Мен курбу кызым жонундо жазгым келди. Биз 11-класстын окуучуларыбыз,
ар бир эле бутуруучу мектеп буткондо ЖОЖдорго тапшырып, билим алгысы келет. Мен да курбу кызым экообуз ошолордун бири элек. Алдыга койгон максаттарыбыз жакшы эле. Бир куну мага айтат: -Мектепти бутуп, куйого тийсемби деп жатам!-деп.
Бул мага кутусуз болду. Анан сурап кирсем, эжеси башын айландырып койгонбу, же озу ошону каалап жатабы, болочок куйосу, бир чон фирмада иштейт экен, жашы озунон бир топ уулу, дин менен жашаган бала. Озу бир да жолу аны коргон эмес. Ага турмушка чыкса, уйундо отурат экен. Эч жакка чыкпайт, бала торойт, куйосу эч нерседен кем кылбай багат имиш. Куйомдун тилин угам жана туз эле бейишке барам дейт. Бир чети жакшы дечи, бирок жапжаш туруп, жогорку билим албай, уйундо отурган жакшыбы? Дагы айтып жатышат, кыз киши 14жашында эле турмушка бериш керек деп. Биз эмне билим алганга дагы укугубуз жокпу? Азыр 21-кылым да. Ушуну силер менен болушойун дедим. Эрте эле куйого тийген жакшыбы? Кыздар билим албай эле коюшсунбу?
Кыз кишиге билим роль ойнобойбу?
#2 18 March 2014 - 15:59
Негизи "Жогорку билимди эмнеге алышат?" Ушул туурасында ойлонуп корсок, албетте окуп, жакшы жумушта иштоо учун барат. Аялдардын иштетпей эле уйдо отургузуп багууга кудурети жеткен эркектин аялына зарылчылыгы жок болуп калат экен. Бирок билимдин зыяны жок. Кее бирки адамдар шартынын жоктугун айта албай башка нерсеге шылтоолоп, же бироону коолоп коюшу мумкун.
Эми форумдагы аялдарга суроо берип коройлу.
Силерге эмне артык? Уй було же Окуу?
Эми форумдагы аялдарга суроо берип коройлу.
Силерге эмне артык? Уй було же Окуу?
#3 18 March 2014 - 16:11
Албетте,окуу бизге зарыл.Бирок,
уй-булолуу болуу - ар бир аялзатынын тилеги.Ошондуктан,
созсуз турдо билим алып,анан турмушка чыгуу керек го.Эгер эптей алса,экоо тен биринчи орунда.
Я закрыла дверь в свое сердце и написала "ВХОДА НЕТ!". Но пришла Любовь и сказала просто: "Я не умею читать..."
#4 18 March 2014 - 16:23
Ар ким ар кандай, кааласа лох болуп эрге тиет, кааласа жогорку билимдуү болуп эрге тиет...
#5 18 March 2014 - 16:28
Жашоонун оноюна качып жатыптыр подружканыз.
Бирок жашоо ал ойлогондой оной эмес. Билип турам подружканыз ойлоп атат куйоосу постоянно дин жолунда журуп, бизнеси оркундой берет деп. Ар кандай болот. Жашоо оюнчук эмес. Жашоонун бардык кыйынчылыктарын билген киши гана жашап кете алат. Ким билет балким, келечектеги куйоосу динди жамынып былыктын баарын кылып журот. А балким банкрот болуп калсачы? Же 2-3-аял алам деп чыксачы?
А балким баары подружканыз ойлогондой жакшы болот.
А балким баары подружканыз ойлогондой жакшы болот.
#6 18 March 2014 - 16:29
Өзүбек ажы Чотонов: "Эгер кыздын алдында “окуу же күйөөгө тийүү” деген тандоо болсо, ал күйөөнү тандашы керек. Кыздарга 7-класстын билим деңгээли жетиштүү”
Бүгүн, 18-мартта жергиликтүү радиоберүүдө Кыргызстанда кыздардын эрте турмушка чыгуусу жөнүндөгү маселе талкууга алынды. Ага КРнын Муфтиятынын басма сөз катчысы Асан Саипов, “Сезим” кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова жана Өзүбек ажы Чотонов катышты.
Асан Саиповдун айтымында, ушул маселени көтөрүүгө жаштар эрте үйлөнүп алып, көп өтпөй ажырашып жаткандыгы себеп болду. “Учурда Кыргызстанда акыл-эси жок, тарбия көрбөгөн эркектер тарабынан коомдо деградация байкалууда. Маселен, жакында эле 19 жаштагы кыз зордукталып өлтүрүлдү” ,- дейт муфтияттын басма сөз катчысы.
“Сезим” кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова: “Даярдыгы жок, эрте турмушка чыгып алып, кийин кордук көргөнүнөн улам биздин мекемеге кайрылган кыз-келиндер көп. Миграция, баңгилик, аракечтик, балдарда адеп-ахлактын жоктугу - ушунун баары үй-бүлө институтунун бузулушуна себеп болуп саналат”,- деди.
Өзүбек ажы Чотоновдун айтымында, кыздын жигит менен чогуу жүргөнү - анын бойго жеткендигинин белгиси. “Эгер кыздын алдында “окуу же күйөөгө тийүү” деген тандоо болсо, ал күйөөнү тандашы керек. Кыздарга 7-класстын билим деңгээли жетиштүү”,- деди Чотонов.
#8 18 March 2014 - 17:16
Негизи кыз баланы окуганы мен кээде каршылык кыламын.Кыз эмес,даже эркектер жогорку окуу жайларды бүтүрүшүп,колунда бир эмес,эки диплом турмада,башка өлкөлөргө жумуш издеп кетип жатышатко.Себеби бизде,эң эле алгачкы проблема,бул жумушка орношуш,ал ерунда,ошол жумушка орношуш үчүн взятка бериш керек,вот ошол себептен көпчүлүк ушул акыбалда.Мисалы:
банкир болууң үчүн,өлбөдү дегенде 1,5 миң доллар талап кылынат экен,и то,через знакомых,ошондо да бош места болсо.Анан ага орношуп алдыңда дейли,жумушуң бар,жакшы,а бирок тапкан акчаң,той-тамаша,
баталарга,жеп-
ичкенинең ашпайтко,чынбы?
Анан кыз бала ушул акыбалга түшкөнчө,турмушка чыгып,бактылуу өмүр сүргөнү жакшыго менимче.
Анан кыз бала ушул акыбалга түшкөнчө,турмушка чыгып,бактылуу өмүр сүргөнү жакшыго менимче.
#9 18 March 2014 - 17:23
Эмнени каалап жатса ошону кылсын. Мага баары бир
Никогда не путай мой характер с моим отношением.
Мой характер зависит от меня, а мое отношение - от твоего поведения.
#10 18 March 2014 - 18:10
Жок дегенде курстарга барып корочка алып койсо да пайдасы тийет. Мед.училищаны бутуп койсо деле зыянын корбойт.,кийин келечекте балдарына укол сайып,туугандарына капельница коюп берсе деле жакшы да, дарылардын аттарын деле билип койсо ашыкча болбос...Швеяны окуп койсо уй - булосуно ар кандай кийим тигип берип кубантмак да,Чач- тарачтыкын бутурсо кайын синдилерине прическа жасап берсе жаманбы, же балдарына деле озу чач тарач боло бермек да, педагогиканы бутсо да балдарын тарбиялоодо пайдасы абдан тиймек...."
Жигитке жетимиш онор аздык кылат" демекчи айымдарга деле канчалык коп кесиптин ээси болсо пайдасынан башка зыян корбойт!
#11 18 March 2014 - 18:31
Билим алуу аялбы эркекби, баарына керек. Аял иштебей уйдо олтурган кундо деле, коп нерсени билуусу, билимдуу болуусу керекда. Себеби балдарына биринчи кезекте эненин тарбиясы керек болот. Балдарын жакшы тарбиялоо, коп нерселерди балдарына уйротуу, окууга балдарын кызыктар кылууга ж.б биринчи кезекте эненин салымы чон. Анан эле бой жетип куйоого чыгып тороп берип коюп, озу эч нерсени билбей эле олтура беруу болбойтда. Билим керек кандай болгон кундо да, созсуз эле диплом алып иштоо эмес.
Ал эми Озубек ажынын 14жаштан куйоого чыгуусу керек дегенине, Абдышукур ажыдан сонун бир жооп угуп калдым. Абдышукур ажынын айтканы боюнча: Мисалы ал ыссык жактын аялдарын биз жака салыштырып болбойт экен. Аларда климатбы башкабы таасир берип эртэрээк жетилет экен. Ананда созсуз эле 9жаштан бой жетет деген жок экен. Кыздар этек кири келгенге карап балакатка жетти десе болот экен. Мисалы кээ бироолор 12жаш кээси 17жашында этек кири келсе ошондо бой жетти деп эсептелет экен. Аткарчуу парздар да ошондон баштап парз боло баштайт экен. Эркектерда качан суюктугу даяр болгондо бой жетти деп эсептелет экен. Бирок ага чейин ата энеси парздарды ж.б 9 жаштан баштап уйрото берсе болот экен. Бирок качан бой жеткенде гана парздарды аткарууга милдеттуу боло баштайт экен.
Ананда Абдышыкур ажы айтыптыр-" пайгамбарыбыз с.а.в дагы айткан, озуно каалабаган нерсени бироого да каалаба деп. Мисалы мен кызымды 18жашка толбой турмушка берууну каалабасам, анан кантип бироону бер деп айтам?" деп айтыптыр Абдышукур ажы. Ошонун сынары Озубек ажы озунун кызын 14жашында берууну каалайт бекен? Албетте каалабаса керек, каалабаса бироого да айтууга акысы жок. Азыр бизге Абдышукур ажы, Чубак ажыга окшогон дал ошол Египет Аравиядан билим алып келген современный Ислам аалымдары керек. Анан эле Кыргызстанда отуруп алып эле аны муну тантый бербей.
Азыр доор башка. Экологиядан баштап баардык нерсе озгоргон. 14кылым мурунку заман эмес азыр. Ислам дини башка, араб элинин салттары башка. Биз ИСЛАМ динин кармайбыз, бирок араб элинин салттарын эмесда. Ислам десе араб элинин салттарын эске алган болбойтда. Эрте турмушка беруу алардында бир салты. Билим алууга укуктуу ар бир адам.
Ал эми Озубек ажынын 14жаштан куйоого чыгуусу керек дегенине, Абдышукур ажыдан сонун бир жооп угуп калдым. Абдышукур ажынын айтканы боюнча: Мисалы ал ыссык жактын аялдарын биз жака салыштырып болбойт экен. Аларда климатбы башкабы таасир берип эртэрээк жетилет экен. Ананда созсуз эле 9жаштан бой жетет деген жок экен. Кыздар этек кири келгенге карап балакатка жетти десе болот экен. Мисалы кээ бироолор 12жаш кээси 17жашында этек кири келсе ошондо бой жетти деп эсептелет экен. Аткарчуу парздар да ошондон баштап парз боло баштайт экен. Эркектерда качан суюктугу даяр болгондо бой жетти деп эсептелет экен. Бирок ага чейин ата энеси парздарды ж.б 9 жаштан баштап уйрото берсе болот экен. Бирок качан бой жеткенде гана парздарды аткарууга милдеттуу боло баштайт экен.
Ананда Абдышыкур ажы айтыптыр-" пайгамбарыбыз с.а.в дагы айткан, озуно каалабаган нерсени бироого да каалаба деп. Мисалы мен кызымды 18жашка толбой турмушка берууну каалабасам, анан кантип бироону бер деп айтам?" деп айтыптыр Абдышукур ажы. Ошонун сынары Озубек ажы озунун кызын 14жашында берууну каалайт бекен? Албетте каалабаса керек, каалабаса бироого да айтууга акысы жок. Азыр бизге Абдышукур ажы, Чубак ажыга окшогон дал ошол Египет Аравиядан билим алып келген современный Ислам аалымдары керек. Анан эле Кыргызстанда отуруп алып эле аны муну тантый бербей.
Азыр доор башка. Экологиядан баштап баардык нерсе озгоргон. 14кылым мурунку заман эмес азыр. Ислам дини башка, араб элинин салттары башка. Биз ИСЛАМ динин кармайбыз, бирок араб элинин салттарын эмесда. Ислам десе араб элинин салттарын эске алган болбойтда. Эрте турмушка беруу алардында бир салты. Билим алууга укуктуу ар бир адам.
Кай жерде болбо, ар дайым, ар качан, туболукко журогумдо жашайсын.
#12 18 March 2014 - 19:03
Эми 9жыл мектепте окугандан кийин жогорку оку жайга кааласа окусун аны эч ким кайтарбайт,
бирок азыр илгеркидей эрте бойго жетпейт дегенинерге кошулбайм анткени азыр 13 14 жашар кыздар жигиттер менен журот керек болсо зына да кылышат, мисалы кайсы бир 13, 14, 15 жашар кыз зина кылып боюнда болсо же торосо дуйнодо талкууну жаратат а эгер балдар менен жатып атса а уже баштаптырда дейт керек болсо презерватив менен жаткыла деп оздору уйротуп жатышат демек кыздар 13, 14, жашында эле бойго жеткенин билдирет. Суроо туулат бойго жеткенден баштап адал нике мен турмуш курган жакшыбы? Же арам зина иш кылып журо бергени жакшыбы? деген. Билим алсын бирок жанагыдай бузуку ишке барбасын. Турмушка даяр эмес дебегиле!
Турмушка чыкканда анан турмушту уйронот, же 20, 25 чыккан кыздар турмуш жонундо эмнени уйронушуптур?
Баардыгын ошо турмушка чыкканда тушуно баштайт. Эмне силердин ата-эненер эле билимдуу болушуп жаакшы тарбиялап атабы? Ойдодо биро айтыптыр кааласа билимдуу болуп тиет кааласа ЛОХ болуп тиет дептир анда эмне 80 90% ата-энелер ЛОХторбу? Ушу созду айткан адамдын озу ЛОХ!!!
!
<<Акыйкатта коом оздорундогу нерсени озгортмойунчо, Алла аны озгортпойт>>. [13:11]
#13 18 March 2014 - 19:20
Билим алганы туура, балдарды тарбиялоодо деле билимдин канчалык бир денгээлде таасири чон.
Жашоодо бакыт бар деп жашоонун, озу бакыт!
#14 18 March 2014 - 19:25
Илгеркидей 14жашынан бойго жетпейт дебедим мен. Мен Абдышукур ажынын айтканын жаздым ал айтыптыр " ал жактын климаты болок биз жак менен салыштырган болбойт" деп. Анан да ал акылы жактан тушунуп бой жетет деген жок. Дене тузулушу жактан эртэрээк жетилет дептир. Ал эми жигит менен суйлошсо эле турмушка даяр болуп такшалып калганы эмесда. Эми кааласа тийсин, кааласа окусун озунун эрки.
Кай жерде болбо, ар дайым, ар качан, туболукко журогумдо жашайсын.
#15 18 March 2014 - 19:30
Это не я плохой, это вы, играя на публику, сильно правильных строите из себя!
#16 18 March 2014 - 19:31
Эми мисалы жашоонун кызыгы эмнеде? Курсак ток болсо, кам жок болсо деп эле жата бергенде эмесда. Андан коро коп нерсени коруп, билип, окуп, уйронуп, коп нерсени билип откон жакшыго дейм.
Кай жерде болбо, ар дайым, ар качан, туболукко журогумдо жашайсын.
#17 18 March 2014 - 20:03
Кыз бала учун деле билим алуу,суу м.н абадай эле керек. Кантсе да окуган адам ар турдуу жагдайдан жол таап,кай жерде болбосун,баарибир айырмаланып турат.
#18 18 March 2014 - 20:11
Билимдуу,акылдуу жана дуйно таанымы кенен болсо жакшы го дейм.Кыз баланын осуусу 20-21 жашында токтойт.Анан осуусу калыпка келе элек 7-класстын окуучусунун эрге тийишин элестете албай жатам.Озум да турмушка чыккандан 4-5жыл качып жургом уйдогулордун созун укпай.Мектепти буткондо эле "эрге тийуу" деген планды артка жылдыргам.Себеби окуп,билим алгым келчу,бир кесиптин ээси болгум келчу.Азыр окунбойм.
#19 18 March 2014 - 20:32
Билимдуу адам билимдуулугун кылат да кайда болбосун.Эне болуп балдарга татыктуу тарбия бериш учун деле билим к.к го дейм.
#20 18 March 2014 - 20:50
Мин жолу карангылыкка ундосо да ! Жолдон адаштырса да ! Билимге умтулуу керек.Турмушта ото чон озгоруулор болот.Ошол учурда бир кесипттин ээси болсон жолундан адашпайсын!
Дин тушунугу шариат мыйзамдары Кыргыз Элине сыйбаган нерсе! Кыргыз Эли Эркиндикти суйгон,эркин ой жугурто билген!Бир нерсеге камалып ченелбейт. Билим алгыла! Жашоону манызын тушунуу учун !Ар дайым билим алып алдыга умтулууп заманбап жашоого улгуруу. Биз азыркы тапта ата бабыз жашап откон , заманга артка кайтып жашоону элестетуу абдан оор. Заманбап жашоо коз карандысыз болуу учун.Билим керек.Уялбаш керек билимдуу болуудан.Кыз бала айрыкча.Эгер билимдуу,ымандуу болсо бул келечектин бар экендиги билинет.Турмуш курганга болот.Окууп билим алып деле!Алга!

Супер-Инфо
super.kg
видео





















