Суперстан: Мен кыргыздын көмүскөдө акыны… - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (35 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 18
  • 19
  • 20
  • 21
  • 22
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Мен кыргыздын көмүскөдө акыны… Же "Sweet-Lika'дан бир элес". Өздүк чыгармалар топтому...)

#381 Пользователь офлайн   Sweet-Lika   27 Февраль 2014 - 02:14

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 10 685
  • Катталган: 30 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Июн 2025 00:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:HOME. LOVE. FAMILY.

Рахмат- раазычылыгым билдирем, бар болуңуздар! :достор:
–★★★—
Тагдырга көптөр ишенет,
Талашат мени бешенем.
Талмасы кармап тургансыйт,
Акылга жүрөк баш ийбей..

Сапары карга байлана,
Апапак азыр айлана.
"Түбөлүк сенсиң сүйгөнүм! "
Ант ичип турдуң каргана..

Байкасам көздөр муң ичтен,
Караба, мен да ант ичкем..
Каргышы болуп бирөөнүн,
Калбасам болду күйүккөн..

Билдирүүнү түзөткөн: Sweet-Lika: 27 Февраль 2014 - 02:17

В каждой шутке есть доля правды...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#382 Пользователь офлайн   Sweet-Lika   27 Февраль 2014 - 02:31

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 10 685
  • Катталган: 30 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Июн 2025 00:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:HOME. LOVE. FAMILY.

Ой толгоо..

Ээхх.. Оорубай жүрөлүчү,
Кайгырбай, күлөлүчү.
Капарсыз сапар улап,
Өмүрдү билеличи.
Кайнаса турмуш жолу
Сабыр деп күтөлүчү.
Айттырбай келет бир күн
Өлүмдү билеличи.
Оозго алган нанды
Адалдап ичеличи.
Алдаса, айырбаштап
арамды билеличи.
Өтмүшүң өтүп барат
Өткөрбөй куру бекер,
Карылык келсе эртең
Өкүнбөй жүрөлүчү.
Жароокер эр жүрөктүү
Жарандай тегиз карап,
Кетчүүдөй эртең эле
Өлүмдү күтөлүчү..


В каждой шутке есть доля правды...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#383 Пользователь офлайн   Sweet-Lika   15 Март 2014 - 22:44

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 10 685
  • Катталган: 30 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Июн 2025 00:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:HOME. LOVE. FAMILY.

***
Жан дүйнөмө жаңы дары тапканмын.
Ыйман менен ана баарын басканмын…
Эңсөө менен таарынууну негедир,
Кечээ эле кечирүүгө шашканмын..

"Жамансың" деп айталбаймын өзүңдү,
Керегисиң сен дагы бир Кайрандын..
Керектирсиң мүмкүн мага айрыкча,
Үнүм жетпейт..
Бирок канча сайрандым…

"Кайда болсоң аман бол" деп ар дайым,
Ак батаны нурлуу жүзгө тартканмын.
"Көрбөй өтсөм армандамын" дегенди,
Өчпөс үмүт, тилек менен басканмын…

P.S. Be happy Dad..!

В каждой шутке есть доля правды...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#384 Пользователь офлайн   Sweet-Lika   15 Март 2014 - 22:56

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 10 685
  • Катталган: 30 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Июн 2025 00:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:HOME. LOVE. FAMILY.

Баары бир..

Өчпөгөн үмүтүм өзүңдү саматат..
Өзгөгө сөз кылып, өзүңдү каратат..
Сырдашсам түндөсү сырдашым түндөгү,
Каалгып асманда Ай жылып баратат..

А бирок ойлобо сен мени таптакыр,
Байкоосуз жолугам бурулган жолуңдан.
Мурдагы ысымсыз сен мени жөн чакыр,
А бирок эңсебе кармоону колумдан…

Кылчаям баары бир сагынам ан сайын,
Азыр сен жанысың таптакыр башканын..
Мен дагы бактылуу өзүңсүз чөйрөдө,
Мен дагы жанымын.. А бирок башканын…

В каждой шутке есть доля правды...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#385 Пользователь офлайн   Sweet-Lika   15 Март 2014 - 23:19

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 10 685
  • Катталган: 30 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Июн 2025 00:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:HOME. LOVE. FAMILY.

Өткөн күндөр..

Кээ бир мүнөт эске келет..
Сагынам…
Кээ бир мүнөт өтүп кеткен
Кайгырам…
Кээ бир мүнөт кайра келбес..
Таарынам…
А бирок, келип-келип ушул күнгө багынам…

Кээ бир күнүм эске түшсө көздөрүмө жаш келет..
Кээ бир күнүм ушул күнгө уланаарлык жаш берет..
Кээ бир күнүм эстеп турсам жүрөгүмдү эзет да,
Кээ бир күнүм эстегенде көңүлдөргө таш себет..

Кээ бир жылым тете келсе кылым деле аз делет..
Кээ бир жылым айта келсе душмандарга кас келет..
Кээ бир жылым жылга алмашкыс, бирок өтөт убакыт,
Өткөн күндөр ушул күнгө тең келээрлик жаш берет..

В каждой шутке есть доля правды...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#386 Пользователь офлайн   Sweet-Lika   17 Март 2014 - 17:35

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 10 685
  • Катталган: 30 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Июн 2025 00:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:HOME. LOVE. FAMILY.


Жалыны күйөөр эле жанына жетпей туруп,
Жазганы сүрөт эле жамалын эптей куруп.
Жалган же чынын билбей жалынат бир сүрөткө,
Жарыктык ээсин жоктойт шамалга жүзүн буруп...

Жаралган жалганга да жамалы Айдан сулуу,
Жалынат "жарыгым" деп атасы, эне, уулу.
"Жашсың" деп аябады ажал да суктанганбы?
Келгенден кеткени тез, жалганы чындан улуу..

Күйүгүп турат азыр сүрөттү теше тиктей,
Жан таттуу кала берди артынан кошо кетпей.
Жер чапчып, ызасын ичине катты бирок,
Жан дүйнө жарым жандай, сүйлөсө үнү жетпей...

"Мейличи мезгил калыс, баарына, бардыгына,
Таңданам кең дүйнөнүн таарына, таардыгына.
Көзүмдөн өчүрбөсмүн жалжалым жамалыңды,
Кызыксыз бирок азыр өзүңсүз бардыгым да.."

Жер муштай кала берди жалындуу жаштыгында. ..

В каждой шутке есть доля правды...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#387 Пользователь офлайн   my_love9595   25 Март 2014 - 23:27

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 84
  • Катталган: 24 Март 14
  • Соңку аракети: 11 Май 2015 23:17

Ушул эжейдин жазганы оллллллооо жагат да кандайдыр бир озгочолук байкалып турат жана чыныгы сезимдерге суугарылып, нечен ирет талыкбай ойлонуудан жаралган кереметуу саптар!! !
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#388 Пользователь офлайн   Sweet-Lika   27 Март 2014 - 22:01

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 10 685
  • Катталган: 30 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Июн 2025 00:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:HOME. LOVE. FAMILY.


***
Кеңешип акыл менен макулдагам,
"Кетпе" деп жолун тороп жалынбагам. .
Жаш эле, а бирок кургур жүрөк,
Аргасыз ичтен күйүп жалындаган. .

Ойлонуп тургум келбей басып барам,
Ойлордон бир өзүңдү казып табам.
Ойлобо, кете бергин билгин бирок,
Ойлорго бир өзүңдү табыштагам. .

Сүйүүбү жарым жолдон табышпаган,
Күтүүнү бирөөлөргө багыштаган. .?
Сезимди күч-күч этип ээрчитип да,
Күүгүмгө барып мени табыштаган. .

Кезиксең тетири жол тандабаймын,
Кек сактап башканы да жандабаймын.
Кеч кирет аткан таңым үл-бүл шамдай,
Карч уруп мен жашоодон тапкан сайын..

Күлкүмдү багындырбас башкалары,
Кеч күздө келген конок сендей болуп.
Маңдай жарып күлгөнүңдө башкалары,
Күлкүңө ашык болбос мендей болуп.

Билдирүүнү түзөткөн: Sweet-Lika: 27 Март 2014 - 22:13

В каждой шутке есть доля правды...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#389 Пользователь офлайн   Sweet-Lika   27 Март 2014 - 22:15

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 10 685
  • Катталган: 30 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Июн 2025 00:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:HOME. LOVE. FAMILY.

Просмотр сообщения my_love9595 (25 Март 2014 - 23:27) жазган:

Ушул эжейдин жазганы оллллллооо жагат да кандайдыр бир озгочолук байкалып турат жана чыныгы сезимдерге суугарылып, нечен ирет талыкбай ойлонуудан жаралган кереметуу саптар!! !

Рахмат, раазычылыгым!
Бар болуңуз! :give_rose:

В каждой шутке есть доля правды...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#390 Пользователь офлайн   sumaya90   27 Март 2014 - 23:25

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 524
  • Катталган: 12 Март 14
  • Соңку аракети: 01 Сен 2020 03:03
  • Жынысы:Аялзаты

ийгилик сиздерге.
Аллах мээримдуу жана ырайымдуу!!!

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#391 Пользователь офлайн   Sweet-Lika   29 Март 2014 - 00:47

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 10 685
  • Катталган: 30 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Июн 2025 00:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:HOME. LOVE. FAMILY.


Атам менен Адашым…

Таңданып тосуп алдым тагдырдын тамашасын,
Көзүнө тигилип көп таппадым бир катасын.
Алыста келе жатты бейтааныш эки караан,
Кезиктим кечээ күнү, карачы көз карашын...

Быйтыйган колдору атасын бек кармап,
Секелек ушул да түшүмө көп кирүүчү.
Жолуктум бүгүн мен капыстан капталдап,
Бейкүнөө наристе ысымым тең бөлүүчү..

Жакындай келе берди эки караан..
Ордумдан жылалбайм, нес болуп өзүмчө.
Кызыңмын а бирок каныңдан жаралган,
Жат адам экөөбүз дүйнөбүз өз-өзүнчө..

Божурап сүйлөсө көөдөнүм аңтарып,
Көп эмес, аз убак колунан карматып..
Көңүлдү көмкөрүп ыйлабайм а бирок,
Кусалык аңына таштадың алпарып..

Качанкы таанышын тапкандай карашың,
Жүрөктү бырчалап баратат кара чын..!
Тааныбай өтүп кетиң дагы да.. Өкүндүм,
Кызыңмын атаке, жаныңда Адашым..

Каныбыз бир туруп жат адам бир-бирине,
Ичиркенип үшүп турдум көөдөнүм бир силкине.
Артыма кылчая бир жолу карадым да,
Уладым жолумду, келгенсип эми эсиме..

Баратам… Жол чети дарактар, теректер..
Азыркы ыйыма көп нерсе себепкер…
Ойгондум үшкүрүк оорлошо түшүмдөн,
Аз экен жалганда өзүмө керектер…

Адашым, Адашым, бейкүнөө карашың,
Жүрөктү канатып баратат кара.. Чын!
Мейличи мен эмес өзүң бол бактылуу,
Кандашым, секелек бейкүнөө Адашым..
*
Ооба, ыйлаймын.. Түш көрүп ыйлаймын,
Жанчып өзүмдү бир кыйла кыйнаймын..
Убакыт мезгилим тараза баарына,
Жашаймын.. Жашоонун сынына сынбаймын!


P.S. Be Happy!

Билдирүүнү түзөткөн: Sweet-Lika: 29 Март 2014 - 00:49

В каждой шутке есть доля правды...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#392 Пользователь офлайн   Sweet-Lika   29 Март 2014 - 00:58

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 10 685
  • Катталган: 30 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Июн 2025 00:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:HOME. LOVE. FAMILY.

Просмотр сообщения sumaya90 (27 Март 2014 - 23:25) жазган:

ийгилик сиздерге.

:give_rose: Рахмат, раазычылыгым!

В каждой шутке есть доля правды...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#393 Пользователь офлайн   Filantrop   30 Март 2014 - 19:41

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 297
  • Катталган: 28 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 08 Фев 2020 16:16
  • Жынысы:Эркек

машАллах азаматсын ) Ийгилик каалайм... Онор алды кызыл тил... Сүрөт

Билдирүүнү түзөткөн: Filantrop: 30 Март 2014 - 19:44

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#394 Пользователь офлайн   rnurzida   30 Март 2014 - 23:30

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 5 435
  • Катталган: 15 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 24 Май 2024 17:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Санкт-Петербург

Просмотр сообщения Sweet-Lika (29 Март 2014 - 00:47) жазган:


Атам менен Адашым…

Таңданып тосуп алдым тагдырдын тамашасын,
Көзүнө тигилип көп таппадым бир катасын.
Алыста келе жатты бейтааныш эки караан,
Кезиктим кечээ күнү, карачы көз карашын...

Быйтыйган колдору атасын бек кармап,
Секелек ушул да түшүмө көп кирүүчү.
Жолуктум бүгүн мен капыстан капталдап,
Бейкүнөө наристе ысымым тең бөлүүчү..

Жакындай келе берди эки караан..
Ордумдан жылалбайм, нес болуп өзүмчө.
Кызыңмын а бирок каныңдан жаралган,
Жат адам экөөбүз дүйнөбүз өз-өзүнчө..

Божурап сүйлөсө көөдөнүм аңтарып,
Көп эмес, аз убак колунан карматып..
Көңүлдү көмкөрүп ыйлабайм а бирок,
Кусалык аңына таштадың алпарып..

Качанкы таанышын тапкандай карашың,
Жүрөктү бырчалап баратат кара чын..!
Тааныбай өтүп кетиң дагы да.. Өкүндүм,
Кызыңмын атаке, жаныңда Адашым..

Каныбыз бир туруп жат адам бир-бирине,
Ичиркенип үшүп турдум көөдөнүм бир силкине.
Артыма кылчая бир жолу карадым да,
Уладым жолумду, келгенсип эми эсиме..

Баратам… Жол чети дарактар, теректер..
Азыркы ыйыма көп нерсе себепкер…
Ойгондум үшкүрүк оорлошо түшүмдөн,
Аз экен жалганда өзүмө керектер…

Адашым, Адашым, бейкүнөө карашың,
Жүрөктү канатып баратат кара.. Чын!
Мейличи мен эмес өзүң бол бактылуу,
Кандашым, секелек бейкүнөө Адашым..
*
Ооба, ыйлаймын.. Түш көрүп ыйлаймын,
Жанчып өзүмдү бир кыйла кыйнаймын..
Убакыт мезгилим тараза баарына,
Жашаймын.. Жашоонун сынына сынбаймын!


P.S. Be Happy!


Бардык эле ырларын жагат. Бирок, ушул ырын озгочо таасир калтырды. Журогум зырп эте, козумо жаш айланды. 100% болбосо да менин тагдырыма окшош жашоону чагылдырыпсын. Талантына таазим! Бар бол! Калемин курчуй берсин!
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек. Ты лучше.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#395 Пользователь офлайн   Sweet-Lika   30 Март 2014 - 23:37

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 10 685
  • Катталган: 30 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Июн 2025 00:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:HOME. LOVE. FAMILY.

Просмотр сообщения rnurzida (30 Март 2014 - 23:30) жазган:

Бардык эле ырларын жагат. Бирок, ушул ырын озгочо таасир калтырды. Журогум зырп эте, козумо жаш айланды. 100% болбосо да менин тагдырыма окшош жашоону чагылдырыпсын. Талантына таазим! Бар бол! Калемин курчуй берсин!


Бул ырды дагы бир Жан окубасын...:79:

Рахмат эжоо,
жүрөккө өтө жакын албаңыз ээ:give_rose:.

В каждой шутке есть доля правды...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#396 Пользователь офлайн   Sweet-Lika   30 Март 2014 - 23:39

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 10 685
  • Катталган: 30 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Июн 2025 00:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:HOME. LOVE. FAMILY.

Просмотр сообщения Filantrop (30 Март 2014 - 19:41) жазган:

машАллах азаматсын ) Ийгилик каалайм... Онор алды кызыл тил... Сүрөт

Рахмат Фили, бар болуңуз! :бууум:
В каждой шутке есть доля правды...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#397 Пользователь офлайн   rnurzida   30 Март 2014 - 23:45

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 5 435
  • Катталган: 15 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 24 Май 2024 17:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Санкт-Петербург

Лика синдиме Жараткан ме деп эле талантты берген экен да. Ар бир ыры озунчо таасирдуу. Ар бир сабы не бир сонун маанини тушундурот. Азаматсын! Ийгилик!
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек. Ты лучше.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#398 Пользователь офлайн   dinooou   30 Март 2014 - 23:46

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 534
  • Катталган: 13 Август 13
  • Соңку аракети: 23 Июн 2023 11:23
  • Жынысы:Аялзаты

Эн сонун!
Келечектен копту умуттондургон, улуу акын, жазуучу болунуз!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#399 Пользователь офлайн   Sweet-Lika   30 Март 2014 - 23:54

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 10 685
  • Катталган: 30 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Июн 2025 00:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:HOME. LOVE. FAMILY.

Просмотр сообщения rnurzida (30 Март 2014 - 23:45) жазган:

Лика синдиме Жараткан ме деп эле талантты берген экен да. Ар бир ыры озунчо таасирдуу. Ар бир сабы не бир сонун маанини тушундурот. Азаматсын! Ийгилик!

Бул сиз айткан "талант" бир адамга кезикпесем, бейпил уйкуда жатмак беле ким билет..?
Рахмат эжоо, уялтып жибердиңиз. .:gul:

В каждой шутке есть доля правды...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#400 Пользователь офлайн   Sweet-Lika   30 Март 2014 - 23:57

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 10 685
  • Катталган: 30 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Июн 2025 00:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:HOME. LOVE. FAMILY.

Просмотр сообщения От 30 Март 24 - 23:46

Эн сонун!
Келечектен копту умуттондургон, улуу акын, жазуучу болунуз!


Рахмат чооң! :give_rose:
Бар болуңуз!

В каждой шутке есть доля правды...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (35 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 18
  • 19
  • 20
  • 21
  • 22
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 4 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 4, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 24 Июл 2025 03:15

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: