Саламатсыңарбы форумчу достор!
Мени көптөн бери ойлонткон көйгөй бул-үй бүлө куруу,турмушка чыгуу же үйлөнүү.Азыркы жаштарыбыз көпчүлүгү турмушка даяр эмес эле жаштык кылып,турмуш куруу эмне экенин,үйлөнүп жашаган канчалык кыйын экенин билбей,сезбей туруп үйлөнүп жатышат. Ажырашуу өтө көбөйдү.Эки адамдын турмуш куруусуна туруктуулук,
чыкамкайлык,
бири-бирине ишеним деген жоголгондой.
Илгери ата-энелерибиздин убагында эки адам турмуш курса,канчалык кыйынчылык,
ачкачылык болгонуна карабай бири-бирине жөлөк-таяк болуп,баарына чыдап жашашкан экен.Ал адамдарга баа бериш керек,азыр да көпчүлүгү 30,40,50 жылдан бери үй бүлөсүн уратпай,сактап түтүн булатып келишет.Өмүрлөрү узун болсун.Ушундай үй бүлөлөрдөн үлгү алыш керек.
Азырчы?....туруктуу,
чыдамдуу үй бүлөлөр азайып бараткандай.
Ушул маселени кантип алдын алуу керек?Кимде кандай ой-пикир бар?
Менин оюм,үй бүлө курууга даярдыкты мектептен баштасак кантет.Мисалы 9-кластан баштап сабак киргизсе.Тажрыйбалуу агай-эжейлер же кадимки эле турмушка тажрыйбалуу ата-энелер сабак берсе.
Турмуш куруу оюнчук эмес,бир адамга өмүрүңдү байлап жашаш канчалык кыйын экенин.Кыз-жигит кез менен үй бүлө кургандан кийинки жашоону салышбагыла.
Үй бүлө куруп жашаган,кыз-
жигит болуп жүргөндөй оңой,жеңил эмес.Кандай келин,кандай күйө бала болуш керек,кантип балалуу болуш керек.Кандай ата,апа болуш керек.Үйлөнүүгө өзүң кантип даяр болуш керек.Үй бүлөдө атанын орду кандай,апанын орду кандай,баланы кантип тарбиялаш керек...ж.б.у.
с толгон токой суроо-жооптор бар,билгенден биле элегибиз,көргөндөн көрө элегибиз көп дегендей....мүмкүн ушул нерсе да алдын ала бир аз болсо да пайдасы тиер деп ойлойм да.
Кимде дагы кандай ой-пикир,кеңештер бар?Ортого салып талкуулайлы,
келечек жаштардын колунда демекчи,жаштарды колдоп жардам берели.
Мектепке турмуш куруу жөнүндө сабак киргизсе кандай болот? Ой бөлүшүңүз!
#1 27 February 2014 - 11:24
О нас думают плохо лишь те, кто хуже нас, а те
кто лучше нас, им просто не до нас.
кто лучше нас, им просто не до нас.
#2 27 February 2014 - 11:33
турмуш куру учун сабак отпосода анданда кобуроогун билишет го отуунун кереги жок деп ойлойм
#3 27 February 2014 - 11:47
Киргизсе балким ажырашуулар азаймак жеке оюм албетте
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........
#6 15 March 2014 - 18:30
Мектеп окучуларына турмуш куруу сабагы эмес, Ислам-адеп ахлакы тууралу сабагын уйротуш керек, адеп бар жерде уят бар эмесби!
#7 03 April 2014 - 07:17
Кео эн туура мектепке дин сабагын киргизсе анын ичинде жашоонун баардык эрежелери камтылган.
#8 03 April 2014 - 10:41
Мындай маныздагы сабактар берилип эле келет. Мисалы: мурда уй- булоо деген сабак бар болчу. Азыр ыйман сабагы берилип келет. Ушул сабакта окуучуларга баардык маданий- тарбия иштерин уйротсо болот. Бирок азыр мектептерде айлык акынын аздыгына байланыштуу билими жогорку мугалимдер жокко эсе. Эгер мугалимдин билим денгээли начар болсо кантип анан балдарга жеткиликтуу акыл-насаат айтат. Мени окундургону деги эле турмуш сабагы эмес, баардык предметтерден окуучулардын жеткиликтуу билим албай жаткандыгы.
Yй бyлooм- менин жашooм, kелечегим!!!
#9 03 April 2014 - 11:50
Таалим тарбия,адеп ахлак ыйман сабактары отулуп эле жатат го....азыр жаштарда эркиндик ашыкча,жанын кыйнагысы келбейт,оной оокатка качырышат копчулугу, анан да билим алгылары да келишпей калды, эн негизгиси уйлонуп же турмушка чыгууда жоопкерчилик деген эмне экенин кобу билишпейт.,айтор дин сабагы же уй-було сабагы менен эле койгой чечиле калбайт...жапа тырмак, жалпы мамлекеттик денгеелде чогуу чаран иш алып баруу керек деп ойлойм.
#10 03 April 2014 - 20:54
мектепке дин сабагын киргизгенде,
бул суроо жойулуп калат. анткени ал сабактарда турмуш куруунун акы - чукусун дагы уйротушот.
#11 08 February 2017 - 19:52
#12 09 February 2017 - 09:11
Мектепке ислам сабагы киген учурда бул койгой чечилген эмес, жакшы айтсан адам баласына анчейин жете бербейт ошондуктан кээде жаман да айтыш керек. Жаман айтпай жакшы жок демекчи кээ бир адамдар жаманды жакшы угушат.Жаны кабыл алынган мыйзамга бир аз толуктоо киргизип мисалы айып турундо, жана ушул мыйзам каруппцясы жок иштесе азаят деп ишенем.
#13 09 February 2017 - 10:06

Дароо киргизип эле кайра алып салганбы эмне? Биз "Ислам" сабагын откон эмесбиз да.Анын ордуна "адеп" деген сабак отот элек.Ал сабактын Ислам дини менен эч байланышы жок да.Жакшы деле откон эмес адептен башка эле нерселерди окуйт элек.
#14 09 February 2017 - 17:11
Мен каршымын, себеби бул сабактын зарылчылыгы жок андан кору азыркы заманга жараша илимдерди уйрототурган сабак керек, инженерия саясат таануу робот технология ушуга окшогон, машиностроение ушуларга окшогонду киргизсе колбойт, анан буларды 5 класстан баштап киргизиш керек универге чейин жакшы тушунук пайда болуп анан универде дагы билимин которуп КРди которушот, бизде заманга жараша адистерибиз жок озубуздо азыр.
С одним человеком и на всю жизнь...
Вот чего я хочу...
Вот чего я хочу...
#15 11 February 2017 - 18:59
[quote name='kaidasyn'
date='09 Февраль 2017 - 10:06' timestamp='1486613194'
post='3301578'
]
Дароо киргизип эле кайра алып салганбы эмне? Биз "Ислам" сабагын откон эмесбиз да.Анын ордуна "адеп" деген сабак отот элек.Ал сабактын Ислам дини менен эч байланышы жок да.Жакшы деле откон эмес адептен башка эле нерселерди окуйт элек.
Адеп сабагы деп эле айтылып кураан окуганды суроолорду окуйт элек. МИСАЛЫ ал да билим денгээлине жараша окутушат мугалимдер, а эгер ислам сабагын киргизсе ал да мугалимден да кабыл алып жаткан окуучудан да коз каранды. Мектепте математика сабагы 11жыл окутулат бирок балдардын баары математик эмес, ошол сыяктуу ислам сабагы деле 11жыл окутсан да жетпеген адамга жетпейт, ошондуктан мыйзамды кучуно киргизсе жакшы болмок, себеби 21кылым деген жаштар улуулардын созун деле укпай калды.

#16 12 February 2017 - 15:25
Эмнеге эле мектепте айлык акы томон болгондуктан билим денгээли томон мугалимдер иштейт дей бересинер. Тескерисинче ошол мектепти суйгон мугалимдер иштейт. Акчаны суйгондор кеткен Россияга швеяга. М: мен предметимди суйом жана жакшы билем. Акчасы аз. Бирок башка жумушка иштегим келбейт. Ал эми тема боюнча келсек адеп сабагы деген окутулат. Болгону аны адам кандай кабыл алышта. Ата энелер турмуштук сабак отуш керек менимче. Келинибиз кетип калды болбогон шылтоо менен торкунумдон тороп келем деп. Ошону менен жашоосу бузулду. Мен бул жерде куноону кыздын апасына коем кызын жаша дебеген. Биздин келинден башка дагы эки кызы ажырашкан. Уч кыз беш баласы менен торкундо.
Эгер апасы туура тарбиялаганда башкача болот беле
Эгер апасы туура тарбиялаганда башкача болот беле
#17 13 February 2017 - 22:23
Адептен,балаани дагы уйротбойт!
Ушу адеп деген сабакты жок кылып ордуна ислам таануу сабагын киргизуу керек.Же адеп деген китеп жок же агай-эжекелер норма окутбайт.Кечке эле этика,этика,
этика дей берет.
#18 13 February 2017 - 23:12
Балдарды эн жакшы эне тарбыялайт .Азыр балдарын таштап бут иштегени кетишти .калган ата энелер деле алардан калышпайт балдары менен вопши иши жок .бут баары эмес бирок копчулугу.Ыйман сабагын киргизуу керек бир аз болсода тушунук пайда болот эле
#19 02 January 2019 - 06:41
Ыйман сабагын киргизип ошонун ичине турмуш куруу жонундо дагы темалары болсо жакшы

Супер-Инфо
super.kg
видео