Музыка жандүйнөнүн дабасы
.
Кызыктарга бай ааламдын сырын чечүүгө кудуретсизбиз.
Сырын чечмек түгүл билгенибизден али биле элегибиз көп экенин моюнга алганыбыз туура болот. Мисалы, кадимки музыканын касиети тууралуу кабарыңыз барбы?
.
Музыка бизди дайыма курчап турат. Аны атайын радио, магнитофон аркылуу гана угууга болот деген жаңылыштык.
Табияттагы ар бир кыймыл, ар бир жалбырактын шуулдагы, суунун шылдыры өзүнчө музыка. Мурда элдер "Асмандагы жылдыздар үн чыгарып ырдайт"-деген ишенимде болушкан. Жадагалса акылман Пифагор "Асман менен жерди музыка байланыштырып турат"-деген ишенимде болгон. Ошондой эле байыркы адамдар музыканын касиетине өзгөчө баа беришкен. Аны туура пайдаланса бардык дартты айыктырууга болорун, же тескерисинче кыйроого алып келерине ишенишкен. Баары музыканы туура тандоого байланыштуу болчу. Ал көңүлгө жайдарылык алып келип, каткыртууга,
бийлетүүгө жарайт. Же тескерисинче кайгылуу музыка аң-сезимге орноп адамды мөгдөтүп ыйлатууга, стресске түшүрүүгө, психикасынын биротоло бузулуусуна алып келет.
.
Дүлөйгө да, дудукка да
бир тилде
.
Байыркы адамдар музыканын өзгөчө касиеттеринин бири анын универсалдык тилдүүлүгүндө деп эсептешкен.
Ал үчүн адамдын кыргыз болобу, орус болобу, же кайсы бир абориген болобу айырмасы жок. Музыканын кубанычтуу же кайгылуу ыргагы баарына бирдей түшүнүктүү.
Жадагалса дүлөйлөр музыкалык аспаптын кылдарын колу менен сыдырып, күүсүн жүрөгү менен сезе алышат. Дудуктар айта албаган арманын музыка аркылуу жеткире алышат. Ошондой эле байыркы адамдар эксперимент аркылуу музыканын ыргагына жараша өсүмдүктөр гүлдөп өсөрүн, же тескерисинче куурап каларын байкашкан. Классикалык жана Индиянын салттуу музыкаларынын астында өсүмдүктөр жакшы өсүшкөн. Саан уйлар көп сүт беришкен. Тескерисинче,
рок сыяктуу тарса-турс оор музыкалардын коштоосундагы өсүмдүктөр куурап калганын да байкашкан. Музыканын мындай касиеттерин байкаган байыркы медиктер аны ооруларды айыктырууда пайдалана башташкан.
.
Гиппократтын куралы
.
Байыркы гректер музыканы сулуулук жана гармонияны чакыруу үчүн пайдаланышкан.
Ал эми сулуулук менен гармония кайсы организмди болбосун дарттан айыктырат деп ишенишкен. Медицина атасы Гиппократ музыканы бардык оору түрлөрүн айыктырууда колдонгон. .
Айткандай эле музыканын жардамы менен көп дарттарды айыктырып ийгиликтерге жетишкен. Демокрит көп ооруларды флейтанын жардамы менен айыктырууга болот деп эсептеген. Ал эми Платон, Аристотель жана Пифагор музыканын бүт ооруларга шыпаа болорун айтышкан. Ал эми Гомер музыканы тескери эмоциялар менен күрөшүү үчүн пайдалануу зарыл деп эсептеген.
.
Эберс Папирусу
.
Египеттик жрец-дарыгерлер музыканы жандүйнө дарысы деп эсептешкен.
Ал негизде б.з.ч. 1550-жылы Эберстин Папирусу документи түзүлгөн. Бул документ бүгүнкү күнгө чейин сакталып турат. Ошондой эле алиге чейин күчүн жогото элек. Анда ооруларды айыктыруу үчүн дубалар жазылган. Ал дубаларды музыкалык ыргакка салып окуу менен ооруну айыктырып келишкен. Көбүнчө акыл-эстен тайгандарды,
нерв ооруларын айыктырууда бул көп жардам берген. Ошондой эле төрөт маалында толгоону жеңилдетүү үчүн сөзсүз музыканын жардамын пайдаланышкан.
.
Томукка жараша тон
.
Байыркы Индияда "Ден соолук - денедеги энергиянын тең салмактуу агымы" деп эсептешкен.
Качан дене же акыл энергиясынын тең салмактуулугу бузулганда ал ооруга себеп болот. Мындай ишенимден улам адамдын организминдеги тең салмактуулукту калыпка салуу үчүн индиялык дарыгерлер музыкадан күчтүү дары жок экенине ынанышкан. Болгону, кайсы ооруга кайсы музыкалык тонду тандоо керектигин изилдешкен.
Оору түрүнө жараша музыка тонун(ыргагын) туура тандоо менен аны толук айыктырып алышкан. Мисалы, туура тандалган музыкалык тон денедеги томукту дайынсыз жок кылып жибереринен күмөн санашкан эмес. Индиялык дарыгерлер оорулууну айыктыруу үчүн музыка тандоодо жылдын мезгилине, күн-түн экенине же болбосо аба ырайын эске алышкан.
.
.
"Шайтандын чакырыгы"
.
Учурда дин жаатында көп талаш-тартыштар бар. Кыргыздардын көпчүлүк бөлүгү ислам дининде. Ошол эле учурда исламды туура эмес чагылдырган айрым чала сабат аалымдар көп бөгөттөрдү коюп, жаштар менен тил табыша албай келишет. Айрыкча музыкага, ыр-күүгө "шайтандын чакырыгы"
сыяктуу сын көз караштарын ачык билдирип жүрүшөт. Бирок, тарыхка таянсак, айрымдар "шайтандын чакырыгы"
эсептеген музыка ислам дүйнөсүндө да өзгөчө бааланган. Б.з.ч. 750-1257жж. Аббасид халифатынын доорунда Жакынкы Чыгышта медицина гүлдөп "даңкы таш жарган" мезгил болгон. Бул жерде өнүккөн грек-арабдык негиздеги медициналык окуулар, ооруканалар бүткүл мусулман дүйнөсүндө жайылтылган.
Анда дартты айыктыруу үчүн Куран окуу менен бирге ароматерапия,
суу терапиясы жана музыка терапиясы сунушталган.
Муххамед (С.А.В) пайгамбардан баштап Куран мусулмандарга жол көрсөткөндөн башка, "Дарылоо китеби" катары да эсептелген.
Андан башка, араб дарыгерлери жагымдуу музыка, ыргак менен ооруларды айыктырууну кеңири колдонушкан.
Ал эми Осмон империясындагы атактуу дарыгер Мусса Бин Хамун музыканы тиш ооруну жана жаш балдардагы психикалык дарттан айыктырууда колдонгон.
Таң калтырган табигат сырлары! Шумдук!
#102 25 February 2014 - 21:39
Торуайгыр жөнүндөгү уламыш
.
Жер-суу аттарынын да коюлуш тарыхы бар. Алар тээ илгертеден эле кошумчаланып- алымчаланып олтуруп, түрдүү уламыштарга айланып кеткен. Айтылуу Ысыккөлдөгү Торуайгыр айылы жөнүндөгү уламыштардан уккандарымды айтып берүүнү туура көрдүм.
.
Тээ илгери Торуайгыр айылында карапайым адам жашачу экен. Ал абдан күлүк, көргөндүн көзүн кубанткан торуайгырды багып жүрчү дейт. Жаныбар болсо да ал адамдын камкордугун мамилесин адамдын баскан-турганынан эле баамдап койчу дешет. Түгөнбөгөн түйшүктүү оокаттын айынан баягы карапайым адам жандай көргөн айгырын сатууга мажбур болот. Жылкы жаныбарды көлдүн түштүк тарабынан бир бардар адам сатып алат.
Торуайгыр өз жеринен кетип баратып, ээсин карап алып, бир кыйлага окуранып, көзүнөн мөлтүлдөп жашы тамган дейт. Торуайгырды сатып алган ээси аны аябай бапестеп багат. Бирок торуайгыр жаңы ээсине келген күндөн баштап эле оттобой, жем жебей, ал түгүл суу ичпей, ээсин беймазага салат. Акырында Торуайгырдын жаңы ээси аялынын кеңеши боюнча айгырды жайлоого семирсин деп кое берет. Ошондо кайран жаныбар көлдөн сүзүп өтүп, кайра өзүнүн жерине келген экен. Айланага абай салып, суктана карап туруп, кайран жаныбар өз жерин көрөөр менен жан берген экен. Айбан да болсо, өз ээсине, жерине болгон сагынычы күч болгон тура, чиркиндики. Ошондон тартып ал айыл Торуайгыр аталып кеткен дешет.
.
Нурзада САГЫМБАЕВА

Кай жерде болбо, ар дайым, ар качан, туболукко журогумдо жашайсын.
#103 25 February 2014 - 21:41
Арбак жакшылыкка көрүнөт тура...
.
[color"green" ]
Студент кыздар "Манас-1000ге" барганбыз. Биз бала бакчага жайгаштык. Күнүгө кечинде экинчи кабаттан ымыркай баланын ыйлаганы, энесинин соороткону угулчу. Врачтар баласын ала келген го деп элес деле алган эмеспиз. Сурап көрөлү деп врачтардан сурасак, алар аял врач жоктугун айтышты. Биз таң калдык.
Ошол түнү Айзада менен сыртка чыгып отургучка олтурдум. Айзада ажатканага кетти. Карасам балабакчадан Айзада чыгып келе жатат. Эки жагымды алмак-салмак карап, өңүмбү же түшүмбү деп калтырап чыктым. Экөө тең мени көздөй келатышты. Кимиси ким болду экен деп ичимен келме келтирип, көзүмдү жумуп жибердим. "Сага эмне болду?" деген үн угулду. Эмнеси болсо да карап көрөйүн деп көзүмдү ачтым. Бет маңдайымда жалгыз Айзада турат. "Тирүү адамды чымчып текшерүү керек, эгер шек санасаң" деген чоң атамдын сөзүн эстедим да, тигинин колун чымчып алдым. "Ох, колум, жинди го" деп секирип кетти. Арбак эмес экендигине көзүм жетти. Бала бакчага кирип ордубузга жаттык. Эми уктап баратсам Сейил деген кыз: "Айнура жатчы, эмне мени карайсың, кетчи" деп ыйлай баштады. Анын ары жагынан Айсулуу "Кенже бийлебе" деп кыйкырды. Бир заматта ызы-чуу болуп кыйкырып жаттык. Жарыкты күйгүздүк, мугалимдер келишти. Түнү бою алар менен сүйлөшүп отурдук. Врачтар бизге дары беришти, укол салышты. Эртеси эртең менен бизге дайыма айран сатып келген эжеден сурасак ал: "Бул бакча мурун төрөт үйү болчу. Далай аялдар боюнан алдырышкан, каза болгон аялдар болгон. Ошолордун арбагы кубулуп силерге көрүнгөн тура. Бирок, арбак көрүнсө, бир жакшылыкка көрүнөт. Манас атанын тою тынч өтөт экен" деп бата кылды. Чын эле той тынч өттү. Көрсө, арбак жакшылыктын жышааны тура.[/color]
Айнура МАЖИТОВА,
Бишкек шаары

#104 25 February 2014 - 21:43
Ээсин издеген кол
.
Мадали колунан көөрү төгүлгөн жыгач уста эле. Айылда ал кишинин алдынан кыя өткөн жан болчу эмес, улуу-кичүү дебей "Мадакелеп" урматтап турушчу. Ал да өз баркын билгендиктен, анча-мынча кишини басынтып да койчу.
Бир күнү эшик жасап жатканда аскерде чогуу кызмат өтөгөн теңтушу келип калып, ишин токтотуп, ага дасторкон жайып, арак-шарабын жайнатып сыйлайт. Досу шашылыш экен, бат эле узайт да, Мадали кайра ишине киришет. Бирок, алагүү кылган "ак молдо" аздык кылып, дасторкондо калган бир шише аракты жанына коюп алып, улам жүздөн ичип коюп иштеп жатып, кызып калат.
Электр тогу менен иштеген араа станогуна жыгач араалап жатып мас неме колун араага оңбогондой эле алдырып, кансырап кулайт. Аялы Гүлжамал колунун жарааты жедеп ырбап кеткенде гана күйөөсүн догдурга алып барат.
Врачтар консилиум жасап, устанын колун чыканагынан кесип салбаса аз өтпөй гангренага айланып кетерин белгилешип, аргасыз кол кесилип ыргытылат. Ооруканада жатканына бир ай чамалаганда Мадалинин түшүнө өзүнүн кесилген колу кирип, улам зекий берет: "Мадали, мен сени канча бактым, а сен болсо менин кадырыма жетпей, мас болуп кестирдиң! ". Эки-үч түн өтпөй ал кол түшүндө ээсин бетке чабат. Жарым ай өткөн тушта экөө түн ичинде кадимкидей салгылашып чыгышчу болду.
Ал үйүнө бир колу чыканагынан жок мунжу болуп чыгып барганда да кол анын артынан калбады. Дале түшүндө кыйнаганын койбой, атүгүл күчөттү. Мадали көп таяк жечү болду. Эртең менен чын эле бети-башы көгала болуп калмайы адатка айланып, ал жинди болуп кетпесем экен деп далбас уруп невропатологго көрүнсө, ал "түшүң - түлкүнүн куйругу, бар, бара бер, сопсоо элесиң" деп айдап чыгат.
Бир күнү баягы кесилген колу тикесинен муштум түйүп: "Мени догдурлар ыплас жерге ыргытып, көөмп коюшту. Тап. Таппасаң эми ийниме чейинкисин да алам. Чирийсиң! " дейт. Мадали: "Жок дегенде болжолдуу дайынын айт" десе, кол айтып берет.
Эртеси мунжу уста айыл молдосун, эки жигитти алып, түшүндө көргөн жол менен барып, таап, ырым-жырымын жасап көмүшөт. Ошондон кийин Мадалини кесилген колу кыйноого салбай, тынчып калат.
Аксаткын ДҮЙШӨМБҮ кызы, Базаркоргон району

#105 25 February 2014 - 21:46
ЭЭСИ - ЖАЛГЫЗ БУТ АЯЛ
.
Бишкек гуманитардык университетинин жатаканасында түн бир оокумда дайыма ары-бери басып жүргөн добуш чыгып турчу. Ээси - аял киши экен. Андай сөздөргө мурда көп деле маани берчү эмес элем. Бирок чоң энем: "Адам көп жердин ээси болот, бирок ал кишиге зыян кылбайт" деп калчу. Ошентип, 2-курстан 7-кичи райондогу жатаканада жашап калдым. Түн ортосунда ойгонсом бирөө суу алып бараткансып раковина шарылдап жатат. Бир түнү тынбай шарылдаганда туруп барсам эч ким жок. Крандан суу шарылдап агып жатат. Сууну токтотуп, кайра бөлмөгө келдим. Кирээрим менен суу кайра шарылдап ага баштады. Маңдайдагы туалетте бирөө бар го, колу-башын чайканып атабы деп тыңшап калдым. Суу токтобойт. Бөлмө эшигинен башымды чыгарсам эч ким жок. Жанымдагы Айгүлдү ойготуп "Жүрү, экөөбүз чыгалычы" десем, бырышып-тырышып, нааразыланып тургуча, залда бирөөнүн басып жүргөн добуш угулуп, дал биздин бөлмөнүн тушуна келип угулбай калды. Айгүл эшик тушка барып "Бул ким?" деп үнүн катуу чыгарып сурады. Жооп болгон жок. Ойгонгон кыздарда жан жок, бүрүшүп чогулуп калышты. Дабыш сырдуу угулду. Эшик тымтырс. Экинчи ирет "Бул ким, ия?" деп кыйкырганда тыкылдаган үн раковина жакка узагандай болду. Суу андан бетер күчөп ага баштады. Кыязы, дагы бир-эки раковинанын суусун агызды окшойт. Корккон кыздар таң атканча көз ирмеген жок. Эртеси бөлмөгө түнөгөндөн коркуп, кыздар ар кай туугандарынын үйүнө кетип калышты.
Бир ай өтпөй "жатакананын комендантынын көзүнө залда басып жүргөн жалгыз буттуу аял көрүнүптүр" деп чурулдап калышты. Ага чейин биздин айтканыбызды көбү этибарга алган эмес эле. Көрсө, комендант түнү кабаттарды кыдырып жүрсө, алдынан жалгыз буттуу аял чыгып, кайра тез бурулуп, жуунчу бөлмөгө кирип жок болуп кетиптир. Комендантыбыз жакасын карманып зирилдеп, студенттерден акча чогултуп, базардан кой алдырып союп, кан чыгарып, бата тиледик. Ошондон кийин ал аял түнүчүндө сууну агызбай калды. Азыр комендант да башка, студенттер да башка. Жатакананын "ээси" чочулаткан жокпу?..
Жыпара АКМАНОВА. Кант шаары

#106 25 February 2014 - 21:49
Жайлоодогу сырдуу окуя
.
Бул окуя Аксы районуна караштуу "Баялы-Ата" айылынын "Сарыташ" жайлоосунда болуп өткөн. Жайлоо ыраак болгондуктан, жеңил автомобиль менен үйбүлөгө кошо, жаш Элвира аттуу 12 жаштагы кыз да жайлоону самап, эс алганы кошо барат.
Жайлоодогу ошол жай мезгилиндеги түнкү сырдуу окуяны алгач Элвира баамдап калат. Бул жөнүндө ал болгонун-болгондой мындайча айтып берди:
-Бул кечте жайлоого барган жеңил автомобилдин магнитофонун айдоочу машинаны токтоткондо кошо токтоткон. Күндөгүдөй каалгасын бекемдеп коет. Ошентип кечки тамакты ичип бир аз аркы-беркини жобурашкандан кийин, жай салынып, баарысы уйкуга көздөрүн ирмешет.
Элвира уйку-соонун ортосунда жатып, күндүзгү жагымдуу музыка кайрадан сыртта токтоп турган жеңил автомобилден чыга баштаганда, эки жагын караса айдоочу да баарысы уктап жатышканын көрүп таң калат да, айдоочуну ойготуп, "сиз магнитофонду өчүрдүңүз беле?" дегенде айдоочу чатырдан сыртты көздөй чыгып, ширеңкесин тамыза, машинанын кабинасын сырткы айнектен карап, таң кала эч ким жок, эшиги жабык, ичиндеги магнитофону ырдап жатканын өз көзү менен көргөндө эси ооп кала жаздайт. Мына ушундай сырдуу табышмактардын болуп келгенин "Сарыташ" жайлоосунда болгондор көп эле айтып жүрүшөт.
Элвира бул окуяны айтып берип бүткөндө, сен калп сүйлөп атсаң керек деп айтсам, ал мага таарынгансып, сизге кантип калп айтам, ишенбесеңиз бул окуя тууралуу айдоочудан да сураңыз деди.
Эркин БИЖАНОВ,
Аксы району

#107 25 February 2014 - 21:51
Зульфира Болотбековна АСЫЛБЕКОВА
.
Азыткы
“Азыткы” аңгемесинде жаш жигиттин ичине (жин аял) азыткы кирип алганы, көпкө үйлөнбөй жүрүшү, үйлөнгөндөн кийин азыткы жигитти аялынан кызганганы, молдо кайнатасы билип калып, дуба окуп, азыткыны чыгарышы тууралуу жазылган.
Зульфира Асылбекова. “Адашкан бакыт” адабий көркөм китеп.
.
Саясат күүгүм киргенден баштап ашыгы менен жолукканга даярданып жатты. Душка түшүп, сакал мурутун алып, жыттуу атырынан себинди. Ашканага барып, бир чыны чай ичип келип, бөлмөсүнө кирип, кулпуланып алды да көздөрүн жумуп, ашыгын чакырды.
Анын күнүгө кечинде ушунтип жатаарына ата-апасы, карындашы көнүп калышкан. Алгач, кечинде конокко барасыңбы? Жумуштан чарчап келдиңби? Бир жериң ооруп турабы?— деп, сурай беришчү. Эки жылдан бери бул көрүнүшкө көнүп, сурабай деле калышкан. Саясат менен сүйлөшүү үчүн жумуштан келгенден кийин бир саат же эртең мененки тамактанууда жарым саат гана мүмкүн. Демейки убакта ал дайыма ойлуу, эч ким менен сүйлөшкүсү келбейт, эч нерсе кызыктырбайт дагы. Өзү менен өзү жүрө берет. Суроо берген кишиге ооба, жок, же билбейм деп гана кыска жооп берип коет. Апасына шайыр, ачык мүнөз баласынын минтип, жашоонун эч бир кызыкчылыгын билбей, максатсыз жашап жаткандай сезилчү. Уулунун мурунку калыбына келишине көп аракет кылды. Машина алып беришти. Үйүнө психолог чакыртты. Жаңы жумуш таап беришти. Досторуна барып уулунда жаман маселе жокпу деп сурайт. Тааныштарыныкына Саясатты алдап жумшап же үйгө чакырып кыздары менен тааныштырат. Саякаттап келүүгө жиберет. Уулу жакшы көргөн тамактарды жасайт. Айтор, кылбаганы калган жок. Дагы эле баягы коймаарек тарткан көрүнүш. Эч өзгөртө албады. Үйлөнтөйүн десе эле болбойт. Өзүңө жаккан кызды алып кел. Сага жакса бизге да жагат дейт апасы. Ал сөздөр кулагынын сыртынан кетет. Болгону:
— Мм, күздө,— деп коет. Кийинки күздө дагы эле жок. Мына буюрса жакында болот, алып келем келиниңерди деген. Ошентип жүрүп отузга да чыгып калды. Досторунун баары үйлөнүп бүттү. Саясатка жакшы эле өң-түстү берген. Узун бойлуу, кара тору, чап жаак, кашы-көзү кара, кыздар артынан чуркай тургандай эле жигит. Кастюм-шым кийип чыкыя басканында кыздардын көзүнүн жоосун ала шыпшындырчу. Ал турмак бир досу сыртынан жактырып жүргөн кызына, Саясатты кошо ээрчитип барып, экөө бирдей таанышып, досуна ала качтыртып алган. Акылды да ченемсиз берген. Фирмадагы жумуштун баарын өзү жасайт. Далай кыздар тамшанып калат, бирок бирөө да ийите албады.
А Саясат болсо сүйүүгө мас эле. Ал күндүз сүйгөнүн ойлонуп жүрөт. Түнкүсүн ал сулуусуна жолугат. Саясат ал кызды сүйгөндө да акылын жогото сүйдү. Сүйүү башкалардын өмүрүн көркүнө чыгарса, Саясаттын күлкүсүн, шайыр мүнөзүн уурдап кетти. Ар адамга ар башка таасир берет белем. Мурда жаратылышты көп байкабаса эми ага баары кооз. Кулпурган гүлдөн сулуусун көрөт. Чайыттай ачык асманда сулуусу учуп жүрөт. Куштардын сайраган мукам үнү, сулуусунун үнүндөй. Суулардын тунуктугунан сулуусун Саясат качан эстесе ал ошол жерде турат.
Сүйүү бардык сезимдердин эң күчтүүсү, анткени ал бир эле убакта, башты да, жүрөктү да, денени да ээлеп алат деп Вольтер айткандай Саясаттын эс-акылын толук бийлеп алды.
Мына, бүгүн да бөлмөсүн ичинен бекитип алып, сулуусун чакыраар менен ал учуп келди. Анын сулуулугун айтып түгөтө албас. Сындуу мүчөсүнө ак жука көйнөк кийип алган экен. Койкойгон мойнунда ак шурусу бар. Капкара узун чачы жерге тиет. Ушунча узун, калың, коюу чачын кичинекей башы кантип көтөрүп жүрөт деп да ойлоп кетти. Назик апаппак, кебезден жаралгандай колдорун Саясатка сунуп:
— Саламатсыңбы сүйүктүүм! Мен сени күтө берип зеригип кеттим,— деди наздана.
— Күткөнүңөн сенин. Кечирип койчу жаным. Дүйнөдө жок сулуум. Сен, бир гана сен менин бактымсың! Сен бар үчүн гана жашап келем. Эч кимге бербейм сени,— деп, колдорун ач көздүк менен ысык өпкүлөп кирди.— Эгер мени таштап кетсең, жашоодон дароо кечем. Ошондо сен “бул шордуу сүйүү үчүн курман болгон” деп бейитиме жазып кой,— деди Саясат.
— Мен эмес, сен мени таштап кетесиң. Эгер мени таштап башкага кетсең, мен анда сенин өмүрүңө кол салам. Андан кийин аялыңдын, карындашыңдын, апаңдын. Макулсуңбу? — деп, шыңгыр үнү менен каткырып күлүп жатты.— Мен сенин жаныңдагы бардык аялдарды жек көрөм,— деп, кошумчалап койду, сулуусу.
— Оо, коркутуп койдуң. Корком, корком. Сен ушул катуу кармап койсом үзүлүп түшө турган назик колдоруң менен кол саласыңбы? Секелегим. Дагы кандай дедиң? А баса, жанымдагы аялдарды жок кыласың. Мунуң өтө эле аша чаап кеткендик эмеспи?
— Жок, жаным. Сүйүү өрт эмес, бирок, бир күйсө өчүрө албайсың дегенди уккан жок белең. Сен бир гана меникисиң.
— Болуптур, жаным,— деп, кыздын жанында бүткөн боюн ышкылуу жылуулук келип, сулуулугуна суктанып, бүт дүйнө-турпаты көлкүлдөп эрип турду. Экөөнүн тең жүрөктөрүндө сүйүү оту ээ-жаа бербей жанып турду. Саясат көөдөнүн тиреп турган не бир жакшы сөздөрдү ашыгына айтайын деген менен сүйүүгө мастыгынан эч нерсе айталбады. Экөөнүн көздөрү, жүрөктөрү гана сүйлөшүп турду. Алар ар бир түндү ушинтип, бири-бирине өзүлөрүн түгөл арнап өткөрүшчү. Кээде бак аралап, сейилдешет. Саясатты сулуусу ал көрбөгөн эң кооз жерлерге алып барат. Бул дүйнөдө көрбөгөн жаныбарларга мингизет. Өмүрү жеп көрбөгөн тамак жегизет. Айга чейин учуруп, алып барып келди. Бах, керемет! Аял болсоң ушундай бол. Саясат эртең мененки сааттын чырылдап ойготконун эң жек көрөт. Эмелеки сулуусу менен жапжашыл жайлоодо олтурган жеринен ойготот да турат. Көзүн ачаар менен сулуусу жок. Аттиң. Ойгонбос болуп калсам эмне. Көзүн жумуп кайрадан жана олтурган жерине кеткиси келет. Бирок уктай да албайт, ал, сырдуу жакка кете да албады. Кечке сулуусунун элеси менен жүрөт. Кыялдануу. Элестөө. Кечте сулуусун кайра көргөнчө ашыгат. Ушинтип жаштыгынын кантип өтүп жатканын билбей калды. Бул чоң сүйүүнү эч ким билбейт. Кыйналган эле ата-энеси. Үйлөн деп кулагына куюп, ыйлап да айтып жүрүштү. Бир күнү апасы сиңдисинин кызы Ыймангүлгө кыйнап үйлөнтүп койду. Ал кыз деле жакшы, татынакай кыз. Кичинесинде чогуу ойноп, балдар бакчасына бирге барышчу. Башында апасынын көңүлү үчүн келинчегине бир аз көңүл бөлүп жүрдү. Бара–бара Ыймангүлдү такыр эле карабай калды. Ал, кыялындагы сулуусунан алган аруу жылуулукту келинчегинен ала албады. Ыймангүл бөлөсү болгондуктан мурда үйгө келип жүргөн конок катары сыйлап калды. Баягы адатына кайра түштү. Кечкисин жатаар менен сулуусун чакырып алат. Ал да дайыма даяр.
Мына, дагы сулуусу менен космосто жүргөн жеринен жексур сааты чырылдап ойготуп, жашоого чакырып алды. Жанында уктап жаткан Ыйманкүлдү көргөндө чыйрыга түшкөнсүп денеси жыйрылып кетти. Чала-була кийинип алып, бөлмөсүнөн чыкканча шашты. Жан дүйнөсү алай-дүлөй сапырылат. Мээси чатырап баш сөөгүнө батпай бараткансыйт. Эмне кылат, жооп жок, амалсыз. Сулуусусуз жашай албайт, ал үчүн жанын кыюууга даяр. Ал, жаны менен бирге. Ыймангүл болсо эл үчүн, намыс үчүн, ата-энеси үчүн керек. Демек, ага чыдап, сабыр кылуудан башка эч арга жок. Ушинтип жашай берүү керек. Күндүзү үйдөн эртерээк жумушка качып кетсе болду. Башка жол жок деп ойлочу Саясат. Келинчегинин күн өткөн сайын кызарган жүзү купкуу чүпүрөккө айланып, күндөн-күнгө ден соолугу начарлап, түн уйкусунан, күн күлкүсүнөн калып сарсанаага чөгүп баратканын көрүп-билип эле турат. Бирок, билмексен, томсоруп үнсүз. Эмне кылмак?!
Ыймангүл өзүнчө: “сүйүүнү жок жерден чыгара албайт экенсиң. Сүйүү жана сүйүктүү болуу кандай зор бакыт жана ошол бийик мунарадан кулап баратканыңды сезүү кандай азап. Бир жүрөккө эки сүйүүнү батыра албайсың. Сүйбөгөнгө таңылганың – сүйүүдөн чоң жаңылганың “-деген ойчулдардын айткандарында калет жок экен. Саясаттын башка сүйгөнү бар го, ошол үчүн мага көңүлү жок. Таяжеме бекер макул болгон экенмин” деп бармагын тиштенип, катуу өкүнүп жүрдү. Тууган-туушкандар эмне дейт деп намыстанып жүрүп, арадан алты ай өттү. Ал, ыймандуу эле. Саясат бир күнү токтоноор деген үмүтү да чоң болчу. Ошентип, сарысанаага катуу батып жүрүп келин жүрөк оорулуу болуп калды. Жанында дайыма бир жалган элес ээрчип алды. Уктаса эле муунтат. Ар кандай жаман түштөр кирип, бейтааныш бир келин эле аны муунтуп өлтүргөн болот. Жанында кайненеси жана кайынсиңдиси да өлгөн болот.
Саясат тузакка түшкөн көгүчкөндөй болуп, эки ортодо, эч кимден жардам жок капаста жалгыз калды. Ал үйлөнгөндөн кийин сулуусу эрегиштик кылдыбы, күнүгө кечинде жанына үч сулууну ээрчите келет. Алар Саясатты ар амалга салып кыйнап киришет. Келинчегин кыялындагы сулуусу күнүгө ичке кыл менен муунтуп, жүрөгүн кысып, өзү сөз бергендей өлтүрүүгө даярдап жүрдү. Бул, Саясатты кызгангандан улам кылганы эле. Келиндин атасы молдо. Ал кыз-күйөөсүнүкүнө конокко келип, жүдөп жүргөн балдарын көрүп, иштин чоо-жайын түшүндү. Кызынан ал-акыбалын сурады. Ал:
— Жакшы эле...— деди эриндери дирилдеп сумсайыңкы, анан дароо карегине жаш каканактап толо түштү. Өткөн күндөрүн эстеп ал түнү бою кирпик ирмебей чыккан эле. Көзүнүн чарасында толуп турган жаш кирпигинин ирмеми менен мөлт деп төмөн кулап кетти.
Кызынын кайгылуу тагдырын көрүп молдонун каны дүргүп башына чыга түштү. Күйөө баласы өзүнүн жин оору экенин билбеди, уялып, ал жөнүндө айтпай, жанына сиңип бүткөн жинди кое бергиси келбей кайынатасын кыйнады. Саясат менен түнкүсүн жашап жүргөн сулуу азыткы-жин эле. Ал, күнүгө түшүндө келүчү.
Кайынатасы дем салып, жин чыгарганга дуба окуп жатты. Эмелеки тынч олтурган Саясат кымбат олжосун оозунан алдырган макулуктай буулугуп, эчкирип ыйлагысы келип, акылынан айрылган экен деп ойлоп калбасын дегенинен улам өзүн араң карманып олтурду. Бирок, көп өтпөй Саясат капысынан эле үнүнүн болгонунча үйдү жаңырта “кетпе, эч кайда кетпегин! ” деп кыйкырып кирди. Балким анын кулагына азыткы сулуусу дубага баш ийип, коштошуп шыбыраганбы, ким билет. Эч ким аны түшүнбөй калды. Жиндидей элирип, жулунуп, айгайлап бакырып жаткан күйөөсүн көрүп, Ыймангүл кагаздай бозала болуп артка үнсүз кетенчиктей берди. Үйдөгү ата-энеси, карындашы калчылдап, ачууга буулугуп, өң— алаттан кетип, тишин кычыратып, көзү бир чекитти тиктеп, жер муштап жаткан Саясаттан коркуп, төбө чачтары тик туруп, элейип турушту. Анын көздөрү чоктой кызарып, кектүү болучу. Адамга ойлонбостон кол салчудай. Ыймангүлдүн атасы кызына көзүн ымдап, колу менен жаңсап, аркан алып келүүсүн буюрду. Дуба окуу улам күчөгөн сайын Саясаттын жинденүүсү да күч алгансып акылынан биротоло айный баштады. Ал, үй ичиндеги колуна тийген буюмдарды туш келди ыргытып, тээп, “баарыңарды өлтүрөм, кырам, ашыгыма тийбегиле! ” деп нары-бери жүгүрүп кирди. “Сүйгөнүм! Сенсиз жашай албайм! Таштаба мени, кетпечи. А-а-а! Жалгыз таштаба!” деп, чамынып, көкүрөгүн, кийимдерин тытып бакырат. Тамды, бош абаны муштагылап, өкүрөт. Байыр алып бир жерге токтоно албай тытынат. Аны көргөн энесинин эч нерсе түшүнө албай баласынын кыйналганына жүрөгү сыздап, амалы жок, көз жашын көл кыла ыйлап жатты. Тек, мурдатан ар кимден угуп жүргөндөй уулунун азыткыга алдырганын боолголоп жатты.
Саясат бир маалда “Эмне, менден кетип, башка бирөө менен жыргайын дедиңби?! Я?! Жо-о, андай болбойт! Ага жол бербейм!.. Ха-ха-ха-ха! ”. Оозун аңырайта, тиштерин арсайтып күтүүсүз жапайы каткырды. Үй үч көтөрүлдү. Корккондорунан баары бүжүрөп, көздөрүн алайта андан четтей, бурчка корголошту. Саясаттын күлкүсү кандай капыс башталса, кайра ошондой күтүүсүз тып басылып, чачын жулуп, көйнөгүн тыткылап кирди. Топчулары туш-тушка ыргыды. Карындашы коркконунан чаңырып сыртка чыга качты. Молдо атасы экөөлөп Саясаттын канчалык жулунуп, каршылык көрсөткөнүнө карабай колу-бутун байлап жиберишти. Ал “Тийбегиле, ал меники, сулуумду эч кимге эч качан, бербеймин. Өлтүрүп саламын!.. ” деп” кимге айтып жатканы белгисиз, дагы эле боздоп жатты. Молдо дубасын күчтөп окуй берди.
Улам бир демге дымый түшүп Саясат кайрадан эле кыйкырынып, жулунат. Бирок, канчалык чиренип, бошонуп чыгууга жандалбас жасаганы менен аны бекем аркан кое бербеди.
Ыймангүл башын мыкчый чеңгелдеп бурчта олтурду. Өңү санаадан самандай саргайып, көздөрү ачуу жашка толуп турду. Тагдырынын биротоло сынганын түшүндү. Эми эмне кылат? Кандай айла жасайт? Башы маң, акылы адашат. Көңүлү чөгүп, күйөөсүн жек көрүп, тытынып, жулунган турпаты дене боюн ичиркентти. Мындай жиндиге жармашып эмне кылам. Бирото кетип калбай мында эмнеге жүрөм? Ыймандуу кыз деп койсо, алданып жүргөнүмдү кара. Акмакмын. Жинди менен жашап, ага үмүт байлап жүрсөм, көрсө жинди болуп кеткен тура. Жан дүйнөсү кымкуут, чак-челекей.
Саясат болсо бир каткырып, сүлкүлдөй күлүп, кайра туруп буулуга ыйлап жатты. “Кетпегин, кетпечи сулуум?!.” деп, жер чапчып, тытынат. Башын дубалга уруп, ким бирөөнү кармап калчудай жер тытат. Бир саамга ал элтейип, тып басылды. Анын көзүнө түн ичинде гана келчү азыткы сулуу көрүнө калып:
— Кош, мен кеттим. Эгерде жыл айлантып чакырсаң кайра келээрмин, эми сага окшогон башкага барам. Азыр калууга амалым жок. Дуба, ак периштелер жеңди. Башканын сүйүүсүнө от жагам кош...— деп, сулуу доңузга айланды да терезеден учуп кетти.
Баарын көрүп-билип жаткансып кайынатасы ошол маалда:
— Өх-х, балам, буйруса кутулдуң эми, азыткыны экинчи чакырба -деди кайнатасы оор үшкүрүнүп. Ал, сыгып алма терге чыланып, өңү аза түшкөн эле. Ар кай бурчта элейип олтурушкан үйдөгүлөргө, — Туура түшүнгүлө айланайындар, азыткыны уулуңар өзү атайын бул чакырган жок. Бул оору. Шайтан. Жин ооруу. Дагы жакшы, убагында билип калдык. Оорусун ачык айтпай, уят көрүп канчалаган адамдар жинге алдырып жашап жүрүшөт. Алар өтө өзүмчүл, кызганчак келишет. Жабышып алган адамдарын акырындап биринин артынан бирин жок кыла беришет. Бул көбүнчө аялдарга келчү эле. Өткөндө он үч жашар бир кызды дал ушундай кесел менен алып келишкен эле. Ал кыз бир ырчы жигитти сүйүп калдым деп сүрөтүн керебетинин башына илип алып, ага кудайындай сыйынчу экен. Ырчынын элесин туу тутуп, жалгыздап алып күнүгө сүрөтү менен сүйлөшөт. Күнү-түнү аны менен жолугушууну күсөп, жете албай сүрөтүн пааналай. Аны уккан жин сүрөттөгү баланын кейпин кийип түшүндө келип жүрөт. Күнүгө келип жүрүп акыры ал кыздын денесине кирип алып биротоло менчиктеп алышат.
Кыз катуу ооруп, төшөктө жатып калганда доктурга алып барышат. Эч айыкпайт. Анан мени үйүнө алып барышты. Кыздын эрки күчтүү экен, баарын сыртка чыгарып жиберип, болгон ишти жашырып-жаппай толук айтып берди. Ошентип кыздын өзүнүн жардамы менен ичиндеги жинди чыгарганбыз. Азыр кудайга шүгүр. Куран китепте да жин деген аят бар. Ал жиндер адам катуу кайгыга батканда, же аябай сүйүнүп кыйкырынганда, оозун ачып эстегенде, арам тамактар аркылуу, же жин даарыган адамдын кийимин кийгенден келет. Ошон үчүн кайгыга да кубанычка да сабыр кылышыбыз керек. Жиндердин жакшы көргөн жери мончо, даараткана, оттон чыккан күл, ар кандай арам нерселер. Андан кутулуу үчүн илимдүү, күчтүү молдолорго кайрылуу керек.— Кайынатасы Аллага шүгүрчүлүк келтирип,— Балам эми жинди кайра чакырба,— деп Саясатты карады.— Эгерим оозуңа алсаң эле ал кайрадан келип, сени кыйнап, ак жолдон адаштыра баштайт.
Али эсине биротоло келе албай шалдайып олтурган Саясат аз да болсо турмуш чындыгына кайтып, өз абалына уялганынан үй-бүлөсүнөн биротоло качып, кайдадыр кулак уккус, көз көргүс жакка житип кеткиси келип тургандай. Же ой-санаасын сулуунун күйүтү думуктуруп турдубу, ким билет. Эч үндөбөдү. Ары-бери урунуп жатып алы кетип калганбы, башын жерден көтөрө албай олтурду.
— Эми Кудайым берген жубайың менен бактылуу жашагыла,— деп, атасы да жанатан берки сөздү колдой батасын берип сыртка чыга жөнөдү. Энеси келип кыйналган уулунун жанына олтуруп анын башын көкүрөгүнө имере тартып кучактап, ысык жыттап-жыттап алды. Эне үчүн бала дайыма кичине, чабал тура.
Ыймангүл да Саясаттын акыл-эси кайтып келгенин көрүп, чоң балээден арылганына көзү жетип, жакшылыктан үмүт байлай түштү. Анткени ал жүрөгүнүн түпкүрүндө аны бекем сүйүүчү...

#108 25 February 2014 - 21:53
Ээси бар тоо
.
Мындан он жыл мурда 10-классты бүтүрүп жатканда беш бала тамак-аш, палатка алып тоого чыкканбыз. Жөө-жалаңдап араң тоого чыккан соң бир аз эс алып, тамакка тоюнуп алып, палатканы бир чоң арчанын жанына тигип койдук. Бизден бир кыр ары дагы бир чатыр тигилүү экен. Кызыгып барып, ал үйдөн кымыз ичип, ширеңке сурадык. Үйдүн ээси: "Чатырды кайда тиктиңер?" - дегенде бир кыр ылдый тиккенибизди айттык. Ал башын чайкап: - "Ал жерге бекер тиктиңер, биз жакка тиккиле" десе, биз кенебей койгонбуз. Анда карыя: "кечинде ал жерге от жакпагыла" деди.
Ошентип кеч кирди. Курсак ачты. Тамак бышырабыз деп от жактык. От бир аз жылгансыды эле "сүйрөбө! " деп бири-бирибиз менен урушуп жаттык. Эмне болуп жатасың, сүйрөгөн жокмун, өзүң түртпө! - деп кыжылдашып, жакалаша кеттик эле, тиги чын эле өзү тоону көздөй от кетип баратты. "Жардамга! " - деп Таланттын үнү угулду. Көрсө, Талантты кошо сүйрөп алган экен. Анын артынан жетип, эптеп күч менен тартып алдык, палаткага кийирсек ал кара терге түшүп, кыйналып, онтоп, башын көтөрө коюп, кайра бакырып жыгылат. Карай койсок киши көтөрүп бараткандай жаккан от ордунан кургак арчаны көздөй жылып баратыптыр. Ага чуркап барып эптеп өчүрдүк. Түнү менен таң аткыча тиги жыгылган балабыз менен алыштык. Эртең менен баягы кымыз ичип, ширеңке сурап кеткен абышкага барып сырын сурасак, ал бул жердин ээси бар экенин айтты.
Зарипа ТУРАТОВА,
Кемин шаарчасы

#109 25 February 2014 - 21:55
Күйөөмдү азыткы азгырып
.
Былтыр жайында, түн жарым ченде чогуу уйкуда элек. Эшик шарт ачылып, кайра жабылганынан чочуп ойгонуп кеттим. Жанымда жаткан күйөөм жок. Ошол замат жаман ой кетти: "Жеңелеринин бирине ниети бузулдубу?" деп кызганыч менен ыргып туруп, терезеден аны карадым. Күйөөм көйнөк-дамбалчан кетменин көтөрүп алып огороддун башына чуркап баратат. "Буга жин тийдиби?" деп ичимден сызып отурдум. Бир маалда үйгө келди да, кетменин ары ыргытып: "Ой жүзүкара, бетбак, амалданып азгырганын карачы!" - деп сүйлөнүп, мени бир тиктеп алып, төшөккө жыгылды.
- Не болуп кетти сага?
- Азыткы азгырды. Кудум сен болуп алып, үнүнүн окшошучу, сырттан кыйкырды: "Оо Алым, тез чык, огородду суу каптап баратат!" Анан сен экен деп чуркап чыкпадымбы, кетменимди сүйрөп. Бир карасам огороддун тиги башында турупсуң алдагы ак көйнөгүңдү желпилдетип, чуркап баратсам: "Каякка барат, бул жакка кел!" - дедиң. Чала көргөн экенмин деп ошол жакка чуркабадымбы. Энтеңдеп жетип барсам эч ким жок. Ошондо гана албарстыга азгырылып баратканымды сезип, өзүмө келип, үйгө келбедимби деп уктап кетти. Мен коркуп, араң таң атырдым. Эртең менен айтсам эч нерсе билбейм десе, андан бетер коркуп жүрдүм. Кийин аны бакшыга алып барып эмдетип оорусунан арылдык.
Клара ИСМАИЛОВА, Токмок,

#110 25 February 2014 - 21:59
Жаныбарлардын табышмактуу сырлары
.
«Билгенден биле элегиң көп» дегендей, бул өмүрдө биз билбеген канчалаган, кызыктуу сырлар катылып атат. Айталы күндөлүк эле турмушубузда угуп-көрүп жүргөн жаныбарлардын кызыктуу жагдайларын биле бербейбиз. Мисалы, чөп жечү жаныбарлар менен жырткыч жаныбарлардын айырмасы эмнеде? Бул жаатында алып караганыбызда эң жөнөкөй нерсе алардын көздөрүнүн жайгашуусу менен ажырымдалып турат. Себеби, жырткычтардын көздөрү маңдайында болгондугу, алардын адындагы «табылгасын» алыстан акмалап, жакшылап көрүүлөрү үчүн болсо, чөп жечү жаныбарлардын көздөрү капталында жайгашып, арт жагынан аңдып келген жырткычтарды байкап турууга ылайыкташкан. Мына ушул сыяктуу дагы кандай маалыматтар бар. Сиздер менен биргеликте кызыктар дүйнөсүнө бирге саякаттайлы. ..
.
1. Чөлдөгү кумдуу бороондордон улам төөлөрдүн сактануусу үчүн жаратылышынан алардын көздөрүнө үч катар кирпик жайгашкан. Ошондой эле төөлөрдүн эки өркөчү болгонуна карабастан омурткалары жылкылардыкындай эле түз болот.
,
2. Кирпинин жүрөгү орточо эсеп менен мүнөтүнө 300 жолу согот.
.
3. Кадимки эле кара жумуштун күчү аталган эшектин көзү бир убакта төрт бутун тең көрө ала тургандай абалда жайгашкан.
.
4. Дельфиндер уктаганда дайыма бир көзү ачык абалда турат.
.
5. Үй канатуусу тооктун эң узак убакытка чейин учканы болжол менен 13 секундага гана созулат.
.
6. Тынымы жок тызылдап жүргөн, эмгекчилдин символу эсептелген кумурскалар денесине салыштырмалуу эң чоң мээнин ээси болгон жандык катары саналат.
.
7. Дагы бир өзгөчөлүк, башка жаныбарларда кездешпеген төрт тизелүү болгон жападан-жалгыз бул пил болуп эсептелет.
.
8. Адамдын досу аталган иттер ургаачысы эркектерине караганда «ажаан» келет да, көбүрөөк тиштегенге жетишет.
.
9. Кичинекей көрүнгөнү менен, ар жылы аарынын чакканынан, жыландын чакканына караганда көп адамдар өлүмгө дуушар болушат.
.
10. Акуланын рак оорусуна карата иммунитети бар.
.
11. Кара жөргөмүштүн ургаачысы күнүнө 20га чейин өзүнүн туугандарын, башкача айтканда, бөлөк жөргөмүштөрдү жеп кое алат.
.
12. Жеминин жетишсиздигинен тасма курту өзүнүн денесинин 95 пайызын жеп коет... Бирок, эң кызыгы, эч нерсе болбогондой эле жашай беришет.
.
13. Нил дарыясынын жээгинде жыл сайын миңдей адамдын ар кандай кокустуктан улам крокодилдин жемине айланган учурлар кездешет.
.
14. Төөкуштун жумурткасын сууга салып бышыруу үчүн 4 саат убакыт талап кылынат.
.
15. Жаныбарлардын падышасы катары белгилүү арстандардын үйүрүндө «тамак табуу» милдети тогузунчу, онунчу ургаачылардын мойнундагы милдет болуп эсептелет.
.
16. Суусуз көпкө жашай ала тургандыгы менен рекорд койгон жаныбар төө эмес, келемиш чычкан экени белгилүү болгон.
.
17. Жаныбарлардын ичинен шимпанзе гана өзүн-өзү күзгүдөн тааный алат.

#111 25 February 2014 - 22:01
Өлүм алып келген сүрөт
.
Өткөн кылымдын аягында Англиянын көпчүлүк газеталары Александр Голмер аттуу моряктын табышмактуу өлүмүн көп жазышты. Анткени өлкөнүн эң кыйын криминалисттери да бул каргашалуу окуянын чоо-жайын так аныктай албай коюшту. Мурда флотто кызмат кылган Голмер Лондондун чыгыш тарабындагы кичинекей бир соода жайына ээлик кылып, эч кандай кыйналган белгиси жок жагдайда каза болгон. Бирок чөпкө да зыяны тийбеген бул адамдын ажалын эч ким тилебесе керек эле. Себеби Голмердин айрым таң каларлык мүнөзүн эске албаганда, мыйзам жолунан бир карыш чыкпаган жоош адам болчу. Болгону адамдын денесине ийне менен чегип жазылган жазууларга жана сүрөттөргө аябай кызыгып, бул багыттагы китептерди чогултуп жүрчү.
Баса, маркумдун дал ушул хоббиси анын табышмактуу өлүмүнүн жандырмагын табууга жардам берди. Голмердин желкесинде дайыма оозуна гүлдү тиштеген канатуу жыландын сүрөтү болор эле. Көрсө, бул татуировка мурдагы моряктын денесине ал Британиянын соода флотунда кызмат кылып, Түштүк-Чыгыш Азияда сүзүп жүргөндө түшүрүлгөн экен. Бир ирет баңги заты ачык сатылган өлкөнүн портунда апийимдин кумарына азгырылып, эс-учун жоготуп койгондо жергиликтүү каракчылар тоноп кетишет. Өзү ачык асмандын астында жатып калат.
Голмер эртеси күнү гана бейтааныш адамдардын арасында өзүнө келди. Бирок, үстүндө кийими, акчасы жок болчу. Анткен менен желкесинде жыландын сүрөтү тартылган эле. Тилекке каршы ким, качан жана кандай максатта бул канаттуу жыланды тарткандыгына түшүнбөй коет. Болгону бир тааныш кытай - боцман каргашалуу жаныбардын сүрөтүн көрөр замат эле ал адамга жамандык алып келе турган табышмактуу белги экендигин айтат. Сыягы, Голмер баңгизаттын азгыруусунда кимдир бирөөнү капа кылып койсо керек. Ошентип ал өмүр бою бул кандай белги экендигин билүүгө кызыгып жүрдү.
Бирок, Королдук Академиянын эксперттери байкуш моряктын көзү өткөндөн кийин гана табышмактуу белгинин жообун табышты. Көрсө, бул сүрөт туура отуз жылдан кийин гана таасир берүүчү уунун символикалык формуласы экен. Адистердин пикиринде Александр Голмер ырайымсыз тажрыйбанын курмандыгы болгон. Айтмакчы, ал дал ошол порттогу апийим тарткандан туура отуз жыл өткөн соң каза болгон.

#112 25 February 2014 - 22:03
Табышмактуу жамгырлар
.
Адамзаты алгач табигаттын табышмактуу сырларын ар кандай сыйкырдуу күчтөргө ыйгарып келген болсо, убакыттын өтүшү менен илимий технология өнүгүп, акырындап көптөгөн жетишкендиктерге жетишип, ал сырлардын анык себебин ачып келүүдө. Бирок, али да болсо айрым табигый кубулуштарга таң берип, анын чыгуу себебин аян берген сыр катары жамандыкка же жакшылыкка жоруп жибергенден алыс эмеспиз. Төмөндө, окумуштуулардын да оозун ачырган мына ошондой айрым кубулуштарды карап көрөбүз.
.
1954-жылы АКШнын Давенпорт шаарында кадимки жай күндөрүнүн биринде көк түстөгү жамгыр жааган. Ал эми башка бир шаарында кийинчирээк катуу шамал калың булутту айдап келип, нөшөрлөгөн жаандын ордуна кыпкызыл «кан» жааган. Бул кубулуш жергиликтүү адамдарда «адамзаттын кылган күнөө иштерин көрүп асман ыйлап жатат», «бизге токтогула! деген аян берип жатат», «табигат да бизге таарынып, эскертүү берип жатат» деген сыяктуу ишенимдердин жаралышына себеп болгон.
Бороон чапкын менен келген катуу жаандар мындан башка да кызыктарды алып келген. Мисалы, айрым жерлерде нөшөрлөгөн жамгыр эл үчүн «түшүм майрамын» тартуулаган учурлар кездешкен. Жааган жамгыр менен кошо буудай, башка бир жерде апельсин, жаңгактар жааган. Кээде жергиликтүү эл асмандан түшкөн «ырыскыларынын» өз жеринде өспөгөндүгүн белгилеген фактылар болгон.
.
Мындан да кызыгы, 1933-жылы Ыраакы Чыгышта Кавалерово деген шаарда нөшөр менен кошо кадимки деңиз жандыгы–медузалар жааган. Мындан тышкары, калдайган кара булуттар адамдарды майда балыктар, бакалар менен «бомбалаган» фактылар адамдардын оозун ачырган. Айрым аймактарда мындай табигат кубулушу адамдардын жүрөгүн түшүрө коркутуп, оозун ачыра таң калтырып жатса, башка бир жерде адамдардын башына «бакыт» жаадырган. 1940-жылы Горьковь (Россия) областынын чет жактарындагы айылдардын бирине нөшөрлөгөн жамгыр менен кошо күмүш тыйындар жааган. Жамгырдан кийин жергиликтүү эл Иван Грозныйдын убагында чыккан миңдеген күмүш тыйындарды чогултуп алган.
.
Бул кубулуштар кандайча пайда болот? Чыныгы себеби эмнеде? .
Чынында эле табигаттын берген аяныбы?
.
Бул суроолордун жообу көптөгөн окумуштууларды кызыктырган. Көптөгөн изилдөөлөрдүн жана байкоолордун натыйжасында бул кубулуштардын чыныгы себеби аныкталган. Көрсө, катуу шамалдын натыйжасында пайда болгон куюндар булуттардын арасына көптөгөн сырларды катып келет экен. Биз жайдын ысык күндөрүндө пайда болгон куюн чаңдарды, кагаз, жалбырактарды «шыпырып», жогору көтөрүп барып таштаганын көрүп эле жүрөбүз. Ал эми чагылган менен коштолуп, нөшөрлөрдү алып келген чоң куюндар жолундагы нерселерди чоң-кичинесине карабай көккө учуруп, алыскы аралыктарга ташып кетүүчү күчкө ээ болот. Мына алардын так ушул жөндөмү жогорудагы окуялардын түйүнүн чечүүгө жардам берет. Алсак, Америкада өскөн теректердин бышпаган чаңчаларында сууга тийгенде көк түстү берүүчү пигменттер болот. Давенпорттогу көк жамгырдын негизги себеби да куюндун дал ушул чаңчалардын зор өлчөмүн учуруп кетиши болгон эле. Ошол эле куюн менен көккө учкан жошо сыяктуу кызыл түстөгү тоо тектеринин чаңы булуттагы суу тамчыларын кызыл түскө боейт.
.
1904-жылы куюн (ураган) Мароккодо буудай сакталган кампаларды талкалап, буудайларын учуруп кеткен. Мына ушундай чоң куюндар жолундагы бактардын жемишин, кичинекей көлмөлөрдүн, саздардын сууларын «жергиликтүү тургундары» менен кошо учуруп кетет. Бир топ аралыкка учуп барып, куюндун күчү кетип басаңдаган учурда алар жамгыр менен кошо жерге жаай баштайт.
Ал эми Горковь областындагы адамдардын башына күмүш тыйындарды жаадырган куюн, ал тарыхый казынаны катылган жеринен «таап» алып келген. Андан мурунку жааган нөшөр жер кыртышын жууп отуруп, казына катылган жер ачыкка чыгып калган, ал эми куюн аны учуруп алып кетип, ал күмүш тыйындарды жаңы ээлерине тапшырган.
.
1954-жылы «Газель» деп аталган куюн АКШнын океан жээгиндеги аймактарда жашаган элдерди Гаити аралынан «алынып келинген» кокос жаңгактары менен «сыйлаган». Куюн бул кокос жаңгактарын 1500 км аралыкка ташып барган.
Ошентип, табигаттын айрым табышмактарынын жандырмагы ачыкка чыккан. Бул бири-бирин коштоп, бирине-бири себепчи болгон кубулуштардын татаал системасы адамзаттын аңдап билелек дагы далай сырларды катып жаткандыгын окумуштуулар да моюнга алат.

#113 27 February 2014 - 21:08
Ойго келбеген окшоштуктар
.
Айдоочунун түгөйү
.
Прага шаарында уккан адамды таң калтырган, төбө чачты тик тургузган окуя болуп өткөн. Кокусунан трамвай киши койдуруп кетип, жабыркаган адам ошол жерден мүрт кетет. Эң таңкалыштуусу каза болгон адам трамвайдын айдоочусуна куюп койгондой окшош болот. Бирок өлгөн адамдын жанында эч кандай өздүгүн аныктаган документтери болгон эмес. Көп өтпөй канынын тобу, дене түзүлүшү экөөнүкү бирдей экени доктурлар тарабынан аныкталган. Айдоочу ал адамдын жек жаатын сураштыруу менен, кандайча эки окшош киши төрөлөрүнө, жаратылыштын мындай кызык, сырдуу көрүнүшүнө илимий жаатта жооп издештире баштаган. Жергиликтүү мыйзамга ылайык, каза болгон адамды алты айга чейин "Жакындары издеп келеби?"-деген үмүт менен күтүп, акыры жерге беришкен. Эч ким издеп, сурап кайрылган эмес. Өлүк узатуу каадасын кылууда айдоочу гана болгон. Прага эли бул көрүнүшкө таң калып тим болушкан. Бир жылдан соң баягы трамвайдын айдоочусу инфарктан каза болгону Прага шаарын каптады. Ал эми айдоочуга окшош адам ким болгону али күнчө белгисиз.

#114 27 February 2014 - 21:10
Жетекчиге окшош кайырчы
.
Сидней шаарында психикалык жактан жабыр тарткандарды дарылоочу ооруканага милиция кызматкерлери кайырчыны алып келишкен. Себеби, укук коргоо кызматкерлери тарабынан кармалган кайырчы эч үндөбөй, же оорулуу же соо экенин билгизбей айлаларын кетирген. Кайырчыны жуунтуп, өскөн сакалын алып, чачтарын кыскартканда маңдайында оорукананын жетекчиси отурганын көрүп психиатр жыгылып калайын деп аз жерден калган. Жетекчисин ээрчитип келип аны да эс-мас абалга түшүргөн. Жетекчи-врач "Кайырчы экөөбүз эгизбиз"- деген ой менен, төрөт үйүнүн архивин каздырып, илинчээк чыгып калаар деп, тээ туулган жылдарынан берки басып өткөн жолду изилдете баштаган… Өзүнө окшош адам тууралуу, медициналык билими бар туруп эч бир алгылыктуу жооп таба алган эмес жана кайырчынын өздүгү эч бир жерден табылбай табышмак бойдон калган. Кокусунан кайырчы психикалык экспертизадан өтүп жаткан кылмышкерлер менен качып кеткен. Кылмышкерлер кармалып, бирок кайырчыдан дайын жок, артында маалымат алганга эч бир из калган эмес. Бир нече айдан кийин жетекчи-врач бул сырдуу көрүнүштү изилдөөсүнүн аягына чыкпай, жүрөгүнөн инсульт берип бул жарыкчылык менен кош айтышкан..

#115 27 February 2014 - 21:11
Жүргүнчүнүн эгизи
.
16 жыл мурун Францияда темир жолдогу чоң кырсык катталган. Жергиликтүү ооруканадан ошол рейстин жүргүнчүсүнө "Сиздин түгөйүңүздүн сөөгү вагондон табылды"- деп кабарлашкан. Жүргүнчү үй-бүлөдө жападан жалгыз бала экенин, эгиз бир тууганы жок экенин какшап, аларга түшүндүргөнгө аракет кылган. Акыры, өлгөн адамды көрүүгө барып, өзүнө окшош адамды көргөндөгү анын абалын кагаз жүзүндө чагылдырууга мүмкүн эмес кырдаалга тушуккан. Жогорудагы окуялардай эле анын өздүгү аныкталбай калган. Бул окуяда жүргүнчү азыркы тапта Франциядагы көрүнүктүү банктын мүдүрү болуп эмгектенип, "Болуп өткөн окуяга окумуштуулар, медиктер жооп берер"-деп жашап келет.

#116 27 February 2014 - 21:12
Дүйнөдө окшош адамдар канча?
.
Өздөрүнө окшош адамдар менен кездешкен окуялар өтө эле көп. Маалымат булактарына, интернетке жарыяланганы сан жеткис. Бирок, бардык далилдери менен ырасталганы жогорудагы окуялар болуп саналат. Көбүнчө мындай сырдуу окуялар далилсиз болуп чыгат. Мүмкүн, адамдар ушундай көрүнүшкө тушукканда ыкчам кадамдарды кылып аракеттенсе бул окуялар боюнча түйүн чечилер беле?
Кездешкен окшош адамдарды, тиги дүйнө күтүп турабы?
Кээ бир адамдар өзүнө окшош адамды көргөн соң, өлүм күтөт деген ой менен жашап келишет. Бирок, жогорудагы окуялардан улам, өзүбүзгө окшош адам менен жолуккан күндө да бешенебизге жазылган нерсе аткарыларына ишенбей кое албайсың. Ошондуктан, дайыма жазмыштын сырдуу көрүнүштөрүнө психикалык жактан даяр болуп жүрөлүк.

#117 27 February 2014 - 21:14
Асман мейкиндигиндеги арбактар
.
Астрономдор атайын аппараттын жардамы менен аалам мейкиндигинде учуп жүргөн адамдар менен жаныбарлардын арбактарын байкашкан. Ошол замат Хабл телескобунун жардамы менен аларды сүрөткө түшүрүп алууга да үлгүргөн. Бул арбактардын асманда эмне кылып жүргөндүгүн изилдешкен астрономдор биринчи кезекте эле дин аалымдары менен окумуштууларга кайрылган. Сүрөттү көргөн дин өкүлдөрү менен окумуштуулар кадрдын жасалма экендигин билдирген. Алардан оңдуу жооп ала албаган астрономдор сүрөттүн жасалма эмес экендигин далилдеп, изилдөөнү андан ары уланткан. Акыры келип илимпоздордон сурашканда алар мындай деп тыянак чыгарышкан. Бул жерде өлгөн адамдар өткөн жашоосунда эмне иш кылгандыгын таразалоо менен бирге сурак берүү үчүн убакыт күтүп отургандыгын болжошкон. Бул жооп да астрономдорду канаатандырбай аягында сүрөттү жашыруун сырлар бөлүмүнө өткөрүүгө туура келген.

#118 02 March 2014 - 14:31
Куштардын көзүндөгү компас
.
.
Адамзаттын кыялдары жана каалоолору фильмдердин негизги темалары болуп келген. Дубалдын арт жагын көрүү, учуу, узактагы нерселерди көрүү фильмдердеги илимий-фантастикалык каармандардын колунан келген нерселер болуп келет. Жашоо шарттарына ылайыктуу касиеттер, өзгөчөлүктөр жана мыкты деңгээлдеги биологиялык системалар менен толук камсыз болсо дагы, адам бейиш сыяктуу кудуреттүү мекенде кездеше турган касиеттерге ээ болгусу келет.
Бирок дүйнөдө адам баласына берилбеген кээ бир өзгөчөлүктөрдү айрым жаныбарлардан көрүүгө болот. Мисал катары (кезилтотеси) нурларды көрө алган жыландарды, 10 чакырым узактагы эттин жытын сезе алган жоруларды, адамзаты уга албаган ультрасоникалык жана инфрасоникалык үн толкундары менен байланыш курган пилдерди, тырмактарын дарыянын түбүнө тийгизүү аркылуу жердин картасынын ар бир деталына чейин эсине жайгаштыра алган же тырмактарын жөн эле тийгизүү аркылуу көрө алган жаныбарларды айтсак болот.
.
Кээ бир жаныбарлардагы магниттик талааларды сезүү өзгөчөлүгү адамга берилген эмес. Соңку 50 жыл ичиндеги илимий изилдөөлөрдүн натыйжасында белгилүү болгондой, магниттик талааларды сезген жаныбарлар: деңиз таш бакалары, саламандыра, омар, жемиш чиркейлери дүйнөдөгү геомагниттик талааларды сезген жаныбарлар болуп эсептелинет. Булардын ичинен эң көп илимий изилдөө көчмөн куштар менен жүргүзүлөт. Мисалы, ардиа кушу, күмүш куш сыяктуулар бир жерден экинчи жерге көчкөндө бир топ жаратылыш факторлору менен катар дүйнөнүн магниттик талааларын сезген куштар деп эсептелинет. .
Эгерде дүйнөнү бир гиганттык магнит деп эсептесек, (кичинекей ийнеге ээ) инсан түзүлүшүндөгү компастар дүйнөнүн түндүк магниттик талаасын көрсөтөт.
.
Куштардын магниттик талааларды сезген компастары кандай механизм менен иштейт?
.
Бул суроого жооп табуу үчүн илимпоздор көптөгөн жылдар бою изилдөөлөрдү жүргүзүп келишкен. Изилдөөлөрдүн натыйжасында куштардын көзүндөгү нерв ткандары жайгашкан флавопротеиндердин тобуна кирген криптокром молекуласы негизги ролду ойногондугу белгилүү болгон. Криптокром айрым өсүмдүктөр менен жаныбарларда кездешүүчү протеин ишаараты болуп эсептелет. Оренбург университетинин илимпоздору Доминик Хийерс куштардын магниттик талааны сезүүсү менен көрүүсүнүн ортосундагы байланышты аныктоого аракет кылып көрөт. Көчмөн куштар жерди аныктоо процессинде эң көп функцияларды аткарган алдыңкы мээдеги N тобуна өзгөчө бир суюктукту жөнөтөт. Нерв тамырлары аркылуу иштеген бул суюктуктардын бара турган так орду сырттагы органдар менен аныкталат. Натыйжада кыймыл учурунда куштардын багыттарын туура табуусу көзүндөгү криптокром нерв клеткалары менен мээдеги N тобунун тыгыз байланышынын негизинде ишке ашары белгилүү болгон. Бул процесс магниттик талаалардын таасири менен өзгөргөндө, куштун көрүүсү өзгөрүүлөргө учурайт. Тагыраак айтканда, куштун көрүүсүндө ак, кара чекиттер пайда болот. (Бул кубулуш биохимиялык механизм жагынан так аныктала элек). Куш башын кыймылдатканда, башы менен магниттик талаанын ортосундагы бурч өзгөрөт. Магниттик талаанын таасири менен пайда болгон кара чекиттер куш учуп бара жатканда ага багыт берип турат. .
Автотрогеалордогу багытты аныктоо үчүн чийилген сызыктар сыяктуу эле, куштар дагы бул кара чекиттерди колдонуу менен багытын таба алышат.
.
Куштун компасы кандай иштейт?
.
Куштардын бул компасы куштун кыймыл-аракетине жараша белгилүү учурларда магниттик талааларды аныктай алат. Бирок жер шарынын магниттик уюлдарын сезе албайт. Башкача айтканда, чыныгы компас сыяктуу түндүк, түштүктү көргөзө албайт. өзгөчө куштун көзүндөгү бул компас белгилүү толкундардагы нурду (жарыктарды, өзгөчө көк түстөгү жарыктарды) сезе алат.
Бүгүнкү күндө куштардын магниттик талааларды сезүүсүнүн физикалык негиздерине байланыштуу 2 модел бар: Биринчиси – магниттик минералга (Fe2O4) негизделген модел, экинчиси – магниттик талааларды кабыл ала алган химиялык реакциялардын жардамы менен аныкталган моделдер. Биринчи моделде куштардын жана магниттик талаалардын буга таасир бергендиги айтылат. Экинчи моделде куштун көзүндөгү нерв системаларындагы реакциялардын жардамы менен жүзөгө ашкандыгы божомолдонот. Куш компасынын иштөөсүндөгү негизги ролду ойногон криптокромду билиш үчүн, ушуга окшош түзүлүшкө ээ болгон бир өсүмдүктөн алынган криптокромдун түзүмүн изилдеген. Бул изилдөөнү жүргүзгөн Ритз дагы куштун компасы криптокромдук негизде иштей тургандыгын айткан.
.
Азыркы учурда GPRS сыяктуу багытты аныктоо аппараттары баарыбызга маалым. Спутниктин жардамы менен функциясын аныктаган GPRS аппараты багытты жалгыз өзү таба албайт. Бул аппаратка кошумча системага ыңгайлуу карта болушу керек.
.
өзүнүн денесиндеги багытты аныктоо системасы менен жаратылган бул куштар качан, каякка, кайсы жол менен уча тургандыгын кантип билишет?
.
Бул куштардын муктаждыгына жараша керектүү система, карта жана багыт маалыматтары ким тарабынан жүктөлгөн? .
үзгүлтүксүз өзгөрүп турган метеорологиялык шарттарга карабастан, бул процесс кантип ишке ашат?
.
Физиктер куштардын багытты аныктоо процессиндеги электрондук кыймыл-аракеттерин аныктай албай келишет. Куштардын магниттик талааны сезүү өзгөчөлүгүн изилдеген Ритз өзү дагы мындай суроону кабыргасынан койгон: “Бузулууларга жол ача турган көптөгөн тышкы факторлорго карабастан, бул система кантип гармония менен иштеп жатат?”
.
Чексиз кудуретке ээ Жаратуучу ар бир жандууну ар түрдүү жашоо шартта жана шарттарга ыңгайлуу өзгөчөлүгү, касиеттери менен жараткан. Билимдин негизги максаты белгилүү себептердин негизинде пайда болгон көрүнүштөрдү жана процесстерди изилдөө болуп эсептелет. Илимий изилдөөлөр себептердин көшөгөсүнүн артындагы Жаратканды таанууга жол ача билүүгө тийиш. Ушул жол менен гана чыныгы билим боло алат.

#119 02 March 2014 - 14:33
Индия:
кишилерди жеген жолборско аңчылык
.
27 февраль 2014
.
Индиянын түндүгүндөгү Уттар Прадеш штатында кишиге кол салган жолборско каршы аңчылык башталууда. Өлтүрүүгө лицензия бар. Жолборс фермада иштеген он кишини жеп кеткен, биринчи жолу алты апта мурун кишиге кол салган.
Адатта жолборстор адамды бутага албайт. Бирок дөбөлүү корукту адамдар ээлей баштагандан бери чабуулдар көнүмүшкө айланды. Көбүнчө жолборстор калың камыштарга жашырынып алат. Жолборстун курмандыктарынын көбү дыйкандар. Бул аймакта көбүнчө кант камыш талаалары бар. Аңчылар кубаттуу нурларды колдонуп, ишти түнкүсүн да улантууда. Жолборстун киши жегич экенин анын издерин гипске түшүрүп алып аныкташат. Тургундар аймакты ээлей баштагандан бери жолборстор менен карама-каршылык өсүп жаткандай. Эми жолборстор кишинин этине татканып калды. Бул - алар дагы келет дегенди билдирет.

#120 02 March 2014 - 14:35
Сырдуу жандыктар
.
“өлүп-тирилген” бака
.
Кайда барбагын, табияттын таң калтырган сырларына күбө болбой койбойсуң. Мисалы, суук белгилүү бир даражадан өткөндө, жандыктар үчүн кыйчалыш абал түзүлөт, башкача айтканда, алар тоңуп калышат. Ал эми тоңгон жандыктын кайра тирилүүсүн айтуу акылга сыйбаган нерседей көрүнөт. Бирок, Жаратуучубуздун чексиз сыпаттарынын далилин биз бардык жерден кезиктирет экенбиз. Себеби, жөнөкөй көрүнгөнү менен, мындай касиетке ээ болгон жандыктардын бири болуп кадимки эле бакалар эсептелет.
.
“Баканын организми суукка кантип чыдайт?”
.
деген суроо туулат. Жообу өтө кызыктуу; ал учурда организмдеги глюкозанын өлчөмү бир нече эсе көбөйүп кетет, башкача айтканда, кандагы канттын өлчөмү 550 ммоль/литрге чейин жетет (бакалар үчүн кадимки өлчөм 1-5, адамдар үчүн 4-5 ммоль/литр). Ошентип, кандагы глюкоза клеткаларга чейин жетип, тоңуу температурасы төмөндөйт да, организмдеги суюктуктун аз гана бөлүгү тоңот. Глюкоза көптөгөн зат алмашуу реакцияларын токтотуп коюга жөндөмдүү. Ал эми зат алмашуунун токтоосу керектөө процессин жайлатат. Ошону менен бирге глюкоза жарым-жартылай тоңгон клеткаларды да азыктандыра ала тургандыгын окумуштуулар изилдеп чыгышкан.
.
А бул процесс кантип ишке ашат? .
Баканын териси кыйчалыш температура жакындагандыгы тууралуу маалыматты боорго жеткизет, ошол замат андагы глюкогендин бир бөлүгү глюкозага айланат. Беш-он мүнөттүн ичинде баканын организминдеги канттын өлчөмү көбөйүп, “кышкы уйкуга” даяр болуп калат. Сыртынан караганда, муз менен муз болуп тоңуп калгансыган бака жазында кайрадан “эрип”, кадимки жашоосун уланта берет.
.
.
Мезгилге жараша “кийинүү”
.
Жан-жаныбарлардын баары өмүр бою бир “тон” менен жүрөт деп ойлойбуз. Чындыгында, алар да тонун жыл мезгилдерине жараша алмаштырып турушат. Айрымдары жашаган аймакка жараша тонунун өңү-түсүн да өзгөртүп турууга жөндөмдүү келет. Мисалы, уюлдук кекиликтер жайкысын күрөң-чаар болгондуктан, аларды тоо-таштан гана эмес, адырдан да айырмалап көрө албайсың. Ошондой эле коёндорду да, жайкысын чөйрөсүнө жараша “кийингендиктен”, байкоо кыйын. Ал эми ошол эле кекилик менен коёнду кышкысын карап көр: аларды ак кардагы жалтыраган, кара көздөрүнөн эле айырмалап байкабаса, табыш кыйын. Демек, канаттуулар менен жаныбарлардын мындай өзгөчөлүктөрү эволюциянын жактоочулары айткандай, өздөрүнүн каалоосу менен же болбосо жашоо үчүн күрөштөн улам эмес, а Жаратуучунун бардык нерсени кемчиликсиз, идеалдуу кылып жаратканынан улам болгону ойлонгон адамдар үчүн ачык-айкын далил болуп эсептелет.
.
Хамелеондун түсү кандай?
.
Жараткандын чексиз жаратуучулук сыпатын далилдеген жандыктардын дагы бири кадимки хамелеон болуп эсептелет. Биз анын негизги өзгөчөлүгү катары айлана-чөйрөгө жараша денесинин түсүн өзгөртүшүн жакшы билебиз жана абалга жараша оюн өзгөртүп, эки башка сүйлөгөн адамдарды да бул жандыкка салыштырып келебиз. Чынында эле хамелеон ушундай эле жөндөмдүүлүккө ээ болгон башка жаныбарлардан айырмаланып, жалпы денесин эмес, денесинин белгилүү бир бөлүгүн гана өзгөртүүгө да жөндөмдүү. Эң кызыгы – хамелеон “буга окшошоюн” же “тигиге жагынайын” деп аракет кылбайт. Анын организми түскө жана жарыкка өтө сезгич келип, бир нече секунддун ичинде чөйрөнүн ар кандай түсүн алууга жөндөмдүү, башкача айтканда, бул процесс анын ой жүгүртүүсүнөн көзкарандысыз, терисинин алдындагы пигменттери температуранын өзгөрүшүнөн, жарыктын таасиринен же жаныбардын коркконунан улам ишке ашат. А негизи, алар жашаган чөйрөсүнө жараша жашыл, саргыч жана күрөң түстө болушат. Мындан башка өзгөчөлүгү катары анын эки көзү бири-биринен көзкарандысыз кыймылдап, бир эле учурда эки башка жакты көрүүгө ыңгайланышканын айтсак болот. Алардын ар бир көзүнүн көрүүсү 180 градус. Ал эми хамелеондун тили “гармошкадай” болуп жыйрылып турат. Аңчылыкка чыкканда, бутасына жакындап барып, тилин “агытат”. Булчуңдарынын жыйрылышы менен жабышкак тили ушунчалык тез кыймылдап, бутага таамай тиет. Хамелеондун денесинин узундугу 25-35 сантиметр болот. Эң кызыгы – анын тилинин узундугу денесинен 1,5-2 эсе узун болот да, толук жазылып, кайра жыйрылуусу болгону 0,1 секундду түзөт.
.
Канаттуубу же сүт эмүүчүбү?
.
Алгач ушундай суроо менен окумуштуулардын башын ооруткан бул жандык чынында эле табышмактуу жаратылган. Себеби, бул жандык канаттууга да, сүт эмүүчүгө да тиешелүү өзгөчөлүктөрдү алып жүрөт. өрдөктүкүнө окшогон тумшугу болуп, манжаларынын арасы жаргак болгону менен, сүт эмүүчүлөрдөй канатсыз, төрт буту жана кадимкидей куйругу бар. өрдөктумшук деп аталган бул жандыктын узундугу куйругу менен биригип 60 сантимер, салмагы 2 килограмм болот. өрдөк тумшуктун өзгөчөлүгү – азыгынын негизги булагы болгон сууга киргенде, кулак-мурдунун клапандары жабылып калып, а көзүн болсо жумуп алгандыгында. Андай болсо, ал кантип тамагын таап жейт? Бул суроонун жообу да кызык; алар тумшугундагы билинер-билинбес кыймылды жана андан пайда болгон өтө начар электр талааларын да туя билген өтө сөзгич нерв түйүндөрүнүн жардамы менен майда суу жандыктарынын кайда, канча аралыкта турганын да так аныктай алышат.
.
Австралияда жана Тасманияда гана жашаган сейрек кездешүүчү жаныбар өрдөктумшуктун дагы бир табышмактуу өзгөчөлүгү окумуштуу-биологдорду таң калтырып келет. Бул – анын канаттуулардай жумуртка тууп, баласын сүт менен багып чоңойткону. Ооба, кургак ийинде он күн жаткан жумурткадан чыккан балдары энесинин терисинин белгилүү бир бөлүгүнөн атайын бездерден бөлүнүп чыккан сүт менен (алар эмбейт, тили менен жалайт) азыктанышат.
Учурда өрдөктумшук кызыл китепке киргизилген жана Австралияда бул сейрек кездешүүчү жаныбарды коргоо жана көбөйтүү багытында бир нече корук иш алып барат.
.
Ехидна кандай жаныбар?
.
Негизи австралиялыктар өз өлкөсүнүн табиятынын табышмактуулугу менен сыймыктанышса болот. Себеби, анда так эле өрдөктумшуктукундай өзгөчөлүккө ээ болгон жаныбар – ехидна жашайт. Узундугу 30-45 сантиметр, салмагы 2,5-5 килограммга жеткен ехидна да ошондой эле жумуртка тууп, андан чыккан балдарын сүт менен багып чоңойтот. өрдөктумшуктан айырмаланып, анын ургаачысынын курсагында кенгурунукундай, бирок, кичинекей баштыкчасы болот. Ехидна жумурткасын ийинге таштабастан, ошол баштыкчасына салып жүрөт. Он күндүн ичинде жумурткадан чыккан баласы болгону 15 миллиметр, салмагы 0,4-0,5 грамм болот. Ал баштыкчасынын ичиндеги ареола деген сүт бездери жайгашкан аймактан сызылып чыккан сүт менен азыктанат. Ийнелери чыккандан кийин, баштыкчадан чыкканы менен, дагы 7-8 ай сүт анын негизги азыгы болот. Андан кийин гана менюсуна ар кандай курт-кумурскалар кошулат.
Мына ушундай таң калыштуу да, табышмактуу да сапаттарга ээ болгон жаныбарларды окумуштуулар сүт эмүүчүлөр классына киргизишкен. Австралияда 1992-жылы чыгарылган юбилейлик 200 долларлык монетага түшүрүлгөн жана 2000-жылы Сиднейде өткөн жайкы олимпидалык оюндун талисманы болгон.
.
Чырак коңузу (Светлячок)
.
Жандуу жылдыздардай жымыңдап, жайкы кечти көркүнө чыгарган светлячоктор тууралуу билбегендер аз болсо керек. Бирок, алар кандай табигый лампанын ээси экендигин баарыбыз биле бербейбиз.
Светлячоктун 2000 ге жакын түрү бар жана алар дүйнөнүн бардык аймактарында кездешет. Көлөмү болсо 4-20 миллиметрди түзөт. Алардын чырагы болуп саналган органы – фотофор курсагында жайгашкан. үч бөлүктөн турган бул органынын алдыңкы бөлүгү клеткаларынын цитоплазмасы микроскопикалык кристаллдардан тургандыктан, жарыкты чагылдыруучу рефлектордун кызматын аткарат. Жогорку катмары болсо айнек сымал тунук болот. Ал эми жарыкты бөлүп чыгаруучу фотогендик клеткалар ортоңку бөлүгүндө жайгашкан, башкача айтканда, кадимки кол чырактын түзүлүшүндөй. Так ушул жерде светлячоктун жашоосу үчүн эң керектүү эки химиялык зат иштелип чыгат. Алар: люциферин жана люцифераза. Светлячоктун дем алышы менен бул эки зат кычкылтек менен аралашат, башкача айтканда, реакцияга кирет да, жарык бөлүнүп чыгат. “өзгөчө жупташуу убагында бир даракка бир канча миңдеген светлячоктордун конушу жана белгилүү бир ритм менен жарык чыгаруусу айланага укмуштуудай көрк берет”, – дейт мындай кереметтүү көрүнүшкө күбө болгондор. Ал гана эмес, европалыктар алгач тунук идиштерин светлячоктор менен толтуруп, үйлөрүн жана иконалардын алдын кооздоп, жарык кылууда колдонушкан.
Бул жандыктын ПАКы (пайдалуу аракет коеффициенти) өтө жогору. Кадимки электр лампочкаларында 5 пайызы гана жарыкка бөлүнсө (калганы жылуулук энергиясына айланат), светлячоктордун энергиясынын 87-95 пайызы жарыкка айланат. Заманбап технологиялардын жардамы менен да эч бир инженер учурда мынчалык деңгээлдеги натыйжага жетише элек. Эң кызыгы – бул жандыктардын личинкалары, куурчакчалары, ал гана эмес, жумурткалары да аз-аздан жарык чыгарууга жөндөмдүү келет. Мындай жандуу мини-лектростанциялар өздөрүнөн чыккан жарыкты азайтып, көбөйтүп же тыным менен чыгара алганына карабай, организминде кандай зат алмашуулар, реакциялар болуп жатканынан кабары жок.
.
Ушунун баарын эске алганда, миллиондогон жылдар бою эч бир өзгөрүүгө дуушар болбогон мындай өзгөчөлүктүн бир күнү өзүнөн-өзү кокусунан пайда болгонун жактагандар буга кандай далил келтире алышат болду экен?..

Супер-Инфо
super.kg
видео