Суперстан: Таасирлүү окуялар - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Билерман
  • > Дин жана философия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (59 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 12
  • 13
  • 14
  • 15
  • 16
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Таасирлүү окуялар Аңгемелер, ой-толгоолор

#261 Пользователь офлайн   vankuver   02 Март 2014 - 14:10

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 080
  • Катталган: 05 Июль 13
  • Соңку аракети: 05 Мар 2015 01:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:планета Кыргызстан

Тамакты жалгыз жеген киши кыйынчылыкты да жалгыз тартат
.

Аалам адам үчүн жаралган, адам аалам үчүн жашайт.
.
Акылдуу адам өзүнүн жасаган ишине ишенет, акылсыз үмүтүнө ишенет.
.
Эгер адамдардын эң мыктысы болгуң келсе, алардан эч нерсеңди аяба.
.
Башкалар үлгү кылган киши бактылуу эмес, башкалардан үлгү алган киши бактылуу.
.
Өз өмүрүн акыл жана билим топтоого арнаган киши эч качан өлбөйт.
.
Уят, шермендечилик өмүрдөн да узунуураак.
.
Сараң бай март кедейден да жарды.
.
Чыныгы адам ташты да нанга айлантат.
.
Чоң уулуңду жакшы тарбияласаң кичүү уулуң өзү эле тарбияланат.
.
Картайган кезде билим алуу - кумга кат жазгандай. Жаш кезде билим алуу - ташка тамга баскандай.
.
Өзүң жетишкен бир тажрыйба бирөө берген жети кеңештен артык.
(Араб макалы)
.
Пайда табуу үчүн дос болушкандар өмүр бою чырдашып өтүшөт.
.
Бирөөнүн акылын аңдаш үчүн бир-эки эле саат жетиштүү. Бирок бирөөнүн мүнөзүн түшүнүш үчүн көп жылдар керек болот.
.
Эгер кыйкырыктын күчү менен эле үй салууга мүмкүн болгондо эшек бир көчө там куруп салмак.
(Перси макалы)
.
Жалкоо киши үчүн үйдүн босогосу да тоодогу ашуу сыяктуу.
.
Сагызгандар бириккен кезде алардан бүркүт да сестенет.
(Түрк макалы)
.
Тамакты жалгыз жеген киши кыйынчылыкты да жалгыз тартат.
(Азербайжан макалы)
.
Эгер душманың сенин сырыңды билишин каалабасаң, анда, сырыңды досуңа да айтпа.
.
Өзүн аалым эсептеген наадандан кач.
.
Адилет сотко муктаж болбош үчүн өзүң адилет бол.
(Кабус)
.
Калпычы деле ууру сыяктуу: ууру сенин мүлкүңдү уурдаса, калпычы акылыңды уурдайт.
(Аль-Хусри)
.
Согуш-баатырды, ачуу - даанышманды, жокчулук - досту сынайт.
(Аль-Харизи)
.
Эгер күнгө далыңды салып турсаң, өзүңдүн көлөкөңдү гана көрөсүң.
(Джебран)
.
Кенебестик бардык жамандыктардын себепкери.
(Джами)
.
Бирөөнүн кулу болуп алтын кемер тагынгандан көрө, маңдай териң менен тапкан нанды тынч жеген артык.
.
Айкөл жүрөк башкалардын кайгысынын эсебинен курулган бакты-таалайдан баш тартат.
.
Эрдик булчуңдун күчүндө же кылычты чебер шилтей алгандыкта эмес. Эрдик - бул өзүңдү башкарып, адилет боло алуу.
.
Көңүлү жок окуучу канаты жок куш сыяктуу.
(Саади)
.
Бактысын баалай албаган киши бактысыздыкка туш болот.
(Ибн Сина)

Кай жерде болбо, ар дайым, ар качан, туболукко журогумдо жашайсын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#262 Пользователь офлайн   dina   03 Март 2014 - 14:24

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 593
  • Катталган: 17 Сентябрь 10
  • Соңку аракети: 23 Янв 2022 19:00
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек-Ankara

Тайыз каз

Жалган күнөө жаба коюп башкага,
Оңой болот ким бирөөнү айыпташ.
Бирок билгин, билинбестен акырын,
Бул айланат чоң илдетке айыкпас.
Өзүң үчүн жеңил болот чыкканга,
Сен бирөөгө ор казганда тайыз каз.


Бир күнү койчу бир адамды капа кылып коёт. Ал ичинен кекенип калат да, ыңгайлуу бир учурда өч алууну чечет. Койчу ар күнү бир жол менен малын айдап чыгып жайып, кайра ошол жол менен келерин билчү. Ошентип, ал адам койчунун жолуна аң казып коюуну ойлойт да, тун жамынып барып каза баштайт. Ал ушунчалык өч алгысы келгендиктен, аңды казып жатып, улам-улам койчунун аңга түшкөнүн элестете берет. Кантип кулап түшөрүн, кантип кыйкырып жардам сурарын, ээси жок малдарынын туш тарапка жайылып кетерин ойлоп, тапкан акылына кудуңдап сүйүнөт. “Өзү түшпөсө да койлору же эчкилери түшөт да, чыга албай өлөт. Аны болсо койчу төлөп берет” деген ой менен тынбай каза берет. Бир убакта таң агарып кеткенин байкайт. Бирок өч алуу максатында түнү бою казган аңы ушунчалык терең болгондуктан, андан өзү да чыга албай калат. Койчу болсо күндөгүдөй коюн жайып аңды айланып өтүп кетет.
Бирөөгө ор казарда жакшылап ойлонгула, оюңарда дагы өч алуу максатында ор казбагыла. Себеби ошол орго түшө турган биринчи адам ор казгандын өзү болот.

...Ачуусун сабыр менен баскандар, адамдарга кечиримдүү болгондор (ушулар такыбалар)! (Куран).

Кекчил болбой эпчил бол. (Макал).

Кечиримдүү болуу – алсыздыктын белгиси эмес.
Кечирүү – күчтүү адамдын сапаты. (Жами).

