Жакшылык Жолдошев менин айылдаш байкем го))) автор сыр болбосо кайсыл жерден болосуз?
Жүрөгүм издейт сендейди... Жон гана окуп койгула. Комментарий жазыш не ОБЯЗАТЕЛЬНО!!!
#185 04 Март 2014 - 15:45
Эх кандай гана керемет создор.баштан откон кундорум бир аз окшошуп кетет экен.Кана эле кайра кайтып келсе.....
#187 04 Март 2014 - 17:02
3-бетте кала бериптирмин жетип келдим го чиркин 
Аа мен дагы алардын
бир эки жолу сүйлөшүп жатканын
көрүп жаман ойлорум ушу имишке
мени ишендирип койуптур.Угуп алып ушунчалык сүйүнгөнүмдөн тиги
айтып берген кошунамды кучактап
ийгенимди да байкабай калыпмын.Ал
мени карап:"не болду сага э?" деп
сурап ийген эч нерсени тушүнбөй
калып.Мен болсо эмне дееримди билбей:"Жөн эле сени менен
күрөшкүм келип кетти" деп араңдан
кутулгам...
ха ха болуптyр

#190 04 Март 2014 - 20:15
Чыныгы эркек экен жаман оюу жок биз болсо кучатагандан кийин дагы далше деп кетип калмакпыз унчукпайтат деп
Чын журоктон баари бир
#191 04 Март 2014 - 20:17
#192 04 Март 2014 - 20:45
#193 04 Март 2014 - 22:37
....Жаратылышта жаз болуп кееде жамгыр жаап же шамал согуп,аба-ырайы ар кандай болуп жатса менин жан-дүйнөмдүн аба ырайында ар дайым күн ачык болуп,жаратылышым жапжашыл чөпкө бөлөнүп өзүмчө бактылуу болуп жүрдүм.Ал жанымда жок болсо айлана чөйрөм ак кара түскө боёлуп ыраңы өчө баштаган эски китептин сыртындагы сүрөткө айланып калаар эле.Аны менен түндөсү сүйлөшүп турганда меемдеги башка ойлорду ыргытып ийип жалаң гана Жазгүлгө тиешелүү ойлорум менен сүйлөшөт элем.Бир эки сөз менен айтканда башка нерселер тууралуу эч ойлобойт элем....
---Ошол жылдын апрель айларында Жазгүлдөрдүн классына башка айылдан бир кыз келип кошулуп калды.Жаңы кыз келгендиктен айылдагы менмин деген кызпуруштар анын артынан ээрчип,анын жанын тындырбай калышты.Самат дагы тымызын алардын катарында бар эле.Аты дагы ал убакта бизге башкача угулган.Аты АЭЛИТА.Кашайгансып ал тез эле Жазгүл менен тил табышып экөө жакын достордон боло баштады.Качан көрсөң экөө чогуу жүргөнү жүргөн.Чогуу жүргөнүнө жараша Жазгүл дагы Аэлитаны тегеректеген балдардын ойлорунан орун ала баштагансыды. Экөөбүздүн жолугуушубуздагы сөздөр жалаң гана Аэлитага "кат жазган" же "эмне деп сөз сүйлөгөн" жигиттер тууралуу боло баштады.Менин жакын арада эле барып келген жалпы республикалык тестирлөөм тууралуу ооз учунан эле сурап койгону болбосо кызыгып да койгон жок.Менин ага болгон сүйүүмдү ушунча убакыттан бери сезбегенине мен кееде капа болуп калаар элем ичимен..Анын журөгү башкача сүйүүгө суусап турганбы же чындап эле мени агасындай көргөнбү бир түнкү жолугуушуда бир бала тууралуу айта баштады.Ал бала менен таанышып калуусуна түздөн түз Аэлитанын тиешеси бар экенин билет элем.Сөздөрүнөн ал бала ага жага баштаганын жүрөгүм менен сезип атсам да ал тууралуу ойлобошко аракет кылып жаттым.Ал бала кошуна айылдан келип түнү менен ар кызга барып жүргөн бир дайди болчу.Бир түнү балдар менен көчөдө турсак ошол бала сепсеңдеп келип калды.Келип учурашып.адатынча мактанып өзүн эрдиктерин айтып ыржалаңдай баштады.Жазгүл тууралуу бир ооз сөз сүйлөбөсө да сөздөрунөн кычык издеп атып экөөбүз мушташа кеттик."Сен ким элең" дегендей кылып жиңге тие берген аны мен бет талаштыра койуп калдым.Мурдунан кан атып кетти.Балдар ажыраштырып койгонунан жаныбызда агып аткан арыктагы сууга бетин жууп келди да бетме-бет мушташууну талап кылды балдардын ортого кийлигишпөөсүн суранып.Балдар менин жообумду күткөнсүп мени карап калышты.Ал менден кыйла эле олбурлуу болгондуктан андан токмок жеп калышымды билип турсам да аргасыздан макул болдум.Бир эки жолу эле жакшы уруп калганым менен ойлогонумдай эле токмок жеп калдым.Бирок ичимди бууп аткан ызамды чыгарып алып кыйла женилдеп алгансыдым. Эң кызыгы эртеси Жазгүлгө анын сөздөрүн айтсам ишенбей кайра мага:"Сиз аны менен менин сөздөрүмдөн кийин атайы мушташтыңыз, өзү сиз кандай адамсыз? Мына көзүңуз көгөрүп,жаагыңыз шишип алдымда турасыз да кайра мага мактанып коёс.Дагы ал тууралуу жаман сөздөрдү ойлоп табып мага жаман көргөзгүңүз келди"-деп таарынган бойдон кирип кетти.Мен ага чындыкты айтып,аны ал баланын жаман ойлорунан куткарайын деген аракетимди түшүнбөй кайра менин жүрөгүмө бычак сайып алды..Жакынкы күндөрү менин алтын мектептин уясынан түбөлүктүү уча турган убагым эле.....

"Бактылуумун"
!
#195 04 Март 2014 - 23:19
Чын журоктон баари бир
#199 05 Март 2014 - 09:58
Эээ бетине эле айтпайсызбы мен сени суйом ошого кызганам ошого жолгууга келем деп.