Жылмайып коюңуз... Кызыктуу жана маанай көтөрүүчү сүр
#1766 10 March 2014 - 16:34
Кыргыз элине аттын кашкасындай таанымал акын Мидин Аалыбаев кайсы бир гезитте жоопту катчы болуп турган кези экен! Иштери менен Жумгалга жөнөп калат. Байке мен өзүм Нарындык болуп, Жумгалды көрө элекмин деп, жаш кабарчы да барам дейт, анын сөзүнө ынанып, маакул конок болуп барып кел дейт. Ар кайсы иш менен алектенип жатып жолго кеч чыгышып калат. Жолду катар машине бузулат, шоопур чукулап оңдой албай коёт. Караңгыда бир жол жээгинде үй турганын байкап, Мидин машинаны түрткүлө, мен рулду бурайын дейт. Шопур менен жаш кабарчы түртүп, Мидин акебиз рулда олтуруп, үйгө жетип келишет. Ал убакта машине аз, анын үстүндө кечинде жолго эч ким чыкпайт эле. Маакул эми жүрүгүлө тигил эски тамга кирип, таң атыралы деп, эшигин ачса, эски ДПО экен. Жалгыз СССР дин чоң картасынан башка эч нерсе жок! Болоор иш болду, картаны жерге жайып бири-бирибизге жакын кыптанып жаткыла деп уйкуга киришет. Бир маалда Мидин аке көзүн ачса, тиги жаш кабарчы титиреп үшүп жатат! Ой не болду десе, байке үшүп жатам дейт, Мидике ал жаткан жерди карап туруп, атаңдын көрү десе, сен Түндүк Муз Окенына жатып алсаң үшүйсүңда, кел Кара-Дениздин жээгине жат деген экен.

Супер-Инфо
super.kg
видео











