Суперстан: Шумдугуң кургур - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Эркин тема
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (163 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 29
  • 30
  • 31
  • 32
  • 33
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Шумдугуң кургур Бири-бирибизди таң калтыралы

#601 Пользователь офлайн   Gasu   28 Февраль 2014 - 02:11

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 677
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 06 Мар 2014 23:17
  • Жынысы:Белгисиз

Япондордун сакурасы.

Япониянын илгерки легендасында гүлдөп турган сакураны суктанып тиктеген адамдын ден соолугу чың болот, өмүрүңдү узартат, жүз жашка чейин жашайсың деп айтылат.

Сакуранын гүлүнүн кооздугуна дүйнө жүзүндө эч бир гүл тең келе албайт деп эсептешет Япондуктар.

Японияда гүлдөп турган сакуранын алдында ыр жазуу салтка айланганын бардыгыбыз эле билбейбиз. Сакура Японияда ыйык дарак катары эсептелет жана анын аурасы поэзия жаратууда таасирин тийгизет деп эсептелет.

Сакура - Японияда жаштыктын, сулуулуктун символу катары бааланат. Гүлдөгөндө эч бир өсүмдүк тең келе алгыс кооз алча дарагы.

Сакура - алчанын (вишнянын) эң кооз түрү. Ал эрте жазда гүлдөйт жана анын гүлдөрү агыш -ачык розовый түстө болот дагы көңүлүңдү өзүнө тартып турат. Бирок анын гүлдөрү бир жумага жетпеген убакыт гана турат.Катуу шамал же жамгыр болсо гүлдөр бир жумага да жетпей түшүп калган учурлар болот. Жаздын жакындашын Японияда сакуранын гүлдөшү менен байланыштырышат. Сакураны негизинен ыйык өсүмдүк катары урматташат. Анын мөмөсүн, жалбырактарын, гүлдөрүн айрым учурларда гана тамак ашка пайдаланышат. Сакуранын сүрөтүн Япониянын полиция кызамткерлеринин жана аскер кызматкерлеринин гербдеринен, окуучулардын жана аскер кызматкерлеринин баш кийимдериндеги рангды көрсөткөн белгилерден көрүүгө болот.

Илгертен эле Сакуранын гүлдөгөн мезгили жаңы жылдын жаңырышы, жазгы талаа иштеринин башталышы катары бааланган. Эгер сакура абдан төгүлүп гүлдөсө Япондук дыйкандар быйыл түшүм абдан мол, берекелүү болот деп эсептешкен. Мындан сырткары сакура көзү өткөн ата-бабалардын руху жашаган жай катары эсептелет жана аны суктанып тиктөө, ата-бабалардын арбагын тынчтандырат, ыраазы кылат, гүлдөрүнө болгон урмат ата-бабаларга болгон сый - урмат деп эсептешкен. Эгер сакураны көңүлүңдү төшөп, мээримиңди төгүп карасаң, сен ата-бабаларыңды урматтаганың, сакураны сүйүп тикте, ошондо сенин ата-бабаларың сага ыраазы болот, сени колдойт, сага жардам берет деп эсептешкен.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: sakura-3-300x224.jpg
  • Прикрепленное изображение: sakura-4-300x187.jpg

"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#602 Пользователь офлайн   Gasu   28 Февраль 2014 - 03:58

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 677
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 06 Мар 2014 23:17
  • Жынысы:Белгисиз

Индонезияда кесме кандай даярдалат?

Индонезияда кесме, популярдуулугу боюнча күрүчтөн кийинки эле экинчи орунда турат. Бирок дайыма эле заманбап технологиялар менен жасала бербейт. Биз бүгүн Ясира Феринин чоң атасы түзгөн, үй-бүлө фермасында болобуз. Бул жакта робот же тетрапак деген нерселерди угушкан эмес, ал эми унду, уй сүйрөп иштеткен бир тонналык жаргылчак менен алышат. Ушундай кызыкты көрүш үчүн, Джокьякартадан түштүк-батышты көздөй 30 чакырым аралыкта жайгашкан жерге барабыз.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 119.jpg
  • Прикрепленное изображение: 21028-620x413.jpg
  • Прикрепленное изображение: 3794-620x413.jpg
  • Прикрепленное изображение: 4669-620x413.jpg
  • Прикрепленное изображение: 5555-620x413.jpg
  • Прикрепленное изображение: 6454-620x413.jpg
  • Прикрепленное изображение: 7384-620x413.jpg
  • Прикрепленное изображение: 8318-620x413.jpg
  • Прикрепленное изображение: 9284-620x413.jpg
  • Прикрепленное изображение: 10275-620x413.jpg

"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#603 Пользователь офлайн   Gasu   28 Февраль 2014 - 04:02

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 677
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 06 Мар 2014 23:17
  • Жынысы:Белгисиз

:)

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 11678-620x413.jpg
  • Прикрепленное изображение: 12279-620x413.jpg
  • Прикрепленное изображение: 13235-620x413.jpg
  • Прикрепленное изображение: 14201-620x413.jpg
  • Прикрепленное изображение: 15182-620x413.jpg
  • Прикрепленное изображение: 16162-620x413.jpg
  • Прикрепленное изображение: 17150-620x413.jpg
  • Прикрепленное изображение: 18136-620x413.jpg
  • Прикрепленное изображение: 19130-620x413.jpg

"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#604 Пользователь офлайн   Gasu   28 Февраль 2014 - 04:07

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 677
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 06 Мар 2014 23:17
  • Жынысы:Белгисиз

Айованын оюнчук сымал уйлары.Мына ушундай мүйүзү жок уйларды Американын Айова штатынын Лотнер фермасында (Lautner farms) тукумдатышат. Бул уйлар сатылыш үчүн багылат (баасы 5 миңден бир нече ондогон миң долларга чейин) жана ар кандай көргөзмөлөрдө утуштарга ээ болушат.




Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 113.jpg

"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#605 Пользователь офлайн   Gasu   28 Февраль 2014 - 04:10

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 677
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 06 Мар 2014 23:17
  • Жынысы:Белгисиз

Рубик кубигин көзүн жумуп алып чогултту го! Сүрөт

Билдирүүнү түзөткөн: Gasu: 28 Февраль 2014 - 04:12

"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#606 Пользователь офлайн   Gasu   28 Февраль 2014 - 04:41

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 677
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 06 Мар 2014 23:17
  • Жынысы:Белгисиз

Кыздарын союп жеген Короваи уруусу.

Азыр цивилизация абдан мыкты өнүккөнү менен цивилизациянын учкундары али бара элек уруулардын да бар экени кызыктырбай койбойт. Дүйнөлүк цивилизация аларга жетпесе да өздөрүнүн жашоо мыйзамдары кээ бир мамлекеттердикинен да күчтүү болгон Короваи уруусу жөнүндө сөз козгомокчубуз. Уяттуу жерлерин гана банандын кабыгы менен жаап, Короваи уруусу токойлорду байырлап, башка уруулардан айырмаланып бактарда жашашат. Кадимкидей эле бактын үстүнө үй салып алышкан. Үйлөрү жерден 20-50 метрге чейин бийиктиктеги бекем бекитилген пальма дарактарында жайгашкан. Аборигендердин ою боюнча мындайда жапайы айбанаттардан коркконго болбойт. Ал эми кийген кийимдерине келе турган болсок, банандын жалбырагынан башка кийим кийишпейт. Уяттуу жерлерин банандын жалбырагы менен жаап алып, жылаңач жүрө беришет. Жапайы чочколорго ууга чыгышат. Булардын курамында болгону 1000ге жакын адам бар. Канча кылым болсо да жашоо образы эч өзгөрүүсүз келет. Негизги тамагы - саго дарагы. Короваи уруусу чоң үй-бүлө болуп жашашат. Алардын атайын шайлап алган уруу башчысы болбойт. Күн кирээри менен эле короваилер бактын үстүндө жайгашкан үйлөрүнө күнү кечке эмгек менен таап келген тамак ашын (жаныбарларды, жашылчаларды) көтөрүнүп алып чыгышат. Негизги тамагы саго дарагы. Аталган дарактын жалбырагынан, сырткы кабыгынан бир нече тамактын түрүн жасашат. Саго дарагынын ички сөңгөгүн таштан жасалган балта менен жанчып, тамакка кошо турган ун жасашат. Кыпчыгуурдун уясын таап алса, короваи уруусунун эли учүн майрам болот. Кыпчыгуурду деликатес катары көрүп, аны бир сыйра кууруп жиберип, бир үй-бүлө отуруп алып жешет. Чочко уурдаган адамдын башы алынат. Аталган уруу эртеңкисине кам көргөндү да унутта калтырбайт. Бүгүн жулуп кеткен багынын ордуна жаңы бак тигип коёт. Андан сырткары короваилер жаныбарларга да туура мамиле жасашат. Эгер мергенчи жапайы чочкону кармап алган болсо, аны үй жаныбарындай кылып тамак берип багып атып, үй жаныбарына айландырып алышат. Бул жердин ички мыйзамы абдан күчтүү болгондуктан уруудагы ар бир адам уруунун мыйзамдарынын чегинен алыстабайт. Кимдир бирөөнүн чочко уурдап атканын көрүп калышса, ал адамдын башын ошол замат алып салышат.
Уруудагы жаш, сулуу кыздарды союп жешет. Аялдары мурдуна жарганаттын сөөгүнөн жасалган чүлүктөрдү тагынып алышат. Бул алардын кооз жасалгасы катары каралат. Уруудагы өспүрүм кыздарга эркектери тийишпейт. Жашы жетип калган сулуу кыздарынын тагдыры да оор. Аларды башка уруунун балдарына беришет же кээ бирлерин союп жешет. Тактап айтканда Саго дарагы бүрдөгөн учурда ата-бабаларынын арбагына багыштап мал муздагандай муздап, малдын этин жегендей эле бышырып, этин жеп, шорпосун ичишет. Ак түстөгү адамдарды күнөөлөрүнөн арылыш үчүн өлтүрүшөт. Алардын уруусуна кокустан ак түстөгү адам конокко келип калса, шору катты дей бериңиз. Анткени, "ак түстөгүлөрдү өлтүрүү менен болгон күнөөлөрүбүздөн арылабыз, дагы көп жыл жашайбыз," деген ой мээлерине сиңип алган. Иммунитети абдан төмөн болгондуктан, ооруну бат кабыл алып, сасык тумоо, кургак учук деген ооруларга туруштук бере албагандыгынан улам тез каза боло беришет. "Убакыт" жана "жаш куракты" билбеген Амондава уруусу Амазонкада жашаган Амондава уруусунун "саат", "убакыт" , "ай", "жыл", "келечек" тууралуу түшүнүгү жок. Ал эми канча жашка чыккандыгын аттарын алмаштыруу менен билишет. Аталган уруу түтүктөрдү үйлөп, учтап, жаныбарларды өлтүрүп жан багышат. Эң кызыгы алардын күнүмдүк турмуштагы сөздөрүндө да өткөн чак же келээр чак жок. Америкалык окумуштуулардын айтуусу боюнча, аталган уруунун эне тили жакшы өнүкпөй калган. Ошентсе да бир сөз менен көп нерсени түшүндүрүп жана түшүнө алышат.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: pagan-torture.gif
  • Прикрепленное изображение: papua-gvinea-300x180.jpg

Билдирүүнү түзөткөн: Gasu: 28 Февраль 2014 - 04:59

"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#607 Пользователь офлайн   Gasu   28 Февраль 2014 - 04:45

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 677
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 06 Мар 2014 23:17
  • Жынысы:Белгисиз

Эң чоң крокодил 110 жашка чыкты.Учурда дүйнөдөгү эң чоң крокодил болуп Австралияда «Green Island» аттуу фермада багылып жаткан Кассиус Клей эсептелет. Бул анын лакап аты жана узундугу 5,5 метрге, ал эми салмагы тоннага жетет. Аны мындан 26 жыл мурун кайыкта жүргөн адамдарга кол сала бергендиги үчүн кармап келишкен. Жакында анын 110 жашка чыкканын белгилешти. Белек кылып жөжөлөрдөн турган 20 килограммдык торт тартуулашты. Аны кайран крокодил 30 секундда жалмап койду.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: КРОКОДИЛ.jpg

"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#608 Пользователь офлайн   Gasu   28 Февраль 2014 - 17:05

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 677
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 06 Мар 2014 23:17
  • Жынысы:Белгисиз

Атактуу эсиздер:

Дүйнөгө атагы чыккан адамдар да идеалдуу эмес деп ким ойлоптур:

1. Томас Эдисон мектепте 4 ай окугандан киин чектетилген. Мугалим аны акылы артта калган деп айтчу.

2. Дарвин медицинаны таштап салган, жана анын атасы дайыма “Сага чычкан менен ит-мышык кармагандан башка эчтеке кызык эмес” деп такалай берчү.

3. Идеялардын жетишсиздигинен Уолт Диснейди газетадан чыгарып салышкан.

4. Белгилүү Бетховендин мугалими окуучусунун таптакыр таланты жок деп эсептечү.

5. Эйнштейн 4 жашка чейин сүйлөгөн эмес. Анын мугалиминин ага характеристикасы: Акылы артта калган – болчу.

6. Белгилүү скульптор Родендин атасы кийинкилерди айтчу: “Менин балам – келесоо. Ал үч жолу искусство мектебине тапшырып бир да жолу өткөн эмес."

7. Император Фердинанд Моцартка, анын “Фигаро үйлөнүүсүндө” өтө көп нота бар деп айткан.

8. Ал эми Менделеев химиядан “3″ болчу.

9. “Форд” автомобильдеринин жаратуучусу Генри Форд окуганды да жазганды да билчү эмес. Жана ушундай финансылык ийгиликке жетүүдөн мурун ал бир нече жолу өзүн банкрот деп жарылаялаган.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: эйнштейн.jpg

"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#609 Пользователь офлайн   Gasu   28 Февраль 2014 - 17:09

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 677
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 06 Мар 2014 23:17
  • Жынысы:Белгисиз

Бир дарбыз 3 мин долларга сатылды.

Японияда элиталык дэнскэ сортундагы бир дарбыз аукциондо 300 миң иенге (3,2 миң долларга жакын) сатылды. Аны жергиликтүү супермаркеттер тармагынын ээси, 33 жаштагы Сюнъити Андзай сатып алды. Эми аны өзүнүн дүкөндөрүнүн биринде аукционго коюуну көздөөдө. Дэнскэ сортундагылардын даанасы орточо эсеп менен 50 доллардан турат. Негизи, япондор бакча жашылчаларын эксперименттөөнү сүйүшөт. Мисалы, куб жана пирамида түрүндөгү дарбыздарды да өстүрүшөт.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: АРБУЗ.jpg

"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#610 Пользователь офлайн   Gasu   28 Февраль 2014 - 17:13

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 677
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 06 Мар 2014 23:17
  • Жынысы:Белгисиз

Жарым башын жоготкон киши 58 миллион доллар компенсация алат.

Бардын сакчысынын токмогунан улам башынын төрттөн бир бөлүгүнөн айрылган маляр соттун чечими менен 58 миллион доллар компенсация алмак болду. Маляр АКШнын тургуну, 43 жашта. Окуя мындай болгон. 2010-жылы Антонио Лопес Чай Калифорниядагы барга эки тууганы менен барат. Чатак чыгып, бармен жана сакчы тигинин туугандарына кол көтөрө башташат. Аларды токтотууга аракет кылган Антонио Лопес Чайды сакчы таяк (дубинка) менен сабап, башына 8 ирет тээп, тротуарды башы менен 4 ирет сүздүргөн. Чайдын мээсине доо кетип, башынын жарымынын сөөгү талкаланып, өмүр бою сүйлөбөй кала турганы аныкталган. Эми соттун чечими менен компенсацияны сакчылар компаниясы төлөп берет. Сакчы болсо уруштан соң качып кеткен бойдон табыла элек.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 13.jpg

"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#611 Пользователь офлайн   Gasu   28 Февраль 2014 - 17:16

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 677
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 06 Мар 2014 23:17
  • Жынысы:Белгисиз

Уйлар арасындагы “Германия сулуусу.” Жакында Германиянын Ольденбург шаарында уйлар арасында «Германия сулуусу» сынагы болуп өттү. Ага 250 уй катышты. Калыстар тобу уйларды бир нече критерийлер менен кароодон өткөрдү. Айта кетсек, уйлардын денесинин жана терисинин чымырлыгына, эмчегинин туура формада экендигине, буттарынын күчтүү жана публикада өзүн жакшы кармоосуна басым жасалды. Жыйынтыгында Loh Nastygirl аттуу уй жеңүүчү деп табылды. Ээси Томас Шульте-Ломёллер кубанганынан уюн өөп да жиберди. Германияда мындай сынак жыл сайын өткөрүлөт.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: мисс.jpg

"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#612 Пользователь офлайн   Gasu   28 Февраль 2014 - 17:19

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 677
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 06 Мар 2014 23:17
  • Жынысы:Белгисиз

Жолборстон качкан бешөө бактын башында 3 күн отурган.Индонезияда беш киши үч күн бою бактын башында асылып отурган. Жергиликтүү 6 киши жыт чыгара турган, атыр жасоодо колдонулуучу жыгачтын түрүн токой аралап издеп жүрүшкөн. Токойду тинтип жүрүп, алиги алты киши жолборстун баласын кокустан өлтүрүп алышат. Ал окуядан кийин кыжырланган жолборстор жыттуу чөп издегичтердин артынан түшөт. Жаалданган жолборстор, алардын бирин басып жыгылып, өлтүрөт. Калган бешөө кудайлап качып, бактын башына чыгып кутулган. Жолборстор бактын башында турган бешөөнү 3 күн бою көз албай кайтарышкан. Жергиликтүү эл туткунда калгандарга өз алдынча жардам бере албастыгын билип, акыры полиция чакырууга мажбур болушкан деп билдирет.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: тигр.jpg

"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#613 Пользователь офлайн   Gasu   28 Февраль 2014 - 17:22

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 677
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 06 Мар 2014 23:17
  • Жынысы:Белгисиз

Эки баштуу жылан.

Бул эки баштуу жыланды, жакында эле Москва зоопаркында көргөзүштү. Мындай кызыктуу жылан миллиондун биринде кана туулушу мүмкүн жана көбүнчө, зоопарктарда жашап кете албайт.


Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 12.jpg

"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#614 Пользователь офлайн   Gasu   28 Февраль 2014 - 17:25

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 677
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 06 Мар 2014 23:17
  • Жынысы:Белгисиз

Жаратылыштын сыр боёгу.Бул ургаачы омарды АКШнын Массачусетс штатындагы балыкчы кармап алган, жанан андан кийин Бостон шаарындагы Нью-Ингланд аквариумуна кое беришти. Адистердин айтуусу боюнча мындай боёк 50 миллион омардын арасында бири гана болушу мүмкүн экен.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: Омар.jpg

"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#615 Пользователь офлайн   Gasu   28 Февраль 2014 - 17:35

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 677
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 06 Мар 2014 23:17
  • Жынысы:Белгисиз

Дүйнөдөгү ийилчээк адам: Мухтар Гусенгаджиев.


Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: Cамый-гибкий-человек.1.jpg
  • Прикрепленное изображение: Cамый-гибкий-человек.2.jpg
  • Прикрепленное изображение: Cамый-гибкий-человек.3.jpg
  • Прикрепленное изображение: Cамый-гибкий-человек.4.jpg
  • Прикрепленное изображение: Cамый-гибкий-человек.5.jpg
  • Прикрепленное изображение: Cамый-гибкий-человек.26.jpg
  • Прикрепленное изображение: art_cat4d624a5141903.jpg
  • Прикрепленное изображение: default.jpeg
  • Прикрепленное изображение: images.jpeg
  • Прикрепленное изображение: 5-3.jpg

"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#616 Пользователь офлайн   Gasu   28 Февраль 2014 - 17:44

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 677
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 06 Мар 2014 23:17
  • Жынысы:Белгисиз

ТҮКТҮҮ АДАМДАР:

1829-жылы Бирманын жунглисинен Схве Маонга аттуу адамды кармашкан. Анын бардык денеси, анын ичинде мурду, кулагы, эрди да түк менен капталган экен. Учурда кытайлык 28 жаштагы Юй Чжэнхуань дүйнөдөгү эң түктүү эркек болуп эсептелет. Анын денесинин 96 пайызы түк менен капталган. Ал калыптагыдай угушу үчүн врачтар анын кулагынын ичинде өскөн түктү убак-убагы менен тазалап турушат.


Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: жундуу.jpg

"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#617 Пользователь офлайн   Bratishkanyzmyn   28 Февраль 2014 - 17:44

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 218
  • Катталган: 19 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 28 Сен 2017 14:32
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Исфана

Мен жазайын десем өтө эле откровенный сүрөттөрү менен экен. Ошого жазбай эле койоюн
Кыргызстан сенин келечегиң кең!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#618 Пользователь офлайн   Gasu   28 Февраль 2014 - 17:55

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 677
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 06 Мар 2014 23:17
  • Жынысы:Белгисиз

АШЫКЧА МАНЖАЛУУЛАР: Буту жана колундагы эң көп манжаларынын саны менен тарыхта калган адам 1921-жылы Англиянын Лондон шаарында туулган атуул эсептелет. Анын эки колунда биригип 14 манжа, ал эми эки бутунда биригип 15 манжа болгон. Дүйнөдөгү көп манжалуу адамдардын катарына Индиядагы бир туугандар Трибхуван менен Трилоки Ядавдар да кирет. Булардын ар биринин колунда да, бутунда да 6 дан манжалары бар. Учурда Австралиянын 36 жаштагы тургуну Годфри Хиллдин колунда10 манжанын ордуна 14 манжасы бар.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 11.gif

"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#619 Пользователь офлайн   Gasu   28 Февраль 2014 - 17:56

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 677
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 06 Мар 2014 23:17
  • Жынысы:Белгисиз

АЗ МАНЖАЛУУЛАР:

Дүйнөдөгү эң аз манжалуу адамдарга Африканын Зимбабве өлкөсүндөгү вадомо жана катанге уруусундагы адамдар менен Калахари чөлүнүн чыгышындагы кээ бир жашоочулар кирет. Булардын буттарында экиден гана манжа бар. Мындай көрүнүш гендик мутация менен түшүндүрүлөт.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 12.gif

"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#620 Пользователь офлайн   Gasu   28 Февраль 2014 - 18:02

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 677
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 06 Мар 2014 23:17
  • Жынысы:Белгисиз

КУЙРУКТУУ АДАМДАР:

Италиялык улуу саякатчы Марко Поло 13-кылымда Суматра аралындагы адамдардын дээрлик бардыгынын куйругу болгондугун эскерип кеткен. 1890-жылы окумуштуу Поль д’Энджа индикытайдын мои уруусунан куйругу 25 сантиметрге жеткен баланы көрүп калып, кармап алган. Анан изилдөө жүргүзүп көрүп, мои уруусундагылардын бардыгынын куйругу бар экендигин билген. Бул гана эмес, улам кийинки муундагыларынын куйруктары кыскарып баратканын да аныктаган. Бул уруудагы эркектердин куйруксуз башка уруудагы кыздар менен баш кошуусунун жыйынтыгынан улам болуп жаткандыгын баса көрсөткөн. 2001-жылы Индияда Байрангбали аттуу 10 сантиметр куйруктуу бала төрөлгөн. Мындай укмуш жаңылыкты уккандар куйруктуу баланы өз көздөрү менен көрүүгө тегеректеги айылдардан бери чууруп келе башташкан. Бала куйругу менен эле өзгөчөлөнбөсө, ден соолугу калыптагыдай. Врачтардын баланын куйругун кесип салуу боюнча сунушун ата-энеси четке каккан. Учурда Батыш Бенгалияда жаныбарлардыкы сыяктуу 30 сантиметр куйруктуу Шандре Орам аттуу адам жашоодо. Шандре азыр 27 жашта жана аны көрүү үчүн ар жактан келип жаткан адамдардын саны ал туулгандан бери тыйыла элек. Куйруктуу жигитти көрүүгө келген динге ишенген индиялыктар бул балага маймылдардын Кудайы Ханумандын жаны кирген деп эсептешет. Мындай көз карашты кубаттаган Шандре бакка маймылча чыгып, көбүнчө банан менен тамактанууну ылайык көрөт. Шандре өзүнүн узун куйругун адамдарды айыктыруучу касиети бар деп эсептейт. Ошондуктан, кыштактагылар Шандре жашаган жерге келип, анын куйругуна колун тийгизүү үчүн кезекке турушат. Врачтар Шандренин куйругунда эч кандай айыктыруучу күч жок дешип далилдешет жана Шандреге куйругун операция аркылуу кесип салуу боюнча сунуш да киргизишкен. Бирок, Шандре алардын сунушунан баш тартып койгон. Шандреге куйругу атак гана алып келбестен, учурда кайгы да жаратууда. Себеби, Шандре кыздардын колун сураганда алар алгач макул дешкени менен Шандре артына бурулганда эле ойлорунан кайтып калышууда. Башкача айтканда, аларды Шандренин куйругу үркүтүүдө. “Эми мен кандай болсом, ошондой кабыл алган кыз чыкса эле, ошого үйлөнөм. Эгер андай кыз чыкпаса жашоодон бойдок өтөмүн” дейт Шандре.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 14.gif

"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Эркин тема
  • Кийинки тема →

  • (163 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 29
  • 30
  • 31
  • 32
  • 33
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 19 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 19, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 23 Июл 2025 19:08

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: