менин жазгандарым окшошпой жатат окшойт ээ.? Анда кыскартып кыскартып жыйынтыктап салайын.
Жанылган нике Жанылган нике
#163 13 March 2014 - 15:43
ошентип айлыма да келдим, бирок Мунараны унутуш кыйын болду, эгер чындап мени суйсо озу байдын кызы болсо кантип эле мен учун бир мунот убакыт таба албасын ал башканы суйуп кетти, мейлин иши кылып бактылуу болчу, Жанара эми мени тушуноор, бирок электрондук почтама дайым ыйлап кат жазып турду, акыры кой мен уйлонойун дедим да бир эки классташымды эрчитип алып Караколго барып кыз карай баштадык, бир куну да ошентип шаарга баралы деп кошуна айылдарды аралап бара жатып жолдон шаарга бара жаткан эки кызды машинабызга салып алдык, алар менен таанышып шаардан кафеге кирип жакындан таанышып анан алдап менин туулган кунум эле деп уйго алып келип келип Айгулго жоолук салып уйлонуп алдым. Бирок Айгул Мунара менен Жанарага ал эмес Ноокаттык Гулсинага да бардык жагынан окшошпойт эле алардай сулуу да эмес эле, уйдогулор да анча жакшы кабыл алышпады, ай балам ай сонун жакшы кыздар менен журуп ушуга кантип уйлоносун дегенине болбой, кеп сулуулукта эмес экен кеп адамгерчиликте,
болду нике кайып ушуга буйурса керек деп...
#166 13 March 2014 - 15:52
Эх эми кандай болот экен, очошуп турмуш курган бул акылсыздык.
Баары жакшы болот!
#168 13 March 2014 - 16:24
Эгер ал келин ичпесе, чекпесе, тили кыска болсо, ата-эненизге кызмат кылып турса эле болду да. Туурабы
же моминтип эле турабы?
#169 13 March 2014 - 16:30
Аиий эми кызыгына келиптир го бул жака кире калсам эле.Каап,авторду ото сынга алып жиберип,мына сага деп кыскарта салганго сыягы....Неси болсо да жакшылык менен бутсо экен эми.
#172 13 March 2014 - 17:36
ошентип Бишкектеги махабаттарымды,
майлуу суттуу жумуш ордумду таштап болгон байлыгым БМВ 527капля машинамды минип алып айылдан озум суйбогон мурда корбогон кызга 26 жашымда бойдокчулук мен кош айтышып уйлонуп турмуштун каамытын мойнума илип арабамды тартып алдыны коздой бет алдым. Бишкектеги жумушумдай ишти Караколдон эч таба албадым тапсам дагы айлыгы мен каалагандай болбой жатты, акыры уй буломду багыш учун жакын жердеги кирпич заводко барып трактор айдап иштеп калдым, мурдагыдай кычырап журбой, шалтактап карала май болуп кулак мурдумдун ичине чейин чан болуп, мурдагыдай ак жумал кебетем кетип бети башым туурулуп кесилип кунго куйуп карарып кадимкидей жудоп кеттим. Болгон бактымдын баары Мунара менен кеткендей болуп калды, айылдагы балдарга кошулуп, кундо кирпич заводто чогу иштегешкендер менен кундо арак ичип акырындан бузулуп бара жаттым. Анда санда тентуштар менен шаарга барып бильярд ойноп конул ачканым эле болбосо турмушум кундо кайталанмай жумуш менен ото берди...
#173 13 March 2014 - 17:49
Эххх автоооооор,
автор! Эмнеле болуп кетип атат, журок да эзилип кеттигой...
#174 13 March 2014 - 18:12
Эрктүү адамды эрксиз кылган да сүйүү тура! Кантебиз эми, окурмандар бизге боору ооруп, инсульт болуп калбаса экен...
#175 13 March 2014 - 18:30
ошентип жашоо улана берди, Айгулдго канчалык жакшы мамиле кылсам да аракет кылып суйуп кетсем экен десем да таптакыр болбой жатты, ал болсо уйдогу жумушун жасап кечинде жумуштан келсем сууну ысытып башымды жууп, тамагын жасап, кечинде тошок салып озунун милдетин аткарып журду, бирок ортодо суйуу болбогондон кийин анчалык деле бериле албадым, тункусун дынкылдашып алып эле уктамай болду. Карымдашымдын классташ кыздары айиий Арлен аба чын эле ушундай кызга уйлонуп алдыбы, биз укмуш сулуу кызга уйлонсо керек деп ойлочу элек, эптеп эле бирдеме экен... кантип алып алды же Арлен абанын табити ушундай беле... кандай жигит эле мен мечтать этчумун дешип карындашыма айтышса кадимкидей ызаланып жиним келип, кайра озумду сооротуп: кана сулуу кыздар менен деле суйлоштум жыргатыштыбы мени, байталдын тери кургабайт, сулуунун ххх кургабайт, дечу беле деп озумду алдайм. Бирок кайда журбойун Мунара эч эсимден кетпей туруп алды. Канчалык аракет кылып унутайын десем да журогум баш ийбей жок мен Мунараны гана суйом деп жатты...
#177 13 March 2014 - 19:11
Караап караап , кайрадан сериалды самап , куттум куттум куттум куттууууум болду го бул жагы .
#178 13 March 2014 - 19:28
Иий байкушум жаман катын жакшы эркекти жаман кылат жаман эркекти жок кылат дегендей болуп жаткансып атако мага жоок андай эмес а ал кызда куноо жок суйуу куноолуу окшойт адаштым.

Супер-Инфо
super.kg
видео


















