Тактыктан достук бузулбайт
Такыры жок жер болбойт,
жакыры жок эл болбойт.
Такыялуу башка далай иш
түшөт.
Талаага түнөгүчө, молого түнө.
Талаада музоо эмип кетсе, үйдө
сүтүнө ит тиет (же сүт төгүлөт).
Талаада музоо эмип кетсе, үйдө
сүтүн ит ичет.
Талаада табылса, бир ором
жип олжо.
Талаадагыны үйдө болжобо.
Талаалуу жерде тоо болбойт,
жакшы элде доо болбойт.
Талаанын көркү мал менен,
калаанын көркү эл менен.
Талант тартынчаак болот.
Талап — табылбас канат.
Талаптанбай муратка жетпейт.
Талаштан тактык жаралат.
Талкалап салуу бир паста, бир
нерсе кылуу аста — аста.
Талпынбай тилекке жетпейт.
Тамагы майлуунун — көйнөгү
көөлүү.
Тамагын тартпаган таттуусунан
айрылат.
Тамак болбой, дымак болбойт.
Тамак үчүн асмандагы куш
торго түшүптүр.
Тамак деп асмандагы куш
торго түшөт.
Тамак көп болсо — итке
жакшы, тамак жок болсо —
битке жакшы.
Тамак көрсө күлкүсү келет,
китеп көрсө уйкусу келет.
Тамак менен кыйнабай, муш
менен кыйна.
Тамак, тамак болсо дымак.
Тамаксоонун табагы толбойт,
топуктуунун жаманы болбойт.
Тамактан аяган мончок
курусун.
Тамактан өткөндүн баары
тамак.
Тамакты бир тууш ичет, бир
кууш ичет.
Тамакты кабак көрөт.
Тамакты таттуу кылган — туз,
алысты жакын кылган — кыз.
Тамакты таттуу кылган — туз,
ыраакты жакын кылган — кыз.
Тамактын жакшысы ток,
жаманы жок.
Таманың тайгак болсо, таканы
мыктап как.
Тама — тама көл болот.
Тамашага — тамаша, каяшага
— каяша.
Тамашанын таттуусу, таң
атканда билинет.
Тамашанын теңи — чындык.
Тамашанын теңири — чындык.
Тамганы күйгүз, күйгүзбөсөң
өзүң күйөсүң.
Тамды тешкен уурунун сабы
кыска чоту бар.
Тамчы суудан тал көгөрөт.
Тамчы тама берсе таш жарат,
бир сөз ырбай берсе баш
жарат.
Тамыр тарткан талыкпайт.
Тамырлуу да жыгылат, такалуу
да тайгаланат.
Тамырсыз дарак, тарыхсыз эл
болбойт.
Таң сүрө иштегениң— таалай,
бакыт издегениң.
Тандаган тазга жолугат.
Тандаган, тандап, тазга жолукту
(же)
Тандап, тандап, тазга жолукту.
Тандап алган катының тайлак
минип олтурат, көрүп алган
катының көсөө минип отурат.
Тандачу элең тал—тал кара
чачтууну, эми кезиктирди
кудайы аарчыган пияз
баштууну.
Тапкан — сүйүнөт, тааныган —
алат.
Тапканыңа сак бол, эсебиңе так
бол.
Тапкан—эне эмес, баккан —
эне.
Тар жерден аш жегиче, кең
жерден муш же.
Тар жол, тайгак кечүүдө.
Тар кийим талашып жыртылат,
кең кийим кеңешип жыртылат.
Тар үйдө олтуруп тамак жегиче,
кең үйдө олтуруп муш же.
Тар өтүгүң бутуңду кысса, кең
дүйнөдөн не пайда.
Таранчы жеген таруунун
бөдөнө тартат азабын.
Таранчы жеген таруунун,
бөдөнө тартат жазасын.
Таранчыдан корккон таруу
айдабайт.
Тарбия — баасыз байлык.
Тарбия көп кырдуу, таалим көп
сырдуу.
Тарбиянын кени мектепте.
Тар жерде табышкан, кең
жерде келишет.
Тарс эткендин баары тамаша,
карс эткендин баары күлкү.
Тартар тилинен тартар.
Тарткан — төө, чачкан —
чычкан.
Тартынбаган тил, таттуу
турмушту бузат.
Тартынбаганга таяк да курал.
Тартып ичкен тай ашырат, аяп
ичкен ат ашырат
Тарчылык болбой — кеңчилик
болбойт, кеңчилик болбой —
теңчилик болбойт.
Тарыхка кириш кыйын, чыгыш
оңой
Таттуу калптан, ачуу чындык
жакшы.
Таттуу ооздун даамын кетирбе.
Таттуу тилден жаның жыргайт.
Таш бакага таш жааса деле
баары бир.
Таш жарган балта кеңеште баш
жарат.
Таш менен урганды — аш
менен ур
Таш менен урганды аш менен
ур, атаңды өлтүргөнгө энеңди
алып бер.
Таш менен урганды аш менен
ур.
Таш түш, таалайыңан көр.
Таш түшкөн жеринде — оор.
Таш түшкөн жеринде оор, иш
чыккан жеринде зарыл.
Таш, ташты эриткен аш.
Ташка салып айдаса, тулпардан
туяк кетилет (кетилмек),
саяпкери жарашса, тулпарга
туяк жетилет (жетилмек).
Ташкын өтөөр, таш калаар.
Ташкын суу кечүүсүз болбойт.
Ташты таш менен урганда
козголот.
Ташты ташка урганың менен
таңдайыңа тамызаарга суу
чыкпайт.
Ташты эриткен — аш.
Макал-лакап!
#1605 19 Март 2014 - 22:51
чакылдаган келинди уй тикенде коробуз
Озунду эр ойлосон ,бироону шер ойло!
#1608 20 Март 2014 - 04:03
Сулуунун көркү калда бар,
Сакалдын көркү чалда бар.
Сакалдын көркү чалда бар.
С деньгами можешь купить часы но не время, с деньгами можешь купить кровать но не покой!
#1609 20 Март 2014 - 07:32
Эненин ойу балада
баланын ойу талаада
баланын ойу талаада
Озунду эр ойлосон ,бироону шер ойло!
#1610 20 Март 2014 - 07:37
Атанын созу ок, апанын созу бомба

Я друзей не выбираю. Это занятие глупое и бесполезное.
Мне гораздо интереснее выбирать овощи на рынке. Друзья – это подарки судьбы
#1616 22 Март 2014 - 09:52
Азаматтын жакшысы азыраак суйлоп коп угат. . Аргымактын жакшысы Азыраак жеп коп чуркайт
#1618 22 Март 2014 - 19:12
Баш кесмек бар, тил кесмек жок.
Алар Аллахтын нурун ооздору менен өчүрмөкчү болушат, Аллах болсо, кафирлер каалашпаса да, Өз нурун толо чар-тарапка жаюуну каалайт» [9:32]
#1619 22 Март 2014 - 19:16
жылуу-жылуу суйлосон жылан ийининен чыгат
Алар Аллахтын нурун ооздору менен өчүрмөкчү болушат, Аллах болсо, кафирлер каалашпаса да, Өз нурун толо чар-тарапка жаюуну каалайт» [9:32]
#1620 22 Март 2014 - 21:05
оозу кыйшык болсо да байдын уулу суйлосун
Озунду эр ойлосон ,бироону шер ойло!