Билдирүүнү түзөткөн: kuu-1005: 14 Март 2014 - 03:09
Жүрөгүм издейт сендейди... Жон гана окуп койгула. Комментарий жазыш не ОБЯЗАТЕЛЬНО!!!
#361 14 Март 2014 - 03:08
...Келип эле:"Неге инимен айттырдың? Мага кирип "Сизди жездем чакырып атат" деп айтып кирди го"-деп калды.Мен эмне демекмин тамашасына (мумкун тамаша эместир) тамаша катары:"Тууру эле айткан.Эмне жездеси болсом болбойбу?"
-деп сурап калдым."Жакшына болчу"-дегени менен жүзүн жылмайуу аралады ыңгайсыздыкты коштоп.Ошентип баарлашуубуз уланып кетти.Мен өзүмдү ээн эркин сезип ар темада тамашалап сүйлөп жаттым.Жазгүл тууралуу негедир сурай албай койдум.1 сааттан өтүп Жазгүлгө окшоп "Кирейин эми" дебей утур утур үй тарабын карай бергенинен "Кой анда кир,мен дагы барайын"-
деп аны узатууга шаштым.Буттарымдын учтары тоңуй баштаган болчу.Аны киргизип койуп Саматты бекинип калган жерден таппай койдум да үйүмө жалгыз келдим."Эх Жазгүл Жазгүл качан менин журөгүмдөн сулуу элесиңди алып чыгып кетесиң? Качан менин сага болгон сезимдерим желпип учкан шамалдай учуп жок болот? Качанкыга чейин сен сүйлөшкөн адамдардан,
сен баскан жолдордон сенин элесиңди издеп жүрөм?"-деген ойлор менен алышып уйкуга кеттим.Каникул бүткүчө Аэлита менен дагы жолуктум.Ошол жолугуушуда сөздөн сөз улап олтуруп Жазгүл тууралуу кеп козгодум.Аэлита бир нерсени сезгендей же мени кызгандай мага:"Жазгүл Өмүр деген бала менен жолугушуп жатат.Жайында таенесиникине барганда таанышып калып 2 айдан бери сүйлөшүп жатышат.Эмнеге эле сурай бересиң ошону?"-деп калды.Мен мындай суроого таяр эмес элем буйдалып:"
Жөн эле сурап койдум.Сенин досуң го акыры" деп зорго жооп табып кутулуп кеттим.Аэлитанын жакшы жери акылдуулугунда болчу.Ошол убакта мага:"Эмне себептен жолугуп жатасың мени менен? Дагы качан келесиң?"
деп сурабаганына миң мертебе ыраазы элем.Саматка Аэлита менен жолуккан күндүн эртеси сөзсүз эмне жөнүндө сүйлөшкөндүгүбүздү айтышым керек болчу.Айтпасаң жаныңды койбойт кечке сурай берип.Эртеси Ошко кетем деген күнү канчалык аракет кылсам дагы бутум Жазгүлдүн үйүнө тартып туруп алды.Саматка да барбай Аэлитага да барбай тууру эле Жазгүлдүн үйү тарабына кадам таштадым айлананы караңгылык каптап киргенде эле.Мен ар дайым барчу дөбөчө каарга көмүлүп жаткандыктан мен анын үйүнүн алдындагы жолдо эле нары бери өтүп жаттым.Көчөдө бирин серин гана адамдар өз иштери менен жүргөн болбосо жокко эсе.Сыртта ызгаар суук болгондуктан эшикке бир эки жолу атасы гана чыкты.Жазгүлдү көргүм келсе да эшикке бир жолу да чыгып койбоду.Үйгө келе жатып бир ойлорум "Жакшы болду,ушунусу да менин унутуума түрткү болоор" дегеним менен кайсы бир ойлор "Бир көрүп алсаң өзүңө эле жеңил болот эле го" деп жатты.Эртеси айылда бир нерсемди унуткандай акыбалда шаарга баса бердим.Студенттик күндөрүм уланып жатты.Группадагы кыздар менен гана күнүмдүк сөздөр менен сүйлөшүп калган болбосом жакындан бир дагы кыз менен сүйлөшкөнгө көңүл тартпады.Жүрөгүмө кусалык толуп Жазгүлдүн элесин башкалардан издегенди уланта баштадым.Жазгүлдүн көздөрүнүн көчүрмөсү бар Бегимай дагы сабакка көп келбейт болчу.Ал келгенде анын көздөрүн карап карап алат элем.Бул жүрөгүмдү тынчтантуунун айласы болчу.Эки ай өтүп Нооруз дагы жакындап калды.Ушу Ноорузга окшогон майрамдарда гана Жазгүлдү жанынан көрүшкө мүмкүндүгүм бардай сүйүнүп алмайым бар.19-чу мартта эле жоо куугандай айылга жол тарттым.Азыркыга чейин ар Ноорузда бир сомдукка жазылган кат эсиме кылт эте түшө калат.Бирок ар Ноорузда ушинтип Жазгулдү көрө бербешимди түшүнүп жаттым.Убакыт өткөн сайын Жазгүл менден алыстап жаткандыгын сезип,билип жаттым.Бирок Жазгүлгө мурдакыдай жакындашууга,
айлуу түндөрдө кучакташып олтурууну улантууга негедир жол издегим келбей жатты.Балким жол жоктур,балким мен өзүм алыстагым келгендир,балким баари бир бирге боло албашымды сезгендирмин.
Кыскасы жаш баладай от менен ойноп жаттым жүрөгүмдү кыйнап.Аны жөн гана көрүп коюш үчүн жашап жүргөндөй сезилип кетеер эле кееде....
"Бактылуумун"
!
#362 14 Март 2014 - 04:56
Вай бутуп калды гоо.Мен козум ачышканыга карабай окуп жаттым эле.Авторго ыраазычылык.
Бактылуумун!
!!
#364 14 Март 2014 - 10:20
Туура сонун болуп жатат. Алга досум!!!
Каерден экенинди жазып кое бербейсинби эми.Мумкун Жазгул дагы форумчудур. ..
Каерден экенинди жазып кое бербейсинби эми.Мумкун Жазгул дагы форумчудур. ..
#367 14 Март 2014 - 11:17
Ушундай кыска билдируулордун не кереги бар дейм да,каалоо-тилек,
же чыгармага болгон ойунарды жазбагандан кийин,окуп,акырын чыгып кете бербейсинерби,
унчукпай эле куто бербейсинерби ,теманын бетинин санын кобойтпой!
Не ждите ЧУДЕС - чудите САМИ!!!
Дети так любят подражать — будьте для них хорошим примером!
Дети так любят подражать — будьте для них хорошим примером!
#368 14 Март 2014 - 12:39
Кызыгып окуйун деп кирсем аягы жок негедир окуугум келбей калды
Мой муж-мой рай! И пусть Аллах даст мне такого имана которое я смогу вместо с ней открыть дверь Рая. Ин ша Аллах
#370 14 Март 2014 - 14:48
Анан, качан деп барактын санын кобойто бербей сабыр кыла турсанар.
Жашоодо бакыт бар деп жашоонун, озу бакыт!
#373 14 Март 2014 - 17:17
жокко го дагы деле?
Ар жарым саат сайын кирип текшерип коем жазды бекен деп
(
Ар жарым саат сайын кирип текшерип коем жазды бекен деп

#374 14 Март 2014 - 18:05
Mekenim_Mederim (13 Март 2014 - 23:04) жазган:
Эй supsuluu Ч.Айтматов дагы эркек болгон баары эле биздин чыгып жатпайбы
Салам. Биринчиден эй деп кайрылбайт тем более сенден улуу экенмин. Экинчиден менин нигим баш тамга менен эле жазылып турат. Анан темага келсек, мен Чынгыз Айтматовко эчкимди салыштырган жокмун, мен Асан байкени жазуучу эмес жон эле инсан катары бааладым. Кел эми теманы булгап тартышпай эле коелу ОК.

#375 14 Март 2014 - 18:17
Даагы деле жоккоооооооооооо.
Батыраак жазынызчы эмиииии
Аллах прошу тебя храни людей которых я люблю...
#376 14 Март 2014 - 19:59
Асан деген ат мага да журогумо жакын ат.Журоктун тупкуруно катылган ат.Усону да бар болчу. (Бирок, Жазгуль, Аэлитага тиешем жок!)
#377 14 Март 2014 - 22:05
ии башталды...
Куттум сени иииий дагы эле кутомун.Асан оооуууу болчу эми
Куттум сени иииий дагы эле кутомун.Асан оооуууу болчу эми
Бактылуумун!
!!
#378 14 Март 2014 - 22:11
indira.1991 (14 Март 2014 - 21:27) жазган:
Жашоо.. Турмуш... ушунча да татаалсынбы?
Билсем кана ошол кезде мени деп жургонунду.
Сенин мага карап жакшы короорунду айтпагынындан мен ойлогом, жон гана убакыт откоруу деп..Корсо, омур бою менин каректеримди издеп келген турбайсынбы?
! Бактылуу бол БАЙКУШУМ!



Уже жазып абаштадым....
Билдирүүнү түзөткөн: kuu-1005: 14 Март 2014 - 22:11
"Бактылуумун"
!
#379 14 Март 2014 - 22:16