Журок сыры демекчи журокто катылган сырды анонимдуу болуу шартынан пайдаланып сиздер менен болушуу, сын-пикир угуу,кеп-кенешиниздерден пайдалануу жакшы шанс болсо керек деп ойлойм. Мен озумду автордун ордуна коюп дагы бир окуяны айтып берейин деп турам. Албетте анын да макулдугу менен.
Кичинемден оор турмуштун туйшугун коп эле тарттык. Балалыктагы коз ирмемдер уйдогу уруш-талаш менен толукталды.
Атамды ата деген ардактуу созго татыктуу коро албаганымдын себеби да ошол болсо керек. Жоголуп жок болуп кетет, кааласа кошуна аялдын уйуно кирип жашап алат, кааласа уйго келип туну менен бизди кордоп чыгат. Оозунан ак ит кирип, кара ит чыкса эркек аттуларды жек коруп кетээр элем. Апамды сабаган учурларда жанымды коерго жер таппай чырылдап гана ыйлап турчумун. Эки эжем да акылдуу чыкпады. Мектептен байма-бай эскертуу алып, апакемдин койгойлорун толуктагандан башка пайда алып келишпеди. Акыры ата-энем эки ажырым жолго тушту. Балким, ата менен апанын айрылуусу уйдогу балдарга терс таасирин тийгизсе керек, бирок, менин эн бактылуу кунум ал адамдын жашообуздан кеткен куну болчу. Кичинекей болгонума карабай, апам уйдон пирожки жасап берсе базарга барып сатып келчумун. Апам экообуз барабыз да, ал алысыраак бурчта отуруп турат, мен болсо "Пирожкии,
пирожкии"
деп кыйкырып сата берчумун. Кичинекей шаарчада жашагандыктан апам да элден уялса керек деп ойлоп калам азыр. Мени коргондор "Мынча жакшынакай кыз",-деп чекемден сылап пирожки алышса, андан бетер ийгилигиме дердендеп ишимди улантам. Чон эжемди таежемдер апамдын кыйналгандыгына байланыштуу багып алууну чечишкен болчу. Экинчи эжем менден эки жаш улуу болгондугуна карабай мен ойлонгон нерселерди ойлонбосо керек. Бир кун бир кыз менен урушуп келсе, бир кун мектептин терезесин сындырып келет. Айтор апам ага кандай чара колдонсо да жаман адаттарын калтыра албады. Акыры чонойгондо токтолоор деп тим болду окшойт.
Тунгуюктагы турмушум же журогумдогу катылган сыр...
#2 11 March 2014 - 21:54
Олбогон жанга жашоо улана берет демекчи , жетишпесе да жегенге нан, баш калкалаар уй бар экендигине ыраазы болуп жашап жаттык. Мен 6-класста, эжем 8-класста окуйт. Эжем токтолмок тургай куч алып, озунон чон балдар менен достошуп, вечеринка менен дискоткелардан калбай калчу болду. Апам журок заада болбосо экен деп мен да аркасынан издеп жонойм. Таап алсам катуу айтпай алдап алып келчум, анткени катуу айтып, урушкан сайын тескерисинче иш кылчу. Апам уруп да корду, жай да айтып корду, бирок, эч майнап чыкпады. Мектепте "Бул деле эжесиндей болот да " дешкенде уялганымдан жердин тубуно кирип кетким келчу. "Мен андай болбойм" деп ичимден мин кайталап, кундон кунго жакшы окуганга аракет кылып, чогулуп отурган жерлерден жаа бою качып калдым. Эжем мектепти бутуруп, борборго кеткенде жашообуз тынчый тушконсуду.
Окуудан сырткары иштемиш болуп жургонуно жетине албай кубандык. Айткан созумо туруунун аракетинде журуп жигит жандабай , абийиримди ак тутуп, апамдын жузун жер каратпоого тырышып, жалан гана жакшы создор коштосо деп жашап жаттым.
#6 11 March 2014 - 22:17
Жогорку окуу жайга оз кучум менен бекер откон кунду соз менен айтып жеткире албайм. Жанымда кубанычыма ортоктош болгон адам болбосо да, озумдун ийгилигиме кубанып, ааламга батпай турдум. Мен оз кучум менен тагдырга тике карап, кыйынчылыктарды жене алышыма ишендим. Керектуу буюмдарымды окуу башталганга дейре иштеп, камдап алам деп озумду жоошутуп жумуш да таптым. Негизи, жашоомо ыраазы кылган бир эле нерсе бар. Коп адамдар менен бат тил табышып, бат эле ынак болуп кетем. Сулуулук салонунда адис болбосом да тазалап, жуучусун жууп, жардамчы катары иштеп баштадым. Эжемдин жанында жатаканада жашап, жаны жашоомо бактылуу баш бактым. Бирок, ошол учурда алгачкы жолу кутуу болду. Окуунун башталышын кутуу мен учун бакыт болчу.
#7 11 March 2014 - 22:26
Студеннттик кундор бат эле келип, жаны жуздор, жаны достор менен таанышуу мага абдан жагып турса да жумуштун айынан коп убакыт боло албачумун. Колумдун эптуулугу десемби же уйронууго болгон ынтызарлыгымбы сулуулук салонунда иштоону бат оздоштуруп кеттим. Ишим, окуум озумо жагып, ийгилик мага жылмайып жатканына ыраазы болоор элем. Баары жакшы болгондуктан чарчаганыма да кайыл болчумун. Ошондой кундордун биринде салонго келип жургон айым мага жаны сунуш киргизди. Жакынды кийимдердин коргозмосу болоорун, модель кыздар жетпей жатканын , азырынча жон эле сынап коруп, жакпаса кетип калаарымды айтып жатты. Ой бойго койбой акча сунуштап, бул иш дайыма болбойт, кээде гана барып турганын учун ушундай суммадагы акча алсан жаманбы деп кондурууго отту. Бир гана жолку макул дешим мени ал адам менен тааныштыраарын ойлосом ошол куну барбай калсамчы деп озумо наалат айтып кетем. Ал кутуусуздон чыкты каршыма. Чыкыйып кийинген, он-келбети келишкен, шаардык жигит.
#9 11 March 2014 - 22:51
Анан?
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#10 11 March 2014 - 23:03
Апеей ,бул жерде да ошол корунушкоо адамдын ыйлагысын эле келтирдинергооо,
уландысын батыраактан жазынызчы ,аракет кылып.
#12 12 March 2014 - 00:51
Коргозмодон сон фуршет башталды. Кетип эле калсам деген оюм онунан чыкпай, акырына чейин калышым керек экенин айтышты. Коргозмого кийген койногум менен озумду бул адамдардын коомунда ынгайсыз сезип, маанайым суз болуп турдум. Чет жакка кетенчектеп озумду алыстатуунун айласын издеп убарамын. Жаныма бокал кармаган улуу эле киши келип "Сен кайсы агенстводонсун?
Татынакай кыз экенсин" дегенин укканда жиним кадимкидей келе тушту. Бирок шаардык жигит мага жооп айттырбай жетишип калды :" Бул менин суйлошкон кызым. Эч кандай агенстводон эмес" деди озуно ишеничтуу. Колун сунганда ага бир жагынан жиним келсе, бир жагынан копкон байдан кутултканына ыраазы боло колумду бердим. Коридорго чыга бергенде колумду тартып алып, жиним келе карадым да басып кеттим. Артымдан чуркап келди: " Куткарганыма рахмат айтпайсынбы ?" деди жылмая. Ошол кезде сездим жылуулукту.
Анын жылмаюусу озгочо экен. Сыр билдирбей : " Андан куткарып, озунуз суйлошоюн дединизби?"
десем, " Кечинде уйуно жеткирип коеюн деп ойлодум",
деди. Ага каршылык корсотууго мумкунчулугум жок болчу.
#13 12 March 2014 - 01:03
Кое бербешин да сездим. Баары бир айтканын кылчудай. Кийимимди алмаштырып чыкканымда кутуп турган экен. Эркек дегенден конулумду атам калтырган да, бир жагынан бул бай болсо, келбетине, байлыгына чиренип жатат дейин десем жылмаюусу эстен кетпей туруп алды. Эшикке чыгып : " Мен такси менен кетем" дедим, ал "Сен каалагандай болсун" деп жолдун ары бетиндеги таксини чакырды. Эми эле кое бербечудой болуп турган эме оной эле такси чакыра койгонуна бир тан калып,бир кубанып турдум. Бирок, таксиге мени менен чогуу отуруп алды . Адрести айттым , унчукпай кете бердик. Жолду карап баратканым менен анын мени козун албай карап баратканын сезип турдум. Жеткенде сылык гана рахмат айтып, тушуп калдым да анын тушушун кутпой чуркап кирип кеттим. Эжем жатып алган экен. Бутумдун учу менен болмого кирип, тошоктун ичине кирдим. Журогум опкоолжуп, дем алышым кучоп баратты. Жармашпагандыгы,
сылык суйлогону,озгочо жылмаюусу жакындата бергендей болду. Ошентип коз алдыма тартылган тасманы коруп жатып уктап кетипмин.
#15 12 March 2014 - 01:09
Куттургон эле авторлор , деги сериалдарын бутургону жок . Автор батыраак жазын,
#18 12 March 2014 - 01:29
#19 12 March 2014 - 01:30
Эрте менен окуу жайга жонодум. Сабакта отурганда ойлонуп отурдум. Бирок, эми эле кыялдарым менен асманга жеткенде акыл-эсим озуно кел деп жатты. Тен тени менен,тезек кабы менен дегендей кайсы арыма жигит жандайм, андай социалдык даражасы бийик адамды ойлонууга акым жок деп жаттым. Кунумдугу кунуно жеткен пенде болсом, алдыдагы келечегимди гана ойлоноюн деп соз бердим озумо. Сабактан чыгып жумушка барсам эшиктин алдында кутуп туруптур. Журогумдун соккону тездеп жатканын билдирбей , кадамымды тездеттим. Кормоксонго салайын дедим. Бир тараптан адресимди кайдан алганы мээмди жеп баратты. Кормоксонго болобу, илгиртпей жетип келди жаныма. Баягы жылмаюуусу ... Баягы жылуулук... "Сиз бир нерсенизди тушурупсуз кечинде ",- деди. Анын шылтоосу экендигин сезип турсам да байкамаксан болуп " Эмнени?" дедим. " Журогунуздун ачкычын",
- деп жылмайды. " Менин убактым жок. Кечиресиз"
,- деп басып кеттим. Жармашкысы келип жатса да бир эле суйломдон турган диалогдон кийин жайыма коюп, мени кайра кайра тажатпай кетип калганы озгочо болчу.

Супер-Инфо
super.kg
видео

















