Дагы деле ага-карындаш болуппу же кыз-жигит болуппу? бугункудой кылып копкоптон жазып жур ее досум?
Жүрөгүм издейт сендейди... Жон гана окуп койгула. Комментарий жазыш не ОБЯЗАТЕЛЬНО!!!
#163 03 Март 2014 - 11:57
Журогун суйууго малынып,
Коздорун Жазгулду сагынып.
3-жана 6-кунду андып,
жаштыктын суйуу багында.
Жургон кезин экенда.
Коздорун Жазгулду сагынып.
3-жана 6-кунду андып,
жаштыктын суйуу багында.
Жургон кезин экенда.
Кудай буйруса АТА болом!!!
#165 03 Март 2014 - 13:41
#166 03 Март 2014 - 14:00
Угуп алып ушунчалык сүйүнгөнүмдөн тиги айтып берген кошунамды кучактап ийгенимди да байкабай калыпмын.Ал мени карап:"не болду сага э?" деп сурап ийген эч нерсени тушүнбөй калып.Мен болсо эмне дееримди билбей:"Жөн эле сени менен күрөшкүм келип кетти" деп араңдан кутулгам...

#168 03 Март 2014 - 18:20
Эхх сиздин дагы баяныныз тиги Мырзаш эженин баянына окшоп аягына чыгайын дебейт го
#170 03 Март 2014 - 19:34
Качан жазат эми ушу темага бир кундо 100кирип 100 чыгам
Чын журоктон баари бир
#172 03 Март 2014 - 23:49
Автор азамат жигит экенсиз,сиздин суйуу тууралуу баянынынызды кундо кутуп окуш адатка айланды,ички дуйнозго,соз байлыгынызга соз жок))
#174 04 Март 2014 - 02:23
Кечиргиле күттүргөнүм үчүн.Бүгүн жумуштан кеч бошоп калдым.Жумуш деген жумуш.
...Ооба,биз дагы деле ага-карындаш болуп жолугуп жүрдүк.Бирок мен кийинчереек анын колун кармап сүйлөшкөндү адат кылып алдым.Ахх анын колу айылдык кыз болгонуна карабай жумшак,ыссык эле.Бир жолку жолугуушубузда жаз мезгили өзүнүн өнөрүн көргөзүп биз жолугуп сүйлөшүп жаткан убакта жамгыр жаап кирди.Өзу аба ырайы начар болчу ошол күнү (мен ошол убакта жамгыр эмес таш жааса да барат болчум).Мен аба ырайына байланыштуу куртка кийип алдым эле.Жазгүл ал күнү жеңилиреек кийинип чыгып алыптыр.Биздин сөзүбүз эми кызыгына келип калганда (Жазгүл мектепте болгон бир окуя тууралуу айтып жаткан болчу) жамгыр төгүп кирди.Кай жакка кире качышыбызды билбей айлабыз жоктон жакыныраак жердеги койлор камалып турган тамга кире качтык.Жүгүрүп баргычакты жаздын жамгыры Жазгүлдү бир кыйла эле суу кылып койду.Кирип сөзүбүздү уланта баштаганда эле Жазгүл бүрүшүп,эки колу менен эки далысын кармап үшүй баштады.Мен карап турбай эле курткамды чечип жаба койдум.Мындайды күтпөгөн Жазгүл:"Койуңуз, өзүнүз ушуп калас" деп каршы болумуш болду.Мен болсо:"Сен эле "кеч болуп калды кирейин" дебей турсаң мен үшүмөк турсун кайра ысыйм" деп тамашалап жооп берип калдым.Өзү Жазгүл мени тамашаны көп сүйлөгөнүмдү жактыраар эле.Билбейм ал убакта балдардын арасында жоош болгонум менен Саматтын жанында,кийинчереек Жазгүлдүн жанында тамаша аралаштырып сүйлөгөндү жакшы көрөт элем.Себеби Жазгүлдүн жанында бир аз эле унчукпай туруп калсаң "Мен кирейин анда" деп чыкмай адаты бар болчу.Ошон үчүн мен унчукпай туруп калбаштын жолун издеп ар темада сөз баштай берет элем.Ал болсо менин жообумду угуп алып жөн турбастан:" Байкаңыз,ооруп калып мени урушуп журбөң" деп тамаша менен жооп берип калды.Бирок чынында ага үшүгөнүмдү билгизбей тура бергеним менен чындап өлө үшүгөм.Себеби жамгырды коштоп шамал дагы болуп аткан болчу.Бир аз сүйлөшүп турганда үйүнөн атасынын чыгып калганын көргөн Жазгүл ататынча коштошпостон курткамды бере салып ажааткана тарапка жүгүрүп кетти.Эгерде атасы "каякта жүрөсүң?" деп сурап калса жооп бериш үчүн көбүнчө ушундай кылчу.Кийинки кездешүүдө: "Өөткөндө дагы коштошпостон кирип кеттиң ээ?"-деп менин эркелөө менен калп эле таарынган адамдай берген суроомо:" Ой чындап элеби? Уфф ушу атамды же Айбек байкемди көргөндө кармалып калбайын деп шашылганымдан сиз менен коштошушту да унутуп калам" деп тултуңдап калчу."Эми кайталанбайт" деп сөз бергени менен кайра эле ошо көрүнүш.Бир жолу:"Эгер дагы бир жолу коштошпой кирип кетсең" кийиңки жолугушууда 1-саат сени кучактап турам" деп шарт койуп калдым.Аны уккан Жазгүл:"Жинди болбоңчу" деп таарынымыш болгон.Бирок мен анын кыймыл аракетинен анчейин деле каршы эместигин байкагам.Ойлогонумдай эле ал дагы бир жолу коштошконду унутуп калып чуркап кирип кетти.Себеби атасы ити үрсө деле эшикке баш бага берет болчу.Кееде Айбек көчөдөн келип калчу.Кийинки жолугуушуда дагы "үшүп атам" дегенинен курткамды жабымыш болуп кучактап туруп калдым."Асан байке не болуп атас?" деген Жазгүл каршылык деле көрсөткөн эмес.Ошол түндөн кийин биз көбүнчөсү кучакташып сүйлөшкөнгө көнүп калдык.Бирок мен ага эч качан оюм бузулбаган. Өзү сүйүү эч кири жок,таза болсо эч качан кыздын намысына тийүүгө өзүңө өзүң жол бербейт экенсиң.Мен анын мени менен сүйлөшүп,сулуу көздөрү менен мага карап жылмайып,мага жолугушууга чыгып атканына эле ыраазы элем.Ошондо мен сыйкырчы болсом ошол минуттарды токтотуп койгум келчү.Азыр деле 26-га чыгып калганыма карабай кееде аны сагынганда "Сыйкырчы болсом "суф" деп туруп ошол жылдарга,ошол минуттарга, ошол айлуу,жамгырлуу түндөргө кайрылып барат элем"-деп кыялданып коймой адатым бар... Эхх сүйүү сүйүү....,түбөлүктүү болбосоң да ошол аз убакытта адамдын жүрөгүнө канчалаган бактылуулукту, ууртуна жылмайууну, жан-дүйнөсүнө жарыктыкты алып келген кудурети күчтүү нерсесиң....

"Бактылуумун"
!
#176 04 Март 2014 - 03:48
Атангөрү не деген сүрөтөөлөр,
не деген гана асыл сөздөр, кандай гана тунук сүйүү суктандым. Көп, көп жазыңызчы?..
.
Жашоодо бакыт бар деп жашоонун, озу бакыт!
#177 04 Март 2014 - 04:40
Сагынам.
. Сагынам дагы да,
Журомун.. Журомун жалгыз кайгыда,
Элесин корууго.. Корууго зар болуп,
Жаным..
Берекем.. Берекем журчу жанымда.. :-)
Мумкун, Жазгулунуз азыр, суйуктуу жубай, бактылуу эне. Сиздин да мандайынызга жазганы бардыр.

#178 04 Март 2014 - 06:54
Уйкумдан чочуп туруп эле, ушул темага кирмей адат болуп калды го мага.... Кооптон жазып салынызчыыыы!
?
#180 04 Март 2014 - 09:41
Буттубу же дагы барбы.?
Коздорундон нур чачырайт менин Жазгулум,
Создорундон бал таматго менин ай, кунум.