Суперстан: Пайдалуу кеңештер же элдик медицина. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Ден соолук жана сулуулук
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (19 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 11
  • 12
  • 13
  • 14
  • 15
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Пайдалуу кеңештер же элдик медицина.

#241 Пользователь офлайн   mili84   07 Февраль 2014 - 16:22

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 366
  • Катталган: 20 Апрель 12
  • Соңку аракети: 17 Мар 2014 10:24
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:неизвестно

Чон апамдын рецеби кызыктырып калды. Коптор бут оорусу менен азап чегишет озгочо картайганда. Бул рецепт эн сонун экен.Себеби чон апабыздын кылбаган рецептери, колдонбогон дарылары калган жок, ошон учун ишендим.
1 литр спиртке койдун куйругун майдалап кошуп,бир ай карангы жерге коюп коюш керек экен. Анан ооруган бутка шыбаса жакшы экен. куйруктун олчому коз болжол менен кошсо болот экен жарым курук жетет же азыраак. Негизи любой маздарды сыйпаарда пораларды ачыш учун спирт сыйпаш керек экенда, анан бул дары пораларды ачып +койдун майы бар,эффекти коп экен.
Жоодурап сага карар бир адам бар
Жалбарып журогунду сураган бар
Жамалын жашка толуп турса дагы
Дуйнодо сени суйгон бир адам бар!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#242 Пользователь офлайн   aijan   07 Февраль 2014 - 16:36

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 10 994
  • Катталган: 18 Май 07
  • Соңку аракети: 29 Мар 2021 22:03
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения mili84 (07 Февраль 2014 - 16:22) жазган:

Чон апамдын рецеби кызыктырып калды. Коптор бут оорусу менен азап чегишет озгочо картайганда. Бул рецепт эн сонун экен.Себеби чон апабыздын кылбаган рецептери, колдонбогон дарылары калган жок, ошон учун ишендим.
1 литр спиртке койдун куйругун майдалап кошуп,бир ай карангы жерге коюп коюш керек экен. Анан ооруган бутка шыбаса жакшы экен. куйруктун олчому коз болжол менен кошсо болот экен жарым курук жетет же азыраак. Негизи любой маздарды сыйпаарда пораларды ачыш учун спирт сыйпаш керек экенда, анан бул дары пораларды ачып +койдун майы бар,эффекти коп экен.

Так эле спирткеби, же арак деле жарай береби?

Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#243 Пользователь офлайн   mili84   07 Февраль 2014 - 16:50

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 366
  • Катталган: 20 Апрель 12
  • Соңку аракети: 17 Мар 2014 10:24
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:неизвестно

Просмотр сообщения aijan (07 Февраль 2014 - 16:36) жазган:

Так эле спирткеби, же арак деле жарай береби?


Арак жарабайт спирт, анткени спирт кучтуу да майдагы полезныйдын баарын эзип жибереткенда.


Ушул чон апабыздын прополисти спиртке ачытып коюп бизге бермейи бар оорусак деле, озум жазайын деп прополис алып, анан спирт таппай тазасын кантип эле болбосун деп эзсем жакшы эзилбей койгон. Кийин спиртке салып койсом озуле эзилип калыптыр.Сүрөт
Жоодурап сага карар бир адам бар
Жалбарып журогунду сураган бар
Жамалын жашка толуп турса дагы
Дуйнодо сени суйгон бир адам бар!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#244 Пользователь офлайн   aijan   07 Февраль 2014 - 17:16

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 10 994
  • Катталган: 18 Май 07
  • Соңку аракети: 29 Мар 2021 22:03
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения mili84 (07 Февраль 2014 - 16:50) жазган:

Арак жарабайт спирт, анткени спирт кучтуу да майдагы полезныйдын баарын эзип жибереткенда.


Ушул чон апабыздын прополисти спиртке ачытып коюп бизге бермейи бар оорусак деле, озум жазайын деп прополис алып, анан спирт таппай тазасын кантип эле болбосун деп эзсем жакшы эзилбей койгон. Кийин спиртке салып койсом озуле эзилип калыптыр.Сүрөт

Аа, тушунуктуу. Чооон рахмат!

Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#245 Пользователь офлайн   ANGEL_   07 Февраль 2014 - 17:55

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 587
  • Катталган: 13 Январь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2023 05:28
  • Жынысы:Аялзаты

Азыр коомдо жолуккан үч таанышыңдын биринен "ичим катып жатат, бул дарттан эмне кылсам арылам" деген даттанууну угуу жаңылык болбой калгандай. Ич катуу ар бир адамга тааныш оору болгону менен, бул көрүнүш анын келип чыгышы жана алдын алуу жөнүндө маалыматтын элде аз экенин тастыктайт.

Ич катуу
Организмде заң пайда болуу процессинин бузулушун, анын оорутуу менен коштолушун жана заңдоо нормасынын өзгөрүшүн ич катуу деп түшүнсө болот. Адатта, бул көрүнүш түрдүү себептерден: тамактануунун бузулушунан же жашоо образынын өзгөрүшүнөн улам келип чыгат.


Ич катуунун түрлөрү
Ич катуунун эки түрү бар. Биринчиси курч ич катуу деп аталса, экинчиси өнөкөт ич катуу болуп саналат. Бул оору башталганда курч ич катуу менен башталып, анан өнөкөткө айланат.

Ич катуунун себептери
Ич катуу негизинен жоон ичегинин иштөө функциясынын начарлашынан келип чыгат.
Эгер жашоону түшүнгүң келсе - айтылып жана
жазылып жаткандардын баарына ишене берүүңдү
токтот. Андан көрө, көңүл төшөп көзөмөлдө жана
сезимиң менен ирге.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#246 Пользователь офлайн   ANGEL_   07 Февраль 2014 - 17:57

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 587
  • Катталган: 13 Январь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2023 05:28
  • Жынысы:Аялзаты

Ага өбөлгө түзгөн себептер:
Инсульт
Мээдеги кан айлануунун бузулушу
Депрессия
Айыз циклинин бузулушу
Семирүү
Кант диабети
Ашказан жарасы
Жоон ичегинин шишиги
Чат булчуңдарынын функцияларын жоготушу Ашыкча тоюп алуу
Кыймыл-аракеттин аздыгы
Ич катуунун белгилери
Ашказандын оорушу
Табиттин жоголушу
Баш оору,
жүрөк айлануу
Ооздун жагымсыз жыттанышы
Зарна
Ичтин көбүшү
Уйкусуздук
Заңдоодо кыйналуу
Эгер жашоону түшүнгүң келсе - айтылып жана
жазылып жаткандардын баарына ишене берүүңдү
токтот. Андан көрө, көңүл төшөп көзөмөлдө жана
сезимиң менен ирге.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#247 Пользователь офлайн   ANGEL_   07 Февраль 2014 - 17:59

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 587
  • Катталган: 13 Январь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2023 05:28
  • Жынысы:Аялзаты

Ич катууну дарылоонун элдик ыкмалары

Лимон.
Анчалык чоң эмес лимондун ширесин толугу менен сыгып, ага бир жумуртканын сарысын жакшылап аралаштыруу керек. Мындан соң аралашманы бир стакан (200) апельсин ширесине кошуп ич катуудан арылганча ичип турасыз.
Өсүмдүк майы.
Жарым стакан (100 г) өсүмдүк майы менен уктаар алдында клизма жасап, анан эртең мененкиге чейин капталдап жылуу жатуу зарыл. Бул ыкманы ич катуудан айыгып, ашказаныңыз жакшы болгончо күн сайын жасай бересиз.
Кефир.
Бир стакан өтө муздак эмес кефирге 10 г өсүмдүк майын кошуп, экөө бири-бирине жакшы сиңгенче 5 мүнөттөй аралаштырып туруу зарыл. Анан мындай аралашманы уктаар алдында өзүңүздү жакшы сезгенче ичип турасыз.
Суу.
Уктаар алдында кадимкидей эле клизма жасап жатып, эртең менен турганда ачкарын 2 стакан муздак суу ичип, андан туптуура 1 саат өткөндө тамак ичүү керек. Мындай ыкманы 1 же 2 жума тынымсыз жасасаңыз, ич катуудан арыласыз.
Каакым.
Жаңы жулунган каакымдын тамырларын таза жууп, майдалап, андан стаканга 2 чай кашык салып, үстүнө кайнак суу куюп 8 саатка тыныктырып коюу керек. Анан айыкканча бул тундурманы төрткө бөлүп күнүнө 4 маал тамак алдында ичип турасыз.
Бака жалбырак.
Бака жалбырактын уругун чогултуп алып, андан идишке 1-2 аш кашык салып, үстүнө бир стакан сууну куюп жай отто 10 мүнөт кайнатуу керек. Бул кайнатмадан жылуу абалында күн сайын эртең менен ачкарын 2 аш кашыктан иче бересиз.
Эгер жашоону түшүнгүң келсе - айтылып жана
жазылып жаткандардын баарына ишене берүүңдү
токтот. Андан көрө, көңүл төшөп көзөмөлдө жана
сезимиң менен ирге.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#248 Пользователь офлайн   ANGEL_   07 Февраль 2014 - 18:00

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 587
  • Катталган: 13 Январь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2023 05:28
  • Жынысы:Аялзаты

Ич катуу кандай кесепетти жаратышы мүмкүн?
- Башында ич катуудан адам анчалык деле кыйналбайт. Бул өтүп кетет деген кош көңүлдүүлүк менен жүрө бериши мүмкүн. Бирок, ал өнөкөт формасына өтүп кете турган болсо, анда бул дарттын кийинки кесепети кооптуу. Бул ооруу өнөкөткө айланып, анын организмге тийгизген таасири күчөй берет. Адам шалдырайт, уйкудан калат, көп ойлонот, алсырайт жана ошол эле маалда организм ар кыл шлактарга, микроорганизмдерге байыйт, анан ууланат. Муну дагы көтөрүп жүрө берген шартта ал жоон ичегинин рагына чалдыгышы мүмкүн.
Эгер жашоону түшүнгүң келсе - айтылып жана
жазылып жаткандардын баарына ишене берүүңдү
токтот. Андан көрө, көңүл төшөп көзөмөлдө жана
сезимиң менен ирге.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#249 Пользователь офлайн   ANGEL_   07 Февраль 2014 - 18:02

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 587
  • Катталган: 13 Январь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2023 05:28
  • Жынысы:Аялзаты

- Кантип ич катуунун алдын алса болот?
- Курамы клетчаткага бай тамактарды, тагыраак айтканда кара ундан жасалган нанды, гречкадан, сулудан жасалган боткону көбүрөөк жеш керек. Ошондой эле жаңы бышкан жашылча-жемишке ыктап, алардан жасалган салаттарды кабыл алуу зарыл. Көп учурда биз салатка майонез кошуп жейбиз, бул тескерисинче ич катууга кандайдыр бир шарт түзүп коюшу ыктымал. Андыктан, салатка дайыма оливка же өсүмдүк майын гана кошууга аракет кылуу керек. Ич катуунун алдын алууда кычкыл сүт азыктарын ичип туруу да натыйжалуу. Эң башкысы ачка жүрбөө, ар кыл диеталардан алыс болуу жана убагында тамактанып туруу адамды ич катуудан сактайт.
Эгер жашоону түшүнгүң келсе - айтылып жана
жазылып жаткандардын баарына ишене берүүңдү
токтот. Андан көрө, көңүл төшөп көзөмөлдө жана
сезимиң менен ирге.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#250 Пользователь офлайн   ANGEL_   08 Февраль 2014 - 12:05

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 587
  • Катталган: 13 Январь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2023 05:28
  • Жынысы:Аялзаты

Тамандын чорунан кантип арылуу керектигин билесизби?
Чор - кеңири тараган тери оорусу. Бул тууралуу сөз болгондо, аны айыктыруунун жолдорун билүүгө басым жасаган туура. Анткени, чорго кабылган учурлардын 90% ында ал көп басуудан улам келип чыгат.


Ванналар
Ванна эскирип калган терилерди жумшартып, түшүрүүгө жардам берет. Мындай ваннада бутту 10-15 гана мүнөт кармоо жетиштүү. Сууну ысык эмес, бирок ыкчамыраак абалда колдонуу жана бүткөндөн кийин согончокко нымдоочу, азыктандыруучу кремдерден сыйпоо керек. Ыкмаларды чор жакшы болгончо күн ара жасоо кажет.
Эгер жашоону түшүнгүң келсе - айтылып жана
жазылып жаткандардын баарына ишене берүүңдү
токтот. Андан көрө, көңүл төшөп көзөмөлдө жана
сезимиң менен ирге.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#251 Пользователь офлайн   ANGEL_   08 Февраль 2014 - 12:07

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 587
  • Катталган: 13 Январь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2023 05:28
  • Жынысы:Аялзаты

Сода.

5 л сууга 2 аш кашык соданы жана бир аз кыргычтан өткөрүлгөн антибактериалдык самынды аралаштырып, ага бутуңузду салып отуруңуз.

Сүт.

2 л сууга 2 аш кашык сүт, 2 аш кашык крахмал кошуп аралаштырып, ага бутуңузду салып 15 мүнөт отуруңуз. Анан бутуңузду чайкабастан кургактап, чычырканактын майы менен майлап кебез байпак кийиңиз.


Сары суу.

Айрандын бетине калкып чыккан сары сууну жылытып, ага бутуңузду салып 30 мүнөт отуруңуз.


Ромашка.

1 л кайнап жаткан сууга 1 аш кашык ромашканын кургатылган гүлүнөн салып, 10 мүнөт кайнатыңыз. Анан ага ысыгыраак абалда боло турганчалык муздак суу кошуп, бутуңузду салып отуруңуз.


Теңге чөп.
(Календула) 1 л кайнаган сууга 2 аш кашык кургатылган теңге чөптү салып 30 мүнөт тыныктырыңыз. Анан аны бут кетмендериңизди көмө турганчалык сууга кошуп, бутуңузду салыңыз.


Крахмал.

1 л жылуу сууга 1 аш кашык картошканын крахмалын кошуп аралаштырып, ага 30 мүнөт бутуңузду салып отуруңуз. Бул ваннаны уктаар алдында жасоо натыйжалуу.
Эгер жашоону түшүнгүң келсе - айтылып жана
жазылып жаткандардын баарына ишене берүүңдү
токтот. Андан көрө, көңүл төшөп көзөмөлдө жана
сезимиң менен ирге.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#252 Пользователь офлайн   ANGEL_   08 Февраль 2014 - 12:09

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 587
  • Катталган: 13 Январь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2023 05:28
  • Жынысы:Аялзаты

Чор

Саламаттыгы чың адамдын согончогунун териси жумшак, калың жана жылмакай болууга тийиш. Ушул сапаттарды жоготору менен согончок жарылып баштайт. Көп учурда бул көп басуудан, гигиенаны сактабагандан жана ыңгайсыз бут кийим кийүүдөн келип чыгат. Башкача айтканда, аталган көрүнүштөр тамандын кан айлануусун бузат, андан кийин чор пайда болот.

Чордун кесепеттери
Чор бир учурда бир нече маселени жаратат. Ачык бут кийим кие албай каласыз, басууда согончогуңуз ооруйт, таманыңыздын териси кургайт жана эң кооптуусу - жарылган жерлер аркылуу организмге түрдүү инфекция кире бериши ыктымал.


Чордун алдын алуу
Дайыма ыңгайлуу бут кийим кийиңиз Дүкөндөгү, базардагы бут кийимдерди байпак кийип ченеңиз Мончодон, душтан кийин бутка сөзсүз грибокко каршы дары сыйпаңыз Жатарда бутка азыктандыруучу, нымдоочу крем сыйпаңыз Согончокту күнгө күйгүзбөңүз Үйдүн ичинде жылаң аяк баспаңыз Бутту күн сайын кычкыл эмес самын менен салкын сууга жууңуз
Эгер жашоону түшүнгүң келсе - айтылып жана
жазылып жаткандардын баарына ишене берүүңдү
токтот. Андан көрө, көңүл төшөп көзөмөлдө жана
сезимиң менен ирге.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#253 Пользователь офлайн   ANGEL_   08 Февраль 2014 - 12:33

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 587
  • Катталган: 13 Январь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2023 05:28
  • Жынысы:Аялзаты

Компресстер

Компресс чорду үй шартында дарылоодо табылгыс ыкма. Төмөндө айтылган компресстерди бири-бирине айкалыштырбай, согончок айыкканча үзбөй жасоо зарыл.


Чычырканак майы.
Күнүнө 2-3 жолу чычырканактын майын согончоктун жарылган жерлерине жумшак массаж аркылуу сиңире майлап турасыз.


Алма.
Бир алманы кыргычтын майда тишинен өткөрүп, ага 0,5 стакан сыра жана 2 аш кашык эритилген каймакмайды кошосуз. Анан аралашманы жарылган жерлерге сыйпап, марля менен таңып 20 мүнөт отурасыз. Муну күн сайын жасайсыз.

Быштак.
Уктаар алдында согончокко жаңы быштакты жука катмар кылып коюп, үстүнөн целлофан жана бинт менен таңып кебез байпак кийип жатасыз.

Сельдерей.
Эт тарткычтан өткөрүлгөн жаңы сельдерей менен эритилген каймакмайды теңме- тең кылып аралаштырып, массаж аркылуу жарылган жерлерге сиңире сыйпайсыз. Мындай ыкманы күнүнө 2 жолу жасоо шарт.


Сүт.
Кабыгы аарчылган алманы майда төрт чарчы кылып туурап, үстүнө бир аз сүт куюп ботко абалындагы масса пайда болгончо жай отто кайнатасыз. Жылыганда аны калың катмар кылып согончокко коюп, бинт менен таңып 30 мүнөт кармайсыз да жылуу сууга жууп саласыз. Күн сайын муну бир жолудан кайталайсыз.

Бал.
Уктаар алдында бир аз бал куюлган 2-3 кабат кебез материалды согончокко кептеп, үстүнө целлофан коюп, марля менен таңып жатасыз. Помидор. Кечинде помидордун кесиндисин согончокко коюп, үстүн таңып алып жатасыз же анын жаңы сыгылган ширесин бир күндө бир нече ирет жарылган жерлерге сыйпап турасыз.
Эгер жашоону түшүнгүң келсе - айтылып жана
жазылып жаткандардын баарына ишене берүүңдү
токтот. Андан көрө, көңүл төшөп көзөмөлдө жана
сезимиң менен ирге.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#254 Пользователь офлайн   Mononoke   07 Март 2014 - 16:23

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 145
  • Катталган: 11 Февраль 14
  • Соңку аракети: 27 Сен 2021 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

сарымсакты(чеснок)такай жеп журсо,омурду узартууга пайдалуу таасирин тийгизет.эскертуу: бойрогу сезгенген,ашказан, 12 эли ичегисинде оорусу бар адамдар жеш керек эмес!
Aлга !
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#255 Пользователь офлайн   ANGEL_   15 Март 2014 - 17:05

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 587
  • Катталган: 13 Январь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2023 05:28
  • Жынысы:Аялзаты

Организмдин пайдалануу флорасына стресстер,
антибиотиктер, уулануулар, ар кандай
травмалык таасир этүүлөр аябай чоң зыян
тийгизет. Жыйынтыгында бул бактериялардын
иш аткаруусу өзгөрүп, дисбактериоз пайда
болушу мүмкүн. Дисбактериоз - оору эмес, бирок күчөй баштаса тамак-аш сиңирүү калыбынан
өзгөрүп, адам кыйналып, метеоризм,
саламаттыктын начарлаганы байкалат.
Ошондуктан Россиялык ден соолук институту
дисбактериоздун алдын алуусу үчүн күн сайын
1-2стакан айран же биокефир кабыл алууну сунуштайт. Кичине балдарга 6 айлык курагынан
тартып балдар үчүн арналган биокефирлерди
язва ооруларынан жапа чеккендерге кабыл
алууга болбойот, - дешет адистер.
Эгер жашоону түшүнгүң келсе - айтылып жана
жазылып жаткандардын баарына ишене берүүңдү
токтот. Андан көрө, көңүл төшөп көзөмөлдө жана
сезимиң менен ирге.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#256 Пользователь офлайн   ANGEL_   15 Март 2014 - 17:10

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 587
  • Катталган: 13 Январь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2023 05:28
  • Жынысы:Аялзаты

1.Колдон келишинче, буурчак, сүт, жумуртка, жер жаңгак, балык жана эт сыяктуу организмдин
өсүшүнө жардам берүүчү азыктарды тамак-аш
катары ар күнү колдонуп туруусу зарыл.

2.Кызгылт-сары же сары түстөгү мөмөлөр менен
жер жемиштер сыяктуу организмди ар түрдүү
оорудан коргоочу азыктарды да пайдаланып турууну эстен чыгарбоо керек. Мындай тамак-аш
денени керектүү витаминдер жана минералдар
менен камсыз кылып турат. Эгерде, кубат
берүүчү азык заттарды керектүү өлчөмдө ала
электе, бала тамактан баш тартса, анда ал
арыктап, алсырай баштайт. Туура тамактануу ден соолукту чыңдайт
Үйдөгү дасторкон үстүнө коюлган тамак - аштар,
үйбүлө ден соолугун чыңдай тургандай болуш
керек. Башкача айтканда, витаминдерге,
минералдарга, белок ж.б. бай болушу керек. Ар
бир кожойун үйүнө белгилүү азыктарды алып жатканда кайсыл азыктын, кандай пайдасы бар
экендигин жакшы билип алуусу керек. Ошондой
эле көңүл буруучу дагы бир маселе, алынган
тамактын калориясы. Алынган азык -
түлүктөрдүн сырттында жазылган калориясына
көңүл буруу керек. Албетте, калориясы жогору болгон азыктарды алуу керек. Калория адамдын
алсыроосуна жол бербейт. Бирок азыркы
демократия убагында көптөгөн сатылып жаткан
азыктардын, сырткы көрүнүшү гана өзгөрбөсө
сапаты жактан өзгөрбөй жатат.
Эгер жашоону түшүнгүң келсе - айтылып жана
жазылып жаткандардын баарына ишене берүүңдү
токтот. Андан көрө, көңүл төшөп көзөмөлдө жана
сезимиң менен ирге.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#257 Пользователь офлайн   ANGEL_   15 Март 2014 - 17:11

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 587
  • Катталган: 13 Январь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2023 05:28
  • Жынысы:Аялзаты

Сиздин өмүр жашыңыз жашоодо оптимист же
пессимист болушуңузга да байланыштуу экен.
Айланаңыздагы адамдарга көбүрөөк жылуу сөз
менен жылмаюу тартуулаңыз, өзүңүздүн да
маанайыңыз жаркын болуп, жашооңуз көңүлдүү
өтөт эмеспи. Ал эми тамеки чегүү, зыяндуу адаттар менен алек болуу албетте сиздин ден
соолугуңузга зыян гана алып келет. Америкада
маселен, тамеки чегүү дээрлик жокко эсе. Ал
жакта тамеки чеккендер үчүн жумуш ордун табуу
өтө кыйын. Ошондуктан айрым жаштарыбыз кеч
боло электе зыяндуу адаттарды өзүбүздөн алыстатып, ыймандуу, адептүү болсок.
Эгер жашоону түшүнгүң келсе - айтылып жана
жазылып жаткандардын баарына ишене берүүңдү
токтот. Андан көрө, көңүл төшөп көзөмөлдө жана
сезимиң менен ирге.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#258 Пользователь офлайн   ANGEL_   15 Март 2014 - 17:24

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 587
  • Катталган: 13 Январь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2023 05:28
  • Жынысы:Аялзаты

Билип алыныз...
-Ичеги-карыныңыз тынчыңызды алып, тамак
сиңирүүдө кыйналсаңыз - күн сайын алма жеп,
байма-бай алма диетасын кармашыңыз керек.
Себеби, боор менен ичеги-карын рагын пайда
кылган терс клеткаларды жок кылуучу заттар
алмада бар. -Кара өрүктүн ширеси кан басымды төмөндөтөт.
Ал эми аны ар дайым эртең менен ичип
турсаңыз, организмдеги шлактардан арыласыз.
-Көз жаш санаа-кайгыны жеңилдетип гана тим
болбостон, дарылоочу касиетке да ээ экенин
унутпаңыз. Ал денедеги жараат жерлердин карттанышына чоң салым кошот.
-Суук тийип калдыбы? Анда, тырмак башындай
чили калемпирин бир стакан сүткө кайнатыңыз.
Кайнап чыккандан кийин калемпирди алып
салып, сүттү ичип алыңыз. Муну уктаардын
алдында жасоо пайдалуу. -Уйкусу качып кыйналып жүргөндөргө кеңеш:
жаңы капустаны кайнатып, мелүүн тарткыча
анын буусунан дем алуу жакшы жардамын
берет. Кайнатманы андан кийин ичип алсаңыз
болот.
Эгер жашоону түшүнгүң келсе - айтылып жана
жазылып жаткандардын баарына ишене берүүңдү
токтот. Андан көрө, көңүл төшөп көзөмөлдө жана
сезимиң менен ирге.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#259 Пользователь офлайн   ANGEL_   15 Март 2014 - 17:31

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 587
  • Катталган: 13 Январь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2023 05:28
  • Жынысы:Аялзаты

Транспортко түшкөндө жүрөк айланса
Кээ бир адамдар автобуска түшөбү, самолетко
түшөбү дароо эле жүрөгү айланып куса баштайт.
Муну окумуштуулар адамдын денесинин өйдө-
төмөн силкинген кезинде ичеги-карын, боор жана
башка ичеги органдардын өз ордунан жылып
кетүүсүнөн жана айрым нервдердин дүүлүгүүсүнөн келип чыгат деп түшүндүрүшөт.
Ошон үчүн адам транспорт ордунан жылганда
жайланышып уктап кетүүгө аракет кылуусу
керек. Ошондой эле жол транспортуна түшөөрдө
анын ыңгайлуу түрүн тандап алуусу дурус. Ал
эми самолетко отурганда терең дем алып, жогору көтөрүлгөндө дем чыгарбоо керек.
Анткени терең дем алып демин ичине катып
турган кезде адамдын ички органдары көп
дүүлүкпөйт да жүрөк айланып куспайт.
Жүрөк айланууга кээде бензиндин жыты да
таасир этет. Мындан алыстоо, анын жытын сезбеш үчүн жолго чыкканда жыты жагымдуу:
жыты жакшы алма, апельсин, мандарин, лимон
өңдүү жемиштерден алып жыттап жүрүү да
жакшы натыйжа берет. Кээ бирөөнү чеснок же
колбасанын жыты алаксытат.
Эгер жашоону түшүнгүң келсе - айтылып жана
жазылып жаткандардын баарына ишене берүүңдү
токтот. Андан көрө, көңүл төшөп көзөмөлдө жана
сезимиң менен ирге.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#260 Пользователь офлайн   ANGEL_   15 Март 2014 - 17:46

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 587
  • Катталган: 13 Январь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2023 05:28
  • Жынысы:Аялзаты

ДЕНЕҢИЗГЕ ПАЙДА АЛЫП КЕЛЧҮ КЕҢЕШТЕР
1. Эгерде тамагыңыз кычышса, кулагыңызды
ушалап, тырмасаңыз, кулактын нерви
стимулдашып, тамактын булчуңдары иштеп,
кычышууну басаңдатат.
2.Эгерде жакшы укпай жатсаңыз, сиз менен
баарлашып аткан адамга оң кулагыңызды тосуп отуруңуз. Оң кулак сүйлөө ритмдерин жакшы
угат. А эгер музыканын ыргагын жакшы укпай
аткан болсоңуз, анда сол кулагыңыз менен
музыка чыгып жаткан тарапка бурулуңуз.
Анткени, сол кулак музыканын тонун жакшы
ажыратат.
3. Ийнеден корксоңуз, колуңузга же башка
жериңизге ийне сайып келатканда жөтөлүп
коюңуз. Жөтөл көкүрөк клеткаларындагы кан
басымды жогорулатат дагы, ооруган
рецепторлорду басаңдатат.
4.Мурдуңуз бүтсө тилиңизди өйдө көтөрүп, эки кашыңыздын ортосун катуу басыңыз. Мындай
ыкма мурунду ачат.
5. Эгер түн ичинде зарына болсоңуз, сол
капталыңыз менен жатыңыз. Изилдөөлөрдө
айтылгандай, сол жак ыптасы менен жатканда
адам ашказанга кычкылдыктарды көп жибербейт. Оң капталыңыз менен жатсаңыз, ашказанга
кычкылдыктарды көп жиберет дагы, зарына катуу
болот.
6. Тишиңиз ооруп кыйнап аткан болсо,
жаагыңыздын сыртына тиш ооруп жаткан жерге
муз бассаңыз, ооруну басаңдатат. Ошол жакты сөөмөйүңүз мене катуу кысканыңызда, нерв
сигналдарын бүтөйт дагы, оору кичине болсо да
жоголот.
7. Манжаңызды күйгүзүп алсаңыз, күйбөгөн
манжаңыз менен катуу кысыңыз. Мындай учурда
муз да абдан жакшы жардам берет. Бирок, муз менен басканда териси аппак болуп чыгат. Ал
эми берки манжаңыз менен басканда андай ак
болбойт.
8. Башыңыз айлангычакты ичсеңиз, колуңузду
сизди көтөрө турган жерге коюңуз. Анткени
кулактын ичиндеги мээни жөнгө салуучу орган суюктукка аралашып кетет дагы, мээни бир
калыпта кармай албай калат.
9. Мурдуңуз канаса үстүңкү бүйлөңүзгө пахта коюп,
катуу басыңыз. Көпчүлүк учурда мурундун
астыңкы жагынан кан агат. Ал учурда ошол
канаган жерди гана пахта менен катуу баскан дурус.
10. Жүрөгүңүз катуу дүкүлдөсө бармагыңызды
үйлөңүз. Жүрөктүн бат согушун, дем алуу
фазалары да таасирин тийгизет.
11. Колуңуз карышып калса, башыңызды ары-бери
айлантсаңыз, бир мүнөттүн ичинде карышканы жазылып кетет.
Эгер жашоону түшүнгүң келсе - айтылып жана
жазылып жаткандардын баарына ишене берүүңдү
токтот. Андан көрө, көңүл төшөп көзөмөлдө жана
сезимиң менен ирге.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Ден соолук жана сулуулук
  • Кийинки тема →

  • (19 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 11
  • 12
  • 13
  • 14
  • 15
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 21 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 21, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 07 Сен 2025 05:07

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: