Суперстан: Шумдугуң кургур - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Эркин тема
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (163 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 28
  • 29
  • 30
  • 31
  • 32
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Шумдугуң кургур Бири-бирибизди таң калтыралы

#581 Пользователь офлайн   lucky_star   27 Февраль 2014 - 20:45

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 230
  • Катталган: 05 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 07 Июл 2019 03:54
  • Жынысы:Аялзаты

Жашы алтымыштан ашса, таакс, 1965-1970-жылдардын нарак-берагында болгон окуя экен. Значит, илгери эле "ушундай" сезимдүү адамдар болгон экен да...........

АльхамдулиЛлях!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#582 Пользователь офлайн   Gasu   27 Февраль 2014 - 20:49

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 677
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 06 Мар 2014 23:17
  • Жынысы:Белгисиз

...

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: image.jpeg

"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#583 Пользователь офлайн   Gasu   27 Февраль 2014 - 20:50

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 677
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 06 Мар 2014 23:17
  • Жынысы:Белгисиз

...

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: getImage01.jpeg

"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#584 Пользователь офлайн   Gasu   27 Февраль 2014 - 20:53

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 677
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 06 Мар 2014 23:17
  • Жынысы:Белгисиз

Дүйнөдөгү эң кичинекей куран китеп.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: getImage54.jpeg

"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#585 Пользователь офлайн   Gasu   27 Февраль 2014 - 21:10

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 677
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 06 Мар 2014 23:17
  • Жынысы:Белгисиз

:)

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: large.jpg

"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#586 Пользователь офлайн   Gasu   27 Февраль 2014 - 21:45

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 677
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 06 Мар 2014 23:17
  • Жынысы:Белгисиз

:)

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: AqdKTLnDSdw.jpg
  • Прикрепленное изображение: IasHqOqXhz4.jpg

"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#587 Пользователь офлайн   Gasu   28 Февраль 2014 - 00:07

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 677
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 06 Мар 2014 23:17
  • Жынысы:Белгисиз

Күн системасынын сыртында дагы 715 планета табылды.

АКШнын астрономдору күн системасынын сыртында дагы 715 планета табышты. Бул туралуу NASA отчетунда кабарланууда.

"Кеплер" космостук телескоп менен иштешкен астрономдор алардын төртөө жер өлчөмүндө болуп, кадимкидей жашоо болушу мумкүн экендиги айтылууда. Бул эң акыркы изилдөөлөрдөн кийин ааламдагы планеталар эки эсеге көп экендиги жана 700 жакындаганы аныкталды. "Кеплер" аппараты атактуу астроном Иоганн Кеплердин атынан коюлган. Ал орбитага 2009-жылы чыгарылган. Былтыркы жылы эле аппарат жылдыздарды айланып жүргөн 961 учурду каттаган. Аларды изилдөө дагы эле уланып жатат.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 1393519221_zagruzhennoe.jpg

"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#588 Пользователь офлайн   Gasu   28 Февраль 2014 - 00:09

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 677
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 06 Мар 2014 23:17
  • Жынысы:Белгисиз

Намаз кылган робот жасалды.

Иранда бир мугалимдин жасаган роботу балдарга намаз кылганды жана ибадет келтирүүнү үйрөтүп жатат. Тахрандан 35 км алыстыктагы Варамин шаарчасындагы мектептеги 27 жашындагы мугалими Екбер Резе эчен жылдар курска барып жүрүп, намаз кылган роботту ойлоп чыкты. Ал робот негизги максаты бош учурларда балдардын диний билимин келиштирип, намаз кылганды үйрөтөт. Ал эми балдардын пикиринде, алар мурда шашып намаз кылышса эми робот менен чогу шашпай намаз кылганды үйрөнгөндүгүн айтышкан. Ал эми мугалим болсо биринин үйүнө меймандыкка барып, ошондон балдардын оюнчугуна окшотуп жасоону чечкендигин айткан.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 1393519460_spiskichitayushixnamazstudentovsostavlayutvkazaxstane.jpg

"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#589 Пользователь офлайн   Gasu   28 Февраль 2014 - 00:13

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 677
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 06 Мар 2014 23:17
  • Жынысы:Белгисиз

Жириновский мында!.. Жиндикана кайда?

Орусиянын Мамдумасынын вице-спикери Владимир Жириновский «Россия 24» мамлекеттик каналынан чыгып адатынча оозуна келгенди оттоду.

Орусия каратып туруп кашындагы кылым коңшусу, кала берсе кыргыз менен казактай дили, тили бир кандашы Украинаны улутчулдарга жулдуруп ийгенине ичи күйүп атабы, айтор, ар кандай деңгээлдеги саясатчыларын айдактап коюп, бөйрөктү таянып карап турат. Баягы эле оозунан ак ит кирип, сары ит чыккан В.Жириновский минтип атат: -“Эч кандай Орто Азия республикалары деген жок. Орто Азия Федералдык округу деген бар. Анын борбору Верный! Азыр Алматы аталган бөтөн шаар - менин шаарым. Аны Өзбекстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркменстан, Казакстан өздөрү ойлоп табышкан! ”-деп күпүлдөдү. Эми В.Жириновскийдин сөзүнө көнүп деле бүткөнбүз. Бирок, ал официалдуу орус бийлигинин өкүлү. Болгондо да вице-спикер. Думадагы, жалпы эле Орусиядагы килейген партиянын лидери. Демек, анын сөзүнүн артында чоң саясый оюн жатканы жашыруун эмес. Анын үстүнө Орусия соңку мезгилдерде өзү ачык айталбаган ич күптүсүн ушул Жириновскийдин оозу менен айттырганга маш болуп баратат. Кыргызча айтканда “жинди болумуш” этип сүйлөй бер деп, үрдүргөнгө тап. Анысы көрүнүп эле турат. Аттиң, эсил кайран Стакеңдин мындай эл аралык масштабдагы журт бузарлар үчүн “жиндикана” деген атайын жайы болор эле. Азыр ал жакка өлүм жазасынан качкан кылмышкерлер толуп алып, Жириновскийге орун тийбей жатпайбы. Бул сөзү үчүн Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кур дегенде нота жибергенге жараган жок. Же, Жириновскийдин оозунун көбүгү кургасын деп, ошону күтүп жатышабы?!

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 1393411158_55b8dbbf10140b325eefae90a4c87030.jpg

"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#590 Пользователь офлайн   Gasu   28 Февраль 2014 - 00:18

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 677
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 06 Мар 2014 23:17
  • Жынысы:Белгисиз

Аарылар азайды, кесепети кандай болот?

Дүйнөдө аарылардын саны улам азайып баратканы окумуштууларды кабатыр кылууда. Алардын санынын азайышына түрткү болгон жаңы себептер аныкталды. Коммерциядагы бал чыгарган аарылар арасындагы илдет жапайы аарыларга да таркап жаткан экен.


Аарылар элет жеринин маанилүү бөлүгү. Бирок ал жактагы жапан аарылар азайып баратат. Көнгөн чөйрөнүн өзгөрүшү аарылардын санын кескин азайтууда. Эми алар коркунуч алдында. Бал аарылар алып жүргөн илдет башкаларына да жайылып баратат.

Ансыз деле араң жүргөн жапан аарылар эми эки илдетке: Вирус жана микроорганизм себеп болгон ооруга кабылууда. Бул илдеттер көптөгөн бал аарылардын өмүрүн алган эле. Эми илимпоздор жапан аарылар да мындай тагдырга туш болобу деп кооптонушууда. Лондон университетинин окумуштуулары Англия, Шотландия жана Уэльстеги жапан аарылар илдетке чалдыкканын, алардын өмүрү кыскарып жатканын аныкташты.

"Биз өзгөчө тынчсызданып жатабыз. Анткени бал аарылар азайып баратат. Аларды бир нече коркунуч тооруп турат. Эми жаңы бирөөсү пайда болууда. Бул коркунучтун баары дүйнөдөгү аарылардын санын кыскарта алат. Ал үчүн аарылардын көнгөн чөйрөсүн калыбына келтирүү гана жетиштүү болбойт. Коркунучтарга каршы күрөшүү керек,"- деди Лондон университетинин биологу, профессор Марк Браун.

Изилдөөчүлөр балчыларды жардамга чакырууда. Алар аарылардын оорусун көзөмөлдөө менен илдеттин тарашын токтотсо болот дешет. Жаратылышты коргоочулар да бул сунушту колдошот. Өсүмдүктөрдү чаңдаштырууда маанилүү ролду ойногон бул жандыктардын азайышы кыйратуучу кесепеттерге алып келиши мүмкүн.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 1393438137_377115076.jpg

"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#591 Пользователь офлайн   Gasu   28 Февраль 2014 - 00:31

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 677
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 06 Мар 2014 23:17
  • Жынысы:Белгисиз

Ж.Фрискенин башындагы шишикти Ислам апа операциясыз алмай болду.

Баш сөз: Кыргызстанда шишик ооруларын элдик медицинанын алкагында көп жылдан бери дарылап келе жаткан дарыгер Ислам апа, “Оруссиянын эстрада ырчысы Жанна Фрискенин башындагы шишикти операциясыз алам” деп ОРТ каналына кат жолдогонун угуп калдык. Бул боюнча элдик дарыгер Ислам апага кайрылдык.

-Ислам апа, белгилүү ырчыны операциясыз дарылайм деп ОРТ каналына кат жолдоптурсуз ушул чынбы?

-Мен 20 жылдан бери шишик оорулары менен күрөшүп, элди айыктырып келе жатам. Салттуу медицианын өнүктүрүү үчүн өз салымымды кошуп келе жатам деп айтсам болот. Менин дарылоо ыкмамдан айыгып кеткен бейтап “Ислам апа, Оруссиянын белгилүү ырчысынын башында шишик бар экен деп интернетте күйөрмандары дүрбөлөң түшүп атышат. Сиз мына андай шишиктердин канчасын бычак тийгизбей алып, айыктырып жатасыз. Ж.Фрискени да айыктырсаңыз болбойбу?. Сиздин колуңуздан дарыланып жаткандар ОРТга кайрылалы деп жатабыз”- деп калды. Менин бейтаптарым бул демилгени көтөрүп жаткандан кийин каршы боло алганым жок. Кат жолдодук. Азырынча жооп боло элек.

-Сизге кезек күтүп олтургандардын арасында, А.Балбакова деген айым менен баарлашып калдык. Эмчегинен мастит болуп келген экен. Сизден сеанс алгандан кийин толук сакайып кеттим деп билдирди. Маститти кандай жол менен дарылайсыз?

-Айзада Балкыбекова мага Улуттук онкология борборунун мамалогия бөлүмүнүн УЗИ кагаздары менен келген. Эки эмчеги тең мастит болуптур. Мен аны 15 күн дарыладым. Атайын ыкма менен жасалган дары чөптөр менен шишикти сордуруп алдык десем болот. Бүт курс бүткөндөн кийин кайтардан ошол жерге УЗИге жөнөттүм. Мына азыр колумда дарылаганга чейин дарылагандан кийинки УЗИ баракчасы турат. Экинчи жолку жыйынтыкта эки эмчекте мастит жок деген диагноз чыкты.

Айзада Балбакова.

Жашым 34тө. Төрөгөндөн кийин эмчегим ооруп , бир топ убакыт жүрө бергем.УЗИге түшсөм мастит деп диагноз коюп коюшту. Бир топ дарыларды жазып беришти. Эч натыйжа берген жок. Бир тааныштарым “Ислам апага барып көрбөйсүңбү”- деп дарегин берди. Кудай жалгап ападан минтип сакайып олтурам.Элдик медицинага ишеним арта баштадым. Ислам ападай табыптар көп болсун.

Ислам апа менен байланышчу телефон:0553114459

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 1393525103_zh01.jpg

"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#592 Пользователь офлайн   Gasu   28 Февраль 2014 - 00:46

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 677
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 06 Мар 2014 23:17
  • Жынысы:Белгисиз

Муздан курулган 20 кабаттуу үй. Кытай. :)

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: getImage53.jpeg

"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#593 Пользователь офлайн   Gasu   28 Февраль 2014 - 00:56

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 677
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 06 Мар 2014 23:17
  • Жынысы:Белгисиз

:)

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: getImage54.jpeg

"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#594 Пользователь офлайн   angelo4ka_96   28 Февраль 2014 - 00:59

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 222
  • Катталган: 05 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 13 Июн 2016 17:56
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:.

Просмотр сообщения Gasu (27 Февраль 2014 - 21:45) жазган:

:)


Магнит кишиби не бале?Сүрөт
Я не нравлюсь многим, лишь по одной причине, у меня есть собственное мнение.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#595 Пользователь офлайн   angelo4ka_96   28 Февраль 2014 - 01:00

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 222
  • Катталган: 05 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 13 Июн 2016 17:56
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:.

Просмотр сообщения Gasu (28 Февраль 2014 - 00:46) жазган:

Муздан курулган 20 кабаттуу үй. Кытай. :)


Ушул кантип болсун? СүрөтФантастика!
Я не нравлюсь многим, лишь по одной причине, у меня есть собственное мнение.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#596 Пользователь офлайн   Gasu   28 Февраль 2014 - 01:07

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 677
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 06 Мар 2014 23:17
  • Жынысы:Белгисиз

Шашлык! :achkakuz:

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 1901528_519725734814510_362076377_n.jpg

"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#597 Пользователь офлайн   Gasu   28 Февраль 2014 - 01:26

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 677
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 06 Мар 2014 23:17
  • Жынысы:Белгисиз

Табышмактуу жерлер:

Кыргызстанда эң эле кызыктуу, табышмактуу, сырдуу, таң калыштуу жаратылышка ээ болгон жерлер да көп.

• КРдеги эң кызык жер Баткенде. Мындагы Кыштут деген жерде кышында бир ай, жайында бир ай күн тийбейт.

• Аксуу районундагы Теплоключенка айылынан 6 км аралыкта Алтын Арашан деген кичинекей көлмө бар. Анын айланасында кышында да ар түрдүү гүл өсүп турат.

• Кан - Теңир тоо тоомунун батыш капталында, Түндүк Эңилчек мөңгүсүнүн этегинде Кептештин көлү (бул илимде Мерцбахер көлү делет) деп аталган бийик тоо көлү бар. Узундугу 2-3 км, туурасы 1,1 км, аянты 4 км2 , тереңдиги 60-70 м. Деңиз деңгээлинен 3304 м бийиктикте. Байламтасы мөңгү менен тосулуп, андан омкорулган муз сыныктары көл үстүндө калкып жүрөт. Эңкейиш жагы жайдын акыры-күздүн башталышында жырылып, суусу Эңилчек дарыясына куюлат. Көлдө чөөттөр гана калат. Бул учурда дарыя ташкындап, ал 7-10 күнгө созулат. Бул күндөрү дарыянын өлчөмү 700 м/секундага жетет. Сууга толбогон жылдары көл жырылбай калган учурлар да болот.

• Ысык-Көлдөгү Жыргалаң шахтасынын аймагы Республикада эң нымдуу жер. Мында жаан-чачындын орточо көп жылдык өлчөмү 850-900 мм.

• Кыргызстандагы эң катуу шамал — Боом капчыгайынан чыгып, Балыкчыдан 30-40 км чыгышка чейин жетүүчү Улан шамалы. Өтө катуу соккондо 40 м/секундадан ашат. Ал эми Санташ ашуусунан башталып, көлдүн чыгыш акваториясына чейин жетүүчү (Уланга карама-каршы чыгыштан-батышты карай) Санташ шамалы өтө катуу соккондо 30-35 м/секундага чейин жетет.

• Кочкор районунун Чолпон айыл өкмөтүнүн аймагында Аракөл деген чөйчөктөй көл бар. Узуну 1,5, туурасы 1 км. Суусунун көлөмү 3 млн м3. Бул көл космостон спутниктин изилдөө микросхемасына тартылып калган. Ал схемага айрым маанилүү жерлер, кендер, көлдөр гана тартылуу күчү менен түшүп калат экен. Мындай схемага Ысык-Көл, Соң-Көл, Чатыр-Көлдөр да түшкөн эмес. Көлдүн үстүндө 4-5 үйдүн ордундай саз болуп, ал шамалдын ыгына карата жылып жүрөт. Ал саздын үстүнө отуруп алып, балык кармагандар да болот. 1980-жылдардын орто ченинде Дүйнөлүк суу жана суу ресурстарын изилдөө институтунун кызматкерлери атайын Москвадан келип, космостон кандайча микросхемага тартылып калганын изилдеп кетишкен.

• Кыргызстанда кышкысын да кар жатпаган эң шамалдуу жер Кочкор району. Кочкорду өрдөп баргандагы Кызарт, өөдөлөгөндөгү Каракол, бет маңдайындагы Сөөк өрөөндөрүнөн соккон шамал Кочкорго кашык кар калтырбай сапырып кетет. Ошондон бул жер “кар жатпас кара Кочкор” аталып келет.

• Таластын Көксай айылынан Манас тоосун карай 2-3 км жерде, жолдун боюнда алачыктай чоң таш жатат. Жергиликтүү эл муну «Ажыдаар таш» деп аташат. Үстү оюк. Оюктун көлөмү 50-60 метрлик чоң казандай. Ичине кар, жамгыр суусу түшүп, жыл мезгилине жараша суу өңүн өзгөртүп турат. Ушул суу менен жуунса тери оорулары (котур, чакалай, аллергия, диатез, сөөл, жара) сен көр, мен көр айыгат дешет.

• 1970жылдарда Кадамжай районундагы Хайдаркан айылына жакын жерден табылган минерал Хайдарканит деп аталган. Бул заттын өңү кызгылт. Курамында титан, күмүш, сурьма, жез ж.б. заттар бар. Химиктердин айтымында мындай минерал башка эч бир жерден кездешпейт.

• Геология-минералогия илимдеринин кандидаты Делвес Жээнчороев Нарын облусунун аймагынан жаңы минерал тапкан. Ага Акаевин деген ат коюлган. Ал минералдардын кобальт монтморилонит тобуна кирет. Көк түстөгү ири минерал. Д. Жээнчороев алгачкы аскер кызматкерлеринин бири Жамангул Жээнчороевдин уулу.



• Аксынын Кечүү деген айылынын тоосунда жайгашкан Койташ кенинде “упа таш” деген таштар бар. Башка жерде кездешпейт. Фарфор буюм жасоого пайдаланылат.
"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#598 Пользователь офлайн   Gasu   28 Февраль 2014 - 01:45

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 677
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 06 Мар 2014 23:17
  • Жынысы:Белгисиз

Дүйнө жүзүнө белгилүү кубулуп туруучу хамелеон тоо кайда жайгашкан?

