Суперстан: Шумдугуң кургур - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Эркин тема
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (163 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 39
  • 40
  • 41
  • 42
  • 43
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Шумдугуң кургур Бири-бирибизди таң калтыралы

#801 Пользователь офлайн   jasko   12 Март 2014 - 16:33

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 323
  • Катталган: 24 Апрель 13
  • Соңку аракети: 03 Июл 2025 02:15
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош шаары

Ой,укмуууш деш керек беле?Мен сиздин кээ бир жазгандарынызга ишене албадым,бул эмгектер башкалардыкы болсо да!
Мы никогда не будем моложе,
Живи здесь и сейчас.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#802 Пользователь офлайн   kapriznyi   12 Март 2014 - 17:15

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 88
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 12 Мар 2014 18:14
  • Жынысы:Белгисиз

Жогорудагы коммент калтыргандарга түшүндүрүп кэтсэм да, түшүнбөгөндөргө аябай таң калгандан башка аргам да жок. Бир нэрсэ түшүнөсүңөрбү өзү? (ущуннчалык эсин жоготуп, таң калган быйтыкча...) Күлкүм кэлибатыр...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#803 Пользователь офлайн   kapriznyi   12 Март 2014 - 18:03

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 88
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 12 Мар 2014 18:14
  • Жынысы:Белгисиз

Аягы өлүм менен бүткөн төшөк кумарлары:

- 2001-жылы Америкалык турист Роберт Жиль Филлипиндеги отелдердин биринде 21 жаштагы айымдын порнографиялык сүрөттөрүн көрүп жатып жан берген. Бул 53 жаштагы туристтин делебеси абдан козголуп, жүрөгү андай сыноону көтөрө алган эмес.

- Агибис Хунгао 2002-жылы Филлипиндеги Dragon отелинде бир канча өзгөчө жыныстык катнашка барган. Ага аялы жана ойношу катышкан. Секс учурунда эркектин жүрөгү токтоп калып, аялдары "тез жардам" чакырууга үлгүргөн эмес. Дарыгерлер, «виаграны көп колдонгон жана ченемсиз сексуалдык жырткычтыкка барган» деп өлүм тууралуу кагаз жазып берген.

- Цирк дрессировщиги Ганнибал Кантори 1993-жылы өзүнүн аялын тумчуктуруп, андан кийин өз өмүрүн кыйган. Бухаресттин полициясынынын айтымында, Ганнибал өзүнүн жазып кеткен катында аялын жылкы менен жыныстык катнашка баруусун талап кылганы үчүн мындан кийин жашай албастыгын жазган.

- 2002-жылы Филлипинде арака тойгон достор "кимдин аспабы чоң" деп жарышкан. Арасынан бирөөнү шылдыңдап Эдуардо Кристомар аттуу мырза үнүнүн болушунча каткырып кирген. Намыстана түшкөн берки жигит ойлонбостон тапанчасын октоп, каткырып жаткан Эдардону башка аткан.

- Саймон Берли төшөк кумарына батуунун өзгөчө ыкмаларын жакшы көрчү экен. Ал сүйүктүүсү менен "дарга асмай" ыкмасын кылууну чечкен. Өзү үстөл үстүнө чыгып, моюнуна арканды салып, сүйүктүүсү Элизабет Хэллам менен сексуалдык катнашка барган. Ошол учурда үстөл кулап кетип жипке моюнунан асынып калган. Жипти кесүүгө даярдалган бычак абдан мокок болуп чыгып, жипти кесе албай калгандыктан 38 жаштагы мырза өмүрү менен коштошкон.

- 2002-жылы Анита Харолд жана Ричард Ланг аттуу түгөйлөр жагымдуу маанайда кечти өткөрүп жүрүшүп, унаа менен көл жээгине токтошкон. Бири-бирине болгон каалоолору күчөп, машинаны өчүргөндү унутуп коюп, кумарга батышкан. Алардын кыймылы машинаны силкинтип жибергендиктен машина жылып кетип, көлгө кулап түшкөн.

- 1999-жылы Румыниялык футбол жылдызы Марои Буженау жана дос кызы ыңгайлуу жерге барууга чыдамдары жетпей калып, гаражында турган жеринен «футболчунун» мерседес унаасында катнашка барышкан. Марио унаанын кыймылдаткычын өчүрүүнү эсинен чыгарып коюп, андан чыккан газга ууланып өлүшкөн.

- Япониялык 34-жаштагы Саси жана Томио Хидака Этилер үйлөнүү үлпөтүн он жылдан ашык күтүшкөн. Бул аралыкта алар акылдуулукка салып жатабыз деп, бири-бирине жакындаган эмес. Качан гана нике түнү болгондо жаш жубайлардын жүрөктөрү туруштук бере албай, каза болушкан.

- Сандра Ореллана аттуу айым мейманкананын сегизинчи кабатынан кулап кетип дүйнө салган. Анын себеби, ал өзүнүн жетекчиси менен жыныстык катнаш учурунда ыкманы алмаштырып жатып жаза басып, тең салмактуулукту жоготуп койгон.

- 22 жаштагы Роза Вела аттуу айымдын жолдошу узак убакытка иш сапарга кетип баратып, жубайынын башка менен болбоосу үчүн темир ич кийим кийгизип кеткен. Күйөөсү келгенче Роза Вела темирден жаракат алып, кансырап өлгөн.


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#804 Пользователь офлайн   Jamalym   12 Март 2014 - 19:05

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 347
  • Катталган: 06 Март 12
  • Соңку аракети: 21 Дек 2021 08:12
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Эски шаар

Жаздын келиши менен менин да иммунитетим начарлап грипп болуп жатам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#805 Пользователь офлайн   Emilia.kg   12 Март 2014 - 20:31

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 357
  • Катталган: 17 Апрель 13
  • Соңку аракети: 27 Мар 2021 18:41
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Жер

Просмотр сообщения jasko (12 Март 2014 - 16:33) жазган:

Ой,укмуууш деш керек беле?Мен сиздин кээ бир жазгандарынызга ишене албадым,бул эмгектер башкалардыкы болсо да!


Жакпаса кирбе, сага Жакпаса бизге жагып жатат.
Баары жакшы болот!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#806 Пользователь офлайн   Nazbike   12 Март 2014 - 22:07

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 31
  • Катталган: 08 Март 14
  • Соңку аракети: 07 Апр 2014 11:24
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Суперстан

Мага ушул тема аябай жагат, форумга киргенде биринчи ушул жака баш багам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#807 Пользователь офлайн   ANGEL_   15 Март 2014 - 17:20

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 587
  • Катталган: 13 Январь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2023 05:28
  • Жынысы:Аялзаты

-Бегемот суу астында туулат.
-Чиркейлер банандын жытына өтө сезимтал
келишет.
-Мышыктан коркуу - айлурофобия деп аталат.
-Мындан 3000 жыл мурда египеттиктердин
көпчүлүк бөлүгү 30 жашка чейин гана өмүр сүрүшчү.
-Жаңы калем сап кармаган адамдардын 97%ы
биринчи кезекте сөзсүз түрдө өзүнүн атын жазып
көрөт.
-Дүйнөдөгү эң кыска мөөнөттүү, болгону 38
мүнөткө созулган согуш 1896-жылдын 27- августунда Англия менен Занзибардын
ортосунда болуп өткөн.
-Сакал 7-15 миң кылдан туруп, бир жылда 14
сантиметрге чейин өсөт.
-Монаконун улуттук оркестриндеги артисттер
өлкө армиясынын жалпы санынан көптүк кылат.
-Нил дарыясы эки жолу - IX жана XI кылымдарда
тоңгон.
-Алжирде сыядан турган көл бар. Бул көлдүн
суусу менен кадимкидей кагаз бетине жаза берсе
болот.

Билдирүүнү түзөткөн: ANGEL_: 15 Март 2014 - 17:20

Эгер жашоону түшүнгүң келсе - айтылып жана
жазылып жаткандардын баарына ишене берүүңдү
токтот. Андан көрө, көңүл төшөп көзөмөлдө жана
сезимиң менен ирге.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#808 Пользователь офлайн   Jamalym   15 Март 2014 - 20:04

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 347
  • Катталган: 06 Март 12
  • Соңку аракети: 21 Дек 2021 08:12
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Эски шаар

Ангел кызыктуу маалыматтар экен,дагы жазыныз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#809 Пользователь офлайн   Ilyazchik   15 Март 2014 - 21:05

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 202
  • Катталган: 28 Январь 12
  • Соңку аракети: 20 Июн 2018 21:04
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Укмуш маалыматтар экен.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#810 Пользователь офлайн   oooald   16 Март 2014 - 01:21

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 277
  • Катталган: 18 Февраль 12
  • Соңку аракети: 06 Апр 2017 13:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:москва

мага да абдан кызыктуу ушул тема
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#811 Пользователь офлайн   lucky_star   17 Март 2014 - 16:41

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 230
  • Катталган: 05 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 07 Июл 2019 03:54
  • Жынысы:Аялзаты

3 в 1 эжеке банга кеткенден бери ушул теманын жаны тынып калгандай...

АльхамдулиЛлях!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#812 Пользователь офлайн   saltanat.   17 Март 2014 - 20:50

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 8 229
  • Катталган: 25 Февраль 13
  • Соңку аракети: 10 Фев 2025 14:40
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кереметтүү жерде.

Сырдуу заманбап оорулар

Заманбап медицинасы
Заманбап медицинасынын жетишкендиктеринин жардамы менен азыр көп деген ооруларды жеңсе болот. Бир чети мыкты окумуштуулар дагы өздөрүн алардын алдында алсыз сезген оорулар да бар. Анда адамдарды куураткан ушул коркунучтуу оорулар тууралуу сөз кылалы.

Тери оорулары
Бул оору менен окумуштуулар жакында эле таанышышты. Анын белгилери кадимки фантастика тасмаларындагы бокочолордун элесин эстетет. Бул оору менен жабыркагандар денелеринде же терисинде бир нерселер же курт кумурскалар жүргөндөй сезишет, кыжаалат болушат, өтө катуу кыйналышат. Андан кийин ал жерлерде ачык жаракаттар пайда болот.

Өнөкөт чарчоонун синдрому
Көпчүлүк кадимки чарчаңкы абалды өнөкөт чарчоонун синдрому менен алмаштырып алышат. Бул синдром менен жабыркаган адамдар бир нече күн бою төшөктөн тура абай жатып калышат. Алар абдан чарчап иш кылганга эмес турганга да күчү жетпей калат. Өздөрүн абдан алсыз сезишет жан эч нерсеге көңүлдөрү келбейт. Денелик жактан да, акыл жактан да абдан алсыз болуп жабыркашат.

Крейтцфельд- Якобдун оорусу (спастический псевдосклероз)
Бул оору болсо көбүнчө «уйдун жинденгени» деген ат менен белгилүү. Себеби, бул ооруну оорукчан жаныбардын этин жеп жуктуруп алышат жана көпчүлүк учурда уйдун этин жеп жуктуруп алышкан. Аны уй менен байланыштырып койюшканы да ушундан. Ал эми окумуштуулар болсо ушул убакка чейин анын дарысын таба албай же эмне болгон оору экенин аныктай албай кыйналышат.

Шизофрения
Шизофрения — бул психика бузулган абдан сырдуу оору. Бул оору менен жабыркаган адам чыныгы жашоо менен фантазиянын ортосунан чыга албай калат. Анын белгилери абдан эле көп: галлюцинацияга кабылат, тантырап сүйлөйт, сөздөрдү толук айта албай калат. Окумуштулар бул оорунун аныкташканы менен дагы деле аны эрте айыктыруунун жолун ойлоп табыша элек.

Аутоиммундук бузулуу
Ага теринин кургак учук жана деңиз ооруларын киргизсе болот. Бул оорулар абдан көп жана алардын баардыгы тажрыйбада индивудалдык мүнөзгө ээ. Ошондуктан алардын көпчүлүгүнүн келип чыгышы окумуштууларга дагы деле сыр боюнча калууда.

Аллотрифагия
Бул ооруну дагы башкача бузулган табит деп аташат. Анткени ага кабылган адамдардын денелик же психикалык жактан тамак жегиси келип, организми өзгөчө тамактарды талап кыла баштайт. Түшүнбөй калдыңыздарбы? Ал мындайча: боор, көмүр, барак же топурак сыяктуу азыктарды жегиси келе баштайт. Кээ бир окумуштуулар аны организмде минералдардын жетишсиздиги менен байланыштырышат, бир чети аны дарылоо жолун дагы деле ойлоп табыша элек.

Куш тумоосу
Бул дагы заманбап оорулардын катарына кирет. Адамдардын сасык тумоосунун вирусуна иммунитети жок, ошондуктан эпидемия учурунда баардыгы жөтөлүп, чүчкүрүп, денелери ысып, шалдырап кыйналышат. Бир чети чымчык тумоосу адамдын организмине өтө чоң олуттуу маселени жаратат. Себеби, бул ооруга кабылган көптөгөн адамдардын өмүрү трагедия менен аяктаган. Ошондуктан өмүргө кол салган бул коркунучтуу ооруга окумуштуулар вакцина ойлоп таба алышпай кыйналып келишет.

Суук тийүү
Эч кандай күнөөсү жок, жеңил оорудай эле сезилет жана жыл сайын дүйнөлүк экономикага миллиарддаган доллар залакасын тийгизет. Жыл сайын анын айынан миллиондогон оорулуулар жумушка чыгышпайт. Ошого карабай окмуштуулар бул жагымсыз оорудан адамдарды биротоло кутулткан таасирлүү вакцина ойлоп табыша элек

Альцгеймердин оорусу
Картайганда көпчүлүктүн эс тутуму начарлайт, бир чети Альцгеймер оорусу менен жабыркагандардыкы өтө бат өтүп кетет. Альцгеймер оорусунун келип чыгышынын себеби белгисиз жана ошондуктан таасирлүү айыктыруунун жолун окумуштуулар дагы деле ойлоп табыша элек

СПИД
Анын биринчи жолку көрүнүшү мындан 25 жыл мурун белгиленген. Бүгүн бул өтө коркунучтуу оору биздин планетанын баардык бурчтарына тийип өттү. Өзгөчө аны менен өнүккөн мамлекеттер жабыркап жатышат. Анын дарысы ойлоп табыла элек. Ал адамдарга катуу жаза сыяктуу эле коркунучтуу болуп калды.
Никогда не путай мой характер с моим отношением. Мой характер зависит от меня, а мое отношение - от твоего поведения.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#813 Пользователь офлайн   saltanat.   17 Март 2014 - 20:51

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 8 229
  • Катталган: 25 Февраль 13
  • Соңку аракети: 10 Фев 2025 14:40
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кереметтүү жерде.

Жер жүзүнүн кыйрашына чоң салым кошкон таракандар

Таракандардын укмуштуудай ааламы
Жийиркеничтүү, кара, күрөң түстүү таракандарды баардыгыбыз билгенибиз менен алардын ааламы, жашоосу тууралуу эч нерсе билбейбиз. Көрсө алардын ааламы укмуштуудай таң калыштуу экен.

Коркунучтуу таракандар
Биринчиден алардын 4000ден ашык түрү бар жана жалпысынан алганда баардыгы зыянкечтер аталышат. Адамдарга ар кандай ооруларды алып келишет жана биз колдонгон өсүмдүктөрдү жеп жок кылышат.
Экинчиден алардын ургаачысы уруктангандан кийин бир нече жолу боюна бүтүп, үй-бүлөсүн сактап калат.

Бир айлап тамаксыз жашай берген таракандар
Алар бир айлап эч кандай тамаксыз, жумалап суусуз жашай беришет. Эң коркунучтуу душмандары адамдар болушат. Бирок кечки жарыктан коркушпайт. Муну баары менен эле алардын жоруктары жана жашоосу бүтүп калбайт. Ошондуктан тереңирээк карап көрөлү.

Таракандардын дүйнөсү таң калыштуу
Үйдө дубалда же жерде басып жүргөн таракандарды көргөндө корккондон кымгуутка түшөбүз. Ал эми учуп жүргөндөрүн көргөндө таптакыр эле коркунуч пайда болот. Бирок, табигат бизге боору ооруп, анын бир түрүн гана жаратыптыр. Ошондуктан 4000 таракандардын ичинен бир түрү гана уча алат жана алар түндүк Африкада жашашат. Бул таракандардын сүрдүү канаттары 18-19 сантиметрди түзөт.

Жел
Таракандар ар бир 15 мүнөт сайын жел чыгарып турушат. Өлүп калгандан кийин деле алар осурганын он сегиз саат (18) ичинде токтотушпайт. Эми бир эле таракан ушундай жолго барып жатса, калган дүйнө жүзүндөгү таракандардын баардыгынын кылган жоруктарын элестетүү кыйын. Жалпысынан алып караганда дүйнөдөгү таракандар жер жүзүндөгү 20% метанды чыгарып турушат. Ошентип алар жер жүзүнүн кыйроого учурашына чоң салым кошуп жатышат.

Таракандардын алсыздыгы
Эгер таракандар чалкасынан жатып калса, анда өлүшөт. Анын себеби, ал жөн гана артка тура албай калышында. Эгер пол тегиз жана жылмакай болсо, бул туура өлүм. Эгер андай эмес болсо, анда аларга жашап кетүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Эң кызыктуусу чымын-чиркейлер менен күрөшчү каражаттарда биринчи алардын булчуңдарын жабыркатуучу уулар бар.

Таракандардын ышкырыгы
Таракандардын ышкырыгы дүйнө жүзүндө белгилүү. Алардын бир түрү өтө тез кыймылда катуу ышкырык чыгара алышат. Муну окмуштуулар алардын ааламын изилдеп жүрүп Мадагаскар деген таракандардан табышкан. Дал ушул ышкырыктарды тасма жаратуучулары көп колдонушат.

Таракандарга баш маанилүү эмес
Таракандарга башы жок жашай бериш маселе деле жаратпайт. Бул зыянкечтер мурду менен эмес баардык денесиндеги клеткалар менен дем алышат. Анын үстүнө аларда кан дагы жок. Демек кан басымы да жок. Ошондуктан алар үчүн баш маанилүү деле мүчө эмес жана кайсы бир убактарда башы жок эле жашап жүрө беришет.

Ден соолукка зыян
Таракандар адамдын организмине зыян алып келип, аллергия чакырышат. Көбүнчө астма оорусун. Бул нерсе мындан элүү (50) жыл мурун далил болгон. Орто эсеп менен алганда көп кабаттуу үйлөрдө бул аллрегиялык ооруну чакырган тогуз жүздөн (900) баштап, 300 000ге чейин чымын-чиркейлер жашашат.

Тездик
Алардын жашоосундагы дагы бир кызыктуу көрүнүш алардын таң калыштуудай ылдамдыгы. Америкалык таракан бир секундда 75 сантиметр аралыкта чуркай алат. Бул алардын дене-мүчөсү үчүн өтө эле тез ылдамдык. Алар чуркап жатканда көзүнө ишенишпейт. Көздүн ордун антенна сыяктуу иштеген буттары жана муруттары алмаштырат.

Радиация
Таракандар радиацияларды мыкты көтөрө билишет. Эгер адам 500гө жакын радиациянын таасирин көтөрө ала турган болсо, а таракандар 6500дү. Көрсө, “ядролук согуштан кийин жалаң гана таракандар аман калышат” деген сөздөр да бекеринен айтылбайт экен.

Никогда не путай мой характер с моим отношением. Мой характер зависит от меня, а мое отношение - от твоего поведения.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#814 Пользователь офлайн   saltanat.   17 Март 2014 - 20:52

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 8 229
  • Катталган: 25 Февраль 13
  • Соңку аракети: 10 Фев 2025 14:40
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кереметтүү жерде.

Балдар тууралуу эң кызыктуу фактылар


Бул дүйнөдөгү эң таза периште бөбөктөрүбүздү келе жаткан 1-июнь балдарды коргоо күнү менен алдын ала куттуктап кетмекчибиз жана балдар тууралуу эң кызыктуу фактыларды айтып бермекчибиз.

Эң...Эң...Эң. ..
Эң жаш хан
Англиялык хан Генрих VI 1422-жылдын 1-сентябрында тогуз айында такка олтурган.

Эң көп балалуу ата
Марокколук султан Исмаил дүйнө жүзү боюнча эң көп балалуу ата болуп эсептелет. Камкор ата 548 уулун жана 340 кызын тарбиялайт.

Эң акылдуу бала
Ганеш Ситам-палам ааламдагы эң акылдуу бала деп айтылат. Жети жашар бала сабактардын баарын дароо эле өздөштүрүп коёт. Мындай деңгээли менен ал 13 жашында бакалавр даражасына жетсе болот.

Эң жаш музыкант
Вольфганг Амадей Моцарт 3 жашында музыка жазып баштаган.

Эң көп төрөлгөн Кытайдагы уул балдардын тагдыры
Кытайда эл өтө эле көп болуп, аймагында батпай бараткандыктан ата-энелерге бир балалуу болгонго гана уруксат берилет. Жыйынтыгында болсо кытайлыктар: “бир балалуу болгонго жараша уулдуу болгонубуз жакшы” дешип, УЗИ кыз баланы көрсөткөн учурда көпчүлүгү боюнан алдырып салуу адаты салтка айланып кеткен. Азыр ошондуктан Кытайда аялдардын жетишсиздик коркунучу күч алган. Алар эркектерге караганда 20 миллионго аз.

Эң жаш өспүрүм ата-эне
Эң жаш ата-эне 8 жана 9 жаштагы өспүрүмдөр болушкан. Алар 1910-жылы Кытайда жашашкан.

Башка улуттардан бир жашка улуу корей балдары
Кореяда бала тогуз айга чыкканда эле жаш берип коюшат. Ошондуктан алар башка өлкөлөрдүн балдарынан дайыма бир жашка улуу.

Эң көп төрөлгөн эм балдар
Нигерияда эм балдар абдан көп төрөлөт. Бир учурда эле 11 эм бала төрөлөт (жалпы 22).
Японияда да эм кыздар көп төрөлөт. Бир учурда 250 төрөт болот.

Эң эски оюнчук
Археологдордун тапкан оюнчуктарынын эң эскиси 3000 жылга сакталып калганы белгилүү. Ал Байыркы Персиянын аймагынан табылган жана азыр Луврда сакталуу.

Эң атактуу тиши бар төрөлгөн атактуу ымыркайлар
Жок дегенде 2000 ымыркайдын ичинен бирөө тиши менен төрөлөт. Негизи бала эмчек эмгенде алаксып жана апасынын эмчегин оорутпаш үчүн биринчи тиши жок төрөлүш керек. Кызыгы тиши менен төрөлгөн балдардын арасына эң атактуу адамдар да кирет экен. Мисалы, Юлий Цезарь, Ганнибал, Шарлеман, Наполеон, Муссолини жана Гитлер.

Эң көп сүйлөгөн немис балдары
Заманбап технологияны эң бат үйрөнүүчү жана баарлашууну жакшы көргөн балдар немис улутундагылар экен. Тогуз жашында алар экинчи уюлдук телефондорун көтөрүп калышат.

Эң көп майрамдалган балдарды коргоо күнү
Дүйнө жүзүндө балдарды коргоо күнүн бир күн майрамдашса, Сейшелде балдарды коргоо күнүн бир ай бою белгилешет.

“Ур токмок үчүн бала”
15-18-кылымдарда Англияда “ур токмок үчүн бала” түшүндүрмөсү бар болчу. Бул көрүнүштө ханзаадаларды тарбиялашчы жана күнөөлөрү үчүн жазалашчы. Албетте ханзаадалардын өзүн эмес (Хандын тукумуна кол тийгенге уруксат берилген эмес), алар менен чогуу тарбия алышкан балдарды. Тажрыйба көрсөткөндөй мындай ыкмалар оң жыйынтыктарды көрсөткөн. Анткени ханзаадалар ур токмок үчүн дайындалган балдар менен гана ойногонго акылары бар болчу. Аларды канча жазалаган сайын, алар акыл-эстүү, боорукер, жөнөкөй болуп чоңоюшкан.

17-кылымдагы балдардын китепканасы
17-кылымда Людовик XIV өз баласына тарбия берүү максатында атайын рим жана грек классикасын үйрөтүүнү көздөп атайын китепкана ачылсын деп буйрук берген. Китептер абдан көп болгондуктан анын максаты 28 жылдан кийин гана ишке ашкан. Бул учурда баласына китепкана кереги жок болуп калган.

Америкадагы жоголуп кеткен 7 миллион бала
1987-жылы 15-апрелде Америкада мыйзамдуу түрдө 7 миллион бала жоголуп кеткен.

Ата-эне болуу убактысы
Европалыктар орточо эсеп менен алганда 29 жашында ата-эне болушат. Ал эми орусиялыктар 20 жашынан баштап, Индияда 19 жашынан, ал эми бизде 18 жаштан баштап ата-эне болгонго акылары бар.
Апасынын канынын тобу 1, ал эми атасыныкы 2 болсо, анда күтүүсүздөн 3 тобундагы бала төрөлөт. Баланын канынын тобу ата-энесинин бирөөсүнүкү менен айкалышат же экөөнүн жыйындысынан келип чыгат.

Фараон Рамзестин 160 баласы
Фараон Рамзестин 160 баласы болгон, албетте ар башка аялдан. Тамаша же күлкүлүү катары угулушу мүмкүн, бирок азыр презерватив чыгарган компаниянын аты “Рамзес” деп аталат.

Үй-бүлөлүк жылуулук
“Үй-бүлөлүк жылуулукту” сан менен көрсөтсө болот экен. Мисалы, үй-бүлөдө эки чоң жана эки кичинекей баланын жылуулугу 1300 киловатт/ саат жылуу энергияны көрсөтөт.

Сакчылары бар балдар бакчасы
Дүйнө жүзү боюнча бир гана Румынияда сакчалылары бар балдар бакчасы бар. Балдар бакчасынын аймагында атайын сакчыларга арналган курулуштар бар. Сакчылар атактуу байлардын балдарынын баскан-турганын көзөмөлгө алып турушат.

Аяз атанын айынан жумуштан кеткен мугалим
Мындан бир нече жыл мурун Уэльсте кичинекей класстарга сабак берген бир мугалим Аяз ата жок деп айтып койгону үчүн жумуштан бошотулган.

Төө үстүндө жарыш
Араб өлкөлөрүндө кичинекей балдардын “төө үсүндө жарыш” мелдеши абдан атактуу. Бул мелдешке 3 жана 4 жаштагы балдар катыша алышат. Балдар чоңдорго караганда абдан жеңил жана алар коркок болушкандыктан көбүрөөк бакырышат. Ошондуктан төөлөр батыраак чуркашат.

3-4 жашар балдардын суроосу
Статистика эсептегендей кичинекей бөбөктөр 3-4 жашында күнүгө 12000 сөз айтышат жана 900гө жакын суроо беришет.

Жакшы
Японияда “жакшы эмес”, “жаман” деген сөздөр балдарга таптакыр колдонулбайт.

Күчтүү ымыркай
Бир айлык балага караганда бир жумалык ымыркай күчтүүрөк.
Жаңы төрөлгөн бала кызыл, жашыл түстөрдү көрөт, бирок көк түстү көрбөйт.

Ден соолугу чың баланы үйдөн төрөш керекпи?
Данияда 80% айымдар өз үйүндө төрөшөт, анткени балдарынын ден соолугу чың болушун каалашат.

Сары чачтуу балдардын алсыздыгы
Сары чачтуу бөбөктөр кара чачтуу балдарга караганда аба ырайынын алмашышына сезимтал болушат. Өзгөчө ар кандай ооруларга туруштук бере албай, эмдөөдөн, стресстен кийин аба ырайынын өзгөрүүлөрүн көтөрө албай, иммунитети алсыз болуп калат. 6 айдан 1-2 жашка чейинкилер.

Чылым чегип кыздуу болгуңуз келеби?
Япон окмуштууларынын ою боюнча, ата-энелер канчалык көп чылым тартса, ошончолук кыздуу болгонго мүмкүнчүлүгү көп болот. Чындыгында жыйынтыкка жетиш үчүн күнүнө 20дан ашык чылым чегиш керек. Ойлонуп көрүңүздөр, ушундай жол менен кыздуу болгуңуздар келеби?

Балдардын психикасына терс таасирин тийгизген жарнама
Швецияда 12 жашка чейинки балдарга жарналамалардын кайрылуусу тыюу салынган мыйзам бар. Алардын ою боюнча жарнама алардын психикасына терс таасирин берип коюшу мүмкүн.

Аттактуу ысымдар
АКШда акыркы жылдары кыздарга атактуу - «Шанель», «Армани», а балдарга болсо – «Найк» жана «Лексус» аттарын ыйгаруу модага айланып кеткен
Никогда не путай мой характер с моим отношением. Мой характер зависит от меня, а мое отношение - от твоего поведения.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#815 Пользователь офлайн   saltanat.   17 Март 2014 - 20:54

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 8 229
  • Катталган: 25 Февраль 13
  • Соңку аракети: 10 Фев 2025 14:40
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кереметтүү жерде.



“Аллах” деген жазуусу бар арак табылды


“Аллах” деген жазуусу бар арак табылды

Казакстандын Семей шаарынан “Аллах” деген жазуусу бар арак табылды. Ал жердин жашоочусу кокусунан “Байтерек” арагын сатып алып, бул жазууну көрүп калган. Мындай арак Казакстандын ар бир дүкөнүндө сатылат.


Аныкталгандай, аракты Семейге “Дениджо” соода-сатык маркасы “Геом” Актөбө фирмасынан алып келет. Бул арактын этикеткалары алтын жана күмүш түстө даярдалган. Дал ошол күмүш түстөгү этикеткада “Аллах” деген жазуу бар. Динге ишенген жергиликтүү калк бул арактын сатыктан алынышын айтышып митингге чыгышкан. Ал эми “Геом” фирмасынын башчысы кечирим сурашып, этикеткаларды башка өлкөдөн чыгаршкандыктан, Аллах” деген жазууну казак оймолору менен чогуу деп ойлоп, алмаштырып алышкан окшойт деген оюн айтты. Учурда бул арактын сатылуусу токтотулду.

10 эм төрөгөн Ирина

Жакында эле тарыхта болбогон таң калыштуу окуя болду. Тактап айтканда Курск облусунун жашоочусу Ирина 10 эм наристени жарык дүйнөгө алып келди.


Төрөгүчө учетко туруп, дарыгерлерге көрүнбөгөн 10 баланын энеси болгон Иринага дарыгерлер менен кошо элдин баары таң калышууда. Ал эми жубайынын ким төрөгөнүн билгени келген Иринанын жолдошу бул жаңылыкты угуп, 3 күн эсин жоготуп жаткан. Азыркыга чейин ден соолугу чың, 3 кгдан туулган 10 наристенин бир адамдын ичине кантип баткандыгы табышмак бойдон калууда.

Кереметтүү тоок жумуртка эмес жөжө тууду

Шри-Ланкада бир тоок кадимки жөжөнү тууду. Жергиликтүү калк мындай көрүнүштү алгач кездештирип жаткандыктары туурасында айтышууда. Тилекке каршы тоок тууп жаткан учурунда өлүп калган. Мамлекеттик ветеринардын айтуусу боюнча эмбрион тооктун ичинде 21 күн калыптанган.

Өлүм туурасында ой жашоого жардам берет

Психологдордун пикиринде өлүм тууралуу ойлор адамдга негативдүү таасир этип, зыян алып келет. Бирок АКШнын Миссури университетинин изилдөөчүлөрүнүн оюна таянсак, өлүм туурасында ойлор тескерисинче адамда боорукерликти, айтор жакшы сапаттарды пайда кылат. Мисалга алсак, мүрзөнү көргөн адам жашоо туурасында ойлонуп, өзүнүн ден соолугун чың, өмүрүнүн узун болушуна маани бере баштайт. Ошондой эле бул жашоодо татыктуу жашап өтүш үчүн, адамдарга, айлана-чөйрөгө туура мамиле кылууну ойлонушуп, экологияга да зыян келтирүүдөн алысташат. Жашоонун кымбаттыгын убагында баалай билүнү үйрөнүшөт, - деп билдиришет изилдөөчүлөр.
Никогда не путай мой характер с моим отношением. Мой характер зависит от меня, а мое отношение - от твоего поведения.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#816 Пользователь офлайн   Ilyazchik   17 Март 2014 - 20:57

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 202
  • Катталган: 28 Январь 12
  • Соңку аракети: 20 Июн 2018 21:04
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Кызыктуу маалымат экен дагы жазынызчы.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#817 Пользователь офлайн   saltanat.   17 Март 2014 - 20:57

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 8 229
  • Катталган: 25 Февраль 13
  • Соңку аракети: 10 Фев 2025 14:40
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кереметтүү жерде.

Гуамда кыз бойдон турмушка чыгууга тыюу салынат

АКШынын айрым штаттарында заманбап коом үчүн жат көрүнгөн мыйзамдар бар. Бирок ал мыйзамдардын арасында маанилүүлөрү да жок эместигине сексологдор ынанышты.

Колорадо штаты

Бул жерде уктап жаткан аялды өбүүгө тыюу салынат. Мындай мыйзам баардык түгөйлөргө тиешелүү. Эгер күйөөсү уктап жаткан аялын өпсө, анда аялы жолдошун сотко берүүгө укуктуу.

Сексологдун комментарийи:
- Бул мыйзам айымдардын эс алуусуна күрөшкөн Колорадонун феминисткаларынын конгрессинде кабыл алынган. Баары туура: эгер аял уйкусу келип жатса, ага күйөөнүн кереги жок. Уйкусу кангандан кийин го мейли… Эгер аялына башка эркек менен эротикалык түш кирип жатсачы? Дал ушундай учурда аялын күйөөсү өбүп жатканда аялы чоочуп ойгонуп кетсе, нервдик стресске да кабылышы толук ыктымал. Андыктан медициналык көз караш менен бул өтө гумандуу мыйзам.

Коннектикут штаты

Ишемби күнү түгөйлөрдүн милдеттери аткарылбайт. Бул күнү түгөйлөр мыйзамга таянып эч бир милдетин аткарбай коюшса болот.

Сексологдун комментарийи:
- Жашоонун мындай образын еврейлер алып жүрүшчү. Ишемби күн алар үчүн – ыйык майрам болуп саналат. Дал ушул күнү түгөйлөр бир да милдетке баш ийишпейт. Бирок, тилекке каршы бул мыйзамды учурда баары колдонушпайт.

Алабама штаты

Айымдарга лакталган бут кийим кийүүгө тыюуу салынган. Себеби, мындай бут кийимден айымдардын юбкасынын ичиндеги ич киийм чагылып калат.

Сексологдун комментарийи:
- Бул мыйзам ич кийимди демонстрациялоодон кооптонулуп чыгарылган. Алабама ысык климаттуу штат болгондуктан, ал жакта айымдар кээде юбканы ич кийимсиз деле кийип жүрө беришет. Ушундай айым лакталган бут кийим кийип алса, өзүңүз элестете бериңиз… Ушул эле мыйзам лакталган бут кийимдер модага айланган башка штаттарда да кабыл алынган.

Невада штаты

Түгөйлөрдүн мас учурунда төшөк кумарына батуусуна тыюу салынган.

Сексологдун комментарийи:
- Туура, мас абалда төшөк кумары эмес, автоунаа айдоого да болойт. Себеби, мас абалда кошулган түгөйлөрдөн дени сак эмес наристелер төрөлөөрү чын. Дени сак коом үчүн деген максатты көздөп ушундай мыйзам кабыл алынган.

Аляска штаты

Кардын үстүндө кумарга батууга тыюу салынган.

Сексологдун комментарийи:
- Эми бул мыйзам туурасында баары эле белгилүү болсо керек. Аляска эң суук штат болуп саналат. Ошондуктан бул жерде кардын үстүндө кумарга батуу экстрим эмес, а өзүн өзү өлтүрүү болсо керек. Бул туурасында жергиликтүү калктын маалыматы бар. Бирок бул мыйзам туристтер үчүн кабыл алынган. Себеби, дал ошол эч нерседен кабары жок туристтер ушундай жолго барышат.

Гуам штаты

Турмушка кыз бойдон чыгууга тыюу салынат.

Сексологдун комментарийи:
- Мындай байыркы салт жөн жерден чыккан эмес. Себеби, кыздык белгини тажырыйбалуу эркекке берүү менен кыз медицинанын көз карашында керектүү тажрыйба ала алат. Мындай жол өнүккөн коомдоогу көпчүлүк жаш жубайлар бир топ маселелерден арыла алышат. Бул нерсенин чындыгы да бар, бирок биздин көз караш менен жапайы эле көрүнөт экен.
Никогда не путай мой характер с моим отношением. Мой характер зависит от меня, а мое отношение - от твоего поведения.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#818 Пользователь офлайн   saltanat.   17 Март 2014 - 20:59

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 8 229
  • Катталган: 25 Февраль 13
  • Соңку аракети: 10 Фев 2025 14:40
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кереметтүү жерде.

7 планетанын 7 күндөгү адамдарга берген таасирлери

Дүйшөмбү (1-күн) күнүндө ай планетасы адамдарга чоң таасир берет.Бул күнү биздин сезимталдык (эмоционалдык) абалыбыз өтө эле тез тез өзгөрүп турат экен. Ошондуктан бул күнү маанилүү жолугушууларды токтото туруубуз зарыл. Анткени, көп катачылыкты кетирип коюшубуз ыктымал. Ал эми кимдир бирөөлөрдүн сезе билгичтиги (интуиция) күчтүү өнүккөн болсо, ал киши ар убакта өзүн-өзү тыңшап жүрөт. Ошондой эле эң зарыл болгон маалыматтарды бере алат.

Шейшемби (2-күн) Марс планетасы колдойт. Бул күнү эң маанилүү деген иштерди чечсе болот, ар кандай келишимдерге кол койсо болот. Эгер чөйрөңдөгү адамдардын көпчүлүгү агрессивдүү болуп жүрүшсө, анда өзүңдү-өзүң токтоо кармап башкалардын кыжырына тийбөөгө аракет кылышың керек.

Шаршемби (3-күн) Меркурий планетасынын тийгизген таасири зор болот экен. Ал күнү жаңы маалыматтарды топтоого же жаңы тажрыйбаларды үйрөнүүгө болот. Ошону менен бирге өзүң билгендерди башкаларга билдирүүгө, келишимдерге кол коюга ылайыктуу күн экен. Меркурий планетасы көп сүйлөгөн адамдарды жактырбайт. Ошондуктан иште дайыма тилиңе сак болуп жүрүшүң керек.

Бейшемби (4-күн) күндүн колдоочу планетасы Юпитер. Бул күнү жетекчилериң менен жайынча аңгемелешсең болот. Эл алдына чыгып сүйлөөгө жана ар кандай массалык иштерди уюштуруп өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлүп турган күн.Эгерде ишиңди башка бирөө туура эмес чечип койсо, бул маселе боюнча бейшемби күнү сотко кайрылсаң ийгиликке жетишесиң. Бирок келишимдерге кол койбоо керек. Анткени, кийин өкүнүп калууң мүмкүн.

Жума (5-күн)Венера планетасынын күнү. Бул күндө романтикалуу иштерди жүргүзсө болот. Таанышууга, никеге турууга, чыгармачылык иштерди алдыга жылдырууга эң оңтойлуу күн. Бул күнү ашыкча тамак ичпе, себеби денеңе жагымсыз болуп калышы мңмкүн.

Ишемби (6-күң) күнүн Сатурн планетасы коштоп жүрөт. Ушул күнү медитация жасоого жана аткарылуучу иштин аягына чыгууга ылайыктуу күн. Эгерде кыймылсыз мүлктүн документтерин толтурайын десеңиз же жаңы үйдүн пайдубалын тургузайын десеңиз ушул күнү баштасаңыз болот. Бул күнү мүнөздөп тамак ичип, ашыкча сүйлөбөган жакшы, алыс жолго чыгууга болбойт.

Жекшемби (7-күн) күндүн планетасы Күн. Бул күнү жаңы долбоор боюнча ишке киришсеңиз болот. Жаңыдан таанышууларды жүргүзө бериңиз. Себеби, дүйшөмбү күндүн сезгичтиги, шаршембинин акылынын тереңдиги сени коштоп турат. Оор чечимдерди кабыл ала турган болсоң бул күнү жети өлчөп бир кесүүң керек.
Никогда не путай мой характер с моим отношением. Мой характер зависит от меня, а мое отношение - от твоего поведения.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#819 Пользователь офлайн   saltanat.   17 Март 2014 - 21:00

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 8 229
  • Катталган: 25 Февраль 13
  • Соңку аракети: 10 Фев 2025 14:40
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кереметтүү жерде.


Элдин эсин оодарган адамдар

Өзгөчө жөндөмү менен элди таң калтырып келген адамдар бардык учурда болуп келген. Табышмактуулук адамдардын кызыгуусун арттырат эмеспи.


Мишель де Нотрдам 1503-жылы Сен-Реми шаарында туулган. Аны сындагандар да, мактагандар да бар. Алдын ала айтууга мүмкүн болгон нерселерди айткан дешет (билим революциясы, Гитлердин төрөлүшү, СССРдин түптөлүшү жана кыйрашы, 2001-жылы 11-сентябрдагы теракт ж.б). Ал маалыматтарды жылдыздардан алган, астролог болгон.


Монах-алдын ала айтуучу Авель 1757-жылы туулган. Өзүнүн айтымында, асманга чыгып, эки китеп көргөн. Анын мазмунун жазып калтырган. 1787-жылдан баштап кандайдыр бир үн ага эмне кылышты айтып, буйрук берип турган экен.
Кантсе да Екатерина II жана Павел I нин өлүмүн, Москванын француздар тарабынан өрттөлүшүн жана башка белгилүү окуяларды алдын ала айткан.



Белгилүү сыйкырчы Гарри Гудини 1874-жылы Будапештте туулган. Ал түрмөнүн камераларынан, жүк ташуучу кутудан, кагаздан жасалган мүшөктөн (жыртпай) чыккан, жада калса темир кутудан да чыга алган. 1918-жылы Нью-Йорктогу ипподромдо пилди жогото алган.


Во́льф Григо́рьевич Ме́ссинг 1899-жылы туулуп, 1974-жылы каза болгон. 11 жашында үйдөн качып, Берлинге барганда ал жерде профессор Абель анын өзгөчө жөндөмүн ачкан. 1937-жылы Польшада “Германия Польшага кол салса эмне болот?” деген суроого “Эгер Гитлер чыгышка бурулса, Германия өлөт” деп жооп берген. 1953-жылы Сталин еврей майрамында өлөт деп алдын ала айткан, ошондой болгон.

Ва́нга (Вангелия Пандева Гуштерова) 1011-жылы туулган. Ванга 16 жашынан тартып алдын ала айта баштаган. Көп окуяларды алдын ала айткан. 55 жыл ичинде Вангага миллиондон ашык адам кайрылганын математик Михаил Холмогоров эсептеген. Анын жолун жолдогондордун айтымында Ванга адамдын оорусун туура аныктап, келечегин айтып бере алган. Ал эми Москва атеисттер коомунун төрагасы Ю.Г. Горныйдын айтымында ал кадимки шарлотандардын ыкмасын колдонгон: Ванганын көп сандагы жардамчылары келген адамдар менен алдын ала сүйлөшүп, керектүү маалыматты алып Вангага жеткиришкен.


Элдик дарыгер, табып Жуна Давиташвили 1949-жылы туулган. “Илимпоздордун айтымында Жунанын колу тийгенде жараттар айыгат, оору жоголот, табышмактуу жол менен толук айыгып кетишет”. Анан да ал картайбай жаш бойдон калгандыгы табышмактуу. Убагында Рим папасы Иоанн Павел II, Леонид Брежнев сыяктуу атактуу адамдарды дарылаган.


1956-жылы туулган Дэвид Копперфильд 18 жашында телевидениеге чакырылып, “Дэвид Копперфильддин сыйкыры” аттуу берүүнү алып барган. Белгилүү болуп калганда CBS телеканалынан чыга баштаган. Анын чоң иллюзияларынын алгачкысы – самолеттун жок болуп кетиши болгон. Андан кийин элдин көз алдында Эркиндик эстелигин жогото алган. Ошондой эле, Чоң Каньон аркылуу учуп өтүү, Улуу Кытай дубалдарынын арасынан өтүү, дүйнөдөгү эң катаал Алькатраса түрмөсүнөн качуу, Бермуд үч бурчтугуна саякаттоо, жарылып жаткан имараттан качып чыгуу, Ниагар шаркыратмасынан өзүн таштоо, көрүмчүлөр мекендеген үйдү изилдөө жана күйүп турган отто жашоо сыяктуу иллюзияларды аткарып элдин эсин оодарган.


Сыйкырчы, гипнозчу, йог жана музыкант Крисс Анжел 1967-жылы туулган. Ал акылга сыйбаган трюктарды жасайт. Ал дубалдарда басат, учат, күйөт, экиге бөлүнүп калат.

“Кыргыздын Вангасы” аталган Алмакан Бекованын алдын ала билүү жөндөмү жаш кезинде эле байкалган. Интернаттагы эжейин кырсык күтүп турганын сезгенби, айтор, “бүгүн кипятильникке суу ысытып кир жуубай эле коюңузчу” деген секелек кызга эжейи көңүл бурбай эле үйгө барып, кипятильникке суу ысытып жатып ток тартып каза болгон экен. 1997-жылы “Ордо” гезитине берген маегинде “Ак үйдүн алдынан өткөндө кан жыттанат, кан төгүлөт... Түштүктө кошуналарыбыз кайра көтөрүлүшөт. ..” деп айткандары архивде сакталуу. Мындай кагылышуунун алдын алуу керектигин бийлик башындагыларга дайыма айтып келгени менен эч ким ишенген эмес.
1997-жылдары КГБны жетектеген Бакаев жол кырсыгына учурап, жөн эле өлүп калбай көпкө комада жатып калаарын көрүп, Ак үйдүн алдына барып “ошол кишини сактап калыш керек. Мынчанчы күнү мынчанчы саатта эшикке чыкпасын. Айтып койгула!” деп 3 күн бою кыйкырып жүрөт, бирок Бакаевге маалымат жеткирчү адам болбойт. Тескерисинче, бул аял жинди болуп калды деп Чымкоргондогу психооруканага жеткирип салышкан. Андан кийин ал айткандай ошол күнү Бакаев автокырсыкка учурап, көпкө комада жатып жан берет. Ушундан кийин саясатчылар аны психооруканадан чыгарып, кызматынан пайдалана башташкан. Андан бери Кыргызстандагы эле эмес, башка өлкөлөрдөгү белгилүү саясатчылар да анын кызматынан пайдаланышат.
Никогда не путай мой характер с моим отношением. Мой характер зависит от меня, а мое отношение - от твоего поведения.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#820 Пользователь офлайн   saltanat.   17 Март 2014 - 21:01

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 8 229
  • Катталган: 25 Февраль 13
  • Соңку аракети: 10 Фев 2025 14:40
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кереметтүү жерде.


Дүйнө элдеринин таң калыштуу салттары: Чыныгы эркек

Аялдын ролун аткаргандар

Көпчүлүк индейцтерде “үчүнчү жак” түшүнүгү тараган (бул аялдын жашоо образын алып жүргөн эркектерге карата айтылган). Антропологдор аларды “бердачи” деп коюшат, а азыркы адамдар “эки жандуу” дешет. Изилдөөчү Рихард Дрекслер жазгандай, алар аялдын иштерин жасашкан. Анын үстүнө, уруунун башка эркектери “бердачилерди” аялдыкка алышкан. Табиятынан сулуу төрөлгөн уул балдар “бердачи” катары тарбияланышкан, анткени алардын сулуулугу эркектерди кызыктыраарынан үмүт болгон.

Келин керек болсо жетип ал!

Кыз ала качуу ырымы дин ишениминин жайылышы менен көп элдерде жоюлган. Бирок кээ бир элдерде азыркы күнгө чейин сакталып калган. Синай жарым аралында жашаган арабдар арасында мындай салт бар: кыз үйлөнүү той күнү канчалык канчалык каршылык көрсөтүп, канчалык көз жаш төккөнүнө жараша аруулук, жөнөкөйлүк статусун алат. Ирландия салтына ылайык келин качып кеткенге аракет кылып, күйөө жолдоштору аны кармап келбесе никени мыйзамдуу деп кабыл алуу кыйын. Уэльсте чиркөөнүн алдынан келинди анын туугандары алып качып кетиши керек, а күйөө жана анын жакындары кызды тапканда гана аны салтанаттуу түрдө күйөөгө беришет. Ага салыштырмалуу кыздын каршылыгына карабай бейтааныш адам ала качып кетип, кемпирлер босогого жатып алып, отургузуп коюшу алда канча таң калыштуу.

Чыныгы эркек

Түштүк Африканын Кхоса урууларында «абаквета» деп аталган баланы сүнөткө отургузуу ырымы жасалганга чейин бала адам катары эмес, буюм катары каралат. Бала өспүрүм курактан өткөндө же ага чейин бул ырым жасалат. Ырымды жасоо үчүн хирург-жрец таң атканда баланын үйүнө келатканын көргөн аялдар онтоп башташат. Жрец баланы көргөндө аны “ит”, “буюм” деп атап кыйкырат. Операция курч лезвия менен жасалат. Бала ыйлабай, онтобой туруп бериши керек. Жыныс мүчөсүнүн сырткы терисин алгандан кийин жрец “эми сен эркексиң” деп сыймыктануу менен айтып, терисин баланын алдына ыргытат. Бала аны колуна алып, бекем кысып, “мен эркекмин” деп кайталашы керек. Бала аны кумурсканын уюгуна көмүшү керек. Андан кийин жрец кумурсканын уюгунан топурак алып, ага суу кошуп, бул жижаны баланын бетине, көкүрөгүнө сүйкөйт. Акырында бул суу, топурак аралашмасын бала ууртайт. Андан соң баланын денесине ак ылай сүйкөп, жаңы жуурканга оройт. “Эркектин” атасы жрецке 50 тыйын төлөйт. Тилекке каршы, мындай ырымдан кийин көпчүлүк балдар сепсис, гангрен оорулары менен, суусуз кургап калгандыктан Чыгыш Кейптин ооруканасына түшүшөт. Көпчүлүгү андан толук айыгып кете алышпайт.

Жыныстык мүчөсү менен саламдашышат

Кээ бир эскимос урууларынын эркектери бейтааныш адам менен саламдашуу үчүн катарга тизилишет. Алардын бирөөсү чыгып, коноктун башына чапканда, конок тараптан да ошондой эле жооп күтүлөт. Ушинтип отуруп эки жактан (эскимостор же бактысыз конок) кимдир бирөө жыгылып калганга чейин сокку берүү улана берет. Ушинтип саламдашууну каалайт белеңиз?  Же Папуа Новая Гвинеядагы кээ бир уруулардын саламдашуу салтына кандай дейсиз? Ал жерде эркектер менен алардын жыныстык мүчөсүнүн учун кармап саламдашышат. Эркектер дээрлик жылаңач жүрүшөт.

Бир жылда эки жолу жолудан ашык жуунбагыла

Адамдын жылаңач денесин чиркөөлөр жактырбагандыктан орто кылымдагы Европада жуунуп-тазаланууну дээрлик унутуп калышкан. Жада калса колунда бар үй-бүлөлөр да бир жылда эки жолудан ашык жуунган эмес. Бир жылда эки жолу ысык суу толтурулган чоң ваннага алгач үй-бүлө башчысы түшкөн. Андан кийин балдары, туугандары катарлашып түшүшкөн. Эркектер эптеп кир-когун кетиргенден кийин ал сууга аялдар түшүшкөн. Жаш кыздарга эң акырында кезек жеткендиктен кир сууга түшүүгө аргасыз болушкан. Акырында суу ушунчалык кара кир болуп калгандыктан наристени колдон түшүрбөй жуунтууну сунушташкан. Андыктан эркектер чачын кырып, жасалма чач кийип жүрүшкөнүнө таң калуунун кажети жок. Бирок жасалма чач кийгенге баарынын эле мүмкүнчүлүгү боло берген эмес. Жасалма чачты жуугандын ордуна нандын ичине салып, бышырышкан. Мештин ысык табы чачты борпоң кылып койгон. Көтөрүлгөн борпоң чач адамдын саламаттыгынын белгиси болгон.

Ийгилик үчүн жубайын алмаштыруу

Бир жылда жети жолу Пон деп аталган майрамда индонезиялыктар ийгилик алып келген ырым-жырымды жасоо үчүн Ява аралындагы ыйык тоого барып сыйынышат. Ийгиликке жетиш үчүн алар өздөрүнүн жубайынан башкасы менен түндү өткөрүшү керек. Алардын ишениминде 7 жолу бир эле адам менен жатса калоо-тилектери аткарылат.

Сүйүүдөн күйүү

Индияда 1829-жылы “сати” ырымына тыюу салынганына карабай мындан арылуу оңойго турган эмес. Эркек өлгөндө аялы от жагылчу жерди 7 жолу айланып, күйөөм менен бирге кетем деп сүйүнүп, күйөөсүнүн сөөгүнүн жанына жатышы керек. Андан кийин туугандары байкуш аялды байлап, отту жаккандан кийин отко кургак отундарды ташташкан.

Садизмдин автору

Маркиз де Сад 1768-жылы Роуз Келлер деген сойкуну көп убакытка камап, өзү каалагандай кыйнаган. “Садизм” – бирөөнү аёсуз кыйноо менен ишке ашырылган сексуалдык бузукулук. “Садизм” термини 1834-жылы де Сад өлгөндөн 20 жыл өткөндөн кийин сөздүккө киргизилген. Маркиз де Сад көптөгөн сексуалдык кылмыш кылганы үчүн айыпталып, 30 жылга эркинен ажыратылган.

Креативдүү саламдашуулар

Бетти жана Франц Баумлейдин жесттер сөздүгүнө ылайык адамдар өз ара пикир алышууда дене мүчөлөрүн колдонушат. Мисалы, Тибетте тааныш адамы менен оң колунун бармагын көрсөтүү менен бирге тилин чыгарып учурашышат. Таитиде досунун келгенине кубанычын билдирүүнүн жолу үрөй учурат: өзүн акуланын тиши менен кесип, оорудан улам каңшылап жибериш керек. Филлипиндиктерде конокту кабыл алуунун белгиси катары алаканын же таманын (коноктун маанилүүлүгүнө жараша) өзүнүн бетине сүртүшү керек.
Никогда не путай мой характер с моим отношением. Мой характер зависит от меня, а мое отношение - от твоего поведения.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Эркин тема
  • Кийинки тема →

  • (163 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 39
  • 40
  • 41
  • 42
  • 43
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 21 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 21, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 27 Июл 2025 16:02

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: