Кыргыздар Алтайдан Ала-Тоого келишсе, индеецтер Америкага кетишкен...
.
"Кыргыздар менен индеецтер тууган, алардын түбү бир" деген сөздөр буга чейин күлкүнү гана келтирчү. Бирок, азыркы илим бул гипотезианын чындыгын далилдеп атат. Мичиган университетинин генетикалык изилдөөлөрүнүн жыйынтыгы боюнча азыр Америкада жашаган индеецтер менен эскимостордун ата-бабалары бул материкке мындан жыйырма жылдай мурда түндүк-чыгыш Азиядан "Беринг көпүрөсү"
аркылуу барып калышкан экен. Окумуштуулардын божомолунда,
ал кезде Америка менен Азияны эч нерсе бөлүп турган эмес. Бирок 12 миң жыл мурда "Беринг көпүрөсү"
чөгүп кетип, анын ордуна Беринг кысыгы пайда болгон. Өз кезегинде Россиянын Илимдер академиясынын цитология жана генетика институтунун кызматкерлеринин айтуусунда,
"индеецтердин ата-бабалары мындан 20-25 миң жыл мурда Алтайдан кетишкен"
деген тыянагы бар. Анткени, түштүк алтайлыктардын Ү-хромосомунда түпкү америкалыктардын ДНКсына таандык, илимде Q линиясы катары белгилүү мутациялар табылган. Ооба, илим нугу кайда алпарат? Индеецтер бир кезде кыргыздар мекендеген,
Манастын бала чагы өткөн кадимки эле Алтайдан кетишкенин ырастап отурат.
Индеецтердин элдик оозеки чыгармаларында өздөрүнүн ата-бабалары Азиядан келишкендиги тууралуу көптөгөн уламыштар айтылчу экен. Биздин кыргыз филологдору да индеецтер менен кыргыздардын сөз түркүмдөрүндө көптөгөн окшоштуктар бар экендиктерин таап чыгышты. Байкасаңыз,
эки элдин ой жүгүртүүсүндө,
дүйнөгө болгон көз караштарында,
жашоо принциптеринде да окшоштуктар байкалат. Мисалы, индеецтер мынтип айтышкан: "Чындыкты айтыш үчүн көп сөздүн кереги жок", "Эң акыркы дарак кыйылып, эң акыркы дарыя ууланып, эң акыркы куш торго илинген соң гана акчаны жегенге болбосун түшүнөсүң"
, "Сен туулганда сен ыйлап, дүйнө күлүп турган. Эми өлгөндө сен күлүп, бүт дүйнө ыйлап тургандай жаша". "Жашоо эмне?" деген суроого индеецтер минтип жооп беришкен: "Жашоо - бул караңгы түндөгү жаркырак коңуздун жарыгы, кыш келгенде бизондун дем алганы, чөпкө түшүп, эртең менен күн чыкканда бууга айланып кеткен шүүдүрүм..."
Таң калтырган табигат сырлары! Шумдук!
#122 02 March 2014 - 22:58
Күн системасынын сыртында дагы 715 планета табылды
.
АКШнын астрономдору күн системасынын сыртында дагы 715 планета табышты. Бул туралуу NASA отчетунда кабарланууда.
"Кеплер" космостук телескоп менен иштешкен астрономдор алардын төртөө жер өлчөмүндө болуп, кадимкидей жашоо болушу мумкүн экендиги айтылууда. Бул эң акыркы изилдөөлөрдөн кийин ааламдагы планеталар эки эсеге көп экендиги жана 700 жакындаганы аныкталды. "Кеплер" аппараты атактуу астроном Иоганн Кеплердин атынан коюлган. Ал орбитага 2009-жылы чыгарылган. Былтыркы жылы эле аппарат жылдыздарды айланып жүргөн 961 учурду каттаган. Аларды изилдөө дагы эле уланып жатат.

Кай жерде болбо, ар дайым, ар качан, туболукко журогумдо жашайсын.
#123 02 March 2014 - 23:01
Коендор байыркы казынаны табышты.
.
.
Бул туралуу The Mirror басмасы кабарлоодо.
Маалыматка ылайык Англиянын түштүгүндө 8 миң жыл мурунку казына табылды. Бул казынаны коендор бир жерден уюк казышып жатып ичинен эски баалуу буюмдарды сыртка чыгарып коюшкан. Аны изилдеген археологтор бул байыркы таш доорунун баа жеткис буюмдары экендигин аныкташкан.
Коендор казынанын үстүнөн бир канча жеринен уюк казышып ар кандай эски буюмдарды сыртка ташып чыгарышкан. Археологтор тобунун жетекчиси Дин Паттон коендордун тукуму ушундай бир тарых жазгандыгын таң калуу менен билдирген. Табылган буюмдар арасында жаа огунун күмүш учтары, таш илгичтер жана башка аңчылыкка ылайыкташкан бир топ буюмдар табылган. Археологтор тобунун жетекчиси Дин Паттон пикири боюнча бул жерге миң жыл мурун бир уруунун лидерлери көмүлгөндүгүн божомолдоп жатат. Бул коендор казган жер туристик Лендс-Энд жергесине 180 метр жакын болгон. Азыр ал жерде өтө чоң масштабтагы казуулар башталды.

#124 02 March 2014 - 23:22
]Намаз окуган робот жасалды
.
.
Иранда бир мугалимдин жасаган роботу балдарга намаз окуганды жана ибадат келтирүүнү үйрөтүп жатат. Тегерандан 35 км алыстыктагы Варамин шаарчасындагы мектептеги 27 жашындагы мугалими Екбер Резе эчен жылдар курска барып жүрүп, намаз окуган роботту ойлоп чыкты. Ал робот негизги максаты бош учурларда балдардын диний билимин келиштирип, намаз окуганды үйрөтөт. Ал эми балдардын пикиринде, алар мурда шашып намаз окушса эми робот менен чогу шашпай намаз окуганды үйрөнгөндүгүн айтышкан. Ал эми мугалим болсо биринин үйүнө меймандыкка барып, ошондон балдардын оюнчугуна окшотуп жасоону чечкендигин айткан.

#125 02 March 2014 - 23:23
Коркунучтуу түштөрдүн түйүнү чечилди.
.
.
Бул туралуу канадалык окмуштуулардын изилдөөлөрүнүн жыйынтыгын Sleep журналы жазып чыкты. Маалыматка ылайык түштөрдөн чочуп ойгонуу коркунучка байланыштуу. Адамдын кайгырып, өзүн күнөөлүү сезип, ойлонуп жүрүшү түштөрдөн чочуп ойгонууга алып келет.
Канадалык окмуштуулар бир канча жүздөгөн кишини өздөрүнүн көргөн түштөрүн бир канча жума боюу жазып берүүсүн өтүнгөн. Андан кийин миңдеген түштөрдү анализдеп, салыштырып көргөндө түштөрдүн негизги себеби коркуу экендиги аныкталган. Эң биринчи түштөн чочулоо бирөө менен урушуп же мушташканда уктай албай чыгат. Айрыкча ички инсандык тартышуулар түштөн кыйкырып ойгонуп кетүүгө себепчи болот. Эксперттердин пикири боюнча эркектерге көбүнчө согуш жана табигаттын апааттары кирет. Ал эми аялдарга ички инсандар арасындагы мамилелер көп кирет. Айрыкча аял, эркек тең өлүм, ден соолук жана коркутуулар кирет.

#126 02 March 2014 - 23:24
Суусу жок иштеген кир жуугуч машинаны ойлоп табышты
.
Аргентина улуттук университетинин студенттери Кордов Николас Арайя жана Николас Вуксановик суусу жок иштеген кир жуугуч машина ойлоп табышты. Ал үчүн алар болгону жаратылыш диоксид углеродун же көмүркычкыл газын колдонушкан. Кездемени жуурда бул газ экологиялык таза каражат болоорун тастыктаган дипломдук иштерин жазышкан. Азыркы суу тартыш болуп жаткан убакта алардын кир жуугуч машинасы кирди кургак кетирип, сапатын да жоготпойт экен. "Нимбус" деп аталган кургак кир жуугуч адаттагы кир жуугучтан электр энергиясын аз колдонгондугу менен дагы айырмаланат. Бул жаңы кир жуугуч азырынча патентен өтүп, андан ары дагы иштелүүсү күтүлүүдө.

#127 03 March 2014 - 22:22
Көгүлтүр чоң тешик.
Терең тешик деп (англ. blue hole) суу астындагы үңкүрлөрдү жана деңиз жеңгээлинен төмөн жайгашып, ичи суу менен толгон чуңкурларды айтып келишет. Түбү терең болгон суу тегерегиндеги кадимки жерлерге салыштырмалуу күңүрт тартып турат. Анын баары адамзаты үчүн таң калычтуу, ал эми Чоң тешик туурасынын кеңдигинен дүйнөдө биринчи орунда, ал эми тереңдиги боюнча Багам аралындагы Дина Көгүлтүр тешигинен кийин экинчи орунда турат.
Көгүлтүр чоң тешик Лайтхаус-Рифанынчок ортосунда жайгашкан. Анын аянты 305 метр болсо, тереңдиги 120 метр. Анын тереңдиги француз изилдөөчүсү Жак-Иву Кустонун 1972-жылкы жүргүзгөн изилдөөсүнөн соң белгилүү болгон. Ал өзү түзгөн «Калипсо» деген судносу менен тереңдикке түшүп, түбүндө сталактиттерди көрүшкөн. (Стелактит-салаалап тоңуп калган муз сыяктуу катып калган зат, грек тилинен которгондо “тамчылап агуу” дегенди түшүндүрөт). Бул тешикти изилдөөгө учурда да көптөр кызыктар.

"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
#128 08 March 2014 - 13:40
Гезиттин баарын кочуруп чыгат окшойт.Бирок ал гезиттин сайттарында шилтеме берилиш керек деген жерин окуган эмесго бул доске.
Баарыңарга ьIůณан тынчтык, бекем ден соолук, эки дүйнөлүк бактылуулук каалайณ!
#129 08 March 2014 - 15:30
Шилтеме берсек БАН деген опасный нерсе барда.
Азыр сайттар баары эле бир биринен алатда
Азыр сайттар баары эле бир биринен алатда
Кай жерде болбо, ар дайым, ар качан, туболукко журогумдо жашайсын.
#130 08 March 2014 - 20:08
ӨЛГӨН АДАМ ДАРАК БОЛУП ТИРИЛЕТ
Австриялык Георг Треммель менен жапониялык
Сихо Фукухара – Лондон искусство колледжинин
окуучулары. Жаш окумуштуулар дүйнөдөн кайткан адамдардын ДНКсынан
(дезоксирибонуклеиндик кислота) алма дарагын
өстүрүп көрүүнү сунушташкан. Алардын негизги
идеясы: күмбөздөр жансыз болушат, ал эми
жашоонун символу болгон алма дарагы
жакындарын жоготкондорду соорото алат. Бул ачылыш алгач Георг менен Сихонун
“трансгендик күмбөз” аттуу дипломдук иши эле.
Бир жылдан кийин бул иш “Биожакындык” деп
аталган олуттуу долбоорго айланган. Өлгөн
адамдын оозунан ДНК алынат да, алманын
клеткасына отургузулат. Алма көчөт болуп чоңойгончо аны 6 айга жакын лабораторияда
өстүрүшөт. Адамдын ДНКсынан өскөн дарак
өзүнүн тышкы келбетин өзгөртпөстөн, ар бир
клеткасында кишинин ДНКсын алып жүрөт да,
өлгөн адамга экинчи жашоо берет. Достор
“биожакын” дарактын ар бирин 35 миң доллар деп баалашкан.
“Кээ бир өлкөлөрдө өлгөн адамдын атына бак
тигишет. Демек, бак-дарак – жашоонун
уландысынын символу. Тирүү алмада жакын
адамыңдын бир бөлүгү бар экендиги моралдык
жактан чоң жардам берет”,- дешет Георг менен Сихо. Бирок, британиялык «ACRE» уюму (жаңы
ачылыштарды изилдейт) “тирүү” алма бактар
адамдын көңүлүнө терс таасирин тийгизээрин
айтышкан. Бул пикирин «ACRE» төмөнкү
аргументи менен толуктаган: “Мен өлгөндөн
кийин ушул бакта жашайм” дегендин өзү туура эмес. Мисалы, каза болгон чоң эненин элесин
өсүмдүктөн эмес, небересинин көздөрүнөн деле
тапса болот”.

Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#131 08 March 2014 - 20:10
ӨЛҮКТҮН КҮЛҮНӨН ТАРТЫЛГАН СҮРӨТ
Америкалык “Jane’Us” компаниясы о дүйнөгө
кеткен адамдардын сүрөтүн тартуу кызматын
сунуштайт. Бирок, сиз ойлогондой портрет эмес,
алардын сөөгүнүн күлүнөн тартылган сүрөт.
Кадимки боёк менен тартылган сүрөттүн бетине өлгөн адамдын өрттөлгөн сөөгүнүн күлү себиле
турган жаңы искусство пайда болду.
Сүйүктүү адамдарын тигил дүйнөгө узаткандар
“ар дайым түбөлүккө” деп аталган кызматты
колдоно алышат. Мындай таңкалыштуу кызмат
кайдан келген? Компаниянын жетекчиси Бетти Уилсон-Брокль бир нече жыл мурун энесинен
ажыраган эле. Беттинин бул дүйнөдөн кеткен
туугандары көмүлгөн бейит анын жашаган
жеринен өтө алыста жайгашкан. Бетти бул
маселени энесинин сөөгүн жанына алып калып
чечкен. Башкача айтканда, энесинин сөөгүнүн күлүн бир нече сүрөткө кошуп тарткан да,
сүрөттөрдү жакындарына таратып берген.
Мындай идея көпчүлүккө жакканы да күтүүсүз
нерсе эле. Ошентип, биринчи заказдарды
аткарып баштаганда шумдук бизнестин да
тушоосу кесилген. “Jane’Us” фирмасы адамдар менен айбандардын
сөөгүнөн 300дөн ашык сүрөттү тартып чыгарган.
Бир сүрөткө 2-6 чоң кашык күл кетет! Эгер чоң
киши өлгөн болсо, анын жарым күлү сүрөткө
кетсе, жарымын кумурага салып койсо болот. Ал
эми кенедей бала чарчап калса, анда сүрөткө анын күлүн толук колдонууга туура келет.
Сүрөткө эмне тартылаарын Бетти кардар
толтурган анкетаны окуп чыгып чечет. Ал эми
баалары сүрөттүн чоңдугуна жараша 350-900
доллардын тегерегинде болот

#132 08 March 2014 - 20:11
МАРКУМДАР БИЗГЕ КАТ
ЖАЗЫШАТ
Эми америкалыктар көзү өткөн туугандары
менен досторунан кат ала алышат. Же
тескерисинче, каза тапкандан бир ай өткөндөн
кийин жакындарына видео, аудиокаттарды жана сүрөттөрдү жөнөтө алышат. Мындай кызматты
“Timelessmail.com” компаниясы жүргүзүүдө. “Timelessmail.com” – 2001-жылдан бери иштеп келаткан үйбүлөлүк бизнес. Аны Лас-Вегаста
Роберт жана Нэнси Уокер деген жубайлар
ачышкан. Маркумдан кат алуу идеясы 3 жыл бою
жетилип келген. Роберт менен Нэнсинин жакын
тууганы дүйнөдөн кайтканы аларга катуу сокку
болгон да, жубайлар оюн ишке ашырууну чечишкен.
Алгач баалары тууралуу. Өлгөнүңүздөн кийин
жакындарыңызга кат жибергиңиз келсе, анда
тирүү кезиңизде “Timelessmail.comго” жазылып, жыл сайын төлөмдөрүн төлөп турууңуз зарыл.
Компаниянын өкүлдөрүнө сөзсүз түрдө
социалдык фонддо катталган камсыздоонун
номерин билдирип койгонуңуз шарт. Себеби,
кишинин өлгөнүн же тирүү экенин социалдык
фонддон гана билсе болот. Сайтта катталган кардарлар менен соцфонддун тизмесин
салыштырып, “Timelessmail.comдун” кызматкерлери жакындарга кат жиберүү
убактысы келгенин билишет.
“Timelessmail.comдун” тарифтик пландары бар. “Жөнөкөй” тарифине жазылган болсоңуз,
өзүңүздөн кийин 20 билдирүү калтырып
кетсеңиз болот. “Плюс” тарифинде 40 билдирүү
менен сүрөттөр, ал эми эң кымбат “Премиум”
тарифи боюнча 60 билдирүү, сүрөт жана видео
жаздырып кетүүгө мүмкүн. Сиз көз жумгандан туптуура бир айдан кийин баалуу каттарыңыз эң
көп 25 жакын адамыңызга жеткирилет.
Укмуштуу кызматтын ээлери: “Бизди баары эле
түшүнө беришпейт. Кээлери жинди деп да
ойлошу мүмкүн. Бирок, “Маркумдан кат”
кызматынын максаты – жашоосунда айта албай калган сөздөрүн, сырларын өлүмүнөн кийин
билдирүүгө мүмкүнчүлүк берүү”,- дешет.
Компаниянын кызматын колдонуучулардын саны
2001-жылы 11-сентябрдагы Америкадагы
каргашалуу окуядан кийин кыйла өскөн.

#133 08 March 2014 - 20:13
Куштар кулап түшчү өрөөн:
Индиянын Ассам штаты жайгашкан Жатинга
өрөөнү таңкалыштуу аймак. Ар жылы августта
анда табышмактуу феномен, башкача айтканда,
түн ортосунда асмандан куштардын кулап
түшүшү күтүлөт. Изилдөөчүлөрдүн берген
маалыматына таянсак, канаттуулар кулап түшкөндө жарым-жартылай акыл-эсин жоготкон
абалда болушат жана адам колуна алганда учуп
кетүүгө аракет да кылышпайт. Индиялык зоолог
Сенгут мындай көрүнүштү узакка изилдеген соң
“куштардын кулап түшүшүнүн себепчиси
геофизикалык аномалия (нормадан четтөө) жана абанын өзгөчө абалы болуп эсептелет” деп
жыйынтык чыгарган. Аталган себептер
канаттуулардын нерв системасына таасир этет
имиш. Бирок, бул азырынча болжол гана. Алдыда
эксперименталдык изилдөөлөр турат.

#134 08 March 2014 - 20:14
Ырдоочу таш:
Американын Калифорния штатындагы Мохаве
чөлү да табышмактуу жайлардын бири. Чөл
дөңсөөлүү болбогондуктан, бети тегиз келип,
таштактуу. Сансыз таштардын ичинде
пирамиданы элестеткен бир чоң моло таш бар. Ал
индеецтердин апачи уруусунун ыйык делген ташы. Таштын аты Учеакуочуке (Ырдоочу таш).
Ай толгон түнү уруунун башчылары,
аксакалдары моло ташка келип, анын түбүнө
жакын орун алышып, жыттуу өсүмдүктөрдүн
чырпык, бутактарынан от жагышат. Качан түтүн
ташты чулгап калганда таш ырдай баштайт. Тагыраак айтканда, шыбыраганга окшош үн
чыгарууга өтөт. Бул үн апачилер үчүн чоң
мааниге ээ. Анткени, алар «аскада жашаган ата-
бабалардын арбактары урпактарына кеңеш берип
жатат» деп эсептешет жана ал үндү түшүнүүгө
аракеттенишет. Аталган ташка жетүү жана аны көрүү бактысы айрым гана бир туристтерге
буюрулган. Себеби, ырдоочу ташка баруучу
жолду, көрсөтүүчү белгини көзгө көрүнбөгөн
күчтөр туура эмес багытка буруп коюшат.

#135 08 March 2014 - 20:14
Үн салуучу аска:
Алматыдан алыс эмес жерде, Или дарыясынын
жээгинде легендарлуу ырдоочу тоо турат. Тоого
чыгып чуркасаң эле тоо үн чыгара баштайт.
Алгач акырын, анан катуураак, эң акырында
көптөгөн чакырымга чейин угула турган катуу үн
чыгарат.
Алматыдан алыс эмес жерде, Или дарыясынын
жээгинде легендарлуу ырдоочу тоо турат. Тоого
чыгып чуркасаң эле тоо үн чыгара баштайт.
Алгач акырын, анан катуураак, эң акырында
көптөгөн чакырымга чейин угула турган катуу үн
чыгарат.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#136 08 March 2014 - 20:15
Кудай Бхайрабинин кудугу:
Индиянын түндүгүндөгү ыйык делген
легендарлуу жай. Маалыматтарга караганда,
кудуктун түбүн дайыма туман каптап турат.
Мындан тышкары, элдин сөзү боюнча, кудуктун
тегерегинде көпкө болгон адам жана жаныбарлар
көз жумушат. Физиктер изилдешип, мындай көрүнүштүн сырын чече албай келишет.
Индиянын түндүгүндөгү ыйык делген
легендарлуу жай. Маалыматтарга караганда,
кудуктун түбүн дайыма туман каптап турат.
Мындан тышкары, элдин сөзү боюнча, кудуктун
тегерегинде көпкө болгон адам жана жаныбарлар
көз жумушат. Физиктер изилдешип, мындай көрүнүштүн сырын чече албай келишет.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#137 08 March 2014 - 20:17
Жылып жүрүүчү таштар:
АКШнын Калифорния штатындагы “Өлүм өрөө
нүндө” таңкалыштуу жана табышмактуу
көрүнүштөр жолугат. Андай көрүнүштөрдүн
бири – өрөөндөгү соолуп калган көлдүн
ордундагы жылып жүрүүчү таштар. Бул атактуу
таштар бир сутка ичинде ондогон метр аралыкты багындыра алышат. Таштар көлөмдөрү боюнча
айырмаланышат. Араларында кичинекей таштан
баштап салмагы жарым тоннага чейин жете
тургандары бар. Мындай таштарды алгач
изилдеген окумуштуулар “таштар шамалдын
таасири менен жылса керек” дешкен. Бирок, бул болжол ишенимдүү болбогондуктан,
табышмактын сыры ачылчу убакка али көп
бардай.

#138 08 March 2014 - 20:18
Адам абада асылып калчу көл:
Салантина – Аргентинадагы чоң эмес көлмө. Көл
жана көлдүн тегереги аномалдуу болуп
эсептелет. Анда болуп келген эс алуучулардын
айтымына караганда, кээде адам көлгө сууга
түшкөндөн бир нече убакыттан соң салмаксыз
абалга өтөт да, абада 3 метр бийиктикке чейин көтөрүлүп калат. Болгондо да кээси 20 секунд
абада асылып калса, кээлери 30 мүнөткө чейин
абада калкып калышат. Бир адам буга кызыгып,
күндө сууга түшүп, абада бардыгы болуп 5 ирет
калкыган. Көлдүн табышмагы азырынча сыр
бойдон калууда.

#139 08 March 2014 - 20:21
Ванда көлү:
Ванда – Антарктиданын тоосундагы
таңкалаарлык табигый көлмө. Көп метрлүү
муздун катмарынын алдындагы көлдүн суусунун
температурасы +30 градуска жетет. Суу
кандайча ысый тургандыгы азырынча
окумуштууларга белгисиз. Бирок, аныктамасы жок болсо да, “көлмөнүн түбүндө бөтөн
планеталыктарга тиешелүү энергия булагы бар”
деген имиштер айтылып келет.

#140 10 March 2014 - 23:39
Адамдын башын денесинен болуп алганда, баш денесиз 15-20 секунд жашайт экен.
Адамдын жаны узулгондон кийин, салмагы 21 граммга азаят.
Адамдын жаны узулгондон кийин, салмагы 21 граммга азаят.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!

Супер-Инфо
super.kg
видео