Эх суйуу, суйуу адамдарды эмне гана кылбайсын, суйгонунузго жетинчи, суйушкондор баары бири-бирине жетишсин!
Жүрөгүм издейт сендейди... Жон гана окуп койгула. Комментарий жазыш не ОБЯЗАТЕЛЬНО!!!
#345 13 Март 2014 - 13:03
Буут жакта эле куткон форумчуларго?
Деги бир авторлордун бироо жарымы аягына чыгайын дедиби экен? Куттурбостон тезиреек жаза калынызчы эми автор.
#349 13 Март 2014 - 19:37
Автор, тамга терип жазып жаткан учуру окшойт. А биз чыдамсыздык менен кутуп жатабыыыз деп шыбыырап койбоймунбу?

"Ийгилик - бул ар бир күнү кайталанып туруучу, кичинекей аракеттердин суммасы" Роберт Коллиер
#350 13 Март 2014 - 19:41
Уландысын жазганго деп кирсем жокко,а озу башка темада журотко авторубуз.Бизди заарыктырбай батыраактан жазгылаачы сураныч,уландысы эмне болот экен деп жарылып кала турган болдум.Ночто иштесемда уйкумдан кечип ушул жакта отурам уландысын кутуп...эмне болот экен деп
#351 13 Март 2014 - 20:14
Сезимдер сересинде ойго термелип жатып уктап кетиптирмин эртеси эрте менен атам ойготту малды жайгаштырып койушумду айтып.Өзүлөрү бир жакка кетип жатышкан окшойт жасанып алышыптыр.Айла жок турасыңда.Атам бир нерсе айтканда аткарбай эле көрчү...
Атам.Атам бизди өтө катуу кармачу.Башыма жүн чыккандан бери атамдын бир уят сөз сүйлөгөнүн, чеккенин.үйгө мас болуп келгенин бир да жолу көрбөдүм дагы укпадым дагы.Майрамдарды үйдө отурушта гана достору кыстай бергенинен бир гана жолу алып койгону болбосо андан ары улантпайт болчу.Ошон үчүн мектепти бүткүчө биздин үй-бүлөдө эч ким ичпеди дагы чекпеди дагы.Эң чоң байкем гана Россияга келип чеккенди үйрөнүп алыптыр.Үсөн бир аз ичип жүрүп намазга берилип кетти.Мен студент болуп жүргондө анча-мынча азыраак ичип койгонум бобосо тамекини оозума жакындатпадым. Атам бир жагынан катуу,корс болгону менен кееде комик мүнөзү кармап калат.Арак ал деп кее бир достору мас үйгө келип эшикте чакырып жатса подвалга кире качат болчу "жок деп койгула" деп койуп.Анан көчөдөн шахмат ойной алган кимди көрсө үйгө ээрчитип келип оо бир кыйлага чейин шахмат ойноп отура берер эле.Кееде эч кимди таппай калса үйгө келип алып апама "кел "бурч" ойнойбуз" деп асыла баштамай адаты бар.Апамдын бир аз чеберчилик өнөру болгондуктан чүпүрөктөн ар нерсе курап же буюртма боюнча сеп тигип отура берер эле үйдөгү жумуштарды бүтүрүп коеру менен.Апамдын "колум бош эмес,ойнобойм" дегенине болбой атам баари бир ойноосуна мажбур кылат болчу.Апам "бурчтан" башка эч кандай оюнду ойной албагандыктан "бурчту" катырат эле.Мен инилериме кошулуп телевизор көргөнчө коз кыйыгымдан алардын оюнуна саресеп салганча отураар элем.Атам апама эркелеп кычаастана берет болчу.Караап турсам Атам бармак,сөөмөйү менен бир фигураны жылдаргынча апама байкатпай арткы чыпалак,аты жок менен дагы бир фигураны жылдырып коер эле.Апам кийинки жүрүү жолун карап жатып байкабай калат болчу.Байкап калса атам талашып жатып там бербей коймой адаты бар.Апам баари бир жеңип алат болчу))).Эхх ата-энем бешенеме ар дайым бар болсо экен!!! ...
---Тушкө маал Самат келип көчөдө бир аз сүйлөшүп турганыбыз болбосо мен ал күнү майрам экенине карабай эч жакка чыкпадым.Атам- апам отуруштарынан күүгүм талаш келип ал түнү баардык элдердей эле үйдө тостук Жаңы-Жылды.Эки жумадай эч жакка чыкпадым.Зээриге баштаганымдан бир түнү Саматты ой-бойуна койбой Аэлитага жөнөп калдык.Самат берегиреекте эле калып кетти жолугушкусу келбей жатканын айтып.Мен Аэлитанын үйүнүн жанындагы жолдо турсам иниси там жагында мал карап жүрүптүр.Инисин чакырып сөздөн алып качып жатып эжесин чакырууп койуусун өтүндүм.Иниси мени жакшы тааныгандыктан ашыкча суроо бербей эле "макул" деп кирип кетти.Апасы айылчылап кеткен окшойт Аэлита тез эле чыгып калды.Аэлита атасынан эмес көбүнчөсү апасынан коркот болчу.Мага жакындап басып келип менин "Кандайсың Аэлита?" деген суроомо уялыңкы:" Жакшы өзүң?" деп жооп берип жообуна удаа эле "Бул жерден бирөө жарым көрүп калса уят,үйдүн арт жагына өт, мен азыр жылуурак кийинип чыгып алайын" деп кирип кетти.Анын үйүнүн арт жагына өтүш үчүн көчөнүн баш жагынан айланып келиш керек болчу,айла жок айланып келдим.Көп күттүрбөй эле чыгып келди...

"Бактылуумун"
!
#352 13 Март 2014 - 20:18
Берилип жазып жатсам бир жакка чакырып калышты кечиреек келип улантам кудаа кааласа.Шаштырбагылачы бир эки күндө бүтөөрмүн...
.
Билдирүүнү түзөткөн: kuu-1005: 13 Март 2014 - 20:20
"Бактылуумун"
!
#353 13 Март 2014 - 21:23
маакул шашпай бутуро бериниз тез бутсо кызыгы кетип калат
салам
#355 13 Март 2014 - 22:50
Асан байке баракелде. Соз чеберчилигиниз абдан жакшы экен. Терен билимдуу экениниз корунуп турат. Эркек бала болсонуз да созду тандап, кооздоп, окурманга жеткире жазганынызга баа бердим. Калеминиз курчуй берсин!
#357 13 Март 2014 - 23:04
Эй supsuluu Ч.Айтматов дагы эркек болгон баары эле биздин чыгып жатпайбы
#358 14 Март 2014 - 01:02
Автор азаматсыз!
!! Атаныздын сиздин козунузго бир да жолу мас болуп корунбогону,
чекпегени жакшы экен.Уланта берин шашпай.Бул форумда сиздин теманызды анан Мырзайым айымдын темасын гана кутуп окуй турган болуп калдым...
#359 14 Март 2014 - 01:23
[quote name='Supsuluu'
date='13 Март 2014 - 22:50' timestamp='1394729435'
post='1555452'
]
Асан байке баракелде. Соз чеберчилигиниз абдан жакшы экен. Терен билимдуу экениниз корунуп турат. Эркек бала болсонуз да созду тандап, кооздоп, окурманга жеткире жазганынызга баа бердим. Калеминиз курчуй берсин!
Рахмааат чоооң

Билдирүүнү түзөткөн: kuu-1005: 14 Март 2014 - 01:24
"Бактылуумун"
!