Саламатсыздарбы форумчулар,
мен да элди туурап,журогумдогу арманымды,кетирген каталарымдан бир четин айтып берсем.Балалыгымда аябай тартынчаак,
кыз болчум.Мектепте окуп жургондо да кыздарга окшоп жигиттер менен кат алышып,же вечеренкага барганды жаман корчум,мектеп окуудан башкага кызыгуум жок болчу.Кичинемден кооз нерселерге сулуу актриса,ырчыларга,
суктана берчум.Албетте сулуу жигиттерге да,озум тартынчаак болгондуктанбы шок шайыр сулуу балдарды жакшы корчум,себеби келечектеги балдарым мага окшобой шайыр сулуу болушун каалачумун.
Кундор отуп мектепти да аяктадым.Жай мезгили мектепти бутконумо бир ай болгондон сон,озубуздун айылдан ата-энеси жакшы колунда бар адамдын уулуна алагачып кетишти,бирок ал бала мага такыр жакчумес,себеби ал анча деле сулуу эмес анан жоош момун бала эле,ата энемдер артыман келишти,так секирип мен тийбейм мага жакпайт бул,анан мен окушум керек деп ыйлап туруп алдым,мейли анда сага жакпаса деп ата энем алып кетишти.Артыман алардын суйлоп каргагандарын айтпагыла,унчукпай ал балага бакыт каалап кете берди.Тилеген оюм ишке ашып окууга да тапшырдым,окуу менен журуп 2жылда отуп кетти,досторум биринден турмушка чыга башташты,бир куну досум турмушка чыгып жакын дос болуп берууну оттунду мен макул болдум ,ал кызга сойко салып тойго даярданып журушкон болчу,дос кызым бир куну болочок куйоосу менен жолугушууга мени ээрчитип алды.Кафеге бардык ал бир досун ээрчитип келиптир,алар менен таанышып кечке чейин отурдук.Анан алардын дагы бир досу звонок кылып калды аны да чакырышты.Аты Замир экен корсо ал шаардагы банктардын биринде иштейт экен.Иштен чыгып бизге келди,тааныштык колунда толо иш кагаздар,ишке кобуроок берилген,анан корунушунон ыймандуу,анча деле оюн зооко кызыкпагандай корунду.Бирок биз менен копко отургусу келди мен кетем деп шашам.Мени менен таанышып бирин артынан бир суроо берип мага жакындай баштады.Мени жактырып калганын туюп ичимен жиним келди,эмнеге мага дайым ушундай балдар чыга берет деп ал суйлоп жакындаган сайын жаман кордум.Дос кызымы шаштырып уйго кеттик,номеримди сурады берген жокмун.Арадан коп отпой досумдун тою болду,Замир закска келип эле башка кыздар менен таанышпай менин жанымдан жылбай койду.Мен болсо озумду тааныбаганга салып сыр бербейм мага суйлогон сайын жиним келет.Ошол куну клейдей болуп жанымдан жылбай койду, суйлогон сайын кагып терс жооп берем той аяктап калганда мени четке чакырып ичиндегисин айтты эгер жигитин жок болсо сага уйлонсом дейт,албетте ошондой дешин сезип тургам,дароо эле менин жигитим бар дедим жалгандан.Ошол бойдон той да бутту.Арадан коп отпой досум мага чалып сени Замир жактырып калыптыр макул болсон жуучу жонотсом деп жатат дейт.Досумдан баарын сураптыр ал болсо жигити жок деп айтыптыр.Мен жок бул жонундо ойлонбо аяшын мага жаккан жок деп жооп бердим.Досумдан тынбай мен жонундо сурап ынатып берууну сураныптыр.
Арадан кундор отуп жатты дагы досум суранат макул де ата энеси да жакшы экен сен жонундо айтыптыр ала оздору окууну бутуруп алабыз дешет деп кун сайын суранат мен болсо жок дегенде жок деп туруп алдым.Арадан бир жыл отту,дагы бир досум турмушка чыгып тойго барып калдым.Шандуу мкзыка бийлеп жатканбыз кокустан Замирди кордум менден козун албай тиктеп туруптур,дагы жиним келип атайын анын козунчо башка балдар менен бийледим салам берип да койбодум.Эртеси досум чалып Замир суранып жатат мен учун бир жолу жолугуп койчу деди макул деп бардым ал дагы эле суйуусун айтат кечирип кой мен конулум башкада да деп кетип калдым артымдан жалдыраган боюнча мейли ушунчалыкта таш боор болосунбу деп калаберди.Арадан жарым жыл отуп ал уйлонуптур.
Алардын арасында дагы жуучулар келип кетти эч кимисине ынабадым.Тортунчу курска келгенде досторумдун баары эле турмушка чыгып кетишти.Мен да ойлонуп калдым бир жагынан ата энемдер жемелешти.Бир куну тааныш эжем озунун алыс иниси кыз издеп атканын аны менен жолуп корушумду айтты Бул дагы Замирлердин айлынан экен.Кашы коздору кара мен кандай баланы жактырсам ошондой сулуу болуп чыкты.Келесоо экен элем менин оюмча эрди адам кылыш аялдын колунда аял эмнени айтса эр ошону угат деп ойлочум.Дароо эле макул болдум,сен арак ичесинби же тамеки тартасынбы деп сурабадым.Ангыча апамдарда угушуптур,ал жонундо сураштырыптыр жакшы бала деп айтпаптыр эч ким.Мен эч кимди укпадым мейли жаман жагын озум ондоп алам деп айттым.Ошентип 10кунго жетпей тоюбуз болду.Бир ай жакшы жашадым тынч анан ичип келмей кызганып тополон чыгармай башталды.Кой антпе мындай кыл дечу болсом кол которуп уруп таштайт...Улан анан жазам
- (2 )
-
- 1
- 2
Бакыт сулуулукта эмес жүрөктө, ыйманда!
#2 07 March 2014 - 21:58
Шашылбоо керек болчу да.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#3 07 March 2014 - 22:20
Ошентип жашоомдо чон ката кетиргенимди тушундум.Тез эле боюмда болуп кады торгучо да озгорбоду ичип келет ал аз келгенсип кумар ойноп банкрот кылат кайнатамдарды.
Эки кундун биринде когала болуп апамдыкына барып калам жалдырап экинчи ичпейм деп алып келет эки кундон кийин дагы эле ошол аквал.Эшике чыкса коркуп журогум титиречу болду соо келсе экен деп.Тородум апамдар ажыраш онолбойт дешти.Бирок ажырашуу олум менен барабар эле мен учун.Баламды карап ыйлагым келет жетим калат деп,бир чети элден уялам чыдап жашай бердим балам бир жашка чыканда апам алып калып,Орусияга жонотушту иштесе онолор бекен деп ал жакта иштеп акча тапкыча мага жалдырап экинчи ичпейм деп соз берип журду,иштеп акча тапкандан кийн ого бетер кутуруп акчасын чачып ичти.Менин болсо боюмда бар дагы,созумдумду укпайт бироонун элинде ичип бир нерсе болсо эмне кылам деп андан бетер тынчым кетти,ичип келсе тополон кылып бир куну мени кочо чыгарып койду боюмда бар чужой жерде эмне кылышты билбей кыштын куну аялдамада отурам артымдан чыкпай ичкенин улантып ыссык уйдо отурду,мен болсо бироонун уйундо тунодум,эртеси келсем кечирип кой экинчи антпейм дейт дагы эле ошол.Апамдарга айтпайм же боюмда бар экенин же арак ичкенин торогучо чыдап журдум.Тороор убагым келгенде мени самалетко салып коюп калды.Уялбай уйго барып тородум.Апамдар урушушат эмнеге дагы боюнда кылдын деп,мен баланы алдырып коюдан корктум унчукпай кутулдум.Ал да торогонумдо келди бирок онолбоду .Озум бышырган ашты озум жейм деп чыдап журдум.Балдарымдын чону 4кокичинеси 2ге чыкканда дагы апама таштап орусияда иштеп журобуз,себеби уй салыш керек чон келинибиз.Уйго ыйлап бара берип си ндилерим да турмушка чыккысы келбей калышты мени коруп,аларга да айтам жузу сулууну эмес ыйманы сулууну тандагыла деп.Ошондон кийин синдилериме жуучу чыкса ата энесин жакшы суруштуруп баланы сурашып анан берише турган болушту.Кудайга шугур азыр куйоо балдарым баары ичпеген чекпеген жакшы балдар.Уялганым Замирди тез тез коруп турам иштеген ишинен которулуп уй булосу менен жакшы жашайт .Бир жолу аябай жупуну кийингемин жудоп куйоом менен баратсам алдымдан чыкты уялганымдан олуп калайын дедим.Ал да ойлосо керек тийгенин ушул экен го деп.Ал эми мени биринчи алып качкан бала болсо айылга этаж уй салып ал да жакшы жашайт.Жаштык кылдымбы же тагдырбы эмнеге аларды кордодум деп окуном ошолордун бирине тийгенде балким мен да оз элимде балдарым менен чогуу жакшы жашайт белем деп окуном.Алты жыл корбогон кунду кордум кудайдан куйоомо ыйман сурайм жакындан бери кудайга шугур оноло баштады арагын таштады,бирок дагы эле коркуп калыпмын бмр жакка чыкса соо кеосе экен деп тынчым кетет ишкне албайм.Айтарым жаш кыздарга турмушка чыкканда жакшы сурап билип анан ыймандуусун тандагыла..
#4 07 March 2014 - 23:12
Күйөөң кайда азыр? Эгер бул жазганыңы окуса кандай ойдо калат экен а. Айрыкча, Замир ишинен көтөрүлдү,беркиси этаж үй салды деп арман кылганыңды.
......! Эркектердин көпчүлүгү эле ичет да.
#5 07 March 2014 - 23:21
Каттуу тийсе кечиресиз автор,сиздин окуянызды окуп бир макал эске тушуп кетти"тандаган тазга ,тайгылат музга"деген,
бул да болсо бешененизге жазылганы ,тагдырдан качып кутула албайбыз .Антип кооп сыгылып ойлоно бербениз.
#6 07 March 2014 - 23:27
Күйөөң кайда азыр? Эгер бул жазганыңы окуса кандай ойдо калат экен а. Айрыкча, "Замир ишинен көтөрүлдү,беркиси этаж үй салды" деп арман кылганыңды.
......! Эркектердин көпчүлүгү эле ичет да. Эмне турмушка чыгаарда, ичпейсинби деп сурап анан тийгиле дейсинби? Аял киши күйөөсүнүн "жаманын жашырып жакшылыгын ашырып" жүрүш керек. Азыр күйөөң жаныңда,балдарың айылда,сенден өткөн бактылуу адам жок. Калганын аста секин курап аласыңар да. Андай этаж үйдү иштесеңер силер да салып аласынар.
P.S. (Мага бирөөлөргө акыл айтканды ким койду дейм да. Өзүм өлөлбай араң жүргөндө.)
P.S. (Мага бирөөлөргө акыл айтканды ким койду дейм да. Өзүм өлөлбай араң жүргөндө.)
#7 07 March 2014 - 23:28
Күйөөң кайда азыр? Эгер бул жазганыңы окуса кандай ойдо калат экен а. Айрыкча, "Замир ишинен көтөрүлдү,беркиси этаж үй салды" деп арман кылганыңды.
......! Эркектердин көпчүлүгү эле ичет да. Эмне турмушка чыгаарда, ичпейсинби деп сурап анан тийгиле дейсинби? Аял киши күйөөсүнүн "жаманын жашырып жакшылыгын ашырып" жүрүш керек. Азыр күйөөң жаныңда,балдарың айылда,сенден өткөн бактылуу адам жок. Калганын аста секин курап аласыңар да. Андай этаж үйдү иштесеңер силер да салып аласынар.
P.S. (Мага бирөөлөргө акыл айтканды ким койду дейм да. Өзүм өлөлбай араң жүргөндө.)
P.S. (Мага бирөөлөргө акыл айтканды ким койду дейм да. Өзүм өлөлбай араң жүргөндө.)
#8 07 March 2014 - 23:57
Рахмат кенешинерге мен байлыкка кызыкпайм жон гана жаштыгымда адашып коп кыйынчылыкты башыман откоздум ошого.Суу бир ылай болуп анан тунуйт деген ушу окшойт,кудайга шугур азыр бары жакшы.Анан ал айткан адамдардын ыйманы акыл эси бар учун ушу ийгиликтерге жетсе керек деп
ойлойм.Мен жаштыгымда тилекке каршы кайсы жашын тандашты билбепмин,же бешенене жазганын кормойунчо адам тагдырдан качып кутула албайт окшойт.
ойлойм.Мен жаштыгымда тилекке каршы кайсы жашын тандашты билбепмин,же бешенене жазганын кормойунчо адам тагдырдан качып кутула албайт окшойт.
#9 08 March 2014 - 00:06
Замирге турмушка чыга бербейт беленииз. Сабырдуу жан экенсиз, дагы да сабыр кылыныз. Баары эле ичет да,
#11 08 March 2014 - 01:25
Адам өз жолун өзү тандайт..
Сабырдуулук менен жеңген экенсиз ушул убакытка чейин, дагы да бир ааз чыдап коюңуз. Буйруса оңоло баштаптыр күйөөңүз дагы альхамдулиЛляхъ.
Анан өткөндү эстеп өкүнгөндөн пайда жок. Тек гана оору илештиресиз өзүңүзгө. Бактылуу болуңуз!
Сабырдуулук менен жеңген экенсиз ушул убакытка чейин, дагы да бир ааз чыдап коюңуз. Буйруса оңоло баштаптыр күйөөңүз дагы альхамдулиЛляхъ.
Анан өткөндү эстеп өкүнгөндөн пайда жок. Тек гана оору илештиресиз өзүңүзгө. Бактылуу болуңуз!
В каждой шутке есть доля правды...
#12 08 March 2014 - 03:44
Урматуу автор.
Копчулук учурда уй-булонун бузулушуна бирден-бир себеби динден тушунугу жок болгону себепкер болот.
Ошондуктан куйоонузду даваатка жонотунуз..
Бул сизге да,куйоонузда да жакшы жагын корсотот.
Озунуз да намаз окунуз.
Намаз окууган адам эч качан арак ичип,жаман жолго барбайт.
Копчулук учурда уй-булонун бузулушуна бирден-бир себеби динден тушунугу жок болгону себепкер болот.
Ошондуктан куйоонузду даваатка жонотунуз..
Бул сизге да,куйоонузда да жакшы жагын корсотот.
Озунуз да намаз окунуз.
Намаз окууган адам эч качан арак ичип,жаман жолго барбайт.
Мой муж-мой рай! И пусть Аллах даст мне такого имана которое я смогу вместо с ней открыть дверь Рая. Ин ша Аллах
#14 08 March 2014 - 10:31
Kudai sakta oshondoi erlerden,men da kichine kyzyma azyrtadan tilem baktysyn achsyn,jakshy erge tyisin dep.Kainenem aitat ele ayaldyn eri jakshy bolsun dep,eri menen omur boyu jashait dep jaman bolso kor bolgonu osho dep.Ar bir adamga juroguno yiman bersin. Avtor siz ushuncha chydapsyz emi myndan kyinkisine chydap jashai berin,baktyylu bolun jaratkanym bakytty echkimden airybasyn.
#15 08 March 2014 - 11:22
Жаштык- мастык деген ошо да.
Никогда не путай мой характер с моим отношением.
Мой характер зависит от меня, а мое отношение - от твоего поведения.
#16 08 March 2014 - 12:18
негизи эле кыздар ушундайбызда озубузду озубуз кылабыз пешене деп отуруп калабыз,бактылуу бол
#17 08 March 2014 - 12:53
Азыр эми баары ордуна келип атса анда окунгон деле болбойт.Бул эми сиздин пешенинизге жазылган тагдыр.Куйоонузду Замир же берки этаж уйдун ээсине салыштырбаныз.
Куйоонузго да ынсап берип калса сиздер деле ошол ахвалга жетесиздер.
Жакшы тилек кылып,куйоонузду сыйлап,балдарыныздын жакшы балдардан болуп чоноюшун тилек кылыныз.Баарына чыдапсыз эми мындан кийинкисине да чыданыз.Мурункуларды эстеп озунузду жемелебей,алга гана умтулунуз.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........
#19 08 March 2014 - 13:26
саламатсынарбы.
Негизи суллу адамдардан качыш керек, алар ичи курттап кетке алмага окшош. Жигиттер жонундо айтсам жашоодо коп эле сулуу жигиттерге жолуктум бардыгы дебесем да 85% женил ойлуу ичкен чеккендер деп айта алам.
#20 08 March 2014 - 13:39
Эжеке сабыр кылыныз дагы да аллага мин мертебе шугур кылыныз азыр ичпей калган болсо.
- (2 )
-
- 1
- 2

Супер-Инфо
super.kg
видео

















