Да бир орчундуу делген мисалды келтирейин анан жыйынтыктайм.
Мен мисалы балдарым кыздарым бар дейин. Аларды эн сонун бекем ыйман жана эн бийик адамдык асыл адеп-ахлак сыпаттар менен тарбиялап бактым. Адал мээнет адал нан менен. Арам жамандардан сактадым. Анан менин убакыт саатым келип ажал алдыман тооруду. Мен ошондо эч кыжаалат болбой сар санаасыз оло берем себеби бактылуумун.
Артымда калган перзенттерим мен олсом да дуба менен мени азыктандырып багышат. Созумду ушу жерде жыйынтыктайм.
- (2 )
-
- 1
- 2
Бактылуу болуш кокустук, ал эми бактысыз болуу бул бешене дейт. Болушу мумкунбу.?
#22 31 January 2014 - 01:06
Айтчу соз мисалдар аябай коп. Бирок "коп соз эшекке жук" дейт эмеспи кыргызда. Сиздерди карасам бакыт жонундо тушунугунуздор тайкы экен. Бирок оюнуздарга такыр кошулбайм дей албайм.
#23 31 January 2014 - 01:10
Эгер мага суроо бергиниздер келсе купуя кат же 0778 74 79 23 номерине же malabaev.93@mail.ru дружба жиберсениздер.
Атым Султан 20 жаштамын. Менден кетсе кечиресиздер.
#24 31 January 2014 - 01:12
Айта кетчу нерсе менин оюмду жактагандар.
Эч кандай ызы-чуу конфликтке жол бербейм. Оз оюмду айтып жардам бергим келди сунуш катары кабыл алыныздар жазгандарымын маани-мазмунун.
#25 26 February 2014 - 08:29
Эл журт аман эсен ,алар м- н ата -энен, бир туугандарын,
уй-булон, балдарын м-н чогуу, ден - соолугун чын,тынчтык болсо ошол Бакыт. Калгандары жалган жашоонун сыноосу.
#26 15 March 2014 - 23:10
Бактылуу омур жок. Бирок, ошол омурдо бактылуу минуталар болот. Анткени, бакыт бироого ден-соолук тартууласа,
экинчисине байлык, учунчусуно уй-було, дагы бирине балалуу болуп, ата-эне болууну тартуулайт экен. ,,Бири кем буйно" демекчи, тилекке каршы жогорудагылардын баары бир учурда адамга насип этпеши мумкун. Бактылуулукту же бактысыздыкты кокустук эмес, Кудайдын буйругу менен адамдардын оз аракетинен болсо керек деген пикирдемин.
Жалдырап жолун тосуп келем сенин,
Жанымдын жарымы бол жан эрмегим.
Жаштыгым озунду энсеп отуп барат,
Жалгызым кайдасын сен, издетпегин.
Жанымдын жарымы бол жан эрмегим.
Жаштыгым озунду энсеп отуп барат,
Жалгызым кайдасын сен, издетпегин.
#27 17 March 2014 - 21:49
Аллах жараткан сыноо абдан женил
.
Дин ахлагынан алыс жашаган адамдар өмүр бою өздөрүнө ар кандай максаттарды коюшат. Бул максаттардын орток өзгөчөлүгү – бул көбүнчө алардын бул дүйнө жашоосуна байланыштуу болушу. Мисалы, адис бир доктор, ийгиликтүү бир инженер, жакшы ата, көп акча тапкан бир ишкер же дүйнөлүк деңгээлде атактуу бир искусство адамы болуу жана ушул сыяктуу максаттар көп адамдардын эң чоң идеалдарынан болуп саналат. Булардан башка дагы көптөгөн тармакта адамдар ийгилик, бактылуулук жана бейпил бир жашоого жете алуу үчүн аракет кылышат, кээде мал-жанын сарпташат жана өз ойлорунда «бир жерлерге келүүгө» аракет кылышат. Бирок бүт бул нерселерге чөмүлгөндө, бул дүйнөгө жаралышынын чыныгы максатын унутушат же билмексен болушат.
.
Чындыгында болсо, ар бир адам жашоосун жана бир күн келип сөзсүз өлөөрүн ойлонуп, өзүнө кээ бир суроолорду узатышы зарыл. «Мен бул дүйнөдө эмне үчүн жашап жатам?», «Жаралышымдын максаты эмне?» «(Мисалы) Балким жакшы бир архитектор болуп, көп сандагы имараттардын планын жасадым, байыдым, мал-мүлккө ээ болдум, бир наамга ээ болдум, атак-даңкка жеттим, бирок булардын баары мага эмне алып келди? Мен өлгөндөн кийин булардын кайсынысынын бир мааниси болот? Бул дүйнөдө калтыргандарымдын мага акыретте кандай пайдасы болот? Өмүрүм ушул дүйнөдө эле бүтөбү?» Мына ушундай суроолор ар бир адамдын ага өлүм келбестен мурун өзүнө узатышы керек болгон суроолордун кээ бирлери.
.
Бул жерде бир нерсени айта кетүү керек; адамдар, албетте, кесип ээлери болушат, ал тургай өз кесибинде абдан ийгиликтүү болууну тилек кылышат жана бул үчүн аракет кылышат. Бирок булардын баарынын адамдын чыныгы, негизги максаты үчүн бир курал, инструмент экендигин унутпоо да абдан маанилүү. Бирок, чындыкта болсо, адамдардын көпчүлүгү жашоолорунун чыныгы максатын унутушат же көрмөксөн болушат жана бүт өмүрүн түпкүрүндө инструмент, курал гана болгон мындай утурумдук нерселерге арнашат.
.
Чынында болсо ар бир адам, бир саамга эле ойлонсо, жете ала турган абдан маанилүү бир чындык бар: Аллах дүйнөнү да адамдарды да бир хикмат (терең максат) менен жараткан. Адамдардын жаратылуу максаты – Куранда билдирилгендей, бир гана Аллахка кулчулук кылуу. Дүйнөнүн жаратылуу максаты болсо – бул адамдардын акыреттеги абалынын аныкталышы үчүн бир сыноо мекени болушу. Аллах бул чындыкты Куранда мындайча билдирет:
.
Ал, амал (иш-аракеттер) жагынан кайсыңардын жакшыраак болоорун сыноо үчүн өлүмдү жана жашоону жаратты. Ал бийик жана кудуреттүү, абдан кечиримдүү. (Мүлк Сүрөсү, 2)
.
Аллах адамдарга бул дүйнөнүн убактылуу экенин жана түбөлүк жашай турган чыныгы мекендин акырет экенин түшүнүүлөрү үчүн абдан көп далил берген.
Мисалы, дүйнө жүзүндө жүздөгөн ар түрдүү оорулардын болушу, микроскопиялык бир вирустун өзүнөн миллиондогон эсе чоң бир адамдын денесине өлүмгө да алып бара тургандай таасир этиши, адамдын дайыма тазаланууга, тамак жегенге, эс алганга жана уйкуга муктаж болушу, адам өмүрүнүн орточо 60-70 жыл сыяктуу абдан кыска болушу, убакыттын адамды абдан картайтып, «эскиртүүчү» бир таасирде болушу, бүт адамдардын аягында сөзсүз өлүшү, өмүр бою жыйнаган мал-мүлк, атак-даңк, сүйгөндөрүнүн артта калышы, адамдын денесинин топурак ичинде чирүү процессине кириши сыяктуу көптөгөн себептер – адамдардын дүйнө жашоосунун утурумдук жана кемчиликтерге толо, адамдын рухун эч ыраазы кыла албай турган бир мекен экенин түшүнүүлөрү үчүн жетиштүү, негизи. .
Булардын баары адамдарды дүйнөгө байлануудан тосо турган абдан маанилүү чындыктар. Аллах Куранда дүйнөнүн «жөн эле» бир мекен катары жаратылпаганын, белгилүү бир хикмат, максат менен жаратылганын мындайча билдирет:
.
Биз асманды, жерди жана ал экөөсү арасындагыларды бир оюн жана алаксуу болсун деп жаратпадык. Эгер бир оюн жана алаксуу кылгыбыз келгенде, муну Өз Кабатыбыздан кылаар элек. Кыла турган болсок, ошондой кылмакпыз. (Анбия Сүрөсү, 16-17)
.
Адам бир саамга ойлонгондо, бул дүйнөнүн түбөлүк жашала турган бир мекен эмес экенин, болгону бир сыноо мекени экендигин, бул жашоонун акыркы аялдама эмес, тескерисинче кыска мөөнөттүү бир токтоочу мекен экенин, бул утурумдук мекенде жашаган ар бир көз ирмеминен суракка алынаарын, эң негизгиси аны жоктон бар кылып жараткан Раббибиздин алдында жоопкерчиликтүү экендигин оңой гана түшүнө алат.
Муну түшүнгөн адам дагы бир баскыч алга кадам жасап, төмөнкүнү ойлонушу керек: Аллах бул дүйнөдө адамдарды ар түрдүү окуялар менен, жамандык жана жакшылыктар менен сыноодо. Күн бою адам башынан өткөргөн окуялардын баары чындыгында өлүмдөн кийинки түбөлүк жашоодо жашай турган мекенин аныктаган сыноолордон турат. Жана .
Аллах ар бир адамга бул сыноодо бир жеңилдик кылган жана ага жолун, т.а. эмне кылышы керек экенин көрсөткөнүн билдирген:
.
Шексиз, Биз адамды аралашма бир тамчы суудан жараттык. Аны сынап жатабыз. Ошондуктан аны угуучу жана көрүүчү кылдык (кулак, көз бердик). Биз ага жолду көрсөттүк; (эми ал) же шүгүр кылуучу болот, же болбосо нашүгүр (шүгүр кылбагандардан болот). (Инсан Сүрөсү, 2-3)
.
Аяттарда билдирилгендей, Аллах бүт адамдардын жашоолорунда сөзсүз алар үчүн туура жолду көрсөткөн, жана дин жана сонун ахлак жөнүндө маалыматка ээ болууларын камсыз кылган. Ар бир адам бул дүйнөнүн утурумдук бир мекен экенин жана акырети үчүн бул өмүрүн Аллахты ыраазы кыла тургандай жашашы керек экенин бир себеп аркылуу үйрөнөт. Кыскача айтканда, бул дүйнө жашоосу – бул адамдар кабарсыз болгон же ийгиликке жетүү үчүн эмне кылышы керек экенин билбеген бир сыноо эмес. Аллах ар бир доордо жөнөткөн элчилери (пайгамбарлары), мурда жөнөткөн китептери жана ар бир адамда жараткан абийир аркылуу адамдарга туура жолду көрсөтөт жана аларды туура эмес жолдон тосот. Аллахка ыйман келтирген, Ага толук баш ийген, бир гана Аллахты өзүнө дос жана өкүл туткан, ар бир окуяда Аллахка кайрылып, Ага тобокел кылган момундар үчүн Аллах жараткан ар бир сыноо абдан оңой жана көңүлдүү. Ыймандын сырын билгендер, Аллахка чындап ыйман келтиргендер үчүн бул дүйнө жашоосунун эч бир көз ирмеминде кыйынчылык, азап, кайгы, оордук жок. Ар бир окуя Аллахка жакындоо жана бейишти андан да көбүрөөк үмүт кылуу үчүн бир немат-жакшылыкка айланат.
.
Чыныгы ыймандын шарттарынын бири – бул Аллахты абдан жакшы таануу жана билүү. Бир адам Аллахты канчалык жакшы тааныса, Аллахтын күч-кудуретин канчалык жакшы билсе, Аллах коркуусу (такыбалыгы) жана Аллахка жакындыгы да ошончолук күчтүү болот. Мисалы, Аллахтын кечиримдүү экенин билген бир адам эч качан ката жана кемчиликтеринен улам үмүтсүздүккө же пессимисттике түшпөйт. Аллахтын ырыскы берүүчү экендигин билген бир адам акча табууда ач көздүк кылбайт. Аллахтын ырыскы берүүчү экендигин билет; иштейт, аракет кылат, бирок ырыскы өлчөмүн Аллахтын аныктаганын жана өзүнүн аны өзгөртө албашын билип, буга баш ийип, көңүлү тынч болот. Ошондуктан, Аллахты билген жана тааныган бир адам үчүн дүйнө жашоосу абдан көп жеңилдик жана немат-жакшылыктарга толо; ал адам дайыма Аллахтын бир көрүнүшүн жана жаратуусундагы бир кооздукту көрүү менен жашайт. Кыскача айтканда, Аллахка өзүн тапшырган ыкластуу Мусулмандар үчүн Аллах жараткан сыноо абдан оңой жана көңүлдүү, кызыктуу.

Кай жерде болбо, ар дайым, ар качан, туболукко журогумдо жашайсын.
#28 17 March 2014 - 21:50
Тагдыр
.
Убакыттын салыштырмалуу экендиги бизге абдан маанилүү бир чындыкты көрсөтөт: Бул салыштырмалуулук ушунчалык ар кандай болгондуктан, биз үчүн миллиарддаган жылдарга тете убакыт башка ченемде бир секунда гана болушу мүмкүн. Ал тургай, ааламдын башынан аягына чейин өткөн абдан узун убакыт, башка бир ченемде бир секунда да эмес, бир «көз ирмем (замат)» болушу мүмкүн.
Көптөгөн адамдар түшүнө албаган, материалисттер болсо такыр түшүнө албастан, баш тарткан тагдыр чындыгынын негизи дал ушул чындык менен байланыштуу.
.
Тагдыр – Аллахтын өтмүш жана келечектеги бардык окуяларды билиши. Адамдардын көпчүлүгү «Аллах али жашала элек окуяларды алдын ала кантип билет» деп сурашат жана тагдыр чындыгын түшүнө алышпайт. Чындыгында болсо, «жашала элек окуялар» - биз үчүн жашала элек окуялар. Аллах болсо убакыт жана мейкиндиктен көз-каранды эмес, бул түшүнүктөрдү Ал жараткан. Ошондуктан, Аллах үчүн өтмүш, келечек жана азыркы учур баары бир жана баары жашалып, бүткөн.
.
Линкольн Барнетт Жалпы салыштырмалуулук теориясынын бул чындыкка кандайча ишарат кылгандыгына Аалам жана Эйнштейн аттуу китебинде токтолот. Барнеттин ойу бойунча, нерселерди (материяны, жандыктарды) толугу менен «абдан улук космостук бир акыл» гана аңдап түшүнө алат. Барнетт «космостук акыл» деп атаган Эрк (Күч) – бүтүндөй ааламдарга өкүмдарлык кылган Аллахтын илими жана акылы. Биз бир сызгычтын башын, ортосун, аягын жана араларындагы бардык бөлүктөрүн бир бүтүн катары (толугу менен) оңой гана көрө алганыбыз сыяктуу, Аллах да биз көз-каранды болгон убакытты башынан аягына чейин бир көз-ирмем (учур) катары билет. Инсандар болсо окуяларды убактысы келгенде гана жашап, Аллахтын алар үчүн жараткан тагдырына күбө болушат.
.
Бул жерде коомдо кеңири таралган туура эмес тагдыр түшүнүгүнө да токтоло кетүү керек. Бул туура эмес тагдыр түшүнүгүндө Аллахтын инсандарга бир «маңдайга жазып» белгилеп койгону бар, бирок алар (адамдар) кээде буларды өзгөртө алаары сыяктуу батыл (негизсиз) бир ишеним бар. Мисалы, өлүмдөн калган бир оорулуу жөнүндө караңгылык менен «тагдырын жеңди» сыяктуу сөздөрдү айтышат. Чындыгында болсо эч ким тагдырын өзгөртө албайт. Өлүмдөн кайткан киши тагдырында өлүмдөн кутулуу жазылгандыгы үчүн өлбөй калган болот. «Тагдырымды жеңдим» деп айтуу менен өздөрүн алдаган бул сөздөрдү айтышы жана мындай ойлорго кабылышы да тагдырында бар. Аятта «... Өмүр сүргөнгө өмүр берилиши жана анын өмүрүнөн кыскартылышы да сөзсүз бир китепте (жазылуу). Чындыгында, бул – Аллах үчүн жеңил.» (Фатыр Сүрөс, 11) деп айтылуу менен булардын баарынын тагдырда бар экендиги чындыгына көңүл бурулат. Себеби, тагдыр – Аллахтын илими жана бардык убакытты бир эле учурда билген жана бардык убакыт жана мейкиндикке ээ (өкүмдар) болгон .
Аллах үчүн бардык нерсе тагдырда жазылган жана бүткөн.
Аллых үчүн убакыттын бир эле учур экендигин Куранда колдонулган баяндоо ыкмасынан да түшүнүүгө болот; биз үчүн келечекте боло турган кээ бир окуялар Куранда мурда эле болуп өткөн окуялар сыяктуу баяндалат. Мисалы, акыретте инсандардын Аллахка бере турган эсеби жөнүндөгү аяттар бул окуяны мурда эле болуп бүткөн окуя сыяктуу баяндайт:
Суръа (сур) чалынды, ушундайча Аллах каалагандан башка асмандарда жана жерде болгондор сүзүшүп-кулашты. Кийин ал дагы бир жолу чалынды, эми алар буттарында туруп карап турушат. Жер Раббиңдин нуру менен жаркырады; китеп койулду; пайгамбарлар жана күбөлөр алып келинди жана араларында чындык (адилеттик) менен өкүм чыгарылды... (Чындыктан) Баш тартуучулар тозокко бөлүк бөлүк айдалышты... Коркуп- корунгандар болсо бейишке бөлүк бөлүк киргизилди. (Зүмер Сүрөсү, 68-73)
Ушул сыяктуу башка көптөгөн мисалдар төмөнкүлөр:
(Эми) Ар бир напси жанында бир айдоочу жана бир күбө менен бирге келди. (Каф Сүрөсү, 21)
.
Жана сабыр кылгандыктары үчүн бейиш менен жана жибек менен сыйланышты. Ал жерде тактылар үстүндө жастанып-сүйөнүшкөн. Ал жерде (куйкалаган ысык) күн жана (тоңдуруучу) суук көрүшпөйт. (Инсан Сүрөсү, 12-13)
Көрө алгандар үчүн тозок да көрсөтүлүп койулган. (Назиат Сүрөсү, 36)
Эми бүгүн ыйман келтиргендер каапыр болгондорго күлүп жатышат. (Мутаффифин Сүрөсү, 34)
.
Кылмышкер-күнөөкөрлөр отту көрүштү, эми (анын) ичине киришээрин да түшүнүштү; бирок андан качуунун эч жолун таба алышпады. (Кехф Сүрөсү, 53)
.
Байкалгандай, биз үчүн өлүмүбүздөн кийин жашала турган бул окуялар Куранда жашалган жана бүткөн окуялар катары баяндалууда. Себеби, Аллах биз көз-каранды болгон салыштырмалуу убакыт ченемине көз-каранды эмес. Аллах бардык окуяларды убакыт жоктукта каалаган, адамдар аларды жасаган жана бардык бул окуялар жашалып, аягына чыккан. Кичине, чоң ар кандай окуялардын бардыгынын Аллахтын билүүсү менен ишке ашаары жана бир китепте жазылуу болгондугу чындыгы жөнүндө төмөнкү аятта кабар берилет:
.
Сен ичинде болгон ар кандай абал, Ал жөнүндө Курандан окуган бир нерсе жана силер жасаган ар кандай иш болсун, силер ал ишке (абдан) берилип жасап жатканыңарда, Биз силердин үстүңөрдө күбө болуп турабыз. Жерде жана асманда тырмактай болгон эч бир нерсе Раббиңден алыста (жашыруун) калбайт. Мындан кичинекейирээги да, чоңураагы да баары китепте (жазылуу). (Йунус Сүрөсү, 61)

#29 17 March 2014 - 21:52
Тагдыр деген эмне?
.
Тагдыр – бул Аллахтын өткөн жана келечекте боло турган бардык окуяларды «бир көз ирмемдей» билиши. Адамдардын көпчүлүгү «Аллах али боло элек окуяларды алдын ала кантип билет?» деп сурашат жана тагдырдын чындык экендигине ишенишпейт. Чындыгында болсо, жашана элек окуялар биз үчүн жашана элек окуялар болот. Аллах болсо убакыт жана мейкиндикке көз каранды эмес, себеби убакыт жана мейкиндикти да Аллах жараткан. Аллах деңгээлинде убакыт деген түшүнүк жок. Ошондуктан Аллах үчүн өткөн чак, келээр учур жана азыркы учурдун эч кандай айырмасы жок жана баары жашалып өткөн.
.
Коомдо тагдыр түшүнүгүн туура эмес түшүнгөн көпчүлүк адамдар Аллах тарабынан белгиленген тагдырдын адамдар тарабынан өзгөртүүгө болот деп ойлошот. Мисалы, өлүм төшөгүнөн кайткан бир оорулууну «тагдырын жеңди» сыяктуу караңгы түшүнүктөр менен сөз кылышат. Чындыкта болсо, эч ким тагдырын өзгөртө албайт. Өлүмдөн кайткан адам тагдырында ошондой жазылган үчүн өлбөй калат. «Тагдырымды жеңдим» деп өздөрүн алдаган адамдардын антип айтышы жана мындай ойго келиши да тагдырында жазылган нерсе.
.
Тагдыр Аллахтын илими. Бардык замандарды бир эле убакытта билген жана бардык убакыт жана мейкиндиктин ээси болгон Аллах үчүн бардык нерсе тагдырда жазылуу жана баары болуп бүткөн. Аллах үчүн убакыттын бир көз ирмем экендигин Курандан да түшүнөбүз. Биз үчүн өлүмүбүздөн кийин жашала турган кээ бир окуялар Куранда болуп өткөн окуялар сыяктуу баяндалат. Аллах бардык окуяларды убакыт жок абалда каалаган, адамдар аларды жасаган жана аягына чыккан. Адамдардын мойнуна жүктөлгөн болсо, туура жолго түшүү, тагдырга моюн сунуу жана Аллахтын парздарын аткаруу, акыретке даярдануу же туура эмес жолду тандоо болот. Аллах биздин кандай жашап өтөөрүбүздү билет жана тагдыр китебибизде баяндалуу. Биздин бул сыноо жашоосун жашап өтүүбүздүн максаты болсо, биздин өзүбүз жасаган иштерибизге, өзүбүз тандаган жолубузга өзүбүз күбө болуубуз үчүн. Адамдардын дилдерин билген Аллах аларды ыйманга келчүлөрүн туура жолго баштайт жана чындап ыйманга келбечүлөрдү туура жолдон адаштырат. Ошондой эле, Аллах адамдардын бул сыноо жашоосунда каалаганын берээрин Куранда билдирген. Адамдар бул жашоодогу байлыкты гана кааласа, аларга ошол нерселер берилет. Бирок акыретте аларга сооп жок. Ал эми адамдар акыретте бейишти кааласа, аларга бул жашоодо да тигил жашоодо да бакыт берилет. Бирок, тигил жашоодо берилчү түбөлүк бейиш адамдар дилдеринде самаган сонун жашоодон да алда канча кооз жана сонун. Бейишке жетүү үчүн Аллахтын ыраазылыгына ээ болуу керек, ал эми Аллах анын буйруктарын аткарган, жакшы амалдар жасаган адамдарга гана ыраазы болот.

#30 18 March 2014 - 07:22
Адам баласы жарык дуйного келер замат,анын тагдыры жазылып калган болот.
Бирок ошонтсе да,жашоо биз ойлогондой дайыма ак тустордон турбайт.
Бакытты куруу ар бир адамдын озуно коз каранды болуп саналат.
Ошондуктан бир ишти баштарда акыл кылчап ойлонуп башташ керек.
Ошол бир кетирген катасы учун омур бою озуну жемелеп откон адамдар жашоодо коп кездешип жатат.

Мой муж-мой рай! И пусть Аллах даст мне такого имана которое я смогу вместо с ней открыть дверь Рая. Ин ша Аллах
#31 21 March 2014 - 19:47
Мен ушундай созду угуп калгам. Чын эле бактылуу болуп калыш, кокустанбы?
Бакыт билинбей келиши мумкунда. Ал эми бактысыз болу бешене экен. Кудайым баарыбызды,
бактыбыздан айрыбасын. Бактысыздык болуп калышда бешене жазылып калышы мумкун экен. Сиздин оюнуз.?
Наоборот Бактылуу болуу бешене, бактысыз болуу кокустук деген туура го дейм. Бир адашып катачылык кетирип алып бактынды бузуп алышын мумкун.
Сабырдын тубу- сары алтын! Сабыр пендени судуроп журуп Бейишке жеткирет.
#32 01 April 2014 - 23:21
Наоборот Бактылуу болуу бешене, бактысыз болуу кокустук деген туура го дейм. Бир адашып катачылык кетирип алып бактынды бузуп алышын мумкун.
Балким. Бирок кантседа бактылуу болгоубуз жакшы.
Жан дуйномо булук салып куйуктор,
Жалынынан кулго айланды умуттор.
Азабыма чыдабасан бош койдум,
Акыл калчап башка жанды суйуп кор.
Жалынынан кулго айланды умуттор.
Азабыма чыдабасан бош койдум,
Акыл калчап башка жанды суйуп кор.
#33 03 April 2014 - 09:00
Эч кандай кокустук,бешене эмес эле баардык нерсе Аллахымдын айтканы буюрганы менен болот.
#34 13 June 2015 - 11:47
Эч кандай пешене сешене эмес,баардык нерсе өзүңдөн жана чөйрөңдөн!
Кудайды да,пешенени да жайына коюп бактылуулуктун жолун издегиле.Турмушта бактылуу болуштун шансы бир эле жолу келбейт,ишене бергиле,көп жолу эле келет.Болгону биз учурунда аңлабай өткөзүп жиберебиз да кийинкисинен үмүт кылып "бактысыыыыыыыыыыыыы.
.....з" болуп жүрө беребиз.Ошо.
Бар болгула!
Акылдуу ойлор акмакчылыктар аткарылып бүткөндөн кийин гана пайда боло баштайт....
#35 13 June 2015 - 15:30
Баары адамдын озунон.Пешенеее деп эч нерсе жасабай олтуруп корчу пешене эмне дейт экен.Аракет кылыш керек баардык нерсеге.99% аракет 1% берекет.Пешенени озгортсо болбойт дешет чын ниетинден берилип артындан кутурган ит кууп келейткандай ылдамдыкта аракет кыл,ошондо дагы эээээч бир майнап чыкпаган болсо пешенеге салып от баарын омурун откучо.
#36 19 January 2016 - 23:24
Эми баары жараткандан да, ооба кээде болот кокустан бактылуу болуп калса, периштелери оомийин деп койду деп .
#37 27 January 2016 - 13:14
Мен бактылуумун бул кокустукпу же бешенеби аны билбейм.Жигитим бар болчу ал мени таштап кетти ыйлап журдум жаш экен элем,жуучулар келди ата энем берген балага турмушка чыктым тобокелге салдым оз жашоомду.Куйоом жактырбай журдум канча кайсар болсомда которду аябай оор экен ага кантип байланып калганымды суйуп калганымды билбейм эки балалуу болдук мени ар тараптан тушунот сыйлайт кайын ата энемдер да аябай тушунуктуу кызындай корот мен учун ошол бакыт.
- (2 )
-
- 1
- 2

Супер-Инфо
super.kg
видео