Австралияын борборунда, Алис-Спринс шаарынан 450 км. алыстыкта жайгашкан, дүйнө жүзүндөгү эң чоң кумдан турган монолит. Эң чоң кызыл Айерс Рок, же Улуру, аны аборигендер ушундай аташат, Австралиянын белгилүү символдорунун бири. Кызгылтым сарыдан күрөң тартып турган сүйрү формадагы аска жерден 350 метр бийик көтөрүлүп турат. Дагы үчтөн эки бөлүгү жерге жашырылып турат. Улурунун узундугу 3,6 км, туурасы 2,9 км, жашы 680 млн. жылды түзөт. Континенттин чок ортосунан тоо теги көтөрүлүп, Амадиус көлүнүн ортосунда турган аралдай көрүнүп турат. Тоо тегинин урандылары суунун алдына чогула берип, капталынан жаткан чоң пилге окшогон асканы жараткан. Алыстан Улуру монолити жылмакай көрүнөт. Ал эми жакындан анын бодурлары кадимкидей билинип турат. Бул тоо негизинен күн мезгилине ылайык, жарыктын тийишине карап кубулуп туруучу кызыл кумдан турат. Эртең менен эрте тоо кара түстө болсо, күн көтөрүлгөн сайын кочкул көгүш кызгылтым түскө боёлот. Күн чыккан соң тоонун өңү кочкул кызыл, анан розовый, түштөн өтүп тоонун өңү алтын түскө алмашат. Кечинде монолит чөлдө кара түскө боёлот.

Улуруну биринчи көргөн Европалык көрүнүктүү Британиялык саякатчы Эрнест Джайлс болгон. Ал 1872-жылы изилдөөчү Уильям Госс менен Гибсон чөлүндөгү кумга барып, кургап бараткан Амадиус туздуу көлүн ачышкан. Көлдүн жээгинен Джайлс түсүн өзгөртүп турган асканы байкап калган, бирок ага жеталган эмес. Бирок Госс бир жылдан кийин Улурунун чокусуна чыккан жана бул чоң таштан турган тоону Түштүк Австралиянын мамлекеттик катчысы, кийинчерээк мамлекеттин премьер-министри болуп турган Генри Айерстин атынан Айерс Рок деп атаган.

Муну билүү кызыктуу:

Бул табышмак тоонун жаралышы жөнүндө көптөгөн уламыштар бар. Алардын биринде бул тоону илгерки алптар жаратышкан, тоо менен алакалашуу адамга күч берет деп айтылат. Аска боорунда аборигендердин кудайы катары көп окулган Мала («Коён кеңгурунун»), Куния («Аял жылаандын») жана Лира (Күрөң жыландын») сүрөттөрү тартылган.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: Hameleon-too-1-300x198.jpg
  • Прикрепленное изображение: too2-300x220.png
  • Прикрепленное изображение: too3-300x224.jpg

"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#599 Пользователь офлайн   Gasu   28 Февраль 2014 - 01:52

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 677
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 06 Мар 2014 23:17
  • Жынысы:Белгисиз

Муну билүү кызыктуу:

Кар киши - бул легендарлуу, адам түспөлдүү - жер шарынын ар кайсы райондорунан кезиккен табышмактуу жандык. Анын аты абдан көп. Гималайда аны йети, Түндүк Кавказда аны - каптар, Азербайжанда - гулей - бани, а Монголияда - алмас, АКШда - бигфут, Канадада - сасквоч деп аташат.

Кар кишиге окшош сүрөттөр илгертен эле Байыркы Грециянын, Римдин жана орто кылымда Европанын искусстволорунда тартылып, ал жөнүндө Библияда, Рамаянда, түрдүү элдердин фольклорлорунда айтылып келген.

Жарым адам, жарым маймыл түспөлдүү бул жандыктын бутунун издери биринчи жолу 1921-жылы бийиктиги 6,4 км. Жомолунгму тоосуна болгон экспедиция учурунда табылган.

Издерди иликтөө учурунда жергиликтүү тургундар бул издер метах - кангмилерге - же которгондо "өтө сасык жыттуу кар кишилерге" тиешелүү экендигин айтышкан. Бул кар кишилер Гималайда жана Тибетте жашашкан. Азыркы мезгилде кар кишилер Памирде, Борбордук Африкада жана АКШда, Кавказдын эч ким чыгып бара алгыс тоо чокуларында, Чукоткада жана Якутияда жашашат.

Кар кишилер адамдардан чымыр денеси, баш сөөгүнүн учтуу, башкача сүйрүлүгү, колунун узундугу, моюнунун кыскалыгы жана алдыңкы жаагынын өзгөчөлүгү менен айырмаланып турат. Кар кишилердин чоңураактары Борбордук Азия жана Түндүк Америкада кездешет. Алардын денеси кара, боз же ак түстөгү жүндөр менен капталып турат. Башындагы жүндөрү денесиндеги жүндөргө караганда узун болот. Кар кишинин жүзү кара болот, ал эми муруту жана сакалы кыска жана сейрек. Алар дарактарда абдан жакшы секиришет. Тоодо жашаган кар кишилер үңкүрлөрдө жашашат, ал эми токойлордо жашагандары дарактардын бутактарына уя курушат.

Кар кишинин бар экендигин танган айрым окумуштуулар бою өтө узун жана жүндүү адамдарды айрым фантазиясы күчтүү адамдар кар киши катары кабыл алышат дешет.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: Kar-kishi-surot1-255x300.jpeg

"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#600 Пользователь офлайн   Gasu   28 Февраль 2014 - 02:04

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 677
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 06 Мар 2014 23:17
  • Жынысы:Белгисиз

Американын символу кайда жайгашкан?

АКШда гана эмес дүйнө жүзүндөгү эң көрүнүктүү скульптураны Эркиндик статуясын- Нью-Йоркто жана АКШда АКШнын символу, Эркиндиктин жана демократиянын символу деп аташат. Эркиндик статуясынын толук аталышы "Тынчтыкка жарык чачуучу Эркиндик" Нью-Йорк гаванындагы Бедлоу аралынан орун алган. Бул арал кийин Эркиндик аралы деп аталган. Бул статуя 1876-жылы АКШнын көз карандысыздыгына карата кабыл алынган Декларациянын жүз жылдык мааракесине карата Француз атуулдарынан белек катары жасалган. Америка статуянын пьедесталын куруш керек болчу, ал эми Франция статуяны түзүп, коюп бериш керек болчу.

Бул миссия Француз скульптору Фредерик Огюст Бартольдиге жана инженер Гюстав Эйфелге тапшырылган. Францияда да, Америкада да ар түрдүү театралдык көрсөтүүлөр, көркөм көрсөтмөлөр, аукциондор өткөрүлүп, лотереялар ойнотулуп, түшкөн каражаттар ушул заманбап архитектуралык шедеврди тургузууга жумшалган. Франциядан статуяны Америкага жеткирүү үчүн 350 бөлүккө бөлүп, 214 жашикке салышкан. Эркиндик статуясынын салтанаттуу ачылышы 1886-жылы 28-октябрда, мааракеден 10 жыл кечигип бир нече миңдеген көрүүчүлөрдүн катышуусу менен ачылган.

Эркиндик Кудайы, аял оң колуна факел, а сол колунда "JULY IV MDC CLXVI" ( "4 июля 1977" - көз карандысыздыктын Декларациясына кол коюлган күн) деген табличканы кармап турат. 356 тепкич Нью-Йорк гаванына карай ачылган статуянын таажысына алпарат. Коронада жети деңиздин, жети континенттин символу түшүрүлгөн кымбат баалуу таштар менен жасалгаланып, асмандагы нурлардын элесин берип турган 25 терезе жасалган. Статуянын бийиктиги факелдин учунан пьедесталдын түбүнө чейин 93 метр, статуянын өзүнүн бийиктиги пьедесталга чейин 46 метр. Статуя куюлган жездин салмагы 31 тонна, ал эми болот конструкциясынын салмагы 125 тоннаны түзгөн. Ачылган күндөн баштап бир канча жылга чейин статуя маяк катары пайдаланылган.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: E`rkindik-statuyasyi-2-300x225.jpg

"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Эркин тема
  • Кийинки тема →

  • (163 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 28
  • 29
  • 30
  • 31
  • 32
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 31 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 31, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 23 Июл 2025 19:21

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: