Суперстан: Куран (Аллахтын китеби) Кыргызча котормосу - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Билерман
  • > Дин жана философия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (3 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Куран (Аллахтын китеби) Кыргызча котормосу Ыйык Куран (Кыргызча)

#21 Пользователь офлайн   vankuver   17 Март 2014 - 03:20

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 080
  • Катталган: 05 Июль 13
  • Соңку аракети: 05 Мар 2015 01:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:планета Кыргызстан

Раад 13чу-сүрөсү
.
13-сүрө «РААД [1]»
Меккеде түшүрүлгөн. Кырк үч аяттан турат.
Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен!
.
1.Алиф, Лам, Мим, Раа [2]. Бул Китептин [3]аяттары. Эгең тарабынан сага жөнөтүлгөн акыйкат. Бирок адамдардын көпчүлүгү ага ишенишпейт.
2.Алла асмандарды таянычсыз көтөрүп койду. Андан соң Аршка ээлик кылып, Күн мененАйды башкарды. Алардын баары белгилүү мөөнөткө чейин жүрөт. Ал силер өзүңөрдүн Эгеңер менен кездешүүңөргө ишенүүңөр үчүн, бардык иштерди башкарат жана аяттарын түшүндүрөт.
3.Ал жерди жайып төшөгөн, анын үстүнө тоолорду кадап, дарыяларды жасаган. Ар бир мөмө жемишти Ал жуп кылып жараткан. Күндүздү түн менен жапкан. Акыйкатта, мында акыл жүгүрткөн адамдар үчүн белгилер бар.
4.Жер үстүндө катарлаш турган талаалар, жүзүм бактары, эгиндер, кошмок [4]жана жалгыз курма дарактары бар. Баары бир суу менен сугарылат, бирок Биз алардын биринин даамын экинчисинен жакшы кылабыз. Акыйкатта, мында акыл калчаган адамдар үчүн белгилер бар.
5.Эгер сен таң калсаң, алардын сөздөрү андан да таң калаарлык: “Биз топуракка айланган соң кайрадан кандайча тирилмек белек?” (дешет.) Булар Эгесине каапыр болгондор. Алардын мойундарында чынжырлар болот, алар тозок ээлери [5]. Алар анда түбөлүк болушат.
6.Алар жамандыктан [6]мурун жамандыкка [7]шашылышат. Буларга окшогондордун жазасы мурун да (болуп) өткөн. Акыйкатта, Эгең алардын заалым экенине карабай кечирет. Бирок, Эгеңдин жазасы катуу.
7.Каапырлар: “Эгесинен ага бир белги [8]келбейби?” – дешет. Чынында сен эскертүүчү ганасың. Ар бир элде (түз жолго) баштоочу бар.
8.Алла ар бир ургаачынын курсагындагыны жана анын канчалык кемип, же өсүп жаткандыгын билет. Анын алдында баарынын өлчөмү бар.
9.Ал жашыруунду жана ачыкты билет. Ал Улук жана Бийик.
10.(Ага) ойун жашырып тургандар да, сүйлөп жаткандар да, түндө жашырынгандар да, күндүзү ачык чыккандар да баары бирдей [9].
11.Анын алдынан да, артынан да Алланын буйругу менен коргоп, ээрчип жүрө турган (периштелер) бар. Акыйкатта, коом өздөрүндөгү нерсени өзгөртмөйүнчө, Алла аны өзгөртпөйт. [10]Эгерде Алла коомду жазаламакчы болсо, анда Анын Өзүнөн башка эч бир кайтаруучу жок. Алар үчүн Андан башка эч бир жардамчы да жок.
12.Ал силерге чагылганды көргөзөт. Анда коркунуч менен үмүт бар. Ал оор булуттарды түшүрөт.
13.Күндүн күркүрөшү Аны мактап, аруулайт. Андан коркуп, периштелер да (аруулашат). Ал чагылганды жиберип, каалаганына тийгизет. Алар Алла жөнүндө талашышат. Ал азаптоодо күчтүү.
14.Чыныгы чакыруу Ага [11]гана. Алардын Андан башка тиленгендери [12]: бирөө сууга колун созуп, (алаканын жайып) оозуна жеткирүүнү каалаганда суу жетпеген өңдүү эле, аларга эч жооп бербейт. Каапырлардын табынуусу адашуу гана.
15.Асмандар менен жердегинин ар бири жана алардын көлөкөлөрү да Аллага эрки менен да, эрксиз түрдө эртели-кеч сежде кылышат [13].
16.Алардан: “Асмандардын жана жердин Эгеси ким?” – деп сура да: “Алла!” (деп жооп бер). “Силер Аны койуп, өзүңөргө жардам да, зыян да келтире албай турган башкаларды коргоочу кылып алдыңарбы?” - дегин. “Сокур менен көзү соо, же караңгы менен жарык барабарбы?” – дегин. Же алар Аллага Ал жараткан нерселер өңдүүлөрдү жараткандарды шерик кылып алыштыбы? Жана бул жаратуу алар үчүн бирдей эле сезилдиби? “Алла бардык нерселердин жаратуучусу. Ал Жалгыз, Кудуреттүү” – дегин.
17.Дарыялар өз деңгээлинде толсун үчүн Ал асмандан жамгыр жаадырат, а көбүктөр анын үстү менен агып келет. Кооздук жасалга, же буйумдарды жасоо үчүн оттун үстүндө эриткенде да ушундай көбүк болот. Алла чындык менен жалганды мына ушундайча мисал кылат. Көбүк жел өңдүү жок болот, ал эми адамдарга пайдалуулар жер үстүндө кала берет. Алла мына ушинтип мисалдарды көргөзүп келтирет.
18.Эгесине баш ийип ишенгендер үчүн жакшы нерсе [14]даярдалган. Ал эми Аны укпагандар – аларга жер жүзүндөгүлөрдүн баары тиешелүү болуп жана дагы ошончолук бар болсо да, алар ошонун барын берип кутулууну каалай тургандарга катуу эсеп-кысап болот. Алардын жайы тозок. Кандай жаман жай!
19.Ырас эле, Эгең тарабынан сага түшүрүлгөндү чындык деп билген (киши) сокур (чындыкты билбеген) сыяктуубу? Бирок муну акыл жүгүрткөндөр гана эске алышат.
20.Алар Аллага берген убадаларын аткаргандар жана анттарын бузбагандар.
21.Алар Алла бириктирүүнү буйруганды бириктиришет [15]жана Эгесинен коркушуп, эсептин жаман болушунан кооптонушат.
22.Алар Эгесинин ыраазылыгын издеп, сабыр кылгандар, намаз окугандар, Биз аларга берген ырыскылардан жашыруун жана ачык сарптагандар [16], жакшылык аркылуу жамандыкты жойгондор. Акырет жайы – мына ушулардыкы.
23.Алар Адн [17]бейишине киришет. Такыба ата-бабалары, жубайлары жана урпактары да (киришет). Периштелер [18]бардык эшиктерден (ар тараптан) киришет.
24.(Алар“Сабырдуу болгонуңар үчүн, силерге салам (тынчтык болсун)! Акыркы жайдын акыбети кандай сонун!” – (дешет.)
25.Алла менен келишим бекемделген соң аны бузгандар, Алла бириктирүүгө буйруганды ажыраткандар, жер жүзүндө бузукулук кылгандар – мына ушуларга наалат. Алар үчүн – жаман жай (даярдалган).
26.Алла каалагандарына ырыскы берет, (аны) чектеп да коет. Алар бул дүйнөдөгү жашоого ыракаттанышат. Бирок, бул дүйнөдөгү жашоо тиги дүйнөдөгүгө караганда өтө кыска ырахат.
27.Каапырлар: “Ага [19]Эгесинен белги [20]түшпөйбү? ” - дешет. “Акыйкатта, Алла кимди кааласа адаштырат, Өзүнө кайрылгандарды туура жолго салат” – дегин.
28.Ыймандуулар – Алланы эскергенде жүрөгүндө тынчтык орногондор. Демек, Алланы эскергенде жүрөктөр тынчтык табат.
29.Ыйманга келип, жакшылык кылгандарга “жакшылык” [21]жана сонун жай ыроолонот.
30.Биз сага аян кылып жибергенди [22]аларга окуп берүүң үчүн мурунку үммөттөр сыяктуу эле сени да бир үммөткө элчи кылып жөнөттүк. Бирок алар Мээримдүүгө [23]ишенишпейт. Аларга: “Ал менин Эгем. Андан башка Кудай жок. Ага гана тобокел [24]кыламын. Ага кайтуум(шексиз)” – дегин.
31.Эгер тоолорду ордунан жылдыра турган, жерди жарып ажырата турган, же өлгөндөрдү сүйлөтө турган Куран келтирилсе да (алар ыйман келтиришмек эмес). Бирок, бардык бийлик Аллага таандык. Эгер Алла кааласа бардык адамдарды туура жолго салаарын ыймандуулар билишпейби? Алланын убадасы аткарылганга чейин каапырларга алардын кылгандары үчүн улам талкалоочу кырсык келет, же алардын турагынын жанына түшөт. Эч качан, Алла убадасын бузбайт.
32.Сага чейин да көптөгөн пайгамбарлар шылдыңдалган. Бирок Мен каапырларга мөөнөтүн узарткам. Андан соң аларды азапка салдым. Менин азабым кандай болду.
33.Ал [25]ар бир жандын эмне кылып жатканын билип турбайбы?! А алар Аллага шерик кошушат. “Алардын аттарын айтып бергиле”, – дегин. Ага жер үстүндө Ал билбеген бир нерсени көрсөтүүнү каалайсыңарбы? Же бул болбогон сөзбү? Жо-ок. Каапырларга өздөрүнүн амалкөйлүгү көркөм көрүнөт, алар ошол себептүү жолдон тайышты. Алла кимди туура жолдон адаштырса, аны туура жолго салуучу жок!
34.Аларга бул дүйнөдө эле азап жетет. Бирок, тигил дүйнөдөгү азабы абдан катуу. Эч ким аларды Алланын жазасынан куткарып кала албайт.
35.Такыбаларга убада кылынган Бейиштин сыпаты: Анын алдында өзөн-дарыялар агып турат. Алардын бардык жемиштери жана көлөкөсү да түбөлүктүү. Бул такыбалардын акыбети [26]. А каапырлардын акыбети – тозок.
36.Биз Китеп бергендер [27]сага түшүрүлгөнгө кубанышат. Ал эми топтордун ичинен бирөөлөрү анын [28]бир бөлүгүн жокко чыгарышат. “Акыйкатта, мага Аллага сыйынуу жана Ага шерик кошпоо буйрулган. Мен Аллага чакырамын [29]жана кайтуум (да) Ага!
37.Ушинтип, Биз аны [30]араб тилинде, өкүм түрүндө түшүрдүк. Сага илим келгенден кийин, сен алардын каалоолоруна ээрчисең, сага Алладан башка жардамчы да, коргоочу да табылбайт.
38.Сенден мурун да пайгамбарларды жөнөткөнбүз жана аларга жубайлар менен урпактарды бергенбиз. Алланын уруксатысыз эч бир пайгамбар аят келтире албайт. Ар бир учур үчүн өзүнүн Китеби болгон.
39.Алла каалаганын өзгөртөт жана бекемдейт. Анда китептердин энеси [31](турат).
40.Биз аларга убада кылгандардын баарын сага көрсөтөбүз, же сени эртерээк жай алдырабыз. Сага (Алланын кабарларын) жеткирүү гана милдет. А эсеби – Бизге (таандык).
41.Алардын жерине келип, ар тараптан кемиткенибизди көрбөйбү? [32]Эгерде Алла бир нерсеге өкүм кылса, ага эч ким каршы тура албайт. Ал эсеп кылууда өтө тез.
42.Алардан мурункулар да айлакерлик кылышкан. Бирок, айла-амалдардын баары Аллада. Ал бардык жандар эмне кылып жатканын билет. Каапырлар акыркы сонун жай кимдер үчүн экендигин (жакында) билишет.
43.Каапырлар: “Сен пайгамбар эмессиң”, – дешет. “Силер менен менин ортомдо Алла жана Китепти [33]билгендер жетиштүү күбө”, – дегин.

Кай жерде болбо, ар дайым, ар качан, туболукко журогумдо жашайсын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#22 Пользователь офлайн   vankuver   17 Март 2014 - 03:21

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 080
  • Катталган: 05 Июль 13
  • Соңку аракети: 05 Мар 2015 01:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:планета Кыргызстан

Ибрахим 14чу-сүрөөсү
.
14-сүрө «ИБРАХИМ»
Меккеде түшүрүлгөн. Элүү эки айаттан турат.
Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен!
.
1.Алиф, Лам, Раа [1]. Бул [2]адамдарды Алланын уруксаты менен караңгыдан нурга [3], Ызааттуу, Мактоого ылайык, Эгеңдин жолуна чыгарууң үчүн Биз сага түшүргөн Китеп.
2.Аллага асмандардагылар менен жердегилердин баарысы таандык. Каапырларга тозоктун катуу азабынын кайгысы болсун!
3.Бул дүйнөнү акыреттен жакшы көргөндөр жана башкаларды Алланын жолунан тосуп, адаштыргандар, алар узак адашууда.
4.Биз бардык коомдорго ачык түшүндүрүп берсин деп, ал элдин гана тилинде сүйлөгөн элчилерди жөнөттүк. Алла кимди кааласа адаштырат, кимди кааласа туура жолго салат. Ал Ызааттуу, Даанышман.
5.Биз Мусаны өзүбүздүн белгилерибиз [4]менен: “Элиңди караңгылыктан жарыкка чыгар. Аларга Алланын мээримдүүлүгүн эстет”, – (дедик). Акыйкатта, мында сабырдуулар жана шүгүр кылуучулар үчүн өрнөктөр бар.
6.Ошондо Муса өз элине: “Алланын силерге берген жакшылыктарын эстегиле. Анткени, Ал силерди Фараондун элинен куткарды. Алар силерди оор азаптарга салып, эркек балдарыңарды өлтүрүп, айалдарыңарды тирүү калтырчу. Мына ушунда Эгеңер тарабынан силерге чоң сыноолор болгон” – деди.
7.Эгеңер: “Эгер шүгүр кылсаңар, силерге (жакшылыктарымды) көбөйтөмүн, а эгер каапырлык кылсаңар, анда азабым катуу”, – деп жарыйалады.
8.Муса: “Эгерде силер жана жер жүзүндөгүлөрдүн баарысы шүгүрчүлүк кылбаса да, албетте Алла муктаждыгы жок, мактоого татыктуу”, – деди.
9.Силерге өзүңөрдөн мурунку жашап өткөн Нух, Аад жана Самуд элдери, алардан кийин жашап өткөн элдер жөнүндө кабарлар жетпедиби? Алар тууралуу Алладан башка эч ким билбейт. Аларга элчилери [5]далилдер менен келишкен. Алар ооздорун манжалары менен калкалашып: “Силер аркылуу жиберилгенге биз ишенбейбиз. Силер чакырган нерсеңерге биз терең шектенебиз”, – дешкен.
10.Алардын элчилери [6]: “Асмандар менен жердин жаратуучусу Аллада шек барбы? Ал силердин күнөөңөрдү кечирүүгө жана белгиленген мөөнөткө чейин узартууга (кеңчилик кылууга) чакырат”, – дешкен эле. (Алар, пайгамбарларына:) “Силер да биз сыйактуу эле адамсыңар.Бизди ата-бабаларыбыз сыйынган нерселерден [7]тоскуңар келеби? (Анда) бизге ачык далилдерди келтиргиле”, – дешти.
11.Элчилери [8]аларга: “Албетте, биз силер сыйактуу эле кишилербиз. Бирок, Алла пенделеринен кимди кааласа, ошону Өз мээримине алат. Алладан буйруксуз биз силерге далил келтирүүбүз мүмкүн эмес. Момундар Аллага гана тобокел [9]кылышсын”, – дешти.
12.“Чынында, эмне үчүн бизди туура жолго салган Аллага тобокел кылбайбыз? Биз силер тараптан жеткирилген ызага сабыр кылабыз. Тобокел кылуучулар Аллага гана тобокел кылышсын.”
13.Каапырлар пайгамбарларына: “Эгер динибизге кирбесеңер, силерди жерибизден кууп чыгабыз”, – дешти. Эгеси аларга: “Албетте, заалымдарды [10]ойрон кылабыз”, – деп айан кылды.
14.“Албетте, ал жерге алардан кийин силерди жайгаштырабыз, бул – Менин алдымда туруудан жана эскертүүлөрүмдөн корккондор үчүн (болот).”
15.Алар жеңиш суранып дуба кылышты, текебер, акыйкатты чангандын баары зыйан тартты.
16.Андан ары аларга тозок бар. (Тозокто аларга) ириңдүү суу ичирилет.
17.Ал ага зордоп жуткурулат. Демек аны аргасыздан ичет. Ага ар тараптан өлүм келет. Бирок, ал өлө албайт. Анын артынан оор азап (күтөт).
18.Эгесине каапыр болгондордун иштери [11]бороондуу күндө шамал учурган күл сыйактуу. Жасаган эмгектерине ээлик кыла да алышпайт. Бул өтө узак адашуу!
19.Алла асмандар, жерди акыйкаттык менен жаратканын көрбөдүңбү? Эгер Ал кааласа, силерди жок кылат да, жаңы элди алып келет [12].
20.Бул Аллага эч (деле) кыйын иш эмес.
21.Алардын баарысы Алланын алдына чыгып келишет [13]. Алсыздары менменсингендерге (кайрылып): “Чынында, биз силерди ээрчидик эле. Силер жок дегенде бизди Алланын жазасынын азыраагынан куткара аласыңарбы? ” – дешет. Анда тигилер: “ Эгер Алла бизди туура жолго багыттаганда, биз да силерди багыттаар элек. Азыр биз сабырсыздансак да, чыдасак да баары бир. Бизге кутулуу жок”, – дешет.
22.Иш бүткөн соң, [14]шайтан: “Ырасында, Алла силерге чындыкты убада кылды. Мен да убада кылдым, (бирок) силерди алдадым. Менде силерди чакыргандан (азгыргандан) башка бийлигим жок эле. Ошентсе да, чакыруумду кабыл алдыңар. Андыктан мени жемелебестен, өзүңөрдү жемелегиле. Мен силерди куткара албаймын. Силер да мени куткара албайсыңар. Чынында, мен мурда эле мени Аллага шерик кылууңарга каршы болчумун”, – дейт. Албетте, заалымдарга оорутуучу азап (бар).
23.Ыйман келтиргендер, жакшы иш кылгандар Эгесинин уруксаты менен ичинде түбөлүк кала турган, алдынан дарыйалар аккан бейиштерге киргизилет. Алардын Бейиштеги амандашуулары: “Салам!” [15]– болот.
24.Алла жакшы сөздү [16]бекем тамырдуу, бутагы көктү тиреп өскөн, мыкты даракка салыштырып мисал кылганын көрдүңбү?
25.Ал (дарак) Эгесинин буйругу менен бардык убактарда мөмө берет. Насаат алуулары үчүн Алла адамдарга мына ушундай мисалды келтирет.
26.Ал эми жаман сөз [17]– тамырлары жерден ажыраган жаман дарак сыйактуу.
27.Алла ыйман келтиргендерди бул дүйнөдө да, тиги дүйнөдө да жакшы сөзгө [18]бекем кылат. Бирок, Алла ишенбеген заалымдарды адаштырат. Алла эмнени кааласа, ошону жасайт.
28.Алланын берген жакшылыктарын [19]шүгүр кылууну каапырлыкка алмаштырган жана коомдорун кыйроо жайына алып баргандарды көрбөдүңбү?
29.Алар тозокко киришет. Ал кандай жаман жай.
30.Адамдарды Анын [20]жолунан адаштыруу үчүн алар Алла менен бирге башкаларга да табынышты. Аларга: “Жыргай тургула! Кайтаар орундарыңар тозок” – деп айт.
31.Ыйман келтирген пенделериме: “Намазды (өз убагында) окушсун. Биз берген ырыскылардан жашыруун жана ашкере да, сатып алуу да, достук да болбой кала турган Күн жетип келгенге чейин тийиштүү орунга жумшашсын”, – деп айт.
32.Алла асмандар менен жерди жаратып, асмандан жамгыр жаадырат жана аны менен силердин ырыскыланууңар үчүн мөмө жемиштерди чыгарды. Деңизде Анын уруксаты менен сүзүп жүрсүн үчүн силерге кемени башкартты. Ошондой эле дарыйаларды да силерге баш ийдирди. [21]
33.Ал силер үчүн Күндү жана Айды башкарды, алар токтоосуз айланышат. Ошондой эле силерге түн менен күндүздү да башкарып берди.
34.Ал силерге сураган нерселериңердин баарын берди. Эгер силер Алланын берген жакшылыктарын эсептеп көрсөңөр, аны санап бүтө албайсыңар. Акыйкатта, инсан заалым [22]жана шүгүр келтирбейт.
35.Ибрахим: “Эгем! Бул калааны [23]тынч кыл! Мени жана уулдарымды буддарга табынуудан сакта!” – дегенин эсте.
36.“Эгем, алар көптөгөн элдерди (жолдон) адаштырышты. Ким мени ээрчисе – ал менден, а ким баш ийбесе [24]– анда акыйкатта Сен Кечирүүчү, Мээримдүүсүң!
37.Эгебиз! Урпактарымдын кээ бирин [25]эгин өспөгөн өрөөнгө, Сенин Ыйык үйүңдүн [26]жанына, алар намаз окуу үчүн көчүрүп келдим. Адамдардын жүрөгүнө аларга карата мээрим сал, жемиштер менен ырыскыландыр, алар шүгүр кылышсын.
38.Оо Эгебиз! Чындыгында, Сен жашыруун, ашкерелерибизди билесиң. Жердеги, асмандагы нерселер Аллага жашыруун эмес.
39.Улгайган чакта Исмаиил менен Исхакты берген Аллага мактоо! Акыйкатта, Эгем тилектерди Угуучу.
40.Оо Эгем! Мени жана урпактарымды намазды толук окуучу кыл. Эгебиз! Тилегибизди кабыл кыл.
41.Эгебиз! Мени, ата-энемди жана момундарды эсеп алына турган Күндө [27]кечир”, – (деди).
42.Алла заалымдардын иштеринен капарсыз экен деп ойлобо! Акыйкатта, Ал алардын көздөрү чанагынан чыга турган Күнгө чейин гана мөөнөтүн узартат.
43.Алар чанагынан чыккан көздөрү, бош калган жүрөктөрү менен баштарын көтөрүп, алдыга карай жүткүнүшөт.
44.Андыктан, аларга азап келе турган Күндү эскерт. Ошондо заалымдар: “Эгебиз! Бизди жакын мөөнөткө чейин кечиктире көр. Чакырууңа баш ийип, пайгамбарларыңды ээрчийбиз”, – дешет. “Мурун силер ойрон болбойбуз деп ант берген жок белеңер?” – (делинет).
45.Силер өздөрүнө заалымдык кылгандардын журттарында өмүр өткөрдүңөр. Аларга Биз кандай кылганыбыз силерге маалым болду. Силерге (үлгү болчу) мисалдарды келтирдик.
46.Алар түрдүү айла-амалдарды кылышты. Ал эми Алла алардын айла-амалдарын алар тоону козголтоор болсо дагы ишке ашыртпай койот.
47.Алла пайгамбарларына берген убадасынан тайат деп (эч) ойлобо. Чынында, Алла Кудуреттүү, Өч алчу.
48.Ал Күнү жер башка жерге, асмандар да башкага алмаштырылат. Алар Жалгыз, Кудуреттүү Алланын алдына чыгышат.
49.Ошол Күнү күнөөкөрлөрдүн чынжырларга байланганын көрөсүң.
50.Алардын көйнөктөрү кара майдан болот, беттерин от каптайт.
51.(Бул), Алла ар бир жанды жасаган (күнөөлөрүнө) жазалоо үчүн. Чынында, Алла бат эсептешүүчү.
52.Бул [28]– адамдарга жеткирүү [29]. Бул аркылуу сестенишсин, Алланын жалгыз Кудай экенин билишсин. Жана акыл калчагандар насаат алышсын.

Кай жерде болбо, ар дайым, ар качан, туболукко журогумдо жашайсын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#23 Пользователь офлайн   vankuver   17 Март 2014 - 03:22

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 080
  • Катталган: 05 Июль 13
  • Соңку аракети: 05 Мар 2015 01:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:планета Кыргызстан

ХИЖР 15-сүрөөсү
.
Меккеде түшүрүлгөн. Токсон тогуз айаттан турат.
Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен!
.
1.Алиф, Лам, Раа [2]. Булар Китептин, ачык-айкын Курандын айаттары.
2.Мүмкүн каапырлар мусулмандардан болууну кааларшар.
3.Аларды жөн кой! Жешсин, пайдаланышсын [3], кыйалдары менен алектене беришсин. Анан жакында билишет [4].
4.Биз эч бир калааны белгиленген убактысыз жок кылбадык.
5.Эч бир эл ажалын илгерилете да албайт, кечеңдете да албайт.
6.Алар (пайгамбарга): “Эй, өзүнө насаат [5]түшүрүлгөн! Сен анык жиндисиң”, – дешет.
7.“Эгер сен чынчылдардан болсоң, эмнеге периштелерди алып келбейсиң?” (- дешет).
8.Периштелерди Биз жөн [6]гана түшүрбөйбүз! Анда аларга мөөнөт берилбейт.
9.Чынында, Куранды Биз түшүрдүк. Эми аны өзүбүз сактайбыз.
10.Сенден мурдагы элдердин тобуна да (элчи) жөнөткөнбүз.
11.Алар үстүнөн шылдыңдап күлбөгөн эч бир пайгамбар болгон эмес.
12.Ушинтип, күнөөкөрлөрдүн жүрөгүнө Биз аны [7]да киргизебиз.
13.Алар ага ишенишпейт, мурункулардын жолу да ушундай болгон эле.
14.Ал түгүл Биз аларга асман эшигин ачып койсок, алар ошолор аркылуу көтөрүлүшсө да,
15.алар анда: “Албетте, биздин көзүбүз тосулуп (тумандап) калды, биз сыйкырланган эл болдук”, – дешээр эле.
16.Биз асманга топ жылдыздарды жайгаштырып, кароочулар үчүн аны кооздодук.
17.Биз аны таш бараңга алынган бардык шайтандардан сактадык.
18.Андан сырткары, ким жашыруун түрдө тыңшаса, ага айкын жалын [8]жетет.
19.Биз жерди жайдык, ага бекем туруучу тоолорду кададык. Жана да андан [9]бардык нерселерди өлчөм менен чыгардык.
20.Биз анда силерге жана силер ырыскы бере албай тургандар үчүн жашоо кылдык.
21.Биз ээлик кылбаган эч бир казына жок. Биз андан белгиленген өлчөмдө гана түшүрөбүз.
22.Биз чаңдаштыруучу [10](жамгырлуу) шамалды жөнөтөбүз жана асмандан силерге жаан жаадырабыз, силерди ошону менен сугарабыз. Анын казыналары силердин колуңарда эмес.
23.Чынында, жашоону, өлүмдү Биз тартуулайбыз жана баарына Биз гана мураскорбуз.
24.Биз силерге чейинки жашагандарды да, силерден кийинки жашай тургандарды да билебиз.
25.Акыйкатта, Эгең алардын баарысын жыйнайт. Албетте, Ал Даанышман, Билүүчү.
26.Акыйкатта, Биз шыгыраган кебетелүү [11]кургак чоподон инсанды жараттык.
27.Жиндерди андан мурун түтүнсүз оттон жаратканбыз.
28.Ошондо Эгең периштелерге: “Мен шыгыраган, кебетелүү кургак чоподон инсанды жаратамын”, – деди.
29.Анын турпатын айактап, Өз рухумдан киргизгенимде ага сежде [12]кылгыла! (деди).
30.Ошондо [13]бардык периштелер сежде кылышты,
31.Иблистен [14]башкалары. Ал сежде кылуудан баш тартты.
32.“Эй, Иблис! Сен эмнеликтен сежде кылуучулар менен бирге болбодуң?” – деди.
33.(Ал): “Мен шыгыраган кебетелүү кургак чоподон жасалган инсанга сежде кыла албайм”, – деди.
34.(Алла): “Сен мындан чыккын, анткени сен куулдуң”, – деди.
35.“Сага Кыйамат Күнгө чейин каргыш (болсун).”
36.“Оо Эгем! Алар кайрадан тириле турган Күнгө чейин мага мөөнөт бер” – деди [15].
37.“Чынында, сен мөөнөт берилгендерденсиң,
38.убактысы белгиленген Күнгө чейин”, – деди [16].
39.(Иблис айтты): “Оо Эгем! Мени адаштырганың үчүн аларга жер жүзүндөгүлөрдүн баарын сонун көргөзүп отуруп, алардын баарын азгыра беремин,
40.сага берилген пенделериңден башкаларын. ”
41.(Алла) айтты: “Бул мага карай эң туура жол,
42.чындыгында, адашып сени ээрчигендердин үстүнөн гана болбосо, Менин пенделериме сен бийлик кыла албайсың”.
43.Акыйкатта, алар үчүн дайардалган жай – тозок.
44.Анын жети эшиги бар. Ар бир эшикке ажыратылган (дайындалган) топ бар.
45.Акыйкатта, такыбалар бейиш бактарында жана булактардын арасында болушат.
46.(Аларга айтылат): “Тынчтык, амандык менен киргиле!”
47.Алардын көкүрөктөрүндөгү кектерди чыгарып салабыз. Алар бири бирине бир тууган болушат жана мамыктардын үстүндө бет маңдай олтурушат.
48.Мында алар чарчашпайт жана алар мындан эч качан куулуп чыгарылбайт.
49.Пенделериме кабарла! Мен акыйкатта Кечиримдүү, Мээримдүүмүн,
50.Албетте, Менин азабым – ал оорутуучу азап.
51.Аларга Ибрахимдин конокторунун байанын жеткир.
52.Ошондо, (периштелер анын) жанына кирип, “Салам!” - дешти. Ал [17]: “Чынында, биз силерден коркуп турабыз”, - деди.
53.(Алар): “Коркпо! Биз сени илимдүү уулдуу (боло тургандыгың) менен сүйүнчүлөйбүз”, – дешти.
54.(Ибрахим): “Мага карылык келгенде сүйүнтөсүңөрбү? Деги мага эмнени сүйүнчүлөйсүңөр? ” – деди.
55.(Периштелер): “Биз сага чындыкты сүйүнчүлөдүк. Эми үмүт үзүүчүлөрдөн болбо!” – дешти.
56.(Ибрахим): “Эгесинин мээриминен адашкандардан башка ким үмүт үзмөк эле”, – деди.
57.“Эй, элчилер! Силер эмнеге келдиңер эле?” – деди (Ибрахим).
58.“Биз күнөөлүү элге жөнөтүлгөнбүз”, – дешти (алар),
59.“Луттун үй-бүлөсүнөн башкаларына,
60.анын айалынан башкаларын. Биз ага (айалга) мында калуучулардын арасында болууну буйруп койгонбуз”.
61.Элчилер [18]Луттун үй-бүлөсүнө келгенде:
62.(Ал): “Чындыгында, силер тааныш эмес элсиңер”, – деди.
63.(Алар): “Жок, биз алар ар дайым шектенип мойун сунбаган себептен келдик.
64.“Биз сага (даана) чындыкты алып келдик, биз чын айтабыз”.
65.“Өзүңдүн үй-бүлөң менен түндүн бир оокумунда жолго чык жана артынан бас. Силердин эч кимиңер артыңарга кайрылып карабагыла жана белгиленген жерге жеткенче токтобогула”, – дешти (периштелер).
66.“Биз таң атканда күнөөкөрлөр бири да калбай кыргын боло тургандыгы жөнүндө ага айан кылганбыз”.
67.Шаардын жашоочулары сүйүнүп жетип келишти. [19]
68.(Ал) [20]: “Булар менин конокторум, менин абийиримди төкпөгүлө,
69.Алладан корккула. Мени шерменде кылбагыла! ” – деди (Лут).
70.(Алар): “Биз сен дүйнөдө (эч кимди коргобо деп) тыйбадык беле?”, – дешти.
71.Ал: “Эгер кааласаңар, мына кыздарым” – деди.
72.Сенин өмүрүңө ант! Алар өздөрүнүн мастыгында аң-таң болушат (экиленишет).
73.Ошондо, күн чыгарда аларды катуу бир үн кармады.
74.Биз аны [21]астын-үстүн кылып, анын үстүнөн бышкан чопо таштарды жаадырып салдык.
75.Чынында, кыраакылар үчүн мында белгилер [22]бар.
76.Алар [23]жолдун бойунда эле.
77.Акыйкатта, момундар үчүн мында белгилер бар.
78.Акыйкатта, Аль-Айканын [24]жашоочулары да адашкандардан болгон эле.
79.Ошондуктан Биз аларды жазаладык. Алар ар тараптан көрүнгөн бир жолдо [25]жатышат.
80.Аль-Хижрдин [26]жашоочулары да элчилерин [27]жалганга чыгарышкан.
81.Биз аларга белгилерибизди [28]келтиргенде, алар андан жүз бурушту.
82.Алар тоонун бетин ойуп үй салышып, өздөрүн толук коопсузбуз (деп сезишти).
83.Бирок, таң азандан кулак жарган добуш угулду.
84.Алардын жасап алгандары аларга эч жардам бере албады.
85.Биз асмандар менен жерди, алардын арасындагыларды акыйкаттык менен жаратканбыз. Кыйамат Күнү сөзсүз келип жетет. Андыктан, аларды кең пейилдик менен кечир [29].
86.Акыйкатта, Эгең, Жаратуучу, Билүүчү.
87.Биз сага жети кайталануучуну [30]жана Улуу Куранды бердик.
88.Каапырлардын кээ бирлерине, биз пайдаландырган нерселерге көз артпа. Алар үчүн капаланба, момундарды канатыңа калкала.
89.Айт: “Акыйкатта, мен болгону эскертүүчү жана айкындоочу ганамын.”
90.Бөлүүчүлөргө (топторго) [31]жөнөткөнүбүз өңдүү,
91.алар Куранды бөлүк-бөлүк кылгандар [32].
92.Эгеңе ант, алардын баарысын суракка тартабыз,
93.алар эмне кылгандыктары тууралуу.
94.Сага буйрулгандар тууралуу ачык-айкын кабарла! Ал мушриктерден жүз үйрү.
95.Акыйкатта, Биз сени шылдыңдоолордон коргойбуз
96.Алар Аллага башка Кудайды [33]шерик кылышат. Бирок алар (аны) жакында билишет.
97.Алардын айткандарынан сенин жүрөгүң кысылганын билебиз.
98.Өз Эгеңди даңазалоо менен аруула, сежде кылуучулардан бол.
99.Сага өлүм келгенге чейин Эгеңе сыйын!

Кай жерде болбо, ар дайым, ар качан, туболукко журогумдо жашайсын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#24 Пользователь офлайн   vankuver   17 Март 2014 - 03:24

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 080
  • Катталган: 05 Июль 13
  • Соңку аракети: 05 Мар 2015 01:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:планета Кыргызстан

Нахл 16-сүрөөсү
.
16- сүрө «Нахл [1]»
Меккеде түшкөн. Жүз жыйырма сегиз аяттан турат.
Мээримдүү,ЫрайымдууАлланынатыменен!
.
1.Алланын буйругу келди [2]. Ага [3]шашылбагыла. Алла– алар кошкон шериктен абдан Аруу да, Бийик да!
2.Алла Өз пенделеринен каалаган адамга Өз буйругу менен периштелерди: «Чындыгында, Менден башка эч бир кудай жок. Ошондуктан Менден гана коркушсун деп эскерткиле! », – деген кабар менен түшүрөт.
3.Ал(Алла) асмандарды жана жерди чындык менен жаратты. (Ал) алардын кошкон шериктеринен бийик.
4.(Ал) адам баласын бир тамчы суудан жаратты. Ошондой болсо да ал (адам баласы) ачык жаңжалчы.
5.Анан (Ал) малдарды жаратты. Малдарда да силерди жылыта турган [4]жана башка да пайдалар бар. Ошондой эле аларды жейсиңер.
6.Силер малдарды (оттоткону) айдап чыкканыңарда жана (оттотуп) кайра айдап келе жатканыңардажагымдуулук бар.
7.Малдар – жаныңар кыйналып, араң шаарга жеткире турган жүктөрүңөрдү көтөрөт. Чындыгында, Эгеңер– Мээримдүү, Боорукер!
8.(Алла) жылкыларды, качырларды, эшектерди минишиңер жана кооздук үчүн жаратты. Ошондой элеАлсилер билбеген нерселерди да жаратат.
9.Туура Жолду түшүндүрүү –Аллага гана таандык. Анткени жолдордун кыйшыгы [5]да бар. Эгер Алла кааласа – баарын туура жолго салып коймок.
10.Ал силерге асмандан жамгыр жаадырып, андан суу, ал аркылуу малдарыңарды жайа турган дарак (жайыт) [6]жаратат.
11.Алла силерге суу аркылуу эгин, зайтун, курма дарактарын, жүзүмдөр жана бардык мөмөлөрдү өстүрөт. Дал мына ушунда түшүнө турган коомдор үчүн белгилер бар.
12.Алсилер үчүн түндү, күндүздү жана күн менен айды баш ийдирди. Жылдыздар да Анын буйругуна баш ийишет. Так ушунда ойлонгон коом үчүн белгилер бар.
13.Силер үчүн жер жүзүндө өстүрүп койгон түрлүү түстөрдөгү нерселерде коом үчүн чындап насаат ала турган өрнөк бар.
14.Ошондой эле,Алла жаңы эт жешиңер жана кооз нерселерди тагынууңар үчүн деңизди (силерге) багындырып койду. Алладан ырыскы издешиңер үчүн кеме сууну жиреп бара жатканын көрөсүң. Балким (Аллага) шүгүр кыларсыңар.
15.Силерди термелтүү үчүн жер жүзүндө аска тоолорду жайгаштырды. Багыт таап жүрүшүңөр үчүн өзөндөрдү, жолдорду жаратты.
16.Алардын [7]жол таап жүрүүсү үчүн (зарыл) белгилерди жана жылдыздарды (жаратты).
17.Жаратуучу менен жарата албаган [8]бирдей болобу?! Эми эсиңерге келбейсиңерби?
18.Алланын жакшылыктарын санасаңар – санына жете албайсыңар. Чындыгында, Алла– Кечиримдүү, Ырайымдуу!
19.Алла– жашыруун жана көрүнөө эмне иш жасап жатканыңарды билип турат.
20.Ошондой! Алладан башкага сыйынгандары [9]эч нерсе жарата албайт. Алар – жаратылгандар.
21.Алар – өлүктөр. Тирүү эмес. Ошондуктан алар качан тирилишерин [10]да билишпейт.
22.Кудайыңар – Жалгыз Алла. Акыретке ишенбегендердин жүрөктөрү жокко чыгаруучу [11]. Ошондуктан алар текеберлер.
23.Аллаалардын жашыргандарын жана көрүнөө жасагандарын Билүүчү экени анык! Чындыгында, Аллаөзүн жогору көтөргөндөрдү жакшы көрбөйт.
24.Алардан: “Эгеңер эмне түшүрдү?”, – деп суралса: “Мурункулардын жомоктору” – дешет.
25.Ошентип, алар Кыйамат Күнү өз күнөөлөрүн толук, наадандыктан улам адаштыргандардын күнөөлөрүнүн айрымдарын көтөрүшөт. Байкагыла: Алар үстүнө алган нерсе (күнөө) кандай жаман!
26.Чындыгында, булардан мурункулар да айлакерлик кылышкан. Ошондуктан Алла алардын пайдубалын титиретип, жогор жагы алардын өздөрүнүн үстүнө кулап түштү. Ошентип, аларга алар күтпөгөн тараптан азап келди [12].
27.Акырында, Кыйамат Күнү Алла аларды кордойт да: “Силер Мен тууралуу талашкан жердеги шериктерим кайда?” – деп сурайт. Ошондо илим ээлери: “Чындыгында, бүгүн кордук менен жамандык каапырлардын үстүнө!” – дешет.
28.Өздөрүнө зулумдук кылгандардын жанын периштелер алаарда, алар: “Баш ийишип, эч бир жамандык жасаган эмес элек”, – дешет [13]. Андай эмес. Акыйкатта, Алла силердин кылганыңарды жакшы билет.
29.Ошондуктан ичинде түбөлүк кала турган Тозоктун эшиктеринен киргиле. Өзүн жогору көтөргөндөрдүн орду кандай жаман!
30.Алладан корккондорго: “Эгеңер эмне түшүрдү?” – деп айтылса, алар: “Жакшылык! ” – дешет. Ошондуктан бул дүйнөдө жакшылык кылгандарга жакшылык бар. Акырет журту андан жакшыраак. Такыбалардын журту кандай сонун!
31.Алар алдыларынан өзөндөр агып турган Адн (аттуу Бейиш) багына киришет. Алар ал жерде эмнени каалашса, баары бар. Такыбаларды Алла ошентип сыйлайт.
32.Такыбалардын жанын периштелер жакшы (жагдайда) алышып: “Силерге тынчтык болсун! Ишиңерге жараша Бейишке киргиле!” – дешет.
33.(Каапырлар) өздөрүнө периштелердин [14]келишин, жеЭгеңдинбуйруктарынын келишин гана күтүп жатышабы? Булардан мурункулар да ушундай кылышкан болчу. Аларга Алла зулумдук кылган жок. Алар өздөрүнө зулумдук кылышты.
34.Ошондуктан кылган жамандыктары өздөрүнө тийип, мазактаган нерселери өз баштарына жетти.
35.Аллага шерик кошкондор: “Эгер Аллаикааласа, анда биз да, ата-бабаларыбыз да Алладан башка эч нерсеге сыйынбайт элек.Анын [15]буйругусуз эч нерсени арамга да чыгарбайт элек”, – дешет. Алардан мурункулар да ушундай кылышкан. Ошондуктан элчилерге [16]даана жеткирүү гана милдет.
36.Чындыгында, ар бир коомго: “Аллага гана сыйынгыла. Таагуттан [17]оолак болгула”, – деп айтуучу элчи жибергенбиз. Алардын (коомдордун) кай бирлерин Алла түздөп, айрымдарына адашуу буйурулган болчу. Ал эми жер жүзүн кезип көрүп, жалганга чыгаргандардын акыбети эмне болгонун байкагыла.
37. [18]Эгер алардын түзөлүүсүнө канчалык дилгир болсоң да, Алла Өзү адаштырган адамды туура жолго багыттабайт жана алар үчүн жардамчы да жок.
38.Ошондой эле, алар: “Алла өлгөн адамды тирилтпейт”, – дешип, Алланын аты менен катуу ант ичишти. Андай эмес! (Өлүктү тирилтүү тууралуу)Алланын убадасы акыйкат. Бирок адамдардын көбү (муну) билишпейт.
39.Алла каршылыкка түшкөн нерселерин аныктоо жана каапырлардын жалганчы экенин аларга билдирүү үчүн (өлүктөрдү тирилтет! ).
40.Бир нерсенин болушун каалаганыбызда Биздин: “Бол!” – деген гана сөзүбүз жетиштүү. Ошондо ал болот да калат.
41.Зулумдукка учурагандан кийин Алла жолунда көчкөндөрдү [19], дүйнөдө жайлуу конушка жайгаштырабыз. Эгер алар билишсе, акыреттеги сыйлык андан да чоң.
42.Алар – сабыр кылышып [20], (Аллагагана) тобокел кылгандар [21].
43. [22]Сенден мурун да өздөрүнө кабар түшүрүп, кишилерди [23]гана элчи (пайгамбар) кылып жибергенбиз. Эгер билбесеңер, илимдүүлөрдөн [24]сурагыла.
44.(Пайгамбарларды) далилдер жана китептер менен (жибердик). Сага да адамдар үчүн түшүрүлгөндөрдү ачык баян кылып беришиң үчүн Куранды түшүрдүк. Балким алар түшүнүшөөр.
45.Жамандыктын айлакерлери Алланын аларды жерге жуттуруп жиберишинен, же алар ойлобогон тараптан өздөрүнө азап келишинен коопсузбу?
46.Же болбосо алар жер кезип сапарда бараткан кезде өздөрүн апааттан тышпыз деп эсептешеби? Анда [25]алар качып кутула алышпайт [26].
47.Же алар өздөрүнө коркутуп келүүчү апааттан (коопсузбу?). Чындыгында, Эгеңер– Мээримдүү, Боорукер!
48.Алар Алланын жараткан нерселеринин (дарактардын) көлөкөлөрү оңго, солго ийилип, Аллага сежде кылып ийилип жатышканын көрүшпөйбү?
49.Асмандар менен жерде болгон ар бир жаныбар жана периштелер тынымсыз Аллага сежде кылып турушат [27]. Алар текеберденишпейт.
50.(Алар) Өздөрүнөн үстөм болгон Эгелеринен коркушат. Ошондуктан [28]берилген буйруктарды орундатышат.
51.Алла: “Эки кудай жасап албагыла. Чындыгында, Ал(Алла) – Жалгыз Кудай! Ошондуктан Менден гана корккула”, – деди.
52.Асмандарда жана жерде болгон нерселер Анын бийлигинде. Бардык сыйынууларга –Алгана татыктуу! Алладан башкадан да коркосуңарбы?
53.Силерге (келген) ар бир жакшылык –Алладан! Силерге зыян жетсе (гана)Аллага жалбарасыңар [29].
54.Акырында, силерден Алкыйынчылыкты алып салган кезде бир бөлүгүңөр, Эгеңерге шерик кошосуңар. [30]
55.Алар (Биз) берген жакшылыктарыбызга шүгүр кылышпайт. Азырынча (жердеги жыргалдардан) пайдалана тургула. Жакында билесиңер.
56.(Мушриктер [31]) өздөрүнө (Биз) берген ырыскыларыбыздын эмне экенин билбегендерге [32]шыбага [33]арнашат. Аллага ант! Бул жалгандан ойлоп тапканыңар үчүн сөзсүз суракка [34]тартыласыңар!
57.Анан да, алар Аллага кыздарды [35]ыйгарышат [36].Алла андан аруу! Өздөрүнө болсо каалаганын [37]арнашат.
58.Эгер алардын бирөөсү кыз менен сүйүнчүлөнсө [38]анын ачуусу келип, бети карара баштайт.
59.Өзүнө келген “жаман” кабардын таасиринен улам элден жашырынат. Аны [39]эмне кордукка салып же топуракка көмүп таштоо керекпи [40]? Алар кандай жаман [41]өкүм чыгарышат!
60.Жаман сыпат – акыретке ишенбегендер үчүн. Ал эми сыпаттардын эң бийиги –Аллага таандык. Ал– Өкүмдар, Даанышман!
61.Алла адам баласын алардын кесирлиги себептүү колго ала турган [42]болсо, жер жүзүндө эч бир жан калбас эле. Бирок аларды белгилүү бир мөөнөткө чейин [43]кечиктирет. Ал эми алардын мөөнөтү келгенде, алар [44]аны [45]бир саатка да кечиктире да, илгерилете да алышпайт.
62.Алар өздөрү жек көргөндөрдү (кыздарды)Аллага ыйгарып, тилдери менен: “Бизге жакшы нерселер буйурулган”, – деп жалган айтышат. Аларга тозок бар экени шексиз. Чындыгында, алар (Тозокко) сүйрөлүп баруучулар.
63.Аллага ант болсун! Чындыгында сенден мурун да коомдорго элчилерди (пайгамбарларды) жиберген болчубуз. Ошондо да шайтан өз кылыктарын кооз кылып көрсөттү. Ошондуктан бүгүн да ал (шайтан) алардын досу. Аларга сыздатуучу азап бар.
64.Сага Куранды алар талашкан нерселерин аныктоо, ыйман келтирген коом үчүн туура жол жана ырайым түрүндө гана түшүрдүк.
65.Алла асмандан жамгыр жаадырып, өлгөн жерди аны менен тирилтти. Чындыгында, бүгүн да кулак салган коом үчүн чыныгы үлгүлөр бар.
66. [46]Чындыгында, силер үчүн малдарда да ибарат бар [47]. Малдардын ичиндеги (курсагындагы) каны менен жининин арсынан чыккан ичкенге жагымдуу, нагыз сүттү силерге ичтирүүдөбүз.
67.Курма дарактарынын жемиштеринен, жүзүмдөрдөн арактарды [48]жана көркөм [49]сусундуктарды жасап аласыңар. Ырас, мында ой жүгүрткөн элге даана үлгүлөр бар.
68. [50]Эгең бал аарыга: “Тоолорго, жыгачтарга жана адамдардын курулуштарына уя сал”, – деп буюруп [51],
69.“ар түрлүү өсүмдүктөрдөн жеп, Эгеңдин жеңил кылып койгон жолуна түш!” – дедик. (Алла) аарынын ичинен түрлүү-түрлүү балдарды чыгарды. Анда адам баласы үчүн шыпаа бар. Чындыгында, мында да ой жүгүрткөн коом үчүн ибарат-өрнөктөр бар.
70.Алла силерди жаратты жана өлтүрөт. Кээ бирөөлөрүңөр [52]билгенинен кийин билбей кала турган [53]өмүрдүн кордугуна кайтарылат. Албетте, Алла –Билүүчү, Кудуреттүү.
71.Алла ырыскыда [54]бириңерди бириңерден артыгыраак кылды. Ырыскы-насиби молураактар кол алдындагыларга бербейт [55]. Болбосо алар (ошол) ырыскыда [56]тең (укуктуу). Алар эмне, Алланын насибине каршы келишеби?
72.Алла жыныстарыңардан [57]жубай жаратты. Жубайларыңар аркылуу силерге балдарды, неберелерди пайда кылды. Силерди таза нерселер (ырыскылар) менен азыктандырды. Ошондо да алар (каапырлар) болбогон нерселерге ишенишип, Алланын жакшылыктарына шүгүрсүздүк кылшабы?.
73.Алар, Алладан башка, өздөрүнө жер менен асмандан бир да ырыскы бере албаган жана колунан эч нерсе келбеген нерселерге (буддарга-сөлөкөттөргө) сыйынышат.
74.Аллага мисал келтирбегиле” [58]! Чындыгында, Алла– ар нерсени билет, силер болсо билбейсиңер!
75.Алла(силерге) бир мисал келтирет: Кимдир бирөөнүн кол астында эч нерсе колунан келбеген кул болсо, ал өзүнө Биз берген көркөм [59]ырыскыдан көрүнөө да, көмүскө сарптай ала турган кожоюн менен тең боло алабы? Ошондуктан, баардык мактоолор –Аллагагана таандык! Бирок алардын көбү билишпейт.
76.Алла эки кишини мисал келтирет: экөөсүнүн бири дудук, колунан эч нерсе келбейт. Ал кожойунуна жүк. Аны кайда гана жумшабасын [60]андан жакшылык келбейт [61]. Эмне ошол (дудук) адилеттүү өмүр кечирип, туура жолдо жүргөн адам менен теңби?
77.Асмандардагы жана жердеги сырлар Аллага гана таандык. Кыйамат сааты кирпик каккандай (тез келет), андан да жакын (калды). Албетте, Алла –бардык нерсеге Кудуреттүү.
78.Алла силерди энеңердин курсагынан эч несре билбеген абалда чыгарды да, силерге угуу, көрүү жана ойлоо жөндөмдөрүн берди. Балким шүгүр кыларсыңар.
79.Алар асман мейкиндигиндеги [62]тартылуу күчүн көрүшпөй жатышабы? Аларды [63]Алла гана кармап турат! Чындыгында, ушунда да ыйман келтирген коом үчүн белгилер бар.
80.Алла силерге үйлөрүңөрдү турак-жай кылып койду. Силер үчүн малдардын терилеринен – көчкөн кезде, же отурукташкан учурда жеңил пайдаланыла турган башпаанектер (курулат [64]); (малдардын :) койдун жүндөрүнөн, төөнүн түктөрүнөн, эчкинин тыбыттарынан кайсыл бир мөөнөткө чейин пайдаланууга боло турган үй буюмдарын жана соода буйумдарын жаратты.
81.Алла Өзүжараткандарына (дарактардан) көлөкө жасап, тоолордон баш паанек [65]берди. Ошентип, силерге ысыктан сактай турган кийимдерди, согушта коргоно турган зоот кийимдерин пайда кылды. Ушундай түрдө, силерге жакшылыктарын толуктады. Балким, (Аллага) мойун сунасыңар.
82. [66]Ошондо да алар [67]баш [68]тартышса. .. [69]Сага – аларга айкын (кабарды) жеткирүү гана милдет.
83.Алар Алланын жакшылктарын мойунга алышат да, кийин кайра ага каршы чыгышат. Чындыгында, алардын көбү – каапырлар.
84.Кыйамат Күнү ар бир коомдон бир күбө жиберебиз. (Алланынаяттарына) каршы чыккандарга [70]уруксат да берилбейт, алардан жакшылык да күтүлбөйт.
85.Зулумдук кылгандар азапты көргөндө [71], аларга азап жеңилдетилбейт, артка да жылдырылбайт.
86.Аллага шерик кошкондор, өздөрү кошкон шериктерин көргөн кезде: “О Эгебиз!Сенден башкага сыйынган [72]шериктер ушулар!” – дешет. Алар [73]: “Чындыгында силер баарыңар жалганчысыңар! ” – деп сөздү аларга ыргытат.
87.Алар (каапырлар) ошол Күнү Аллага моюн сунушат! Алардын жасалма кудайлары болсо алардан кайып болот [74].
88.Ошентип, каапырларга жана Алланын жолунан тоскондорго бузукулук кылгандары үчүн күнөө үстүнө күнөө кошобуз.
89.Кыйамат Күнү ар бир коомдун ичинен бирден күбө алып келебиз. [75]Сени болсо ушул коомго күбө кылабыз. Ошондуктан саган ар нерсени түшүндүрүп бере турган жана мусулмандар үчүн туура жол, мээрим, кубаныч түрүндө Куранды түшүрдүк.
90.Чындыгында, Алла– адилеттүүлүктү, жакшылыкты жана тууган-урукка кайрымдуу болууну буюруп, уятсыздыктан, каапырлыктан жана чектен ашуудан тыйат.Алласилерге (ушундайча) насыят берет. Балким түшүнөөрсүңөр.
91.Эгер убада берсеңер, Аллага береген убадаңарды (сөзсүз) аткаргыла. Антташууда Алланы өздөрүнө кепил кылган соң, аны бузбагыла. Алла– эмне кылганыңарды Билүүчү!
92.Бул жамаат тиги жамааттан [76]артык деген шылтоо менен араңардагы келишимдерди бузуп, жибин мыктылап ийиргенден кийин, жазып жиберген аялга окшобогула. Чындыгында, Алла ушу менен [77]сынайт. Ошондуктан талаш-тартышууга түшкөн нерселериңерди Кыйамат Күнү силерге аныктап берет [78].
93.Эгер Алла кааласа, силерди бир гана (бирдиктүү жалгыз) үмөт кылып койор эле. Бирок,Алла кимди кааласа адаштырып, кимди кааласа туура жолго [79]салат. Албетте, кылган ишиңерден сураласыңар [80].
94.Анттарыңарды [81](кимдир бирөөнү) алдоо үчүн пайдаланбагыла. Кадамыңар бекем болгондон кийин (жолдон) тайып [82],Алланын жолунан тосконуңар [83]үчүн анын [84]жамандыгын тартып каласыңар. Андай кылсаңар [85]силерге абдан чоң азап бар.
95.Алланын келишимин [86]арзыбас нерсеге сатып жибербегиле. Эгер билсеңер, Алланын алдындагы [87]гана жакшы.
96.Силердин жаныңардагы бул дүйнөлүк (нерсе) түгөнөт, ал эми Алланын алдындагы түбөлүк. Албетте, сабырдууулардын сыйлыгын, жасаган иштеринен да жакшыраак (кылып кайра) беребиз.
97.Эрекекпи, же аялбы ыйман келтирип, изги [88]иштерди жасаса, ага мыкты жашоо беребиз. Ошентип, аларга кылган иштеринен жакшыраак сыйлык беребиз.
98.Куран окуган кезиңде, куулган шайтандан Алла менен сактан [89].
99.Чындыгында, ыйман келтирип, Эгесине тобокел кылгандарга [90]шайтандын өкүмү өтпөйт.
100.Чынында, анын өкүмү – аны дос кылып, Аллага шерик кошуучуларга гана өтөт.
101.Биз бир аяттын ордун башка аят менен алмаштырсак. .. [91],Алла эмнени [92]түшүргөнүн жакшы билет. Бирок, алар пайгамбарга: “Сен анык жалганчысың”, – дешет. Андай эмес! Алардын [93]көбү түшүнүшпөйт
102.Жабреил Куранды акыйкат менен [94]ыйман келтиргендерди кубаттандыруу жана мусулмандар үчүн туура жол, ошондой эле кубаныч түрүндө Эгең тараптан түшүрдү.
103.Чындыгында, (Биз) билебиз, алар: “Куранды Мухаммедге бир адам үйрөтөт”, – дешет. Бирок алар шылтоологон адамдын [95]тили башка. Куран болсо – даана араб тилинде.
104.Чындыгында, Алланын аяттарына ишенбегендерди, Алла түзөбөйт. Ошондуктан алар үчүн сыздатуучу азап бар.
105.Акыйкатта, Алланын айаттарына ишенбегендер орунсуз жалгандарды ойлоп чыгарышат. Мына ошолор – жалганчылар.
106.Жүрөгү ыйман уйалагандан [96]кийин зомбулукка учураган адамдан башка бирөө [97]– ыйман келтирип, анан кийин (кайра)Аллага каршы чыкса ошентип, дилин ыймансыздыкка берсе, ага Алланын ачуусу келет жана аларга катуу азап бар.
107.Бул жагдай – алардын бул дүйнөнү акыретке баалап [98], (дүйнөнү) жакшы көрүшкөндөрүнөн улам. Чындыгында, каапыр элди Алла оңдобойт [99].
108.Мына ошолор [100]ошондой:Алла алардын жүрөктөрүн, кулактарын жана көздөрүн бүтөп койгон. Алар [101]такыр капарсыз.
109.Алар акыретте зыйан тартуучулардан экенинде эч шек жок.
110.Чындыгында, Эгең– жапа чеккенден кийин көчкөндөрдүн, согушкандардын жана сабыр кылгандардын (жардамчысы! ). Мындан кийин [102]Эгең– Кечиримдүү, Боорукер!
111.Кыйамат Күнү ар ким өзүн куткарууга умтулат. Ошондой эле ар кимге өзүнүн жасаган амалынын акысы (сый, же жаза) берилет. Аларга адилетсиздик кылынбайт.
112.Алла силерге бейпилчиликтеги кыштакты мисал келтирет. Ага ар тараптан мол ырыскы (Алланын амири менен) келип турчу. Акырында,Алланын жакшылыгына каапырлык кылышты, ошондуктан Аллааларга жасаган зулумдугу себептүү ачарчылык жана коркунуч тонун кийгизип, жапа тарттырды.
113.Чынында, аларга өздөрүнөн элчи келип, алар аны жалганчыга чыгарышкан болчу. Ошондуктан заалымдарды азап колго алды.
114.Алланын силерге берген ырыскысынын адал жана тазасын жегиле. Эгер Ага гана пендечилик кыла турган болсоңор, анда Алланын жакшылыгына шүгүр кылгыла.
115.Чындыгында, (Алла) силерге өлүктүн этин, канды, чочконун этин жана Алладан башканын аты аталып мууздалган (малдын этин) арам кылды. Кимде-ким мажбур болсо [103], баш тартпастан [104], чектен чыкпастан [105], (жесе) анда Алла– Кечиримдүү, Боорукер!
116.Тилиңер: “Бул – арам, бул – адал”, – деп жалган сыпаттаганын айтпагыла [106]. Анда Аллага жалаа жапкан болосуңар. Чындыгында, Аллага жалган жалаа жапкандар (азаптан) кутулушпайт.
117.Дүйнө – аз күндүк жыргал. Алар [107]үчүн сыздаптуучу азап (бар).
118. [108]Иудейлерге арам кылынган нерселер тууралуу мурун сага баян кылган элек. Биз аларга адилетсиздик кылган жокпуз. Алар өздөрүнө өздөрү адилетсиздик кылышты.
119.Чындыгында, Эгең– билбестен жамандык жасап, андан кийин тооба кылып, иштерин түзөлткөндөр тарабында. Акыйкатта, Эгең, мындан кийин да Кечиримдүү, Ырайымдуу!
120.Чындыгында, Ибрахим –Аллагачыныгы мойун сунуучу (момун) адам жана таза берилген [109]болчу. Ал мушриктерден эмес эле.
121.Алланын жакшылыктарына шүгүр кылуучулардан болчу. Аллааны тандап, туура жолго салды.
122.Ага дүйнөдө жакшылык бердик. Ал эми акыретте болсо, ал – мыктылардан.
123. [110]Сага таза берилген Ибрахимдин жолун карманышың үчүн айан кылдык. Ал мушриктерден эмес.
124.Чындыгында, ишемби [111]... ал тууралуу талашкандарга (майрам) кылынды. [112]Акыйкатта, Эгең Кыйамат Күнү алар талашкан күн тууралуу өкүмүн угузат.
125.Адамдарды Эгеңдин жолуна даанышмандык жана көркөм үгүт аркылуу [113]чакыр. Алар менен көркөм ыкмада талаш. Чындыгында, Эгең Өзүнүн жолунан адашкандарды да, туура жолдогуларды да жакшы билет.
126.Эгер душмандарды жазаласаңар, өзүңөрдү жазалагандай жаза менен жазалагыла. Эгер сабыр кылсаңар – сабырдуулар үчүн жакшы болот.
127.Сабыр кыл [114]. Сабырың –Алланынколдоосу менен гана (болот). Аларга кейибе да, алардын жасаган бузукулугуна ичиң кысылбасын!
128.Чындыгында,Алла– такыбалар жана жакшы иштерди жасоочулар менен бирге![/color]
Кай жерде болбо, ар дайым, ар качан, туболукко журогумдо жашайсын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#25 Пользователь офлайн   vankuver   17 Март 2014 - 03:25

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 080
  • Катталган: 05 Июль 13
  • Соңку аракети: 05 Мар 2015 01:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:планета Кыргызстан

Исра 17-сүрөөсү
.
17-сүрө «ИСРА [1]»
Меккеде түшүрүлгөн. Жүз он бир айаттан турат.
Мээримдүү, ЫрайымдууАлланынаты менен!
.
1.Харам мечитинен [2]белгилерибизден ага көрсөтүү үчүн айланасын Биз кут даарыткан Аксаа мечитине [3], түн ичинде Пендесин [4]сейил жасатканга [5]аруулук! Акыйкатта, Ал Угуучу, Көрүүчү.
2.Мусага Китеп бердик жана аны Исраил урпактары үчүн жетектөөчү кылдык: “Менден башка эч кимди колдоочу кылып албагыла”,
3.Нух менен бирге Биз (кемеге) жүктөгөндөрдүн урпактары! Акыйкатта, ал Мага шүгүр кылган пендем эле.
4.Биз Исраил урпактарына Китепте [6]айан кылдык: “Силер жер үстүндө эки ирет бузуку иш кылдыңар жана абдан текеберлендиңер”.
5.Качан кылынган убадалардын биринчиси келгенде, Биз силерге зор күчкө ээ болгон [7]пенделерибизди жөнөттүк, алар силердин турак-жайларыңарга аралап кирип барды. Убада ушинтип орундалды.
6.Андан соң Биз силерге алардын үстүнөн бийлик бердик, анан да байлык, бала-чакаларды берип, силердин саныңарды көбөйттүк.
7.Силер жакшылык кылсаңар өзүңөр үчүн, жамандык кылсаңар да өзүңөр үчүн. Экинчи жолу убада кылынган мезгил жеткенде, беттериңерди бузуп [8], биринчи киргендей эле мечитке [9]кирип, баарысын таш-талкан кылуу үчүн [10](жибердик).
8.Силердин Эгеңер мүмкүн силерге мээрим кылаар. А эгер кайрадан эле мурункуга кайрылсаңар, анда Биз дагы кайтабыз [11]. Биз тозокту каапырлар үчүн камак жай кылдык.
9.Акыйкатта, Куран тууралыкка алып барат жана жакшылык кылган момундарга зор сыйлык боло тургандыгын сүйүнчүлөп жеткирет.
10.Тиги дүйнө жашоосуна ишенбегендерге оорутуучу азапты дайардадык.
11.Инсан жамандыкты жакшылык тилегендей тилейт. Акыйкатта, инсан шашма.
12.Түн менен күндүздү эки белги кылдык. Түндү караңгы кылып, күндүздү Эгеңердин кеңчилигинен насип издөөңөр, жылдардын санын, (мезгилдин) эсебин билүүңөр үчүн жарык кылдык. Жана да ар нерсени бөлүп байан кылдык.
13.Ар бир инсандын мойнуна анын амалын илдик. Кайра тирилүү Күнүндө Биз алардын алдына китепти ачабыз [12]:
14.“китебиңди оку! Бүгүн сени жаның өзүңө эсеп кылууда жетиштүү”.
15.Ким туура жолдо жүрсө, ал өзү үчүн туура жолдо (жүргөн болот). А ким адашса, ал өзүнүн гана зыйанына адашат. Эч ким башка бирөөнүн жүгүн (күнөөсүн) көтөрбөйт. Биз элчи жөнөтмөйүнчө эч качан жазага тартпайбыз.
16.Качан бир айылды жок кылгыбыз келсе, алардын дөөлөтүнө чиренгендерине [13]буйрук кылабыз. Бирок алар каршылашып, бузукулугун улантышат. Андыктан аларга деген сөз (өкүм) чындыкка айланат. Ошентип, түбү менен ойрон кылабыз.
17.Нухтан кийин Биз канчалаган муундарды ойрон кылдык. Эгең Өз пенделеринин кылган күнөөлөрүн көрүп, билип турат.
18.Ким дүнүйөнү [14]кааласа, Биз да кимге кааласак бул дүйнөдө каалаганыбызды беребиз. Анан аны жемеленген жана кордолгон түрдө тозокко салабыз.
19.А ким момун болуп, акыретти каалап, ал үчүн аракеттенсе, мына ошолор аракеттерине сыйлык алышат.
20.Тигилерге да, буларга да [15]Эгеңден (энчилерин) беребиз. (Эч кимге) Эгеңдин берери тыйылбайт.
21.Алардан бирөөлөрүнө экинчилеринен кандай артыкчылык бергенибизди карап көр. Бирок акырет жашоосу даражалар жагынан да, артыкчылык жагынан да зор.
22.(Эй, инсан!) Жек көрүнүп, өкүнүчтө калбооң үчүн, Аллага башка кудайларды [16]кошуп алба!
23.Эгең силерге Анын Өзүнөн башка эч кимге сыйынбоону жана ата-энеңерге жакшылык кылууну буйруду. Эгер алардын бирөө, же экөө тең карылык куракка жетсе, аларга: “Уф-ф!” - дебе, зекибе! Жылуу-жумшак сөз сүйлө!
24.Аларга мээримдүү канатыңды кенен жайып, “Эгем! Алар мени кичинемден чоңойтуп өстүргөндөй, аларды мээримиңе бөлө”, – дегин.
25.Эгеңер силердин ичиңерде эмне барын жакшы билет. Эгер силер жакшы иш жасоочу болсоңор Ал Өзүнө кайрылгандардын баарына кечирим берет.
26.Жакын туугандарыңарга, кедейлерге, жолоочуларга өз акысын [17]бергиле, бирок ысырап кылбагыла.
27.Акыйкатта ысырапкорлор шайтандын достору, а шайтан өз Эгесине каапыр болгон.
28.Эгер сен (колуң жукалыктан) алардан жүз үйрүп, Эгеңден мээримдүүлүк суранып үмүттөнсөң, анда аларга жылуу-жумшак сөз сүйлө.
29.Сен жемеленип, же өкүнүп калбашың үчүн колдоруңду желкеңе байлап алба, аны жетишинче ачып да салба. [18]
30.Акыйкатта, Эгең каалагандарына ырыскыны кенен кылат жана ченеп берет. Албетте, Ал Өз пенделеринин кылгандарын Билүүчү, Көрүүчү.
31.Кедейликтен коркуп өз балдарыңарды өлтүрбөгүлө. Анткени, аларга да, силерге да ырыскыны Биз беребиз. Акыйкатта, аларды өлтүрүү чоң күнөө. [19]
32.Зинага [20]жакындабагыла, анткени ал эң ыплас, жаман жол.
33.Алла тыйуу салган эч бир жанды укуксуз түрдө [21]өлтүрбөгүлө. Эгер бирөө жазыксыз өлтүрүлсө, Биз анын жакынына (өлүк ээсине) өкүм [22]беребиз. Бирок өлтүрүү учурунда уруксат этилген чектен ашып [23]да кетпегиле, анткени ага жардам берилет.
34.Баралына келгенче, [24]ага пайда келтирүү үчүн гана болбосо, жетимдин мал-мүлкүнө жакындабагыла. Убадаңарды аткаргыла. Акыйкатта, убадаңарды аткарганыңар тууралуу жооп бересиңер.
35.Өлчөгөндө толук өлчөө менен бергиле жана туура тараза менен өлчөгүлө! Бул мыкты, ары сонун жыйынтык (болот).
36.Билбегениңдин артынан ээрчибегин. Акыйкатта кулак, көз жана жүрөк, мунун баары жооп берүүгө тартылат.
37.Жер жүзүндө менменсинип жүрбө. Анткени сен жерди теше албайсың жана тоого тең боло албайсың.
38.Мунун баары Эгеңдин алдында жек көрүлгөн жаман нерселер.
39.Мына ушу Эгеңдин сага кабар кылган даанышмандыктарынан, Алла менен бирге башка кудайларды алба, антсең жемеленип жана жек көрүлүп тозокко ташталасың.
40.Эгеңер силер үчүн уулдарды, а Өзү үчүн периштелерден кыздарды тандап алдыбы?! Силер, чынында чоң сөздү айтып жатасыңар.
41.Чынында бул Куранды насаат алуулары үчүн байан кылдык. Бирок, бул алардын акыйкаттан узактоолорун гана күчөттү.
42.Эгерде Аны менен бирге алар айткандай башка кудайлар болсо, анда алар Арштын ээсине катуу умтулмак.
43.Ал кемчиликтерден таза, алар айткан нерселерден өтө жогору.
44.Аны [25]жети асман жана жер, алардагынын бүт баарысы даңкташат. Аны аруулап, мактабай турган эч нерсе жок. Бирок силер алардын мактоолорун түшүнө албайсыңар. Акыйкатта, Ал Жумшак, Кечиримдүү.
45.Сен Куранды угуза окуганда, сени менен акыретке ишенбегендердин ортосуна көрүнбөгөн тосмону койобуз.
46.Алар түшүнбөс үчүн жүрөктөрүн жаап-чулгап салдык жана кулактарын дүлөйлүк менен бекиттик. Куранда Эгеңди бир гана деп эске алган кезиңде, алар иренжиген түрдө арттарына бурулуп кете берет.
47.Биз алар сени угуп жатканда кандай ойдо болгонун, бири-бири менен жашыруун сүйлөшүп жатышканда заалымдар: “Албетте, силер жөнөкөй эле бир кишини ээрчип жатасыңар, ал болгону сыйкырланып калган”,–дешкенин Биз жакшы билебиз.
48.Алар сен тууралуу эмне деп жатканын карап көрчү. Алар терең адашууда жана туура жолду таба алышпайт.
49.Алар: “Биз сөөк болуп, чаңга айланган соң жаңыдан кайра тирилебизби? ” – дешет.
50.“Ал турсун силер таш, же темир болуп калсаңар да,
51.же өз оюңарда андан да бөлөк бир катуурак жаратылган нерсе болсоңор да” – дегин. Анда алар: “Бизди ким кайра тирилтет?” – дешет. (Аларга): “Силерди биринчи ирет жараткан (Алла)”, - дегин. Анда алар баштарын чайкашып: “Бул качан?” дешет. “Мүмкүн бул өтө жакын”, - дегин.
52.Ал силерди чакырган ошол Күндө, силер Аны мактап жооп бересиңер. Силер аз убакыт гана болгондой [26]ойлойсуңар.
53.Пенделериме айт: “Жакшы гана (сөздөрдү) сүйлөсүн”. Акыйкатта, шайтан алардын ортолоруна кастык салат. Анткени шайтан инсандын анык душманы.
54.Эгеңер силерди эң жакшы билет. Эгер Ал кааласа силерге ырайымдуулук кылат, кааласа жазалайт. Биз сени аларга коргоочу кылып жөнөткөн жокпуз.
55.Эгең асмандардагылар менен жердегилерди жакшы билет. Пайгамбарлардын кээ бирин, кээ биринен артык кылдык. Даудга Забурду бердик.
56.“Андан [27]башка ишенгениңерди чакыргыла. Бирок аларда силерден кырсыкты кайтара турган да, же аны башкаларга оодара турган да бийлик жок”, – деп айт.
57.Алардын табынгандары [28]Эгебизге кимибиз жакын болобуз деп, (өздөрү) сыйынуу аркылуу ортомчу издешет. Мээриминен үмүт этишип, азабынан коркушат. Акыйкатта, Эгеңдин жазасынан коркуу зарыл.
58.Кыйамат күнүнө чейин Биз кыйратпай турган, же катуу жазага тартпаган бир да калаа болбойт. Булар Китепте [29]жазылуу.
59.Биздин белгилерибизди [30]жибербегенибиз, мурунку коомдор аларды жалганга чыгарганы үчүн гана болду. Ошондой көрүнөө далил катары Самуддарга төө жибердик. Бирок алар зулумдук кылып (өлтүрүштү). Биз белгилерибизди коркутуу үчүн гана жөнөтөбүз.
60.Бир кезде Биз сага: “Чынында, Эгең адамдарды камтып алган”, – деген элек. Сага [31]көрсөткөндү жана Куранда каргалган даракты [32]Биз адамдар үчүн сыноо кылдык. Аларды коркутуубуз, алардын адашуусун гана күчөтөт.
61.Биз периштелерге: “Адамга сежде кылгыла!” – дедик. Ошондо Иблистен башкасы сежде кылышты. Иблис мындай деди: “Сен топурактан жаратканга сежде кылмак белем?!
62.Кабарлачы: Менден көбүрөөк ардактаганың ушулбу? [33]Эгер Сен мага кайра тирилчү Күнгө чейин мөөнөт берсең, алардын урпактарынын азыраагынан башкасынын баарысын азгыраар элем.”
63.(Алла) айтты: “Жогол мындан! Ким сенин артыңан ээрчисе, [34]анда силердин жазаңар – жазасы мол тозок!”
64.Алардын ичинен күчүң жеткендерин үнүң [35]менен азгырып кыйроого алып бар, аларга каршы атчан да, жөө да чык. Мал-мүлкүнө, бала-чакаларына орток бол [36]жана аларга убадаларды бер”. Бирок, шайтан убада кылгандардын баары болгону азгырык гана!
65.“Менин чыныгы пенделеримдин [37]үстүнөн сен укук-бийликке ээ боло албайсың. Эгең жетиштүү коргоочу”.
66.Эгеңер Анын кеңчилигинен насибиңерди табууңар үчүн деңиздерде кемелерди сүздүрөт. Ал акыйкатта, силерге Мээримдүү.
67.Силерге деңизден кырсык жеткен кезде, анда силер Андан башкага табынганыңарды унутасыңар. Качан Ал силерди куткарып, кургакка чыгарганда, терс буруласыңар. Чынында, инсан шүгүр кылбайт.
68.Ал силерди жерге жуткурбайт деп, же силерге таштан жаан жаадырбайт деп ишенесиңерби? Анан силерге коргоочу боло турган эч кимди таба албайсыңар.
69.Же болбосо, силерди артка кайтарып жана силерге кыйраткыч бороонду жөнөтүп, силерди каапырдыгыңар үчүн чөктүрүп салбастыгына көзүңөр жетеби? Мында силер Бизден өзүңөргө жардам кыла турган эч кимди таппайсыңар.
70.Биз адам балдарын артык кылдык. Аларды кургакта жана деңизде жүргүздүк. Аларга жакшы ырыскыларды бердик жана аларды Биздин жараткандарыбыздан бөлүп (беделин) көтөрдүк.
71.Бардык элдерди өздөрүнүн жетекчилери менен чакыра турган күндү эсте. Алардын амал китептери оң колунан берилгендери аны окушат жана аларга кымындай да заалымдык көргөзүлбөйт.
72.Ким бул дүйнөдө сокур [38]болсо, акыретте да сокур жана жолдон адашкан болот.
73.Алар Биз сага айан берип ачкандардан сен Биз тууралуу бир нерселерди ойлоп табууң үчүн сени аз эле жерден артка кайтара албай калышты. [39]Эгерде антишсе, алар сени дос кылып алышаар эле.
74.Эгер Биз сени бекемдебесек, анда сен алар тарапка бир аз ыктоого жакындадың эле.
75.Эгер андай болсо сени бул дүйнөдө да, тиги дүйнөдө да эки эсе жазага тартат элек, анда сен Бизге каршы өзүңө жардам бере турган эч кимди тапмак эмессиң!
76.Алар сени кысмакка алып, жериңден (Меккеден) чыгарып ийе жаздашты. Бирок, алар анда өтө аз убакыт гана турар эле.
77.Биз сенден мурун да ушундай жол менен элчилерибизди жөнөткөнбүз. Биздин жолубуздан өзгөртүүнү таппайсың.
78.Түш оогондон кийин түн утурлап намазга жыгыл. Ошондой эле таң Куранын (намазын) оку. [40]Акыйкатта, таң намазы күбөлөнгөн [41]болот.
79.Эгең сени мактоого татыктуу орунга тургузуу үчүн түнкү уйкуңдан туруп, ыктыйардуу намаздарыңды [42]оку.
80.“Оо, Эгем! Мени киришимди [43]да чындык менен, чыгышымды [44]да чындык менен жасай көр! Өзүң тараптан бекем жардам бер”, – дегин.
81.“Акыйкат келди, жалган [45]жоголду. Албетте, жалган жок болуучу”, – дегин.
82.Биз Куранды момундарга шыпаа, мээримдүүлүк (болсун) үчүн жөнөттүк, а каапырлар үчүн – зыйанды гана арттырат.
83.Биз инсанга жакшылыктарды бергенде, ал жүз үйрүйт да терс бурулат. А ага кайгы-кырсык жеткен кезде, ал терең үмүтсүздүккө батат.
84.“Баарысы өз жолунда иш кылат. Бирок Эгеңер ким туура жолдо экендигин жакшы билет”, – дегин.
85.Алар сенден рух [46]жөнүндө сурашат. “Рух Эгеме таандык иштерден. Силерге азыраак гана илим берилген”, – деп айт.
86.Эгерде кааласак, сага түшүргөн кабарларыбызды кайта өчүрүп, кетирип койобуз. Анда сен Бизге каршы коргоочуну таба албас элең.
87.Эгеңдин мээримдүүлүгүнөн гана (табасың). Акыйкатта, Анын ырайымдуулугу өтө зор.
88.“Эгерде бардык адамдар жана жиндер чогулуп алышып Куранга окшогон нерсени жаратууга аракет кылса да, ал турсун бири-бирине жардам кылышканда да эч качан ага окшогон нерсени жарата албас эле”, – дегин.
89.Биз адамдар үчүн бул Куранда ар түрдүү мисалдарды келтирип түшүндүрдүк. Ошондо да адамдардын көбү баш тартып, каапырлыкты тутунушат.
90.Алар: “Сен бизге бул жерден булак чыгарып бермейинче такыр ишенбейбиз”, – дешти.
91.“Же курмадан, жүзүмдөн багың болсун. Ошондо алардын арасынан мол сууну агызып койорсуң”.
92.“Өзүң кабарлагандай асманды кесик-кесик кылып үстүбүзгө түшүрөрсүң, же Алланы, Анын периштелерин бетме-бет келтирерсиң”.
93.“Же болбосо алтындан үйүң болсун. Же асманга чыгарсың. Анда да бизге окуй турган бир Китеп түшүрмөйүнчө, асманга чыкканыңа да такыр ишенбейбиз” – дешти. “Эгемди аруулайм! Мен тек гана жөнөтүлгөн элчи адаммын”, – дегин.
94.Аларга туура жол келгенде, адамдарды ыймандан токтоткон нерсе, ал алардын: “Чын эле Алла адамды элчи кылдыбы?” – деп бири-бирине айткандары болду.
95.“Эгерде периштелер жер үстү менен жай баракат [47]жүрө турган болгондо, анда Биз аларга элчи кылып, периште жөнөткөн болоор элек” – дегин.
96.“Мени менен силердин ортобузда Алла жетиштүү күбө. Ал Өз пенделерин Билүүчү, Көрүүчү.
97.Алла кимди жетектесе, ал туура жолдо. Ал кимди туура жолдон тайдырса, алар үчүн Андан башка коргоочуну эч качан таба албайсың. Биз аларды Кыйамат күнү жүздөрү шүмүрөйгөн, сокур, дүлөй, дудук түрдө чогултабыз. [48]Алардын жайлары тозок (болот).Качананынжалыны өчкөнү калганда,Биз аны (кайра) күчөтөбүз.
98.Бул алардын Биздин айаттарыбызга ишенбегендиктери жана: “Биз качан сөөккө айланып чирип бүткөн кезде жаңыдан тирилмекпизби? ” - дешкени үчүн көрсөтүлгөн жаза.
99.Алар чын эле асмандар менен жерди жараткандыгын, аларга окшошторду жаратууга кудуреттүү экендигин көрүшпөйбү? Ал аларга мөөнөт берди, анда эч бир шек жок. Бирок бузукулар баарын четке кагышып, каапырлыкты карманышат.
100.Эгер силер Эгемдин мээримдүүлүк казынасына ээ болсоңор, анда силерде ал түгөнөт деген кооптонуу болор эле. Анткени инсан өтө сараң.
101.Биз Мусага тогуз айкын далилдерди бердик. Исраил урпактарынан ал аларга келгенин, Фараон ага: “Эй Муса! Мен сени сыйкырланган деп ойлоймун”, - дегенин сура.
102.Ал (Фараонго): “Сен мунун баары далил иретинде, асмандар менен жердин Эгесинен гана келгенин жакшы билесиң. Эй, Фараон, сени кыйроого кабыласың деп ойлоймун”, - деген эле.
103.Ал алардын бул жерден чыгып кетүүсүн каалаган. Бирок, Биз аны жана аны менен бирге болгондордун баарын сууга чөктүрдүк.
104.Биз андан соң Исраил урпактарына: “Бул жерде жашай бергиле. Келечек жашооңордо мөөнөт жеткен кезде Биз бүт баарыңды жыйнап алабыз” – дедик.
105.Биз аны [49]чындык менен түшүрдүк. Ал чындык боюнча түштү. Сени Биз жакшы кабар угузуучу жана эскертүүчү кылып гана жөнөттүк.
106.Биз Куранды сен адамдарга шашпай окуп берүүң үчүн (аз- аздан) бөлүп түшүрдүк.
107.Силер ага [50]ишенесиңерби, ишенбейсиңерби баары бир мурун илим алгандар аларга [51](Куран) окуп берилген кезде эт-бети менен сеждеге жыгылышат [52].
108.Алар: “Эгебизди аруулайбыз! Акыйкатта, Эгебиздин берген убадалары аткарылат”, – дешет.
109.Алар ыйлап, эт-беттери менен жыгылат. Аларга бул коркууну арттырат.
110.“Аны Алла, же Рахман деп кандай гана ысымдар менен атабагын, эң мыкты (ал) аттар Ага гана жарашат”, – дегин. Намазды үнүңдү өтө катуу чыгарып да, акырын да эмес [53], орточо жаса!
111.“Аллага мактоо! Ал эч качан Өзүнө уул алган [54]эмес жана Өз бийлигинде шериги да жок. Аны басынтуудан коргоп калуу үчүн эч кандай коргоочунун да кереги жок”, – дегин. Аны дал ушинтип жетээрлик улукта!

Кай жерде болбо, ар дайым, ар качан, туболукко журогумдо жашайсын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#26 Пользователь офлайн   vankuver   17 Март 2014 - 03:27

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 080
  • Катталган: 05 Июль 13
  • Соңку аракети: 05 Мар 2015 01:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:планета Кыргызстан

Кахф 18-сүрөөсү
.
18 –сүрө «КАХФ [1]»
Меккеде түшкөн. Жүз он айаттан турат.
Мээримдүү,Ырайымдуу Алланынатыменен!
.
1.Өз пендесине [2]Китепти [3]түшүргөн жана аны [4]эч бир кемчиликсиз кылган Аллага мактоо!
2.Катуу азапты эскертүү жана жакшы амалдарды [5]жасаган момундарга жакшы сыйлык бар экенин сүйүнчүлөө үчүн Анын [6]алдынан түз абалда (түшкөн).
3.Алар [7]Бейиште түбөлүк турушат.
4.Ошондой эле, «Алланын баласы бар [8]», – дегендерге [9]да эскертүү үчүн түшүрүлдү.
5.Алардын өздөрүндө да, ата-бабаларында [10]да маалымат жок. (Алардын) оозунан чыккан сөз абдан чоң (күнөө). Чындыгында, алар [11]жалганды гана сүйлөшөт.
6. [12]Эми алар бул Куранга ишенбесе, аларга абдан кейип, өзүңдү жок кылып жибергиң келет.
7.Биз адам баласынын кимиси жакшы амалдарды жасаарын сыноо максатында жер үстүндөгү нерселерди – жердин көркү кылып койдук.
8.Албетте, Биз жер бетиндеги бардык нерселерди өнүмсүз [13]топуракка айландырабыз.
9. [14]Үңкүрдөгүлөр менен (аттары) жазылган тактайды таң калаарлык белгилерден [15]деп ойлодуңбу [16]?
10.Ошол учурда жигиттер үңкүргө бекиништи да: «Оо, Эгебиз! Бизге Өз алдыңдан ырайым ырооло! Биз үчүн бул ишибизде [17]туура жол көрсөт!» – дешти.
11.Ошондо алардын кулактарын узак жылдар бойу парда менен тосуп койдук [18].
12.Кийин, эки тараптын [19]кайсынысы алардын жаткан мезгилин (так) эсептегендигин аныктоо үчүн аларды ойготтук.
13.Биз сага [20]алардын кабарын чындык түрүндө байан кылабыз. Алар Эгелерине [21]чыныгы ишенген жигиттер болчу, ошентсе да алардын такыбалыктарын арттырып койдук.
14.Алардын жүрөктөрүн бекемдедик. Ошол убакытта алар тике туруп: «Биздин Эгебиз – асмандар менен жердин да Эгеси! Андан башка кудайга эч качан жалбарбайбыз. Андай кылсак, анда биз чектен абдан ашкан болобуз.
15.Мына, элибиз Алладан башканы кудай тутунуп алышты. Бирок алар ага [22]байланыштуу даана далил да келтире алышкан жок. Аллага жалган жалаа жапкан [23]адамдан да ашкан заалым барбы?!», – дешти.
16.(Алар өз ара): «Адашкан элден да, алардын Алладан башка сыйынгандарынан да жүз буруп, үңкүргө бекингиле! Алла ырайымын чачсын. Ошентип, биздин ишибизге оңойлук буйрусун, – дешти.
17. [24]Күн чыккан мезгилде [25]үңкүрлөрүнүн оң жагынан эңкейип [26], күн батып баратып аларды сол жакта калтырганын [27]көрмөксүң. Алар үңкүрдүн кенен жеринде (уктап жатышты). Бул – Алланын белгилеринен. Алла кимди түзөсө, ошол – Туура Жолдо. Ал кимди адаштырса, анда ага эч бир жардамчы да,туура жолго баштоочу датаба албайсың.
18.Аларды [28]ойгоо жатышат деп ойлойсуң. Чындыгында алар уктап жатышкан эле. Аларды оңго, солго оодарып турдук [29]. Ити эки бутун жазданган бойунча босогодо (жатты). Эгер аларды [30]көргөн болсоң, алардан [31]ичиңе коркунуч толуп, бурулуп качмаксың.
19.Ошентип, алар бири-биринен сурашсын деп ойготтук. Алардын бири: «Канча убакыт [32]жаттык?! » – деп сурады. (Экинчиси): «Бир күн жежарым эле күн(уктап калыппыз)» – дешти. (үчүнчүсү): «Канча убакыт жатканыңарды Эгебиз [33]мыкты билет. Мынабул акчалар менен бирөөбүздү шаарга жиберели. Тамактардын кайсынысы адал болсо ошонусун (сатып) алып, кайра келсин. Бирок этийат болуп эч кимге сездирбесин», – дешти [34].
20.«Анткени, эгер шаар калкы силер тууралуу билип калса, таш бараңга алышат, же болбосо өз диндерине кайтарышат. Андай болсо [35]эч качан кутула албайсыңар» – дешти.
21.Ошентип, Алла Өз убадасынын чындыгын, Кыйаматтын шексиздигин адамдарга туйунтуу үчүн аларга (элге) маалым кылды [36]. Ошол кезде алар [37]– тигилер [38]жөнүндө талашып жатышты. Кээ бирөөлөрү: «Алардын үстүнө үй салуу керек [39]», – деди. Алардын [40]жетекчилери болсо: «Ырасында, булардын үстүнө мечит куруп алалы» – дешти.
22.(Айрымдар): «Алар үчөө, төртүнчүсү ити болчу», – дешсе, кээ бирөөлөр: «Алар бешөө, алтынчысыити болчу», – дешти. Ал эми башкалары: «Алар жетөө, сегизинчиси ити», ­ – деди. [41]«Алардын санын Эгем жакшы билет. Адамдардын өтө азы гана [42]билет», – дегин. Ошол үчүн алар жөнүндөөтө тереңталашып, алар тууралу эч бирөөдөнмаалымат сураба.
23. [43]Эч нерсени: «Ушуну эртең жасаймын! » – деп айтпа.
24.«Алла кааласа (жасаймын)» – дегин. Эгер [44]унутуп калсаң, Эгеңди эстээриң менен: «Эгем мени мындан да тууралыкка жакырыраак жолго салууңдан үмүткөрмүн», – деп айткын [45].
25.Алар [46]үңкүрдө үч жүз жыл жатышты. Дагы тогуз жыл кошулду [47].
26. [48]«Алардын канча жатканын Алла жакшы билет. Асмандар менен жердеги кайып-сырларды билүү Ага ганатаандык. Ал – Көрүүчү, Кабардар! Аларга Алладан башка бир да көмөкчү жок. Ал өз өкүмүнө эч кимди шерик кылбайт», – деп айткын.
27.Эгеңдин Китебинен сага түшүрүлгөндөрдү окуп бергин. Анын [49]Сөздөрүн алмаштыруучу жок [50]. [51]Андан башка баш калкалаар жай да таба албайсыңар.
28. [52]Эгеңерге таңда жана кечинде, Анын ыраазылыгын эңсеп жалбаргандар менен чогуу өзүң да сабыр кыл.Бул дүйнө тиричилигинин жыргалын каалап, көздөрүңдү (мусулмандардан) башкага [53]бурба.Анткени Биз жүрөктөрүн Бизди эстөөдөн капарсыз кылып койгон жана өз кумарданууларын гана ээрчиген, иши чектен ашкан адамдарга баш ийбе.
29.“Бул Акыйкат (Куран) – Эгеңерден (түшкөн)!” – деп айткын. Ошондон кийин ким кааласа (Аллага) ишенсин, ким кааласа каапыр болсун. Чындыгында, Биз заалымдар үчүн дубалдары курчап ала турган Тозок отун дайардап койгонбуз. Эгер алар суу сурап жалбарса, майдын калдыгы сыйактуу, беттерди куйкалап кетүүчү суу берилет. Ал кандай гана жаман суусундук жана ал жер – кандай гана жаман жер!
30.Ыйман келтирип, жакшы иштерди жасагандардын жана сооптуу амалдарды кылгандардын мээнетин текке кетирбейбиз.
31.Мына ошолор үчүн алдынан дарыйалар агып турган Адн (аттуу) Бейиш бар. Алар анда алтындан жасалган билериктер менен жасанышат. Алар калың жана жука жашыл жибектен кийимдерди кийишет да, мамыктарга сүйөнүп олтурушат. Бул – кандай улуу сыйлык жана кандай сонун жай!
32. [54]Аларга эки адамдын мисалын байан кылып бер: “Бирөөсүнө жүзүмдөрдөн эки бак жасадык. Ал эки бактын аралыгын курма дарактары менен курчап (койдук). Ошол эки бактын аралыгын эгинзар кылдык.
33.Эки бак тең жемиштерин берди. Андан эч нерсе кемитилген жок. Ортолорунан булак агызып койдук.
34.Анын (эки бактан түшкөн) мөмөлөрү бар эле. Ошондо ал жолдошу менен сүйлөшүп жатып (мактанды): “Мен сага караганда мал-мүлк жагынан молчулукта, баш (бала-чака) жагынан да үстөмдүүлүк кылам” [55].
35.Ал (каапыр) ошентип, өзүнө зулумдук кылган тейде бакчасына кирди да: “Мунумдун жок болуп кетүүсү ойума да келбейт [56].
36.Анын үстүнө Кыйаматтын болорун да ойлобоймун [57], Эгер чындап эле Жаратканга кайта турган болсом, мындан да жакшы жерди (ал жактан да) сөзсүз табам”, – деди.
37.Жолдошу ага жооп берип: “Сени (оболу) топурактан, андан кийин бир тамчы суудан жаратып, анан келбет берип адам кылган Аллага каапырлык кыласыңбы?
38.Менин Эгем – Алла. Эгеме эч кимди шерик кылбаймын! ”, – деди.
39.Өз багыңа кирген убагыңда эмне үчүн: “Эгер азыр мени мал-мүлк жана бала жагынан өзүңдөн кем көрсөң да, бул – Алланын каалоосу. Алладан башка эч бир кубат жок!
40.Эгемдин мага сенин багыңдан жакшыраагын бериши, сеникинин үстүнө көктөн апаат (чагылган) жиберип, тептегиз какыр топуракка айлантышы мүмкүн.
41.Болбосо багыңдын суусу тартылып, аны эч качан издеп таба албай каласың”, – деп айтканың жок?
42.Анан анын жемиштери жок болуп [58], чатыры бузулуп, бош калган багына сарптаган нерселерине [59]өкүнүп, ал эки алаканын укалай баштады да: “Аттиң! Эгеме эч кимди шерик кошпосом болмок экен”, – деди.
43.Ага Алладан башка жардам берээр бир да тайпа жок. Ал тургай өзүнө (өзү) да жардам бере албайт.
44.Анткени чыныгы жардам – Аллага гана таандык! Ал – сыйлык берүүнүн мыктысы жана натыйжа чыгаруу жагынан да эң жакшысы.
45. [60]Аларга бул дүйнө тиричилигинен бир мисал келтир: Бул дүйнө тиричилиги – Биз асмандан жаадырган жамгыр сыйактуу. (Жамгыр жааса) жердин өсүмдүктөрү бири-бирине оролушуп, кулпуруп, анан кургак үйүндүгө айланып, андан соң шамал учуруп кеткен өңдүү... (эле бир көрүнүш). Чындыгында, Алла бардык нерсеге Кудуреттүү!
46.Мал-мүлк менен бала-чакалар – дүйнө тиричилигинин (гана) көркү. Ал эми түбөлүк кала турган жакшылыктар болсо – Эгеңдин алдында. Жакшы иштер – сыйлык жагынан да, үмүт жагынан да мыкты.
47.Кыйамат Күнү тоолорду козгойбуз да, жердин тептегиз болгонун көрөсүң. Алардын [61]баарын, эч кимисин калтырбай жыйнайбыз.
48.Алар Эгесинин алдына катар-катар болуп алып келинет. Аларга: “Оболу кандай жараткан болсок, ошол кейипте (жылаңач) келдиңер. Силерге убадаланган мөөнөт берилбейт [62]деп ойлогонсуңар” (– деп айтылат).
49.(Ар бир адамга) амал дептери койулат. Ошондо каапырлардын андан коркконун көрөсүң. Алар: “О, азаптуу күн! Бизге кандай өкүнүч (камдалган). Мына (амал) китепте кичинени да, чоңду да калтырбай тизмелептир! ” – дешет. Ошондо алар (өздөрү) жасагандарды өз алдынан табышат [63]. Бирок Эгең эч кимге адилетсиздик кылбайт [64].
50. [65]Ошол убакта [66]периштелерге: “ Адамга сежде кылгыла!” – деген элек. Иблистен [67]башка бардык периштелер сежде кылышты. Жалындан жаратылган ал Эгесинин буйругунан (аткаруудан) баш тартты. Эми Менден башка [68]аны [69]жана анын урпактарын дос тутасыңарбы? ! [70]Алар [71]– силерге душман! [72]Заалымдар үчүн кандай жаман өзгөрүш!
51.Мен асмандар менен жерди жаратканда жана алардын (шайтандардын) өздөрүн жараткан кезде – аларга муктаждыктан жараткан эмесмин. Азгыруучуларды [73]көмөкчү да кылган эмесмин [74].
52.Кыйамат Күнү – Алла (каапырларга): “Өзүңөрдүн Мага шерик деп ойлогонуңарды чакыргыла! ”, – деп буйурат. Ошондо аларды [75]чакырышат. Бирок алар (сөлөкөттөр) аларга жооп беришпейт [76]. Ошондуктан алардын ортолоруна бир азап өрөөнүн жасайбыз.
53.Күнөөкөрлөр Тозоктун отун көрүп, ошондо ага өздөрү түшө турганын билишет. Бирок андан бурулар [77]жер таба алышпайт!
54.Чындыгында, ушул Куранда адам баласы үчүн бардык нерсени ачык-айрым байандадык. Бирок адам баласы көп нерселерде жаңжалчыл [78].
55.Адам баласына туура (сүйлөгөн) жетекчи [79]келсе, алардын ыйман келтирүүлөрүнө, Эгелеринен кечирим суроолоруна кедерги болгон нерсе бул – мурункуларга келген апааттардын өздөрүнө да жетишин [80]же көрүнөө азаптын өздөрүнүн дал алдына келишин [81]каалагандыктары болгон.
56.Чындыгында, элчилерди [82] [83]кубандыруучу жана [84]эскертүүчу кылып жибердик. (Бирок), каапырлар (тамыры) бош, жараксыз нерселер [85]аркылуу чындыкты [86]жокко чыгарууга аракет кылышат. Ошондуктан Менин айаттарымды жана эскерткен нерселеримди келеке кылышат.
57.Эгеңердин айаттары аркылуу үгүттөлүп, андан жүз үйрүгөн жана мурунку өз колу менен жасагандарын унуткан кишиден да заалымыраак ким бар? Чындыгында, алардын жүрөктөрүнө аны түшүнбөй турган тосмону жана кулактарына кереңдикти пайда кылдык. Аларды тууралыкка чакырсаң да эч качан (ал) жолго келишпейт.
58.Эгең – Кечиримдүү, Ырайымдуу. Эгер аларды өз кылыктарынан улам азапка сала турган болсо, албетте, аларга азапты тездетмек. Алар үчүн белгилүү бир мөөнөт бар. Ошондо алар Алладан башка баш калкалар жай таппай калышат.
59.Алар зулумдук кылган кезде ошол [87]шаарларды (дароо) жок кылмак. (Бирок) алардын жок кылынышы үчүн да бир мөөнөт белгиледик.
60. [88]Ошол убакытта Муса жардамчысына: “Эки деңиздин кошулган жерине жетмейинче канчалаган узак жылдар өтсө да токтобоймун”, – деди.
61.Экөө [89]эки деңиз куйган жерге жеткен кезде балыктарын унутушту. Ошондо балык ыргып чыгып, деңизди жиреп жөнөдү.
62.Экөө илгерилеп бараткан кезде Муса жардамчысына: “Азыгыбызды алып келчи [90], ырасында, сапарда чарчадык”, – деди.
63.“Ташка (олтуруп) дем алган жерде балыкты унутуп калыпмын. Мага аны айтууну шайтан унуттурган экен. Ал [91]таң калыштуу түрдө деңизге жол алган болчу”, – деди.
64.(Муса:) “Мына, издегенибиз ушу болчу”, – деп, экөө (келген) издери менен ээрчишип кайра кайтышты.
65.Ошондо экөө, Биз тараптан жакшылык берилип, Өз алдыбыздан илим берилген пенделерибизден бир пендени табышты.
66.Муса ага: “Сага үйрөтүлгөн дааналыктан мага да үйрөтүүң үчүн сени ээрчисем болобу?” – деп сурады.
67.(Ал:) “Чындыгында, сен мени менен бирге болгонго чыдай албайсың.
68.Ички сырын билбеген нерсеге кантип чыдай аласың?”, – деди.
69.(Муса:) “Алла кааласа, мени сабырдуу табарсың [92]. Ошондуктан сага эч бир иште каршы чыкпаймын”, – деди.
70.(Ал:) “Эгер мага кошулсаң, сага (мен өзүм) айтып бермейинче, менден эч нерсе сураба”, – деди.
71.Ошентип экөө жолго чыгышты да, кемеге түшүп [93], аны теше баштады. Муса: “Кемедегилерди сууга чөктүрүү үчүн тештиңби? Чындыгында орунсуз иш кылдың”, – деди.
72.(Ал:) “Мен сага мени менен бирге эч качан сабыр кыла албайсың дебедим беле?”, – деди.
73.(Муса:) “Унутканым себептүү мени жазалаба. Менин ишимди оорлотпо”, – деди.
74.Экөө дагы жолго чыгышып, бир уул бала жолукту эле, (ал) аны өлтүрүп салды. (Муса:) “Адам өлтүрбөгөн жазыксыз эле бирөөнү өлтүрдүңбү? Чындыгында, жаман иш кылдың”, – деди.
75.(Ал): «Сен мени менен бирге жүрүүгө эч качан чыдай албайсың дебедим беле?»­­­­­– деди.
76.“Эгер мындан кийин да бир нерсе сурасам, мени такыр жолдош кылба. Чындыгында, менден сага жакшы шылтоо табылды”, – деди.
77.Ошондо экөө дагы жол жүрүп, бир шаардын калкына барышып, тургундарынан тамак сурашты. Алар экөөсүн конок кылуудан баш тартышты. Анан экөө ошол жедеги жыгыла турган дубалды көрүшүп, аны ал тикеледи [94]. (Муса:) “Эгер кааласаң буга эмгек акы алсаң болоор эле”, – деди.
78.(Ал) “Мына ушул – мени менен сенин айрылышыбыз. Эми сага сен сабыр кыла албаган нерселериңдин сырын айтайын”, – деди.
79.(Ал:) “Кеме – деңизде [95]тиричилик кылган жакыр адамдардыкы болчу. Аны мен жараксыз кылгым келгенинин себеби: анын артынан ар бир (мыкты) кемени тартып алып туруучу падыша (кууп) келе жаткан.
80.А (тигил) баланын болсо, момун ата-энеси бар эле. Ал [96]ата-энесин (ыймандан) баш тартууга, каапырлыкка зордоосунан корктук.
81.Эгеси анын ордуна өздөрүнө андан дагы таза, андан да мээримдүү бала берүүсүн кааладык.
82.Ал эми (тамдын) дубалы болсо, ошол шаардагы эки жетим балага таандык болуп, анын астында ал экөөсүнө тиешелүү казына бар эле. Алардын ата-энеси жакшы киши болгондуктан Эгең, ал экөөнүн эрезеге жетип, ошол казынаны чыгарып алуусун каалады. Бул – Эгеңдин бир жакшылыгы болчу. Ошондуктан муну [97]мен өзүм билгендей эле жасап салганым жок. Мына ушулар – сенин сабыр кыла албаган иштериңдин чечмелениши”, – деди.
83.(Эй, Мухаммед! ) Алар сенден Зулкарнайн тууралуу [98]сурашат. (Сен:) “Силерге анын жайын түшүндүрөйүн”, – деп айт.
84.Чындыгында, (Биз) Зулкарнайнды жер жүзүндө күчкө ээ кылдык. Ага ар бир иште жеңилдик бердик.
85.Ал да бир жолго түштү. [99]
86.Акыры [100], ал күн баткан чөлкөмгө жеткенде, аны (күндү) кара балчыктуу булакка баткан түрдө көрдү [101]. Анын алдында бир элге кез келди. (Биз:) “Эй, Зулкарнайн! Каласаң ал элди азаптаарсың, болбосо аларга жакшылык кылаарсың”, – дедик.
87.(Зулкарнайн) аларга: “ Эми ким зулумдук кылса, аны жазалайбыз. Ал [102]Эгесине [103]кайтат. Эгеси (мындан да) катуу жаза берет”, – деди.
88.Ал эми ким ыйман келтирип, жакшы иштерди жасаса, ага жакшы сыйлык бар. Ошондуктан ишибизди жеңил кылууну айтабыз.
89.Андан кийин ал дагы [104]жолго түштү.
90.Акыры [105]күн чыга турган жерге жеткенде, анын (күндүн) бир элдин үстүнөн чыкканын көрдү [106]. Ал элге күндүн алдынан парда жасабаган элек [107].
91.Ушундай болчу. Чындыгында анын эмне иш кылганын толук билебиз.
92.Андан кийин да бир жолго түштү [108].
93.Эки тоонун ортосуна жеткен кезде, сөздү түшүнө албай турган бир элге кездешти.
94.Алар: “Эй, Зулкарнайн! Йажууж, Мажууж деген эл бул жерде бузукулук кылууда. Сага төлөм берсек, алар менен биздин ортобузга бир бөгөт жасайсыңбы? ” – дешти.
95.Зулкарнайн: “Эгемдин мага бергени жетиштүү. Силер мага күчтөн көмөк кылгыла да, мен силер менен алардын ортосуна бөгөт жасайын”, – деди.
96.(Анан:) “Мага темир кесиндилерин алып келгиле”, – деди. Эки тоонун эки тарабы [109]теңелген кезде: “Көөрүктөгүлө! ”, – деди. Ал кызыган маалда: “Мага ээриген жез алып келгиле, үстүнө куйайын”, – деди.
97.Ошондо алар [110]өтө да, теше да алышкан жок.
98.(Зулкарнайн:) «Бул – Эгемдин ырайымы. Эгемдин убадасы (Кыйамат) келген кезде, аны жер менен жексен кылат. Анткени, Эгемдин убадасы – акыйкат [111]!(деди).
99.Кыйамат Күнү аларды бири-бирине кошулган түрдө жөн койобуз да, сурнай чалынганда, аларды толук жыйнайбыз.
100.Ал күнү Тозокту каапырларга анык көрсөтөбүз.
101.Алар (Менин) насаатымдан көздөрү пардалуу жана кулактары такыр уга албай тургандар.
102.Каапырлар Мени эмес, (Менин) пенделеримди кудай кылып алышабы [112]? Чындыгында, Тозокту каапырларга конок үй кылып дайардап койдук.
103. [113]«Силерге кылган ишинен улам зыйанга учуроочулар ким экенин айтып берейинби?», – дегин.
104.Алар дүйнөдөгү аракеттери текке кеткендер [114]. (Бирок) алар өздөрү: «Чындыгында жакшы иш кылып жатабыз»,–деп ойлошот.
105.Мына ошолор Эгелеринин айаттарына жана Эгесине жогугууну жокко чыгаргандар. Ошондуктан алардын амалдары жок болот [115]. Кыйамат Күнү аларга эч нерсе бербейбиз.
106.Алар каршы чыгып, айаттарыбызды, элчилерибизди келеке кылгандыгы үчүн жазалары – Тозок (болот).
107.Чындыгында, ыйман келтирип, жакшы иштерди кылгандар үчүн Фирдаус [116]бактары – конок үй болот.
108.Алар анда түбөлүккө калышат да, ал жерден которулууну такыр каалашпайт.
109. [117]”Эгер Эгеңдин сөздөрүн (жазуу) үчүн деңиз сыйага айланса, ага дагы бир ошончону [118]кошсок, чындыгында, Эгеңдин сөзү түгөнгөндөн мурда, деңиздер түгөнмөк” – деп айт.
110.“Чындыгында, мен деле силер сыйактуу адаммын. Мага силердин кудайыңар бир гана Кудай (Алла) экени кабардалууда. Ким Эгесине жолугууну үмүт кылса, анда ал жакшы амалдарды [119]жасап, Эгесине жасаган ибадаттарында Ага эч кимди шерик кошпосун!”, – деп айткын.

Кай жерде болбо, ар дайым, ар качан, туболукко журогумдо жашайсын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#27 Пользователь офлайн   vankuver   17 Март 2014 - 03:28

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 080
  • Катталган: 05 Июль 13
  • Соңку аракети: 05 Мар 2015 01:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:планета Кыргызстан

Марям 19-сүрөөсү
.
19-сүрө «МАРЙАМ»
Мединада түшүрүлгөн. Токсон сегиз айаттан турат.
Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен!
.
1.Каф,Ха, Йа,`Айн, Сод [1].
2.(Бул) Эгесинин өз пендеси Закарийага ырайымы (жөнүндө) эскерме.
3.Ал Эгесине купуйа үн менен жалбарган эле:
4.“Эгем! Менин сөөктөрүм бошоду, чачтарым агарды. Бирок менин Сага кылган тилектерим кабыл болбой калчу эмес эле.
5.Мен өзүмдөн кийинки жакындарымдан [2]коркомун. Менин жубайым төрөбөс. Антсе да, мага өз тарабыңдан бир перзент бере көр!
6.Ал мага жана Йакуп урпактарына да мураскор болсун. Эгем, аны Өз ыраазылыгыңа бөлө.”
7.Эй Закарийа! Биз сени уулдуу боло тургандыгың жөнүндө сүйүнчүлөйбүз, анын аты Йахйа болот, мындай ат менен мурун эч кимди атаган эмеспиз.
8.Ал [3]: “Эгем! Менин айалым төрөбөсө, а мен өзүм карып калсам, кантип балалуу боломун?” - деди.
9.Ошондо Ал [4]: “Бул ушундай. Эгең үчүн бул өтө эле жеңил. Анткени, сен эч нерсе эмес экениңде сени жараткам”, – деди.
10.(Закарийа): “Эгем! Мага бир белги бер”, – деди. Ал: “Себепсиз үч түн бойу эл менен сүйлөшө албай каласың, (ошол) сенин белгиң”, – деди.
11.Ошондо (Закарийа) михрабдан [5](өз) коомуна чыгып, эртели-кеч (Алланы) аруулоого чакырды.
12.“Эй Йахйа! Китепти бекем карман” деп жаш кезинен ага акылмандык берген элек.
13.Жана ага Өз алдыбыздан мээримдүүлүк, тазалык бердик. Өзү да такыба эле.
14.Ата-энесине да жакшылык кылуучу эле. Зордукчул, күнөөкөр эмес эле.
15.Андыктан туулган, өлгөн жана кайрадан тириле турган күнү ага тынчтык болсун.
16.Китептеги [6]Марйам тууралуу билдир. Ал өз жакындарынан алыстап, чыгыш тараптагы бир жайга барды.
17.Ал алардан [7]парда менен жашырынды. Биз ага Рухубузду [8]жөнөттүк. Ал анын алдына киши келбетинде келди.
18.(Марйам): “Эгер сен такыба болсоң да, мен сенден да Мээримдүүдөн коргоо издейм,” - деди.
19.Ал: “Акыйкатта, мен сага таза уул берүүгө жиберилген Эгеңдин элчисимин”, – деди.
20.(Анда Марйам): “Мага бир да эркек жакындабаса, ары мен айагы суйук да болбосом, кантип мага бала бүтсүн”, – деди.
21.(Жебрейил а.с.): “Ал ошондой”. Анткени Эгең: “Бул Мага оңой. Ал – Бизден адамдарга бир белги жана ырайым. Бул чечилген иш”, – деди.
22.Марйам ал балага кош бойлуу болуп, аны менен алысыраак бир жерге кетти.
23.Ошондо анын толгоосу келип, курма дарагынын түбүнө барды да: “Аттиң-ай! Мен мындан мурун өлүп, таптакыр эле унутулуп калсам кана”, – деди.
24.Ошондо төмөндөн үн угулду: “Кайгырбагын. Эгең сенин алдыңдан арык (суу) [9]чыгарып берет
25.Курманын бутагын өзүңө карай силк. Сага жаңы курма түшөт.”
26.Жеп, ичип – көңүлүңдү көтөр. Эгерде бир кишини көрсөң: “Акыйкатта, мен Мээримдүүгө [10]орозо кармоого сөз бергем жана бүгүн эч ким менен сүйлөшпөймүн”, – дегин.
27.Ал аны [11]колуна көтөрүп алып элине келди. Алар: “Эй, Марйам! Сен өтө чоң иш [12]алып келдиң.
28.Эй, Харундун карындашы! Сенин атаң жаман киши эмес эле, апаң бузуку эмес болучу!” – дешти.
29.Ал аны (бөбөктү) көргөздү [13]. Алар: “Биз бешиктеги бөбөк менен кантип сүйлөшмөк элек”, – дешти.
30.Ал (бала) [14]: “Акыйкатта, мен Алланын пендесимин. Ал мага китеп берди жана мени пайгамбар кылды,
31.Ал мага кут даарытты, мен кайда гана болбойун тирүү турганымда мага намаз окууга, зекет берүүгө тапшырма берди.
32.Ал мени (мүнөзү) кекирейген, күнөөкөр да эмес жана энеме ыйбаалуу кылды.
33.Андыктан, төрөлгөн, өлгөн [15]жана кайрадан тириле турган күнү мага тынчтык болот” – деди.
34.Марйам уулу Иса мына ушундай. Бул акыйкат сөз. Алар буга шектенишет.
35.Алла Өзүнө уул күтүүгө ылайык эмес. Ал (андан) аруу. Ал бир нерсени жасоону каалаганда ага: “Бол!” – деп айтары менен, ал болот да калат.
36.Акыйкатта Алла менин Эгем жана силердин да Эгеңер. Ага сыйынгыла. Туура жол мына ушул гана.
37.Алар [16]өз ара пикирлери келишпей бөлүнүшөт. Каапырларга Улуу Күн келгенде азап болсун.
38.Алар алдыбызга келген күнү: алардын угуулары жана көрүүлөрү кандай улуу! [17]Бүгүнкү заалымдар анык адашууда.
39.Ошондуктан, азыр кайдыгер болуп, ишенбегендерге бардыгы чечиле турган, катуу өкүнүч боло турган Күн тууралуу айтып эскерт.
40.Чынында, жер менен анын үстүндөгүлөрдүн баарын Биз мурастайбыз жана алар Бизге гана кайтарылат.
41.Китептеги Ибрахим тууралуу эскерт. Ал такыба-чынчыл пайгамбар эле.
42.Ал атасына айтты: “Атаке! Сен эмнеликтен көрбөй, укпай жана эч кандай пайда келтире албагандарга сыйынып жатасың?”
43.“Атаке! Мага сага келбеген илим келди. Мен сени туура жолго алып чыгуум үчүн мени ээрчи.”
44.“Атаке! Шайтанга мойун сунба. Акыйкатта, шайтан Мээримдүүгө күнөөкөр болгон.”
45.“Атаке! Акыйкатта, мен сага Мээримдүүдөн жаза келеринен жана сен шайтандын досу болуп каласыңбы деп коркомун.”
46.Ал (атасы): “Эй Ибрахим! Сен менин кудайларымды айыптап жатасыңбы? Эгер сен мунуңду токтотпосоң мен сени ташбараң кыламын. Узак убакыт менден оолак болгун”, – деди.
47.Ал: “Сага тынчтык болсун. Мен сага Эгемден кечирим сурайм. Анткени, Ал мага жакшылык кылуучу,
48.мен Алладан башка сен сыйынып жаткандардан алыстаймын жана өзүмдүн Эгеме сыйынамын. Менин кылган дубаларымды Эгем кабыл кылбай койот деп ойлобоймун”, – деди.
49.Ал алардан [18], Алланын ордуна алар сыйынып жаткандардан алыс кеткенде, Биз ага Исхакты, Йакупту берип, баарын пайгамбар кылдык.
50.Биз алардын баарына өз мээримдүүлүгүбүздү жана бийик чынчыл тилди [19]тартууладык.
51.Китептеги Мусаны эскер. Акыйкатта, ал тандалган пайгамбар жана элчи эле.
52.Биз аны Турдун [20]оң тарабынан чакырдык жана шыбырап сүйлөшүү үчүн жакындаттык.
53.Биз ага ырайым кылып, бир тууганы Харунду пайгамбар кылып бердик.
54.Китептеги Ысмайылды эскер. Ал ар дайым өз убадаларын аткарган, пайгамбар, ары элчи болгон.
55.Ал өз элине намаз окууну, зекет берүүнү буйруган жана Эгесинин мээримине татыган.
56.Китептеги Ыдрысты [21]эскер. Акыйкатта, ал чынчыл такыба элчи болгон.
57.Биз аны жогору жайга көтөрдүк.
58.Бул пайгамбарлар, Алла өз мээримдүүлүгүн көргөзгөн Адамдын жана Нух менен бирге (кемеде) ташыгандарыбыздын урпактарынан, Ибрахим менен Исраилдин урпагынан туура жол көрсөтүп, тандаган кишилерибизден. Аларга Мээримдүүнүн айаттары окулган кезде алар эт-бетинен кетип ыйлаган абалда сежде кылышат [22].
59.Бирок алардын артынан намаздарын таштаган жана өздөрүнүн кумарданууларына ээрчиген урпактар келди. Ошондуктан алар жамандыкка кабылышат, [23]
60.алардын тообо кылгандары, ыйман келтиргендери, жакшылык иштерди кылгандарынан башкалары. А алар (жакшылар) Бейишке киришет жана аларга эч кандай адилетсиздик кылынбайт.
61.(Алар) Мээримдүү, өз пенделерине көрсөтпөй туруп убада кылган, Адн [24]бейишинде (болушат). Акыйкатта, Ал убадасын сөзсүз орундоочу.
62.Алар анда тынчтыктан [25]башка маанисиз сөздөрдү угушпайт, аларга эртели-кеч ырыскылар берилип турат.
63.Бул бейишти Биз пенделерибиздин ичинен такыбаларына ыйгарабыз.
64.Биз Эгеңдин буйругу бойунча гана түшүп турабыз. Ага биздин алдыбыздагы да, артыбыздагы да жана анын да, мунун да арасындагы бүт бардыгы таандык. Эгең эч нерсени унутпайт.
65.(Ал) асмандар менен жердин жана алардын арасындагылардын Эгеси. Андыктан Ага гана сыйын, Ага ибадат [26]кылууда сабырдуу бол. Ал сыйактуу аталыш бар экенин билесиңби?! [27]
66.Инсан: “Мен өлгөндөн соң кайра жакында тирилемби?” – деп сурайт.
67.Инсан Биз аны мурун жаратканыбызды эстебейби? Ал такыр жок эмес беле?!
68.Эгеңдин атына ант! Биз аларды жана шайтандарды сөзсүз чогултабыз. Биз аларды тозоктун айланасына чөгөлөтүп [28]алып келебиз.
69.Ошондо Биз ар бир топтон Мээримдүүгө көбүрөөк каршы болгондорун (өзгөчө) терип алабыз.
70.Анткени, Биз гана ага [29]кирүүгө ким көбүрөөк ылайык экендигин жакшы билебиз.
71.Силердин ичиңерден эч ким анын [30]алдында болбой кала албайт. Бул Эгеңдин (шексиз болуучу) милдеттүү өкүмү.
72.Андан соң такыбаларды куткарабыз, а заалымдарды анда чөгөлөтүп калтырабыз.
73.Аларга айаттарыбыз ачык-айкын окулган кезде, каапырлар момундарга: “Эки топтун кайсынысы орду (бойунча) жакшы жана тобу жагынан көркөм?” – дешет.
74.Булардан мурдагы муундардан далайын жок кылдык. Алар байлык жана көрүнүштөрү жагынан булардан артык эле.
75.“Ким адашуунун жолунда болсо, аны Мээримдүү [31]аларга убада кылынган нерсе же жазалоочу саат келмейин анда (адашуусунда) мөөнөтүн узартып койот. Ошондо алар кимдердин абалы жаман экендигин жана кимдердин жардамчылары алсыз экенин билишет”, – дегин.
76.Алла кутулуу үчүн Ага умтулгандарга тууралыгын көбөйтөт. Калган жакшылыктар Эгеңдин алдында сооп жагынан да, кайтуу жагынан [32]да эң мыкты.
77.Биздин айаттарыбызга ишенбеген каапырдын: “Албетте, мага байлык менен балдар берилет”, - дегенин көрдүңбү?
78.Ал эмне кайыпты билип, же Мээримдүүдөн убада алдыбы?
79.Жок! Биз анын айткандарын сөзсүз жазып койобуз жана анын азабын күчөтөбүз.
80.Ал айткандардын баарын Биз мураска алабыз. Ал Бизге жалгыз өзү келет. [33]
81.Алар өздөрүнө Алладан башка кудайларды күч-кубат үчүн алышты. [34]
82.Ооба! Алар [35]өздөрүнө тигилердин табынгандары тууралуу эч нерсе билишпейт, (кайра) тигилердин душмандарына [36]айланат.
83.Сен чын эле Биз каапырларды күнөөгө тукуруу үчүн аларга шайтандарды жөнөткөнүбүздү көрбөдүңбү?
84.Андыктан, алардын жазасын күчөтүүгө шашылба. Алардын эсебин өзүбүз гана алабыз.
85.Ал Күндө Биз такыбаларды Мээримдүүнүн алдына расмий өкүл кылып алып келебиз.
86.Күнөөкөрлөрдү тозокко жан талаштыра айдайбыз!
87.Мээримдүүдөн келишим [37]алгандан башка эч кими колдоого ээ боло алышпайт.
88.Алар: “Мээримдүү өзүнө уул алды”, – дешкен.
89.Акыйкатта, өтө ыплас нерсени айттыңар!
90.Андан [38]асман жана жер жарылып, тоолор быркырап кетүүгө жакын калат,
91.алар Рахманга [39]бала ыроологондо [40].
92.Мээримдүү Өзүнө бала алуусу [41]ылайык эмес!
93.Асмандар менен жердегилерден ар бири Мээримдүүгө пенде абалда гана келет.
94.Ал алардын баарысын эсептеп, санын алып койгон. [42]
95.Кыйамат күнү баары жалгыз өздөрү [43]гана келишет.
96.Акыйкатта, ыймандууларга жана сооптуу иш кылгандарга Мээримдүү жакшы көрүү сезимин тартуулайт. [44]
97.Ушинтип, такыбаларга кубанычты кабарлооң жана катуу талашып жаткандарга эскертүүң үчүн Биз аны [45]сенин тилиңе жеңил кылдык.
98.Биз алардан мурун канчалаган муундарды ойрон кылдык! Сен алардан бирөөн да таппайсың, же алардын дабышын да уга албайсың!

Кай жерде болбо, ар дайым, ар качан, туболукко журогумдо жашайсын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#28 Пользователь офлайн   vankuver   17 Март 2014 - 03:30

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 080
  • Катталган: 05 Июль 13
  • Соңку аракети: 05 Мар 2015 01:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:планета Кыргызстан

Тооха 20-сүрөөсү
.
20- сүрө “Тоха [1]”
Меккеде түшкөн.Жүз отуз беш айаттан турат
Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен!
.
1.Тоо, ха [2].
2.Сага Куранды машакат тартууң үчүн түшүргөнүбүз жок.
3.Бирок (Алладан) корккон адамга насаат үчүн түшүрдүк.
4.(Курандын) түшүрүлүүсү – жер менен бийик асмандардын Жаратуучусунан.
5.Ал – Мээримдүү,Аршка ээлик кылды [3].
6.Асмандар менен жердеги жана бул экөөсүнүн ортосундагы нерселер менен топурактын астындагы нерселер – Ага [4]гана таандык.
7.Сөзүңдү ашкере [5]кылсаң…, чындыгында, Ал – сырдыда,өтөжашыруунду даБилүүчү!
8.Ал – Алла! Андан башка Кудай жок. Эңжакшы ысымдар – Ага таандык.
9. [6]Сага Мусанын байаны жеттиби [7]?
10.Ошондо ал бир от көрүп, үйбүлөсүнө: «Туруп тургула. Бир от көрдүм. Балким силерге шамана [8]алып келермин, болбосо ошол от тараптан бир жол көрсөтүүчү табармын», – деди.
11.Ал отко жеткен кезде: «Эй, Муса!», – деген үнчыкты:
12.«Чындыгында, Мен сенин Эгеңмин. Бут кийимиңди чеч. Анткени, сен касиеттүү Тувааөрөөнүндөсүң.
13.Сени тандадым. Эми, түшүрүлүүчү (айан) кабарларды тыңда.
14.Чындыгында, Мен – Алламын. Менден башка кудай жок! Ошондуктан Мага сыйын. Ошентип Мени эстөө үчүн намазды толук аткар!
15.Ар ким иштегенин акысын алуу үчүн Мен (болоор) мезгилин купуйа сактап келе жаткан Кыйамат анык келет.
16.Ошондуктан, Кыйаматка ишенбей, өз каалоолорун ээрчигендер сени (ыймандан) тоспосун. Анда жок болосуң [9]!».
17.«Эй, Муса! Оң колуңдагы эмне?»
18.Муса айтты:«Бул– тайагым. Ага тайанамын. Аны менен койлорума жалбырак кагып беремин жана анын мындан башка да пайдалары бар».
19.«Эй, Муса! Аны ташта!»
20.(Муса) аны таштады. Ошондо ал жылан болуп сойлоп жөнөдү.
21.«Аны карма. Коркпо! Оболку абалына кайтарабыз! »– деди.
22.Ал айтты:«Колуңду койнуңа кат.Оорусуз, аппак болупбашка [10]керемет болуп чыксын»
23.Бул сага чоң кереметтерибизди көрсөтүү үчүн (жасалды).
24.«Фараонго бар! Ал чектен ашкан (бузуку)»,– дедик.
25.«Эгем! Көөдөнүмдү ача көр [11]!
26.Ишимди жеңил кыл.
27.Тилимдин түйүнүнчеч,
28.алар сөзүмдү түшүнүүсүүчүн.
29.Менин үй бүлөмдөн бирөөнү мага жардамчы кыл,
30.бир тууганым Харунду.
31.Ал аркылуу мени кубатту кыл.
32.Аны иштериме шериктеш кыл,
33.биз Сени ар дайым аруулашыбыз үчүн;
34.Сени көп эстөөбүз үчүн [12].
35.Чындыгында, Сен бизди Көрүүчүсүң», – деди.
36.(Алла): «Эй, Муса!Тилегиңсага берилди!
37.Чындыгында, сага мурда да бир жакшылык кылганбыз (жана ал мындайча болгон):
38.Ошондо сенин апаңдын дилине (тиешелүү) нерсени [13]салган элек.
39.Аны [14]сандыкка салып, дарыйага ташта. Дарыйа аны кургакка чыгарсын. Аны ага да, мага да душман болгон бирөө таап алсын»,– дегенбиз [15]. (Алла): «Эй, Муса! Сага Биздин көз алдыбызда торолушуң үчүн Өзүм тараптан сүйкүмдүүлүк тартууладым [16].
40.Ошондо эжең (сени таап алган Фараонго) барып: «Силерге ага кепил болотурган бирөөнү көрсөтөйүнбү? »–деди. Ошондо апаңдын көзүн кубантуу [17]жана аны кайгыртпоо үчүн сени апаңа кайтардык. Андан кийин бир адам өлтүрдүң [18]. Ал кайгыдан да куткарып, сыноолор менен сынаган элек. Ошентип узак жылдар Мадйан элинде жашадың [19]. Анан илимдүү болуп кайтып келдиң, эй, Муса!
41.Мен сени Өзүм тандап алдым [20].
42.Сен бир тууганың Харун экөөң, кереметтеримди алгыла (да Фараонго жөнөгүлө). Мени эстөөдө кемчилик кетирбегиле.
43.Экөөң Фараонго баргыла, анткени ал чектен чыккан.
44.Ага жумшак сүйлөгүлө. Балким ал насаатты угаар же (тозоктон) коркоор [21].
45.(Муса менен Харун): «О Эгебиз! Анын бизге жамандык кылуусунан жана чектен чыгуусунан коркобуз»,–дешти.
46.(Алла): «Коркпогула! Мен силер менен биргемин. Угуп да,көрүп да турамын»,–деди.
47.«Экөөң барып: Биз–Эгебиз сага жиберген элчибиз. Эми Исраил урпактарын биз менен чогуу жибер [22]. Эми аларды кыйнаба. Сага Эгеңдин кереметтери менен келдик.Тынчтык- амандык– Туура Жолдогуларга(буйрулган).
48.Бизди жалганчыга чыгарып, жүз үйрүгөндөргө азап боло турганы кабар кылынды»,– дегиле.
49.(Фараон): «Эй, Муса! Силердин Эгеңер ким?», – деди.
50.«Эгебиз – бардыкзаттарга келбет-турпат берип, анан аларды туура жолго салган»,–деди.
51.«Андай болсо, мурунку доордогулардын жагдайы кандай (болгон)?»
52.«Алар тууралуу маалыматтар Эгемдин алдындагы Китепте [23]бар. Эгем жаңылбайт да, унутпайт»,–деди.
53.Алла – жерди силер үчүн бешик кылып, анда силер үчүн жолдорду пайда кылып, асмандан жамгыр жаадырат. Ал [24]суу аркылуу түрдүү өсүмдүктөрдөн жуп-жубу менен чыгарды.
54.Жегиле жана малдарыңарды жайгыла. Чындыгында, акыл ээлери үчүн мында өрнөк бар.
55.Андан (топурактан) силерди жараттык. Ага кайтарабыз да, экинчи ирет андан кайра чыгарабыз.
56.Чындыгында, Фараонго бардык белгилерди [25]көрсөттүк. Бирок ал жалганга чыгарып, баш тартты.
57.(Ал): «Эй Муса,сыйкырыңмененбизди жерибизден чыгаруу үчүн келдиңби?
58.Чындыгында биз да сеникиндей сыйкырларды көрсөтө алабыз. Ошондуктан ортобузда бир жерди убада кыл. Биз да, сен да айныбай турган ортодогу(ыңгайлуу)бир орун болсун»,–деди.
59.(Муса): «Убадалашкан учурубуз – майрам күнү эл жыйналган шашке убактысы болсун»,–деди.
60.Ошондо Фараонкайтыпкетти да, (белгиленген майрам күнү) өз сыйкырчыларын жыйнап келди.
61.(Муса) аларга: «Азапка түшкүрлөр! Аллага жалган жалаа жаппагыла. Болбосо силерди азап менен жок кылат. Чындыгында, ким жалаа жапса, ал толук зыйанга учурайт»,–деди.
62.Алар [26]өз ара тартышып, жашыруун кеңешишти.
63.Алар: «Бул экөөсү [27]– сыйкырчылар. Сыйкырлары аркылуу силерди журтуңардан чыгарат, ыйык диниңерди жок кылууну каалашат»,–дешти.
64.(Фараон): «Ошондуктан бардык сыйкырларыңарды жыйнап, катарыңар менен келгиле. Чындыгында, бүгүн ким үстөм болсо, ошол ийгиликке жетет!»,–деди.
65.Алар: «Эй, Муса!Тайагыңды(жерге) ташта,болбосо оболу биз таштайлы»,– дешти.
66.(Муса): “Жок, силер таштагыла! ”,–деди. Ошол замат алар таштаган жиптери менен тайактары сыйкырлангандыктан, Мусага карай (сойлоп) келе жаткан жылан болуп элестеди.
67.Ошондо Муса көөдөнүндө бир кооптонууну сезди.
68.(Биз): “Коркпо! Сен үстөмдүк кыласың!”, –дедик.
69.“Оң колуңдагыны (тайакты) ташта! Алардын жасагандарын жутуп алат. Алардын жасаганы, чындыгында, сыйкырчынын гана айла-амалдары. А сыйкырчы кайака барбасын (Алладан) кутула албайт!”, – дедик.
70.Ошондо бардык сыйкырчылар сеждеге жыгылышып: “Муса менен Харундун Эгесине ыйман келтирдик”, –дешти.
71.(Фараон сыйкырчыларга): “Мен силерге уруксат берүүдөн мурун (Аллага) ыйман келтирдиңерби? ! Чындыгында, ал (Муса)– силерге сыйкыр үйрөткөн чоңуңар экен. Эми, албетте, колуңарды да, буттарыңарды да кайчылаштыра кесемин. Анан силерди курма дарактарынын бутактарына асамын. Ошондо кимибиздин азабыбыз катуу да, туруктуу да экенин билесиңер”, –деди.
72.Алар: “Бизге келген далилдерден (кереметтерден) улам бизди Жаратуучудан [28]сени артык көрө албайбыз. Эмне өкүм бере турган болсоң, дароо бер. Албетте, сен ушул (убактылуу) дүйнөдө гана өкүм жүргүзө аласың.
73.Чындыгында, биз кетирген каталарыбызды жана сен бизди жасоого зордогон сыйкырларыбызды кечирүүсү үчүн Эгебизге [29]ыйман келтирдик. Анткени, Алла – Эң Мыкты, Кечиримдүү!
74.Ким Эгебизге күнөөкөр абалда келсе, албетте, ал үчүн Тозок бар. Ал жерде ал жашай да, өлө да албайт.
75.Ким Ага ыйман келтирип, жакшы иштерди жасаган [30]абалда келген болсо, мына ошолорго жогорку даражалар бар:
76.Алдынан дарыйалар агып турган Адн [31]бактары (ошолор үчүн). Алар ал жерде түбөлүккө калышат. Бул – тазалангандын сыйлыгы.
77.(Биз Мусага): “Пенделеримди [32]түндөсү алып чыгып кет. Аларга деңизден кургак жол жаса. Алардын [33]кууп жетишинен (жана чөгүп кетүүдөн да) коркпо!”, –деген кабар жибердик.
78.Ошондо аларды кууган Фараон менен анын аскерлерин деңиз каптады (чөктүрдү).
79.Фараон өз элин адаштырып, туура жолго салбаган эле.
80.Эй, Исраил урпактары! Силерди душмандарыңардан куткарып, Тур тоосунун оң жагын силерге убада кылдык. [34]Силерге ”манна [35]”, “салваа [36]” аттуу тамактарды (асмандан) түшүргөнбүз.
81.Биз силерге берген таза ырыскыдан (гана) жегиле. Мында чектен чыкпагыла. (Антсеңер) силерге каарым жетет. Кимге каарым жетсе, албетте, ал тозокко түшөт.
82.Анткени, мен ким тообо кылып, ыйман келтирип, туура жолдо [37]жүрсө, албетте, аны кечиремин.
83. [38]“Эй, Муса! Сени коомуңдан эмне шаштырды? [39]”,– дедик.
84.“Оо Эгем, алар менин артымдан (сайа түшкөндүктөн), сенин ыраазылыгың үчүн Сага шашылдым”, – деди [40].
85.(Алла): “Чындыгында, Биз, сенден кийин [41]элиңди сынадык. Ошентип, аларды Саамирий жолдон чыгарды”, – деди.
86.Ошондо Муса ачууланып, кейиген абалда элине кайтты да: “Эй, элим! Эгеңер [42]силерге жакшы [43]убада кылбады беле? Силерге убада узак сезилдиби [44]? Же силерге Эгеңердин каарынын келишин каалап, мага берген убададан айныдыңарбы? ”,–деди.
87.Алар: “Убададан өз эркибиз менен эле айнып кеткен жокпуз. Бизге ал элдин [45]сандыктары [46]артылган болчу [47]. Ошолордуотко салдык [48]. Саамирий да отко салды [49]”,–дешти.
88.Ошондо Саамирийй [50]мөөрөй алган музоонун денесин жасап, алар [51]болсо: “Силердин да, Мусанын да кудайы ушул болчу. Ал (аны) унутуп калган”,– дешти.
89.Алар өздөрүнө анын жооп кайтара албагандыгын, ошондой эле аларга пайда да, зыйан да алып келүүгө кудуретсиз экенин көрүшпөйбү?
90.Ырасында мурун Харун да аларга: “Эй, элим! Чындыгында силер ушул (музоо) аркылуу сыналдыңар [52]. Албетте, Эгеңер Ырайымдуу. Ошондуктан мени ээрчип, буйругума баш ийгиле” – деген болчу.
91.Алар: “Муса бизге кайтканга чейин, буга [53]сыйынууну токтотпойбуз”, –дешти.
92.(Муса): “Эй, Харун! Булардын адашканын көргөндө артымдан келүүңдөн (сени) тоскон эмне?
93.Же менин буйругума каршы чыктыңбы?”, –деди.
94.(Харун): “Эй, энемдин уулу! Булар менин сакалым менен чачымдан кармап калышты [54]. Исраил урпактарынын мамилесин ыдыраттың, сөзүмдү сактабадың [55]”,– дешиңден корктум”,–деди.
95.(Муса): “Эй, Саамирий! Же бул сенин кылганыңбы? [56]”,–деди.
96.(Саамирий): “(Мен) алар көрбөгөн бир нерсени көрдүм [57]. Элчинин [58]изинен бир ууч топурак алып, (музоонун) ичине салдым. Аны мага өз каалоом жагымдуу кылып көрсөттү”,–деди.
97.(Муса): “Эми сен өмүр бойу: “Кеткиле. Мага жолобогула! ”– деп жүрүп өтөсүң. Сага мындан тышкары да эч качан өзгөртүлбөй турган дагы бир жаза бар. Сенин берилип сыйынган кудайыңды карачы [59]. Аны биз өрттөп, (күлүн) дарыйага ыргытып жиберебиз.
98.Кудайыңар – бир гана Алла! Андан башка кудай [60]жок! Анын илими бардык нерсени камтыйт”,–деди.
99. [61]Ошентип, сага кээ бир болуп өткөн окуйаларды байан кылабыз. Сага Өз алдыбыздан эскертмени (Куранды) жибердик.
100.Ким Курандан жүз үйрүсө, ал Кыйамат Күнү, албетте, күнөөсүн өзү көтөрөт [62].
101.Алар ал жерде түбөлүк калышат. Алар үчүн Кыйамат Күнү кандай оор жүк (бар).
102.Сурнай тартылган Күнү көнөөкөрлөрдү (көздөрү) көгөргөн [63]абалда жыйнайбыз.
103.Алар өз ара: “Дүйнөдө он эле күн жашадык”,–деп шыбырашат.
104.Алардын айткандарын (Биз) жакшы билебиз. Алардын эң туура сүйлөгөндөрү: “Силер дүйнөдө бир гана күн жашадыңар”, – дейт.
105. [64]Алар сенден тоолор тууралуу [65]сурашат. Ошондо аларга: “Эгем тоолорду тозоң кылып учуруп жиберет” – деп айткын.
106.Аларды (тоолорду) жыпжылаңач [66], тептегиз жайыкка айлантабыз.
107.Сен ошондо эч бир ойдуң да, дөңсөө да таппай каласың.
108.Алар Кыйамат Күнү чакыруучуга эч бурулбастан ээрчишет. Анткени Мээримдүүнүн [67]алдында үн чыкпай калат. Кадамдардын добушунан башка эч нерсе укпайсың.
109.Ал күнү Мээримдүү уруксат берген жана Анын сөзүнө ыраазы болгондордон, жактыргандардан башкалардын колдоо көрсөтүүсү [68]эч пайда бербейт.
110.Анткени Алла алардын алдыларындагыны да, артындагыларды да билип турат! А алар болсо Аны [69](эч качан) толук биле алышпайт.
111.Бардык баштар Тирүү жана Түбөлүктүүнүн алдында ийилет. (Ошондуктан) ким зулумдук кылган болсо, ал [70]кор болот.
112.Ал эми ким ыйман келтирген бойунча жакшы иштерди жасаган болсо, ошондо ал жамандыктарынын артышынан, жакшылыктарынын кемишинен коркпойт.
113.Ошентип, Куранды араб тилинде түшүрүп, анын ичинде түрдүү эскертүүлөрдү байандадык. Мүмкүн алар такыба болушаар. Балким аларга [71]эскертүү пайда берээр.
114.Чындыгында Чыныгы Падыша Алла – бардык нерседен жогору. Сага айтылган айан-кабардын бүтүшүнөн мурун Куранды окууга ашыкпай: “Оо, Эгем! Илимимди арттыр!”, – дегин.
115.Чындыгында, мурда Адамга да өкүм жиберген элек [72]. Бирок, ал (аны) унутту. Биз анын сабырдуулугун [73]таба албадык.
116.Ошондо периштелерге: “Адамга сежде кылгыла!”, – дедик. Алар сежде кылышты. Бирок Ибилис [74]сежде кылуудан баш тартты.
117.Адамга: “Чындыгында, ушул (шайтан) сага да, жубайыңа да душман. Экөөңдү Бейиштен чыгарып жибербесин. Андай болсо [75]бактысыз болуп каласыңар”, – дедик.
118.Албетте, Бейиште ач-жылаңач калбайсыңар.
119.Бул жерде суусоонун азабын тартпайсыңар жана шашкедеги [76]күндүн ысыгы өтпөйт.
120.Акыры аны шайтан азгырып: “Эй, Адам! Түбөлүктүүлүктүн дарагын жана түгөнбөй турган жыргалды [77]көрсөтөйүнбү? ”,–деди.
121.Ошондо алар экөө андан [78]жешти да, дароо уйаттуу жерлери көрүнүп калды. Ошондуктан экөө Бейиштин жалбырактарынан жамына башташты. Ошентип, Адам Эгесине күнөөкөр болуп, жолдон тайды.
122.Андан кийин Эгеси аны Өзүнө жакындатып, тообосун кабыл кылып, Туура Жолго салды.
123.Бир-бириңе душман болгон бойунча (Бейиштен) баарыңар түшкүлө. Эгер экөөңө [79]Мен тараптан бир тууралык келип, ким туура жолума түшсө, ошондо ал адашпайт да, бактысыз да болбойт.
124.Ал эми ким Менин эскертүүмдөн [80]баш тартса, анда, ага машакаты оор турмуш берерим шексиз. Андайларды [81]Кыйаматта сокур кейипте жыйнайбыз.
125.Ал: “О Эгем! Мени эмнеге сокур кылып тирилттиң? Чындыгында, мен (дүйнөдө) көрчү эмес белем?”,–дейт.
126.(Алла): “Мына ушундай. Анткени сага айаттарыбыз келген эле. Ошондо сен аларды [82]унуткансың [83]. Ошол сыйактуу, бүгүн сен да унутта каласың”,– деп айтат.
127.Чектен чыгып, Эгеңдин [84]айаттарына ыйман келтирбеген адамды да ушундай жазалайбыз. Албетте, акырет азабы ары катуу, ары түбөлүктүү.
128.Аларды өз журттарында мурда болуп өткөн өздөрүнөн мурункулардын (кайгылуу) өрнөктөрү Жолго салбадыбы? Чындыгында эле мына ушуларда [85]акыл ээлери үчүн сабактар бар.
129.Эгер Эгең тарабынан берилген убада, же белгиленген мөөнөт болбогондо, албетте, анда алардын иштери бүткөн болот эле [86].
130.Ошондуктан алардын [87]айткандарына сабыр кыл. Күндүн чыгышынан жана Күндүн батышынан мурун Эгеңди макта, (Аны) аруула! Кечки убактарда жана күндүздүн эки тарабында да [88](Эгеңди) аруула. Балким, ыраазылыкка бөлөнөөрсүң.
131.Биз алардын кээ бирөөнө сыноо үчүн берген жыргал дүйнө жашоосуна суктанба. Эгеңдин [89]берүүчү ырыскысы – эң мыкты, түбөлүктүү.
132.Үй-бүлөңдү намазга буйруп, ага [90]сабыр кыл. Биз сенден ырыскы сурабайбыз. Сага Биз ырыскы беребиз. Жакшы акыбет – такыбаларга.
133.Алар: “Эгесинен бир керемет келтирбейби? ”, – деп айтышат. Аларга мурунку китептерде даана далилдер келбеди беле?
134.Эгер биз аларды андан мурда бир азап менен ойрон кылсак, анда алар: “(Эгебиз) бизге бир элчи жиберген болсо, кор болуп жана шорго малынуудан мурун Анын айаттарына ээрчимекпиз”, – дешчү.
135.( Эй, Мухаммед! ) Аларга: “Баарыбыз [91]айагын [92]күтөбүз. Силер да күткүлө. Жакында [93]кимдер туура жолдун ээси экени, ким туура жолду тапкандыгын билесиңер”, – деп айткын.

Кай жерде болбо, ар дайым, ар качан, туболукко журогумдо жашайсын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#29 Пользователь офлайн   menedjer   17 Март 2014 - 10:07

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 81
  • Катталган: 02 Ноябрь 11
  • Соңку аракети: 24 Окт 2017 22:40
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Ордолуу Ош шаары!

Аллах Раазы болсун!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#30 Пользователь офлайн   vankuver   06 Апрель 2014 - 19:43

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 080
  • Катталган: 05 Июль 13
  • Соңку аракети: 05 Мар 2015 01:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:планета Кыргызстан

21-сүрө “Анбийа [1]”
.
Меккеде түшүрүлгөн. Жүз он эки айаттан турат.
Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен!
.
1. Адамдарга алардын эсеп берээр маалы жакындады. Алар болсо бейкапар терс бурулууда.
2. Аларга Эгесинен жаңы нерсе келген жок! Угуп, анан алар мазакка айланткан эле нерсе. [2]
3. (Алар) бейкапар жүрөктөрү менен өз ара шыбыраша: “Чын эле бул [3]силер өңдүү киши эмеспи? Кантип эле силер аны көрүп туруп сыйкырланып калдыңар?” (дешет).
4. “Эгем асмандар менен жерде болгон сөздөрдүн баарын билет. Ал - Угуучу, Билүүчү”, – деди.
5. Алар [4]: “Жок! Бул чаташкан түш. [5]Жок! Албетте, ал аны [6]өзү ойлоп тапты! Жок! Ал акын! Ал бизге мурунку пайгамбарларга берилген кереметтер менен келсин!” – дешти.
6. Биз жок кылган мурунку калаалардан эч кимиси ишенген эмес эле. Эми булар ишенеби?
7. Сага чейин Биз эркектерди гана [7]аларга айан берип жөнөткөнбүз: Эгер билбесеңер, анда илим ээлеринен [8]сурагыла.
8. Биз алардын денесин тамак татпагыдай жана аларды түбөлүккө өлбөс кылган эмеспиз.
9. Андан соң Биз аларга берген убадабызды чынга чыгарып, каалагандарыбызды куткардык жана чектен чыккандарды ойрон кылдык.
10. Биз силерге насааты бар Китепти жөнөттүк. Акыл калчабайсыңарбы?
11. Биз канчалаган калааларды жок кылдык. Алар адашкан заалымдар болушкан. Биз алардан соң башка элдерди пайда кылдык.
12. Биздин кыйратуубузду сезген мезгилде, алар андан качып жөнөшөт.
13. Качпагыла! Силерге берилген молчулукка жана турак-жайыңарга кайра кайтып келгиле – мүмкүн силер суралаарсыңар.
14. Алар: “О биз куруп калалы! Чындыгында биз заалымдардан болгон экенбиз!” – дешет.
15. Алардын өздөрүнө кыйроону тилөөсү, Биз аларды орулуп-бастырылган эгин талаасындай кылганга чейин [9]токтободу.
16. Биз асмандарды, жерди жана алардын ортосундагыларды ойноп жараткан жокпуз.
17. Эгерде Биз көңүл ачууну кааласак, анда аларды өз алдыбыздан деле жаратып алар элек. [10]
18. Жок! Биз акыйкат менен жалганды кыйратабыз, ал аны быркыратып жок кылат. Силерге шерик кошконуңар үчүн азап болсун!
19. Ага асмандар менен жердегилердин баары таандык. Анын алдындагылар текеберденишпейт жана ибадат кылуудан чарчашпайт.
20. Алар Аны түндө жана күндүзү чарчабастан аруулашат.
21. Чын эле алар өздөрүнө жерден кудай таап алыштыбы? Алар [11]өлгөндү тирилте алышабы?
22. Эгерде асмандар менен жерде Алладан башка кудайлар болсо, анда (алар) бузулуп кетээр эле. Арштын Эгеси болгон Алла алардын сыпаттаган нерселеринен таза.
23. Ал (Алла) эмне кылганы суралбайт, а алар суракка алынат.
24. Же алар Алладан башкаларды кудай (кылып) алыштыбы? “Далилдериңерди келтиргиле! Бул (Куран) мени менен болгондорго жана мага чейин болгондорго эскертүү”, – дегин. Жок! Алардын көпчүлүгү акыйкатты билишпейт жана терс бурулушат.
25. Биз сага чейин да: “Менден башка Кудай жок, Мага гана сыйынгыла! ” – деп айтпай туруп, бир да пайгамбар жөнөтпөдүк.
26. Алар: “Мээримдүү Өзүнө уул алды”, – дешти. Ал кемчиликтерден аруу! Жок. Алар [12](Анын) ардактуу пенделери гана.
27. Алар Андан сөздө [13]өтүп кете алышпайт. Анын буйругу менен гана иш кылышат.
28. Ал аларга чейинки болгондорду да, андан кийинки боло турганды да билип турат, а алар кудайдын алкышына татыгандардан башка, эч кимге ортомчу боло алышпайт. Алар Андан коркконунан калтырашат.
29. Алардын арасынан кимиси: “Андан башка мен Кудаймын! ” – деп айта алат? Ким антсе, аны Биз тозокко жөнөтөбүз. Адашкан заалымдарды Биз мына ушинтип жазалайбыз.
30. Чын эле каапырлар асмандар менен жер бирге болгондугун, а Биз аларды бөлгөнүбүздү жана бардык жандууларды суудан жараткандыгыбызды көрүшпөйбү? Эми алар ыйман келтиришпейби?
31. Биз жер үстүндө алар аны менен бирге термелбесин үчүн бекем туруучу тоолорду жайгаштырдык жана алар туура жолдо баруусу үчүн капчыгайларды жараттык.
32. Асманды сакталган шып кылдык. Алар Анын айаттарынан баш тартышууда.
33. Ал түн менен күндүздү, Күн менен Айды жараткан. Баарысы асман алкактарында [14]сүзүшөт.
34. Биз сага чейин эч кимге түбөлүктүүлүктү берген жокпуз. Кантип эле сен да өлсөң, алар түбөлүк өлбөс болуп калышсын.
35. Ар бир жан ээси өлүмдү татат. Биз силерди жакшылык менен да, жамандык менен да сынап көрөбүз жана Бизге кайтарыласыңар.
36. Ыймансыз каапырлар сени көргөн кезде, шылдыңдашып: “Силердин кудайларыңар жөнүндө айтып жаткан ушулбу?” – дешет. Мээримдүүнү эскерүүдө алар каапырлык кылышат.
37. Инсан шашма болуп жаратылган. Мен силерге белгилеримди көрсөтөмүн, Мени шаштырбагыла!
38. Алар: “Эгер сен чын болсоң (айтчы), анда бул убадалар качан аткарылат?” – дешет.
39. Эгерде каапырлар беттерин, аркаларын оттон коргой албаган жана аларга эч жардам да көрсөтүлбөй турган кезди билген болсочу!
40. Ооба! Ал аларга капысынан келет да, аларды таң калтырат, алар аны кайтара да алышпайт жана аларга мөөнөт да берилбейт!
41. Сага чейинки пайгамбарларды да шылдыңдашкан, бирок шылдыңдагандардын шылдыңдаган нерселери өз баштарына жеткен.
42. “Силерди түндө жана күндүзү Мээримдүүдөн ким сактай алат?” –дегин. Ооба, алар өз Эгесин эскерүүдөн баш тартышат.
43. Чын эле алардын Бизден сактай турган кудайлары барбы? Алар [15]өздөрүнө өздөрү жардам кыла албайт жана Бизден да коргоно алышпайт.
44. Ооба, Биз аларга жана алардын аталарына узак жашоодо жакшы үлүш бергенбиз. Чын эле алар Биздин буйругубуз менен жерди ар тарабынан кыскартканыбызды [16]көрүшпөйбү? Ошондо алар [17]жеңүүчү болушабы?
45. “Мен силерге жашыруун кабарды гана эскертүүчүмүн”, – дегин. Бирок, дүлөйлөр [18]эскертилгендеги чакырыкты угушпайт.
46. Аларга Эгеңден азаптын эпкини жеткен кезде, алар: “Оо биз куруп калалы! Биз адашкан экенбиз”, - дешет.
47. Биз Кыйамат Күнү үчүн туура таразаларды жайгаштырабыз. Бир да жан зулум кылынбайт. А эгерде сары кычынын [19]данынын салмагындай эле (амал) болсо, анысын келтирер элек. Биз толук жетээрлик эсепчибиз.
48. Биз мурун Муса менен Харунга Фурканды [20], нурду [21]такыбалар үчүн эскертме катары бердик.
49. Алар Эгесин көрбөй туруп коркушуп, Кыйамат Күнүнөн кооптонушат.
50. Бул (Куран) Биз силерге түшүргөн кут даарыган эскертме. Чын эле силер аны четке кагасыңарбы?
51. Биз мурун Ибрахимге туура жолду ыроолодук жана Биз аны билгенбиз.
52. Ал атасына жана өз коомуна: “Бул силер табынып жаткандар эмне деген айкелдер?”, – деген эле.
53. Алар: “Биздин аталарыбыз да аларга табынганын биз билебиз”, – дешти.
54. Ал: “Силер да, силердин аталарыңар да анык адашууда болуп келишкен”, – деди.
55. Алар: “Чын эле акыйкат менен келдиңби, же сен ойун-тамаша кылуучулардансыңбы? ” - дешти.
56. “Ооба, силердин Эгеңер – асмандар менен жердин Эгеси, аларды Ал жараткан. Мен болсо бул тууралуу күбө болуучумун”, – деди.
57. “Алланын ысымына ант! Мен силер алардан алыстаган кезде силердин сөлөкөттөрүңөргө [22]каршы айла-амал табамын”.
58. Ал, мүмкүн ушуга кайрылышаар (деп), алардын [23]эң чоңунан башкасынын баарын талкалап салды.
59. Алар: “Биздин кудайларыбызга бул ишти ким кылды? Ал нагыз заалым экен!” – дешти.
60. Алар: “Биз Ибрахим аттуу жаш жигиттин аларды айыптаганын уккан элек”, – дешти.
61. Алар: “Аны элдин көз алдына алып келгиле. Мүмкүн алар күбөлүккө өтүп беришээр”, – дешти.
62. Алар: “Эй, Ибрахим! Биздин кудайларга бул ишти сен кылдыңбы?” – дешти.
63. Ал: “Жок! Муну булардын [24]эң чоңу кылды. Эгер сүйлөй алса, алардан сурап көргүлө!” – деди.
64. Алар өздөрүнө өздөрү кайрылып: “Силер өзүңөр адашкансыңар”, – дешти.
65. Андан соң алар кайрадан каапырдыгына кайтышып: “Алар сүйлөй албасын сен билесиң да?!” – дешти.
66. (Ибрахим): “Силер чын эле Алланын ордуна силерге эч кандай жардам да, зыйан да келтире албай турган нерселерге табынасыңарбы(? ),
67. силерге жана силердин Алланын ордуна сыйынганыңарга – “түф-ф”! Эмнеге акылыңарга келбейсиңер? ” – деди.
68. Алар: “Эгер бул ишке жарасаңар, аны өрттөгүлө жана кудайларыңарга жардам бергиле”, – дешти.
69. Биз: “Эй от! Ибрахимге салкын жана саламат бол”, – дедик.
70. Алар ага каршы айла-амал кылышты, а Биз аларды зыйан тартуучулардан кылдык.
71. Аны жана Лутту куткарып, Биз ааламдар үчүн берекелүү кылган жерге [25](жайгаштырдык).
72. Ага Исхакты жана кошумча Йакупту бердик. Алардын баарын таза-такыбалардан кылдык.
73. Аларды Биздин буйругубуз бойунча туура жолду көрсөтө турган башчы кылдык жана аларга жакшылыктарды кылууга, намаз окуп, зекет берүүгө жашыруун айан [26]бердик. Алар Бизге сыйынуучулардан болушту.
74. Лутка Биз даанышмандык жана илим бердик. Аны бузукулукка баткан калаадан [27]куткардык. Анткени, алар жаман иш жасаган бузуку коом эле.
75. Биз аны ырайымыбызга бөлөдүк. Анткени, ал жакшылардан.
76. Мурун Нух да Бизге үн салган [28]. Биз ага жооп кылып, анын үй-бүлөсүн улуу кайгыдан куткардык.
77. Аны айаттарыбызды жалганга чыгарган адамдардан коргодук. Анткени алар өтө жаман адамдар болгондуктан, Биз аларды чөктүрүп ийдик.
78. Дауд менен Сулайман алардын коомунун малдары майкандап салган [29]эгин талаасына байланыштуу өкүм чыгарып [30]жатышканда, Биз өкүмдөрүнө күбө болуп турдук.
79. Биз Сулайманга бул тууралуу түшүндүрдүк. Алардын ар бирине Биз даанышмандык жана илим бердик. Даудка аны менен бирге Бизди даңктасын үчүн тоолорду жана куштарды баш ийдирдик. Муну Биз кылдык.
80. Биз ага согушта силер коргоонууңар үчүн соот [31](кийим) жасоону үйрөттүк. Силер шүгүр кылбайсыңарбы?
81. Сулайманга анын буйругу менен Биз кут даарыткан жерге жүрсүн (соксун) деп катуу шамалды баш ийдирдик. Биз бардык нерселерди билебиз.
82. Суу түбүнө чумкуй турган жана андан башка иштерди кыла турган шайтандарды (жиндерди ага баш ийдирдик). Аларды өзүбүз сактаган элек.
83. Айуп Эгесине (жалбарып) үн салды: “Мага бир балээ келди, а Сен боорукерлердин боорукерисиң! ”
84. Биз тараптан ырайым иретинде, пенделерге эскерме [32]үчүн, анын тилегин кабыл кылып, андан балээлерди кетирдик, ага өз үй-бүлөсүн жана мурункусун эселентип бердик.
85. (Эстегин) Ысмайыл, Ыдрыс, Зул-Кифл баарысы сабырдуулардан эле.
86. Алардын баарын Биз ырайымыбызга бөлөдүк. Анткени алар жакшылардан эле.
87. Зун-Нунду [33](эсте). Биздин аларга [34]алыбыз жетпейт деп ойлоп, ал ачуулана кетип калган эле. Ал караңгылыктарда [35]Бизге жалынды: “Сенден башка Кудай жок! Сен аруусуң! Албетте, мен адашкандардан болдум!”
88. Биз аны уктук жана аны кайгыдан куткардык. Момундарды ушинтип куткарабыз.
89. Закарийа Эгесине: “Эгем, Сен мураскорлордун эң мыктысысың, мени жалгыз [36]калтырба”, – деп жалынды.
90. Биз ага да жооп кылып, Йахйаны бердик жана анын айалын (төрөөгө) жарамдуу кылдык. Акыйкатта, алар [37]жакшы иштерге шашылышкан, Бизге үмүт жана коркуу менен дуба кылышкан. Алар Бизге мойун сунуп, баш ийишкен.
91. Ал (Марйам) өз абийирин сактаган эле, Биз ага Өз рухубуздан [38]үйлөдүк, аны жана уулун [39]бүткүл ааламдар үчүн белги [40]кылдык.
92. Акыйкатта үммөтүңөр бир эле үммөт. [41]Мен силердин Эгеңермин. Мага гана сыйынгыла!
93. Алар өз иштеринде ажырап-бөлүнүштү. Баарысы Бизге кайтарылат.
94. Ким жакшы иштерди жасап момун болсо, анын аракети жокко чыгарылбайт. Биз аныкын жазып койобуз. [42]
95. Биз ойрондогон калаалардын жашоочулары кайра кайтуусу [43]тыйуу салынган,
96. Йажуж, Мажуж ар бир дөбөдөн агылып келгенге чейин.
97. Ошентип, убада кылынган чындык жакын келет, каапырлардын көздөрү алайып: “Оо куруп калалык! Биз мындан капарсыз жана заалым болгон экенбиз” – дешет.
98. Акыйкатта, силер жана Алланын ордуна силердин табынып жаткандарыңар тозок үчүн отун гана. Силер ага киресиңер.
99. Эгерде алар [44]кудайлар болсо, анда ага [45]киришпес эле. Алар анда түбөлүккө калышат.
100. Алар [46]анда онтолошот, а тигилер эч нерсе угушпайт.
101. Акыйкатта, Бизден жакшылык өткөн адамдар андан [47]алыс болушат.
102. Алар анда анын дабышын да угушпайт жана алардын напси [48]эмнени кааласа ошонун арасында түбөлүккө болушат.
103. Аларды чоң коркунуч кайгыртпайт жана периштелер тосуп чыгышат: “Бул силерге убада кылынган Күн” (дешет алар).
104. Ошол Күндө Биз асманды жазылган барак оролгондой түрөбүз. Биз алгачкы жаратууну кантип кылган болсок, аны убадабыз бойунча кайрадан ишке ашырабыз. Акыйкатта, Биз кылуучубуз.
105. Эскертүүбүздөн [49]соң Забурда [50]: “Жакшы [51]пенделерим жерге мураскор болушат”, – деп жаздык.
106. Акыйкатта, мында [52](Аллага) сыйынган коом үчүн кабар бар.
107. Биз сени бүткүл ааламдарга мээрим катары жөнөттүк.
108. “Акыйкатта, Силердин Кудайыңар – жалгыз Кудай экендиги мага кабар кылынды. Силер мойун сунуп мусулман болосуңарбы? ” - дегин.
109. Эгерде алар баш тартышса, айт: “Силердин баарыңа бирдей эле кабарладым. Бирок, силерге убада кылынган нерсе жакынбы, же алыспы, биле албаймын;
110. Акыйкатта, Ал ачык сүйлөгөндү да, жашырганыңарды да билип турат.
111. Мен силер үчүн мүмкүн бул сыноо жана бир мөөнөткө чейинки пайдалануу экендигин биле албаймын.”
112. “Оо, Эгем! Акыйкаттык менен өкүм кыл! Биздин Эгебиз Мээримдүү! Силер сыпаттап жаткан нерсеге [53]каршы Андан гана жардам суроо ылайык”, – деди (ал).

.
[1]Анбийа – Пайгамбарлар.
[2]Биздин замандын жетинчи кылымында Мухаммед пайгамбарга жаңы дин келген жок. Алланын дини бирөө гана. Ал ислам дини. Демек, Адам атадан бери келе жаткан дин – бул Ислам дини гана. Бир нече дин болгон эмес, болбойт дагы. Анын ичинде Муса пайгамбардын да, Иса пайгамбардын да дини – ислам дини болгон. А Мухаммед(а.с. ) кезектеги, бирок акыркы пайгамбар. Мындан кийин пайгамбар келбейт. Ошондой эле жаңы дин да келбейт. Бирок адамдар ар кайсы динди өздөрү ойлоп табышат. Албетте, бул туура эмес.
[3]Мухаммед (а.с.) тууралуу айтып жатышат
[4]Каапырлар, мушриктер.
[5]Пайгамбардын айтып жаткандары.
[6]Куранды.
[7]Периштелерди эмес.
[8]Тоорат, Инжилди мыкты билген аалымдардан.
[9]Биз балээ жиберип кырып салганга чейин.
[10]Түбөлүк ааламдагы башка нерселерден деле.
[11]Сөлөкөттөр – жалган кудайлар.
[12]Периштелер
[13]Алар өздөрүнө өздөрү буйрук беришпейт. Аларга Жараткан өзү гана буйрук берет.
[14]Орбиталарында. Күндүн да орбитасы бар экендиги аныкталды.
[15]Сөлөкөттөр, жалган кудайлар.
[16]Ислам Мединанын айланасында таралып, Меккенин айланасынан кысып келген.
[17]Меккенин мушрик каапырлары.
[18]Алланын буйругун угуп туруп амал жасабаса дүлөй деп эсептелет.
[19]Сары кычы – эгиндин арасына чыгуучу сары гүлдүү отоо чөп (Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгүнөн).
[20]Жакшы-жаманды ажыратуучуну (Тооратты).
[21]Тооратты.
[22]Идолдор. Ойлоп таап, колго жасалган жалган кудайлар, ар нерсенин түспөлдөрү.
[23]Сөлөкөттөрдүн (идолдордун).
[24]Сөлөкөттөрдүн
[25]Палестина жана Ханаан жерин өз кучагына алган байыркы гүлдөгөн Арамейа жана Сирийа аймактарынан. ..
[26]Буйрук.
[27]Содом, Гоморра калааларынан
[28]Алладан суранып дуба кылган.
[29]Тебелеп, тепсеп
[30]Окуйа мындайча болот: Бир адамдын койлору экинчи бир кишинин эгин талаасына кирип, тебелеп, көп зыйанга учуратат. Зыйан тарткан киши Дауд (а.с.)га арызданып келет. Дауд (а.с.) тараптарды катыштырып, ишти териштирет да, койлордун баарын эгини тебеленгенге берүүгө чечим кылат, анткени тебеленген эгиндин болжолдуу наркы койлордун жалпы санына туура келет. Бирок Сулайман (а.с.) атасынан чечимди кайра карап, өзгөртүп: койлорду зыйан тартканга бир жылга гана берүүнү, а эгин талаасын кайрадан иштетүү үчүн койлордун ээсине бердиртүүнү, бул арада эгини тебеленген киши койлордун козуларын, жүнүн жана сүтүн толук өзүнө пайдаланып алып калууга укуктуу болуусун, ал эми койлордун ээси эгин талаасын иштетип, эгин эгип калыбына келтирүүгө мүмкүнчүлүк берилүүсүн жана бир жылдан кийин ар ким өзүнүкүн өзү алуусуна чечим чыгаруусун суранат. Ошентип иш калыс чечилип, эки тарап тең ыраазы болот. Мындай акылмандуулук, албетте Алла тарабынан Сулайман (а.с.)га берилген эле.
[31]Темирден жасалган
[32]Сабак болуусу үчүн.
[33]Йунус (а.с.) жүнүндө сөз болууда.
[34]Ассирийадагы Ниневийа шаарынын күнөөлүү иштерди кылып жаткан коомуна.
[35]Түндүн караңгылыгы, деңиздин караңгылыгы жана киттин ичиндеги караңгылык.
[36]Мураскорсуз.
[37]Жогорку пайгамбарлар.
[38]Жебрейил (а.с.) аркылуу.
[39]Иса (а.с.)ды.
[40]Керемет.
[41]Бардыгыңардын диниңер бирөө эле.
[42]Периштелер жазып койот.
[43]Биз аларды Кыйаматка тирилгенге чейин кайрадан келбегидей кылып ойрондодук.
[44]Сөлөкөттөр.
[45]Тозокко.
[46]Сөлөкөттөргө сыйынгандар.
[47]Тозоктон.
[48]Көңүлү.
[49]Тоорат.
[50]Даудга (а.с.) түшүрүлгөн китеп.
[51]Такыба – таза.
[52]Куранда.
[53]“Алланын баласы бар” – деп айткандары.
Кай жерде болбо, ар дайым, ар качан, туболукко журогумдо жашайсын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#31 Пользователь офлайн   vankuver   06 Апрель 2014 - 19:45

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 080
  • Катталган: 05 Июль 13
  • Соңку аракети: 05 Мар 2015 01:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:планета Кыргызстан

22-сүрө«Хаж [1]»
.
Мединада түшүрүрлгөн. Жетимиш сегиз айатан турат
Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен!
.
1. Эй, адамдар! Эгеңерден корккула. Чындыгында, Кыйаматтын силкинүүсү [2]улуу [3]нерсе.
2. Ал Күнү ар бир эмизүүчүнүн эмизген нерсесин [4]унутканын жана ар бир бойунда бар (ургаачы) боюндагысын таштап койгонун, а адамдарды (болсо) мас абалда көрөсүң. Акыйкатта, алар мас эмес, бирок, Алланын азабы катуу [5]…
3. Адамдардын айрымдары Алла тууралуу билбей эле талашышат да, азгыруучу шайтанды ээрчишет.
4. Ырасында, ким шайтанды ээрчисе, ал аны адаштырып, Тозок азабына жетелээри тагдырга жазылган [6].
5. Эй, адамдар! Эгер өлгөндөн кийин тирилүүдөн шектенсеңер, албетте, биз силерди топурактан, анан бир тамчыдан [7], анан уйуган кандан, түспөлдүү-түспөлсүз бир үзүм эттен өзүңөргө (кудуретибизди) билдирүү үчүн жараттык. Ошентип, жатындарда (Өзүбүз) каалаган белгилүү мөөнөткө чейин койуп койобуз. Анан бөбөк кылып чыгарабыз. Андан кийин эрезеге жетесиңер. Кээ бирлериңер кайтыш болуп, кай бирлериңер ар нерсени билгенден кийин, эч нерсени билбей турган өмүрдүн начарлыгына кайтарыласыңар. Куураган жерди көрүп турасыңар го. Ага жамгыр жаадырсак кыймылга кирип, көөп, ар түрлүү кооз өсүмдүктөрдү өндүрөт [8].
6. Чындыгында булар [9]– Алланынын Акыйкаттыгынан. Албетте, Ал өлүктү тирилтет. Анткени, Анын ар нерсеге Кудуреттүү.
7. Албетте, Кыйамат келет. Анда эч шек жок. Чындыгында, Алла мүрзөдөгүлөрдү тирилтет.
8. Адамдардын айрымдары билимсиз, жол башчысыз [10]жана нур [11]берүүчү китеби да жок туруп эле, [12]Алла жөнүндө талашышат.
9. Алланын жолунан адаштыруу үчүн бой көтөрүшөт. Андайларга бул дүйнөдө кордук бар. Ага Кыйамат Күнү куйкалоочу азаптын даамын таттырабыз.
10. «Бул мурунку жасаган иштериңердин азабы», (–дейбиз). Ырасында, Алла – пенделерине адилетсиздик кылбайт.
11. Адамдардан [13]Аллага кошкөңүл (күмөнсүрөп) гана сыйына тургандар да бар. Эгер ага (Алладан) бир жакшылык келсе, бейпил болуп калат. Эгер ага [14]бир балээ [15]келсе, ал жүз үйрүп, [16]бул дүйнөдө да, акыретте да зыйанга учурайт. Мына ушул – ачык зыйан!
12. Алар Алладан башка, өздөрүнө пайда да, зыйан да бере албай турган нерселерге [17]сыйынышат. Мына ушул – абдан терең адашуу!
13. Ошентип, алар пайдасынан зыйаны жакын бирөөлөргө табыышат. Албетте, ал (сыйынгандары) кандай жаман жардамчы, кандай жаман тууган!
14. Албетте, Алла – ыйман келтирип, дурус иштерди жасагандарды (Эгеси [18]) алдыларынан дарыйалар агып турган бактарга киргизет. Чындыгында, Алла Өзү каалаганын жасайт.
15. Эгер ким: «Алла, бул дүйнөдө да, акыретте да ага [19]жардам бербейт» , – деп ойлосо, ал дароо бир жип менен асманга [20]асылып, анан аны кесип көрсүн. [21]Анын бул амалы өзүнүн ачуусун келтирген нерсесинен [22]арылта алганын карап көрсүн.
16. Ошентип, Куранды ачык айаттар түрүндө түшүрдүк. Ырасында, Алла кимди кааласа, ошону туура жолго багыттайт.
17. Акыйкатта, ыйман келтиргендер иудейлер, сабиилер, христиандар, отпарастар жана Аллага шерик кошкондордун арасын [23]Алла, кыйамат күнү ажыратат. Чындыгында, Алла – бардык нерсеге Күбө.
18. (Эй, Мухаммед! ) Көрбөйсүңбү: Аллага асмандарда, жерде болгон бардык нерселер: күн, ай, жылдыздар, тоолор, дарактар, айбанаттар жана адамдардын көбү сежде кылышат [24]. Ошондой эле, алардын көбүнө [25]азап буйрулган. Алла кимди кордосо, анда аны бир да урматтоочу болбойт. Ырасында, Алла Өзү каалаганын жасайт.
19. Эки топ [26]Эгелери тууралуу талашышат. Бул экөө – жаңжалдашуучу топ. Каапырларга оттон кийим бычылат да, төбөлөрүнөн кайнап турган суу куйулат.
20. Ошону менен алардын ичиндегилери [27]менен терилери ээритилет.
21. Алар үчүн темир барскандар бар (аларды баштарына чабуу үчүн).
22. Алар Тозоктун азабынан чыгууну каалашса, кайра түртүп түшүрүлөт да: “Куйкалоочу азаптын даамын таткыла!” (–деп айтылат).
23. Ырасында, Алла ыйман келтирип, жакшы иштерди жасагандарды, алдыларынан дарыйалар агып турган бактарга киргизет. Алар анда алтын жана бермет билериктер менен жасанышат. Андагы кийимдер жибектен болот.
24. Мына ушулар жакшы сөзгө [28]көндүрүлүп, Даңктуу Алланын жолуна салынгандар.
25. Чындыгында, каапыр болуп, Алланын жолунан жана [29]Биз анын [30]тургандары жана четтен келүүчү адамдар үчүн бирдей (ыйык) кылып койгон Ыйык Мечиттен тоскондорго, ошондой эле ким зулумдук менен жолдон чыгууну кааласа, ага жан чыдагыс азаптын даамын таттырабыз.
26. Ибрахимди Кабанын ордунда: “Мага эч бир нерсени шерик кылба. Тооп кылуучуларга [31]тик туруп, эңкейип жана баш койуп (Аллага) сыйынуучулар үчүн [32]таза карма”,–деп, Биз байан кылган кезди (эсте) [33].
27. Адамдарды ажылыкка чакыр. Алар (сага) жөө жана арык төөнүн үстүндө абдан алыс жолдордон келишет.
28. Алар өздөрүнө арналган пайдаларын көрүшсүн. Ошентип, өздөрүнө берилген малдардан белгилүү күндөрдө Алланын ысмы менен курмандык чалышсын! Андан өзүңөр да жегиле жана кедей-кембагалдарга да жегизгиле.
29. Анан алар кирлерин кетиришсин [34]. Ошондой эле, айткан убадаларын [35]аткарышып, Эски үйдү [36]тооп кылышсын [37].
30. Мына ушул, ким Алланын ардактагандарын жогору бааласа, (ошолор үчүн парыз). Аларга Эгесинин алдында жакшылыктар бар. Силерге арам экендиги [38]билдирилгендерден башка малдар адал кылынды. Эми ыплас сөлөкөттөрдөн [39]сактангыла! Ошондой эле жалган сөздөрдөн [40]сактангыла!
31. (Эгеңерге) чыныгы пенде болуп, Аллага шерик кошпогула. Ким Аллага шерик кошсо, анда ал асмандан жыгылып, аны куш чеңгелдеп алып кеткен, же болбосо шамал алыс жерге учуруп кеткен нерсе сыйактуу [41](болот).
32. Мына ошол (зыйанга учурайт). Ал эми ким Алланын белгилерин [42]улуктаса, албетте, ал жүрөктүн такыбалыгынан.
33. Курмандыктан белгилүү бир мөөнөткө чейин пайдалансаңар болот [43]. Андан соң анын орду Эски /й [44].
34. Биз ар бир коом үчүн аларга берген малдардан, Алланын гана ысмын атап, курмандык чалууну буйурдук. Анткени, Кудайыңар жалгыз – Алла! Ошондуктан Ага мойун сунгула. [45]Мойун сунгандарды кубандыр [46].
35. Алланын аты аталганда алардын [47]жүрөктөрү титиреп турат [48]. Өздөрүнө келген кыйынчылыктарга чыдап, намаздарын өз убагында аткарып, (Биз) берген ырыскылардан тиешелүү жерлерге сарпташат [49].
36. Төөлөрдү силер үчүн Алланын белгилери катары жараттык. Мына ушунда силер үчүн жакшылык бар. Аларды тургузуп [50]койуп, ага Алланын ысмын атагыла. Качан алардын жамбаштары жерге тийсе, (жаны чыккандан кийин) өзүңөр жеп, муктаждарга да, муктаж эместерге да жегизгиле [51]. Ошентип силер (Аллага) шүгүр кылышыңар үчүн, малдарды силерге багындырып койдук.
37. Курбандыгыңардын эттери жана кандары эч качан Аллага жетпейт [52]. Бирок, силердин такыбалыгыңар гана (Аллага) жетет [53]. Силерге туура жол көрсөткөн Алланы улукташыңар үчүн ушинтип малдарды силерге багындырып койдук. [54]Жакшылык кылгандарды (Бейиш менен) кубандыр.
38. Албетте: Алла ыйман келтиргендерди коргойт. Албетте, Алла бардык кыйанатчыларды жана жакшылыктын [55]баркын билбегендерди сүйбөйт.
39. Чындыгында чабуул жасалып [56], зулумдукка учурагандар үчүн согушуу үчүн уруксат берилди. Албетте, Алланын аларга жардам берүүгө күчү толук жетет.
40. Алар: “Эгебиз – Алла!”,– дегендиги үчүн гана жазыксыз жерден журттарынан куулгандар. Эгер Алла адамдардын кээ бирин башкасы аркылуу коргобосо кечилканалар [57], чиркөөлөр, иудейлердин сыйынуу жайлары [58]жана ичинде Алланын ысмы көбүрөөк аталган мечиттер кыйратылмак. Ким Алла жолунда [59]жардам берсе, Алла да ага жардам берет. Чындыгында, Алла – Күчтүү жана Ызааттуу!
41. Эгер аларды [60]жер жүзүнө (бекем) жайгаштырсак, алар намаздарды аткарып, зекет беришип, жакшылыкка чакырып, жамандыктан тыйышат. Акыйкатта, иштердин акыбети [61]– Аллага таандык.
42. [62]Эгер алар [63]сени жалганчыга чыгарышса, ырасында, алардан мурун Нухтун эли, Аад жана Самуд да эли (өз пайгамбарларын) “жалганчы” атыктырышкан.
43. Ошондой эле, Ибрахим эли менен Нух эли да (аларды “жалганчы” дешкен).
44. Мадйан эли да (Шуайпты) жалганчыга чыгарышып, Муса да “жалганчы” атыккан. Ошентип каапырларга (бир аз) мөөнөт бердим [64]. Андан соң аларды катуу кармадым [65]. Каарым кандай экен?!
45. Канчалаган заалым шаарларды тыптыйпыл кылдык. Алардын шыбы астын-үстүн түшүп жатат. Ошондой эле ээн калган кудук, ойрон болгон хансарайларды (карагылачы! ).
46. Алар [66]эмне (сайакаттап) жер кезбей жатышабы? Анан да, алардын түшүнө турган жүрөктөрү, уга турган кулактары болсо кана. Ырасында (каапырлардын) көздөрү сокур эмес [67]. Бирок көөдөндөгү жүрөктөрү сокур [68]!
47. [69]Алар сенден азаптын тез келишин талап кылышат. Алла Өз убадасына каршы чыкпайт. Чындыгында, Алланын алдындагы бир күн – силердин санак бойунча миң жылга тете.
48. Канчалаган шаарларга, алар заалым болгонуна карабастан (белгилүү бир) мөөнөт берип, андан кийин гана алдым [70]. Кайтуу мага (гана).
49. [71]“Эй, адамдар! Чындыгында, мен – бар болгону силеге ачык эскертүүчүмүн”, –дегин.
50. Ал эми (Аллага) ыйман келтирип, жакшы [72]амалдарды жасагандарга (Алланын) кечирими жана сыйлуу ырыскылар бар.
51. Айаттарыбызды бузууга жарышып аракет кылгандар – алар Тозок ээлери.
52. Сенден мурун деле, элчи, же пайгамбар жиберсек жана ал окуса, анын окуганына шайтан адашуу салган. Алла – шайтандын адаштыруусун жокко чыгарып, анан Өз айаттарын бекемдейт. Алла – Билүүчү, Даанышман!
53. Шайтандын үстөмдүгү – жүрөктөрүндө күмөн ооруусу барларга, жүрөктөрү катып калгандарга, аларды сыноо үчүн (жасалды). Албетте, заалымдар [73]абдан терең адашууда.
54. Илим берилгендер Курандын Эгеңден келген Акыйкат экендигин билип, андан жүрөктөрү жай алуусу үчүн (түшүрүлдү). Албетте, Алла ыйман келтиргендерди, туура жолго Багыттоочу!
55. Ал эми каапырлар келе турган Кыйамат кокустан келгенге чейин, же акыркы күндүн азабы келгенге чейин ыйык Курандан шектене беришет.
56. Ошол Күнү Кожойундук – Аллага гана таандык (болот). Алардын араларында [74](Алла) өкүм чыгарат. Ошондо ыйман келтиргендер, жакшы амалдарды жасагандар – Ырахат бактарында [75](болушат).
57. Каапырлык кылып, [76]айаттарыбызды жалган дегендерге кордоочу азап бар.
58. Ал эми Алла жолунда көчкөндөр [77], анан өлтүрүлгөн же өлгөн адамдарга, Алла мыкты ырыскыларды тартуу кылат. Албетте, Алла – ырыскы берүүчүлөрдүн эң Мыктысы!
59. Алла аларды ыраазы боло турган жайга киргизет. Чындыгында, Алла – Билүүчү, Жумшак!
60. Мына ушундай, ким өзүнө (жамандык) жасалган денгээлде гана жамандык кылууга укуктуу [78]. Эгер ким чектен ашса, албетте, Алла тигиге [79]жардам берет. Чындыгында, Алла –Кечиримдүү, Боорукер.
61. Мына, ырасында Алла түндү күндүзгө, күндүздү түнгө кошот. Акыйкатта, Алла – ар нерсени Угуучу, Көрүүчү!
62. Ырасында, Алла – Акыйкат! Албетте, алардын Алладан башкага сыйынгандары теке кетүүчү (сыйынуу). Акыйкатта, Алла – Бийик, Улуу!
63. Карабайсыңбы: Чындыгында, Алла – асмандан жамгыр жаадырып, жер жапжашыл болууда. Албетте, Алла – Ырайымдуу, Билүүчү!
64. Асмандар менен жердеги нерселердин баары – Алланыкы! Чындыгында, Алла – Бай, Даңктуу!
65. Чындыгында, Алланын жердегилерди жана Өз буйругу менен деңиздерде (сүзүп) жүргөн кемелерди силерге багындырып койгонун жана Өз буйругусуз асмандын жерге түшүшүн токтотуп турганын көрбөй жатасыңарбы? Чындыгында, Алла – адамдарга Ырайымдуу, Боорукер!
66. Алла – силерди тирилтти, анан өлтүрөт. Анан (Кыйаматта) кайра тирилтет. Ырасында, адам баласы (Аллага) шүгүрсүздүк кылат [80].
67. Ар бир коом үчүн, алар аткара турган бир эреже [81]жасадык. Ошондуктан алар [82]сени менен бул иш тууралуу тартышпасын. (Сен) Эгең тарапка чакыр. Сен, албетте, туура жол үстүндөсүң.
68. Эгер алар сени менен талашса, анда аларга: “Алла эмне жасап жатканыңарды жакшы билет”,– дегин.
69. Алла Кыйамат Күнү алар (силер менен) талашып-тартышкан нерселер тууралуу өкүм чыгарат.
70. Алланын жердеги, асмандардагы нерселердин (баарын) биле турганын билбейсиңби? Албетте, булар [83]Китепте жазылуу. Чындыгында, бул [84]– Аллага оңой!
71. Алар Алладан башка, ага [85]эч бир далил түшүрүлбөгөн жана ал жөнүндө өздөрүндө да эч бир маалымат болбогон нерселерге [86]сыйынышат. Ал заалымдар [87]үчүн (Кыйаматта) бир да жардамчы болбойт [88].
72. Ар качан аларга айкын [89]айаттарыбыз окулса, каапырлардын жүзүнөн каршылыкты сезесиң. Ошондуктан алар өздөрүнө айаттарыбызды окуган адамды баса кала жаздашат [90]. Аларга: “Эми силерге мындан да жаманынын кабарын берейинби? Ал – от! Алла аны каапырларга [91]убада кылган кандай жаман жай!”,– деп айткын.
73. Эй, адамдар! (Силерге Алладан) бир мисал келтирилди. Эми ошого кулак салгыла: “Силердин Алладан башкага сыйынгандарыңардын баары жыйналып келсе, бир чымынды да жарата албайт. Эгер чымын алардын бир нерсесин алып качса, андан аны куткарып да кала алышпайт. Анткени кубалаган да, кууган да алсыз [92].
74. Алар Алланын кадырын билип, чындап баалай алышпайт! Алла – Кубаттуу, Ызааттуу!
75. Алла периштелерден да, адамдардан да элчилерди тандап алат. Чындыгында, Алла – Угуучу, Көрүүчү!
76. Алардын алдындагыларды да [93], артындагыларды [94]да билет. Албетте, бардык иштер – Аллага кайтат.
77. Эй, ыйман келтиргендер! Рүкү [95], сежде кылып [96], Эгеңерге сыйынгыла жана (адамдарга, туугандарыңарга) жакшылык кылгыла. Балким, (тозоктон) кутулаарсыңар.
78. Алла жолунда чын дилиңерден күрөшкө чыккыла. Силерди Ал [97]тандап алды [98]. Силерге динде [99]кыйынчылык жараткан жок. (Ислам бул–) атаңар [100]Ибрахимдин жолу. Алла мурун да, ушул Куранда да пайгамбардын (Кыйаматта) силерге күбө болушун, силердин болсо башка (замандаш адамдарыңарга [101]) күбө болушуңар үчүн “мусулман” деп атады. Эми намазды толук аткаргыла. Зекет бергиле жана Алланы бекем кармангыла [102]! Кожойунуңар – Ошол [103]. Ал – кандай мыкты Жардам берүүчү!

.
.
[1]Хаж – Хаж, ажылык
[2]Кыйаматтагы жердин силкинүүсү
[3]Өтө коркунучту, ал үрөй учурган окуйа
[4]эмчек эмизип жаткан баласын
[5]Алар кыяматтын коркунучунан улам ушундай абалда…
[6]ЛавхулМахфузда
[7]Бир тамчы урук суюктугунан
[8]Өндүрүп? өстүрүп чыгарат
[9]жогоруда айтылган адамдын жаралышынан тарта, жерди тирилтүүгө чейинкилер баары
[10]пайгамбарсыз
[11]насаат
[12]Ошондой караңгы боло туруп дагы
[13]Адамдардын арасында
[14]Алланын сыноолорунун бири катары
[15]Кайгылуу күндөр, кырсыктар, оору, кедейлик, кордук…сыйактуу
[16]Алланын алдында шексиз кабыл болуучу улуу жана таза дин Исламдан
[17]Сөлөкөттөргө, тоого, ташка, мазарларга, сууларга ж.б.у.с.
[18]Алла
[19]пайгамбары Мухаммедке
[20]Бийик жайгашкан нерсеге, бийик нерсеге (мисалы, даракка, шыпка…)
[21]Өлүп көрсүн
[22]Эгер пайгамбар (а.с.) ошончолук эле ачуусу келсе, анда муунуп эле өлүп алсын
[23]Ушул аталгандардын кудай тууралуу талашкан маселелери бойунча Кыйаматта Алла Өз өкүмүн чыгарат
[24]Бул айат “сежде айаты” деп аталып, окуган да, уккан да сежде кылууга тийиш. А сежде кандай тартипте жасаларын билүү үчүн “Мухтасар” аттуу фикх китебинин А. Исмаиловдун кыргызча котормосунун Тилават сеждеси – он үчүнчү бөлүмүн караңыз.
[25]Аллага сежде кылбаган көптөгөн адамдардын жана жандуу, жансыз нерселердин баарына
[26]Момундар жана каапырлар тобу
[27]Арам ойлору
[28]Бул жерде: “Жакшы сөз”, - деген: “Алладан башка кудай жок”, - деген күбөлүк берүү келмеси
[29]Меккедеги жана Мединадагы эки ыйык Мечитке алып барчу жолдордо каапырлардын жүрүүсүнө тыйуу салынган
[30]Мекке шаарынын
[31]Каабага
[32]Сыйынуулары үчүн
[33]Адам Ата тарабынан алгач ирет курулуп, Бүткүл дүйнөлүк топон суу учурунда урап калган болчу, андан кийин Ибрахим алейхи саламдын дооруна чейин кайра курулган эмес.
[34]Чач, тырмактарын алышып, ихрамдан чыгышсын.
[35]Алла үчүн жасаймын деп өз ара убада кылып койгон курбандыгын чалат
[36]Каабаны
[37]жети жолу айланышсын
[38]Мааида сүрөсүнүн үчүнчү айатын караңыз!
[39]Наадан доордо адамдар сыйынган, кээ бир өлкөлөрдө азырга чейин сакталып калган эстелик кейиптүү сөлөкөттөргө сыйынуудан
[40]Жалган сүйлөөдөн, жалганды берилип угуудан...
[41]Алладан алыс калат
[42](курбандыктарынын) мыктысын, семизин сойуп
[43]Курмандыкка чалынганга чейин малды минүүгө, жүк ташууга, төлүнөн, сүтүнөн, жүнүнөн пайдаланууга болот. Ал эми курмандыкка сойулгандан кийин көптөгөн соопко ээ болот.
[44]Каабанын жанында курбандык чалынат
[45]Мухаммед (а.с.)га кайрылуу!
[46]Аллага сыйынууга дилгир адамдарды Бейиш кабары менен сүйүнчүлө
[47]момундардын
[48]Жараткандан коркуусу күчөйт
[49]Мисалы, зекет, үй-бүлөсүн багуу, үшүр, садака, кайрымдуулук ж.б.у.с.
[50]Алардын буту колун байлап туруп
[51]Катып албагыла!
[52]Аллага силер сойгон малдын эти да, каны да, эч нерсесинин кереги жок. Ал эч нерсеге муктаж эмес. Алла силер өзүңөр жакшы көргөн малыңардан Эгеңердин ыраачылыгын табуу үчүн сарптоого эркиңер жетеби-жетпейби, ошону сыноо үчүн курмандыкты буйруп койгон
[53]Курмандык чалуу – силердин канчалык такыба экендиктериңерди да көрсөтүп турат...
[54]Мухаммед (а.с.)га кайрылуу
[55]Алланын жасаган жакшылыктарын
[56]Силерге каапылар тараптан
[57]Чиркөөлөр
[58]Сенагогдор
[59]мусулмандарга жана ислам динине
[60]Мусулмандарды, момундарды, такыбаларды
[61]натыйжасы
[62]Мухаммед (а.с.)га кайрылуу
[63]Каапырлар, мушриктер, мунафыктар. ..
[64]Бул дүйнөдө өмүр сүрүү мөөнөтүн узагыраак кылып койдум...
[65]Өтө катуу азап менен алдым
[66]Каапырлар
[67]Кыйрап калган Помпей, Вавилон сыйактуу шаарларды кароого жете турган көрүү касетин аларга деле тартуулаганбыз.
[68]Көзү менен көрүп, кулагы менен угуп, колу менен кармап турган нерселерден туура тыйанак чыгарууга кудуретсиз, жөндөмсүз, алсыз...
[69]Мухаммед (а.с.)га кайрылуу
[70]Кырсык аркылуу кыйноо менен жандарын алдым
[71]Мухаммед (а.с.)га кайрылуу
[72]Бир гана Алланны ыраазычылыгына жетүү үчүн
[73]Зулумдук менен шугулданган адилетсиз каапырлар
[74]Алар тынбай талашып келген маселелер тууралуу
[75]Бейиште
[76]Куранды
[77]Алла ыраазычылыгы үчүн Меккеден Мединага көчкөндөр
[78]Өзүнө канчалык зулумдук жасалган болсо, ошончолук денгээлде өч алуу менен жооп берүүсү керек. Чектен ашып, кайра-кайра өч алууга Алла жол бербейт. Андайды Алла сөзсүз жазалайт.
[79]Ашыкча зулумдукка учураган адамга
[80]Алланын сансыз жакшылыктарын көрүп туруп, шүгүр келтирип, ыраазы болуп койбойт
[81]шариат
[82]Мухаммед (а.с.)га кайрылуу
[83]Бул дүйнөдө болуп өткөн, болуп жаткан жана келечекте болуучу баардык окуйалар... Акыретте эмнелер болоору...
[84]Эч нерсени калтырбай, баары тууралуу билүү –
[85]Мушриктер сыйынган сөлөкөттүн кудай экендигине
[86]Сөлөкөт-буддарга. .. ж.б.у.с.
[87]Өз жандарына өздөрү зулумдук кылып, Тозокко түшүрүүчүлөр
[88]Аларды Тозоктон куткарып алаар
[89]Маанилери түшүнүктүү
[90]Абдан жек көрүшөт. Анткени ал айаттарда алардын орду тозок экени ачык айтылып, жердеги алардын жыргалдарын жокко чыгарып жатпайбы
[91]Курандагы айаттардын чындыгына каршы чыккандарга
[92]Өтө алсыз…кудуретсиз, колунан эч нерсе келбеген, Алла тарабынан жаратылган жандар…
[93]Алар эми, мындан ары баштарынан кечире турган окуйаларды
[94]Алардын башынан мурда өткөн окуйаларды
[95]Намаз учурундагы колду тизеге койуп, эңкейип турган көрүнүш
[96]Бул айат “сежде айаты” деп аталып, окуган да, уккан да сежде кылууга тийиш. А сежде кандай тартипте жасаларын билүү үчүн “Мухтасар” аттуу фикх китебинин А. Исмаиловдун кыргызча котормосунун Тилават сеждеси – он үчүнчү бөлүмүн караңыз.
[97]Алла
[98]Ушул доордо, ушул чөйрөдө жаратып, адашуучулардын арасынан чыгарып, Бейишке кирүүчү мусулманга айландырды
[99]Ислам дининин эрежелерин аткарууну бардык шарттарга ылайыктап: үйдө да, сапарда да баратып, (ал тургай ооруп калгандар) намазды олтуруп, же жатып окуй турган кылып жөнөкөйлөтүп койду
[100]Ибрахим ( а.с.) - бүткүл мусулмандар үчүн өрнөк болуучу улуу пайгамбарлардын бири, Мухаммед (а.с.) пайгамбарыбыздын түпкү аталарынын бири, ал өтө такыбалыгы менен “ханиф” атка конгон
[101]Алардын Аллага, Анын акыркы пайгамбары Мухаммед (а.с.)га канчалык мойун сунуп, же четке какканына Кыйамат күнү күбө болушуңар үчүн
[102]Алланын жолун бекем карманып, ислам жолунан чыгып кетпештин бардык аракеттерин жасагыла.
[103]Алла Таала
Кай жерде болбо, ар дайым, ар качан, туболукко журогумдо жашайсын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#32 Пользователь офлайн   AZIK01   26 Апрель 2014 - 12:24

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 391
  • Катталган: 28 Апрель 13
  • Соңку аракети: 02 Май 2023 00:44
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Остралия

Бул кимдин котормосунан?
Кобун салыштырсам туура, так которууга создорубуз жетпейт экен.
Баарыңарга ьIůณан тынчтык, бекем ден соолук, эки дүйнөлүк бактылуулук каалайณ!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#33 Пользователь офлайн   vankuver   26 Апрель 2014 - 17:03

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 080
  • Катталган: 05 Июль 13
  • Соңку аракети: 05 Мар 2015 01:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:планета Кыргызстан

Шамсуддин Абдыкалыковдун котормосу.
Кай жерде болбо, ар дайым, ар качан, туболукко журогумдо жашайсын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#34 Пользователь офлайн   MUSLIM.   12 Май 2014 - 23:21

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 46
  • Катталган: 07 Апрель 14
  • Соңку аракети: 07 Ноя 2014 11:06

Кайсыл сайтан алдын жазып жиберсен
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#35 Пользователь офлайн   ROZI   15 Май 2014 - 09:49

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 457
  • Катталган: 12 Февраль 09
  • Соңку аракети: 24 Авг 2021 23:58
  • Жынысы:Белгисиз

БИСМИЛЛААХИР РОХМААНИР РОХИИМ

АЛЛАХ ТААЛАМА чексиз жакшы мактоолор жана шугурлор болсун жана саллаллаху алейхи ва саллям Мухаммед пайгамбарга жана анын сахабаларына салам салаваттар болсун!

*** Жаттаганга оной, кыргызча тамгалар менен жазылган Курандын суроолору:

“Аль- Фатиха1”
1. Бисмил-ляяхи ррахмаани ррахиим. 2. Аль-хамду лил-ляяхи раббиль-‘аалямиин. 3. Ар-рахмаани ррахиим. 4. Мяялики яумид-диин. 5. Ийяякя на’буду ва ийяякя наста’иин. 6. Ихдина ссырааталь- мустакыим. 7. Сыраатол-лязийна ан’амта ‘аляйхим, гайриль-магдууби ‘аляйхим ва ляд-дооллиин. Амин2.


“Аль-Курси”
Бисмил-ляяхи ррахмаани ррахиим. Аллаху ляя иляяхэ илляя хуваль-хайюль- кайюум, ляя та - хузухусинатув- валяя навм, ляхумаафис- самааваати вамаафиль-ард, мэн зал-лязии яшфя‘у ‘индаху илляя би изних, я‘ляму маа бэйнэ айдиихим ва маахальфахум ва ляя юхиитуунэ би шэйим-мин ‘ильмихи илля би маа шаа‘а,васи‘а курсийюху ссамаавати валь-ард, ва ляя яудуху хифзухумаа ва хуваль-‘алийюль- ‘азыим.



“Аль-‘Аср”
Бисмил-ляяхи ррахмаани ррахиим. Валь-‘аср. Инналь-инсээнэ ляфии хуср. Иллял-лязийнэ ээмэну ва‘амилю ссаалихаати ва таваасав билль-хаккы ва таваасав бис-сабр.



“Аль-Хумаза”
Бисмил-ляяхи ррахмаани ррахиим. Вайлюль-ликулли хумазатиль- люмаза. Аллязи джама’а мээлэв-ва ‘аддадахь. Яхсэбу аннэ мааляхуу ахлядэхь. Кялляя, ляюмбэзэннэ филь-хутома. Ва маа адраакя маль-хутома. Наарул-лаахиль- муукада. Аллятии таттоли’у ‘аляль-аф’идэ. Иннэхээ ‘аляйхим му’содэ. Фии ‘амадим-мумаддэдэ.



“Аль-Филь”
Бисмил-ляяхи ррахмаани ррахиим. Алям тара кяйфа фа’аля раббука би асхаабиль-фииль. Алямядж’аль кяйдахум фии тадлииль. Ва арсаля ‘аляйхим тайранабаабииль. Тармиихим бихиджаратим- мин сиджииль. Фаджа’аляхум кя’асфим-ма’кууль.



“Курайш1”
Бисмил-ляяхи ррахмаани ррахиим. Ли ииляяфи курайш. Ииляяфихим рихлятэш-шитээи вас-сойф. Фаль я’будуу раба хаазэль-бяйт. Аллязии ат’амахум мин джу’ийув- ва ээманахум мин хаувф.



“Аль-Ма’ун”
Бисмил-ляяхи ррахмаани ррахиим.
Ара эйтэ ллязии-йуказзибубиддиин. Фазэликэ-ллязиийэ- ду’уль-
ятиим. Уа ляя йахудду ’аляя та’амиль-мискиин. Фауайлюллиль-
мусаллиин. Аллязиина-хум ’ан салятихим саахуун. Аллязиина-хум
йураауун. Уа-йамна’ууналь- ма’уун.



“Аль-Кяусар1”
Бисмил-ляяхи ррахмаани ррахиим. Иннаа а’атайнакяль- кяусар. Фасалли лираббикя ванхар. Иннашааниэкя хуваль-абтар.



“Аль-Кяфирун”
Бисмил-ляяхи ррахмаани ррахиим. Куль йа аййухаль-кяяфируун. Ляя а’буду маа та’будуун. Ва ляяантум ‘абидууна маа а’буд. Ва ляя ана ‘аабидум-маа ‘абадтум. Валяя антум ‘аабидуна маа а’буд. Лякум диинукум ва лия дин.



“Ан-Наср”
Бисмил-ляяхи ррахмаани ррахиим.
Иза джаа анасру ллахи ва ль-фатх. Ва ра эйта ннааса йадхулюна
фии дии нилляхи афвуаджа. Фа саббих бихамди раббика
вастагфирьх, иннаху кяяна тауввааба.


“Аль-Масад”
Бисмил-ляяхи ррахмаани ррахиим.
Таббат йадаа Аби ляхабиу ва табб. Маа агна ‘анху маалюху ва
маа кясаб. Сайасля нааран заата ляхаб. Вамра атуху хаммаа лята-
ль-хатаб. Фии джидиха хаблюм мим масад.


“Аль-Ихляс”
Бисмил-ляяхи ррахмаани ррахиим.
Куль хува ллаху ахад. Аллааху ссомад. Лям ялид ва лям юуляд. Ва
лям йакул-ляху куфуван ахад.


“Аль-Фаляк”
Бисмил-ляяхи ррахмаани ррахиим.
Куль а’узу би раббиль-фаляк. Мин шарри маа халяк. Ва мин шарри
гасикын изээ вакаб. Ва мин шарри ннаффаасаати филь-‘укад. Ва мин
шарри хаасидин изээ хасад.


“Ан-Нас”
Бисмил-ляяхи ррахмаани ррахиим.
Куль а’узу би рабби н-наас. Мааликин-наас. Иляяхи н-наас. Мин
шариль-васваасиль- ханнаас. Аллязи йувасвису фии судуурин-наас.
Миналь-джиннати ван-нас.



Билдирүүнү түзөткөн: ROZI: 15 Май 2014 - 09:53

АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#36 Пользователь офлайн   VANCOUVER   18 Май 2014 - 00:29

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 058
  • Катталган: 12 Март 14
  • Соңку аракети: 23 Июл 2015 12:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ванкувер

Рози кечиресиз арабача мазмуну башка сайттарда толуп жатат.
Бул тема атайын кыргызча котормо мАаниси учун. Кыргызчасын илсениз жакшы болмок. Аягына чыгып коюу керек эле.

Убакыт учкан куш



  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#37 Пользователь офлайн   Shorobashat   20 Май 2014 - 18:26

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 583
  • Катталган: 01 Июнь 13
  • Соңку аракети: 13 Апр 2025 17:18
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ордолуу Ош

Ванкувер байке аягына чыгарасызбы жазып?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#38 Пользователь офлайн   aruuzat88   25 Май 2014 - 03:13

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 472
  • Катталган: 16 Апрель 13
  • Соңку аракети: 14 Янв 2022 22:57
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ыйык" Кааба "Медине.

Аллахым ыраазы болсун сизден.
СЕН УШУНЧАЛЫК ЖАКШЫ АДАМ БОЛГУН,
ЖАДА КАЛСА ДУШМАНЫҢ ДА ДУШМАН БОЛГОНУНА ӨКҮНСҮН.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#39 Пользователь офлайн   aruuzat88   25 Май 2014 - 03:15

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 472
  • Катталган: 16 Апрель 13
  • Соңку аракети: 14 Янв 2022 22:57
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ыйык" Кааба "Медине.

Плей маркетен китептерин телеме сактап алып окуп журом,билбегеними жаттап.Бирок ото кыска жазылган ал жакта.Сизге рахмат,дагы жаза бериниз.
СЕН УШУНЧАЛЫК ЖАКШЫ АДАМ БОЛГУН,
ЖАДА КАЛСА ДУШМАНЫҢ ДА ДУШМАН БОЛГОНУНА ӨКҮНСҮН.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#40 Пользователь офлайн   TolonturCN   20 Август 2014 - 12:11

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 28
  • Катталган: 20 Август 10
  • Соңку аракети: 10 Июн 2016 08:31
  • Телефон:15299729673
  • Калаасы:Кытай-Кызылсуу кыргыз автономиялуу областы

Аллах раазы болсун! керемет материал болбодубу.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Дин жана философия
  • Кийинки тема →

  • (3 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 7 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 7, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 20 Июл 2025 21:55

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: