон башка бийкечтер да бар экен. Алардын айрымдарын айта кетсек, Италиялык 20 жаштагы бийкеч кыздык белгисин 10 000 рублге саткан.
Ошондой эле Бишкектеги “мамашалардан” сойкулукка кыздарды алуунун талаптарын сураганыбызда кыздык белгисин сурашты. Эгер кыз болсо биринчи түн 100 долларга бааланат экен.
Гименопластиканын эки түрү бар:
1. убактылуу,
2. узак убакытка,
Убактылуу кыздык белгисинин мөөнөтү 5-8 күн болсо, ал эми узак убакытка койдурганы өмүр бою сакталат. Бирок анын да өзүнүн кемчиликтери бар. Убактылуу болчу операциядан айырмаланып сакталуучу кыздык белги ооруларды пайда кылат. Айрым учурларда өмүр менен кош айтышууга алып келет.
Гименопластика боюнча кайсы өлкө биринчи орунда турат?
Гименопластиканы жасатууда Араб өлкөлөрү биринчи орунду ээлейт.
Андан кийинки орунду Латын Америкалыктар ээлесе, жакынкы эле Москва да бул боюнча алдыңкы орундардын катарында келет. Москвада бул маселе боюнча адистерге көбүнчө мусулман айымдар кайрылып, алардын дээрлик көпчүлүгү үй-бүлө кураар алдында кайрылышат. Алар буга чейин кыздык абийиринен өз каалоолору менен айрылбагандыгын айтышат. Саламаттыкты сактоо министринин айтымына караганда мындай иш Москвада үч жылдын ичинде 25 пайызга өскөн.

#579 27 Февраль 2014 - 19:19
Кытайда банктын кызматкери бечара ууруну шылдыңга алды.
Бул тууралуу «Синьхуа» маалымдайт. Видеобайкоодо көрүнгөндөй, банкка эркек киши келип, айнек артында отурган бийкечти эт туураган чоң бычак менен коркуткан. Буга карата кызматкер-айым каткырып күлдү. Көрсө, ууру кассанын айнеги бычак эмес, ок өткөрбөй турганын билбептир. Көп өтпөй, кылмышкер кармалды.
Бул тууралуу «Синьхуа» маалымдайт. Видеобайкоодо көрүнгөндөй, банкка эркек киши келип, айнек артында отурган бийкечти эт туураган чоң бычак менен коркуткан. Буга карата кызматкер-айым каткырып күлдү. Көрсө, ууру кассанын айнеги бычак эмес, ок өткөрбөй турганын билбептир. Көп өтпөй, кылмышкер кармалды.
"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
#580 27 Февраль 2014 - 20:14
Тагдыр.
Эне болсом да аялды сүйүп, кыйналам.
Үй-бүлөдө эжелеримдин, жалаң кыздардын арасында өзүмдү эркек бала сезем. Баары мени түйүлдүктөгү кезимде эркек болот деп күтүп жаткандан башталган экен. Кийин 6 кыздан соң мен төрөлүп калдым. Эркек балалуу болууну самаган ата-энем мени ат үстүнө мингизип, эгин талаа иштерине чыгарып, эркектин жумушун кылдыртып, айтор өң келбетим кыз болгонум менен мүнөзүм эркектей чоңойдум. Мүмкүн менин мындай ориентациям жаратылыштандыр, бирок тарбиям да кошумча болду го деп азыр ойлоп калам. Өзүм кыз туруп, кызга болгон сезимимди мектепте окуп жүргөндө байкадым. Классташ кызыма болгон жактыруум пайда болуп, аны башкалардан кызгана да баштадым. Алгач бул сезимден кооптонгонум менен, кийин күрөшүү кыйынга турду. Айтор көнүмүш адат же жашоо мыйзамына айлангандай болду. Ошентип окууну бүтүп, шаарга окууга тапшырып, жатаканада кыздар менен жашап калдым. Ал жерде да өзүм менен жашаган менден 2 жаш улуурак эжени жактырып калдым. Ага абдан көңүл буруп, ар бир сөзүнө маани берип, айтор бул сезимимди ал эже да байкап калды. “Сен биринчиден айымсың, сен аялзаты катары бактылуу болушуң керек. Бул сезим эмес, болгону сенин убактылуу алаксууң. Сен кабатыр болбо, мен эч кимге айтпайм” деп жылуу сөз айтып түшүнүү менен кабыл алды. Кийин таптакыр башка жакка көчүп кетти. Ошентип окууну да аяктап кесибим менен ишке орноштум. Ал жерде да өзүм менен иштеген бойдок келинди жактырып калдым. Бирок ал сезимим негедир күчтүү болду. Буга чейинки жактырууларым “тоок сүйүүдөй” эле сезилди. Күндө ага белек берип, кафеге барып сүйлөшүп отуруп, айтор ал менен өткөргөн күн кызыктуу болуп жатты. Бирок ал менин кесиптеш эмес, а башка сезим менен жактырарымды билип калып, “Баарына айтам” деп шантаж кылып, акча өндүрүп алды. Ал учурда өзүмдү өлтүрөйүн деп, кол салган учурум да болду. Бирок, ата-энем кыйналып жүргөнүмдү билип, жашоого алаксысын деп айылдагы бирөөгө алакачтырып күйөөгө беришти. Күйөөмө эч кандай сезим болгон жок. Миң аракет кылсам да, жактыра албадым. Кийин балалуу болгондо бир аз алаксып, эне бактысын таттым. Бирок жан дүйнөмө бир нерсе жетишпегендей, өксүп жүрдү. Өзүмдү аял катары сезе алган жокмун. Үйдө эки эркек басып жүрчүдөй сезилчү. Бул Кудайдан мага болгон чоң сыноо экенине кийин ынанып, күйөөм менен туруктуу жашап кетүүгө аракеттендим. Азыр жашым 60тан ашты. Балдарым, неберелерим бар. Кудайга шүгүр, бактылуу үй-бүлөлөлөрдүн катарындабыз. Бирок жан дүйнөмдөгү эч кимге айткыс, жада калса күйөөм билбес, жипсиз тушаган белгисиз сезимден жабыркап келем...