Жүрөгүм издейт сендейди... Жон гана окуп койгула. Комментарий жазыш не ОБЯЗАТЕЛЬНО!!!
#382 14 Март 2014 - 23:13
Ылдамырааак сабырыбыз тугогуп бара жатат.Соз байлыгына суктандым.
Бактылуумун!
!!
#383 14 Март 2014 - 23:24
...Нооруз.
Ал убакта 8-чи март мен үчүн мындаай эле майрамдардын арасына киргендиктен Нооруз мен үчүн жаздын башталышындагы жакшы майрамдардын бири эле.Айылга келип эле күүгүм талаш 19-чу мартта Аэлитага өтүп бардым (Саматты таппай койдум негедир).Келип кантип чакырышымды билбей нары бери басып жүрсөм эки бала пайда болду бир кычыктан чыга калып.Бирөөсү айылда жүргөн бала,бирөөсү жакында Россиядан келген Түгөл деген 4 жаш чоң бала.Наркы беркини сүйлөшүп олтуруп эле бир маалда:"Братишка өзүң бул жерде не кылып?" деп суроо узатты билип турса да.Мен эмне демек элем шыр эле:"Аэлитага келдим эле"-дей салдым.Жанындагысы жөн эле турат унчукпай.Түгөл мени карап турду да:"Эмне максат менен келдиң эле?" деп уже сайыла баштады.Мен:
"сөздөр бар" деп койуп тура бердим.Ушинтип эле биртке шаар көрүп келип алып өзүн кыйын сезе бергендерди кыртышым сүйбөйт болчу.Түгөл мен коркпой жооп бере бергениме жини келе баштады окшойт ачык эле:"Асан өзүңөн чоңдорду сыйласаң секин артыны карап кетип кал"-деп андан сайын мени өзүнө өчөштүрүп алды.Ким экен ал мага буйрук бергидей? деп ойлодум да:"Братан макул силер биринчи келдиңер силерге 20 минутадай убак берем.20 минутада чакырып алсаңар мен караанымды көргөзбөй секин кетип калам.20 минутадан кийин өз билгенимди кылам"-деп туруп алдым.Өзүн кыйын ойлогон Түгөл 20 минутта беймарал чакырып алам деди окшойт мыйыгынан күлүп "макул"
деди.Мен алар менен коштошуп Аэлитанын үйүнүн артына өтүп туруп алдым "не болот экен" деп.Убагында ушунчалык көп ичкендиктен анан көп сүйлөгөндүктөн Түгөл көбүнө жага бербейт болчу.Аэлитанын инисин чакырып акча берип кайра кайра чакыртып жатышты.Аэлита очогунун жанында иш кылып жүрсө да чакырып келген инисин урушуп чыкпашын айтып кайра артына жөнөтүп жатты.30 минутадай күтүм дагы Оштон атайы сатып алган лазер менен эшикке чыгып кирип жумуш кылып жүргөн Аэлитанын бетине тамызып койдум.Мен жакты бир эки жолу карады да колун жууп эки жагын каранып жакын басып келди.Келип эле:"Оо студент байке кандайсың?"
деп сурап калды ар дайымкыдай эле жылуу жылмайып.Мен:
" Жакшы рахмат.Өзүң?
..... Иии тиги жактагы Түгөлдү күттүрүп койуп эмне чыкпай жатасың?"
деп какшык аралаш тийишип калдым.Аэлита бетин тыржыйтып:"
Уф күйгүздү ошол дагы.3 күндөн бери жанды койбой жатат.Мектептен чыгып үйгө келе жатсаң да бура бастырбай тийишкени тийишкен"
деп тажагандай айтып калды.Ошентип баарлашуубуз жакшы башталып кетти.Ошол түнү экөөбуз жакын адамдардай чын жүрөктөн сүйлөштүк.Мен көптөн бери мынчалык ачылып сүйлөшө элегиме бир кыйла жеңилдеп алгансыдым.
Эртеси кеч Самат менен ээрчишип сүмөлөккө келдим.Аэлита менен сүмөлөктүн жанынан көрүшүп жылмайышып учураштык.Жазгүл көрунбөгөнүнөн калп эле сөздү улап жаткан адамга окшоп:"Досүң көрүнбөйт да" деп сурап койдум.Жооп бергичекти ичимен "Келбейт дебей көр сураныч" деп суранып ийдим."Азыр келет.Үйүнө азыракта эле кетти эле" деп менин жүрөгүмдү сүйүнттү... Самат жөн эле учурашып койгону болбосо эч нерсе дебей тура берди."Ананыраак жолугабыз ээ?" деп койуп Самат экөөбүз башка иштер менен алыстап кеттик...Алысыраакта нары бери басып жүргөнүм менен эси-дартым Жазгүлдө болуп жатты.....
Билдирүүнү түзөткөн: kuu-1005: 14 Март 2014 - 23:27
"Бактылуумун"
!
#384 15 Март 2014 - 00:17
Байкееш буттубу? Кечке куттук го!мынча тез бутуруп койдунуз? Даагы кичине,кичине жазып койбойсузбу?
«Будьте с людьми как дерево, когда в тебя
кидают камень, отвечайте плодами»
кидают камень, отвечайте плодами»
#385 15 Март 2014 - 01:56
...Негедир ошол маалда биздин сүйүүбүз эми башталып жаткандай болуп Жазгүлдү күтүп жаттым.Анын жүрөгүндө башка адам жашай баштаганын такыр унутуп койгонсудум.
Балдар менен сүйлөшүп олтуруп алаксып кеткен экенмин бир маалда эсиме түшүп клубтун алдына келсем Жазгүл Аэлитага кошулуп классташтары менен туруптур.Анчалык кызык болбой аткан Нооруз майрам бир көз ирмемде ар кандай түскө боёлуп сулуу боло түштү.Жүрөгүм туйлап жакын барып кучактап кучактап алгым келип кетти.Канчалык жүрөгүм тепкиленип мени азгырып жатса дагы айла жок акыл менен өзүңдү өзүн басып коет экенсиң.Обочорокто туруп алып анын ар бир кыймылын карап суктанып тура бердим.Аны көрүп жүрөгүмө жылуулук белек кылып алып анан анын жанындагыларга көз жүгүрттүм.Жазгүлдүн артында Өмүрдүн турганын эми байкадым.Мен курактууларга мурдагыга окшоп окуучуларга аралашып танцага түшүш уят болуп калгандыктан мен жанына бара албай тура бердим.Баари бир жалгыз бара албасам керек эле.Бир маалда эле далыма бирөө колун койду.Башымды буруп карай салсам Түгөл турат."Кандай иним?" деп сүйлөгөн сөзү менен кошо арактын жытын да мага агытып."Жакшы"
десем "Жүрсөң сөз бар" деп сүдүрөп калды караңгы жакка.Азыр сөзсуз жаңжал болоорун сезип:"Братан ушул жерден эле айтса болбойбу айтчу сөздү?" деп караңгы жакка барбоонун жолун издей баштадым.Ал жак бул жагымды карасам бир эки досум менен турган Самат дагы көрүнбөйт.Түгөл:
"Баса берсең эми бас дегенде" деп менин ой боюма койбой жетелеп келе жатты.Ээн жерге келгенде эле:"Сүйлө анан братишка?"
деп былжырай баштады.Мен:
"Братан тынччылыкпы?
Не болуп кетти?" деп сөз кечееки окуя тууралуу болуп жатканын билип турсам да сурап калдым.Түгөл:
"Асан сен өзүнчө мага билмемишке сала бербечи.Кечее мени кандай капа кылганыңды билесиңби? Эмне айылда Аэлитадан башка кыз табылбай калдыбы?"
деп ачык эле атырыла баштады.Мен удаа эле:"Кечее түшүнүктүү эле келиштик эле го.Өзүңөр ма......" деп айтып жаткан сөзүмдү аягына чыгара койбой эле:"Урганым барбы ошол келишимди.Мен Аэлитаны мектепти бүтөөрү менен алам деп жүрөм го.Экинчи ошонун үйүнүн жанынан көрсөм башкача сүйлөшөбүз"
деп көкүрөгүмө сөмөйү менен нукуп койду.Ушу нукуганын кошпогондо мен "түшүндүм братан" деп эле кетип калмакмын.Бирок.
.. бирок нукуганына жиним келип Үсөндөн үйрөнгөн көк беттигим кармап кетти да үнүмдү бийик чыгарып:"
Мен Аэлита менен 1-жылдан бери жолугуп жүрөм го.Анан кандай эле кечее келип алып мен "алам" деп чыга каласың? Сага тийсе аласыңбы?"
деп сөзүмдү айтып бүтөөрү менен эле көзүмө чагылган чарт-чурт этип кетти.Ызы-чуу коштоп жүргөн Түгөл сөзгө чыдабай мени согуп жибериптир.
Анын соккусуна таярданууга жетишпей калган мен кулап түшүпмүн."
Тур энеңдурайын калп эле өлүмүш болбой" деп жулкулдатканда мен өзүмө келип турдум да адатымча аны байкатпай туруп тездик менен мурдуна бир урдум."Былч"
дей түшкөнү менен муштумум дагы ооруп калды.Ар дайым мушташып жүргөн Түгөл менин соккума удаа эле эки үч сокку узатты.Башымды алып качканым менен баари бир соккусу менин да мурдума тийип өттү.Тез эле кан жайыла түштү кийимдериме.
Мен дагы эки жолу урсам бир ударым көкүрөгүнө тийди эле артка кетенчиктеп кеткенинен жолун таап качып жөнөдүм.Өзүнөн 4 жаш кичине баладан удар жеп калган Түгөл кууп жөнөдү сөгүнүп.Бул жиндиден качып гана кутулушумду сезген мен болгон күчүм менен качып кетип жаттым.Агып жаткан канды футболкам менен аарчып да жаттым.Музыка болуп окуучулар бир жакта бойдоктор бир жакта үй-бүлөлүүлөр бир жакта бийлеп жаткан топко келип аралашып кеттим.Артымды карап Түгөл дагы күлтүйүп эки жакты карап мени издеп жатканын көрдүм.Саматтар каякта жүрүштү билбейм топту айланып жүрүп таба албай койдум.Адам түгөнүп калгансып артымды карап элдерди аралап кетип атып Жазгүлдү сүзүп алсам болобу."Эээй"
деп артын жини менен карап калаган Жазгүл мени шарт эле таанып "Ой Асан байке сиз белеңиз? деп туруп калды.Мен же качуумду уланта албай Жазгүлдү карап?"Ооба мен.Кечирип кой байкабай калыпмын"
деп эле башка сөз айта албай туруп калдым.Жазгүл менин жүзүмө жакшы үңүлө албай эле жанында бийлеп жаткан Аэлитаны чымчып мени көргөзүп калды негедир.Аэлита жарк эте бир жылмайып алды да жакын келип учурашканча мага үңүлүп эле:"Эмне кийимиңиз кан?" деп эле кармалап кетти.Анын сөзүнөн гана Жазгүл жакшы үңүлүп карап канды көрдү окшойт:"Асан байке дагы эмнеге илешип алдыңыз? Жөн жүрбөйт экенсиз да" деп дагы эч нерсени териштирип олтурбай эле урушуп кирди.Жазгүлгө биринчи жолу жиним келип ушунчалык кыйкыргым келип кетип өзүмдү зорго колго алып калдым да жасалма жылмайуу менен:"Ааа тиги жерде бирөөлөр мушташып жаткан экен бөлүштүрө коем деп мен дагы мурдума жеп калбадымбы"
деп алдаганга аракет кылдым.Алардын көңүлүн жайгаштыргычакты Тугөл мени таап келип белимен кучактап топтон сыртка түртүп жөнөдү.Мен ага каршылык көрсөтүп тыбырчылап жаттым.Элдин баары бизди карап калды.Чекереекте турган бойдок балдар чуркап келе калып экөөбүздү бөлүштүрүп Түгөлдү нары алып алып кетишти.Мас Түгөлдүн оозунан кара ит кирип,ак ит чыгып жатты.Окуучулар баары жабылып карап калган экен өзүмдү кызыкча сезип караңгылыкка кире качтым.Нары басып бери басып Саматты таппаган соң үйгө кетип калдым.Эртеси эрте менен Самат "Не болдуң ээ кечее түнү?" деп үйгө уктап жаткан бөлмөмө кирип келди.Көрсө алар балдар менен айылдын ылдый жагына бир кызга (аягы суюк болчу) кетип калышыптыр мени бир аз издеп таппаган соң......
Билдирүүнү түзөткөн: kuu-1005: 15 Март 2014 - 02:21
"Бактылуумун"
!
#387 15 Март 2014 - 08:01
Кадимкидей элестетип окуп жаттым эле..... Бутуууууп калды дааа
Баары жакшы болот!
#389 15 Март 2014 - 10:19
Дагы андан кийин не болду бул тв.дан корсотуп жаткан турк сериялдарынан кызык болуп кетиго жаз автор
#390 15 Март 2014 - 14:26
Ушу мушташкан эркектер жакпайтда. Соз менен деле тушундурсо болотко.Тугол акмак алкашко.
#391 15 Март 2014 - 15:41
Мушташабыз кыздар үчүн муштум түйүп...
Муңканабыз ичтен,бирок сырттан күлүп..
Жүрөктөргө анын элесин бекем катып...
Жашайт экенбиз тымызын аны күтүп....
Муңканабыз ичтен,бирок сырттан күлүп..
Жүрөктөргө анын элесин бекем катып...
Жашайт экенбиз тымызын аны күтүп....
Билдирүүнү түзөткөн: jon_jurbos: 15 Март 2014 - 15:42
#393 15 Март 2014 - 17:36
#394 15 Март 2014 - 18:53
Асан байкоооу биз кооп болвалып сизди кутуп жатавыс
, бизди сайрата бербей жазып салынызчы


#395 15 Март 2014 - 19:01
Ии автор качан болсо эле мушташып журот экенда . Анан Жазгулдун алдында ынгайсыз абалда калганыныз жаман болуптур. Тугол дегениниз жинди немего ичип алып озунон кичуулор м-н кыз талашып муштагыдай тобо!
#397 15 Март 2014 - 20:38
жыл сайын отуучу нооруз майрамы чай кана менен удаа турган клубдун жанында 20сы шан шоокот м.н сумолок асылып эртеси 21и таратмай, сиз айткан одо ылдый болуп болунуу, жаны жылда мектептин залында болуучу концерттик программалар.
анан да негизгиси Жакшылык(тентуш баланыз) Жолдошевдин суйуу бир келет деген ыры атаныздын шахматты жакшы коргону апаныздын чеберчилиги анан аганыз менен эгизиниз Масквада иштегени озунуздун ошто окуганыныз мен учун маалым болуп калды окшойт братан. бирок сыр тутам. Жазгул ким экенин Кыргызстанда жолукканда айтып бересиз е кошуна)))
#398 15 Март 2014 - 20:58
Ушунчалык берилуу м.н окуп бут баракты тытып чыктым...азаматсыз,
журокко жетчудой жазат экенсиз. Уландысын кутобуз.
#399 15 Март 2014 - 22:51
[quote name='cholpon.bek'
date='15 Март 2014 - 20:38' timestamp='1394894288'
post='1561626'
]
жыл сайын отуучу нооруз майрамы чай кана менен удаа турган клубдун жанында 20сы шан шоокот м.н сумолок асылып эртеси 21и таратмай, сиз айткан одо ылдый болуп болунуу, жаны жылда мектептин залында болуучу концерттик программалар. анан да негизгиси Жакшылык(тентуш баланыз) Жолдошевдин суйуу бир келет деген ыры атаныздын шахматты жакшы коргону апаныздын чеберчилиги анан аганыз менен эгизиниз Масквада иштегени озунуздун ошто окуганыныз мен учун маалым болуп калды окшойт братан. бирок сыр тутам. Жазгул ким экенин Кыргызстанда жолукканда айтып бересиз е кошуна)))
Оого иним бирөөгө окшоштуруп койдуң го
....
Ааа Жакшылык деген бала Москвада иштеп таанышып калган досум болот.....
Болуптур жолугуп таанышып калсак Жазгүл ким экенин айтып берем макулбу?
Мен жазып баштадым уландысын
..........
жыл сайын отуучу нооруз майрамы чай кана менен удаа турган клубдун жанында 20сы шан шоокот м.н сумолок асылып эртеси 21и таратмай, сиз айткан одо ылдый болуп болунуу, жаны жылда мектептин залында болуучу концерттик программалар. анан да негизгиси Жакшылык(тентуш баланыз) Жолдошевдин суйуу бир келет деген ыры атаныздын шахматты жакшы коргону апаныздын чеберчилиги анан аганыз менен эгизиниз Масквада иштегени озунуздун ошто окуганыныз мен учун маалым болуп калды окшойт братан. бирок сыр тутам. Жазгул ким экенин Кыргызстанда жолукканда айтып бересиз е кошуна)))
Оого иним бирөөгө окшоштуруп койдуң го

Ааа Жакшылык деген бала Москвада иштеп таанышып калган досум болот.....
Болуптур жолугуп таанышып калсак Жазгүл ким экенин айтып берем макулбу?

Мен жазып баштадым уландысын

Билдирүүнү түзөткөн: kuu-1005: 15 Март 2014 - 22:53
"Бактылуумун"
!