kokjar92 (30 Апрель 2013 - 21:25) жазган:
Мен да негедир өздүк майрамым туулган күнүмдү жаман көрөм,кичинемден бери эле! (Балким,өздүк болгондуктанбы,
бул күнү жалаң гана баары сен үчүн..а мен эгоист эмесмин,өзүмө эле эмес баарына болсо дейминби,айтор түшүнбөйм өзүм да неге жаман көрүшүмдү.
)
Бирок,бул күн барибир белгиленип келүүдө жана буюрса белгиленет. .. Эч качан чоң туулган күн белгилеген эмесмин,үй-бүлөмдүн, жакындарымдын, туугандарымдын тар чөйрөсүндө гана. Албетте бул күндөгү жакшы сөздөр,белектер ар бир адамга жагымдуу жана өзүңдү канчалык даражада сенин жакын адамдарың сен жөнүндө билээрин билип алсаң болот... 3 жылдан бери 12 ден кийин биринчи болуп өзбечка,тажичка дос кыздарым куттуктайт. Ата-энем эрте менен уйкудан ойгоноорум менен 1-куттуктайт. .. Ошо,анан өзүмө туулган күнүм жакпаганы менен,бирөөнүн туулган күнү аябай жагат жана 12ден кийин эле 1-куттуктай турган адатым бааар.

Буюрса, мына бүгүн чоооң туулган белгиленүү алдында турамын... Атайы туулган күнүмө деп "россияниндер" б.а. бир туугандарым келе жатат. Жылда бирибиз болбосо бирибиз башка жакта болуп калат элек, мына бүгүн Үй-бүлөмдүн толук курамы менен сонун күн өткөрөбүз. Андан сырткары толтура туугандар келет, жигит болмуш мырза да келем дейт)) иши кылып бүгүн мен үчүн эң, эң кубанычтуу телегейим тегиз болгон сонун күн болушу күтүлүүдө. Уйкум да келбей кубанганымдан. ..))