Жамандыкка жамандар гана жөндөмдүү. (У.Шекспир).

Атлас жапсаң да, эшек
Адатын койбойт дешет (Саади).

Сүрөт
Буйруса, сиздин көчөңүздө да той болот...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#263 Жолоочу_Kosmopolitka_* 04 Март 2014 - 11:13

  • Тайпасы: Жолоочу
  • Соңку аракети:

Тема: УЗУЛОР АЛДЫНДАГЫ ОКУНУУ.

Бир жолу кийим бычып тиккен уста,кудай жолунда жургон адамга кайрылат.
- Алланын элчиси (САВ) айтканы боюнча,(Алла) куноолу адамдын жана анын денесин таштап чыгып жатып анын тамагына келгичекти, адам Алладан куноосунун кечирилишин сураса кабыл болот экен. Буга эмне дээр элениз?
Кудай жолунда жургон адам;
- Сиз кайсыл кесиптин ээсисиз?
- Мен тигуучумун. Кийим тигем.
- Кийим тигуудо эн жонокой жумушунуз эмне?
- Кайчы м.н кездемени кесуу.
- Канча жылдан бери бул жумушту кыласыз?
- Отуз жылдан бери.
- Сенин жанын дененен чыгып жатып,тамагына жеткенде кездемени кайчы м.н кесе аласызбы? Мени укчу! Эгер сен отуз жылдан бери жасап келген жумушунду ошол маалда жасай албасан сен ошол маалда кечирим да сурай албайсын. Ошол учун кечиримди бугунку кундон баштап сурагын,себеби бугун сенин убактын да,кучун да,шартын да бар...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#264 Пользователь офлайн   Karagulov90   10 Март 2014 - 21:23

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 916
  • Катталган: 24 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 10 Май 2015 08:39
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Санкт-Петербург

Жашоо сенин колунда"


Биздин подъездин 2 чи кабатында биркыз жалгыз жашачу... Кочуп келгенине азэле болуп калды, озу аябай татынакай,жада калса мен кыз башым мененсуктанаар элем... Коздору капкара, чачыбелинен ылдый тушкон, бети апапакай,тим эле коздун жоосун алат, бирокэмнегедир кийингени,шумдуктуудай болчу,коргон адамды уялтып жиберет, чонкишилерден деле уялбачу, койкондопбасып отуп кетет мини юбкасын кийипалып, анан кантип ал кыз жонундо жакшыойлой аласын, эрте менен чыгып туну бирубакта келээр эле, биздин уй дагы Экинчикабатта болгон сон, анын кирип чыкканынбилип турат элем... Шынкылдап кээдеэркектерди жетелеп келет, кээде ичимдентообо кылып коем... Ата энеси жокпу депда ойлоп коем, болбосо эмнеге мынтипжурот? ?? Ал кызды баары соз кылыпжаман короор эле... Бирок кундор отуп алкыз корунбой калды, кочуп кеткен го депойлодум. .. Тамак жасап жатып терезениачып коеюн дедим, сыртты карап коргонкозумо анча ишене албай жаттым, козумдукайра кайра укалап жатып карадым, чынэле ошол кыз экен, тан калганым, ал кызхиджап кийимин кийип алыптыр, уйдуналдындагы олтургучта олтуруптур. ..Жоолуктун жарашканын айтпай элекоеюн, жомоктогу перидей, бир жерденкозун албай тигилип турду, кыязы теренойго батыр кеткен го... Ичимен бул кыздыбул жолго эмне алып барды депкызыктым. .. Ошол куну кечинде эшиктибироо тыкылдатты, ачсам ошол кыз экенмага жылмайып май токоч берип кетти,жылмайганы менен ону бозоруп турду,козу дагы шишип калыптыр... Ичимденбоорум ооруй аяп кеттим... Эртесиокуумдан келе жатсам, ошол олтургучтадагы деле ойлонуп олтурат, жанынан отупкете албадым, жанына барыпсаламдашсам, башын суз гана ийкепкойду, жанына олтуруп эмнеге капа экенинсурагым келди, бирок сурай албадым... Биркезде озу, омур мынча таттуу э деп созбаштап калды... Эмне дееримди билбейкалдым. .. Ичимден жиндиби деп дагыойлоп калдым.. Артыма бурулуп кетипжатсам, тура турунузчу деди... Эмнегедесем, мен жинди болойун деп калдымойлоно берип, ичимдеги куйутумдуайтпасам жарылып кетем деп ыйлапжиберди. .. Эмне деп соороторуму билбейкалдым. .. Жанына барып олтурдум...Козунун жашын аарчый, менин атымАлина, 20 жаштамын, ата энемдин жалгызкызымын, аябай эрке остум, кыламдегеними кылдым, чонойгон сайын тункуклубдарга бара баштадым, ата энемдикакшаттым, онол кызым деп какшанабергендеринен уйдон чыгып кеттим депкозунон агып жаткан жашын аарчыды...Бир жума мурун башым ооруй бергениненооруканага барсам, башымда шишик барэкен, рак экенсин деп айтышты, ашыпбарса бир ай эле омурум калыптыр деп,боздоп ыйлап жиберди... Менин да козумкаканактап калган болчу, озумду аранкармап, Алинаны сооротуштун айласыниздедим. .. Бирок ал жашын аарчый дагысозун улады .. Ошентип бир айлыкомурумду кудайдан кечирим сурапоткозгум келди, беш убак намаз окупкалдым. .. Ушул жашка чейин коп куноокылдым, апамдын ак сутун актай албадым,ата энемди коп азапка салдым, мен бакытдеп, сулуу жигиттерди, модалуукийимдерди, байлыкты деп ойлопмун,корсо бакыт такыр башкача экен, бакытбул ата эненди бактылуу жузун коруу,бакыт ААта энемдин дени сак журуу..Бакыт бул калкымдын тынч жашоосуэкен. .. Намаз окуп мына ошолордутушундум, эн башкысы адамдардын сагадеген ою, мамилеси такыр озгорот экен, аменин Жан дуйном тазаргандай болду,аттин ушул нерселерди кеч тушунгонумоаттин кылам... Азыр эле балдар уйунотамак аш жеткизип, келдим... Менин дагыошондой ширин балдарым болот эле,бирок кайдан, мандайыма ушундай тагдыржазылыптыр, аттин кайра жаралып калсамбашкача жашамакмын. .. Ата энемди эчкачан таарынтмак эмесмин, ар биркунумду Бекер откозмок эмесмин... Депжашын токту... Менин дагы жашымсалаалап агып жаткан, ошол кызды коруп,ойлонуп олтуруп калдым, демек биз качаноо дуйного кете турганыбызды Билеалбайт экенбиз, демек ар бир кундукомурубузду Бекер откозбошубуз керекэкен, себеби бир Сааттан кийин эмне болотурганын Биле албайбыз, эмне болгонкундо дагы, биз адам экенибиздиунутпашыбыз керек экен... Себеби бир кунболбосо бир кун, жузундогусулуулук, бырышка айланат, тонналапжыйнаган акчан сапырылып жок болот, аадамдык касиет эч качан эскирбейт... Ошолкундон уч кун откон сон Алина оо дуйногокете берди... Байкуш ата энеси жалгызкызым деп сыздап кала беришти, алардыкоруп мен дагы ыйлап турдум...

