Бул корунуш бат бат кайталанчу болду. Жумуштан келе жатып ичимден келишин самачум, келбей калса кадимкидей ойлонуп, озумдон озум тунт боло тушом. Жашырганга болобу, жумуштагы кыздар аны сезип калат да, тамашалар менен чымчый башташат. " Сеники келбей калганга эки ооз соз суйлобой калыпсын"
деп айламды кетиришет. Бир куну сейилдеп келууго макул болдум, конулу калбай кундо келиши, суйлобой койсом да менден тажабашы туртку болду окшойт макул болушума. Кайра кайра жаш баладай кудундап, токтобой суйлоп кулуп бара жаткандыгы мени да жылмайтты. Тун бир оокумга дейре коп теманы суйлоштук. Мага жакканы анын менин отмушумду сурап, журогумду сыкпагандыгы эле. Ойдон тоодон суйлошуп, кыялданып отурдук. Колумдан кармаганда мен да каршылык корсотподум.
Жылуулугу мага отуп жаткандай денем ысып чыкты. Унсуз ,созсуз колумду кармап отура берди. Ушул секунддун токтоп калышын каалап турдум.
Тунгуюктагы турмушум же журогумдогу катылган сыр...
#23 12 March 2014 - 02:01
Кундор ото берди, биз жакындай бердик. Менин жумуштан кийин озумо болчу аз убактымды ал менен откоруп жаттым. Анын чачымдан сылашы, маанайым суз учурда суроо бербей жон гана колумду кармап отурушу, сыркоолоп калсам дары-дармек алып жетип келиши жана озум айтпасам,жашоом жонундо эч бир суроо бербеши мени жакындаткандан жакындата берди. Арадан коп отсо да бай экендигин билдирчу бир ооз соз айтпачу, жада калса коп учурда машинасы жок жоо келчу, жонокой кийинууго аракет кылчу. Ал мен учун коп эле нерсе курмандык кылгандыр балким. Бай , кундо клубдарда сулуу кыздарды жандап конул ачкан досторунан кол узгондур. Ансыз жашоомду элестете албай калган учурда дагы бир соккусун даярдап турган экен. Негизи эжем менен чогуу жашаганыма карабай , сырдашып, чер жазышып суйлошчу эмеспиз. Ал кээде туноп,кээде кайда кеткенин да билбечумун.
Бирок, акыркы кезде окуусуна да барбай, коп сыртка чыкпай калганын байкаган элем. Ошол кеч бактылуу кирдим болмого. Менин жакын адамым копко кое бербей кучактап туруп аран кое берген болчу. Кирсем эжем отуруптур , чай ичип баштадык адаттагыдай ун-созсуз. Бир убакта :"Суйунчу,
жакында таеже болосун" деди. Тушунбой селдейип карап тура бердим. Акыры кутконум башыма келген экен да дедим. Абийирин аччу учур келген экен деп ойлодум. Башымда тынымсыз шамал болуп жаткандай болду.
#24 12 March 2014 - 02:12
Ал кезде улуу эжем да турмушка чыгып, 1 баласы менен ажырашып апамдын жанында жашай баштаган. Мен учун эжелеримдин жашоосу турмуштун мага тартуулаган соккулары болчу. Копко отурдум шалдырап. Шору коп апамды шерменде кылып, тируулой олтурот экен да дедим оюмда. "Мага эч кандай суроо бербе,сураныч.
Чоноюп калган,алдырта албайм",-деди.
Жок,мен ал куноосуз наристени неге алдырт демек элем, бул дуйного келе элек периштенин куноосу эмне? Куноо алды-артын ойлобой арам иш кылган чон адамдарда да. "Баланы алдыртпайм"
дегени кубантты жок дегенде. Адамдык касиети калган тура деп ошого да суйунуп жаттым. Бирок, бул абийирсиздик,
шермендечилик не болот? Элдер эмне дейт? Апам кантип эл караган жузу жер карайт деп озумду жеп отурдум ошол тундо. Эжем дуйнону куткарып чарчагансып,
уктап жатты.
#25 12 March 2014 - 02:40
Женил жана жалпак тил менен катасыз жазылыптыр.
Окуганга да оной.Уландысын чыдамсыздык менен кутобуз.
#26 12 March 2014 - 04:16
Ал кезде улуу эжем да турмушка чыгып, 1 баласы менен ажырашып апамдын жанында жашай баштаган. Мен учун эжелеримдин жашоосу турмуштун мага тартуулаган соккулары болчу. Копко отурдум шалдырап. Шору коп апамды шерменде кылып, тируулой олтурот экен да дедим оюмда. "Мага эч кандай суроо бербе,сураныч.
Чоноюп калган,алдырта албайм",-деди.
Жок,мен ал куноосуз наристени неге алдырт демек элем, бул дуйного келе элек периштенин куноосу эмне? Куноо алды-артын ойлобой арам иш кылган чон адамдарда да. "Баланы алдыртпайм"
дегени кубантты жок дегенде. Адамдык касиети калган тура деп ошого да суйунуп жаттым. Бирок, бул абийирсиздик,
шермендечилик не болот? Элдер эмне дейт? Апам кантип эл караган жузу жер карайт деп озумду жеп отурдум ошол тундо. Эжем дуйнону куткарып чарчагансып,
уктап жатты.
Азаматсыз эгер озунуз болсонуз ошол адам, китептен кочурсонузда азаматсыз туура жазылган.. уландысын кутобуз..
#28 12 March 2014 - 14:29
Менин тагдырым бешенеме " Бактысыз"
деп жазган сон эмне озгормок эле? Мен суйууго , бактылуу болууга акым жок. Кеп менин суйуктуумдун байлыгында турса да мен учун чон койгой эжелеримдин,
уй буломдун менин репутациямды бузушу болчу. Кайсы жерге келин болуп барбайын, " Апасы баш болуп, эжелеринин турмушу ушундай болсо, бул кыз эмнени кыйратмак эле " деп айтышат да. Ал ачуу создор бир кун болбосо бир кун, кимдир бироо тарабынан айтылышына 100 % ишендим. Ансыз да турмуштун ачуу даамын татып жургон шордуу журок андай создорду которо алмак эмес. Коп ойлондум. Суйумдун аруу бойдон калышын кааладым. Андан узак болуп, оз жашоомду улантууну ойлодум. Бирок, кантип ? Акылым бул создорду айткан менен журогум каршы чыгып жатты. Сезимдерим акылыма баш ийбей мени кыйнап жатты. Ал тундо мен учун тан атпай калчудай сезилип турду.
#29 12 March 2014 - 14:34
Баардык теманы эле жарым-жарымдан окуп алып журом, качан бутурушот экен деп.. Автор азаматсыз, жакшы жазат экенсиз
#30 12 March 2014 - 14:42
Ал учурда биринчи курсту аяктоонун алдында тургам.Эжем жайкы каникулда коз жарды. Апамдын эки талаа тогулгон жашы журогумду тилип турса да кучумду жыйып "Неберениз болчу периштени жашоого келбей жатып, аркы дуйного жонотууго акыбыз жок",-дедим.
"Эл деген суйлоп келген, суйлой берет. Эжемдин акылсыздыгынын айынан бир жандын куноосун ала албайбыз. Балким, балалуу болуусу анын кыял-жоругун жакшы жакка озгортоттур"
деп апакемди жоошутканым менен ичимден озумду кемирип жаттым. Ошол учурда суйуктуумдон да алыстай баштадым. Ал чарк айланып, кабагым карыша калса маанайымды которуунун амалын издеп калса журогум сайышып кетчу кадимкидей.
Бир куну озум жонундо баарын айтып бердим. Ага айтпастан андан кол узууго акым жок болчу. Унчукпай угуп турду , айтып буткон сон ал унсуздук улана берди. Мен ал анткен сайын тынчым кетип, туура эмес кылдым окшойт деп ойлоп кеттим. Бирок, ал тескерисинче тушунуу менен кабыл алды. Мен туура адамды тандаганыма ичимден Кудайга мин мертебе ыраазы болуп, жетине албай суйундум. Ал менен омур жолубуз бир болбосо да суйгон адамым конулумду оорутпай туура кабыл алганына ичим жылыды.Мен ал куну бактылуу болчумун.
#31 12 March 2014 - 14:57
Бактылуу болушумдун себеби анын тушунуу менен кабыл алгандыгы болчу.Анын мени менен , менин аны менен келечегимди бириктире албашым ачык эле корунуп турду. Бирок, ал кандай гана тоскоолдук болбосун бирге болушубузга соз берип, мени ишендирип жатты. Ата-энеси менен тааныштырчу куну бутум тартпай, ошол жакка баргым келбей турса да суйуктуумду капа кыла албадым. Апасы жакшы кабыл албады. "Таанышкан кыздарын дайыма эле алып келет. Жаш да, ойноп ойноп биз айтканга уйлонот",
деди тамашаламыш болуп. Атасы апасына коздору менен антип айтпашына эскертуу берип жатканын мен да байкадым. Суйуктуум "Бул жаштык эмес. Бул менин болочоктогу жубайым",
-деп кесе жооп берди. Атасы колдоп "Силер бактылуу болсонор болду да",-деди ортодогу ынгайсыз абалды ондоону коздоп. Бирок, эч убакта мынчалык ынгайсыз болбосом керек. Апасы суроолорун тынбай жаадырып жатты : " Атан эмне жумуш кылат? Апанчы? Канча бир тууган болосунар? Кайда турасынар ? " .Аттин ай, адамдык баалуулуктар материалдык байлык менен олчонбосо гана. Суйуктуум дайыма ушул создорду кайталачу мага: "Сен коптордон айырмаланып,
байлыкка , бардар жашоого кызыкпаганын,
жан дуйнондун тазалыгы менен озгочосун"
,-деп. Кыска жооп берген сайын апасы жаман карап, шылдындагандай мамиле жасап суйлоп отурду. Жан дуйномду бычак менен тилгендей болуп, козумдон жаш чыкпаса экен деп отурдум.
#33 12 March 2014 - 15:10
Мен ушул создорду озумо озум тилеп алдым деп жаттым ичимден. Корсо кинодо болгон окуялар чыпчын жашоодон алынат тура. Мансап, байлык адамдарга окшош кыял тартуулайт экен да. А мен ичимден, журогумдон тупкурунон "Байлардын баары окшош эмес" деп умуттончу эмес белем. Суйуктуум узатып келгенде болуп откондорду унутсун дегендей тамашалап конулумду которуунун аракетин кылып жатты. Ал "Баары жакшы болот" деп жоошутканы менен андай болбошун сезип турдум. Мага деле озумдой жетишпеген жашоодо чонойгон бироону суйдурсо кана тагдыр. Суз коштоштум. Ичимден да коштошуп жаттым туболукко. Эртеси куну апасы чалып, жеке суйлошуу учун жолугууну сунуштады. Жолугушууга бардым. Болгон кучумду жыйнап бардым. Апасы : " Сендейлердин далайын коргом",-деп баштады кепти. " Байлыгына кызыгып, сулуу келбетин менен баламдын башын айлантып алгансын. Балким дубалатып да алгандырсын.
Жетишпей жашасанар анан сага табылгадай эле болду да. Жок, тушуном сен да эптеп жашашын керек дечи, бирок, мен балам менен жашатпайм. Байга тийууну кааласан, бироого экинчи аял бол. Сулуусун, татынакайсын.
Баламдын башын айланткандай эле оной эле кылтакка илесин. Тен тени менен, тезек кабы менен дейт. Тенинди тап кызым. Акылын болсо артка кайт. Балам дагы бироону табат. Кыз дегенден коп нерсе жок. ",-деп кобурап жатты. Жооп кайтарууга дарманым жок, башым айланып, дуйно астын устун болуп турду . Суйуктуумду ата-энеси бир тыйын бербей уйунон кууп чыкса да анын жанында болот элем го, кайдагы байлык... Мен жетишпей жашасам да акчаны кудайымдай корбодум эле го.
#34 12 March 2014 - 15:32
Ишимден да бошоп , номеримди алмаштырып,
каникул бутконго дейре апамдын жанына кетип калдым. Ал кезде мени кубандырган жалгыз себеп менин жээним болчу. Эч ким каалабаган наристе мени алаксытып турду. Чон эжем менен апам иштейт. Экинчи эжем уйдо. Мен эки жээнимди карап озумду алаксытам. Эжем да куноосун сезгендей уй иштерин озу кылып, козумо карап калды. Ар ким ичиндеги койгойу менен алек. Эки баланын гана уну чыкпаса уйдо тынччылык. Бири бирибизге ашыкча суроо да бербей жымжырттык окум сургон жашоодо жашап жаттык. Окуу башталаарда кетким келбей турду кыйылып. Бирок, айлам жок болчу. Апакем жузумдон суйуп: " Бир да суроо бербедим ушунча убакыт. Журогум ооруп турат кайгылуу коздоруно караган сайын. Кааласан иштебей эле окучу. Озун деле сарамжалдуу жансын, биз акча жонотуп турабыз. Озунду кыйнабачы ",-деди ыйлап жатып. Мен да ыйладым коптон бери биринчи жолу. Экообуз кучакташып ыйлап турдук. Ошенти жол ката жашымды кармана албай ыйлап келдим. Жумушумдагы кыздарды коргону барсам " Сен туура эмес кылдын",-деп башташты. Мен жокто ичип да келиптир, ыйлап да келиптир. Уккан сайын кыйналып жаттым. Мени тушунгон, мени мен болгонум учун суйгон адамды кыйнаганым учун озумду куноолоп турдум. Бирок, артка жол жок. Суйуум суйуу бойдон калсынчы. Жаман-жакшы айтышпай журогумдо аруу бойдон калсын деп ойлодум. Окуу башталаары менен бир программа аркылуу чет олкого кетуунун амалын издеп, сынактарга катышып баштадым. Ал артымдан калган жок. Окуудан чыксам уйго чейин , уйдон окууга чейин карааным болуп журо берди. Ашыкча убактымдан болмодон чыкпай озумду камап койчумун. Коп адам менен суйлошпой озумду алыстатып,тунт адамдын образында жашап журдум. Аз гана убакытта университеттеги жетишкендигим менен чет олкодогу университке которулдум.
Апамдын батасын алып артыма карабай кеттим. Суйуктуумдун конулун калтырып кеттим. Озумдун журогумдогу оор жук менен кеттим.
#35 12 March 2014 - 15:46
Коп жыл отту. Далай жаз келип, далай суулар акты. Озумду алаксытып кеттим. Эки эжем апамды карап, экоосу тен иштеп балдарын чонойтуп жатышат. Менин журогумдун ханзаадасы башка бироого баш кошконун уктум. Мендик боло албаганын ойлосом, жашоомо таарынып кетем. Бирок, бул тагдырдын буйругу болчу. Кийин социалдык желеден табышып калдык. Алгач таарынгандай тур корсотуп жатып, кийин кайра эле мурункудай тамашалап суйлоп калды. Коп суйлошпогонго аракет кылам азыр деле. Ал деле сезет. Ал озун куноолуу сезет. " Сени жаман создон коргой албаганым учун кечир",-дейт.
Бирок, баары бир экообуз бири бирине жетпеген ашык болуп калдык окшойт. Андай эч кимди суйуп, эч кимди озумо жакын коро албасам керек. Убакыт дарылайт демекчи , эжемдин абийирсиздиги деле унутулуп кетти, кыйналган кундорубуз да. Бул суйуу оруусунан да айыгам деп озумду сооротуп коем. Азыркы максатым ишим , карьерам. Келечекте мени сыйлаган адамга турмушка чыксам балдарым да мендей акыбалда калбай тургандай шарт тузуу -кыялым. Мендей болуп, кайдагы бир баалуулуктардын айынан бир келген жашоодо суйуусун курмандыкка чалбасын. Мен татып корбогон суйуу даамын алар татышсын. Тунгуюкка кептелген жашоомдон чыгуунун аракетиндемин.
#36 12 March 2014 - 15:56
Кутуп окуп, ой болушконунуздор учун терен ыраазычылык билдирем. Каарман детальдарды жазышымды каалабады. Жердигин, окуу жайын, иштеген жерин, убактылуу иштеген модельдик агенствосун,
адамдардын аттарын ж.б.у.с. Албетте , ото жакшы, каармандын озундой суроттой албадым. Азыр экообуз тен Европада жашаган кыргыздар катары жолугушуп, суйлошуп турабыз. Ал копчулукко сырын айта бербеген, баары менен тил табышып,шайыр журсо да ,аз гана досу бар адам. Демейде анын жылмайып жургонун коруп, башынан ушундай окуяларды откоргонун ойлобочу элем. Сиздердин да назарыныздарга сунуштап, дагы бир адамзатынын журок сыры менен болушуп коеюн дедим.
#39 12 March 2014 - 16:03
ураа бутту. эн кызыктуу, эн тушунуктуу жана эн сериал эмес тема ушул болду.
Бактылуу болунуз омурлук адамынызга жолугуп!! !
Бактылуу болунуз омурлук адамынызга жолугуп!! !

Супер-Инфо
super.kg
видео














