кызык ушул да проблемабы?
бакыт дегенди кайдан издешти билбейт экенсиз автор! бакыт анын кийген кийиминде же болбосо жашаган жеринде эмес! бакыт анын суктана караганы койнуна катуу кысып кучактап бир жолу опкону , каректери нурданып бир эле жолу караганы эх ушул эмесби жанында сени суйуп сага жолонуп жургону бакыттын!
болбогон нерсени суйлоп отурасыз да кайра жакшы эмесби озунор уй алып озунчо болуп жашаганынар озунордун тапканынар адал болот бул жерде эч кандай коркунучтуу корунуш жок ...
Бактылуу болгула уй жай каалаган жерден тургузуп ала турчу нерсе главный Аман болгула!
Кайненеңизди кечирип жашайт белеңер же жыйыштырып кетип калат белеңер? аял затынын ою
#42 13 March 2014 - 20:02
кызык. Уйу жок болгону байкуш эне куноолубу? Жон эле кайын эненди жамандай бербе да. Байкуш эне журогу элеп желеп болуп сени було кылып алса, сен аны куноолоп... Уй жок болгонду тагдыр дейт. Уй эле проблема болсо, куйоон менен кошо иштеп сатып алгыла.
Тагдыр озу тараза, жашоо бумеранг.
#43 13 March 2014 - 22:15
Кызыыыык . . .бул менин синдим окшойт бир тууган . . .? Башка ат менен киресинбии ыя ?
#45 16 March 2014 - 23:35
Жаш турбайсынбы.
Баарынан да куйоондун эмес сенин ата энене тан калдым. Ошондой болбогон создорду сага айтып сенин психологиянды бузуп не кылышат дейм да. Ажырашкан жаштардын 35, 40% не ата-энеси туртку болот. Сен ошондой деген чакта ата-энен сени тыйса жакшы болмок.озун деле чечкиндуу бол да. Кечируу кечирбоо менимче кайненен сени ойлондурганчалык деле куноо кылабтыр. Мен сени байлыкка чиренип копкон кыз окшойт деп элестетип кеттим. Катуу тийсе кечир.
#46 17 March 2014 - 00:19
Андан жаман кайненелерди кечирип жашап жатышпайбы.
Баласы жакшы корсо,баласы учун ушул кадамга баргандыр да.
«Будьте с людьми как дерево, когда в тебя
кидают камень, отвечайте плодами»
кидают камень, отвечайте плодами»
#47 18 March 2014 - 12:43
Кайненени кечирип емес сыйлап оз кызындай татыктуу кыз болушунуз к,к болчу автор
#48 25 March 2014 - 00:45
Негизи биз жолдошум экобуз уйлонгондо уй эмес.менин апам берген торт тошогубуз гана бар болчу.байлык колдун кири дегендей ортонордо суйут болсо,сабырдуу болсонор калганын баарын тапса болот.негизи жолдошун жакшы болуш керек
#49 25 March 2014 - 02:08
Алганга чейин копчулугу колун сурап келгендер эле ашыкча убада бергендер коп эле кездешет,анан келин кылып алгандан кийин баягы убадаларды унутуп калышат.Ага капа болбой эле кой.Главный куйоон жакшы,иштерман,
эмгекчил,табышкер,
уйго ташыган,сага кол которбогон,
аялзатын сыйлаган адам болсун.Калганын экоон боожурашып биргеликте жасайсынар.
Бактылуу болгула.
#50 25 March 2014 - 11:31
Кыздар эжелер негизи аял заты силердин оюнарды билгим келди соз башынан болсун силерге жуучу келип тажатты бир уйбулодон ата эненизге жакты алардын уйу баары жайында силерге кыскасы туура келет силер макул болуп турмушка чыктынар тойдон кийин алардын кандай экенин билдинер уйу эчнерсеси жок болот силерди алып куйонор россияга иштеш иштеш учун кетет уй алыш учун ата эненер жалган суйлогонун билип жинденишти сиз эмне кылмаксыз куйонуздун апасын кечирип жашамаксызбы егер куйонуз жакшы болсо же ата энеми алдады мени алдады кереги жок деп жыйыштырат белениз оюнар сураныч ката жазсам туурулап окуп коюнуздарды суранам
Россияга барып иштеп уй алам дегени озу жакшы го. Кээ бир адамдар уй салайын деген ниети жок, ошолор салып бериш керек озу, алардын милдети уйлоп болуп чыгарыш керек деп ата-энесине милдет кылат. Оз кулагым менен бироолордон уктум. Же аларгада силерге окшогон аялдары айтабы э. Эмне ата-энесине жардам кылып озунун уйун салып койсо болбойбу? Жолдошунуз жакшы болсо болду да, сизге не байлык керек беле. Байлыкты озунор кылып алсанар болот да. Бай болуп туруп начар мамиле кылса, козунузду когортуп уруп турса жашайт белениз?
Сабырдын тубу- сары алтын! Сабыр пендени судуроп журуп Бейишке жеткирет.
#51 01 April 2014 - 22:24
Азыр кыздар кобу машинан барбы, уйун барбы деп тийесинер. Эмнеге андай кеде тушунбой кетем менин сизге советим байдын да ар кандай созу болот тенине албай ойноп кетет анан бирдеме айтсан эле бары озумдуку сенин эмнен бар деп соз бербей турса эмне кыласын айлан жок да жашайсын. Андан коро эчтемкеси жок балага тийип начните с нуля анан сенин да созун ойдо болот эй козунду чоон ач барына экобуз биргеликте жеткенбиз деп анан да сен эмне кайнэнен менен жашамак белен куйого баласына тийгенсин да. озун эле жакшылап ойлонсон болот
#52 03 April 2014 - 14:25
Жыйыштырып салууга жуйолуу себеп болуш керек. Ажырашууну ким эле каалайт дейсин. Таптакыр болбой козу жетпей калышканда ажырашышат да. А сенин абалын жылуу уясын бузгандык болуп калат. Менин кенешим баарынан кайын журтун тушунуктуу адамдар болсо жашай бер, байлык табыла турган нерсе
#53 05 April 2014 - 16:18
Кызым билдируунду окуп отуруп жаш экенине бир жылмайып алдым.Сен кызым ажырашты эмес,кантип татыктуу келин боло алам,канткенде суйуктуу жар боло алам,канткенде мээримдуу апа боло алам деп кыял суруп,туйшонуп ойлонушун керек.Байлык бул бакыт эмес.Байлыкты кууп жетесин бирок бакытты сен бир капа кылып куто албасан эч качан кууп да сатып да алалбайсын.
Байлык колдун кири.Бугун бар да эртен жок.Оз мээнетин менен пешененди тердетип тапкан байлык дунуйо ысык да болот ширин да болот,опалуу да болот.Турмуштун кадырына жетесин.Бугун турмуштун кадырына жетсен эртеге балдарын бой жеткенде акылдуу кайнене,мээрбан апа болуп чыга келесин.Анткени ошо жок турмуш сени адам кылып чыгарат.Бусурман калкы балдарым турмуштан кыйналбасын деп баарын таяр кылып берип барчылыктан кооп турмуш эмне экенин билбей.Уулдарыбыз уй булосун ойлобой ойнош кутуп,кыздарыбыз моодалуу кийим кууп адамзаттын баркына жетпей,оздорун башкача сезип калганын капарыбызга албай калганыбыз чатак болуп атат.Жоктун жону катуу дейт.Колунда жок бала уйлонбошу керекпи?Эчен ата энесинин колунда жок болсо да чыгаан жигиттер бар.Анткени алар турмушка бышып эр жетип келе аткан азаматтар.Мен ошо жигиттин бири деп ойлодум.Кээде ата эне да балдарыбыздын турмушун озубуз бузуп алабыз.Бирок акылы тунук жаштар озу ойлонуп тагдырын чечиш керек.Анткен келечек озунуку.Мен дагы бир нерсени айткым келет.Кыздарым торкунду кыз ошол уйдон чыканда ошол жерге таштап келишинер керек анткени *"Чыкан кыз чийден тышкары"-
деген кыргызымдын накыл созу бар.Сен ошол торкунго бир эки кунго меймансын андан ашыгы ашык.Мейман эч качан барган жерине сыр токпойт да иштерине кийлигишпейт.
Андан коро кайын журт менен мамиле кылып,ошол журтан байыр ал.демекчимин.
Бугун сага кайын журт жат болсо келечекте келинди кантип батырып аласын?
Эстуу келин кайын энени сыйлап оз ападан артык кылып колуна алат.Бугун сен ал энени сыйласан эртеге эле сен да келининен сый коросун да бактылуу кадырман эне болосун.Келинин сыйлап турса,неберен энекелеп жыттап турса мындан откон байлык бакыт барбы?
Куйом жарды экен деп санагаа батпай,куйондун колуна кол,бутуна бут болуп,тен жарышып тиричилигинди кыла бер кызым.Байлык тоголок дейт,коп отпой томолонуп сенин да айлына кирип келет.ошондо ондурбай,тоздурбай кармап алсан утуш сеники.
Илгери мен жаш кезимде айтылуу акын агабыз Надырбек Алимбеков" Бир комнат обшитя берип атып .Кызым турмушка чыдасан эртеге бир комнат уй,бурсугуну эки комнат уй анан уч комнат уйго жетесинер.Бир куну козун ачсан уч комнат уйун толо килем ошо килемдин устундо толо балдарын ойноп аткан болот.Куйонду жетимдигин билгизбей куштап ал кызым.Жетим жигит болгону менен жакшы жигит ал сенин бактын деген эле.Акылман агайым айткандай бир куну отуруп эсиме келсем уйго жетип, балдарым уйумду толтуруп бакыттын туу чокусунда отуруп калганымды озум да сезбептирмин. Сага да ушундай бакытты каалайм кызым.
Турмушта болор болбос созго теригип сарсанага батып,кайын эненди кунолобо кызым.Эне кургур колунда болсо баласынан айабайт.Жакында озун да эне болот экенсин.Толгонуп толготконунда, тун тынчтыгын кетип эмизгенинде эки эненин кадырын ойло кызым.Бири сени жаратса экинчиси куйонду жараткан.Он колунду ачып апа десен,сол колунду ачып эне де.Ошондо сен акылдуу аруузат аял болосун.
Коптун колдун катарында аман эсен коз жарып ал кызым.

#54 05 April 2014 - 21:49
Уррее, Рая эже келиптир!

Рая эженин жылуу эне мээримине жык толгон билдируусуно кошумча жазуу деле ашык. Бир авторго гана эмес, жалпы келиндерге насаат болгон создорун колдоп гана кое алам.
Рая эженин жылуу эне мээримине жык толгон билдируусуно кошумча жазуу деле ашык. Бир авторго гана эмес, жалпы келиндерге насаат болгон создорун колдоп гана кое алам.
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.

Супер-Инфо
super.kg
видео