Суперстан: Шумдугуң кургур - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Эркин тема
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (163 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 38
  • 39
  • 40
  • 41
  • 42
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Шумдугуң кургур Бири-бирибизди таң калтыралы

#781 Пользователь офлайн   Jamgyrchy   11 Март 2014 - 13:50

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 187
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 11 Мар 2014 18:23
  • Жынысы:Аялзаты

Айсберг.

Нидерланддардын "айсберг" деген сөзү деңизде сүзүп жүрүүчү "муз тоо" дегенди түшүндүрөт. Бул чынында эле деңизге жылып түшкөн мөңгүлөрдүн сыныгы. Мөңгүнүн учу деңизге салаңдап бир топ мезгилге чейин турат. Аны суу ташкыны, шамал жеп, акырында омурулуп сынат да, күрс этип сууга кулайт.

Көп бөлүгү сууга чөгөт да, сууда калкып айсберг шамал менен агымдын багытына жараша узак сапарга чыгат. Жолдо ал акырындык менен эрип, кээде аласалып да кетет. Айсбергдер анча чоң эмес - узуну 1-2 чакырым, туурасы жарым чакырым болот. Эбегейсиз чоң - узуну бир нече ондогон чакырымга, 100 метрден ашык бийиктикке жеткен айсбергдер да кездешет. Айсбергдердин мекени - Арктика жана Антарктида.

Океанда айсберг менен кездешүү өтө кооптуу. Анткени анын суу астындагы көрүнбөгөн бөлүгү, суу үстүндөгү бөлүгүнөн бир нече эсе чоң болот. 1912-жылы Америкадан Европага келе жаткан абдан зор, жүргүнчү ташыган, атактуу "Титаник" параходу туманда айсберг менен кагылышып, чөгүп кеткен. Бирок Антарктида сууларындагы айсбергдердердин орустун "Юрий Долгорукий" аттуу кит кармоочу кемеге пайдасы тийген учуру да болгон.

Күчтүү шторм моряктарга кармалган балыкты рефрижераторго жүктөөгө жана танкерден күйүүчү май алууга мүмкүндүк бербей жаткан кезде моряктар жакын эле жердей катар турган эки айсбергди көрүшкөн. Аларды жаалдуу толкундар айланып өтүп, экөөнүн ортосунда майда толкун гана өкүм сүрүп тургандыктан моряктар алардын ортосуна тобокелге салып киришип, ошол далдада керектүү жумуштарын бүтүрүшкөн.

Бул - айсбергдердин моряктарга жардамы тийген бирден-бир гана учуру болсо керек. Бирок окумуштуулар келечекте айсбергдер адамга ар дайым пайда келтирет деп болжолдошот. Чындыгында биздин планетада таза тузсуз сууга болгон муктаждык барган сайын артууда. Айсбергдер дал ушундай суунун булагы болуп эсептелет.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 41926562.jpg

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#782 Пользователь офлайн   Jamgyrchy   11 Март 2014 - 14:20

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 187
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 11 Мар 2014 18:23
  • Жынысы:Аялзаты

Айнек.

Археологиялык казуу мезгилинде илимпоздор Египеттен эң сонун айнек ваза табышкан. Анын формасы кооз, айнеги өтө сапаттуу экен. Бул табылга мындан 3 миң жылдай мурда жасалганы белгилүү болгон. Байыркы Египетте айнектен ар кандай жасалга буюмдарын, идиш-аяк жасашкан. Египет биздин заманга чейинки мезгилдерде айнек жасоонун байыркы замандагы борбору болуп келген.

Бул жерден айнек буюмдар көп өлкөлөргө жөнөтүлүп турган. Археологиялык казуулар илимпоздорго байыркы Орусияда да айнек буюмдар, ошондой эле храмдарды кооздоодо мозаика үчүн керектелген айнек жасалгандыгын аныктоого мүмкүндүк берди. Албетте, айнек жасоо ыкмалары байыртан бери бир кыйла өзгөрүүгө дуушар болду. Айнек - таң каларлык материал. Киргилт ак кум, ошондой эле киргилт сода жана башка материалдарды аралаштырып, меште жогорку температурада эритилгенден кийин тунук, илээшкек масса даяр болот.

Аны таптап - терезе айнегин, үйлөп - стакан, графин, ваза сыяктуу буюмдарды жасаса болот. Бирок айнектен идиш-аяк, күзгү, жасалга буюмдар гана эмес өзгөчө тунук, жогорку сапаттуу оптикалык айнектен фотоапараттын, кино тартуучу камеранын объективи даярдалат. Ал эми химиялык лабораторияларда айнек колба, түтүк, ийрекчелер канча! Миллиарддаган жарык берүүчү лампалар - булар да айнектен жасалат.

Адатта "айнектей морт" деп айтылган менен, азыр болоттон да бышык айнек жасалат. Мындай айнектен механизмдердин тетиктери даярдалат. Автомобиль менен самолёттун терезесине чыңалган айнек салынат. Ал абдан бышык: Бир килограмм болот шарды адамдын боюндай бийиктиктен ушундай айнек тактага таштаса да сынбайт! Эгер мындай айнек сынса да, анын сыныктары тилип же кесип кеткидей курч эмес, мокок абалында быркырап кетет.

Демек кокус машина аварияга учурап, айнектери сынса андагы адамдар айнек сыныгынан жабыркабайт. Айнектен жасалма була жасалат, андан болсо отко күйбөй турган кездемелер токулат. Химиялык чайырга каныктырылган айнек кездемеден жеңил автомобилдердин кузову, чакан кемелердин тулкусу даярдалат.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 57862070.jpg

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#783 Пользователь офлайн   Jamgyrchy   11 Март 2014 - 14:59

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 187
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 11 Мар 2014 18:23
  • Жынысы:Аялзаты

Акча.

Мындан бир нече миң жыл мурда адамдар "акча" деген эмне экендигин билишкен эмес. Алар бири-бири менен ар кандай нерселерди жөн эле алмашып келишкен. Карапачылар карапасы менен кумурасын; темир усталар жебенин учун, бычагы менен балтасын; дыйкандар эгинин, суу майын, шарабын; малчылар өгүз, кой, жүн менен терисин; жеңген аскерлер колго түшкөн туткундарын айырбашташкан.

Бирок алмашуунун өзү абдан татаал. Анткени буюмдар менен продуктулардын наркы ар башка. Ал тигил же бул буюмду, продуктуну даярдоого канча эмгек жумшалгандыгына, кандай кыйынчылыктардын болгондугуна, кээде аларды табууда кандай коркунучтардын кезиккендигине жараша болот. Мисалы, бир койго эки балта же бир шым, же төрт кумура алууга болот дейли.

Ал эми кабыландын тиштери менен тырмагынан жасалган мончокко бир кайык же эки өгүз тең келген учурлар да болгон. Анын үстүнө ушундай жол менен алмашууну каалаган адамды таап көр! Ошондуктан адамдар алмашууну жеңилдетүү үчүн кандай нерсе ылайыктуу боло турганын ойлой башташкан. Ал үчүн көп нерселерди: Малды да, азык-түлүктү да, аң терилерин да, кездемени да пайдаланып көрүшкөн.

Бирок булар да өтө ыңгайсыз болгон. Кой менен өгүздү күтүп жана багуу керек. Азык-түлүктү узакка сактоодон бузулуп кеткен. Аң терилерин күбө жеп, кездемелер колдон-колго өткөндө сүзүлүп кеткен... Адамдар акча гана туруктуу экенин акырындык менен түшүнүшкөн. Аны сактаганда же колдон-колго өткөндө бузулбастыгын байкашкан. Акча алып жүргөнгө жеңил, ал тургай анын аз гана бөлүгү өгүздүн, үйдүн, кеменин, жердин наркына туура келүүгө тийиш.

Акча майда бөлүктөргө оңой-олтоң бөлүнүшү зарыл, анткени элдин баары эле өгүз же кеме сатып алышпайт да. Адатта адам күндөлүк тиричиликке керектүү: Нан, байпак, флэшка, көйнөк жана башка буюмдарды сатып алат эмеспи. Бирок дагы бир жаңы талап - акча канчалык майдаланса да жалпы наркы кемибеши керек. Мисалы, кундуздун же түлкүнүн терисин майдалап үзгүлөп таштаса, үзүндүлөрдүн баасы эмнеге татыйт? Эч нерсеге арзыбайт!

Мына ушул талаптарга анча-мынча болсо да жооп берген алгачкы акчалардын бири түштүк деңиздеринен кармалып алынуучу үлүлдөрдүн кабырчыгы болгон. Аларды көзөп, мончоктой кылып жипке тизип алышкан. Бирок бул акчанын баасы өтө эле арзан болгондуктан бир өгүзгө миң үлүлдү санап берүүгө туура келген. Металлдан жасалган акча гана ыңгайлуу болгон. Ар түрдүү нарктагы: Жезден арзаныраак, күмүштөн кымбатыраак, алтындан эң кымбат тыйындарды жасоого мүмкүнчүлүк болгон.

Металл акчадан да олуттуу кемчилик табылган, анткени ал оор келип, көп орун ээлечү. Алыскы өлкөлөргө соода-сатык жүргүзгөн бай көпөстөргө мындай жүктү алып жүрүү коркунучтуу да, ыңгайсыз да болгон. Анткени аны кайсы жерге катсаң да каракчылар менен талоончулар дароо таап алышат. Ошондуктан адамдар мындай абалдан чыгуунун жолун издеп табышып, алтынды банкка сактоого өткөрүшкөн.

Жолго чыкканда алтындын ордуна жүрүүчү тил катты жаздырып алышкан. Мына ошентип биринчи жолу кагаз пайда болгон. Ал акчага банкта сакталып турган алтындын наркы жазылган, азыркы тил менен айтканда "чек" деп койсок да болот. Адамдын эмгеги сарп кылынган бардык буюмдарга, азык-түлүктөргө жана тейлөө иштерине акча төлөнөт.

Ошондуктан акча анын белгилүү бир бөлүгү дайыма башка ар кандай товарга тең келген баасы теңдештирилип, ага алмашууга мүмкүндүгү бар өзгөчө товар болуп эсептелет. Ар кандай буюмдардын алмашуу бирдиги - акчанын кантип өнүккөнүн ушул сүрөттөр баяндап турат.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 58442810.jpg

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#784 Пользователь офлайн   Jamgyrchy   11 Март 2014 - 15:07

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 187
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 11 Мар 2014 18:23
  • Жынысы:Аялзаты

Алгачкы адамдар.

Биздин эң байыркы ата-бабаларыбыз, "алгачкы адамдар", маймылга өтө окшош болушкан. Окумуштуулар аларды маймыл сымал адамдар деп аташкан; алардын денесин жүн басып, жаак сөөктөрү оркоюп, ээги мулуюп кыска боло турган. Бирок алар ошол кезде эле эки аяктап басып калышкан. Эң байыркы адамдар үңкүрлөрдө жана аска-зоолордун жаракаларында жашашкан.

Турак-жайларын от менен жылытышып, ага эт кактап жешкен. Майда жаныбарларга анчылык кылып, аларды таяк, таш менен чаап алышкан. Бирок алар көбүнчө мөмө-жемиш жана өсүмдүктүн тамырлары менен тамактанышкан. Булар жөнөкөй куралдарды гана жасаганды билишкен: Таштарды чегип, бир учун колго кармоого ылайыктап, экинчи учун учтуураак кылып алышкан. Таштан курал жасаган мезгил таш доору деп аталат.

Байыркы адамдардын тукумдары - неандерталдардын да кебете-кешпири маймылга окшош болгон: Алардын чекеси жалпак, кабагы салынкы, ээги мулуюп кыска. Бирок булар кадимки адамдардын өзү болучу. Алар алгачкы топторго - эң тажрыйбалуу жана кайраттуу эркектер башында турган аңчылык ордолоруна биригишкен. Неандерталдар үңкүрлөргө баш калкалап, айбандардын терисинен кийим жасап кийишкен.

Алардын мээсинин салмагы азыркы адамдын мээсине жакын болгон. Өсүмдүктөрдө болбогон эң керектүү аш болумдуу заттарга бай эттүү тамактар мээнин өсүшүнө жардам берген. Этти тамак-аш катары пайдалануу анчылык топторду жогорку деңгээлде уюштурууга, ар түрдүү эмгек куралдарынын пайда болушуна алып келген. Неандерталдар куралдарын (кыргыч, калак, бычактарды) таштан жасашкан.

Алар үңкүрлөрдө жашоочу (аюу сыяктуу) чоң-чоң айбандарга аңчылык кылышкан. Эмгек процессинде адамдардын бири-бири менен пикирлешип сүйлөшүү талабы пайда болду. Эмгек өз ара пикир алышуу каражатын жараткан. Алгачкы адамдар акырындык менен азыркы замандагы адамга окшой берет. Буларды илимпоздор кроманьондор ("homo sapiens") деп аташты.

Кроманьондордун тукумдары коомдук-маданий жактан бир кыйла алдыга илгерилеп, үй-бүлө күтүшөт, мал багып, эгин айдоону да өздөштүрө баштайт. Алгачкы адамдар жүз миңдеген жылдар мурда жашашкан. Ал кезде жазма пайда боло элек болчу. Ошондуктан алар өздөрүнүн тарыхын жазып калтырууга жарашкан эмес.

Бирок окумуштуулар бул адамдар жөнүндө алардын жашоо-турмушунун издерин таш куралдардын калдыктарынан, анчылык кылышкан жан-жаныбарлардын жана илгерки ата-бабаларыбыздын сөөктөрүнөн, эң байыркы сүрөтчүлөр тарабынан үңкүрлөрдө тартылган сүрөттөрдөн тапкан. Кыргызстандын аймагында байыркы адамдарга таандык таш куралдар, тургун жайлар Борбордук Теңир-Тоодо - Он Арча өзөнүнүн боюнда, Чыгыш Ферганада - Кожо бакырган сай өрөөнүнөн, Ысык-Көлдөгү Тосор суусунун жээгинен, Ош аймагындагы Селүңкүр, Учкун аттуу үңкүрлөрдөн жана башка жерлерден табылган. Сарыжаздагы (Ысык-Көл), Акчуңкур үңкүрүнөн эң байыркы аска бетиндеги кишинин, буканын, эчкинин, жыландын, күндүн сүрөттөрү сакталып калган.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 08941743.jpg

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#785 Пользователь офлайн   Jamgyrchy   11 Март 2014 - 16:18

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 187
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 11 Мар 2014 18:23
  • Жынысы:Аялзаты

Шумдугуң кургур. Бири-бирибизди таң калтыралы. Ушул теманын аталышына "сырдуу дүйнө" деген сөздү да кошуп койсо эмне болот? Админдер бул темага баш багып калса, оңдоп койсоңор. Анан эркин темада толтура экен мындай маани, маңызы, курамы окшош темалар. Менин темамды жаап, эскертүү бергенге жараша, башкаларды да текши карап коюш керек болчу.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#786 Пользователь офлайн   saltanat.   11 Март 2014 - 16:36

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 8 229
  • Катталган: 25 Февраль 13
  • Соңку аракети: 10 Фев 2025 14:40
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кереметтүү жерде.

Аким, модераторлор илгеркиии темаларды карашпайт, кошушпайт, анан тема ачсаң ошол илгеркини чукуп келип таап, 3-4 теманы бириктирип, жаңы теманын авторун банга тыгат. "Көсөөнүн акылы түштөн кийин" деген ошо да.
Никогда не путай мой характер с моим отношением. Мой характер зависит от меня, а мое отношение - от твоего поведения.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#787 Пользователь офлайн   kapriznyi   11 Март 2014 - 22:51

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 88
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 12 Мар 2014 18:14
  • Жынысы:Белгисиз

Америкада бийкеч сүйүктүү адамы менен кол үзүшүүгө мажбурлаган үчүн ата-энесин сотко берди.

18 жаштагы Рэйчел Кеннинг үйдөн кетип калган. Анын себеби, ата-эне кызынын жигитин жактырбаганы болду. Алардын пикиринде, футболчу бийкечке жаман таасир берип жаткан. Эми Рэйчел өзүнчө жашап, тиричилик жана окууга акчасы жок. Кыз ата-энесинен алемент төлөп турууну сот аркылуу талап кылууда.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 28541_m.jpg

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#788 Пользователь офлайн   kapriznyi   11 Март 2014 - 22:53

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 88
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 12 Мар 2014 18:14
  • Жынысы:Белгисиз

Кытайлыктар камерасы 50 мегапикселге барабар дүйнөдөгү алгачкы смартфон чыгарышты.

OPPO(Эппо) Find 7 19-мартта Пекинде тартууланат. Муну менен кытайлыктар Nokiaнын наамын тартып алышты. Бул компания 41 мегапиксель менен тарткан Lumia 1020 смартфонун чыгарган. Эске салсам, мегапикселдер көбөйгөн сайын, фотосүрөттүн сапаты ошончолук жогорулайт.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 28551_m.jpg

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#789 Пользователь офлайн   kapriznyi   11 Март 2014 - 22:55

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 88
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 12 Мар 2014 18:14
  • Жынысы:Белгисиз

Америкада суктанууну сакалчан мырзалар жаратууда.

Нью-Йоркто түк өстүрүү боюнча операциялар популярдуу болуп жатат. Мындай жол менен көчүрүлгөн сакал тыкан келип, тегиз өсөт. Операция 7 миң доллардан 8,5 миң долларга чейин турат. Эгер бейтап өз түгүн гана каалап, бирок алар бетинде өспөсө, анын чачтары же төшүндөгү түктөр көчүрүлөт. Белгилеп кетсем, азыр өзгөчө Джордж Клуни, Райан Гослинг, Брэд Питт сыяктуу жылдыздардын образдары популярдуу болууда.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 28561_m.jpg

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#790 Пользователь офлайн   adiletaltynbek   11 Март 2014 - 23:16

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 51
  • Катталган: 31 Август 13
  • Соңку аракети: 04 Ноя 2014 11:50
  • Жынысы:Эркек

jamgyrchy абдан кызыктуу жазгансын,бирок кээ бир создорун фантастика болуп кетиптир
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#791 Пользователь офлайн   Jamalym   11 Март 2014 - 23:23

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 347
  • Катталган: 06 Март 12
  • Соңку аракети: 21 Дек 2021 08:12
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Эски шаар

Дуйнодо сырдуу кубулуштар коп.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#792 Пользователь офлайн   kapriznyi   11 Март 2014 - 23:26

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 88
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 12 Мар 2014 18:14
  • Жынысы:Белгисиз

Просмотр сообщения adiletaltynbek (11 Март 2014 - 23:16) жазган:

jamgyrchy абдан кызыктуу жазгансын,бирок кээ бир создорун фантастика болуп кетиптир
Оо гокуууй... Муну мен жазбайм, болгону башка маалымат булактарынан таап келип, бул жакка бир аз грамматикалык каталарын оңдоп, жүктөп эле койгонум болбосо...



  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#793 Пользователь офлайн   kapriznyi   11 Март 2014 - 23:30

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 88
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 12 Мар 2014 18:14
  • Жынысы:Белгисиз

:)

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: getImage-09.jpeg

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#794 Пользователь офлайн   adiletaltynbek   12 Март 2014 - 12:55

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 51
  • Катталган: 31 Август 13
  • Соңку аракети: 04 Ноя 2014 11:50
  • Жынысы:Эркек

Просмотр сообщения kapriznyi (11 Март 2014 - 20:26) жазган:

Оо гокуууй... Муну мен жазбайм, болгону башка маалымат булактарынан таап келип, бул жакка бир аз грамматикалык каталарын оңдоп, жүктөп эле койгонум болбосо...


Бир аз коркомдоп кооздоп дебейсинби, азамат
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#795 Пользователь офлайн   kapriznyi   12 Март 2014 - 16:22

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 88
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 12 Мар 2014 18:14
  • Жынысы:Белгисиз

Чайды көп ичкен мамлекеттер аныкталды.

Биринчи орунда – Түркия турат. Андан кийинки эле орунда Ирландия жана Улуу Британия жайгашты. Төртүнчүдө Россия. Ал эми тизменин акыркы орундарында Тайланд, Филиппины, Греция, Бразилия жана башка өлкөлөр жайгашты. Бул мамлекеттерде чай анча популярдуулукка ээ эмес.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 28621_m.jpg

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#796 Пользователь офлайн   kapriznyi   12 Март 2014 - 16:23

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 88
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 12 Мар 2014 18:14
  • Жынысы:Белгисиз

Жаш келин бал айын жалгыз өткөрөт.

Атлантанын жаш жубайлары, Коста-Рикада эс алууну чечкен. Бирок мас болуп калган күйөө бала учактан ызы-чуу чыгарган. Аба кемеси күтүлбөгөн конуу жасап, уруш чыгарган жүргүнчүнү полиция кармап кетти. Ал эми келинге карата эч кандай бузуулар катталбагандыктан, ал саякатты жалгыз уланта берди.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 28631_m.jpg

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#797 Пользователь офлайн   kapriznyi   12 Март 2014 - 16:26

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 88
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 12 Мар 2014 18:14
  • Жынысы:Белгисиз

Жаңы Зеландия тургуну мас абалында өз атын карта ойноп уттуруп койду.

Эми анын аты расмий түрдө, “Темир Хавок - Спок жана Фростновдун бардык каармандарына караганда жагымдуу жана акылдуу” деп аталат. Бул ат жеке документке да эптеп батты. Анын айтымында, мындай күлкүлүү атты ага картадан утуп алган атаандашы ойлоп тапты.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 28641_m.jpg

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#798 Пользователь офлайн   kapriznyi   12 Март 2014 - 16:28

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 88
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 12 Мар 2014 18:14
  • Жынысы:Белгисиз

Пакистан тургуну болсо 1 мүнөттүн ичинде 155 жаңгак чагып, Гиннес рекорддор китебине кирүүгө талапкер болууда. Мохаммад Рашидке чейин бул рекордду Нью-Йорк тургуну 1 мүнөттө 44 жаңгак чагуу менен орноткон.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 28651_m.jpg

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#799 Пользователь офлайн   kapriznyi   12 Март 2014 - 16:29

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 88
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 12 Мар 2014 18:14
  • Жынысы:Белгисиз

Орус алфавитинен “Ы” тамгасын алып салууну депутат Владимир Жириновский сунуштады.

Анын айтымында, бул тамга азиялыктын белгиси, анткени Европа өлкөлөрүндо Ы тамгасы жок. Мунун дагы бир себеби катары ал, анын уулу да бала кезде бул тамганы айта албагандыгын белгилеп жатат.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 28661_m.jpg

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#800 Пользователь офлайн   kapriznyi   12 Март 2014 - 16:31

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 88
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 12 Мар 2014 18:14
  • Жынысы:Белгисиз

Жаздын келиши менен көпчүлүктүн иммунитети начарлап баштады.

Тез арада аны бекемдөөгө шашылыңыз. Ал үчүн активдүү жашоо образын алып жүрүп, таза абада сейилдөө керек. Жумуштан чарчап келгенде, бутту узартып бир аз болсо дагы жатып эс алсаныз да жакшы. Тез-тезден мончого түшүү дагы – иммунитетти бекемдетет. Андан тышкары, сөзсүз түрдө ден соолукту бекемдөөчү витаминдерди ичип тургула. Ден соолугуңуз чын болсун!

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 28671_m.jpg

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Эркин тема
  • Кийинки тема →

  • (163 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 38
  • 39
  • 40
  • 41
  • 42
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 15 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 15, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 27 Июл 2025 09:06

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: