Мм даа
Жүрөгүм издейт сендейди... Жон гана окуп койгула. Комментарий жазыш не ОБЯЗАТЕЛЬНО!!!
#262 10 Март 2014 - 21:24
Соонун го биздин айылдагы мурууун бутуп кеткен байке окшойсуз))))Ош дегенде сезип калдым)))))(тамаша)
Меня никогда не отталкивала бедность человека, другое дело, если бедны его душа и помыслы
#263 10 Март 2014 - 21:40
Мынча сонун жазылган менинда айылга кетким келип кетти эн алгачкы тунук суйуумо кайткым келип кетти.Менда эл катары чыдамсыздык менен кутом калганын...
#266 10 Март 2014 - 22:39
Мени жаман корбогуло ээ селерге окшоп менда анан деп койойунчу...
Мой муж-мой рай! И пусть Аллах даст мне такого имана которое я смогу вместо с ней открыть дверь Рая. Ин ша Аллах
#267 10 Март 2014 - 22:56
...Чынын айтсам биринчи курста мен үчүн студенттик күндөр кызыксыз болуп өттү.Эсимде биринчи күнү баардык группалаштарды,
курсташтарды бир аудиторияга чогултуп алып преподавательдер куттуктаган болчу.Анан эле мен жоо куугансып үйгө кетип калдым эч ким менен таанышпай.Эртеси келип эле расписанияны карабай эле кечее отурган аудиторияга кирип алып олтурам момойуп.Бир маалда эле жакшылаап көз жүгүртүп карасам кечее аудиторияда отургандардан бирөө да көрүнбөйт.Мени карап кее бири күлүп коюшат.Бирок олтура бердим былтыйып.Анан эле бир кыз жаныма келди да:"Биринчи курссуңбу?"
деп сурап калды жылмайып.Мен:
"Иии" деп башымды ийкеп койдум.Анда тиги кыз айтып калды:"Бул жерде азыр төртүнчү курстарга сабак башталат.Сен залга чыгып расписанияны карасаң ошол жерде групаңдын тушунда аудиториянын номери жазылуу.Ошол жакка бар"-деп.Мен иштин төркүнүн ээми түшүнгөндөй "Ааа" дедим да чыгып кеттим.Элдер топтолуп турган жерге келсем чындап эле расписания бар экен.Карасам бардык эле жерде менин группам жазылуу.Башым жетпей карап турсам кечее көргөн бир агай келип ал дагы бир нерсе издеп калды.Мен секин жанына бардым да:"Агай кандайсыз? ммм... эме мен группамды таба албай жатам,жардам берип коёспу?"-деп туруп калдым.Агай бырс күлдү да менин группамды кантип тапканды үйрөтүп анан аудиторияга чейин алып келип койду.Кирсем чындап эле кечееки балдар кыздар олтурушуптур.
6 кыз,9 бала экенбиз группабызда.
4 кыздын бирөөсү Айка (Айгүл) деген кыз шаардык экен.Өзүнчө эле айылдан келдиңер деп мурдун көтөргөнүчү.
Айканын Жалал-Абаддан келген таежесинин Гүлпери деген кызы Айкага караганда адамга жакын,сөзмөр,
текеберденбеген кыз болуп чыкты.Мен кыздардан бир гана Гүлпери менен жакшы болуп кеттим.Жаңы барганда орусчадан кыйналганым үчүн Гүлперинин жардамы мага көп тиет эле.Балдардан мага окшоп эле айылдан келген Марат анан Полот деген балдар менен дос болуп алдым.Дагы бир күйөөсү бар Бегайым деген кыз бар эле.Эхх ошол кыздын да көздөрү Жазгүлдүн көздөрүнө окшош тунук,сулуу,
бакырайган коздөрдөн эле.Анын ар бир мени карап,мага кайрылуусу Жазгүлдү элестете берет болчу.Ошто болсо Бегайым да карап Жазгүлдү эстесем,айылга келип Аэлитадан Жазгул тууралуу угуп,билип жүрдүм.Мындайча айтканда ойлорумду ар дайым Жазгүл тууралуу ойлор коштоп жүрөр эле...
---Кайрадан Нооруз.Эх ошол 2006-жылкы Нооруз да өзгөчөлүгү менен эсимде калды.Ошол Ноорузда Жазгүл мага эң биринчи кат жазган "бир сомдукту" кайтарып берди.Ал окуя мындайча болду: Мектепти бүтүп балдардын көбү чет өлкөлөргө кетип калган болчу.Айылда калган,Ошто окуган балдар болуп бешөөбүз топтолдук.Адаттагыбыздай эле сүмөлөктү айланып мектептин жетилип калган кыздарына тийишип койуп жүрөбүз.Мен балдар менен кошо күлсө күлүп,ар кимге тийишип койуп жүргөнүм менен көздөрүм баари бир Жазгүлдү издеп жатты.Жазгүлдүн кыздары менен жүргөнүн менин кыраакы,эч кимге сыр бербеген көздөрүм тез эле таап алды.Аэлита да бар эле анын жанында.Узактан бери көрө элегимеби же чындап эле дагы сулуу боло түшкөнбү Жазгүл көзүмө ушунчалык сулуу болуп көрүндү.Нары бери басып жүрүп балдардан акыры үчөөбуз эле калдык.Мен Самат анан дагы Чолпон деген бала.Караңгы жерде турсак мурдагыдай уялбай калган Самат:"Жургүлө 10-чу класстын кыздары менен тансага түшөбүз" деген сунуш киргизип калды.Мен:" Койчу е ушул жерде эле туралычы" деп көнбөй койсом Самат Чолпонду ээрчитип тигилерге тез эле аралашып кетишти.Жазгүлдүн классташ балдары коркконунан чекеге чыгып карап туруп калышты.Мен тура бердим алысыраак жерде.Бир маалда Самат мен жакка чуркап келип эле:"Не турасың? Жүрү сени Аэлита сурап жатат" деп колумдан жетелеп калды."Сураса сурай берсин,кетип калды деп кой" дегениме карабай мени тарта берди ошол жакка.Саматтын кееде маанайы жакшы болгондо ушундай адаты кармап калат.Айлам жок караңгылыктан чыгып тигилерге жакындап кирип бардым.Аэлитага карап салам берсем менин менен жылмайып учурашты.Жазгүл мөлтүрөгөн көздөрү менен мени карап башын гана ийкеп койду.Байкасам ал жердегилердин көбүнчөсү эле школьниктер экен.Бирин-серин гана бизге окшогон мектепти аяктагандар жүрөт.Тегерек болуп алып бийлеп жаттык.Жазгүлдүн жанына даап бара албай анын тушунда бийлеп жаттым эптеп окшоштуруп (өзүм кыйратып деле бийлей албайм).Аэлитанын бир жагында мен бир жагында Самат.Аэлита экөөбүз жылмайышып музыка катуу болуп жатканынан бири-бирибиздин кулактарыбызга сүйлөп жаттык.Жазгүл мени карап жатканын байкап мен атайылап Аэлита менен сүйлөшүштү уланта бердим.Чолпон Айбектин досу болгондуктан Жазгүлдүн жанында туруп да экөө көп деле сүйлөшө алышпады.Танца дагы бүттү.Музыка койгон адам (агай болчу) школьниктердин үй-үйлөрүнө таркоосун талап кылып микрофон менен айтып калды эле Жазгүлдөр кетүүгө камына башташты.Мен Жазгүлгө "Кош" дей албай же "Жеткизип койойунбу?" дей албай тура бердим аны анча мынча карап койуп.Жазгүл кетеердин алдында гана менин жанымдан өтүп кетип жатып:"Жакшы калыңыз" деп колун сунуп калды.Мен эч нерсе дей албай эле колумду сунсам колума бир кагаз карматты.Аны эч ким көрбөдү дагы байкабады дагы.Акыркы жолу мени көрүп жаткандай бир коз ирмем менен бир башкача карады да артына карап дос кыздары менен үй жагына кадам таштады.Кагазды карабай туруп бирөө жарым байкай электе чөнтөгүмө салып койдум.Чолпон дагы кетип калды бирөөсү менен.Аэлита биз кетчү жакта жашагандыктан Самат экөөбүз аны жандап басып калдык үйүнө жеткирүүгө. Жолдо Аэлита менен Самат тамашалашып ар нерсени сүйлөшүп келе жатышты.Мага сүйлөсө:" ммм ооба" деп койгонум менен оюмдун баары Жазгүл сунган тыкан,калың бүктөлгөн кагазда болуп жатты.Аэлитаны жеткизип койуп Самат "Мынча шашыласың?" дегенине карабай үйгө кетип бара жаттым.Үйгө кирип келип эле светти күйгүзүп Жазгүлдөн алган кагазды ача баштадым.Ачсам эле биз тогузунчу класста кат сыяктуу кылып берген "1 сомдук" экен.Ошол биз жазган жазуулардан башка эч кандай жазуу таппадым канчалык үмүт кылып издесем дагы."Эмнеге cактап жүрдү? Эмнеге Жазгүл? Эмнеге эми кайтарып берди?"-деген ойлор мончоктой тизилип биринин артынан бири чууруп жатты.....

Билдирүүнү түзөткөн: kuu-1005: 10 Март 2014 - 23:20
"Бактылуумун"
!
#268 10 Март 2014 - 23:18
Автор балким катуу тийсе кечирип коёоор бекенсиз? Эгер жетпей калган болсоңуз бир гана өзүңүз күнөөлүүсүз.
Сиз, тартынчаак эле эмес, чечкинсиз адамдай да өңдөнөсүз. Чыныгы эркек - чечкиндүү жана эрктүү да болуш керек. Жазгүл сизден "сүйөм"
деген сөздү күткөн. Сиздин тартынчактыгыңыз,
аны кыжырлантып аягында арманда калган сиз бул теманы ачкандай өңдөнөсүз.
"Ийгилик - бул ар бир күнү кайталанып туруучу, кичинекей аракеттердин суммасы" Роберт Коллиер
#269 10 Март 2014 - 23:22
Марат деген группалашынызды мен тааныймын кыязы. Эх автор, кооп эле жазынызчы. Бирок, мен деле Жазгулдун ордунда болгондо, сиздин суйуунузду байкамак эмесмин.
#271 10 Март 2014 - 23:33
ales (10 Март 2014 - 23:18) жазган:
Автор балким катуу тийсе кечирип коёоор бекенсиз? Эгер жетпей калган болсоңуз бир гана өзүңүз күнөөлүүсүз.
Сиз, тартынчаак эле эмес, чечкинсиз адамдай да өңдөнөсүз. Чыныгы эркек - чечкиндүү жана эрктүү да болуш керек. Жазгүл сизден "сүйөм"
деген сөздү күткөн. Сиздин тартынчактыгыңыз,
аны кыжырлантып аягында арманда калган сиз бул теманы ачкандай өңдөнөсүз.
Тууру мен чечкинсизмин сүйүүгө келгенде.Башка нерселерде бетке айтаар мүнөзүм болгону менен ушу сүйүүгө келгенде мен ар дайым чечкинсизмин жана ал убакта чечкинсиздигимди коштоп уялчаактыгым да бар болчу.Арман болсо болгондур бирок менин биринчи сүйүүм эң таза бойдон сакталып калганына ыраазымын.Балким ошондо Жазгүл менен кыз жигит болуп жүргөндө ага болгон сезимдерим таза сүйүүгө айланбай кийинчереек унутулуп да калат беле ким билет."Сүйүүнүн кадырын жетпеген жан билет" дегендей менин биринчи сүйүүм ар дайым жүрөгүмдө сакталуу
"Бактылуумун"
!
#272 10 Март 2014 - 23:39
ales сиздин жазганынызга 100% кошулам , Автор ото тартынчак анан эрксиз адамдайсыз.
Алма пыш, оозума туш деп олтура бербей аракет кылсаныз болмок
#274 11 Март 2014 - 00:36
Эээ брат арманын аттын башындай экенго азыр ал кыз каякта кийин эмне болду?
#276 11 Март 2014 - 01:25
Демек, ал бир сомду сактап журсо, сизде конулу бар болгон. Анан досунун жактырганын билип, ага сиздин Аэлита менен анын козунчо кулумсурой суйлошконунуз кошумча болуп, мамилесин токтотууну чечкен. Бирок аруу таза суйуунузго жетпегениниз жаман экен
#277 11 Март 2014 - 01:28
Мине болгон бир сом??
Мен башынан окуп келейинчи.бир сомдук тууралуу тушунбой калдым чето

#278 11 Март 2014 - 09:25
Менимче Жазгул деле сизди жактырчу. Сиздин суйуунузду билдиришинизди куткон ондонот, сизди кызгансын деп ар жигитти айтса сиз башкача тушунгон окшойсуз. Эгер жактырбаганда ал сизге жолугушууга чыкмак эмес, анан 1 сомдукту сактап да журмок эмес.....
Аллах прошу тебя храни людей которых я люблю...
#279 11 Март 2014 - 11:03
Автор Жазгүлдөн азыр маалыматыңыз бар болсо, ушул бетти айтып койбойсузбу?
Кеч болсо да...
"Ийгилик - бул ар бир күнү кайталанып туруучу, кичинекей аракеттердин суммасы" Роберт Коллиер
#280 11 Март 2014 - 11:21
Чын алес айткандай азыр жазгул менен байланышып турсан айтып корсон мен сага суйуумду бир кана сага эмес бут кыргыз элиме билдирип атам деп чын бирок эгер жазгул окуй турган болсо шолоктоп ыйлайт го