Суперстан: >>Тагдырдын тамашасы, же чет мамлекеттерден тагдырдын буйругуна моюн сунгандар<< - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Чет өлкөдөн салам!
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

>>Тагдырдын тамашасы, же чет мамлекеттерден тагдырдын буйругуна моюн сунгандар<< Бул темада чет жактан бактысын тапкандар тууралу

#1 Пользователь офлайн   vankuver   13 Март 2014 - 04:15

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 080
  • Катталган: 05 Июль 13
  • Соңку аракети: 05 Мар 2015 01:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:планета Кыргызстан

Саламатсыздарбы урматтуу окурмандар, бул темада ар кандай себептер менен чет олколордо жашап калгандар, же тагдырдын буйругу менен чет олколордон бактысын тапкандар жонундо соз кылууну туура кордум. Эгерде сиздерде да ушундай маалыматтар болсо биз менен болушосуз деген ойдомун. Мен мындан ары бул темада, ошол чет жактардан бактысын тапкан адамдар жонундо сиздер менен чогуу таанышып турууну туура кордум. Анда эмесе томондо ушундай тагдырларга туш болгон инсандар жонундо кеп баштасак.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   vankuver   13 Март 2014 - 04:24

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 080
  • Катталган: 05 Июль 13
  • Соңку аракети: 05 Мар 2015 01:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:планета Кыргызстан

Вьетнамдын келини Чынара
.


Вьетнамга келин болгон Чынара Абдыкадырова өз чөйрөсүнө стилист, дизайнер катары таанымал.
Вьетнамдын Хошимин шаарында жашайт.
Мындан алты жыл мурда вьетнамдыктарга келин болуп барган Чынара азыр орун-очок алып, өз чөйрөсүнө стилист, көп тил билген ийгиликтүү айым катары таанымал. Мындан сырткары ал кыргыздын кол өнөрчүлүгүн ошол жакта таанытууга аракет кылып жүрөт.
Кыргызстандагы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин Чыгыш таануу факультетинде окуп жүргөн студент Чынара Абдыкадырованын бешенесине Жапонияга окуп келүү буюрат. Бул аны Вьетнамга алып барчу жол эле...
.
- Жапониянын Киото шаарындагы Киото университетинин жатаканасында жашачумун. Анда ар кайсы улуттун өкүлдөрү жашачу. Болочоктогу күйөөм вьетнамдык Фук менен ошол жактан таанышкам. Ошентип турмуш мени Кыргызстандан Жапонияга, Жапониядан Вьетнамга алып келип койду.
.
Бирок ошол кезде журтташыбыз Чынара Вьетнамга келин болорун аңдаган да эмес.
.
- Болочок күйөөм менен таанышканда 19 жашта элем. Анда менин максатым чет элдик менен баш кошуу эмес, билим алуу болчу. Фук менен жапон тилинде практика кылып, жапончо сүйлөө деңгээлимди жакшыртам деп сүйлөшүп жүрүп, кийин жакшы болуп кеттик. Окууну бүтүп, мен Бишкекке кеткенден кийин гана баш кошолу деп чечтик. Алгач ата-энем мени жапондук жигит менен сүйлөшүп жүрөт деп ойлошсо керек. Кийин ал вьетнамдык экенин билгенде абдан таң калышты окшойт. Таанышкандан кийин кыргызга эле окшош турбайбы деп калышты.
.
Чынара Абдыкадырова иш учурунда
Калкы көп жана бир нече жапон компаниялары иштеген өлкөдө жумуш табуу Чынарага кыйын деле болгон эмес. Буга анын көп тил билгени жардам берген.
.
- Вьетнамда мотоцикл айдагандар абдан көп. Бул жакта жапондордун Ямаха, Хонданын заводдору, деги эле жапон фирмалары көп. Вьетнам тилин билбесем да жапончо, англисче билгендиктен ошол фирмалардын көргөзмөсүн өткөрүп, уюштуруп иштедим. Бул жакта кол өнөрчүлүккө абдан кызыгышат, мончоктордон тизип көп нерселерди жасашат. Ипанима бренддеги сумкалар бар, эки жыл ошондо иштедим. Азыр болсо Кыргызстандын атын, кооз жерлерин, кол өнөрчүлүгүн аз да болсо бул жакка таанытайын деген тилегим бар. Азырынча жибекке кийизден оймо түшүрүлгөн шарфтарды алып келип жатам. Вьетнамдыктар да колго жасалган нерселерди абдан баалашат, аларга өзгөчө маани беришет. Ошол себептен да алар кыргызстандык уздардын колунан жасалган буюмдарга абдан кызыгышат.
.
.
Чынара мындан сырткары өз чөйрөсүндө стилист жана көп тилген билген ийгиликтүү айым катары да таанымал.
.
- Стилист абдан кызыктуу жана сонун иш катары каралат. Бирок чындыгында стилист болуп иштөө абдан кыйын. Кардар каалагандай, анын оюндагыдай чыгаруу өтө оор. Мисалы кымбат баалуу сумканы көтөртүп, бирок кийими начар болуп калса ал товар өтпөйт. Бир моделге кийим тандап кийгизүүгө эле бир-эки ай кетет. Эгер биринчи ишиң кардарга жакпаса, ал экинчи сага кайтып келбейт.
.
Чынара алты жылдан бери үй-бүлөсү менен Вьетнамдын 7 млн. ашуун калкы бар Хошимин шаарында жашайт. Арстан жана Жеңиш аттуу эки уулу бар. Кыргыз тилин да билсин, үйрөнсүн деп Кыргызстандагы таята, таенесиникине балдарын жөнөтүп турат.
.
- Улуу балам Арстан кыргызчаны жакшы сүйлөй албай калды. Анткени ал Жапонияда төрөлүп, Кыргызстанга барып, кайра Вьетнамга келип жер которуп журүп, өзүнүн да тили кеч чыкты. Ошондуктан аны кыргыз тилин үйрөнсүн деп көп кыйнабайм. Ал англис, вьетнам тилинде сүйлөйт. Ал эми кичүү балам Жеңиш кыргызча абдан жакыш болбосо да сүйлөйт, түшүнөт. Кээде каникул убагында Кыргызстанга таштап келебиз. Канча тил билбе урушканда, эркелеткенде баары бир эне тилде сүйлөйт экенсиң. Мисалы менде да ошондой. Балдарым түшүнөт.
.
.
Үй-бүлөсү менен
Чынара балдары, кайын журту кыргыз даамын да жакшы көрөөрүн кошумчалады:
.
- Балдарымдын эң жакшы көргөнү боорсок. Кайын журтум да боорсокту абдан жакшы көрүшөт. Андан сырткары Кыргызстанга барганда Өзгөн күрүчүн ала келем. Аш басып берем, шорпо жасайм. Мен жасаган тамактарга көнүп калышты.
.
Чынарага вьетнамдыктардын келинге жасаган мамилеси тууралуу да суроо узаттык:
.
- Вьетнамдардын улууну урматтап, кичүүнү сыйлаш керек дегени бизге эле окшош. Улууларды чакырып чай берип, сыйлап дегендей... Анан салты катуу эмес, мындай кыл, тигиндей кыл деген көрүнүштөр жок. Айыл жерин билбейм, бирок шаарда жашагандар келинди катуу кармабайт. Ошондуктан оңой эле көндүм. Бир гана кыйын нерсе - тилибизди түшүнбөгөнүбүз болду. Алгач кайненем англис же жапон тилин билбегендиктен экөөбүз сөздүк менен сүйлөшүп жүрдүк. Вьетнам тилин үйрөнүш кыйын эле. Бирок кыргыздар илгертен көчмөн эл болуп, ар кайсы тилдерди угуп кулагы ачылып калса керек, генибизде бар болсо керек деп ойлойм. Кайсы тил болсо да кыйналсак да үйрөнүп кетебиз.
Вьетнамда кыргызстандыктар саналуу гана, онго жакын. Арасында ишкерлик кылганы, англис тилден сабак берген мугалими да бар. Башка өлкөлөрдөн айырмаланып бул жакта кыргыздар бири-бири менен көп байланышпайт, майрамдарда да чогуу отурууга мүмкүнчүлүк көп боло бербейт экен.

Кай жерде болбо, ар дайым, ар качан, туболукко журогумдо жашайсын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   vankuver   13 Март 2014 - 04:59

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 080
  • Катталган: 05 Июль 13
  • Соңку аракети: 05 Мар 2015 01:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:планета Кыргызстан

.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: чынара ветнам.jpg

Кай жерде болбо, ар дайым, ар качан, туболукко журогумдо жашайсын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   vankuver   13 Март 2014 - 05:07

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 080
  • Катталган: 05 Июль 13
  • Соңку аракети: 05 Мар 2015 01:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:планета Кыргызстан

АКШ армиясында кызмат өтөгөн Бегимай
.

Он тогуз жаштагы Бегимай Жапар кызы АКШ армиясында кызмат өтөп жүрөт. Америка армиясындагы тартип, тарбия жана ал жактын өзгөчө мыйзамы, күнүмдүк кызматы тууралуу биз менен ой бөлүштү.
.
Мен кантип жоокер болдум?
.
2011-жылы төрт жылдык келишим менен аскерге алышкан. Келишимде баары ачык, даана көрсөтүлгөн. Эгер зарылдык чыкса менден уруксат сурабай эле согушка алып кетишет. Кокус жаза тайып кайтпай калсам, мага берилчү камсыздандыруунун пулун кимге калтыраарымды келишимде ачык көрсөтүшүм керек. Эгер өз өмүрүмө кол салсам мен үчүн башкалар жооп бербейт. Анда акча да төлөнбөйт. 21 жашка толо элек куракта маңзат менен ичимдикти колдонууга тыюу салынат. Бул жерде эң башкысы мыйзамды сыйлаш керек. Мен азыр Жапониядамын. Бул жакка эки жылдык келишим менен келгем. Бүткөндөн кийин узартып же кайра Америкага кетсем болот.
.

Бир жарым жыл кызматымды өтөдүм. Башында албетте кыйналасың. Жаңы барганда үч айдай Түштүк Каролинада кызмат кылдык. Ушул мезгил аралыгында катаал тарбия көрдүк. Адам катары санабай, кичине жаңылсаң кыйкырып... Оңой эмес психологиялык басымга тушугасың. Таңкы саат беште турмай. Ошондон баштап кечке кыймылда болосуң. Автомат, мылтык атканды, граната ыргытканды үйрөнөсүң, Бул учурда армиянын кайсы бөлүгүнө барарыңды аныктайсың, ошого жараша окутат. Мен автомеханиканы тандап алгам. Азыркы жумушум машина оңдомой. Келишим боюнча дагы эки жарым жылдан кийин аскердик кызматымдын мөөнөтү аяктайт. Андан кийин Жапонияда каламбы же кайра Америкага кетемби - өзүмдүн каалоомо жараша болот.
.
Мекениме мектеп курсам дейм...
.
Апам Сокулуктан, атам Муракеден болот. Мен Чоң-Арык жактагы №58 мектепте окугам. 2006-жылы алтынчы классты бүткөндөн кийин Америкага "жашыл карта" менен кеттик. Эки байкем бар. Эми Американын бир окуу жайынан билим алгым келет. Ата-энем менин окуум үчүн иштебесин деген максатта аскерде кызмат өтөөнү тандап алдым. Буюрса ушул чогулткан акчам менен окууга тапшырам. Өкүнбөйм. Армия мени чыдамдуулукка үйрөттү. Бир чети агаларымдын да таасиринен го. Кичинемден бери "чыдамдуу бол" деп насаат айтып келишет.
.
Турмушка чыккам. Жолдошум испан жигити. Жакшы адам. Экөөбүз жанагы кесипке окуткан мектептен таанышканбыз. Исламды кабыл алды. Азыр Жапониядагы башка бөлүктө кызмат кылат. Буюрса Кыргызстанга да барып келебиз. Билим алсам мекениме да жардамым, жарыгым тиет. Келечекте бир мектеп же мечит куруп берсем деген тилегим бар.

Кай жерде болбо, ар дайым, ар качан, туболукко журогумдо жашайсын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   vankuver   13 Март 2014 - 05:11

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 080
  • Катталган: 05 Июль 13
  • Соңку аракети: 05 Мар 2015 01:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:планета Кыргызстан

АКШ армиясынын катарында Бегимай
Кай жерде болбо, ар дайым, ар качан, туболукко журогумдо жашайсын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   vankuver   13 Март 2014 - 05:21

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 080
  • Катталган: 05 Июль 13
  • Соңку аракети: 05 Мар 2015 01:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:планета Кыргызстан

Менин атым Азиза болчу
.


Кыргызстанда төрөлүп, кийин америкалык жарандар асырап алган 19 жаштагы Азиза-Кэрол Блэр биз менен маек курду.
.
Окуу жылы аяктаганда мектеп бүтүрүүчүсү Азиза-Кэрол Блэрге тандоо мүмкүнчүлүгү берилди. Америкада калып окууну улантуу керекпи же Кыргызстанга кайсы бир убакытка чейин болсо да барып, туулган жерин көрүп келгени оңбу? Нью-Йоркто калса Технологиялык институтта окумак, бирок кыз Бишкекке барып, өткөнү менен кайрадан таанышып чыгууну чечти.
.
Артка кылчайып, өзүн кайрадан таануудан убакыт аягысы келбеген Кэрол ошол замат эле Бишкектеги Борбор Азиядагы Америка Университетине документ тапшырган. Көп өтпөй окууга өткөнү менен куттуктаган кубанычтуу кабарды укту.
Учурда 19 жаштагы АКШ жараны психология факультетинин 1-курсунда окуйт. Мени менен сүйлөшүп жаткан кезде Кэрол балалык кезин, Америкага кандайча барып калганын тизмектеп, айтып берүүгө аракет кылды.
.
- Мен апамды элестете албайм, кыска, кара чачы гана эсимде калды. Анда болгону 3 жашта элем. Кээде көз алдыман өткөн турмушумдун айрым урунттуу учурлары тасма сындуу чууруп өтөт. Биз бир бөлмөлүү тар батирде турчубуз. Менин билишимче, андай үйлөрдү “хрущёвка” деп коёт. Апам, мен, иним үчөөбүз жашачубуз. Кээде сейилдечүбүз, апам мени көтөрүп алаар эле. Менин оюмча, апам мени аябай жакшы көрчү.
.
.
Кыздын андан кийинки жашооcу булаңгыр. Кандайдыр бир жол менен иниси Темирлан экөө Орусиянын Новосибирск шаарындагы балдар үйүнө түшөт. Ал жерде бир жылдай болушкан экен. Жашоо күтүлбөстүккө бай эмеспи, алдыда эки бир тууганды жомоктогудай бурулуш күтүп турган.
.
Азиза-Кэролдун жаңы ата-энеси башынан эле кичинекей кытай кызын асырап алууну кыялданышыптыр. Түгөйлөр “Бир үй-бүлөдө бир бала” деген Кытайдын каардуу саясатынын айынан түрткүнчүк болгон ымыркайлардын бирине мээрим төгүүнү каалашкан экен. Бирок бала асырап алууга жардам берген агенттик аларга теги кыргызстандык Азизаны сунуштайт.
Кызды америкалык жубайлар дароо жактырат. Белек-бекчек, кийим-кечек менен Орусиядагы балдар үйүнө тез-тез каттап турушат. Качан кыз өздөрүнө үйүр алып, чочуркабай калганда Массачусетске биротоло алып кетишет. Бир туугандарды ажыратпоо максатында Темирланды да багып алышат.
.
.
“Балдар үйүнүн кызматкерлери биздин ата-энебиз өпкөсүнөн кагынып көз жумганын айтышкан. Менин оюмча, Новосибирскке куу турмуш айынан барсак керек. Апам мени эч убакта капа кылчу эмес. Балким бизди бага албай, аргасы түгөнгөндө ушул кадамга баргандыр. Тилекке каршы, атабызды такыр эстей албайм”, - дейт Блэр.
.
Мен апамды элесте албайм, болгону анын кыска, кара чачы эсимде калды. Анда болгону 3 жашта элем. Бир бөлмөлүү тар батирде апам, мен, иним үчөөбүз жашачубуз. Кээде сейилдечүбүз, апам мени көтөрүп алаар эле, мени аябай жакшы көрчү.
.
Мен кызга ушул жерден өзүнүн биологиялык ата-энесин табууга аракет кылып көрүүгө кеңеш бердим. Бирок маектешим сунушуман сылык баш тартты.
Жаңы ата-энеге кыз көптө барып көнөт. Тилден да кыйналат. Айланаңда баары бир тилде сүйлөп атса, акырындап кулак бышат эмеспи. Азиза да бир жылдан кийин англисче кадимкидей түшүнүп, бара-бара орус тилин унутат. Башында ата-энеси аны Кэрол деп чакырышчу экен, кийин Азиза-Кэрол дешип, эс тартканда жөн гана Кэрол деп атоону чечишет. Азыр анын толук ысымы Кэрол Роуз Блэр.
.
- Мени жакшы адамдар багып алганына ыраазымын. Алар мага баарын беришти. Улуу эжелерим бар, алар күйөөгө чыгып, балдары биз менен бир куракта. Мамилебиз жакшы. Америка чоң мүмкүнчүлүктөрдүн өлкөсү. Айрыкча мага билим берүү системасы жагат. Ар бир мектеп окуучусу өз чыгымдары үчүн акча иштеп тапса болот. Мен буга чейин кийим саткан дүкөндө менеджер жана онлайн консультант болуп иштегем. Мектепти бүткөндө "шаардын аяк-башына кыйналбай жет" деп атам мага машина белек кылды. Ал жактагы жашоом албетте жакшы, бирок өткөндү унутууга болбойт. Мен көп нерсени билип, өзүмдү-өзүм тааныгым келет, ошол себептүү мекениме келдим.
.
Айтмакчы, Кэрол окуусуна акчаны өзү тапкан. Бир нече жыл бою чогулткан экен. Учурда ал Бишкектеги тил үйрөтүүчү курстардын биринде мугалим болуп иштейт. Бош убактысында жергиликтүү маданият менен жашоочулардын үрп-адатын изилдейт. Кыздын айтымында, ага Ысык-Көл жана улуттук ашкана аябай жаккан.
.
Азиза-Кэрол“Эмнегедир этти анан ысык чайды жакшы көрөм. Бул мага кан аркылуу берилсе керек”,- деп жылмайды Блэр.
Бишкектин жашоочулары меймандос болгону менен бактысыз, бир нерсеге нааразыдай көрүнгөнүн да айтып олтурду. “Америкада жөнөкөй жана жарашыктуу кийингенге аракет кылышат, бул жакта тышкы келбетке болгон мамиле башкача экен”, - деп подиумга чыкчудай сүлкүлдөгөн бийкечтерге таң калганын жашырган жок.
.
- Мен бул жактын жашоо-шартына көнө албай жатам. Көпчүлүк мамлекеттик мекемелер адамдардын жашоосун жөн эле татаалданта берээрин байкадым. Айрым бир документтерди Билим берүү министрлигинен ырастоо үчүн канча убара болуп, орой мамилелерге да кабылдым. Мен болгону 1 жылга гана келгем, бирок ушул убакыт ичинде көп нерсени таанып-билериме ишенем. Инимди кышында келет деп күтүп жатам. Биз ошондо киндик каныбыз тамган, апабыз жетелеген шаар менен жакшылып таанышабыз деген ойдомун. Кыргызстанга акыркы жолу келип жатам дебейм, биз дагы далай жолу конокко келебиз.


Маектешкен Алина Алымкулова
Кай жерде болбо, ар дайым, ар качан, туболукко журогумдо жашайсын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   vankuver   13 Март 2014 - 05:34

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 080
  • Катталган: 05 Июль 13
  • Соңку аракети: 05 Мар 2015 01:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:планета Кыргызстан

Азиза Келор Блер жаны Америкалык ата энеси жана кичинекейиндеги иниси экоонун фотосу. Жана учурдагы бой жеткен Америкалык Келор Блер
Кай жерде болбо, ар дайым, ар качан, туболукко журогумдо жашайсын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   vankuver   13 Март 2014 - 05:45

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 080
  • Катталган: 05 Июль 13
  • Соңку аракети: 05 Мар 2015 01:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:планета Кыргызстан

Кыргызга келин болгон араб кызы
.

Араб кызы кыргызга келин болгонун кулагыбыз чалгандан баарлашууну чыдамсыздык менен күткөм. Үйлерүнө жеткенимде, жадырап-жайнап тосуп алышты. "Бүгүн (28-февраль - ред.) биздин королдун кызынын туулган күнү экен. Жаңылыктан айтты деп келинчегим кубанып жатат" - деп Төрөбек күлүп калды. Төрөбек Мамырбаев менен Сана Аль-Каваждын баш кошконуна бир жыл болуптур. Сана жети бир туугандын алтынчысы, бир үйдүн улуу келини. Бактылуу жубайлардын Лина аттуу кызы бар. Учурда Махмуд Кашгари Барскани атындагы Чыгыш университетинде араб тилинен сабак беришет. Андан тышкары, Төрөбек балдар жатаканасын, Сана араб тили китепканасын жетектейт.
.
Таанышуу
,
-Сана Мароккодон биздин университетке докторлук ишин жактаганы келгенде таанышканбыз. Бир көргөндө эле жагып калганын жашырбайм. Кесиптеш катары сүйлөшкөнүбүз болбосо, арзуумду билдире албай көпкө кыйналдым. Бишкектин ичинде ары-бери жүрүп калышканда, мен котормочу болуп жүрдүм. "Мен ага жактымбы же жокпу?" деген суроо жүрөгүмдү өйүдү да калды. Бир күнү түш көрдүм. Түшүмдө эки тараптан келген эки булут (бири - Төрөбек, бири - Сана) аралашып калды. Кийинки түшүмдө Сана ак жоолук салынып, намаз окуп кирди. Түш кармабагандыктан, ишенген жокмун. Андай учурда, биз, мусулмандар, Кудайдан жардам сурап кайрылабыз. "Баш кошкондой кыла көр" деп Аллахтан абдан сурандым. Алла Тааланын буйругу экен, баш коштук. 29 жашымда үйлөнүп, үйдөгүлөрдү кубанттым.
.
Кыздын колун суроо
.
-Албетте, кыздын колун сураш кыйындыкка турду. Мусулмандарда кыздын колун баланын ата-энеси сурап, сөйкө салуу салты бар эмеспи. Жол алыстыгына байланыштуу телефон аркылуу сурадык. Атасынын көзү өтүп кетиптир. Апасына айта албай, көпкө чейин коркуп жүрдүк. Алгач бир туугандарына билдирсе, алар "өзүңө жакса мейли" дешти. Апасына да Сана өзү кабарлады. Тобокелге салып байланышса, апасы: "Мусулман бекен? Намаз окуйбу? Өзүңө жагабы?" деп сурап, баарына "ооба" деген жоопту уккандан кийин: "Анда Кудай деп чыга бер" деди. Сүйүнгөнүбүздү айтпаңыз...
.
Кыргыз ата-эненин чечими
,
-Мен жактагылар каршы болгон жок. Былтыр жайында үйгө барганымда, апама тамаша иретинде: "Мароккодон келген бир араб кыз бар. Ыймандуу, билимдүү, жакшы кыз. Ошол кызды алып алсам кандай болот?" дегем. Апам: "Андан көрө ал кыз сага тийеби? Арабдар бай да. Ал кыз макул болсо, сонун болбойбу..." деди. Чынын айтсам, апамдан мындай сөздү күткөн эмесмин. Атам болсо, эч нерсе деген жок. Себеби, менин чечимимди дайыма туура деп эсептейт.
,
Той
.
-Биздин университетте марокколук туугандар бар. Санага ошолор төркүн болуп берди. Мусулман салтын бузбайлы деп, кызды алардын үйүнөн алып кеттик. Никебиз мечиттен кыйылды. Жакындар, кесиптештер менен бир күн тойлодук. Эртеси Нарынга алып бардым. Кадимкидей эле той болду. Болгону араб кызын алганым башкаларга укмуш кызык болуптур. "Кыргыз кыздарынын арабга турмушка чыкканын укчубуз. Араб кызынын кыргызга келин болгонуна биринчи жолу күбө болуп жатабыз" деген сөздөр айтылды.
.
Куда-кудагый таанышуусу
,
-Ушул убакка чейин куда-кудагыйлар жакындан тааныша элек. Бири-бирин компьютердеги сүрөттөр аркылуу билишет. Албетте, бетме-бет жолугуп, жүз көрүшүп, чер жазышканга не жетсин. Ага шарт жок болуп жатат. Жолкире - кымбат. Киши башына эле - 1200 доллар. Былтыр өзүм барып келгем. Ата-энем Мароккого, кайын тарап биз тарапка келсек деген ой-максаттары бар. Быйыл орундатсакпы деп тилек кылып жатабыз.
.
"...станды" угуп чочуган кайын-журт
.
-Сананын үй-бүлөсүнүн Кыргызстандан кабары жок экен. Мындай мамлекет, кыргыз деген улут бар экенин угушпаптыр. Аягы "...стан" менен аяктаган өлкөлөрдүн баарын - Пакистан, Афганистан, Дагестан мамлекеттериндей элестетип, "террористтер экен" деп ойлогондору да болуптур. Кыргызстанды укканда кулактарына жаман угулуп, чочуркашты. Биз тууралуу бул жактагы араб туугандардан уккандан кийин, жүрөктөрү ылдыйлап калды.
.
Тил
.
-Экөөбүз тең бир нече тилди билебиз, ар биринде сүйлөшө беребиз. Көбүнчө арабча сүйлөшөбүз. Сана кыргыз тилине кызыгат. Жаңыдан үйрөнүп жатат. Кызыбыз төрөлгөндө апам келип, бир ай багышты. Ошондо үйгө: "Сана, үйдө нан барбы?" деп телефон чалсам, ал апама кайрылып, "Апа, нан бар?" деп сурап атат. Аракеттенип, кыргызча сүйлөп жатканына ичим жылып калды. Апам: "Алдей, алдей, ак бөпөм, ак бешикке жат бөбөк" деп ырдаса, ал саптарды жаттап алыптыр. Кээде ырдап калат. Башка тилди билген жакшы. Барган жериңде котормочу издеп, убара болбойсуң. Мисалы, мен Мароккого барганда, кайын-журт менен эркин эле сүйлөштүм. "Биздин тилди кыйын билет экенсиң" деп таң калышты. Биз жөнүндө эмне деп сүйлөшүп жатканын угуп билесиң. Алар Азиядагы элдин баарын эле кытай деп кабыл алышат экен. Мени да кытай деп жатышты. Арданып:" Кытай эмесмин, кыргызмын" деп кайра-кайра тура калам. Биз кытайды көп жакшы көрө бербейбиз го. Алар болсо жогору коюп, баалашат экен.
.
Мароккодогу той
.
-Мароккого барганымда, мени өз баласындай кабыл алып, тосуп алышты. Шаан-шөкөт, шаң менен эки күн той өткөрүштү. Кызды абдан баалашат экен. Алардын салты боюнча, кыз 5-6 кийим (ак, көк, кызыл, күлгүн, сары, жашыл) которуп, колуна хна менен сүрөт тартып беришет экен. Акырында 20 килограммдык көйнөк кийип чыкты. Канчалык оор болсо да, салт үчүн чыдайт экен. Кыздын көйнөгүнүн баары алтын, күмүш менен кооздолуптур. Кызды алтынга көмүшөт экен. Кыз кийимин которуп чыккан сайын, аны замбилге салып, көтөрүп бийлешет экен. Күйөө балага да "король көйнөгү" (250 долларлык) деп көйнөк кийгизип, бир жолу замбилге салышат экен. Мени да бир жолу салып, бийлешти. Биринчи күнү жакындары менен чакан той өтүп, эртеси чоң той болду. Ардактуу ырчыны чакырышыптыр, ал оркестр менен укмуш ырдады. Пайгамбарды даңктаган ырлар жаңырды. Кыскасы, абдан жакшы өттү.
.
Ымыркай
.
-Жыл айлана кыздуу болдук. Кызыбыз Линага үч ай болду. "Лина" Курандан алынган ат. "Көп мөмө берген пальма" дегенди түшүндүрөт. Мароккого барганыбызда Сана кош бойлуу болчу. Кайын эжемдин Ясил аттуу баласы: "Кыз болот окшойт. Атын Лина койгула" деп айтса, этибар алган эмеспиз. Анткени, өзүбүз эркек бала деп жүргөнбүз. Бишкекке келгенде УЗИден өтсөк, кыз дешти.
.
Таарынуу, жарашуу...
.
-"Идеалдуу үй-бүлө болбойт" дегендей, биз деле кээде кер-мур айтышып, таарынышабыз, кайра жарашабыз. Сананын жакшы жери ичине кир сактабайт. Чукчуңдашкандын четин апам көрүп калган. "Тээтиги жактан элин-жерин таштап, сага келсе, эмнеге урушасың? Бир үйдүн эрке кызы болсо, Санага оор эле да. Андыктан, экинчи аны таарынтканыңды көрбөйүн" деп, бизди ынтымакка чакырып сөз айткан. Экөөбүз деле катуу чырлашууга жол бербейбиз. Таарынычыбыз болбогон жерден эле чыгып кетет. Бирок, аныкы туура болуп калат. Мисалы, "Пайгамбар деп сүйлөгөн менен, анын туулган күнүн белгилебейт экенсиңер" деп таарынганда, "бизде деле бара-бара калыптанаар. .." деп түшүндүрдүм. Пайгамбардын жашоо-турмушунан үлгү алгым келет. Улуу адам болуп туруп, өз кийим-кечесин жууган экен. Үй жыйнаганга, тамак-аш жасаганга жардам берем. Аялзатын сыйлаш керек. "Бейиш эненин таманы астында" деп бекер айтылбаса керек. Апамды эстеп, Санага жылуу мамиле кылам. Өзү деле тың, баарын шыпылдап, чуркап кылат.

Кай жерде болбо, ар дайым, ар качан, туболукко журогумдо жашайсын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   vankuver   13 Март 2014 - 05:46

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 080
  • Катталган: 05 Июль 13
  • Соңку аракети: 05 Мар 2015 01:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:планета Кыргызстан

Кыргызга келин болгон араб кызы
уландысы
.


-Сана, өз мекениң менен салыштырып, биздин жерден кандай окшоштук-айырмачылыкты байкай алдың?
.
-Кыргызстандын климаты негизинен Марокконун климатына окшош эле экен. Бизде деле кышында кар жаайт. Табияты, адамдардын кулк-мүнөзү жакты. Бирок, бизден бир айырмасы - дүкөн, кафелерде арак, шарап коюлат, сатылат экен. Бизде мас болгон адамдар жокко эсе. Кыздардын киндик көрсөтүп кийингенин, колуна тамеки кармаганы мага чынында өөн көрүндү.
Ашканабызда бир аз айырмачылык бар. Биз камырга көп жокпуз, бирок этти тамак-ашта байма-бай колдонобуз. Жубайыма түрлүү тамактарды жасап берем, жактырып жейт. Бизде деле нанды колго жасашат. Бир гана боорсок кылбайбыз. Камыр тамактарды жасаганды үйрөнүп келатам. Аш басканды үйрөндүм.
Бизде деле жүгүнүү салты бар. Күнүгө жүгүнүшпөйт, той күнү гана эл алдында жүгүнүшөт. Кайын атам, кайын энем "жоолук салын, жүгүн" сыяктуу талаптарды койгон жок. Бизде кийимдерди кол менен саймалап тиккенди жакшы көрүшөт. Килемди дубалга илбейбиз, жерге салабыз. Дубалдарда картиналар гана илинет.
.
- Кайната, кайнене, дегеле кайын журтуң жактыбы?
.
-Аябай жакты, айрыкча кайненем. Баласынын бактысын ойлогон мээримдүү эне экен. Мени өз кызындай кабыл алды. Бардык келиндерин бирдей көргөнү жакты. Абысындарым да жакшы, мени чет элден келген келин дебей, сыйлап тосуп алышты. Бир гана тил жагынан тоскоолдук бар. Кайненем, абысындарым менен сырдаша албай жатам.
.
- Кыргыз тилин үйрөнүү кыйындыкка туруп жатабы?
.
-Андай деле эмес. Үйрөткөн киши жок. Жолдошума: "Менин тилимде эркин сүйлөйсүң. Кыргызча үйрөтсөң боло" деп таарынычымды айтып калам. Эки адам сүйлөшүп олтурганда түшүнөм. Азыр сиздердин сөзүңүздөрдү түшүнүп эле олтурдум. Болгону сүйлөй албайм, бирок аракет кылып жатам. Кыска сөздөрдү айтам. Мисалы, рахмат, эч нерсе эмес, нан бар, ич, же, суу деген сөздөрдү үйрөнүп алдым. Кыргыз тилинде "к" жана "ж" тамгалары көп кездешкенин байкадым. "Ө", "ү" тамгаларын так айтам, себеби, француз тилинде да бар.
.
-"Клон" деген сериал Мароккодо тартылыптыр. Жергиликтүү салттары туура эле чагылдырылганбы?
.
-Көпчүлүгү туура эмес тартылган. Бразилиялыктар бир аз бурмалап коюшкан. Кымбат баалуу буюмдардын белекке берилиши, кийингендери туура чагылдырылган.
.
-Силерде кыздар кенедейинен алтын тагынат эмеспи. Алтынга жакынсыңбы?
.
-Ал туура. Алтынга кызыгарым да чын. Көчөгө чыгып калганда дүкөндөргө кирип алтындарды карап, аябай кызыгам. Бирок, жолдошумду "сатып бер" деп кыйнабайм. Анткени, анын канча айлык аларын билем да.
.
-Алдыда 8-март майрамы турат. Жолдошуңдан кандай белек күтүп жатасың?
.
-Бул майрам мен үчүн маанилүү деле эмес. Себеби, аялзаты үчүн бир эле күн эмес, ар күнү майрам болушун каалайм. Жолдошуң күнүгө жакшы мамиле кылып турса, ал кандай сонун майрам. Даталуу майрам болуп жаткандан кийин, кандай белек кылса да, мага абдан жагат. Курман айт, Орозо айт, пайгамбардын туулган күнү мен үчүн майрам.
.
-Кыргызстанда калганыңа өкүнбөйсүңбү?
.
-Бу да болсо Алланын буйругу. Өзүмдүн тандоом, андыктан, өкүнбөйм. Анткени, мени курчап турган жакшы жарым, мээримдүү кызым бар. Мындан өткөн бакыт барбы?
.
-Баары бир Ата мекенди сагынуу болот да?
.
-Албетте. Күн сайын, саат сайын эмес, мүнөт сайын сагынам.

Кай жерде болбо, ар дайым, ар качан, туболукко журогумдо жашайсын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   kanat4ik   13 Март 2014 - 11:51

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Чет олкодон кыз алып, кыз беруу менен эки олконун ортосунда копуро тузулуп жатат.
Бирок кыргыз кыздары чет олкого (Корея) тийип алышып, туура эмес кылгандарын кеч тушунуп окунуп жатышат. Албетте, беш кол тен эмес.
Иштейби же окуйбу эн негизгиси чет жактарда жургон мекендештерибиз Кыргызстандын атын жаныртып журо беришсин.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   vankuver   14 Март 2014 - 01:43

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 080
  • Катталган: 05 Июль 13
  • Соңку аракети: 05 Мар 2015 01:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:планета Кыргызстан

Кыргызга келин болгон жапон кызы
.

Кыргыз жигити менен жапон кызынын ортосунда куралган үй-бүлө.
Жапон кызы Йоко кыргыздын алыскы тоо арасындагы Нарын шаарынан бактысын тапканына үч жыл болду.
Йоко 2007-жылы Жапониядан Кыргызстанга ыктыярчы катары келген. Нарын шаарындагы мектептердин биринде жапон тилинен сабак берип жүрүп Жанарбек менен таанышат. Ошентип эки жаштын жылдызы келишип, бир жылдан соң баш кошот. Андан бери бир уул, бир кыздуу болушту.
Жанарбектин ата-энеси Нарын шаарында турганы менен түбү Нарын районунун Кеңеш айылынан болот экен. Жакында ушул айылда “Ынтымак” фестивалы өттү. .
Дөбөлү айыл округунун демилгеси жана Нарындагы жапон ыктыярчылардын көмөгү менен уюштурулган бул салтанатка Жапониядан келген куда-сөөктөр – Йоконун ата-энеси да туш болушту.
Кудалар Салтанатта Кеңеш айылынын аксакалы Муканбет Арыков жапон кудаларына көөдөндөн чыккан тилегин багыштады:
.
- Бул “Ынтымак” фестивалында жапон кудалар менен таанышып, абдан жакшы ынтымакта сүйлөшуп атабыз. Биздин Кеңеш айылы жапондуктар менен куда-сөөк болобуз. Алар келишти, тосуп алдык. Мына чогуу майрамдап турабыз.
.
Фестивалдын учурунда биз кудаларды да сөзгө тарттык.
Алыскы Күн чыгыш өлкөсүнөн келин күткөн Букен Өмүрбекова уулу жапон кызына үйлөнөөрдө алгач кыжаалат болгонун жашырбады:
.
- Уулдарымдын улуусу жапон кызын алды. Куда болгондо эми кандай? Кудалардын статусу бирдей да, кыргыз болобу, жапон болобу биз үчүн, жеке мен үчүн. Нарында турабыз, түбү Кеңештик болобуз. Адегенде уулум үйлөнөм дегенде сарсанаа болгом. Кандай болот деп, бекер эле сарсанаа болуптурмун. Жапондор акылдуу, баарын түшүнгөн калк болот турбайбы.
.
Нарынга келин болгон Йокодон кыргыз жигитине турмушка чыгышын ата-энеси кандай кабыл алганына кызыктык:
.
- Жакшы, албетте жакшы. Ата-энеме да жакты. Ошон үчүн эки бала төрөдүм да. Ата-энеме Нарын аябай жакты, кечээ Салкын-Төргө бардык. Аба таза дейт.
.
Жаңы келин болуп келгенде Йоко биринчи болуп боорсок бышырганды үйрөнгөн экен:
.
- Мага боорсок жасаган жагат. Мен турмушка чыкканда эң биринчи үйрөнгөн нерсе да. Анан жалгыз жасабай кошуна эжелер, жеңелер болуп чогуу жасайбыз. Боорсок жасаган аябай бактылуу учур, бактылуу салт деп ойлойм.
.
- Сизге жакпаган салтыбыз да бар чыгаар?
.
- Жакпаган... жакпаганбы? ... Жок! Салт деген салт да.
.
Йоконун Жапониядан келген апасы Йошико Накатаар бир үй-бүлөнүн салты ар башкача, аны сыйлаш керек дейт:
.
- Кызым кыргызстандыкка турмушка чыкканда ойлондум, эми кыргыз салттары биздин жапон салттарынан айырмасы болсо керек деп. Бирок кандай болсо да көнүш керек, үйрөнүш керек...
.
Йокого үйлөнгөн Жанарбек Чыңгышов болсо келинчеги өз фамилиясына катталып, ислам динин кабыл алганына ыраазы:
.
- Йоко экөөбүздүн ортобузда чоң сүйүү пайда болгон үчүн үйлөндүк да. Үйлөнөрдүн астында Жапонияга барып, ата-энесинен уруксат алдык. Нике кыйылаарда Йоко ислам динин кабыл алды. Азыр үйдө кыргызча сүйлөшөбүз.
.
Кыргыз-жапон улутунан куралган бул үй-бүлөнүн эки баласы бар, улуусу Умар, экинчиси Сакура аттуу кыз. Йокону көз жеткис Жапониядан Теңир-Тоого келин болот деп ким ойлоптур. Нике кайып, дүйнө кең да, тар да деген ушул болсо керек.

Кай жерде болбо, ар дайым, ар качан, туболукко журогумдо жашайсын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   vankuver   14 Март 2014 - 01:45

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 080
  • Катталган: 05 Июль 13
  • Соңку аракети: 05 Мар 2015 01:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:планета Кыргызстан

Чех турмуш
.
Учурда Чехияда жашаган журналист жана публицист Карамат Токтобаева “......к” үналгысынын кат куржунуна жиберген кезектеги блог.
.
Күн чыгыш жакты табалбай...
Сен бөлөк элге жат экениңди аэропоттон эле сезесиң. Алгач келгенимде абасы да бозомтук тартып, көзгө комсоо көрүндү.
Мезгил кеч күз болгондуктан Кудайдын куттуу күнү жамгыр жаайт. Такыр күндүн бетин көрө албай койдум.
Келгениме үч күн болгондон кийин кандайдыр бир жумуш табылып калып эртең менен эрте чыгып кеткем.
Кайра кечинде жашаган үйүмдү табалбай калсам болобу.
Чогуу жашаган кыргыз эжеге телефон чалсам «күн чыгыш жакты карап бас» дейт же бир күн чыгышы кайда экенин билсемчи.
Ушундай бир жагы күлкүлүү, бир жагы трагедиялуу окуялар менен коштолгон Чехиядагы жаңы жашоом башталган.
.
Чехиядагы мигранттар
.
Бир топ жыл мурун келип калган кыргыздар жакшы эле турукташып калыптыр.
Көпчүлүгү туристтик виза менен келип, андан ары легалдаштыралбай калышса, арасында жумуш визасы менен келгендер деле бар.
Документ проблемасын чечип алсаң эле бааары жайында болот. Менде дагы ушул суроо пайда болду.
Тагдыр экен, алты айдан соң Чехиядан расмий жашаганга мүмкүнчүлүк болуп калды.
Анан Кыргызстандагы туугандардыкында калган уулумду алып келип, туруктуу жашоочуга айландым.
.
Биз - чоочундарбыз. ..Советчил өлкөлөрдүн катарына күч менен киргизилгендерден Чехия гана Батыш Европанын деңгээлинде өнүгө алыптыр.
Ошон үчүн Чыгыштан да, Азиядан, Африкадан да жумушчу күчтөрү агылып кирип турат.
Ошолордун катарында келген саналуу кыргыздар деле чехтер үчүн чоочундарбыз болгону.
«Цизинец» (“чет өлкөлүк”, “чоочун”) деп коюшат чехче. “Чоочундарды” башка тигиндей-мындай деп деле талкууга алышпайт.
.
Өзгөчө 40 млн ашуун калкы бар Украинадан келгендерге салыштырмалуу биз саналуу элбиз.
Кыргыздар бул өлкөдө ашып кетсе беш жүз чамалуу болушу мүмкүн.
Ошентсе да бири бирибизди таанып колдон келген жардамыбызды берип турганыбызды көргөн башка улуттун өкүлдөрү “ынтымактуу эл болот экенсиңер” деп калышат.
Алган тарбиясы жол бербейби, Чехияда ашынган улутчулдар деле көрүнбөйт.
Кыскасы, мыйзамдын алдында гана башын ийген, “криминал” деген менен көп кабары жок бул өлкөдө жашаган жердештерибиз да көпчүлүк эмигранттар сыяктуу эле буюрган күнүн көрүп жашап келишет.
.
Эркектер көбүнчө курулушта, аялдар ресторандарда, конок үйлөрдө ж.б. иштешет.
«Клиент» жана «фушка»Алгач келгенде эле үйрөнгөнүм ушул эки сөз болду.
Биринчиси (“клиент”) - сени жалдап иштетип, тыйыныңды ишкана ээсинен алган соң өзүнө тийешелүүсүн алып, ага да алымсынбаса калган акчаңды да бербей какшатып басып кеткен киши.
Экинчиси (“фушка”) – расмий катталбай аткарылчу (официалдуу эмес) жумуш. Бул расмий катталбаган жумуш, албетте, жанагы документи жоктор үчүн, бир жагы, жакшы дечи.
А бирок жанагындай “клиенттерге” (арачыларга) туш болсоң, көргүлүктү көрөсүң.
Андай “клиенттер” көбүнчө украиналыктар болушат.
.
Өзгөчө бирөөнүн эмгегин жеп, жедеп көнүп калган “клиенттерге” бир гана өздөрүндөй жооп кылбасаң, убал-сооп дегенди уруп коюшпайт...
Алгач келгенде Сергей аттуу ошондой аферистке жолукканыбыз, анан да бир күнү баарыбыз чогулуп келип, тигинин машинесин өрттөйбүз деп коркутканыбыз, жүрөгү түшкөн тигил жанындагы болгон акчасын таратып бергени эсимде.
Эмне үчүн экени түшүнүксүз, “фушка тобуна”, же “көмүскө бригадага” (“көмүскө топко”) кошулуп иштөө ушул Чехияда гана бар экен. Менимче...
Шампунь уурдаган украиналык аял...
Праганын чет жагында ар кандай кампалар (складдар) бар.
Дүкөндөргө өткөрүлчү буюм-тайым, тамак-ашты кутулоо (упаковка), оюнчуктарга жарлык (этикетка) жабыштыруу, йогурт жана башка азыктарга ар кандай утуш (розыгрыш) кагазын чаптоо, шоколад салынган капкактарды жабуу же китеп-журналдарга реклама барагын чаптоо сыяктуу ар кыл жумуштар ушул кампаларда жасалат.
Мындай жумушту уюштуруучулар мигрант жумушчуларды шаардын чет жагынан таңкы алтыда автобус менен алып кетип, кечинде ошол жерге кайра таштап коюшат.
Өмүрү эртең мененки саат төрттө туруп көрбөгөн жаның автобустан кечикпеш үчүн көзүңдү ачып эле метрого шашыласың.
.
Аты айтып тургандай жумуш оор деле эмес. Бирок эртеден кечке бутуңда туруп иштегенге көнүүң керек.
Кампага жеткенде бирден чууртуп киргизип, чыгаарда чөнтөк, сумкаңды текшерип анан чыгарат.
Ишенчиликке кирип калгандарды текшербей өткөрүп калат.
Ошондой күндөрдүн биринде эшиктен чыгып баратып босогодо ыйлап отурган украин аялды көрдүм. Ал байкуш эки шампунь кармай чыгам деп колго түшүптүр.
Ошондон кийин жумушка кайрылып келген жок. Бир айлык маянасы бүт жазага (штрафка) чегерилип, жумуштан да айдалганын уктук.
Балким, расмий уруксат менен келип иштегенде администрациялык жаза андан жеңилирээк болмок беле.
Чехиядагы “клиенттердин” кутурганын ушундан бил.
Буттарынын тырмактары түшүп...Бир квартирада чогуу жашаган Айка (белгилүү себептерден улам каармандардын аттары өзгөртүлдү. - К.Т.) аттуу келин менен жакшы сүйлөшүп калганбыз.
.
Бир күнү кечинде жумуштан келсем буттарын карап онтоп отуруптур.
Ал байкуш Чехияга түз келбей, коңшулаш Польшага түшүп, андан жашырынып тоо ашып өтүп келгенин айткан эле.
Кыштын чилдесинде кар баскан ашуудан өтүп келүү оңой болмокпу.
Буттарынын шилтенбей калганына карабай бир сутка бою кар малтап келишиптир.
Чет өлкөгө чыгам дегендерди ар кандай виза жасап берип, эптеп эле Бишкектен бозгунга жөнөткөн фирмалар тууралуу бул айым муңкана айтып отурду.
Курбан деген жигит экөөнү бир фирма жасалма документ жасап “жубайлар” катары Польшага «дарылануу үчүн» жибериптир, ал жерде экөөнү Чехиядагы шериктештери тосуп алмак экен.
Аябай кыйналып жүрүп Прагага телефон чалышса, күтө турган киши болгону аларга тоодон кантип ашып түшүү керектигин гана айтып тим болуптур.
Анан да эптеп Прагага келген соң барар жери, таанышы - баягы эле тосуп алуучу болгондуктан, Чехиянын ордо шаарына жеткен соң аргасыз дагы эле ошого кайрылышат.
«Жел кызматы” үчүн тигил «тосуп алуучуга» жанындагы акыркы акчаларын төлөп, анан эптеп табылганына сүйүнүп ушул батирге чыкканын айтты.
Ошондон кийин Айка эки жума баса алган жок.
Көгөргөн тырмактары түшүп, кайра жаңы тырмак өсүп чыккыча буту ооруп, озондоп ыйлаган күндөрдү өткөрдү...
.
«Эй кеңкелес, качан акча саласың?
.
»Көпчүлүк кыргыздар көп келчү интернет-кафеге кирип калдым.
Менин аркы жанымдагы кабинадан бакылдаган кыргызча үн угулду.
Кимдир-бирөөгө төгүлүп арызын айтып жатыптыр.
Мен да сүйлөшүп баштасам тиги жигитке тоскоол болуп каларымды билдим да, саал унчукпай күтүп калдым.
«
Ошо, мен дагы акча салбай атам, атайы. Билсин, кандай экенин! Бул жакта акча асмандан жаабайт. Жаныбызды оозубузга тиштеп бөлөк эл, бөтөн жерде жүрөбүз.
Анан телефон чалсаң: «Эй чмоо (кеңкелес), качан акча саласың?» дейт. Ден-соолукту да сурап койбостон биринчи айткан сөзү ушул», - деди күйүп-бышкан тиги жигит.
Айтса айтпаса да, Кыргызстанда калган түгөйү тууралуу баяндап атканы белгилүү болчу.
Андан ары чыдап угууга түтпөй кабинанын эшигин акырын жаптым да, сыртка чыктым...
.
Атаганат, алыста калып, өз жакыныңдан бир ооз жылуу сөзгө зар кылган ушул заман качан бүтөөр экен?..

.

Карамат Токтобаева,
Прага шаары.
2011-жылдын 22-февралы.
Кай жерде болбо, ар дайым, ар качан, туболукко журогумдо жашайсын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   vankuver   14 Март 2014 - 01:47

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 080
  • Катталган: 05 Июль 13
  • Соңку аракети: 05 Мар 2015 01:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:планета Кыргызстан

Нурия:
"Француздар эс алыш
үчүн иштешет экен"

.

"Сүйүүдө тил жок, сезим өзү башкарат" дегендей, биздин кыргыз кыздар бактысын башкадан таап, чет элдик жарандарга турмушка чыгып аткандары четтен табылат. Ошондой кыздарыбыздын бири Нурия француз улутундагы жигит менен кол кармашып, турмуштун даңгыр жолуна түшкөнүнө аз гана убакыт болду. Нурия учурда Кыргызстанда жүргөнүнөн пайдаланып, кепке тарткан элек.
.
-Нурия, жолдошум башка улуттан болот деп ойлобосоң керек...?
.
-Менде негедир чет тилдерин бат өздөштүрүп кеткен жөндөмүм бар. Кичине кезимден эле чет элдик кинолорду жакшы көрчүмүн. Алардын турмушун, жашоо- шартын көрүп алып " мен да ушундай мамлекетте жашасам..." деп кыялданып койчумун. Анан "жаштын тилегин берет" дегендей, болгондо да "Сүйүү шаары" аталган Парижи бар, Францияга келин болдум.
.
-Француз жигитти кайдан таап алып жүрөсүң?
.
-Мындан эки жыл мурун Лорант Бишкекке жумуштап келгенде, кафелердин биринде, кокусунан таанышып калганбыз. Башында дос катары эле сүйлөшүп жүрдүк. Француз жигиттери кыздардан өткөн ыйбаа келишет. Эч качан сенин оюң, көз-карашың менен эсептешпестен чечим чыгарышпайт. Ошентип, дос болуп жүрүп эле кантип достугубуз сүйүүгө айланып кеткенин өзүм да байкабай калгам.Бул жакта жарым жыл жүрдүк. Кетеринде мага болгон сүйүүсү ушул бойдон каларын айтса, ишенген эмесмин. Унчукпай узатып койгом. Бирок өз өлкөсүнө кеткенден кийин деле мага телефон чалып, интернет аркылуу кат жазганын токтотпогонунан улам, мен чындап ишендим. Тагыраак айтканда, аралык бизди алыстата алган жок. Анан болгондо да 31-декабрь жаңы жыл түнү телефондон, колумду сурады. Мен да макулдугумду ойлонбостон бердим. Анткени мен анын да, өзүмдүн да сүйүүмө толук топук кылып калгам. Ал мага Францияга чакыруу документин салып жиберди. Ошондогу кете турган документтерди топтогон 5 ай мага 5 жылдай сезилди. Бир топ кыйынчылыктар менен документтеримди бүтүрүп, "өх-х" дедим да, күтүп жаткан тагдырымды көздөй учуп жөнөдүм.
.
-Баары бир башка шаар, башка чөйрө өз таасирин тийгизгендир?
.
-Эмнегедир мен баратканымда коркуу же түйшөлүү сезими болгон жок. Мени Лорант ата-энеси менен Париждин аэропортунан тосуп алды. Андан ары алар жашаган Франциянын Бретань аймагына жөнөдүк. Сиз айткандай чоочун жер чоочундук кылбай койбойт экен. 2-3 ай көнө албай абдан кыйналдым. Бирок, бактыма ата-энеси мээрим төгө кам көрүштү. Ата-энем жок болгондуктан, мен ата-эненин мээримин сагынып калыпмын. Кайнатам менен кайненем өтө маданияттуу адамдар экен. Өзгөчө кайненем менен жакшы тил табышып кеттим. Ал мага өздөрүнүн каада-салтын, маданиятын, тамак-ашын, тилин үйрөттү. Жарым жылдын ичинде французча сүйлөп калдым. Француздар шайыр калк келишет экен, ушул кыска аралыкта мен сүйгөнүмдүн элин да сүйдүм.
.
-Башка улутка башыңды байлап атканыңа жакындарың, бир туугандарың кандай карашты?
.
-Менин ата-энем каза болуп калышкан. Ал эми туугандарым буга түзүк эле карашты. Анүстүнө мен өз тагдырымды өзүм чеччү 30 жаш курактагы, бир баланын апасы болуп калгам да. Менин мурунку турмушумдан бир балам бар. Биринчи күйөөм менен 4 жыл мурда ажырашып кеткем. 2 жыл жашадык болгону. Анда балам 1 жашта эле. Жаш балам менен бир топ кыйынчылыктарды көрдүм. Бирок, келечектен үмүтүмдү үзбөй, балам үчүн тырышып иштей бердим. Кафелерде администратор, юристтин жардамчысы, англис тилинен мугалим, иши кылып мен иштебеген жумуш калбады. Акырында тагдыр мага жылмайып, маңдайыма жакшы адамды алып келип койду.
.
-Эки элден кандай айырмачылыктарды байкадың?
.
-Биздикилер тиричилик үчүн жанталашып иштешсе, ал жакта эс алуу үчүн акча топтошот экен. Чоңоюп калган баласы үчүн эч кандай жоопкерчилиги жок, 18ге чыккан бала ата-энесин кыйнабай өзүнчө түтүн булатуу кажет экен. Европанын башка шаарларына виза ачылбагандыктан, француздар кааласа Испанияга, кааласа Италияга ж.б. Европа өлкөлөрүнө саякаттаганы кете беришет экен. Мен барганда "бал айыбызды" Испанияга барып өткөрүп келдик. Таңкалганым, бир жыл ичинде көчөдөн бир да мас, бир да "бомж" көргөн жокмун. Лоранттан "бомж жокпу?" деп сурасам, камырабай "алардын мамлекет каржылаган үйү бар " деп коёт. Алардын жаңы жылын сонун шаң менен тосуп алдык. Ошондой эле бизден айырмачылыгы, алар мыйзам менен гана жашашат экен. Эч кандай тууганчылык, бирөөнү ортого салмай деген жок. Мисалы, автокоюучу жайга машинеңди токтотуп, эртеси белгиленген убакыттан бир мүнөт кечигип келсең, машинеңе айып баракчасын чаптап коюшат. Анан да кадам сайын видеокамера коюлат, андыктан ашыкча тентектик жана ууру кылуу жокко эсе. Таштанды төккөн челектеринин тазалыгын сурабаңыз... Кыскасын айтканда, Франциянын элине мамлекети, өкмөтү жакшы шартты түзүп берип, элин моралдык дагы, социалдык жагынан да колдоп, элинен да түзүп берген шартты туура пайдаланууну талап кылат экен.
.
-А тамак-аш жагынан нени байкадың?
.
-Француз ашканасы абдан даамдуу, анан жеңил тамактарга бай экен. Көбүнчө деңиз тамактарына жакын болушуп, балык, краб, креветкаларды жешет экен. Бизде винону мас болгуча ичишсе, ал жакта тамак астында жарым стакандан ичүү салтка айланган. Мындайча айтканда, аларга чай сыяктуу эле экен, бирок ашыкча ичмей жок. Манты эмне экенин билишпегендиктен, манты бышырган каскан да жок да. Бир күнү эптеп сковородкага манты бышырып берсем, абдан тамшанып жешти. Андан соң палоо басып берсем, ал да жакты. Жума сайын тамак- ашын камдап алып жаратылышка чыкмай (пикник) алардын адатына айланыптыр.
.
-Динин кабыл алдыңбы?
.
-Дин жагына келгенде эркин экенсиң. Эч ким эч кимди мажбурлабайт. Андыктан, мен динимди алмаштырып ийген жокмун. Анүстүнө мен официалдуу түрдө ага тийбей, мындайча айтканда ал мени бул жактан жарым жыл сынап жүрсө, мен аны өз мекенинде 1 жыл сынап жүрдүм. Сынаганда кандай? Толук кандуу үй-бүлө боло алабызбы? Мындан ары кыял-жоругубузду түшүнүшүп жашап кете алабызбы? Мен анын өлкөсүнө биротоло кала аламбы? дегендей... буюрса, баары мен ойлогондой болду. Мен татыктуу жашоону тандаган үчүн Европаны тандадым десем да болот. Лорант экөөбүздүн официалдуу үйлөнүү тоюбуз жайында, август айында болгону жатат. Ага чейин менин Кыргызстанда бүтпөгөн бир ишим калган. Ошол себептен бул жактамын.
.
-Кандай иш экенин билсек болобу же...?
.
-Баламды ал жакка алып кетүү үчүн документтерин камдап жүрөм. Башта эле алып кетейин десем, 1,5 жыл убакыт ал жерге жашаган жарандарга гана уруксат берилет дешти. Бир жылым өттү, алдынала документтерин камдап койсом, билинбей жарым жыл да өтүп кетет. Буюрса, жарым жылдан кийин балам дайым өзүмдүн жанымда болот.

Кай жерде болбо, ар дайым, ар качан, туболукко журогумдо жашайсын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Жолоочу_Kosmopolitka_* 16 Март 2014 - 00:29

  • Тайпасы: Жолоочу
  • Соңку аракети:

Fransuzga tiygen Nuriya ejege tan kaldym. Adawym eken.:)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   vankuver   16 Март 2014 - 00:49

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 080
  • Катталган: 05 Июль 13
  • Соңку аракети: 05 Мар 2015 01:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:планета Кыргызстан

Балким сиз эмессизби? Космополитка
:) :) (тамаша) бул чоон эле эжего
Кай жерде болбо, ар дайым, ар качан, туболукко журогумдо жашайсын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Жолоочу_Kosmopolitka_* 16 Март 2014 - 00:58

  • Тайпасы: Жолоочу
  • Соңку аракети:

)) ooba uluu eje eken,fransuzga tiybesem da tilderdi uironoiun dep niet kylyp atam...ulgu alsa bolchudai,rahmat.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   Jamalym   16 Март 2014 - 01:58

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 347
  • Катталган: 06 Март 12
  • Соңку аракети: 21 Дек 2021 08:12
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Эски шаар

Кызыктуу темалардын бири экен.Аравиядан женелуу болгонубуз кубантты мени.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Жолоочу_altinim_* 19 Март 2014 - 10:30

  • Тайпасы: Жолоочу
  • Соңку аракети:

ушул тема боюнча коп эле окуяларга кубо болдум , кененирээк жазсам алардын оздук жашоолоруна кол салгандай болот экем. Учурда Америкада , Германияда, Турцияда, Швейцарияда бир уй булоонун бактылуу кожойкеси болуп жургон кыргыз кыздары бар Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   vankuver   20 Март 2014 - 03:32

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 080
  • Катталган: 05 Июль 13
  • Соңку аракети: 05 Мар 2015 01:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:планета Кыргызстан

Оздору уруксат берсе атын озгортуп жаза берин.
Кай жерде болбо, ар дайым, ар качан, туболукко журогумдо жашайсын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   lazygirl   20 Март 2014 - 04:18

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 313
  • Катталган: 13 Октябрь 13
  • Соңку аракети: 07 Фев 2022 14:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Көңүлдүн көчөлөрү...

Кызыктуу тема экен аябай. Вьетнамга турмушка чыккан эженин балдарынын аты кыргызча го, же аларда да Арстан, Жениш бар бекен? ) Дегеним, куйоосу вьетнам аттарынан койбогону кызык экен.. :oilonup: Анан Америкада, армиядагы эжеге боорум ооруду.. Мен чыдабасам керек эле, ата энесинен алыста, болгондо да армияда кыйын го. Испан куйоосунун Ислам динин кабыл алганы жакты:)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Чет өлкөдөн салам!
  • Кийинки тема →

  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 2 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 2, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 22 Июл 2025 18:34

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: