Жүрөгүм издейт сендейди... Жон гана окуп койгула. Комментарий жазыш не ОБЯЗАТЕЛЬНО!!!
#281 11 Март 2014 - 11:31
Бир кино коруп жатсан кызык жерине жеткенде свет очуп калчу го тээ 2008-2009-жылдары,
ошондой абалда калып калдым...эми аягында эмне болду? Башкага турмушка чыгып кеттиби же..?...
#282 11 Март 2014 - 15:38
охоо...1сомду ал ошончо убакыт сактап жургон экен, демек конулу болгон экен да. Уландысы барбыы?
#285 11 Март 2014 - 20:10
Сериалдар түрктөрдүн кинолорунан ашып кетти го? Режиссёрлор каякта журөт? Бул жакка баш багып, сценарий тандашса болмок?
#287 11 Март 2014 - 20:31
...Ал түндү ар кандай ойлор менен күрөшүп жатып өткөздүм окшойт кыйратып деле уктай албадым.Эртеси 21-чи март болсо дагы мен үчүн кызыксыз болуп жатты.Ойумду канчалык башкага бурайын десем да ойумда Жазгүлдүн кечееки мага болгон көз карашы туруп алды.Аны алыстан көргөнүм менен анын жанына барышка менде эрк аздык кылды.Ал күн дагы бүтүп түндөсү достордун айыл кыдырабыз дегенине да көнбөй мен үйгө кетип калдым.Жазгүлдү эми жанынан көрө албастыгымды,
сөздөрүн уга албастыгымды ойлоп жүрөгүм кадимкидей өксүп жатты.Жазгүл мени менен коштошконун жүрөгүм менен сезсем дагы ишенгим келбей жатты.Окуу баштала элек болсо дагы атама ар шылтоону айтып Ошко кетип калдым эртеси.Мен үчүн айылда жүрүү кызыксыз болуп калгандай туюлду.Өзүмдүн эрксиздигимди,
уялчаактыгымды,
кыска ойлуулугумду жемелеп жүрдүм бир канча убак."Убакыт баарын даарылайт"
дегендей күндөр өтүп өзүмө келе баштадым.Жазгүлдүн элеси убакыт өткөн сайын жүрөгүмдүн бир бурчуна жыла берди.Бирок өчүп калбады.Жолдо кетип жатып да Жазгулдүн турпатына же коздөрүнө окшош кызды көрүп калсам тее жүрөгүмдүн түпкүрөндө жашынып турган сезимдерим бир жарк этип сыртка чыгып кайра жоголуп кетеер эле.Аны унутуш үчүн колума тийген китептерди,
журналдарды,
телевизордон кинолорду кайра кайра кайталап көрүп Жазгүл тууралуу ойлорумду өзүмдөн алыстатып кууп жаттым.Группадагы балдар менен да паралардан кийин парктарда,башка универлерде тентий баштадым.Марат деген группалашым ушунчалык сөзмөр,тамашөкөй бир сөз менен айтканда "аржай"
болгонуктан ага теңелем деп жүрүп мен дагы сөз качып кутулбас "түгөт"
болуп чыктым.Айылга атам чакырып эле калбаса жөндөн жөн барбай калдым.Биринчи курста "орусчадан кыйналып жатам" деп россиядагы байкемден акча алып сессияны акча менен эле жаап койдум.Студент болуп шаарга келгенимден бери бир дагы кызга көңүлүм тартпады.Мени ошол убакта көргөн адам "телегейи тегиз,эч нерсе менен иши жок" адам деп ойлосууна толук кепилдик берет элем.Бирок жан-дүйнөм караңгы,жупуну,
аксак экенин кудайымдан башка эч ким билбейт болчу.Ушунчалык хамелеон болгондуктан жүрөгүм тилинип канап жатса дагы алдамчы көздөрүм менен жылмайып туруп бермейди үйрөндүм.Адамдын көзүнө карап туруп көзүмдү ирмебей жалган айтканды да өздөштүрдүм.
Сүйлөшүп жаткан сөзүбүз бир тупикке келип калса сөздү эч кимге байкатпай башка нукка буруп жибермейим да бар.Кээде өзүмдөн өзүм коркуп кетеер элем тообо кылып.Бул нерселердин баары түп тамырыман өзгөрүүгө болгон далалатым болчу.Бирок.
...... бирок баари бир Жазгүлдү бир көрүүгө зар элем...
---Жайкы каникул башталды.Күндү созуп жүрүп июлдун баштарында гана келген болчум.Саматка жолуксам эле "Жүрү Аэлитага өтүп келебиз" дегенинен өтүп бардык.Атасы мас экен эле чакыра албай убара болдук.Ары өттүк,бери өттүк эч майнап чыкпады.Акыры үйгө кетип атып Саматка:" Жүр эми Айбектин карындашына өтүп келели"-десем ал мени карап:"Не бар ал жакта?" деп сурап калды.Мен эмне деп ойлосо ошентип ойлосун,акыры досум го деп ойлоп: "Көргүм келтат досум,сагындым. Чочулабай эле кой алыстан эле көрүп койсом болду"-деп калдым.Жазгулдүн үйүнө жеткичекти суроолорду жаадырып жатты Самат.Жазгүл менен бир канча убак жолугуп жүргөнүмдү айтып берип гана андан кутулдум.Досум ошондо ойлонуп туруп:"Адам- падам эмес турбайсыңбы. Жаныңда ар дайым жүргөн мен сенин жашыруун жолугуушуларыңды билбегенден кийин мен киммин?"-деп таарынгандай сурап калды.Мен кыз-жигит болуп жолукпаганыбызды, эч кимге айтпоого бири-бирибизге сөз бергенибизди кайталап айтып жатып гана аны тынчтандырдым. 2-сааттай олтурганыбыз менен ал түнү Жазгулдү экөөбүз тең көрө албадык.Самат Жазгүлдүн бир бала менен жолугушуп жүргонүн Аэлитадан укканын мага айтса дагы мен баари бир көргүм келип жатты.Ушунча убакыт өзүмдү өзүм алдап жүргөнүм менен баари бир Жазгулдү сүйөөрүмдү сезип жаттым.Саматтын ар бир:"Жазгүл бироо менен жүрүп атса не кыласың аны?" деген сөзүн уккан сайын кызганычтан өрттөнүп жаттым."Өмүр бою ушинтип Жазгүлдү эстеп өтөмбү?" деп ошол түнү биринчи жолу коркуп алдым...

Билдирүүнү түзөткөн: kuu-1005: 11 Март 2014 - 20:33
"Бактылуумун"
!
#288 11 Март 2014 - 20:35
#289 11 Март 2014 - 20:54
#291 11 Март 2014 - 21:54
Сонун жазылып келатып элееееее рекламная пауза болуп калганы жаманкен э? Жазгул ал бир сомдукту конулу бар учун деле сактабаса керек, просто китеп-дептерлерин салыштырып жатып таап алса керек)) анан берип койду да бир аз ойго салайын деп авторду. (Тамаша) уландысын кутобуз эми.
Ж-
И-
В-
И как хочешь, всё равно тебя будут осуждать до конца жизни...
#292 11 Март 2014 - 22:01
#293 11 Март 2014 - 22:35
ой жазгул менин жакын курбум ал мага экоонун жолугушуп жургонун айтып калчу
салам
#294 11 Март 2014 - 22:38
чынын айтсам жазгул сиздии каттуу суйчу алдагы сизге окшоп мектепте коздору сизди издоочу
салам
#296 11 Март 2014 - 23:05
bad.girl (11 Март 2014 - 22:38) жазган:
чынын айтсам жазгул сиздии каттуу суйчу алдагы сизге окшоп мектепте коздору сизди издоочу
Болду кылгыла эми опбоооооо

Автор уялып уландысын жазбай коет.
Мурда уялчаак болгон экен дагы деле уялчаак болсо керек
Билдирүүнү түзөткөн: Jyrgal-87: 11 Март 2014 - 23:06
#297 11 Март 2014 - 23:11
Жазгул 89 жылкы болуп жатпайбы? Кыязы ал тээ илгери эле турмушка чыгып, кем дегенде 2 мотурайган бобоктун ширин энеси дир.