Билдирүүнү түзөткөн: Karagulov90: 10 Март 2014 - 21:25

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#265 Пользователь офлайн   Lucky.Star   12 Март 2014 - 13:39

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 94
  • Катталган: 14 Февраль 14
  • Соңку аракети: 04 Сен 2017 20:15
  • Жынысы:Аялзаты

МОМУНДУ БИЙИК ДАРАЖАЛАРГА КӨТӨРҮҮЧҮ СООПТУУ ИШТЕР

· Алла Тааладан анын жолунда шейит болууну суроо.Себеби эгер ыкылас менен шейиттикти сурап бирок ал жүзөгө ашпай калса да , Алла таала ал пендесин шейиттердин даражасы менен сыйлайт. Пайгамбарыбыз сахих хадисте : «Ким Алладан чын ыкыласы менен шейиттикти сураса, төшөгүндө өлсө да шейиттердин даражасына жеткирет» - деген.

· Пайгамбарыбыз (саллаЛлаху алейхи ва саллам) мындай деп айткан: «Силерден ким даарат алса, дааратты (кемчиликсиз) толук алса, андан соң : «Ашхаду аллаа илааха иллалоху ва ашхаду анна Мухаммадан абдуху ва росуулух», - деп айтса, ал үчүн бейиштин сегиз эшиги ачылып, ага каалаганынан кирет». Эми карап көрөлүчү, мусулман киши ар күнү алып жаткан даараты көп машакатты деле талап кылбайт. Ал оор бир иш дагы эмес. Тескерисинче, ал көңүлдү курсант кылуучу тазалык болуп эсептелинет. Чындыгында шариат Ээси момундарды ушундай жакшы ишке үндөп, мына ушул ишке чоң соопту жана улуу сыйлыкты тартуулап койгон.

· Ар айда үч күн орозо тутуу.Айрыкча, «Аййаамул бийз» (Ак күндөр) деп аталган он үчүнчү, он төртүнчү жана он бешинчи күндөрүндө тутуу сооптуу иштердин катарына кирет. Бул орозонун сообу, бир жыл орозо туткан кишинин сообундай болот. Пайгамбарыбыз (саллаЛлаху алейхи ва саллам) өзүнүн хадисинде: «Ар айда үч күн орозо тутуу бир жыл толук орозо туткан сыяктуу» деген. Мына ушул күндөрдүн сообунун артыкчылыгы үчүн Пайгамбарыбыз (саллаЛлаху алейхи ва саллам) үйдө да, сапарда да ал күндөрдө ооз ачпай орозо тутаар эле.

· Тирмизий риваят кылган хадисте Пайгамбарыбыз (саллаЛлаху алейхи ва саллам) мындай дейт: «Ким Алланын китебинен бир тамга окуса , ага ошол себептүү бир сооп болот. Ал эми бир сооп он эсе болот. (Мен) Алиф , лам ,мим бир тамга деп айтпаймын. Бирок Алиф бир тамга, лам бир тамга жана мим бир тамга». Демек, Курандан бир тамга окуган киши заматта мына ушундай он соопко ээ болот. Ошол себептен аалымдар ар бир мусулман киши ар күнү Курандын бир бөлүгүн окуп туруусун жактырып туура көрүшкөн. Себеби Пайгамбарыбыз (саллаЛлаху алейхи ва саллам) айткандай : «Амалдардын Аллага эң сүйүктүүсү аз болсо да, дайыма уланып турганы»
Бактылуу болгум келет!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#266 Пользователь офлайн   Lucky.Star   12 Март 2014 - 13:58

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 94
  • Катталган: 14 Февраль 14
  • Соңку аракети: 04 Сен 2017 20:15
  • Жынысы:Аялзаты

КААБА ТУУРАЛУУ КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР

Прикрепленное изображение: b5b56b2ae93d3dc958cf0c21c9383b18_M.jpgjpg]
Жер жүзүндө Кааба сыяктуу урматка татыган ыйык жай жок. Миңдеген адамдар күнгө 24 саат бою бул ыйык жайды айланып, Аллага сыйынышат. Миллиондогон адамдар күнүгө беш маал (нафил намаздарды эске албаганда) Каабага жүздөнүп, Кудайына табынышат. Бул имарат адамзат үчүн маанилүү.

Каабанын тарыхы биздин өтмүшүбүз тууралуу кызыктуу баян гана эмес, мусулмандардын башын бириктирген, сыйынууга чакырган ыйык жер. Ал биздин өткөнүбүз менен байланыштырып, түбөлүк максатыбызды эске салат. Бүгүн мусулман бири-биринен алыстап баратса, бизди ажыратпай турган жалпы энчибизди көңүлгө кылт эттирет... Бул биз муктаж болгон биримдиктин символу.
Прикрепленное изображение: 1978711_576772272413080_742851909_n(1).pngpng]
1. Ал бир нече жолу кайра курулган

Бүгүнкү биз көрүп жүргөн Кааба алгачкы абалынан кыйла айырмаланат. Убакыттын өтүшү менен жаратылыштык жана технологиялык таасирлер Каабаны алгачкы абалынан кыйла өзгөрткөн. 1996-жылы болгон реконструкция иштери Каабанын пайдубалын бекемдеп, чатыры жана кыналган таштардын айрымдары алмаштырылган.


2. Эки эшик жана терезеси болгон

Байыркы Каабада кирүү жана чыгуу үчүн 2 эшик боло турган. Кайсы бир убактарда терезе да бар эле. Бүгүнкү Каабада бир эшик бар, бирок терезе жок.

3. Түрдүү түстө эле...

Биз алтын түс менен саймаланган кара жабуулуу Каабаны көрүп көзүбүз көнүп калды. Башкача да элестете албайбыз. Кааба аббасиддердин убагында да ушундай өңгө келген. Буга чейин, Кааба жабуусу ар түрдүү өңдү камтыган. Жашыл, кызыл, ак түстөрүн көрүүгө болот эле.

4. Ачкычы ар качан бир үй-бүлөөдө гана сакталат

Пайгамбардын (саллаЛлаху алейхи ва саллам) убагында ажылык жөрөлгөлөрү белгилүү курайш уруусунан чыккан адамдардын жетекчилиги менен өткөрүлчү. Меккени мусулмандар алганда Алла Элчиси (саллаЛлаху алейхи ва саллам) ачкычты Бани Шайбанын бүлөөсүнөн болгон Осмон ибн Талхага тапшырган. Алла Элчиси (саллаЛлаху алейхи ва саллам) бул кебинде мындай дейт: «Оо, Бани Талха! Буларды алгын. Эгер адилетсиз жана заалым эле болбосо, Кыямат Күнгө чейин муну силерден эч ким талаша албайт». Жогорку даражадагы халифтер, султандар жана падышалар Алла Элчисинин (саллаЛлаху алейхи ва саллам) сөзүнө урмат кылышып, меккелик бул үй-бүлөнүн уруксаты менен гана Каабага кире алышат.

5. Кааба эшиктери баардыгы үчүн ачык болгон

Мурда Кааба эшиги бардык каалоочулар үчүн ачык болуп, жумасына 2 жолу ичине кирип сыйынууга жол бар эле. Зыяратчылардын көптүгү жана башка факторлордон улам бүгүн Кааба эшиги жогорку даражадагы тараптар менен эксклюзивдүү меймандар үчүн гана ачылып калды.

6. Чынында, эки Кааба бар...

Асмандын жердеги Каабага тушташ аймагында да Кааба бар. Бул тууралуу Куранда айтылат. Пайгамбар (саллаЛлаху алейхи ва саллам) миражга көтөрүлгөнү тууралуу мындай деген эле: «... Кийин ага Аль-Байт-алб- Маьмурду (т.а., Аллахтын үйүн) көрсөтүштү. Мен Жебрейилден сурадым: «Бул эмне?» Ал: «Бул Аль-Байт-алб- Маьмур. Бул жерге күнүгө 70 000 периште сыйынып кетишет жана кайра кайрылып келишпейт. Алардын ордуна күнүгө башка периштелер келип сыйынып турушат».

7. Кара таш талкаланып, кайра куралган...



Каабадагы кара таштын күмүш алкакка орнотулганын себебин билбесеңиз керек. Кара таш орто кылымдарда курмутиддердин колунан жапа чеккен. Алар ажылыкты жок нерсеге ишенүү деп жарыялашып, миңдеген зыяратчыларды өлтүрүшүп алардын сөөктөрүн Зам-Зам башатына ыргытышкан. Курмутиддер кара ташты уурдап кетишип, 22 жылдан кийин кайтарып беришкен. Бирок, кара таш талкаланган абалда келген. Ошол себептен кара таш күмүш алкакка карматылган. Тарыхчылардын билдирүүсүндө, таштын бардык бөлүктөрү толук табылган эмес.

8. Баштапкы Кааба мындай чарчы формада эмес эле...

Ооба дал ошондой. Азыркы чарчы формадагы Кааба алгач тик бурчтук формасында курулуп баштаган. Пайгамбарыбыздын (саллаЛлаху алейхи ва саллам) пайгамбарчылыгына чейин курайшиттер Каабаны кайра курууда адал каражатты жумшоо тууралуу чечим кабыл алышкан. Адал каражатка болгон талап күчтүү болгондуктан талап кылынган каражат курулушка жетпей калган. Курайшиттер Каабанын эзелки формасын белгилеп анча чоң эмес дубалды көтөрүшкөн. Азыр бул жер «Исмаилдин көчүүсү» деп аталап, бул жерде окулган намаз Каабанын ичинде окулганга барабар деген түшүнүк бар. Пайгамбарыбыз Мухаммед (саллаЛлаху алейхи ва саллам) өмүрүнүн акыркы жылдары мурдакы калыбына келтирүүгө ниеттенген бирок, бул тилегине жетпей калды.

9. Мусулмандар Каабага да, кара ташка да сыйынышпайт!

Эмне үчүн мусулмандар Каабага сыйынышат? Чын эле мусулмандар кара ташка сыйынышабы? деген суроолор көп учурайт. Буларга жооп: Мусулмандар Каабага дагы, кара ташка дагы сыйынышпайт. Кара таш ыйык үйдү кайсы тарабынан баштап айлануу керектигин багыттаган гана кызматты аткарса, Кааба мусулмандарга сыйынган тарабын аныктап берет. Пайгамбарыбыздын (саллаЛлаху алейхи ва саллам) эң жакын сахабасы Умар (Аллах андан ыраазы болсун) Каабаны айланып жатып, кара ташты өптү да, «Сен жөн гана ташсың, зыян дагы, пайда дагы бербесиңди билем. Эгер мен Аллахтын Элчиси (саллаЛлаху алейхи ва саллам) сени өпкөнүн көрбөгөнүмдө, мындай кылбайт элем»,-дейт. (Бухарий)

Билдирүүнү түзөткөн: Lucky.Star: 12 Март 2014 - 14:00

Бактылуу болгум келет!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#267 Пользователь офлайн   Lucky.Star   12 Март 2014 - 14:02

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 94
  • Катталган: 14 Февраль 14
  • Соңку аракети: 04 Сен 2017 20:15
  • Жынысы:Аялзаты

АДАМДЫН ТОПУРАКТАН ЖАРАТЫЛГАНЫН ОКУМУШТУУЛАР ДА ИЗИЛДЕП ЖАТЫШАТ

Окумуштуулар адамдын топурактан жаратылгандыгын тастыктаган изилдөөлөрүн жарыялап жатышат. АКШдагы Корнелльский университетинин нанотехнологиялар факультетинин биоинженерлери топурак жердеги жашоонун булагы болушу мүмкүн деген тыянакка келишкен. Окумуштуулардын теориясы боюнча топурак көптөгөн минералдардын жыйындысынан турат. Топурак молекулалар жана химиялык заттардын көбөйүүсүнө ыңгайлуулук түзүп, аларды өзүнө сиңирип алат. Бул процесс аралыгында топодогу миллиарддаган жылдар сиңип жаткан заттарда реакция жүрүп, белок, ДНК , тирүү клеткалар калыптанат.
Куран жазмасында канча кылымдар илгери эскертилген адамдын жаратылуусун түшүнгүсү келбеген динбезерлер маймылды «ата» тутуп жүрүшөт.
Кудай сөзүндө тастыкталган чындыкка Кудай өкүмүнө баш ийүүчүлөр гана ишенишет. «Топурактан келип, топуракка кетебиз» деген жөнөкөй тартип менен дүйнөнүн көз жоосун алган кооздуктарына көз артпай, топуракка кетүүгө кам урган ар бир адам жаралуу тарыхы менен жаралыш максатын жадысына түйүп, ошого гана аракет жумшайт. Адамдын жаралуусун далилдегенге далбас кылгандарга улай, илимпоздор жаралыш максаттарды аныктаган туура аныктамаларды чыгарып, моюн толгогон пенделерге жеткирсе ажеп эмес. Балким, Кудай сөзүнө акылы жетпегендер илим сөзүнө муюп калышар. Кандай болгон күндө да жаралуубуз менен максатыбызды түшүнүү үчүн Жараткандын Өзүнө муктажбыз.
Бактылуу болгум келет!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#268 Пользователь офлайн   dina   14 Март 2014 - 17:04

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 593
  • Катталган: 17 Сентябрь 10
  • Соңку аракети: 23 Янв 2022 19:00
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек-Ankara

Кайрымдуулуктун пайдасы


Сүрөт


Жаңы ачылган дүкөнгө эски кийимчен бирөө келип, колундагы шапкасын көргөзүп: “Бул шапканы өткөндө сизден алдым эле. Караңызчы кандай болуп калганын, кийгенге болбой калды”, - дейт. Дүкөнчү ошол замат: “Жаман болгон турбайбы, бул жактан каалаган шапканызды алыңыз, мен сизге белек кылам”, - дейт. Кардар сүйүнгөн бойдон үйүнө жөнөйт. Ал эл көп жерде жашагандыктан, бул окуяны баарына айтат. “Менин туруктуу киреше булагым ошол кардардан башталган”, - деп эскерет дүкөнчү. Андан көп өтпөй дагы бир адам келет да: “Сизден бир көйнөк алдым эле, жууганда эски кийимдей айрылып калды”, - дейт. “Андай болсо, өзүңүз каалаган көйнөктөн кайра жаңысын алмаштырып алыңыз”, - дейт дүкөнчү. Бул кардар кайрымдуулук фондунун мүчөсү экен, ал да дүкөнчүнүн жылуу мамилесине кубанат. Болгон ишти фонддо чогу иштегендерге айтып барат. Ошентип, ал дүкөнчүнүн атагы алыска угула баштайт. Бул көйнөккө байланыштуу окуя кийин жүз миңдеген кирешеге туйтунат. Бир нече жылдан кийин баягы шаарда дагы бир нече дүкөн ачат. Бир күнү дүкөнгө кичинекей бала жетелеген аял келип, дүкөнчүгө бир аз акча сунуп: “Азырынча ушуну алып туруңуз. Калганын таап келгенден кийин балама пальто сатып алайын”, - дейт. Анда дүкөнчү: “Жок, сиз пальтону азыр эле алып кете бериңиз, бала суукта үшүп жүрбөсүн. акча тапканда калганын төлөп коёсуз”, - дейт. Аял сүйүнгөн бойдон кетет. Үйүнө барып, пальтонун чөнтөгүн аңтарса, ичинде дүкөнчүгө берген акчасы толугу менен жүргөн экен.




Ар бир жасалган жакшылык иш садака-сооп иш болот (Хадис).

Аскадан ашуучу адам алгачкы кадамын жай шилтейт.

Шашма киши оозун коё берген аттай оолугуп барып чарчаган жылкыдай болот (Шекспир).

Элге сүймөнчүлүктүү болом десең, элди сүйө билгин (Л.Н.Толстой).

Атанын уулу болуш – урмат,

Элдин уулу болуш – баарынан кымбат (Макал).




Буйруса, сиздин көчөңүздө да той болот...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#269 Пользователь офлайн   AZIK01   18 Март 2014 - 22:19

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 391
  • Катталган: 28 Апрель 13
  • Соңку аракети: 02 Май 2023 00:44
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Остралия

Биз жолдо учураштык.Азан угулду.
-Жур жамаатка дедим.Бугун жума.
-Мечитке барбастыгымды билесинго, -деди.
-Билеминго, бирок качанга чейин барбайсын?
-Эмне десем экен.Рухум туура келбейт. Даяр эмесмин. Жада калса шымышдын тизелери да тытылып, туздогонум бузулуп калабы? -дейм.
Кулкум келди.
-Тамашалап жатасынбы?
- Жок, эч кандай тамашалашпай эле. Ак кийимди кир кылбасымды, так тушурбосумду билесинго?
Чындап эле, ошондой эле. Ак кийим коп кийет эле.Кийимдери таза, утуктолгон, саркеч эле...
Арадан эки ай отуп, кокусунан, анын жамаатта мечитте экендигин угуп калдым.Жугурдум. Жамааттагы намаз саптарынын эн башында эле. Акырын жанына барып, пас ун менен:
-Кана, бурадар, сага эмне болду? Мечитке барбаймын деп айтпаган белен? -дедим.
Ал ун катпады. Себеби, ал аппак матада оролгон бойдон табытта жатар эле. Ал учун жаназа намазын окулуусун кутоор эле.

Баарыңарга ьIůณан тынчтык, бекем ден соолук, эки дүйнөлүк бактылуулук каалайณ!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#270 Пользователь офлайн   rumaika5544   21 Март 2014 - 02:28

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 739
  • Катталган: 26 Февраль 14
  • Соңку аракети: 15 Авг 2019 23:03
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек.Кыргызстан.

эхх каанча моюнга албаганыбыз менен биз дагы ошол жакка,барабыз да.Аргасыздан Пушкиндин сөзү эске түшөт"намаз оку,сенин артыңдан намаз окула электе" деген.Эчкимдин бул дүйнөдө устун болуп калбайт.
«Будьте с людьми как дерево, когда в тебя
кидают камень, отвечайте плодами»
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#271 Пользователь офлайн   Lenin   21 Март 2014 - 09:11

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 780
  • Катталган: 20 Июнь 13
  • Соңку аракети: 11 Май 2024 11:28
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:http://marykaynsd.com/

Ввааще супер экен. Молодцы. Анан шашпай окуш кк экен.
marykaynsd. com- бул ссылка эмес.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#272 Пользователь офлайн   lazygirl   22 Март 2014 - 21:38

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 313
  • Катталган: 13 Октябрь 13
  • Соңку аракети: 07 Фев 2022 14:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Көңүлдүн көчөлөрү...

" Жардамдашуу"


Бир дыйкан каза болот. Маркумду мурзого алып жоноор мезгил жетип,табыт которууго киши издей башташканда, соопчулука ыктыярдуу уч адам чыгыптыр. Мурзого бараткан жолдо алар жакын аралыктагы бактын кароолчусун коруп,ага мындай деп кайрылышат:
- Тууган,соокту мурзого чейин которушконго жардам бер.
- Анте албайм,-дептир кароолчу, - колум бош эмес, менин ишим коп.
Табытта жаткан киши башын которо коюп, анда мындай деген экен:
- Менин да бутпогон коп иштерим бар болчу, бирок ага карабай олум келди. Мен иштеримди токтотуп коюп, бул дуйнодон кетип баратам. Сен олгондо сени комууго жардамдашсын десен, мени мурзого жеткиргенге жардамдаш...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#273 Пользователь офлайн   MUSU1MAN   28 Март 2014 - 19:11

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 35
  • Катталган: 17 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Июл 2018 08:40
  • Жынысы:Эркек

Рахмат соонун экен окуп чыктым баарын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#274 Пользователь офлайн   fea1990   29 Март 2014 - 14:24

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 709
  • Катталган: 12 Февраль 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2020 17:19
  • Жынысы:Аялзаты

рахмат талыкпай жазганыныздар учун
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#275 Пользователь офлайн   Nurdoolot94   30 Март 2014 - 01:53

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 877
  • Катталган: 02 Октябрь 13
  • Соңку аракети: 12 Дек 2023 13:28

Жакында Озбекстан мусулмандарга маалымат беруучу хидаят журналынын 4чу санында "салих перзент деген" икая чыкты. Бул икаяны окуган адам таасирленбестен аргасы жок! Болгон окуя. Араб мамлекеттеринин биринде болуп откон окуя.
Бир залаалатта жургон ата кантип ибадатка киргендиги, кайсы жолдон озун саадат жолуна буруп, жакшы инсандардын катарына кошулуп, башынан откон кундорду озу икая кылат:
Мен озумун напсиме кул болгон бир зат элем. Майышат деген жайда, кумар деген жайда, ичкилик деген жайда озумду токтоталбас элем. Адамдардын аркасынан мазак кылыш, адамдарды талкуулаш, копчулуктун устунон кулушту жакшы корор элем. Бир куну улпотчулук кылып жоро жолдошторум менен айланганы чыктык, мас абалдамын, кайф тушап алган, ортодо шайтан бар. Кочого чыксам узактан козу кор, аягы чолок, аксак адамдын пайпастап келе жатканын кордум. Шайтан жолдон урдубуу же кайфтик кучтуулук кылдыбы? Жоролорума карап, азыр бир тамаша корсотоюнбу? Тоюп-тоюп кулосунор деген кепти суйлодум. Жанагы келаткан бечара, чолондогон адамды аягым менен чалып жыгыттым. Жерге жыгылган козу кор, аксак, чолок адам ордунан туралбастан дубалды кармап пайпастап тургандыгын коруп МЫРКЫП-МЫРКЫП кулдук. Тан атаарга жакын уйумо кайтсам, аялымдын толгоосу тутуп турган ай куну жакындашып калган экен. Торотканага кеттик, 2сааттан кийин уул торолду!
Кабар болду:
Уул кордунуз бирок кетишинизден алдын шыпаакердин алдына кирет экенсиз! Доктурлардын сизге айта турган создору бар экен!
Доктурдун алдына кирдим, алдын куттуктап Аллах сизге уул атаа этти мубаарек болсун! Бирок бир жагымсыз кабар бар, торолгон баланыз тубаса чолок, эки козу кор абалда торолду деген созду айтышты.
Оо Роббим, кечээ бир инсанды бейакы кемсинтип, аягым менен чалып жыгыткан элем! Бугун озумдун башыма кайтарып койдун. Бир инсандын устунон кулгон элем, бугун Озун ушул ишти перзентимден кайтардын дедим, дартым ичимде калды, бироого айта алганым жок!
Бала саналуу кундон кундордон кийин уйго кайтып келди, торотканадан чыкты.
Саалим деп ысым койдук! Бирок бираар жолу ушул перзентим экен деп кучагыма кысканым жок, башка аталарга окшоп перзентим эркелеп, кочолордо айландырган бир аталарга окшоп колунан жетелегеним жок. Аталык мээримди бергеним жок! Озумдун канымдан болгон баламдан озум жийиркендим! Чолондогон, аксак, козу кор баланы колума алганым жок. Бала кундон кунго улгайды. Дагы 2 уул кордук, Умар жана Хаалык деген уулдарыма ысым бердик.
Мен дагы деле залаалаттамын, дагы эле натууру жолдомун, аялым Аллага ынтызаар кылат, намаздарда ыйлагандары Жаратканым, ушул залаалатта жургон эриме ынсап бергин, Озун хидаятына баштагын, тууру жолго озун жетелегин, тууру жолду корсоткун деп Кудайдан сурайт!
Ааакыры хидаятка чыга турган кунум башталды, бул жума куну эле! Уулум Саалим аксак, аягы чолок козу кор балам 10жашка толгон маалы болчу. Эртелеп уйкудан туруп адатымча улпотчулуко кетейин деп турсам, уулумдум журокту эзе турган даражада ыйлап тургандыгын уктум:
-Саалим, эмнеге ыйлап жатасын?
-Иним Умарды кутуп турат элем кечигип калды.
-Инин Умарды апан бираар бир жумуш менен бир жайга жиберген болсо керек, инин Умар не учун сага керек болуп калды? - деген кепти айтсам, жанагыдан да катуураак журокту эзгидей ыйлады. Аркама кайтып дагы сурадым:
-Саалим, инин Умар эмне учун керек эле?
-Атаа, убакыт отуп калды, Умар кечигип калды. Мен бугун ниет кылган болчум! АЛЛАХтан сураган элем, жума намазына барып, биринчи сапка отуруп, биринчи саптын сообунан Аллахтан эге болушка умуткор болгон болчум! Озум аксакмын, аягым чолок, козум кор! Мумкун болгондо озум журуп барган болоор элем, козум бул дуйнону корбойт. Иним жетелеп алып барам деген эле, убада берген эле, бирок Умар кечигип калды!
Охх Жаратуучум, бул баланы кор кылгансынбы же мени кор кылгансынбы? Козу кор болсо да, калбын ачып коюпсун го! Бечел бир бала, перзентим, каным, зуруятым озу аксак болсо да, аягы чолок, козу кор болсо да, биринчи сапка барып, жума намазымын сообунан умуткор болуп, биринчи сапта ибадат кылышты ниет кылып жатса, мен атасы болуп, дунуйого келип, торт мучом саламат болсо, аягым бутун, козум бутун болуп дуйнону коргонум менен эмне учун биринчи сап бул жакта турсун, акыркы сапта отуруш да дилиме келгени жок? Эмнеге мени мынча кайдыгер кылдын Жаратканым дедим!
Баланы жалгыз калтырып кетишке коодонум кыйнады.
Ошондо ниет кылдым:
Саалим, азыр мен тахарат аламын, колундан жетелеп озум жума намазга алып барамын.
-Ата коюн, устумдон кулбон, сиз жума намазга барбай турган инсансыз, жок.
-Балам, мен колундан жетелеп, озум алып барамын - деп ниет кылдым.
Тахаратты алып, Саалимди колунан жетелеп мечитке бардык. Барсак жамаат ичкериде да, тышкарыда да толгон абалда. СубханаЛлах, мына ушу балага биринчи саптан жай таап бер. Биринчи сапка уулумду откоруп, аркасынан озум тыз чогуп намазды окудук. Карап турсам дубалдарга пайпастап болсо да эптеп ибадат кылып башын саждага коюп туруптур!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#276 Пользователь офлайн   Jamalym   30 Март 2014 - 02:11

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 347
  • Катталган: 06 Март 12
  • Соңку аракети: 21 Дек 2021 08:12
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Эски шаар

Таасири кучтуу окуялар экен.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#277 Пользователь офлайн   Nurdoolot94   30 Март 2014 - 02:50

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 877
  • Катталган: 02 Октябрь 13
  • Соңку аракети: 12 Дек 2023 13:28

Жума намазы аягына чыккандан кийин, Саалим, ордунан тур эми уйго кетебиз десем:
-Ата, Куранды алып берин, Курандын Каьф суроосун ачып берин, мен Куранды тиляват кылып ордуман турамын.
Куранды алып Каьф суроосун ачып колуна бердим. Кор бала кандай кылып Куранды окуйт экен десем, жаттап буткон экен, Каьф суроосунун башынан акырына чейин, аятма аят окуп, Куранды акырына жеткизгенде, балам Куранды окуп турат, менин козумдон жаш тогулуп турат.
Козун кор кылган болсон да, калбын ачып, калбына Кальамыны жай кылып кылып коюпсун! Мен салааматмын, козум ачып болсо дагы, качан Куранды акыркы жолу колума алганымы озум да билбейм. Ушшунчалык мени кор кылып, моор баскансынбы эй Роббим деп ыйлап турдум. Бир маалда козумду сылап тургам жумшак колду сезип калдым. Карасам Саалим, козумдон агып турган жаштарды колу менен арчып, мага кошулуп ыйлап тургандыгын сездим. Ошол куну ата-бала бактыяр болуп уйубузго кайттык. Менин залааттан хидаятка биринчи кадам койгон кунум! Башым саждага тийип адал менен арамды андаган кунум, мына ушул перзентим мага бир себепчи болгон кун!
Айлам аялым, уйумдогу коом карындаштар курсан. Эски жоролордон кол жууп, жаны достор арттырдым. Ыймандын нурунан кубанычым койнума батпай, башымды саждага койдум.
Ушул балама Мээримим башкача болуп кетти. Жаштыгында бираар жолу балам деп койнума баспадым. Аталар сыякттуу эркелеткеним жок. Ушул балама эч бир карабаган элем. Бирок ушул перзенитим мени жетелеп хидаятка баштады. Балага мээримим башкача болду.
Мойнума сапар важип болуп, 3айдан актык узаак бир мамлекетке кеттим. Ар куну телефон аркылу суйлошуп, уулум Саалим кандай деп сураймын, бирок Саалимдин добушун угалбайм. Айлам аялым, балдарым Саалим мектепте же медресе деген кепти айтышат, бирок Саалимдин добушун угалбай эле койдум. Бир жолу болсо да унун уксам гана деп Аллахтан сурайт элем. Уйумо кайтышка бир апта калганда, дагы телефон кактым. Аялым телефонду алып: Саалим жакшыбы?- Деген суроого:
-Ин ша Аллах деп жооп берди го бирок маанайсыз айткан созунон кабатырда болдум. Арадан бир канча кундор отуп, уйумо келдим. Кочодо келип жатканда ынтыгып, "азыр эшикти тыкылдатсам, мени залаалаттан кайтарып, хидаятка баштаган Саалим эшикти ачса, тоюп-тоюп бир коюнумда, кучагыма бассам деген ниет менен келдим.
Эшикти аялым ачты. Умар, Хаалык уулдарым келип учурашкандарынан кийин Саалимди кыдыра баштадым.
Саалим кана деп собол кылсам:
-Ата укпадынызбы? Сиз сапарга кеткенинизден кийин агабыз Саалим амаанатын тапшырды, Туболук дуйного, кетти деген кепти айтканда, башымды чакмак чаккандай бир нерсе чарсылдап кетти!
О3умду ар таманга уруп ыйлай баштадым. Жаратканым, бир перзент саалихти мага атаа этип, мени залаалаттан кайтарып, хидаятка баштаган, жаннатка каражат, тозоко парда боло турган бир перзент атаа эткен экенсин мен анын кадырына жетпепмин. Баламды бир короюн деп келсем бул балам да коз жумуптур.
Оо Роббим, бул баланын аягын чолок кылып жараттын, бирок бул чынында чолок эмес!
Ырас ыраста жургон, хидаятта жургон, Аллах буюрган тууру жолдо жургон адамдын аягы чолок болбойт!
Аягын бутун кылып койсон бирок туура жолдон адашса, залаалатта журсо, жамандыкта журо турган болсо анын аягы чыныгы чолок!
Бул баланын коздорун жумуп койдун, кор кылып койдун, бирок чынында бул кор эмес калб козун ачып койгон элен Жаратканым! !!
Эки коз ачык болсо, арам менен адалдын айырмасына барбаса, коз ачык болсо, бирок калб козу жабык болсо, бул инсан чыныгы кор болот!
Уулума кыскача омур бердин, бирок мазмундуу жашоо бердин. Кыскача омур кечирди, бирок инсандарга ибрат боло турган омур керирди!
Жараткан Эгем, ушундай бир карангы болгон мендей атаны кечиргин!
Балам Саалим Аллах сени рахматына алсын! Мендей атадан ыраазы болгун деп икая аягына келип жетет.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#278 Пользователь офлайн   rumaika5544   30 Март 2014 - 16:27

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 739
  • Катталган: 26 Февраль 14
  • Соңку аракети: 15 Авг 2019 23:03
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек.Кыргызстан.

Дамаскта миск деген шаар бар экен(Аллах аалым).Ошол шаардын аталышы жонундо:Миск деген(жыпаржыт). Ошол шаарда бир бала кездемелерди которуп уймо-уй кыдырып сатат экен.Аялдар такыбалык кылып кочого чыкпаганы учун,базар уйлорунун астына келчу экен.Ошентип бир куну баягы бала адатынча,кездемелерди которуп сатып журсо,бир уйдон аял чакырып калат экен.Барса,уйго кириңиз уйго киргениңизден кийин алам дейт экен.Уйуно кирсе,аял куйоом коптон бери уйдо жок,ошол учун мени менен зынаа кыласың дейт.Бала болбойт Аллахтан корк,тигиндей- мындай дейт.Аял конбойт.Сен азыр мени менен зына кылбасаң дейт,кыйкырамын, жар саламын мени зордуктамакчы болду дейт.Бала аргасыз макул болот.Арга жок аял кыйкырса бул бала чынында таш бараңга алынат.

Бала:макул,алдын ажатканага кирип чыгайын: деп суранат.
Аял ажатканага киршизет.Ошондо бала,ажатканадан, бут денесине,бети- башына бокту суйкоп чыгат.Бут денеси бок болуп сасып турган баланы,жанагы аял,эшикти ачып кууп чыгат.
Зына кылбай кутулганына, денесине суйколгон бокко карабай жугуруп кетип жаткан,баладан кадимкидей миск жыты таралып турат эле дешет.Такыбалык кылса,ар кандай жайдан Аллах озу куткарат.(исламий тарых китеби).
«Будьте с людьми как дерево, когда в тебя
кидают камень, отвечайте плодами»
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#279 Пользователь офлайн   Sweet-Lika   30 Март 2014 - 17:24

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 10 685
  • Катталган: 30 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Июн 2025 00:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:HOME. LOVE. FAMILY.

Жүрөгүм ооруп кетти го..
В каждой шутке есть доля правды...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#280 Пользователь офлайн   armanyn   14 Апрель 2014 - 19:07

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 103
  • Катталган: 07 Март 14
  • Соңку аракети: 22 Ноя 2020 21:21
  • Жынысы:Эркек

ото маанилуу окуяалар экен
Как
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Дин жана философия
  • Кийинки тема →

  • (59 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 12
  • 13
  • 14
  • 15
  • 16
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 9 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 9, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 22 Июл 2025 22:24

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: