Япондордун сакурасы.
Япониянын илгерки легендасында гүлдөп турган сакураны суктанып тиктеген адамдын ден соолугу чың болот, өмүрүңдү узартат, жүз жашка чейин жашайсың деп айтылат.
Сакуранын гүлүнүн кооздугуна дүйнө жүзүндө эч бир гүл тең келе албайт деп эсептешет Япондуктар.
Японияда гүлдөп турган сакуранын алдында ыр жазуу салтка айланганын бардыгыбыз эле билбейбиз. Сакура Японияда ыйык дарак катары эсептелет жана анын аурасы поэзия жаратууда таасирин тийгизет деп эсептелет.
Сакура - Японияда жаштыктын, сулуулуктун символу катары бааланат. Гүлдөгөндө эч бир өсүмдүк тең келе алгыс кооз алча дарагы.
Сакура - алчанын (вишнянын) эң кооз түрү. Ал эрте жазда гүлдөйт жана анын гүлдөрү агыш -ачык розовый түстө болот дагы көңүлүңдү өзүнө тартып турат. Бирок анын гүлдөрү бир жумага жетпеген убакыт гана турат.Катуу шамал же жамгыр болсо гүлдөр бир жумага да жетпей түшүп калган учурлар болот. Жаздын жакындашын Японияда сакуранын гүлдөшү менен байланыштырышат.
Сакураны негизинен ыйык өсүмдүк катары урматташат.
Анын мөмөсүн, жалбырактарын,
гүлдөрүн айрым учурларда гана тамак ашка пайдаланышат.
Сакуранын сүрөтүн Япониянын полиция кызамткерлеринин жана аскер кызматкерлеринин гербдеринен,
окуучулардын жана аскер кызматкерлеринин баш кийимдериндеги рангды көрсөткөн белгилерден көрүүгө болот.
Илгертен эле Сакуранын гүлдөгөн мезгили жаңы жылдын жаңырышы, жазгы талаа иштеринин башталышы катары бааланган. Эгер сакура абдан төгүлүп гүлдөсө Япондук дыйкандар быйыл түшүм абдан мол, берекелүү болот деп эсептешкен.
Мындан сырткары сакура көзү өткөн ата-бабалардын руху жашаган жай катары эсептелет жана аны суктанып тиктөө, ата-бабалардын арбагын тынчтандырат,
ыраазы кылат, гүлдөрүнө болгон урмат ата-бабаларга болгон сый - урмат деп эсептешкен.
Эгер сакураны көңүлүңдү төшөп, мээримиңди төгүп карасаң, сен ата-бабаларыңды урматтаганың,
сакураны сүйүп тикте, ошондо сенин ата-бабаларың сага ыраазы болот, сени колдойт, сага жардам берет деп эсептешкен.
Шумдугуң кургур Бири-бирибизди таң калтыралы
#601 28 Февраль 2014 - 02:11
"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
#602 28 Февраль 2014 - 03:58
Индонезияда кесме кандай даярдалат?
Индонезияда кесме, популярдуулугу боюнча күрүчтөн кийинки эле экинчи орунда турат. Бирок дайыма эле заманбап технологиялар менен жасала бербейт. Биз бүгүн Ясира Феринин чоң атасы түзгөн, үй-бүлө фермасында болобуз. Бул жакта робот же тетрапак деген нерселерди угушкан эмес, ал эми унду, уй сүйрөп иштеткен бир тонналык жаргылчак менен алышат. Ушундай кызыкты көрүш үчүн, Джокьякартадан түштүк-батышты көздөй 30 чакырым аралыкта жайгашкан жерге барабыз.
Индонезияда кесме, популярдуулугу боюнча күрүчтөн кийинки эле экинчи орунда турат. Бирок дайыма эле заманбап технологиялар менен жасала бербейт. Биз бүгүн Ясира Феринин чоң атасы түзгөн, үй-бүлө фермасында болобуз. Бул жакта робот же тетрапак деген нерселерди угушкан эмес, ал эми унду, уй сүйрөп иштеткен бир тонналык жаргылчак менен алышат. Ушундай кызыкты көрүш үчүн, Джокьякартадан түштүк-батышты көздөй 30 чакырым аралыкта жайгашкан жерге барабыз.
"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
#603 28 Февраль 2014 - 04:02
"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
#604 28 Февраль 2014 - 04:07
Айованын оюнчук сымал уйлары.Мына ушундай мүйүзү жок уйларды Американын Айова штатынын Лотнер фермасында (Lautner farms) тукумдатышат.
Бул уйлар сатылыш үчүн багылат (баасы 5 миңден бир нече ондогон миң долларга чейин) жана ар кандай көргөзмөлөрдө утуштарга ээ болушат.
"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
#605 28 Февраль 2014 - 04:10
Рубик кубигин көзүн жумуп алып чогултту го!

Билдирүүнү түзөткөн: Gasu: 28 Февраль 2014 - 04:12
"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
#606 28 Февраль 2014 - 04:41
Кыздарын союп жеген Короваи уруусу.
Азыр цивилизация абдан мыкты өнүккөнү менен цивилизациянын учкундары али бара элек уруулардын да бар экени кызыктырбай койбойт. Дүйнөлүк цивилизация аларга жетпесе да өздөрүнүн жашоо мыйзамдары кээ бир мамлекеттердикинен да күчтүү болгон Короваи уруусу жөнүндө сөз козгомокчубуз. Уяттуу жерлерин гана банандын кабыгы менен жаап, Короваи уруусу токойлорду байырлап, башка уруулардан айырмаланып бактарда жашашат. Кадимкидей эле бактын үстүнө үй салып алышкан. Үйлөрү жерден 20-50 метрге чейин бийиктиктеги бекем бекитилген пальма дарактарында жайгашкан. Аборигендердин ою боюнча мындайда жапайы айбанаттардан коркконго болбойт. Ал эми кийген кийимдерине келе турган болсок, банандын жалбырагынан башка кийим кийишпейт. Уяттуу жерлерин банандын жалбырагы менен жаап алып, жылаңач жүрө беришет. Жапайы чочколорго ууга чыгышат. Булардын курамында болгону 1000ге жакын адам бар. Канча кылым болсо да жашоо образы эч өзгөрүүсүз келет. Негизги тамагы - саго дарагы. Короваи уруусу чоң үй-бүлө болуп жашашат. Алардын атайын шайлап алган уруу башчысы болбойт. Күн кирээри менен эле короваилер бактын үстүндө жайгашкан үйлөрүнө күнү кечке эмгек менен таап келген тамак ашын (жаныбарларды, жашылчаларды) көтөрүнүп алып чыгышат. Негизги тамагы саго дарагы. Аталган дарактын жалбырагынан, сырткы кабыгынан бир нече тамактын түрүн жасашат. Саго дарагынын ички сөңгөгүн таштан жасалган балта менен жанчып, тамакка кошо турган ун жасашат. Кыпчыгуурдун уясын таап алса, короваи уруусунун эли учүн майрам болот. Кыпчыгуурду деликатес катары көрүп, аны бир сыйра кууруп жиберип, бир үй-бүлө отуруп алып жешет. Чочко уурдаган адамдын башы алынат. Аталган уруу эртеңкисине кам көргөндү да унутта калтырбайт. Бүгүн жулуп кеткен багынын ордуна жаңы бак тигип коёт. Андан сырткары короваилер жаныбарларга да туура мамиле жасашат. Эгер мергенчи жапайы чочкону кармап алган болсо, аны үй жаныбарындай кылып тамак берип багып атып, үй жаныбарына айландырып алышат. Бул жердин ички мыйзамы абдан күчтүү болгондуктан уруудагы ар бир адам уруунун мыйзамдарынын чегинен алыстабайт. Кимдир бирөөнүн чочко уурдап атканын көрүп калышса, ал адамдын башын ошол замат алып салышат.
Уруудагы жаш, сулуу кыздарды союп жешет. Аялдары мурдуна жарганаттын сөөгүнөн жасалган чүлүктөрдү тагынып алышат. Бул алардын кооз жасалгасы катары каралат. Уруудагы өспүрүм кыздарга эркектери тийишпейт. Жашы жетип калган сулуу кыздарынын тагдыры да оор. Аларды башка уруунун балдарына беришет же кээ бирлерин союп жешет. Тактап айтканда Саго дарагы бүрдөгөн учурда ата-бабаларынын арбагына багыштап мал муздагандай муздап, малдын этин жегендей эле бышырып, этин жеп, шорпосун ичишет. Ак түстөгү адамдарды күнөөлөрүнөн арылыш үчүн өлтүрүшөт. Алардын уруусуна кокустан ак түстөгү адам конокко келип калса, шору катты дей бериңиз. Анткени, "ак түстөгүлөрдү өлтүрүү менен болгон күнөөлөрүбүздөн арылабыз, дагы көп жыл жашайбыз," деген ой мээлерине сиңип алган. Иммунитети абдан төмөн болгондуктан, ооруну бат кабыл алып, сасык тумоо, кургак учук деген ооруларга туруштук бере албагандыгынан улам тез каза боло беришет. "Убакыт" жана "жаш куракты" билбеген Амондава уруусу Амазонкада жашаган Амондава уруусунун "саат", "убакыт" , "ай", "жыл", "келечек" тууралуу түшүнүгү жок. Ал эми канча жашка чыккандыгын аттарын алмаштыруу менен билишет. Аталган уруу түтүктөрдү үйлөп, учтап, жаныбарларды өлтүрүп жан багышат. Эң кызыгы алардын күнүмдүк турмуштагы сөздөрүндө да өткөн чак же келээр чак жок. Америкалык окумуштуулардын айтуусу боюнча, аталган уруунун эне тили жакшы өнүкпөй калган. Ошентсе да бир сөз менен көп нерсени түшүндүрүп жана түшүнө алышат.

Билдирүүнү түзөткөн: Gasu: 28 Февраль 2014 - 04:59
"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
#607 28 Февраль 2014 - 04:45
Эң чоң крокодил 110 жашка чыкты.Учурда дүйнөдөгү эң чоң крокодил болуп Австралияда «Green Island» аттуу фермада багылып жаткан Кассиус Клей эсептелет. Бул анын лакап аты жана узундугу 5,5 метрге, ал эми салмагы тоннага жетет. Аны мындан 26 жыл мурун кайыкта жүргөн адамдарга кол сала бергендиги үчүн кармап келишкен. Жакында анын 110 жашка чыкканын белгилешти.
Белек кылып жөжөлөрдөн турган 20 килограммдык торт тартуулашты.
Аны кайран крокодил 30 секундда жалмап койду.
"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
#608 28 Февраль 2014 - 17:05
Атактуу эсиздер:
Дүйнөгө атагы чыккан адамдар да идеалдуу эмес деп ким ойлоптур:
1. Томас Эдисон мектепте 4 ай окугандан киин чектетилген. Мугалим аны акылы артта калган деп айтчу.
2. Дарвин медицинаны таштап салган, жана анын атасы дайыма “Сага чычкан менен ит-мышык кармагандан башка эчтеке кызык эмес” деп такалай берчү.
3. Идеялардын жетишсиздигинен Уолт Диснейди газетадан чыгарып салышкан.
4. Белгилүү Бетховендин мугалими окуучусунун таптакыр таланты жок деп эсептечү.
5. Эйнштейн 4 жашка чейин сүйлөгөн эмес. Анын мугалиминин ага характеристикасы: Акылы артта калган – болчу.
6. Белгилүү скульптор Родендин атасы кийинкилерди айтчу: “Менин балам – келесоо. Ал үч жолу искусство мектебине тапшырып бир да жолу өткөн эмес."
7. Император Фердинанд Моцартка, анын “Фигаро үйлөнүүсүндө” өтө көп нота бар деп айткан.
8. Ал эми Менделеев химиядан “3″ болчу.
9. “Форд” автомобильдеринин жаратуучусу Генри Форд окуганды да жазганды да билчү эмес. Жана ушундай финансылык ийгиликке жетүүдөн мурун ал бир нече жолу өзүн банкрот деп жарылаялаган.

#609 28 Февраль 2014 - 17:09
Бир дарбыз 3 мин долларга сатылды.
Японияда элиталык дэнскэ сортундагы бир дарбыз аукциондо 300 миң иенге (3,2 миң долларга жакын) сатылды. Аны жергиликтүү супермаркеттер тармагынын ээси, 33 жаштагы Сюнъити Андзай сатып алды. Эми аны өзүнүн дүкөндөрүнүн биринде аукционго коюуну көздөөдө. Дэнскэ сортундагылардын даанасы орточо эсеп менен 50 доллардан турат. Негизи, япондор бакча жашылчаларын эксперименттөөнү сүйүшөт. Мисалы, куб жана пирамида түрүндөгү дарбыздарды да өстүрүшөт.
Японияда элиталык дэнскэ сортундагы бир дарбыз аукциондо 300 миң иенге (3,2 миң долларга жакын) сатылды. Аны жергиликтүү супермаркеттер тармагынын ээси, 33 жаштагы Сюнъити Андзай сатып алды. Эми аны өзүнүн дүкөндөрүнүн биринде аукционго коюуну көздөөдө. Дэнскэ сортундагылардын даанасы орточо эсеп менен 50 доллардан турат. Негизи, япондор бакча жашылчаларын эксперименттөөнү сүйүшөт. Мисалы, куб жана пирамида түрүндөгү дарбыздарды да өстүрүшөт.
"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
#610 28 Февраль 2014 - 17:13
Жарым башын жоготкон киши 58 миллион доллар компенсация алат.
Бардын сакчысынын токмогунан улам башынын төрттөн бир бөлүгүнөн айрылган маляр соттун чечими менен 58 миллион доллар компенсация алмак болду. Маляр АКШнын тургуну, 43 жашта. Окуя мындай болгон. 2010-жылы Антонио Лопес Чай Калифорниядагы барга эки тууганы менен барат. Чатак чыгып, бармен жана сакчы тигинин туугандарына кол көтөрө башташат. Аларды токтотууга аракет кылган Антонио Лопес Чайды сакчы таяк (дубинка) менен сабап, башына 8 ирет тээп, тротуарды башы менен 4 ирет сүздүргөн. Чайдын мээсине доо кетип, башынын жарымынын сөөгү талкаланып, өмүр бою сүйлөбөй кала турганы аныкталган. Эми соттун чечими менен компенсацияны сакчылар компаниясы төлөп берет. Сакчы болсо уруштан соң качып кеткен бойдон табыла элек.

#611 28 Февраль 2014 - 17:16
Уйлар арасындагы “Германия сулуусу.”
Жакында Германиянын Ольденбург шаарында уйлар арасында «Германия сулуусу» сынагы болуп өттү. Ага 250 уй катышты. Калыстар тобу уйларды бир нече критерийлер менен кароодон өткөрдү. Айта кетсек, уйлардын денесинин жана терисинин чымырлыгына,
эмчегинин туура формада экендигине,
буттарынын күчтүү жана публикада өзүн жакшы кармоосуна басым жасалды. Жыйынтыгында Loh Nastygirl аттуу уй жеңүүчү деп табылды. Ээси Томас Шульте-Ломёллер кубанганынан уюн өөп да жиберди. Германияда мындай сынак жыл сайын өткөрүлөт.
"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
#612 28 Февраль 2014 - 17:19
Жолборстон качкан бешөө бактын башында 3 күн отурган.Индонезияда беш киши үч күн бою бактын башында асылып отурган. Жергиликтүү 6 киши жыт чыгара турган, атыр жасоодо колдонулуучу жыгачтын түрүн токой аралап издеп жүрүшкөн. Токойду тинтип жүрүп, алиги алты киши жолборстун баласын кокустан өлтүрүп алышат. Ал окуядан кийин кыжырланган жолборстор жыттуу чөп издегичтердин артынан түшөт. Жаалданган жолборстор,
алардын бирин басып жыгылып, өлтүрөт. Калган бешөө кудайлап качып, бактын башына чыгып кутулган. Жолборстор бактын башында турган бешөөнү 3 күн бою көз албай кайтарышкан.
Жергиликтүү эл туткунда калгандарга өз алдынча жардам бере албастыгын билип, акыры полиция чакырууга мажбур болушкан деп билдирет.
"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
#613 28 Февраль 2014 - 17:22
Эки баштуу жылан.
Бул эки баштуу жыланды, жакында эле Москва зоопаркында көргөзүштү. Мындай кызыктуу жылан миллиондун биринде кана туулушу мүмкүн жана көбүнчө, зоопарктарда жашап кете албайт.
Бул эки баштуу жыланды, жакында эле Москва зоопаркында көргөзүштү. Мындай кызыктуу жылан миллиондун биринде кана туулушу мүмкүн жана көбүнчө, зоопарктарда жашап кете албайт.
"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
#614 28 Февраль 2014 - 17:25
Жаратылыштын сыр боёгу.Бул ургаачы омарды АКШнын Массачусетс штатындагы балыкчы кармап алган, жанан андан кийин Бостон шаарындагы Нью-Ингланд аквариумуна кое беришти. Адистердин айтуусу боюнча мындай боёк 50 миллион омардын арасында бири гана болушу мүмкүн экен.
"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
#615 28 Февраль 2014 - 17:35
"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
#616 28 Февраль 2014 - 17:44
ТҮКТҮҮ АДАМДАР:
1829-жылы Бирманын жунглисинен Схве Маонга аттуу адамды кармашкан. Анын бардык денеси, анын ичинде мурду, кулагы, эрди да түк менен капталган экен. Учурда кытайлык 28 жаштагы Юй Чжэнхуань дүйнөдөгү эң түктүү эркек болуп эсептелет. Анын денесинин 96 пайызы түк менен капталган. Ал калыптагыдай угушу үчүн врачтар анын кулагынын ичинде өскөн түктү убак-убагы менен тазалап турушат.

#617 28 Февраль 2014 - 17:44
Мен жазайын десем өтө эле откровенный сүрөттөрү менен экен. Ошого жазбай эле койоюн
Кыргызстан сенин келечегиң кең!
#618 28 Февраль 2014 - 17:55
АШЫКЧА МАНЖАЛУУЛАР:
Буту жана колундагы эң көп манжаларынын саны менен тарыхта калган адам 1921-жылы Англиянын Лондон шаарында туулган атуул эсептелет. Анын эки колунда биригип 14 манжа, ал эми эки бутунда биригип 15 манжа болгон. Дүйнөдөгү көп манжалуу адамдардын катарына Индиядагы бир туугандар Трибхуван менен Трилоки Ядавдар да кирет. Булардын ар биринин колунда да, бутунда да 6 дан манжалары бар. Учурда Австралиянын 36 жаштагы тургуну Годфри Хиллдин колунда10 манжанын ордуна 14 манжасы бар.
"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
#619 28 Февраль 2014 - 17:56
АЗ МАНЖАЛУУЛАР:
Дүйнөдөгү эң аз манжалуу адамдарга Африканын Зимбабве өлкөсүндөгү вадомо жана катанге уруусундагы адамдар менен Калахари чөлүнүн чыгышындагы кээ бир жашоочулар кирет. Булардын буттарында экиден гана манжа бар. Мындай көрүнүш гендик мутация менен түшүндүрүлөт.
Дүйнөдөгү эң аз манжалуу адамдарга Африканын Зимбабве өлкөсүндөгү вадомо жана катанге уруусундагы адамдар менен Калахари чөлүнүн чыгышындагы кээ бир жашоочулар кирет. Булардын буттарында экиден гана манжа бар. Мындай көрүнүш гендик мутация менен түшүндүрүлөт.
"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
#620 28 Февраль 2014 - 18:02
КУЙРУКТУУ АДАМДАР:
Италиялык улуу саякатчы Марко Поло 13-кылымда Суматра аралындагы адамдардын дээрлик бардыгынын куйругу болгондугун эскерип кеткен. 1890-жылы окумуштуу Поль д’Энджа индикытайдын мои уруусунан куйругу 25 сантиметрге жеткен баланы көрүп калып, кармап алган. Анан изилдөө жүргүзүп көрүп, мои уруусундагылардын бардыгынын куйругу бар экендигин билген. Бул гана эмес, улам кийинки муундагыларынын куйруктары кыскарып баратканын да аныктаган. Бул уруудагы эркектердин куйруксуз башка уруудагы кыздар менен баш кошуусунун жыйынтыгынан улам болуп жаткандыгын баса көрсөткөн. 2001-жылы Индияда Байрангбали аттуу 10 сантиметр куйруктуу бала төрөлгөн. Мындай укмуш жаңылыкты уккандар куйруктуу баланы өз көздөрү менен көрүүгө тегеректеги айылдардан бери чууруп келе башташкан. Бала куйругу менен эле өзгөчөлөнбөсө, ден соолугу калыптагыдай. Врачтардын баланын куйругун кесип салуу боюнча сунушун ата-энеси четке каккан. Учурда Батыш Бенгалияда жаныбарлардыкы сыяктуу 30 сантиметр куйруктуу Шандре Орам аттуу адам жашоодо. Шандре азыр 27 жашта жана аны көрүү үчүн ар жактан келип жаткан адамдардын саны ал туулгандан бери тыйыла элек. Куйруктуу жигитти көрүүгө келген динге ишенген индиялыктар бул балага маймылдардын Кудайы Ханумандын жаны кирген деп эсептешет. Мындай көз карашты кубаттаган Шандре бакка маймылча чыгып, көбүнчө банан менен тамактанууну ылайык көрөт. Шандре өзүнүн узун куйругун адамдарды айыктыруучу касиети бар деп эсептейт. Ошондуктан, кыштактагылар Шандре жашаган жерге келип, анын куйругуна колун тийгизүү үчүн кезекке турушат. Врачтар Шандренин куйругунда эч кандай айыктыруучу күч жок дешип далилдешет жана Шандреге куйругун операция аркылуу кесип салуу боюнча сунуш да киргизишкен. Бирок, Шандре алардын сунушунан баш тартып койгон. Шандреге куйругу атак гана алып келбестен, учурда кайгы да жаратууда. Себеби, Шандре кыздардын колун сураганда алар алгач макул дешкени менен Шандре артына бурулганда эле ойлорунан кайтып калышууда. Башкача айтканда, аларды Шандренин куйругу үркүтүүдө. “Эми мен кандай болсом, ошондой кабыл алган кыз чыкса эле, ошого үйлөнөм. Эгер андай кыз чыкпаса жашоодон бойдок өтөмүн” дейт Шандре.