Суперстан: Шумдугуң кургур - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Эркин тема
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (163 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 40
  • 41
  • 42
  • 43
  • 44
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Шумдугуң кургур Бири-бирибизди таң калтыралы

#821 Пользователь офлайн   saltanat.   17 Март 2014 - 21:03

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 8 229
  • Катталган: 25 Февраль 13
  • Соңку аракети: 10 Фев 2025 14:40
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кереметтүү жерде.


Рухий ааламдагы 7 энергия

Гезиттин өткөн санында экстрасенс, элдик дарыгер Кубаныч Мурзаев менен болгон маекте рухий ааламда энергиянын 7 түрү бар экенин айткан эле. Бул жолу ошол энергиянын түрлөрү жөнүндө маалымат берди.

1. Кызыл энергия (кыйноочу күчтөр). Кызыл нур менен байланышкан касиеттердин адамга зыяны катуу тиет. Кызыл күчтөр адамды кыйноочу күчтөр. Булар жер бетиндеги көрүстөндөрдө жашашат. Башкача айтканда көрүстөндөрдүн ээси болушат. Көрүстөндүн энергиясынан бакшылар кара дуба жасашат. Алар жиндер менен иштешет. Көрүстөнгө кыздар кирбеши керек. Сыртында туруп гана Куран окуп коюш керек. Эркектер да киргенде аралабашы керек, өлүктү тебелеп өтүшү мүмкүн. Анткени сөөк томпойгон жерде эмес, тайыз жеринде болот. Томпойгон жер көрдүн коридору, жаап коё турган жери. Ошондуктан көрдү башаламан казбастан катар-катары менен казып, ортодон басуучу жол калтырса жакшы болмок. Сөөктү тебелеген адам үйүнө барганда ооруп калышы мүмкүн.
2. Кара көздүү ак энергия (кара көздүү периште). Кара дегенде адамдар терс энергияны түшүнүп алышы мүмкүн. Бирок бул кадимкидей эле ак энергия, бирок көздөрү кара болот. Кара көздүү энергия ар түрдүү энергияны өзүнө байлай алат. 7 түрдүү энергиянын кейпин кийип өзгөрө алат. Демек мунун илими күчтүү. Аны периште деп айтышат, көздөрү кара, өздөрү аппак болушат. Алардын жайгашкан жери - жер бетиндеги эң ыйык жер Арабстандагы Арафат тоосу. Ал жерге ыйман келет. Адамдар ажылыкка барганда ошол тоодон энергия алышат. Эгер адамга ажылык сапары туура келген болсо, мээнет менен тапкан акчасына барса, чын дили менен зыярат кылып, Кудайга сыйынса ошол адамга ал жердеги касиет өтөт. Ал адам ыймандуу болуп, башкача адам болуп кайтат. Ал энергия башка жерде жокпу деген суроо туулушу мүмкүн. Башка жерлерде бар, бирок башкача даражада болушат. Эң күчтүүсү Арафат тоосунда болот. Оштогу Сулайман тоосунда да болгон. Бирок азыркы күндө алар Арафат тоосуна качып кетишкен. Анткени кан төгүүлөрдү, башаламандыкты алар көтөрө алышпайт. Ок, түтүн, адамдардын каардуулугу терс энергияны чакырат. Азыр Сулайман тоосун кара күч ээлеп калган. Аталар ушундай аян берип жатат, тоону тазалаш керек эмес, эл-журтту тазалаш керек деп. Эл тынч, ынтымакта болсо тоо өзү агарып алат. Периштелер Арабияда элдин тынчтыгын сурап турушат. Анткени ал жерде Кудай менен түз байланышта болгон периштелер бар. Алар жакында октябрь айында кайтып келиши күтүлүүдө. Анан да кара көздүү энергия бийик тоолордо болот. Анткени таза болот, тоону шамал, жамгыр тазалап турат. Алар ошондой таза жерлерге конушат. Ошондо да жерге тийбей 25-30 см бийиктикте калкып турушат.
3. Жашыл энергия (адамдын энергиясы). Бул адамдардын өздөрүндө болот. Адам 2 айлык түйүлдүк кезинде пайда болот. Эне, ата тараптан өтөт. Көбүнчө кызга апа тараптан, эркекке ата тараптан өтөт. Бул деген боорукер, мээримдүү, ыйык касиет. Бул адамдын эң боорукер периштеси өзүндө жашайт деген сөз. Бул энергия өтө боорукер болот. Адам ыйлаганда кошо ыйлап, кубанганда кошо кубанып дайыма чогуу жүрө берет. Алар адамга такыр жардам бере албайт деп айта албайм. Болгону жиндин киргенин көрүп билип Аллага арызданып ыйлап турушат. Демек биздин тилегибизди ошолор жеткирип турушат.
4. Күлгүн (розовый) энергия (сүйүү энергиясы). Бул адамдын сүйүү энергиясы. Ошондуктан романтикада бул түс көп колдонулат. Эмне үчүн кээ бир адамдарда сүйүү козголбойт? Ал өзүндөй жылдызды, өзүнө окшогон энергияны табышы керек. Сүйүп калуу ошондон болот дейт. Бул энергия издөөчү болбойт, жөн гана адам менен жүрөт, окшошун тапканда эле болду ошол адамга өтүп барып жабышып калат. Ал адамдыкы болсо берки адамга өтүп калат. Алмашып калып, бири-бирин унутпоо, бири-бири үчүн жанын кыюу, ушунчалык берилгендик – сүйүү сезими пайда болот. Сүйүү кээ бир адамдарда такыр ойгонбойт. Бул энергиянын күчсүздүгүнөн кабар берет. Сүйүү энергиясы адамдарда ар түрдүү болот. Кээ бирөөсүндө күчтүү, кээ бирөөсүндө алсыз. Айрым адамдарда тез-тез сүйүү пайда боло берет. Аларда сүйүү энергиясы көп болот. Башка адам болгону бир сүйөт, ошол бойдон өтөт. Бул анын өтө туруктуу энергиясы. Кээ бир адамдарда такыр жок болот. Ал адамдын жан дүйнөсүн кыйнай турган кара энергия, башкача айтканда тийген каргыш. Каргыш тийсе такыр сүйбөй турган болуп өтүп кетет.
5. Көк энергия (асман энергиясы). Бул өтө күчтүү. Бирок кара көздүү ак энергиянын алдында төмөн турат. Адамдын айланасында дайыма учуп жүрөт. Буларды орустар “богиня”, “ангел” деп айтышат. Өз ара жетиге бөлүнүшөт. Негизи ар бир энергия өзүнчө дагы жетиге бөлүнүп кетет, атом, молекула сыяктуу. Башкача айтканда алсызы күчтүүсүнө баш ийет. Канаты бар периштелер мечиттерде болот. Ал эми канаты жок кыз кейпине окшогон перилер шам убакта гана чыгышпайт, калган убакта чыга алышат. Себеби алар шам убактысын өтө сыйлашат, ал убакытты катып туруп күтүшөт. Булар орус энергиясы.
6. Сирень түстүү энергия (жөөттөргө таандык). Алардын сыйынган жери Йерусалимдеги храм. Буларда таш энергиясы өтө күчтүү. Таш антенна сыяктуу адамдын нурун тарта алат. Сирень түстүү энергия жөөттөргө таандык. Алардын сыйкыр күчү күчтүү болот. Бул энергияны иштеткен адамдар сыйкырчы болушат. Көз боёмочулук касиетке ээ. Муну мусулмандар кабыл алышпайт. Ал эми жөөттөр, орустар сыймыктануу менен пайдаланышат.
7. Көгүлтүр энергия (Микаил периште). Бул түстү эч ким баамдабайт. Байкалбаган энергия. Илимге бай. Бардык энергиялардын илимин билип, үстүндө туруп текшерип, Аллага алар жөнүндө отчет берип турат. Булардын баары Алла Тааланын ыйык касиеттери болуп эсептелет. Бул Аллага тез байланышуучу касиет. Микаил периште деп айтылат. Ал жер бетине түшө албайт. Эң жогорку катмарда жайгашкан энергия.

Алар көрүнүшөбү?

Ак энергия кара күчтү баш ийдире алат. Алардын илими күчтүү. Ал эми кара энергия кубулууга ээ. Бирок эч качан актын кейпин кийе алышпайт. Жүзүн көрсөтпөй жаап көрүнөт. Анткени алардын түрү суук. Ошондуктан жүзүн көрсөтө алышпайт. Адамдар ак жамынган бирөө келди десе, демек кара энергия келген болот. Ошол кезде адам келме келтиргенде ал ошол ордунда мышык болуп калат. Себеби анын түпкү теги мышык болот. Ак мышык болбойт, алардын аласы же карасы болот.

Забур китебинин сыйкыры күчү

Илгери Забур китебин иштеткен молдолор сыйкырдуу касиетке ээ болушкан. Азыр бул энергия басаңдап, кара энергия ак энергияга баш ийип калган. Алла Тааланын буйругу менен Микаил периште ал сыйкырды алып койгон. Анткени адамдар муну пайдаланып бири-бирине зыян келтирген. Мисалы боюнда бар аялды каргаганда чочко төрөп койгон. Демек каргыш ушунчалык катуу тийген. Мындай болсо адамдын гени бузулмак. Ошон үчүн бул да болсо Алланын мээримдүүлүгү, ал касиетти жерден алып чыгып камап салган. Бирок кээ бир адамдарда китептери калышы мүмкүн. Бул энергия кандан өтпөйт, китепте калган.

Никогда не путай мой характер с моим отношением. Мой характер зависит от меня, а мое отношение - от твоего поведения.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#822 Пользователь офлайн   saltanat.   17 Март 2014 - 21:04

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 8 229
  • Катталган: 25 Февраль 13
  • Соңку аракети: 10 Фев 2025 14:40
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кереметтүү жерде.

Этият болуңуз! Кара энергия!

Экстрасенс Кубаныч Мурзаев менен маек.


Лөлүлөр кара энергияга баш ийишет. Жин-пери аларды тез тааныйт.

-Адамдардагы кара жана ак энергия жөнүндө айтып берсеңиз.
-Адамдар үчүн энергиянын 2 түрү бар болсо, сырдуу дүйнөдө 7 түрү айтылат. Рухтар 7 энергия менен машыгышат. Алардын таасири адамдарга тийбей койбойт.
Кара энергия адамдарга ар түрдүү максат менен өтөт. Адамдын психологиясы да аны тарта алат. Мисалы, мага өтөт деп ишенип алган болсо сөзсүз өтөт. Мындай учурда адамдын өзүндө калыптанган кара энергия козголуп иштеп кетет. Ошондой эле адамда ак энергия болот. Мага терс энергия өтпөйт деп оң энергияга ишеними чоң болсо оң энергия өөрчүйт да терс энергияга жол жок болуп калат. Демек, өзүн ынандыруу чоң ролду ойнойт.
Кара энергия менен бакшылар, сыйкырчылар машыгышат. Муну лөлүлөр (цыгандар) көп жасашат. “Орто кылымдагы сыйкырчылык”, “кудайы жок аалам” деп айтылат, башкача айтканда сыйынуучу кудайы болбойт, ошондуктан лөлүлөр кара энергияга баш ийишет, кара энергия аларды өтө сүйөт. Кара энергия деген жин-пери. Алар лөлүлөрдү тез таанышат, алардын тукумунда бар. Булар байыртан дербиш болуп көчөлөп, мазарлап жер ээлери менен байланышкан. Ал эми мазарларда көбүнчө кара энергия болот. Кара жиндин да кудайы болот. Аны “Боги” деп айтышат. Алардын өздөрүнө таандык тили бар. Кээ бир ак энергия алардын тилин билет. Бирок ак касиеттин тилин кара энергия билбейт.
Мусулман молдолорунда кара энергия жашабайт, аларда жалаң гана ак касиет болот. Ак касиет молдолордо гана эмес, чыныгы адамдык сапатка ээ болгон, таза жүргөн, жүрөгү ак адамдарда да болот. Демек алар молдодон да таза адамдар. Алар намаз окуп, молдолук кылбаса да жүрөгүндө тазалык болот. Андай адамдарга такыр кара энергия кире албайт. Анткени кара энергияга баш ийбей турган даражада эрки күчтүү. Негизи эле ак энергия турган жерге кара энергия аралаша албайт. Караны да, акты да бирге иштетет экен деп айтышат, бирок андай болбойт. Кара турган жерде ак жашабайт. Булар бири-бирине атаандашып турушат да ал жерде ошол адам сөзсүз ооруйт же өлөт. Атаандаштык болгон жерде иштей албайт. Бир гана нукту тандашы керек.
Бирок мусулмандарда да кээ бир кара менен иштегендер бар. Ал кандайча? Ал алдамчылык менен жан баккан, өз кызыкчылыгын көздөгөн адамдар. Бул кара энергиянын бар экендиги болуп эсептелет. Кара энергия турганда ак энергия иштебейт. Кара жин өтө күчтүү иштеп, бүт жакшы касиеттерди жоготот. Молдонун терисин жамынганы менен ал сооп иш жасай албайт.
-Адамдардын арасында энергия вампирлери болот дешет. Алар жанындагы адамдын энергиясын соруп алышат экен.
-Энергия вампири – адамдын энергиясын соруучу күчтөр. Булар жердин ээлери. Албарсты, саксайган түрү суук болот. Булар адамга өтөт. Көбүнчө жүрөк оорусуна алып келет. Жүрөк оорулары жер ээлери менен байланышат. Адам өлсө арбактай болуп учуп кетпейт, ошол үйдө кала берет. Анан ядро сыяктуу учуп барып башка адамга уктаган кезде башынан киришет. Өзүн коргой албаган алсыз адамдарга тез киришет. Жакыны каза болуп өтө кайгырганда алсыз болуп калышат да. Андан коргонуунун жолу катуу кайгырбаш. Кайгырбаганга айла жок, бирок каза болгон жерде көк, кара кийишет, ошону кийбей коюш керек. Ошол күндөрү кыздар жылаңбаш жатпашы керек. Ак жоолук салынып жатышы керек. Ошондо да алар кире алышпайт. Ал үч күн күтөт. Курмандыгын таба албаса алсыз энергияга айлана баштап акыры тыркырап жок болуп кетет.

Кара жана ак энергия атаандашкан жерде адам ооруйт же өлөт

-Ал адамдарга көрүнөбү?
-Адамдарга көрүнөт. Шарлар биригип атомго айланып адам формасын жарата алышат. Жок болуп көрүнбөй калууга жана бар болууга жөндөмдүү. Алар алтынчы, жетинчи туюму ачылган адамдарга көрүнөт. Ал адамдар кандай? Алар клиникалык өлүп тирилгендер, убактылуу эсин жоготуунун үчүнчү стадиясындагылар. Энергиялык күч, көрүүчү касиет ошондой кезде ачылып кетет.
-Сиз айтып жаткан күчтөрдү жиндерге кошсо болобу?
-Жиндердин 12 түрү болот. Булар үчүнчү түрүнө кирет. Жалпы айтканда кара жин деп айтылат. Биринчи жиндер адамдарга боорукер болушат. Аны ак жин дешет. Алар адамга жамандык кылбайт. Жамандыктан тосуп, түшүнө аян берип, эскертүү берип турушат. Калгандары адамга каршы, оору кылат, кайгыртат, нервден жабыркатат. Акыры адам ичкиликке берилип же башка жол таап өзүн жоготконго барат. Адам өзүн башкара албай калат. Алар адамдын борбордук мээсине тез кире алышат. Аны көбүнчө мечитке баруу менен чыгарууга болот. Жума намазга барган адамдардан тез чыгат.
Терс энергиясы бар адамдар, башкача айтканда энергия вампирлери адамдын энергиясын тартып алат. Анткени ошол адамдарда вампирдик күч жашайт. Ал адамдарды кара күч ээлеп алган. Бирок жамандык кылбай турган даражада жүрөт. Бирок баары бир жамандык кылышы күтүлөт, бул жашы өткөн кезде болот. Жашы 50дөн өткөндөн кийин ошол адамды соро башташат. Ага чейин бирөөдөн энергия алып турушат. Ал адам эркек болсо аялы өлөт же бир нерсе болот. Анткени эң биринчиден нике аркылуу энергияны сорот. Адамдын ак энергиясын соруп жок кылат да коргоочу күчтөрү калбай калат.
-Кара күчү бар экенин адамдар өздөрү билишеби?
-Кээ бирлери аны такыр билбейт. Бирок сеанста билинип калат. Сеанста ыйлаган, күлгөн адамдарда кара энергия болот. Ошол адамда вампирдик күч бар десе болот. Аны сууга дем салып айыктырыш керек. Суу энергияны өткөрүүчү.
-Маегиңиз үчүн чоң рахмат!

Никогда не путай мой характер с моим отношением. Мой характер зависит от меня, а мое отношение - от твоего поведения.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#823 Пользователь офлайн   saltanat.   17 Март 2014 - 21:06

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 8 229
  • Катталган: 25 Февраль 13
  • Соңку аракети: 10 Фев 2025 14:40
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кереметтүү жерде.


Кыжырды келтирген азыктар

Стресс болгондо шоколад, сыр, банан жеп жиберүүгө көнүп калдыңыз беле? Анда жакшылап көңүл буруңуз. Ал азыктар кыжырданууга, уйкусуздукка алып келет!


Кептин баары тираминде

Сыр, банан, шоколад тираминге, б.а активдүү уулуу затка бай. Ошондуктан бул кан басымдын көтөрүлүшүнө, канда канттын көбөйүшүнө, нерв системасынын козголушуна, мигрендин пайда болушуна алып келет. Курамында тирамин бар азыктарды кечинде жебеш керек, антпесе уйкусуздук камсыздалып калат.
Колдонуу мөөнөтү өткөн азыктарда, бышып өтүп кеткен мөмө-жемиштерде тирамин көбөйөт. Уулуу азыктардын лидери – банан жана авокадо. Айрыкча өтө бышкан банан кооптуу. Бул жемишти ачуулуу адамдар, ошондой эле көңүл коюунун жетишсиздиги байкалган балдар жебей эле койгону оң.
«Менин тажрыйбамдан айта кетсем, көңүл коюну, ойду бир жерге токтотууну жакшыртуу үчүн банан жегенге тыюу салып коюу жетиштүү болгон” дейт медицина илимдеринин доктору, нутрициолог Татьяна Чернышева.
Ферменттелген сырдан да алыс болгонго аракет кылыңыз, анткени анда да тирамин аз эмес. Көпчүлүк адамдар эрте менен, түштө шашып жүрүп сыр кошулган бутербродду шам-шум этип алганга көнүшкөн. Бирок сыр сүйүүчүлөрүн дайыма алсыздык, уйкусуздук коштосо дароо сырдан баш тартуусу керек. Ушундайча көйгөйдөн арылуу толук мүмкүн.

Этият болуңуз: ксенобиотик!

Бананды көп жебегиле дегенге дагы бир себеп бар: анткени бананда жогорку пайыздагы ксенобиотик – адамды гормоналдык жактан өзгөртө турган организмге жат химиялык зат бар. Бананды быша элегинде көк бойдон үзүп алышат да бизге алып келишкенден кийин толук бышыруу үчүн атайын газды пайдаланышат. Ал аялдарда эстроген гормонунун, а эркектерде андроген гормонунун көп бөлүнүп чыгышын камсыздайт. Бананды ашыкча өлчөмдө колдонуу ден соолукка өтө эле терс таасирин тийгизиши күтүлөт: балдардын жыныстык жактан эрте жетилүүсү, айымдардын айызынын цикли бузулушу. Ал эми азыраак өлчөмдө колдонуу маанайдын бузулуусуна, уйкусуздукка, ачууланууга алып келет. Адам эрте менен турганда түнү менен жүк көтөрүп чыккансып чарчаңкы абалда болот, кечинде жаны жер тартып тезирээк төшөккө кулаганга шашат.

Серотонин абдан көп болгондо...

Толуп кетүүдөн коркуп сүттүү шоколадды таштап какао кошулган ачуу кара шоколадга өттүңүзбү? Бирок бул дайыма эле акылга сыя турган чечим эмес экен.
Биринчиден, шоколад даярдоо үчүн ферменттердин бүтүндөй артиллериясы керектелет. Какаону ашказан сиңириши кыйын, бирок сүт менен оңоюраак сиңет.
Экинчиден, бардык шоколадда серотонин көп, а 90% какаосу бар шоколадда андан да көп. Бир чети жакшы деп ойлошуңуз мүмкүн: анткени серотонинди “бакыттын гормону” деп аташат, ал жакшы маанай тартуулайт. Бирок экинчи жагы да бар: бул сезгенүү нейромедиатору - ашыкча колдонуу ашказан, ичеги ооруларына алып келет.
Серотониндин көп болушу бактылуулук сезимин тартуулабастан тескерисинче таасир этет. Канда бул гормондун көп чогулушу тынчсыздануу абалы аркылуу байкалат. Андан сырткары серотонин адамдын сергектигине жооп берет. Эгер аны көп колдонгон болсоңуз, түнүчүндө да кыжырдануудан, дүүлүгүүдөн арыла албайсыз.
Кээ бир учурларда шоколад депрессия абалын ого бетер күчөтүшү мүмкүн. Анткени маанайдын чөгүшү дайыма эле серотониндин жетишсиздигинен кабар бербейт. Серотониндин көптүгүнөн да оор депрессия болушу мүмкүн. Мындай учурда врачтар серотонинге бай азыктарды чектөөнү сунушташат. Алар биринчи кезекте – шоколад, банан, ферменттелген сыр, жаңгак.
Жыйынтык чыгаруу оңой: эгер маанайыңыз чөксө, депрессияга кабылсаңыз, шоколад жеп өзүңүздү алаксытууга аракет кылбаңыз. Көйгөйүңүз эмнеге байланыштуу? Ошого карата адистерден кеңеш алыңыз.

Сыр жана аллергия жөнүндө 3 факт

1. “Сыр жана кызыл вино” айкалышы баарына эле туура келе бербейт. Аллергияны пайда кылышы толук мүмкүн. Гистамин реакциясынын белгилери – кычышуу жана териде бүдүрлөрдүн пайда болуусу. Жада калса ден соолугу чың адам да сыр, шоколад менен винону көп колдонсо акыры аллергияга кабылат.
2. Сырдын тешикчелери канчалык чоң болсо аллергиясы бар, фермент жетишсиз адамдар андан ошончолук алыс болушу керек. Тешикчелер – бул ачытылганда бөлүнүп чыккан газдын издери. Сыр жетилгенде алар майда болуп анча байкалбай калат. Тешикчелердин чоңдугу ферментация процесси ачытылуу учурунда эле токтотулганынан кабар берет. Бул жада калса ден соолугу чың адамдар үчүн да оор азык. А аллергиясы бар адамдар чоң тешиктүү сырдан баш тартып эле тыгыз болгон сырды кабыл алышы керек.
3. Аллергиясы бар адамдарга сырдын ферменттелбеген түрлөрү ылайыктуу. Аларда сүт бифидобактерия, ацидобактерия жана лактобактериянын жардамы менен ирийт.

Колдонуу эрежеси

Анда эмне кылуу керек? Шоколад, банан дегенден баш тартып коюу керекпи? Жок. Бактыңызга жараша, чектеп коюуну сунуштабайбыз. Чеги менен жегенге болот. Бирок белгилүү бир чекти айтуу кыйын. Ар бир адамдын өзгөчөлүгүнө жараша болот. Кээ бир адам бир шоколадды, үч бананды катары менен жесе да эч нерсе болбойт, башкасы шоколаддын кичинекей бөлүгүн, банандын бир даанасын жегенде эле уйкусу качып же бөрү жатыш чыгып кетиши мүмкүн. Ошентсе да азыктарды кабыл алуунун болжолдуу эрежесин түзүп койсо болот.

Жалпы мыйзам: Азыктар күч берип, маанайды көтөрүүсү керек. Эгер анын ордуна алсыз болуп, тынчыңыз кетсе, анда ал азыктар сиз үчүн эмес.
• Эгер сиздин аллергияңыз жок болсо, ашыкча салмак деген көйгөйүңүз болбосо, ашказан бездери жакшы иштесе, анда бир күндө 30-40 граммга чейин шоколад (какао 65%) жесеңиз болот. Болгондо да шоколадды түшкө чейин жеген жакшы.
• Бир күндө эки даанадан ашык банан жебеңиз.
• Эгер өзүңүздүн сырга карата реакцияңызды байкасаңыз, бирок андан баш тарта албасаңыз, анда ферменттелбеген түрүнө алмаштырыңыз. Адыгей, сулугуни, брынза, фета жана рикоттанын курамында тирамин болбойт.
• Дароо көңүлү чөгө түшкөн эмоционалдуу адамдарга тираминдүү азыктарды чектеп коюу сунушталат. Жок дегенде өлчөмүн азайтуу керек. Катуу стресс болгон учурда мындай азыктарды бир канча апта бою кабыл албай коюу керек.
• Сыр кошулган бутерброд жегенден бир саат өткөндөн кийин шоколад, банан жегенге болбойт.
• Шоколад, сыр, банандын терс таасирин жоготуучу азыктар да бар. Булар организмди зыяндуу заттардан тазалай турган жашылчалар, мөмө-жемиштер. Андан сырткары, күрүч, гречка, сулу, буудай ботколору жакшы.

Никогда не путай мой характер с моим отношением. Мой характер зависит от меня, а мое отношение - от твоего поведения.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#824 Пользователь офлайн   saltanat.   17 Март 2014 - 21:07

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 8 229
  • Катталган: 25 Февраль 13
  • Соңку аракети: 10 Фев 2025 14:40
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кереметтүү жерде.

Адаттар генди өзгөртөт

Ашыкча салмактан, терс адаттардан арылбай жашоо менен өзүбүздүн эле эмес, келечек муундарыбыздын да жашоосун бузабыз. Эмне үчүн, кантип? Муну эпигенетика илими түшүндүрүп берет.

Мурда илимпоздор биздин жашоо образыбыз, жеген тамагыбыз, адаттарыбыз, мүнөзүбүз укум-тукумубузга таасирин бербейт деп ойлошчу эле. Бирок акыркы жылдары мындай эмес экени аныкталды. Эгиздердин жашоо образын, үй-бүлөлүк оорунун тарыхын кылдаттык менен изилдөөдө ата-энебиздин, ата-бабаларыбыздын жашоосунан балдарыбыздын, неберелерибиздин жашоосу көз каранды экендиги такталды.
Эпигенетика деп аталган жаңы илим генетиканы жокко чыгарбайт. Ал генди изилдеген илим бойдон кала берет. А генетикалык информация клеткаларда кандай жүрөөрүн эпигенетика изилдейт.

Генди лампочка сыяктуу өчүрүп, күйгүзүп коюуга болот

Изилдөөлөр көрсөткөндөй ген лампочка сыяктуу эки абалда болот: күйүп турган, өчүп турган. Бул абал өзгөрүлмө эпигеном (организмдин ар түрдүү клеткаларында 30 миң гендин пайда болуусун жөнгө салган молекулярдык механизмдин жыйындысы) менен аныкталат. Мисалы, нерв клеткаларында, ашказан астындагы бездерде, булчуңдарда окшош гендер чогулат. Бирок биринчи ген нейромедиаторду синтездесе, экинчиси инсулинди, үчүнчүсү булчуң белокторун синтездейт. Бул эпигенетиканын жыйынтыгы болуп саналат: кээ бир гендер активдүү болуп калат, башкалары тескерисинче басылып калат. Бул эмбрионалдык өнүгүү процессинде эле болуп өтөт. Бирок эпигенетика чоң кишилерде деле өзгөрүп турат, анткени жашоо образыбыз, терс адаттарыбыз, тамактануубуз эпигеномго таасирин берет.
Жыныс клеткаларындагы гендин эпигенетикалык маркерлери сакталып калат, ошондуктан балага активдүү гендер оңой эле өтөт.

Тагдырды өзгөрткөн витамин

Укум-тукум информациясы эпигенетикалык жол менен өтөөрүн биринчи жолу америкалык илимпоз Ренди Жиртл билдирген. Ал агути деп аталган жасалма ген жасап, аны кадимки чычкандын генине кошкон. Жыйынтыгында боз чычкан кочкул сары түскө айланып эле калбастан семирип, укум-тукумга өтүүчү оорулуу болуп калган. Бирок укум-тукум кодуна бир да тамганы өткөрбөй коюу менен агути генинин таасирин толугу менен жоготсо болот экен. Аны үчүн болочок чычкан энелерди фолий кислотасы (витамин В9), метионин аминокислотасы менен байытылган диетага отургузуу жетиштүү болгон. Бул эки зат метиль тобуна (СН3) , башкача айтканда эпигеном маркерине бай болуп, ДНКга кошулганда гендин активдүүлүгүн жөнгө салат.
Метиль тобу чычкандын эле эмес адамдын да эпигенин жөнгө салып коё алат. Организм дайыма ага муктаж болуп турат, анткени клеткалар дайыма бөлүнүп турушат да. Фолий кислотасын да, метионин аминокислотасын да организм өзү иштеп чыгарбайт. Ошондуктан аны азык аркылуу (ал жашылчаларда, мөмө-жемиштерде көп) жана атайын витаминдер аркылуу алып туруу керек. Бирок витаминдерди көп колдонуунун кереги жок. Америкада “метиль тобунун донору” деген аталыштагы дарылар пайда болгондо көпчүлүк илимпоздор тынчсызданып башташкан эле. Анткени организмдин тең салмактуулугун сакташ үчүн кылдат мамиледе болуш керек. Илимпоздор кайсы ген активдүү болуп, кайсы ген пассивдүү болушу керектигин азырынча билишпейт, эң негизгиси качан, анан кайда. Ошондуктан организмге СН3 тобу менен толтуруп коюу тобокел иш.
Никогда не путай мой характер с моим отношением. Мой характер зависит от меня, а мое отношение - от твоего поведения.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#825 Пользователь офлайн   Januska   17 Март 2014 - 21:11

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 702
  • Катталган: 09 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 16 Июл 2016 16:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош, Кара-Кулжа

Эң көп балалуу ата 
Марокколук султан Исмаил дүйнө жүзү боюнча эң көп балалуу ата болуп эсептелет. Камкор ата 548 уулун жана 340 кызын тарбиялайт.  



Бир кичинекей айылдын эли го.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#826 Пользователь офлайн   MEDER_KULETOV   18 Март 2014 - 00:18

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 553
  • Катталган: 01 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:16
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Талас Кара-Буура

Шумдугун кургур шортуку десе мына сага аалам сырлары
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#827 Пользователь офлайн   vankuver   23 Март 2014 - 17:58

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 080
  • Катталган: 05 Июль 13
  • Соңку аракети: 05 Мар 2015 01:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:планета Кыргызстан

Венесуэланын президенти радио уктуруу алып барууда
.
Венесуэланын президенти Николас Мадуро "Мадуро менен түз байланышта" аттуу радио уктурууну алып барууда. Өлкө башчысы мындай кадамы менен калк менен жакындан байланышып, элдин көйгөйүн жана өлкө маселелерин ыкчам чечүүнү көздөп жатат. Бул туралуу ИТАР-ТАСС булагы маалымдады.
Алгачкы радио уктуруу 11-мартта обого чыкты. Мадура бул уктуруу аркылуу бардык маселелерди жаздырып аны социалдык тармактар боюнча да сунуштап, өзү жеке көзөмөлдөй турганын билдирди. Президенттин жанында маектеше турган журналист Сантоса Амараля жана депутат Роберто Малавера кошо алып барышууда. Бул жөрөлгө өлкөдө салтка айланып калгандай. Анткени Венесуэланын мурдагы президенти Уго Чавес дагы 13-14 жыл боюу "Алло, президент" аттуу теле көрсөтүүнү алып барчу. Ал улуттук теле каналда ар жекшемби сайын чыгып турган. Ушул убакыт аралыгында ал 378 телемарафон өткөрүп, сааттар боюу эл менен баарлашып, өлкөнүн бардык булуң бурчунан телефон байланыштарга жооп берген.

Кай жерде болбо, ар дайым, ар качан, туболукко журогумдо жашайсын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#828 Пользователь офлайн   vankuver   23 Март 2014 - 17:59

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 080
  • Катталган: 05 Июль 13
  • Соңку аракети: 05 Мар 2015 01:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:планета Кыргызстан

Улгайган аял күйөөсүнүн өлгөнүн байкабай бир ай жанында жашаган
.
АКШнын Декейтер шаарынын 78 жаштагы тургуну Дорис Кирби күйөөсүнүн өлгөнүн байкабай 4 жума жанында жашай берген. Нерф системасынын бузулушу (альцгеймера) оорусу менен ооруган аял жолдошунун жанындагы бөлмөдө жатканын унутуп калган. Бул туралуу жергиликтүү гезитке айтып берген тергөөчү Морган Джеф орулуу аял өзү барып ашканадан тамактана алчу. Ал эми жолдошу бир ай мурун эле уктап жатып дүйнө менен коштошкон көрүнөт. Бирок бир айдай алардын абалын сурап эч ким каттаган эмес. Кокустан келип калган баласы полиция чакырып териштирүү иштери жасалган. Ал эми коншулары аларды узак убакыттан бери көрө электигин айтышкан.

Кай жерде болбо, ар дайым, ар качан, туболукко журогумдо жашайсын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#829 Пользователь офлайн   vankuver   23 Март 2014 - 18:00

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 080
  • Катталган: 05 Июль 13
  • Соңку аракети: 05 Мар 2015 01:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:планета Кыргызстан

Питон жылааны ири крокодилди тирүүлөй жутту
.
Питон жылааны ири крокодилди тирүүлөй жутту. Мындай окуяга кокусунан журналист Марвин Мюллер туш болгон. DHA агенттигинин кабарына караганда Австралиянын Квинсленд аймагындагы Мундура көлүнүн жээгинде эки ири жаныбарлардын кармашы дээрлик 5 саатка созулган.
Питон жылааны крокодилге оролуп думуктуруп өлтүргөндөн кийин шашпай жутуп анан сууга кирип кеткен. Узундугу 4 метр болгон питон жылааны крокодилди аңдып анан жээкке келгенде башынан чапчып, муунта баштаган. Мындай чанда кездешчү окуяны камерага тартып алган Марвин крокодилдин кичине болгондугунан жем болгондугун билдирген.

Кай жерде болбо, ар дайым, ар качан, туболукко журогумдо жашайсын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#830 Пользователь офлайн   vankuver   23 Март 2014 - 18:01

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 080
  • Катталган: 05 Июль 13
  • Соңку аракети: 05 Мар 2015 01:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:планета Кыргызстан

Дүйнөнүн эң кичинекей кызы
.
Дүйнөнүн эң кичинекей кызы
Дүйнөнүн эң кичинекей кызы Индиянын Нагпур шаарында жашайт. Бул туралуу IHA агентчилиги билдирди.
Анын аты Джиоти Амге, ал 19 жашка чыкты. Ал эч качан боюунун кыскалыгынан уялбайт. Боюунун узундугу 62,8 см. Дүйнөнүн эң кичинекей кызы
Адатта мындай узундукта жаңы төрөлгөн ымыркайлар болот. Азыр Джоти "Дүйнөнүң эң кичине айымы" деген номинация менен Гиннесс китебине кирген. Болгону акыл эси тунук кыздын ахондроплазия оорусунун айынын сөөктөрү өспөй калган.
Дүйнөнүн эң кичинекей кызы
Джоти Амге кадимки эле өз курагында адамдар менен жашайт. Мектепти ийгиликтүү аяктап, азыр университтетте окуп жатат. Ал ар дайым кыска боюу менен сыймыктанып келген. Бардык кыйынчылыктар Гиннесс китебине кирүүсү менен артта калды. Азыр ал өзүнө ишенип, келечектен үмүттөрү чоң.

Кай жерде болбо, ар дайым, ар качан, туболукко журогумдо жашайсын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#831 Пользователь офлайн   vankuver   23 Март 2014 - 18:02

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 080
  • Катталган: 05 Июль 13
  • Соңку аракети: 05 Мар 2015 01:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:планета Кыргызстан

Адам сөөктөрүнөн курулган чиркөө
.
Адам сөөктөрүнөн курулган чиркөө
Мындай төбө чачты тик тургузган имарат Польшанын Жзермна шаарында курулган. IHA булагынын маалыматына караганда, дүйнөдө буга теңдеши жок. Анын себеби да белгилүү. Бул чакан чиркөөдө 300 ашык адам баштарынын сөөгү жана башка дене мүчөлөрүнүн сөөктөрү коюлган. Дубалы жана шыптары адамдын жүрөгүнүн үшүн алчуудай коркунучтуу жасалган.
Эчен жылдар боюу адам сөөктөрүнөн чогултулуп, тургузулган бул чиркөө 1776-жылдан 1804-жылдар аралыгында дин адамы Vaclav Tomasek ошол учурдагы согуштардагы жана холерадан кырылган адамдардын сөөктөрүнөн чогултуп жасаган экен Адам сөөктөрүнөн курулган чиркөө
. Андан кийин дагы бул ыйык чиркөөгө адам сөөктөрүн алып келип турушкан.

Кай жерде болбо, ар дайым, ар качан, туболукко журогумдо жашайсын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#832 Пользователь офлайн   vankuver   23 Март 2014 - 18:12

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 080
  • Катталган: 05 Июль 13
  • Соңку аракети: 05 Мар 2015 01:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:планета Кыргызстан

Тибет мастифинин күчүгү 2 млн долларга сатылды
.
Тибет мастифинин күчүгү 2 млн долларга сатылды Тибет мастифинин күчүгү кытайдын
Чжэцзян провинциясында 12 млн
юанга (1,9 млн доллардан ашык)
сатылды. Бул тууралуу Agence France-
Presse агенттиги жергиликтүү
ЖМКларга шилтеме берүү менен 19- мартта билдирген. Тибет мастифин баккан жергиликтүү
тургундун айтымында, алтын
түстөгү бул күчүктү Циндао
провинциясындагы курулуш
компаниясынын ээси сатып алган.
Иттин бул породасы эмне себептен кымбат экенин айткан жергиликтүү
тургун – бул иттер панда сыяктуу эле
өтө сейрек кездешет жана Кытайдын
улуттук сыймыгы катары эсептелет. Иттин бул породасы дүйнө
жүзүндөгү эң кымбат иттердин
катарын толуктайт. 2011-жылы тибет
мастифи 10 млн юанга (1,5 млн
доллар) сатылган.
Кай жерде болбо, ар дайым, ар качан, туболукко журогумдо жашайсын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#833 Пользователь офлайн   saltanat.   30 Апрель 2014 - 14:05

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 8 229
  • Катталган: 25 Февраль 13
  • Соңку аракети: 10 Фев 2025 14:40
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кереметтүү жерде.

Көптөгөн жашылча жемиштердин арасынан эң эле кызыктуусу да, таң калычтуусу да кадимки эле биз жеп жүргөн бадыраңдын бир түрү болуп чыкты. Легенария деп аталган бадыраңдын бул түрүнүн түпкү теги Индиядан келген. Челябинскидеги багбандар да бул укмуштуу бадыраңды өстүрүшүүдө. Анын узундугу бир сезондо 1,5 м.ден 2 м.ге чейин жетет. Легенариядан салат жасоо үчүн аны үзүп кереги жок. Керектүү өлчөмдө кесип алса болот. Бул бадыраңдын өзгөчөлүгү кесилген жери бузулбастан өсүүсүн уланта берет экен. Бир үй-бүлөнү жайы бою салат менен бага ала турган бул бадыраң теплицаларда гана өсөт жана өзгөчө камкордукту талап кылат.
Гиннестер китебине официалдуу түрдө катталган өсүмдүктөрдүн катарын кадимки кызыл карагайдын бир түрү толтурууга жетишкен. Өздөрүнүн узак жашоосу менен рекорд койгон мындай кызыл карагайлардын жыйырмага жакыны 4000 жылдан бери Калифорниянын чыгышындагы Уайт-Маунтинс (Ак Тоолор) тоолорунун чокусуна «ээлик кылып» келет. Деңиз деңгээлинен 3000 м. бийиктикте өскөн бул дарактардын бири 4600 «жашка келгени» белгилүү болгон.


Ал эми кадимки биз билген бамбук болсо өтө тез өскөн өсүмдүк катары өзүнүн ордун тапкан. Себеби анын өсүү темпи суткасына 0.75 м. ге чейин жетет. Индокытайда бамбуктардын бир айда 22 метр бийиктикти «багындырганы» да ушул өзгөчөлүгүнөн улам болсо керек. Мындан да кызыктуусу – бамбуктун айрым түрлөрү 20 жылда бир, башкалары 30-40 жылда бир гүлдөйт. Бамбуктун ар кандай символикалык мааниси да бар; мисалы, Индияда достуктун символу болсо, Филиппинде чарбада бамбук өстүрүү – бактылуулукту алып келет дешет. Ал эми Японияда бамбук тазалыктын символу болуп эсептелет.
Эми жан-жаныбарлардын ичинен өзгөчөлүгү менен алдыга озуп чыккандарга токтоло кетсек. Сүт эмүүчүлөрдүн эң кичине канаттуу өкүлү – бул жарганат десек болот. Анткени Тайланддын түштүк-чыгышын мекендеген бул жарганаттын канаттарын жайылгандагы узундугу 130-145мм. ге барабар болуп, салмагы 1,7-2 г. гана болот.


Ал эми жараганаттын кемирүүчү «туугандарынын» ичинен эң кичинеси – Мексикада, АКШнын Техас жана Аризона штатында жашайт. Карлик «хомячок» деп аталган бул кемирүүчүнүн узундугу болгону 3.6 см. болот. Бирок, кичине чычкан экен деп маани бербей коюу да болбойт. Себеби, бул «чычкандын» гиганттары да кездешет. Ушул эле кемирүүчүлөрдүн эң чоңу – түштүк Американын түндүгүндө жашаган деңиз чочкосу болуп эсептелет. Анын узундугу 1-1,3 м. ге жетип, салмагы 79 кг. болот. Ал гана эмес колдо багылган бирөөсүнүн салмагы 113 кг. га жеткени белгилүү.
Жеңил атлетика боюнча рекорд койгон жаныбарлардын бири катары Гепардды билебиз. Мышыктар тукумунун бул өкүлү түз жерден 550м. аралыкта ылдамдыгын 100км/с. ка чейин чыгара алат.


Ал эми ушул эле сүт эмүүчүлөр түркүмүнүн суудагы өкүлү Касатка эң тез сүзгөн деңиз жаныбарларынын тизмесине кирген. 1958-жылы Тынч океандын түндүк чыгыш тарабында жүргүзүлгөн байкоолорго караганда касаткалар ылдамдыгын 55.5 км/с. ка чейин чыгарышкан.
Бул киттердин бирден бир жеңиши эмес. «Эң чоң», «эң оор», «эң узун» номинациялары боюнча да алдыңкы орунга чыккан Көк кит болуп эсептелет. Себеби, анын узундугу 30метрден ашып, салмагы 180 тоннага чейин жетет. Мисалы, Антарктикадан кармалган көк киттин салмагы 190 т., денесинин узундугу 27.6 м. болгон. Джоржия штатына жакын жерде түштүк Атлантиканын жээгине сүрүлүп чыгып калган көк киттин узундугу болсо 33.6 м. ге жеткен.


Ушундай эле рекордчулардын арасына биз да кирет экенбиз.
АКШнын көптөгөн адамдары ашыкча семирип кетүүдөн жапа чегишери белгилүү. Бирок, бул нерсе айрымдардын атагын дүйнөгө таанытып, «эң алдынкылардан болууга жардам берет. Мисалы, гиннестер китебине кирген эң семиз адам катары 1963-жылы Вашингтондо туулган Джонс Бровер Миннок катталган. 1966-жылы анын салмагы 317 кг. болгон. Жүрөгүнүн ооруусунан улам 1978-жылы ооруканага жатканда анын салмагы 635 кг.га жеткен. 1981-жылы оорудан улам каза болгон Джонс Бровер Минноктун салмагы 362 кг., ал эми бою 1,85м. болгон.
Ал эми бул багытта айымдардын арасындагы рекорд да АКШнын тургуну 1943-жылы туулган Розали Брэдфордго таандык. 1987-жылы анын салмагы 544 кг. эле. Жүрөк ооруусунан улам врачтардын койгон диетасын толук карманган Розали Бредфорд 1994-жылы салмагын 128 кг. га чейин түшүрө алган. Ал эми Улуу Британияда туулган Мюриэл Хопкинс айым 47 жашында бою 1,80 см. болуп, 278 кг. салмакка ээ эле. 1971-жылы анын салмагы 301 кг. га жеткен.


Мындай салмак үч уктаса түшүнө кирбегендер да жашап өткөн. Андайлардын катарында Англиялык Хопкинс аттуу «мырза» жана Мексикалык Лючия Сарате айым бар. Хопкинс жети жашында 8,6 кг. болсо, 17 жашында (ушул жашта өлгөн) болгону 6 кг. салмакта болгон. Ал эми Лючия Сарате айым эргежээлдердин катарына кирген, б.а. 17 жашында бою 67 см., салмагы 2,13 кг. болгон. Жашы жыйырмага келгенде ал бир топ «семирип» калган эле. Себеби, ошол учурда ал түшкөн тараза 5,9 кг. ды көрсөткөн.
Никогда не путай мой характер с моим отношением. Мой характер зависит от меня, а мое отношение - от твоего поведения.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#834 Пользователь офлайн   saltanat.   30 Апрель 2014 - 14:07

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 8 229
  • Катталган: 25 Февраль 13
  • Соңку аракети: 10 Фев 2025 14:40
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кереметтүү жерде.


«ОКОРОЧКА» ЭМНЕ ҮЧҮН УУ КАТАРЫ ЭСЕПТЕЛЕТ?


Сырттан алынып келинип жаткан тооктун сан эттери бизде мал этине салыштырмалуу арзан экендиги менен өтүмдүү. Бирок ошол "окорочкалар" адамдардын организмине пайда алып келип жатабы же уулантабы? Келгиле, ушул жаатта изилдеп көрөлү.


Тоок бат чоңоюп, семирсин үчүн гормондор,
антибиотиктер колдонулат.
Чет өлкөлүк тоок багып жана этин сатуу менен алектенгендер тоокту илгеркидей табигый чөп-чар, жем менен багып семиртпестен, заманбап ыкмалар менен багарын баарыңыздар билсеңиздер керек. Башкача айтканда, жем катары берилген комбикормдун курамына, албетте, жасалма кошулмалар (бензой кислотасы, сорбат, лимон кислоталары, сорбат тузу жана башкалар) кошулат. Булар тиешелүү өлчөмдө кошулса, ден соолукка анчалык зыяны жок деп эсептелет. Бирок тооктор бат чоңоюп, ылдамыраак семирсин үчүн көп өлчөмдө кошулуп жаткандыгы тынчсызданууну жаратат. Бул эле эмес тоок бат чоңоюп, семирсин деп гормондорду, антибиотиктерди да колдонушат. Европада гормондорду колдонууга тыюу салынган. Антсе да АКШда, Кытайда да эттин сапаты жакшы, салмагы көп болсун үчүн кеңири колдонулат. А бизге алынып келинип жаткан "окорочкалар" АКШ менен Кытайдыкы болгондуктан, ден соолукка кандайдыр бир өлчөмдө коркунуч бар.
Тоокторго антибиотиктер берилген соң тооктун денесиндеги микроб антибиотикке көнүп, ыңгайлашып калат. Андай тооктун этин адам пайдаланганда эт менен кошо жанагы микроб да кирет да, адамда ооруну козгойт. Адам антибиотик кабыл ала баштайт, бирок антибиотик ал микробго таасир этпейт. Оору күчөп, татаалдашат. Бул адамды өлүмгө жеткириши мүмкүн. Коркунуч ушунда.Тоокторго берилген гормондор эт менен адамдын организмине кирип, семирүүнү жаратат.


Майларга эң зыяндуу заттар топтолот.
Окумуштуулардын пикирине таянсак, тооктун сан этиндеги майларга тоокко берген жемдерден топтолгон эң зыяндуу заттар чогулат. Мисалы, диоксиндер. Бул зат организмге тиешелүү өлчөмдө кирсе, коркунучу жок. Бирок көбүрөөк кошулганда анык ууга айланат. Уйку безди, өпкөнү, иммундук системаны жабыркатат. Курсак жана көкүрөк көңдөйүндө жайгашкан органдарга таасир берип, өнөкөт ооруларды козгойт. Нерв системасынын иштөөсүн, канды бузат. Ракка да жеткирүүсү мүмкүн. Диоксин уусу организмге аздан кирген учурда адамдын денеси билинбестен ондогон жылдар бою ууланып отуруп, жыйынтыгы айыктырууга мүмкүн болбогон абалга жеткирет.
Кыргызстанга сырттан алынып келинген "окорочкалар" өлкө ичине киргизилбей туруп, текшерүүдөн өткөрүлөт деңизчи. Антсе да "сактыкта кордук жок" дегенди кармануу туура. Андыктан окумуштуулар эскерткендей, "окорочканы" колдонордо жок дегенде майлуу жерин кесип салуу керектигин унутпаңыз.
Жыйынтыгында эмне үчүн АКШлыктар менен кытайлыктар тооктун ак этин (төш жана канат эттери)гана колдонуп, майлуу сандарын экспорттой тургандыктарынын сырын билдиңиз окшойт. Анткени ал жактын көпчүлүк эли тооктун жоон санындагы май – уулуу заттардын кампасы экендигин ("окорочкалардын" бардык партиясы таза текшерилет деп ишенишпейт) илгери эле билишкендиктен, сатып ала беришпейт.
Никогда не путай мой характер с моим отношением. Мой характер зависит от меня, а мое отношение - от твоего поведения.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#835 Пользователь офлайн   saltanat.   30 Апрель 2014 - 14:10

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 8 229
  • Катталган: 25 Февраль 13
  • Соңку аракети: 10 Фев 2025 14:40
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кереметтүү жерде.


Компьтер адамды эрте картайтабы?


Компьютерде узакка иштөөнүн зыяны ого эле көп. Мисалы, көзгө, бетке, омурткага... Окурман, бул жаатында сизге кененирээк маалымат керек болсо, анда атайын изилдөөлөргө кайрылалы.




ЭЭК САЛАҢДАП КАЛАТ
Британиялык врачтар компьютерде узакка отуруунун арты аялдарга коркунучтуу жыйынтыктарды тартуулаарын аныкташты. Тагыраак айтканда, аялдарда «компьютердик жүз» пайда болот экен. «Компьютердик жүз» бул – чекеге, көздүн тегерегине жана моюнга түшкөн бырыштар (үндүктүн моюну сымал), ошондой эле салаңдаган ээк.
«Адам компьютерде бир калыпта башын салаңдатып отурса, анда моюндун булчуңдары алсызданып, акырында экинчи ээк пайда болот. Ал эми экранды караган сайын чекени тырыштыруу, үтүрөйүү бырыштын эрте түшүшүн шарттайт.
Компьютерден чыккан нурдануу терини кургатып жибергендиктен, көз алдында грыжа келип чыгып, көздүн алды шишимик тартып калат.
Мындай картаюунун алдын алуу үчүн аялдар компьютердин жанына күзгү коюп алуулары оң. Анткени жумуш убагында өзүн күзгүдөн көрүп, картайып кетпейин деп убак-убагы менен эс алат. Жана бырыш түшпөөсү үчүн бетке жана моюн булчуңдарына көнүгүү жасап турат»,- дешет британиялык врачтар.
«Компьютерден эмне үчүн эркектерге эмес, аялдарга бат бырыш түшөт?» деген суроо, албетте, жаралат. Буга окумуштуулар «аялдын терисинин назиктиги (демек, тери бат кургап, бырыштын түшүшүн шарттайт), булчуңдардын чың эместиги күнөөлүү» дешет.
Ал эми ээктин салаңдашы эркектерге да тиешелүү.


КОМПЬЮТЕРДИН ДАГЫ КАНДАЙ ЗЫЯНДАРЫ БАР?
Көзгө, териге терс таасири
Электр-магниттик нурлануу терини жана көздү кургатып жиберет. Андыктан компьютерде узакка отургандардын үчтөн экиси «кургак көз» оорусунан жапа чегишет. Бул көздүн көрбөй калышына жеткирбесе да, көздүн ичинин дамамат кургап турушуна алып келет. Алтургай көзгө күч келип, кандын куюлушун шарттайт.
Мээге күч келүү
Электр-магниттик нурлануу жана электр-статикалык талаа абдан чарчоого, баш ооруга, сөз көтөрбөй калуучулукка, уйкунун бузулушуна, стресске алып келет. Башкача айтканда, жаш адамда оорукчан, кары кишиникиндей мүнөздөр, көрүнүштөр пайда болот. Андыктан көзгө жана мээге зыян келбеши үчүн, компьютерде отуруунун мөөнөтүн сактоо керек.
Кыргызстандын Санитардык- эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин инженери Тынчтык Мырзакуловдун маалыматына таянсак, 8 сааттык жумушчу күндө адам компьютердин маңдайында бир отурганда 3 сааттан ашык отурбашы шарт. Эгер андан көп отуруу талап кылынса, эс алып, көнүгүүлөрдү жасап, анан кайра жумуш кылуу кажет.
Окуучулардын нормасына келсек, 1 сабакта 1-4-класстын окуучулары компьютерде 15 мүнөт, 5-7-класстар 20, 8-9-класстар 25, 10-11-класстар 30 мүнөттөн ашык отурбоолору керек экен.
Тынчтык мырза башка мониторлорго караганда заманбап суюк кристалдуу мониторлордо электрдик нурлануу аз экендигин да белгилейт.
Омуртканын кыйшаюусу жана остеохондроз
Остеохондроз – муундардын, кемирчектердин бузулушу. Көбүнчө омуртка аралык кемирчектер бузулат. Эмне дегенде компьютердин маңдайында жылбай көпкө отуруу омурткалардын булчуңдарына күч келтирип, чыңалып турушуна алып келет. Булчуңдардын дамамат чыңалуусу акырындап омуртканын дискинин (анын ичинде кемирчектин) бузулушуна жеткирет. Ал эми адам туруп турганга же жатканга караганда отурганда омуртканын дискине күч көп келет. Ушундан улам сколиоз (омуртканын кыйшайышы) же омуртка аралык грыжа келип чыгуусу мүмкүн.
Колдун нервинин сезгениши
Компьютердин клавиатурасы менен активдүү иштөө колго күч келтирет. Манжалардын башынын сезимдүүлүгү начарлап, жансызданат. Мындай абал күн сайын кайталанып жүрүп отурса, колдун нерви, муундары жабыркап, сезгенет.
Колдун булчуңдары гипотрофияга (булчуңдардын өлчөмүнүн кичирейиши)учурайт.
Ашыкча салмак
Дайыма бир орундан жылбай отуруу ичте майдын топтолушун жаратат. Ал эми ашыкча салмак кант диабетине дейре жеткирерин унутпоо кажет. Андыктан күчтүү тамак жеп алып, компьютердин маңдайында жылбай отуруу туура эмес. Анткени ашыкча энергия майга айланат. Анын үстүнө семиздик адамды улуу көрсөтөт.
Геморрой
Бир орунда узакка отуруу жамбашта кандын жакшы айланбашына алып келет. Башкача айтканда, жамбашта кан уюп калат да, вена тамырларга күч келтирет. Демек, геморройдун жаралышын шарттайт. Алдын алуу үчүн дале убак-убагы менен басуу, эс алуу керектелет.
Иммунитеттин начарлашы
Кыймылдын жоктугу, таза абада эс албоо иммунитеттин начарлашын шарттаары мурунтан белгилүү.
Негизинен, компьютерден жаш балдар менен кош бойлууларга көбүрөөк зыян келет.




АТАЙЫН КӨНҮГҮҮЛӨР
Атайын көнүгүүлөр беттин терисинин абалын оңдоп, бырыштардын түшүшүнүн жана беттин келбетинин бузулушунун, ээктин салаңдап калышынын алдын алат. Ар бир көнүгүүнү 5-6 жолу кайталоо керек.


Беттин булчуңдары үчүн көнүгүүлөр:
Бет алдындагы бир нерсени үйлөп жаткан өңдүү оозду чурчуйтуп үйлөө.
Жаактар керилсин үчүн, оозду чоң ачып-жабуу.
Оозду манжалар менен кулакты көздөй акырындап чоюу.
Астыңкы жана үстүңкү тиштерди бири-бирине жакын кармап, ооз аркылуу дем алуу. Кайра абаны оозду чурчуйтуп чыгаруу.
Кезектештирип үстүңкү жана астыңкы эринди тиштегилөө.
Оозго жел толтуруп, анан желди улам бир ууртка жылдыруу.


Эриндер үчүн көнүгүүлөр:
Терең дем алып, оозго жел толтуруу. Анан абаны сыртка үйлөө.
Эриндерди артка тартып (чоюп), тиштерди көрсөтүү.
Бирөөнү өбө тургансып эриндерди чормойтуу.
«А» жана «и» тыбыштарын айтуу.


Көз үчүн көнүгүүлөр:
Эки көз менен мурундун учун тиктеп, анан алысты кароо.
Башты бурбай көздү жылдыруу менен эки жакты, өйдө-ылдыйды алмак-салмак тиктөө.
Жашыл өңдү бир топко дейре тиктөө (көз эс алат).
Көздү 3 секундга чейин жумуп, кайра ачуу.
Көздү жумуп, каректерди ары-бери, өйдө-ылдый жылдыруу.


Остеохондроздун алдын алуу үчүн:
Отургучтун сүйөнгүчү болушу шарт.
Дайыма түз отуруу.
Чарчаганда, белге күч келгенде таза абага чыгып эс алуу, басуу, көнүгүүлөрдү жасоо.
Компьютерге өбөктөп отурбоо.
Никогда не путай мой характер с моим отношением. Мой характер зависит от меня, а мое отношение - от твоего поведения.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#836 Пользователь офлайн   saltanat.   30 Апрель 2014 - 14:19

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 8 229
  • Катталган: 25 Февраль 13
  • Соңку аракети: 10 Фев 2025 14:40
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кереметтүү жерде.

Жыландар менен уктаган Эммануэль Тангко



Жыландар менен уктаган Эммануэль Тангко Филиппиндеги Манил шаарында Эммануэль Тангко аттуу таң калыштуу киши жашайт.Анын кызыгы өзүңүздөр көрүп тургандай муздак териси денеңе тиймек түгүл карагандан заарканган жыландар менен байыр алышып, түн бою да алар менен коюн-колтук алышып уктап, сууга да бирге түшүп ырахат алганында.Ал мына минтип кызыктуу китептерди да сары, кара чаар питондоруна окуп берип, жыландар менен кишиче сүйлөшүп достошконуна айлана-чөйрөсүндөгүлөр таң калбай койбойт.

Сүрөт

Билдирүүнү түзөткөн: saltanat.: 30 Апрель 2014 - 14:21

Никогда не путай мой характер с моим отношением. Мой характер зависит от меня, а мое отношение - от твоего поведения.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#837 Пользователь офлайн   saltanat.   30 Апрель 2014 - 14:30

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 8 229
  • Катталган: 25 Февраль 13
  • Соңку аракети: 10 Фев 2025 14:40
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кереметтүү жерде.

Токтогулдагы 7 жашар баланы 15 жаштагы ууру кыз өлтүргөн
20 октябрь 2010, 13:16
Баракелде - Токтогул айылында 18-октябрда 7 жаштагы Э.У. деген баланын жансыз денеси табылган.


ИИМ басма сөз кызматы билдиргендей, бул кылмышка шектүү деп мурда ууру кылгандыгы үчүн эки жолу соттолгон, аталган райондун 15 жаштагы кыз тургуну кармалды.


Алдын ала маалымат боюнча шектүү кыз башка бирөөнүн үйүнө уурдоо максаты менен кирген. Ал жерден үйгө мектептен келген бала аны көрүп калган. Ууру кыздын коркутууларынан коркпогон баланы кыз муунтуп, үйдү тоноону уланткан. Кетейин деп жатканда баладан кандайдыр бир дабышты угуп, кыз аны дагы эле тирүү экен деп 7 жолу денесине бычак сайган.


Шектүүнүн үйүнөн милиция кызматкерлери үйдөн уурдалган буюмдарды табышты.
Никогда не путай мой характер с моим отношением. Мой характер зависит от меня, а мое отношение - от твоего поведения.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#838 Пользователь офлайн   saltanat.   30 Апрель 2014 - 14:37

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 8 229
  • Катталган: 25 Февраль 13
  • Соңку аракети: 10 Фев 2025 14:40
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кереметтүү жерде.


Кыргыз сойкуларынын адамгерчилигине ыраазымын

Жаңы күн эмнени тартууларын эртең менен ойгонуп жатып эч ким аңдабаса керек. Пендечилик кылып, пландаштырымыш этебиз, бирок Кудай Таала ээлигин билдирип, өзү каалаган нукка адам тагдырын буруп турат.
Кадимки күндөрдүн биринде Надя досу экөө үйүнө кайтып баратып бир капсалаңга дуушар болду. Бир сааттын ичинде Надядагы ак-карага, тазалык жана ыпластыкка болгон жеке түшүнүктөрү асман менен жердей алмашты. Көрсө кеп динде эмес, улутта эмес, билимдүүлүктө эмес, адамдын жан дүйнөсүнүн тазалыгында экен. Муну Надя өмүрү өткүчө эсинде калтыргыдай болду.

“Орустар, орустар, ур!”

Ал күнү Надя жигити Сергей экөө кеч курун сабактан кайтып келе жатышкан. ЦУМ менен Алтын дүкөнүнүн ортосундагы көчө. Көп алыс эмес жерде 5-6 кыргыз жигиттер турган экен. Алар орто кылымдан пайда болгонсуп, эки орусту көрөөр замат “Орустар, орустар, ур!” деп чуркап келишип эркек, кыз дебей экөөнү тең жерге жыгытып тепкилеп киришиптир. Бир маалда олбурлуу болгон Сергей ордунан эптеп тура калып, балдарды ары карай түртүп, кызга “кач!” деп кыйкырат. Надя качып кеткенге үлгүрөт.
Кыш. Саат 6-7 чамасы. Шаардын борбору болгондуктан көзүн сүзүп, оозун чойгон элиталары өтүп жатканын Надя эскерет. Өзүн адам эсептеген зомбилер жалгыз да, эркек-аял жетелешип дагы, машинадан баш багып дагы өтүп жатышты, бирок бири дагы токтоп, “Балдар токтоткула бул зөөкүрлүгүңөрдү! ” деп айтканга жарабаптыр.

Зөөкүрлөрдөн качып кутулушту

Коркконунан мууну калтыраган Надя эмне кылаар айласын билбей үйүнө качып кирет. Артынан эшикти жаап отуруп калат. Көп узабай үй телефонуна бирөө чалат, алса жигити: “Мен тигилерден эптеп качып, бекинип калдым. Мени байкабай жанымдан өтүп кетишти”, деп Надядан жанагы мушташкан жерде калың дептери калып калгандыгын айтып, барып алып коюусун суранат. Ал дептерде биринчи курстан берки чогулткан лекциялары бар экен. Ал лекциялар аябай баалуу экендигин айтат.

Кайрадан кабылды

Жигитинин кутулуп кеткенине кубанган Надя тезинен кийинип кайрадан сыртка чыгат. Баягы жерге барса жанагы балдар дале турган экен. Кызды тааный калышып, кайрадан чуркап келишип, беш-алтоолоп тепкилеп киришиптир. “Кыш болгондуктан үстүмдө калың шуба бар болчу. Чынында алардын тепкилерин сезген деле жокмун”, деп Надя азыр тамашалап эскерет.
Бирок бир кезде шишенин жарылганын угуп калат. Көрсө бирөөсү бөтөлкөнү жарып жиберип, миздүү жери менен кызды сайып жибергенге камынып калган экен. Ошондо Надя катуу чоочуп кеткенин айтат.

Сойкулар өмүрүн сактап калды

Кудай колдойм десе кандай абалдан болбосун сууруп чыгат эмеспи. Мына ошондо дагы сөгүнчөөк, аягы суук, чөйрөбүз өзүнө кабыл албаган сойкулар окуяны көрүп калыптыр. Алыстан шиш така, кыска юбка, төшү ачык шубаларды кийген кыздар болушунча айкырык-өкүрүктү салып, сумкалары менен башынын үстүнөн айландырып, чуркап келатышкан экен. Ач-айкырыкты уккан жанагы жигиттер мушташканга даабай, артына карабай качышат. Ошентип беш-алты “баатыр” жигитти үч-төрт сойку кыз кубалап жиберип, Надяны аман-эсен үйүнө жеткирип коюшат.
“Кыздар каерде турасыңар? Апам келгенде силерди ыраазы кылам” дегенине карабастан эр жүрөк кыргыздын сойку кыздары бир тыйын албай кетип калышкан экен. Мына ушундай азыркы замандын түсү. Кимден жакшылык күтүп, кимден жамандык күтүүнү билбейсиң.

Даярдаган Асел Карыпбекова
Никогда не путай мой характер с моим отношением. Мой характер зависит от меня, а мое отношение - от твоего поведения.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#839 Пользователь офлайн   saltanat.   30 Апрель 2014 - 14:39

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 8 229
  • Катталган: 25 Февраль 13
  • Соңку аракети: 10 Фев 2025 14:40
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кереметтүү жерде.

Жашоонун ыргагы, же хронобиология эмне дейт?

Жашоо кызыктуу
Адамдын жашоо ыргагы будильникке окшош жана сааттай циклдуу деп окумуштуулар тастыкташат. Ал эми цикл табияттын көптөгөн кубулуштарынын арасынан Айдын фазасынан көз каранды. Хроналдуу биология адамдын баардык органы, денеси, мээси, жан дүйнөсү баардыгы туулгандан баштап өлгөнгө чейин үч жолку циклге баш ийет деп белгиледи.
Күнүнө денелик күч үч жолу күчөйт жана тартылат. Үч жолу чарчайт. Сенин маанайың каалайсыңбы, каалабайсыңбы үч деген эсепке баш ийет..

Хронобиология Батышта
Батышта бүгүн Хронобиология адамдардын профессионалдуу иштерине, эс алуусуна, жумушуна, турмуш тиричилигине – жашоодогу болуп жаткан баардык көрүнүштөргө байланыштуу тажрыйбалуу сунуштардын үстүндө иштешет.

Мектеп балдарына кеңеш
Мектепте окуучулары сабактарын кечки саат төрт жана төрт жарымдан баштап алтыга чейин даядоону хронобология сунуштайт.

Баардыгына кеңеш
Баардык маанилүү иштерди эртең менен саат 10дон баштап 12ге чейин жасап, чечип алуу да ыңгайлуу экени айтылат. Бул убак – адамдагы будильник толугу менен иштеп, денелик мүмкүнчүлүктөрдү жумуштун жакшы жактарына жумшап ала турган эң сонун мүмкүнчүлүк.

Элдин эсине
Эсиңиздерге тутуп алыңыздар, азыр эмне кылып, эмнени кийинкиге калтырышты ар бирибиздин ичибиздеги туура багыт көрсөтчү саатка карап аныктаганыбыз жакшы.

Устачылык убагы
Колу менен керемет жараткан таланттуу өнөрпоздор, чеберлер, усталар бул талантын саат – 15 менен 16нын ортосунда пайдаланса болот.

Дарыгердин кабылдоосу
Адамдын териси медициналык уколдорду эртең мененки саат тогузда эң жакшы кабыл алат.

Спортчулар үчүн саат
Биздин булчуңдар саат 13 саат 30 мүнөттө ишке жөндөмдүү болот. Дал ушул убакта машыгууну баштап, оор жумуштарды жасап алганга эң жакшы шарт түзүлөт.

Сүйүү маалы
Эртең мененки саат сегизде гормондор мыкты ойноп, түйгөлөр махабатка малына турган эң ыңгайлуу учур.

Түшкү тамактануу маалы
Ашказандын кислотасы адам эч нерсе жебеген учурда да саат 13дө жакшы иштейт. Ошондуктан, 12ден 13ге чейин же 13ден 14кө чейин түшкү тамак маалы деп эсептелет.

Ичүү маалы
Каалооңуз күчөп, өзгөчө суусундук ичкиңиз келип турат... Боор спирт ичимдиктерин саат 18ден 20лар убагында жакшы кабыл алат.

Сезимталдуулук
Адамды жактыруу, толугу менен аныктоо (кийимге балага же кызга болгон табити), белгилерди кабыл алуусу, жыт билүү сезими саат 17 менен 19да эң жакшы билинет. .

Мыкты иммунитет
Адамдын организми жөнөкөй инфекциялардан баштап ар кандай коркунучтуу инфекцияларга чейин саат 22де эң жакшы күрөшөт. Себеби, бул учурда иммунитет эң күчтүү абалда болот.

Кайсы учурда жалгыз калганга болбой
Жалгыздыкты ар ким ар кандай түшүнөт. Ошондуктан кайсы учурда жалгыз калбоону билип алуу ден соолукка абдан пайдалуу. Мисалы, өзүн жалгыз сезип жүргөн адам ар кандай жагымсыз учурлардан, сезимдерден алыс болуп, агрессияга кабылбашы үчүн бул убакта да курбусу же досу же жакындары, ата-энеси менен сырдашып же сүйлөшүп, тамактанып же киного, театрга барып көңүлдүү убакыт өткөрүп келсе болот. Адамдар жалгыздыкты саат 20дан баштап 22ге чейин сезишет.

Косметологдорго кеңеш
Адамдын териси косметикалык каражаттарды саат 18ден баштап 20га чейин жакшы кабыл алат.

Сокур сааттар
Баарынан жаманы айдоочулар түнкү саат 2де жаман көрө башташат. Ошондуктан түнкүсүн жолдо жүрүү сунушталбайт. Саат 2ден баштап 4кө чейин адамдагы саат токтоп калат.

Түнкү тамактануу
Жумуштун тартибине жараша көпчүлүгүбүз түнкүсүн жумушка чыгууга туура келет. Ал эми түндө тамактануу сунушталбайт. Ошентсе да түнкүсүн иштегендер тамактанууга мажбур болушат. Адамдын ишке болгон жөндөмдүүлүгү таңкы саат үчтөн баштап 4тө начарлайт. Ушул учурда тамактанып алса болот.

Алсыздыктын сааты
Адамдын кан басымы таңкы саат 4ттөн баштан 5тин ортосунда начарлайт.
Никогда не путай мой характер с моим отношением. Мой характер зависит от меня, а мое отношение - от твоего поведения.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#840 Пользователь офлайн   saltanat.   30 Апрель 2014 - 14:41

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 8 229
  • Катталган: 25 Февраль 13
  • Соңку аракети: 10 Фев 2025 14:40
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кереметтүү жерде.


Сырдуу заманбап оорулар

Заманбап медицинасы
Заманбап медицинасынын жетишкендиктеринин жардамы менен азыр көп деген ооруларды жеңсе болот. Бир чети мыкты окумуштуулар дагы өздөрүн алардын алдында алсыз сезген оорулар да бар. Анда адамдарды куураткан ушул коркунучтуу оорулар тууралуу сөз кылалы.

Тери оорулары
Бул оору менен окумуштуулар жакында эле таанышышты. Анын белгилери кадимки фантастика тасмаларындагы бокочолордун элесин эстетет. Бул оору менен жабыркагандар денелеринде же терисинде бир нерселер же курт кумурскалар жүргөндөй сезишет, кыжаалат болушат, өтө катуу кыйналышат. Андан кийин ал жерлерде ачык жаракаттар пайда болот.

Өнөкөт чарчоонун синдрому
Көпчүлүк кадимки чарчаңкы абалды өнөкөт чарчоонун синдрому менен алмаштырып алышат. Бул синдром менен жабыркаган адамдар бир нече күн бою төшөктөн тура абай жатып калышат. Алар абдан чарчап иш кылганга эмес турганга да күчү жетпей калат. Өздөрүн абдан алсыз сезишет жан эч нерсеге көңүлдөрү келбейт. Денелик жактан да, акыл жактан да абдан алсыз болуп жабыркашат.

Крейтцфельд- Якобдун оорусу (спастический псевдосклероз)
Бул оору болсо көбүнчө «уйдун жинденгени» деген ат менен белгилүү. Себеби, бул ооруну оорукчан жаныбардын этин жеп жуктуруп алышат жана көпчүлүк учурда уйдун этин жеп жуктуруп алышкан. Аны уй менен байланыштырып койюшканы да ушундан. Ал эми окумуштуулар болсо ушул убакка чейин анын дарысын таба албай же эмне болгон оору экенин аныктай албай кыйналышат.

Шизофрения
Шизофрения — бул психика бузулган абдан сырдуу оору. Бул оору менен жабыркаган адам чыныгы жашоо менен фантазиянын ортосунан чыга албай калат. Анын белгилери абдан эле көп: галлюцинацияга кабылат, тантырап сүйлөйт, сөздөрдү толук айта албай калат. Окумуштулар бул оорунун аныкташканы менен дагы деле аны эрте айыктыруунун жолун ойлоп табыша элек.

Аутоиммундук бузулуу
Ага теринин кургак учук жана деңиз ооруларын киргизсе болот. Бул оорулар абдан көп жана алардын баардыгы тажрыйбада индивудалдык мүнөзгө ээ. Ошондуктан алардын көпчүлүгүнүн келип чыгышы окумуштууларга дагы деле сыр боюнча калууда.

Аллотрифагия
Бул ооруну дагы башкача бузулган табит деп аташат. Анткени ага кабылган адамдардын денелик же психикалык жактан тамак жегиси келип, организми өзгөчө тамактарды талап кыла баштайт. Түшүнбөй калдыңыздарбы? Ал мындайча: боор, көмүр, барак же топурак сыяктуу азыктарды жегиси келе баштайт. Кээ бир окумуштуулар аны организмде минералдардын жетишсиздиги менен байланыштырышат, бир чети аны дарылоо жолун дагы деле ойлоп табыша элек.

Куш тумоосу
Бул дагы заманбап оорулардын катарына кирет. Адамдардын сасык тумоосунун вирусуна иммунитети жок, ошондуктан эпидемия учурунда баардыгы жөтөлүп, чүчкүрүп, денелери ысып, шалдырап кыйналышат. Бир чети чымчык тумоосу адамдын организмине өтө чоң олуттуу маселени жаратат. Себеби, бул ооруга кабылган көптөгөн адамдардын өмүрү трагедия менен аяктаган. Ошондуктан өмүргө кол салган бул коркунучтуу ооруга окумуштуулар вакцина ойлоп таба алышпай кыйналып келишет.

Суук тийүү
Эч кандай күнөөсү жок, жеңил оорудай эле сезилет жана жыл сайын дүйнөлүк экономикага миллиарддаган доллар залакасын тийгизет. Жыл сайын анын айынан миллиондогон оорулуулар жумушка чыгышпайт. Ошого карабай окмуштуулар бул жагымсыз оорудан адамдарды биротоло кутулткан таасирлүү вакцина ойлоп табыша элек

Альцгеймердин оорусу
Картайганда көпчүлүктүн эс тутуму начарлайт, бир чети Альцгеймер оорусу менен жабыркагандардыкы өтө бат өтүп кетет. Альцгеймер оорусунун келип чыгышынын себеби белгисиз жана ошондуктан таасирлүү айыктыруунун жолун окумуштуулар дагы деле ойлоп табыша элек

СПИД
Анын биринчи жолку көрүнүшү мындан 25 жыл мурун белгиленген. Бүгүн бул өтө коркунучтуу оору биздин планетанын баардык бурчтарына тийип өттү. Өзгөчө аны менен өнүккөн мамлекеттер жабыркап жатышат. Анын дарысы ойлоп табыла элек. Ал адамдарга катуу жаза сыяктуу эле коркунучтуу болуп калды.
Никогда не путай мой характер с моим отношением. Мой характер зависит от меня, а мое отношение - от твоего поведения.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Эркин тема
  • Кийинки тема →

  • (163 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 40
  • 41
  • 42
  • 43
  • 44
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 7 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 7, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 27 Июл 2025 15:04

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: