Журогум токтоп калбаса эле болду куто берип....
Жүрөгүм издейт сендейди... Жон гана окуп койгула. Комментарий жазыш не ОБЯЗАТЕЛЬНО!!!
#203 05 Март 2014 - 14:00
кечиреек уйго барып жазам. бугунку кундон баштап каалаганымча жаза берет экенмин. Бир жакка шашып атсанар кыска кылып эле жазып кое алам. бирок менден башкасына тушунуксуз болуп калса керек. Мен жумуштан барып колдон келишинче жазганга аракет кылып атам
"Бактылуумун"
!
#205 05 Март 2014 - 17:17
Суйуунузду билдирбепсизда жазгулго жага турган белек же гул берип,эми жазгул жаштык кп тушунбой атса керек да
#209 05 Март 2014 - 20:21
Шашкан шайтандын иши деп койбойлубу
/>. Жазуу стилиң, сөз байлыгың аябай жакшы экен. Жан дүйнөң таза, боорукер адам экениң билинип турат.
Эргүү келгенде жаза бер, күтөбүз, башкысы чала өлгөн жыландай калтырып, биротоло жазбай койбо.

Билдирүүнү түзөткөн: tynara81: 05 Март 2014 - 20:21
#210 05 Март 2014 - 20:27
Азаматсын ушунчалык соз байлыгын кенен экен китепти кооп окууганын билинип турат. Токточу, же бир жерден кочуруп ар арасына кошуп жазуудасынбы?
Чынын айтчы башындан откон окуябы
#211 05 Март 2014 - 20:52
кызыктын баары бул жакта го менин да балалык жаштык суйуумду откон кундорумду эске салып койдун автор, азамат экенсин, мен мындай окуяларды окубай алиги болумундо эле журо берипмин.
#213 06 Март 2014 - 01:54
Салам алекумдар!
.. Өзүмдүн башымдан өткөн жүрөгүмдө өчпөс болуп сакталып калган окуя....
...Акыркы жылдын акыркы айы.Эртеси мектепке келдим.Ал дагы жүрөт мени алыстан көзүнүн кыйыгы менен карап.Жанымдан өтүп кетип жатып көзүн мен жакка карап саламдашып коюш кыйынга турду окшойт тетири карап өтүп кетти.Таң калдым.Ошол жакындан тааныш эмес кайдагы бир көйрөң бала үчүн ушунчалык менден жүзүн үйрүгөнүно мен таң калып түшүнө албай жаттым.А мүмкүн өтүп кетеер деп мен дагы ага бир жумадай барбай койдум.Бир түнү өтүп бардым жүрөгүм аны күлкүсүн угуз деп талап кыла бергендиктен. Көчөдө кетип атып бир эки доско жолугуп бир аз кармалып калдым алар менен сүйлөшүп отуруп.Алардан бошонуп эки жагымды алаңдап каранып менин жылдыздуу,жамгырлуу, суук түндөрүмө ар дайым күбө болгон дөбөчөгө келип анын үйүн жагын акмалап туруп калдым кыраакы көздөрүм менен.Иттердин ажылдаганы, койлордун маараганы кулагыма угулуп жатты.Бирок кайсы бир жерден күбүр-шыбыр үндөр угула баштагынан көңүлдү кунт койуп үн чыгып жаткан жакка карап басып калдым.Эхх ошол түнү жакшысы тиги эки бала менен сүйлөшүп отура бербепмин,же үйдө эле жата бербепмин.Эки караан туруптур мен турган дөбөчөдөн ылдыйыраак жерде.Жүрөгүм "Жоок,жок ал эмес" дегенине болбой менин көздөрүм ким экенин көргүсү келип мен дабыш чыгарбай аларга жакындап жаттым.Иттердин үргөнү,козусун таппай маараган койлордун үндөрү угулбай бир гана алардын үндөрү угула баштады.Ошол убакта убактылуу көзүм көрбөй,кулагым укпай калса экен деп жараткандан тиленип жибердим.Бирок кайдан уккусу келген кулак угат экен,көргүсү келген көз баари бир көрөт экен.Менин эң биринчи тунук сүйүүмдү,айнектей таза ойлорумду арнаган Жазгүл бою узун бир бала менен сүйлөшүп туруптур.Мага ошол убакта ким экенин тастыкташ дагы кызыксыздай туюлду.Алардын кылыктанышып сыр бөлүшүп турушкандарын көрүүгө,угууга менин ошол маалдагы алсыз жүрөгүмдүн күчү жетпейт болчу.Аларды айланып турган айылдын түнкү таза абасы да менин демимди кысып турду.Анын үйүнөн алыстап барып кере-кере дем алып өзүмө келип алгансыдым. Асманда быжырап жайнап турган жылдыздар,айланага колунан келишинче жарыктык тартуулап турган ай дагы көзүмө көрүнбөй терең ойго чөмүлүп үйгө бараттым.Анын жүрөгүнүн сокурдугуна, шамалдай каалгып учкан жеңил ойлуулугуна түшүнө албай ойго жаттым ."А мүмкүн тиги караан калассташтырынын бири болсо керек да" деп ойлоого аракет кылсам дагы алсыз жүрөгүм бул ойлорду кабыл албай жатты."Ооба, анын ою боюнча биз кыз-жигит эмес ага-карындаштай жолугуп жүрдүк.Ооба, мен ага сүйүүмдү билгизбедим. .... Бирок,..бирок ушунча убакытта менин ага болгон айнектей тунук,булактай таза сүйүүмдү жүрөгү менен сезип алышка кудурети жетпедиби" -деген жүрөгүмдү каккылаган ойлор.... Эң кызыгы ал мени менен жолугуп жүргөну менен балалык тунук ойлору,карасаң чөгүп кете турган сулуу көздөрү менен эки жакка көз салып башканы издеп жүргөнүндө. Ал эмне мени менен ойноп,артымдан кайра мыскылдап жүрдүбү???.... Ойлор ойлор ойлор,.. дагы деле ошол түгөнбөгөн ойлор.....
----

Билдирүүнү түзөткөн: kuu-1005: 06 Март 2014 - 02:00
"Бактылуумун"
!
#218 06 Март 2014 - 11:55
kuu1005 logininizdi kupu9ma jazyp jiberinizchi mumkunchulugunuz bolso.
#219 06 Март 2014 - 13:27
Урматтуу автор сенин жазуу стилиң,сөз байлыгың кеңири экен. Ээринбей жазганың үчүн чооң рахмат айтып,чын дилден ыраазычылык билдирем. Биро өзүң бошураак окшойсуң. "Менин ага деген сүйүүм,акактай таза эле. Кучакташуудан нары өтпөдүк"дейсин.
Кучактаганыңа эле сүйүнүп жүрө бербей,аягына чейин аракет кылсак болмок. Ошондо Жазгүлүң сенин артыңдан чуркамак, буту үзүлгөнчө...
...!
#220 06 Март 2014 - 15:01
кандай гана жаман абалда каласың э ошондой убакта! Уландысын күтөбүз эми! "Тагдыр оюну" сериялды аябай күтөт элем, азырда ошону күткөндөй күтүп атам