Тамак мусулмандыкы эмеспи жокпу?адал болсо болдуда
Нооруз боюнча кеп...
#42 23 March 2013 - 11:00
Бул материал берилип жакшы болду,майрам кундору соц.сеттерде:
мусулмандардын майрамы м.н,дегендер кобойуп кетти
#43 24 March 2013 - 01:00
Эме, мен далили жок эле, ооз чоймоюм бар да. Бирок негиз болбосо каяктан? Ка рро чи, кун менен тун тенелген маалды майрамдоо...
оуу, тээ тээтигил биздин заманга чейинки мезгилде эле пайда болгон. Эмне деп аташпасын, кандай жоролголорду жасашпасын,
бул кун белгиленген.
Адашпасам, жылына 2 жолу, бирок жаздагысы айрыкча 'бурно' белгиленген,
себеби, адамдар жыл мезгилдеринен азыркыга салыштырмалуу алда канча коп коз каранды болушкан. 1. Кандай дин, цивилизация болуп турбасын,(байыркы Грецияда,Римде,
Египетте, майяларда) баары бир кундун жылуулугунун куч алып, муздак тунду женишин жана кузундогу тушум майрамын кезиктирууго болот. Азыркы сумолокто ак тилектер айтылып, катышпай калган тууган башын бириктирип(наймальнасында да эми) отурганы мурдакы дикий-дикий салттардан алдында тойго барат(изняюсь за каламбур). Эми, кандай десем, чыныгы мусулмандар бул майрам динге каршы келгенинен майрамдабай кое алышса, майрамдабасын.
А мага окшогон башында сумолок буркулдаган ортозаар чала мусулмандар майрамдабай кое албайт гоооо. Мага жаккан майрам, сумолокту да от души жейм, аралаштырып жатып, кудайга тилегимди айтам да, 2. Умай энем колдосун'
деп да кошуп коем, Умай эне тамагы да
. А так, чистокровный момун мусулмандар бизге тенелип, куноосун кобойтпогону дурус.
1. Кандай гана дин, цивилизация болуп турбасын баары бир кундун жылуулугунун куч алып, муздак тунду женишин жана кузундогу тушум майрамын кезиктирууго болот деген сөзүңүзгө кошулбаймын. Мен билгенден Исламда мындай күндүн жылуулугу муздак түндү жеңгенине же түшүм майрамына арналган майрам жок.
2. Умай эненин тамагыбы же башкасыныкыбы аны даярдап жаткан убакта Кудайга тилектериңизди айтсаңыз боло берет. Ал эмес күнүмдүк тамактарыңызды даярдап жаткан убакта деле айтсаңыз боло берет. Тилек айтуу сүмөлөкө байланып калган жери жок. Бирок Умай эне колдосун деп айта көрбөңүз. Себеби мынтип айтсаңыз сиз Умай энени Кудайга теңеген болуп каласыз. А кимдир бирөөнү Кудайга теңесеңиз өзүңүз айткандай ортозаар, чала мусулмандардын да катарында болбой каласыз. Себеби Ислам - бул жалгыз кудайлуулуктун дини (религия единобожия).
#44 27 March 2013 - 20:53
Бул жарыкчылыктын ар бир куну, мага майрам. Уй буломдун аман эсен,ынтымакта мандайымда болушу. Мындан артык майрам жокко деп ойлойм
Yй бyлooм- менин жашooм, kелечегим!!!
#45 29 March 2013 - 19:34
Мен дагы жеке ойумду билдирсем, туура корсонор. Нооруз майрамы албетте мусулманчылыкта жок. Бирок нооруз майрамынын менимче жаман жагы жок. Ошондуктан майрамдай берсек болот.
#46 04 April 2013 - 17:40
Менин жазгандарым кандайдыр бир логика эмес. Анткени, дин деген эч кандай логикага таянбайт.
Кайсы мифтерди айтып жатасыз мен билбейм.
Туура эле ой жүгүртүп жатасыз. Иудейство, христианствонун баштапкы максаты бир эле болгон - бул Жаратканды таануу, Ага сыйынуу. Бирок, убакыттын өтүшү менен ар кандай жөрөлгөлөр (крестке чокунуу ж.б.) кирип отурган.

Анда мифтер жонундо окуп алыныз, балким кереги тийет
#47 04 April 2013 - 17:50
Ошол Ата-бабабыз жондон жон Исламды кабыл албаса керек эле ээ?Кылыч менен такаган десен ишенбейм,анткени башка улут болсо да,бул кыкендер ынавайт го
Ошол Исламдын жакшы жактарын алсак неси жаман?Же абсолуттук нигилизмди карманып жана биз кыргыздар Кундун баласы,Айдын баласы,Торпоктун баласы болуп эле журо беребизби??!
Арап,
жоот,орус же корей-ажикыз болуп кетишин сен эмес,мен деле каалабайм.Анан созсуз эле КЫРГЫЗдын ан сезимин которуш учун-антиисламист болуу керекпи,же бул азыркы жарма патриоттордун пиар-кадамыбы?
??Суннот деп шалбыратпай эле кыргыздын чепкенин кийип,ак калпакты чокуга басып эле журобуз го!Кыздардын уяттуу жерин жабуусун-чумконуу дегенинде 18 же 19 кылымдагы ата-бабан чыга чапмак сен экообузду.Кыргыздын кыздары качан анан жарым мамасы менен жамбашынын жармасы корунуп журчуу эле???Чубак деген аттарды илимсиз сен экообуздо эмес,ошол Ислам дининин аалымдары которуп журот.Абдулазиз тууралуу-бул менин атамдын аты,ага шек келтирбесен деле болот.
Сен ошол Иван жана Гу Чжун Пё болгондорду тыйып ал,ошолорду кыргыз кылып ал,ошолорго Нооруздун манызын тушундур.
"Ноо,нав" на,но..."-жаны; "руза"- кун дегенди,кун менен тундун тен болуусун,азыркы астрологиянын тили менен айтканда "весеннее солнцестояние" эле.Аны майрамдаса эмнеси жаман,болгону аны даназалап,ага байланып,анан кайдагы кара-боткону бышырып жатып,ошондон тилек тилоо-акмакчылык жана наадандардын иши го,логикага деле жатпайт да бул иш.
"Ноо,нав" деген болукчо бизге фарсий элдерден оогону шексиз нерсе,анткени коптогон шаарларыбыз да "ноо" болукчосуно ээ,мисалга:Ноокен, Ноокат.
Жадагалса орус,англис тилдеринде деле бул болукчо жаны дегенди туйунтат экен,мисалга "new" ,"но...вый" .
Нооруз бир эле кун менен тундун тенелуу датасы эмес,кузундосу да сентябрь 21-22 кундору куду ушундай эле "нооруз" болот.Илгери аны деле майрамдашкан, эмнеге аны талашпайбыз? !
Жок жерден эле койгой жарата бергенди токтотуп,ишти кылбайлыбы, мындан башка эмне проблема тугоп калдыбы???
Майрамы коп элдин,жашоосу жакыр болот эмеспи.Кыргызга кундо эле майрам болсо да,повод болсо,"Аюу" болсо!
Курсагым ток,алты саманын аманбы-кундо майрам,кундо той..

Исламист же момун мусулман болуш учун, соссуз эле улуттук маданиятты, каада-салтты, тарыхты тебелеп, жокго чыгарыш керекби?
Же азыр адамдар жеке бир гана кара курсагын тойгонуна ыраазы болуп жашап калганбы.
Кечоо ким элек, бугун кимбиз, эртен ким болобуз? деген суроо койгон адамдар азайып кеткен окшойт арабызда, окунучтуу... .
#48 31 May 2013 - 10:37
Мусулмандар
үчүн кошумча ой-пикир (минтип белгилеп койбосо, бирөөнүн мойнуна жип байлап, мажбурлап сүйлөгөндөй болбоюн
):
"Улак тартыш" же "Көк бөрү" - деген сыяктуу аталышында кыргыздыкы экенинен шек жок, кыргыз каны жүгүрмөк турсун, атырылып турган каада-салттарыбызды кош колдоп, ичкен ашты таштап болсо дагы өнүктүрүүбүз керек...
Ал эми Ноорузга келсек аталышы эле шек туудурат... чоогуусу менен да, ноо- же -руз деп бөлсөк дагы, кыргыз лексикасынан буларга маанилеш, жакындыгы бар бир сөз таппайбыз... А эгер фарс эли кыргыз элине окшоп, кыргыздардан алып майрамдашса, анда кыргызча аталышы кайда жоголгон?... Ошол эле учурда фарс тилдеринде "новруз" , "невруз" - деген өңдүү, мааниси "жаңы күн" деген түшүндүрмөсү бар...
Негизи бул Нооруздун табигаты, көчмөндөрдүн салт-санаасына эч окшобойт... Кыргыздын каны жүгүргөн оюндарды айтсак аталышы да, маңызы да көчмөн калктын өзгөчөлүктөрүнө төп келет, мисалы: "Тыйын эңмей", "оодарыш" , "жамбы атыш", "ат, кунан, тай чабыш", "жорго салыш", чүкө менен ойнолчу оюндар... Бул оюндар чоң тойлордо өткөрүлүп турган... "Майрам" сөзүнүн этимологиясын деле билбейт экем, бирок бул деле кыргыз сөзү деп ишене албай турам (билгендер жазып койоор)... Себеби, биздин "Манас" эпосубузда дагы кыргыздардын майрамдап жатканын эч бир окуган эмесмин... Кыргыз тойлогону го талашсыз... жана дагы Ислам дининен келген майрамдарды дагы, башка элдерге окшоп "майрам" деп атабай "Курман айт", "Орозо айт" дешет кыргыздар... Анан деги эле кыргызда майрам болгонбу? - деген суроо туулбай койбойт...
Учурда Нооруз майрамында жогоруда аталган оюндар ойнолуп жатат, ага мейли эле... Бирок, отту тегеренип, оттон секиргендер кыргыздын канындагы каада-салтпы. .. Мифтерге келсек, Нооруз тууралуу деле Иран элинин мифтери бар... Кыргыздан чыккан майрам экенине бир далил барбы? Же фарстардын мифине ишенсек, кыргыз бойдон эле калабызбы?
Кыргыздын тойлорунун, оюндарынын көпчүлүгү Ислам принциптерине каршы келбейт, мисалы жентек той, үлпөт той... Ушул тойлордо жогорудагы оюндарыбызды уюштурсак анык кыргыз болобузбу... ошол эле учурда мусулман бойдон эле калабыз...

Ден соолукту чыңдоо үчүн -
I run each ...
#49 17 January 2014 - 15:16
«Нооруз» деген эмне? «Нооруз» сөзү байыркы фарс тилинин «Науризи» деген сөзүнөн келип чыккан. Ал
«Нау»-жаңы, «Рузи»-күн (жыл) деген маанилерди
түшүндүрөт. Демек, Ноорузду «Жыл ажыраш»
деп түшүнүүгө болот. Бирок анын жаз майрамы
деген да түшүнүктөрү бар. «Нооруз» майрамы б.з.чейинки 7-6-кылымдарда
жашаган Зороастризм дининин пайгамбарынын
(Заратуштура) диндик көз караш системасы
менен тыгыз байланыштуу. Бул диндин негиз
салуучусу Зороастра Байыркы Кытайдын жана
Байыркы Индиянын улуу ойчулдары Лао-Цзы, Будда, Конфуций менен замандаш болгон. Ал
Авеста окуусун негиздеген. Нооруздун мекени Иран болуп жана анда
аткарылуучу диний жөрөлгөлөрдү ислам дини
пайда болгонго чейинки палестиналык
еврейлерден жана башка алыскы өлкөлөрдүн
элдеринин салт-санааларынан жана анын
калдыктарынан да кездештирүүгө болот. Алар Ноорузду майрамдоого 20 күн калганда ушул
жылы келечекте мол түшүм болсун үчүн карапа
идиштерде арпа, буудай, буурчак өндүрүшкөн.
Ноорузду майрамдоо алдында (1-2 күн калганда)
короолордо же дөңсөө жерлерде алоолонгон
оттор жагылып, андан баары секирип, арамдыктан тазаланышкан. Отту айланта
малдарды да айдашкан. «Сенин кызыл нуруң
мага келсин, менин сары оорум сага кетсин»
дешкен.

Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#50 17 January 2014 - 15:17
Анткени алар караңгылык менен жарыктыктын
символу катары отту эсептешкен. Зороастра
окуусу карама-каршылыктан, б.а. түн-күн,
жакшы-жаман, ачуу-таттуу, ак-кара ж.б. бири-
бири менен келишпөөчүлүктөрдөн турат. Оттон
кийин кырсык, капа-кайгы ушуну менен кетсин деп терезеден, үйдүн үстүнөн суу толтурулган
карапа идиштерди ыргытышкан. Нооруздун бул күндөрүндө өткөн жылы дүйнөдөн
өткөн жакынына азаа күтүү аяктап, таарынычтык,
кек сактоо өндүү нерселер унутулат. Бай да,
кедей да бирдей аш бышырат. Оюн-зоок баарына
бирдей болуп, аны 12 күн катары менен
майрамдашкан. 13- күнү «шайтан-шапааттарды» кууп чыгуу б. а. сырттагы күнү делинип, үйлөрдү
аластоого арналган. Ноорузду майрамдоого
негизинен суу боюнда тамактануу, анда оюн-
зоокторду өткөрүү диний ырым-жырымдардын
өзөгү болуп эсептелген. Жогоруда сөз кылган ар кандай нерселерди
өндүрүүдөн кийин аларды чогу бир казанга
кайнатып көжө кайнатышкан. Ал кыргыздарда сүмөлүк деп аталган. Демек, ноорузду Ислам дининин майрамы
катары түшүнбөө керек. Ал Исламга чейинки
элдик майрам болуп эсептелет.

#51 06 March 2014 - 21:00
Нооруз биздин майрам эмес туура мен да кошулам. Бирок оШол кунду ыйык тутпай, ширк келтируучу амалдарды жасабай жана ширк келтирчуу создорду айтпай, жанагындай умай эне сумай эне сыяктуу ширк создорду айтпай, жон эле эми бир жылда бир жолу эле келгенден кийин, адамдар чогулуп той сыяктуу эле тушунуп, оюн кулку куруп ар кыл даамдарды жасап, откоруп коё берсе эмне болоор экен? деген суроо
Кай жерде болбо, ар дайым, ар качан, туболукко журогумдо жашайсын.
#52 08 March 2014 - 19:03
Ушу теманы улам-улам жанылап туралычы, коздорун май баскан мусулман сымалдар учун... Айланайындарым,
теманын биринчи бетин окугулачы, сураныч! Бир кундук майрамдан динди жогору койгон кандай немесинер, ыя???
#54 09 March 2014 - 16:12
Нооруз биздин майрам эмес туура мен да кошулам. Бирок оШол кунду ыйык тутпай, ширк келтируучу амалдарды жасабай жана ширк келтирчуу создорду айтпай, жанагындай умай эне сумай эне сыяктуу ширк создорду айтпай, жон эле эми бир жылда бир жолу эле келгенден кийин, адамдар чогулуп той сыяктуу эле тушунуп, оюн кулку куруп ар кыл даамдарды жасап, откоруп коё берсе эмне болоор экен? деген суроо
болбойт, болбойт и болбойт... Жолугушууга, тойго башка кун калбай калыптырбы? ! Именно ошол куну болбойт, даже майрамын менен деген да болбойт.
#55 09 March 2014 - 16:38
Теманы жанылап туралы, Биринчи беттерди окугула оо патриот сымалдар.
Важно не то, кем тебя считают...
Важно - кто ты на самом деле
Важно - кто ты на самом деле
#56 09 March 2014 - 17:29
Кыргыздар аннык койбуз да айт деген жагына жонойбуз.Тээ илгери ата бабабыз тосуп эле келген элеге бир жакшына ширк мирк бла бла бла дебей эле.Келип келип болбойт тиги бу майрам эмес тиги майрам ал майрам эмес деп болуно баштадык.Эртен бир сойрук фотосун жасап чыгат мен мусулманмын бизде нооруз жок деп астына жазып.Фотого да сакалчан бир раңы суук адамды койуп туруп.Илгертеден нооруз тоскону майрамдагы болбойт экен тиги тентиген дааватчылар ушуга окшогон нерселерди айтышбайбы.
Э мусулманчылыкта болбойт нооруз пооруз март сарт деген майрамдар жок болгон эмес куноо болот деп ушунча дааватчыны кордум бири да ушул майрам сайрам жонундо ооз ачканын уга элекмин.Темселеп сен дааватка чык сен тиги жака бар баяякыэле дежурный создору.Анда кыргыздарда чыныгы мусулман жок экен да.
Жалллаң чала молдо дин бузурлар экенбиз да кыссаасы бирибиз болот десек кийинки молдо болбойт дейт.Даммулласы мага баары бир дегендей болуп жатат да

БЫЙЫЛ СӨЗССУЗ ҮЙЛӨНӨМ
#57 09 March 2014 - 17:47
Анда 100 кыргыздын 95 арам экен да а?себеби майрамдашат да
БЫЙЫЛ СӨЗССУЗ ҮЙЛӨНӨМ
#58 16 March 2014 - 13:44
Майрамдай бериниздер бирок Нооруз майрамы эмес,ошол кун жума болот экен андан коро жума намазга барып,аялдар жума куну урук тууганынардыкына барып майрамдасанар болот!
#59 16 March 2014 - 14:14
Бул теманы окубай кайда журдум экен.
Эртен Ноорузда бут эл чогулуп майрамдап атышса, майрам эмес деп чыксам мээси жайындабы дешсе керек. Анткени, айылда жыл сайын Ноорузду бир айыл чогулуп майрамдашат да.
Мусулмандарды жаны жылы деп коп укчуумун...

#60 17 March 2014 - 15:15
Менин оюм эки анжы болуп калды бир сайтка суроо бердим Мусулмандар ноорузду майрамдаса динден чыгабы деп
Жооп ооба майрамдамак турсун ноорузду деп бир жумуртка белеке берсе динден чыгат
Экинчи сайтка ушул эле суроону бердим
Жооп негизи ноорузду майрамдаса же бир катыштыгы бар болсо куноокор болот динден чыгат деген туура болбой калат деп жооп берди
А бугун дагы бир сайтта ноорузду майрамдабоо жонунда фатфа чыккан эмес деп окудум
Мага тушунуксуз болтат динден чыгабы же чыкпайбы

Супер-Инфо
super.kg
видео