Суперстан: Жүрөгүм издейт сендейди... - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Жүрөк сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (44 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 26
  • 27
  • 28
  • 29
  • 30
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Жүрөгүм издейт сендейди... Жон гана окуп койгула. Комментарий жазыш не ОБЯЗАТЕЛЬНО!!!

#541 Пользователь офлайн   lo_ove_allaha   23 Март 2014 - 10:53

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 199
  • Катталган: 08 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 13 Фев 2022 00:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан г. Бишкек

Мен сериялдын бутушун каалабайм. Зеериккенде окуп турам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#542 Пользователь офлайн   Talantchik   23 Март 2014 - 11:40

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 031
  • Катталган: 28 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 01 Май 2024 10:10
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Актектир айылы

Ойдон чыккан нерсе гоо
Чын журоктон баари бир
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#543 Пользователь офлайн   kuu-1005   23 Март 2014 - 21:23

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 135
  • Катталган: 18 Февраль 14
  • Соңку аракети: 20 Июн 2025 23:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстандан алыыс жерде....

Чыдамсыздардан кечирим сурайм.Нооруз майрамды катуу майрамдап алып башым ооруп кечее кечке интернетке кире албай жаттым көңүлүм айланып......
Анда эмесе улантайын... ..

Машинадан түшүп айылга кетчү машинага олтурдук.Ал машинада айылдык тааныштар да орун алгандыктан биз тааныш эмес адамдардай кетип бараттык.Айылдын этек жагынан түшүп калды Жазгүл.Үнсүз көз караштар менен гана коштоштук.Үйгө келдим,апам- атамдар менен наркы беркини сурашып бир аз олтуруп эле Керимдин үйүнө өтүп бардым.Керим жаңы алган жубайы менен өзүнчө эле бактылуу.Мен тойдо бир эки ооз сүйлөшкөнүм менен жакшылап деле таанышкан эмес болчук."Ооо келиңиз" деп чын жүрөктөн жылмайып тосуп алды.Менден бир жаш кичине болсо да "сиз" деп кайрылганына ичим жылыды.Нары бери жасап ийген тамактын үстүндө тойдогу видеону көргөнчө тамашалашып сүйлөшүп олтурдук.Создүн арасында Жаңыл (Керимдин чүрөгү) Айтургандын мени бир эки жолу сураганы тууралуу сөз айтып калды.Мен дагы кызыккан адам болуп "Ии жакшы.Айтурганды чаап алсам окшойт ээ?" деп катардагы тамаша катары эле сүйлөп койдум.Жаңыл: "Жакшы болмок,өзү да жакшы кыз.Ошто окуйт" деп мактай баштады.Мен сылыктыкка салып эле Айтургандын номерин телефонума жазып алдым.Ошол бойдон ал тема тууралуу сөз козгободук. Тойдун видеосун көрүп бүтүп мен үйгө кеттим.Келсем апамдар дагы аш жасаган экен алар менен олтуруп калдым оо бир кыйлага чейин.Ал күнү Жазгүл менен сүйлөшө албадым эң кичинекей шок иним телефонумду алып оюнун ойноп жатканынан. Уйкум келип уктап эртеси ойгонсом зарядын өчүрүп туруп жаныма койуп койуптур.Сумкамдан зарядканы таап эле зарядка сайып тамызсам эле Жазгүлдөн:" Кандай жетип алдыңыз? Дайыныңыз жок го!" деген смс келип калды.Жооп кылып:"Жакшы рахмат,кичинекей инимден телефонум бошобой жатты" деп жазып койуп чай ичкени чыгып кеттим.Печка жагылган үйгө кирип ыссык чайдан ичип телефонума келсем Жазгүлдөн:" Аа тиги сизге окшош иниңизденби? " деген смс келиптир.Чындап эле мага окшош болчу.Досторум да көрүп калса бири-бирине: "Оо ана кара кичинекей Асан кеттат" деп эле тийишип эле эрмектей берет болчу.Жазгүл каяктан тааныйт экен деп эле:"Сен кайдан тааныйсың?" деп деп жазып жооп күтүп олтуруп калдым.Бир саатка жакын күтүп анан телефонумду чөнтөккө салып дагы Керимдин үйүнө жөнөдүм (үйү жакын болчу).Кечке маал гана:"Иниңиз менен Аэлитанын иниси бир класста окушат экен эле.Аэлита мага көргөзүп эле "Асанга окшош" дей берет болчу.Бүгүн келеспи?" деген билдирүү алдым.Жазгүлдөн биринчи жолу "Бүгүн келеспи?" деген смс алып шадыраңдап сүйүнүп алдым да телефонум качып кете тургансып бекем кармап алып:"Сен чыксаң эле кантип барбай койойун! Саат 10-го өтүп барам" деп жазып жибердим." Макул" деген жооп келбесе да сүйүнгөнүмдү айтпа.Байкап калган Керим:"Не эле жырталаңдап атасың? Ким бирөө смс жаздыбы күлкүлүү?" деп сурап калды.Ойноп жаткан картабыз да кызыксыз болуп кетип Керимге:" Ии ооба" деп койуп "Үйгө барайын" деп кетип калдым.Мал-сал менен алек болуп жүрүп кеч да кирди.Апамдын жасаган тамагын жеп алып жылуу кийинип алып жөнөдүм кыштын түнкү ызгаар суугуна карабай.Көчөдө элдер жокко эсе.Ар үйдүн морусунан чыккан түтүн эле көзгө урунбаса тыптынч бул айылда жалгыз калгандай да ойлоп кетет экенсиң." Сен эле эмес мына биз да жүрөбүз" дегендей анча мынча адамдарга кошулуп машиналар да нары бери өтүп коет.Жазгүлдүн үйүнө жакындап келип:"Келдим" деген смс жазып нары бери басып жооп күтүп туруп калдым.Көчөдө мага окшогон "үшүбөстөрдү" көрүп калсам калп эле бир жакка кетип жаткан адамга окшоп басып коем.Бир кычыкка келип алып тиги "үшүбөстү" үйүнө киргиче акмалап туруп кайра дагы Жазгүлдүн үйүнүн жанына жакындап келем.Күттүргөндү жакшы көргөн кыздардай эле Жазгүл жарым сааттан өтүп чыкты.Келгенимди милдет кылгандай "Кечиктиң го" дебестен саламдашып келе жаткан майрам менен бири бирибизди куттуктап туруп калдык көчөнүн эки жагын карап.Колу ардайымкыдай ыссык,назик. Көрсө Жазгүлдүн атасы майрамга карата бир аз ичип келиптир бир жактан,мас экен.Мурда кийин мас акыбалда көрбөгөн мен ичимден таң калдым.Аны күтүп олтуруп үшүп калдым эле анын ар бир жылмайуусу мени жылытып жатты.Суук болгондуктан анан жолдон нары бери адамдар өтө бергенинен көп деле сүйлөшүп турбадык.Ар дайым Жазгүлдү аяган жаным анын киришин каалабасам да үшүп калбасын деп:"Мейли анда жакшы эс ал,суук тийип ооруп калсаң менин дагы денсоолугум начарлап кетет" деп тамашалап анын кирүүсүн өтүндүм.Мага жооп катары мыйыгынан күлүп:"Макул кирейин.Сиз дагы барың,үшүп калсаңыз апаңыз эртеге көчөгө чыгарбай коет.А мен зееригип жатам айылда.Келип туруңуз ээ зеериктирбей? " деп дагы чуркап кирип кетти.Артынан: "макул" дегенге зорго үлгүрдүм да ичимден:" Мурдагыдай секелек кыз эмес бой жетилип чоңойуп калса да Жазгүл коштошууну унутуп койушту дагы деле таштай элек экен да" деп жылмайып койуп үйүмө жол тарттым.Кандай таттуу,кандай көркөмдүү жан элең өзүндүн ар бир көрүнүшүң менен менин жүрөгүмө жылуулук,бактылуулук, сүйүү тарттулаган. "Келип туруңуз ээ?" деген сөзү кулагыма кайра кайра жаңырып угулуп жатты."Келип туруңуз ээ?".... "Келип туруңуз ээ?".... "Келип туруңуз ээ?" деген сөздөр түшүмө да кирген окшойт эрте менен атамдын:" Келип алып иш кылбай жүрө бересиңби?" дегенине "Макул,макул, макул" деп койуп жата берипмин.Түшүнбөгөн атам жакын келип гана:"Тур! Эмне эле деп дөөдүрөп жатасың?" дегенде гана чочуп ойгонуп кеттим.Атамдар адатынча достору менен шаарга кетип жатышыптыр. Туруп мал-салды жайгаштырып койуп өзүнчө бактылуу жүрдүм.Кеч киреери менен эле малды жайгаштырып койуп Керимди шерик кылып алып баняга жөнөдүм Оштон келгенимден бери жууна элегиме анан эски жылдын киринен арылууга.Маанайым жакшы болсо ар кимге тийише бермей адатым кармап калат.Баняга кетеердин алдында Жаңылга тийишип:" Аяш жүр баняга түшүп келебиз?" десем Керим каткырып күлүп:"Мынча болду бир күнгө эле берип турбаймбы" деп калды.Уялып кеткен Жаңыл да сыр бербей:"Бир күндөн кийин сага келгим келбей калсачы" десе болобу.Тамашаны анча түшүнбөй калган Керим жини келген кыязда:"Эмне баргың келтабы?" деп эле мен баштап койгон тамашанын айынан Жаңылга атырыла баштаганын сезген мен Керимге:" Ээ эмне тамашаны түшүнбөйсүнбү? Не эле болтасың? Жүр кеттик" деп тынчтандырып койдум.Ичимден экинчи бул темада тамашалашпай эле койойунчу деп чечтим..Керим менен Жаңыл сыртынан бактылуу түгөйлөрдөй көрүнгөнү менен алардын ичтеринде өз ара пикир келишпестиктер бар экенин ошол бир ай ичинде байкадым.Себеби Керим Жаңылды качырып келип эле алып алган болчу.Өзү ошол жылдары качырып келмей моода эле.Өз ичимден эч түшүнбөйт элем ошондойлорго: "Кантип эле бир көргөн адамды жактырып аны качырып келип эле үйлөнүп алышат? Кантип эле сыртынан бир көрүп бир эки ооз сөзүн угуп эле ал кыз менен өмүр бою жашашка бел байлашат коркпой?" деп ойлоп койуп.Айылдагы ишенген жалгыз банябызда да "очередь" экен.Кезегибизди түн бир оокумга чейин күтүп дагы башка балдарга кошулуп жуунуп чыктык.31-чи декабрь болгондуктан бул күнү Жазгүлдү убара кылбай эле койойун деп чечтим эле.Үйгө келсем атам менен апам дагы келип калыптыр отуруштарынан. Алар менен телевизордогу Жаңы-Жылдык концерт көргөнчө майрамдык торт анан дагы башка таттуларды жеп олтурдук.Жаңы- Жылга жарым саат калганда: "Жазгүл Жаңы-Жылың менен!!! Ар дайым жүзүңдөн жылмайуу кетпесин.Мен бул каалоону ага катары эмес сени ар дайым жакшы көргөн адам катары жазып жатам" деп жазып койуп "жөнөтсөмбү же жөнөтпөсөмбү" деп ойлонуп турдум да "Эмне болсо ошол болсун" деп жөнөтүп ийдим жооп күтүп.Колумдагы телефонду уту-утур карап жаттым антенна чыгып тура бекен деп жооп күтүп.Жүрөгүмдүн жарыгынан Жаңы-Жылга беш минутадай убакыт калганда:" Рахмат сизге чооң,сизге да бакыт каалайм.Сиздин да Жаңы-Жылыңыз менен.А мен сизди көптөн бери "ага" катары көрбөй калгам" деген жагымдуу смс алдым Жаңы-Жылга белек катары.Жүрөгүм сүйүнгөнүнөн кабынан чыгып кетчүдөй болуп туйлап жатты.Кусалыкка толуп көптөн бери мындай сүйүнө элек жүрөгүм мага ыраазычылыгын айтып жаткансыды. ....

Билдирүүнү түзөткөн: kuu-1005: 23 Март 2014 - 21:37

"Бактылуумун" !
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#544 Пользователь офлайн   Janyla   23 Март 2014 - 21:37

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 304
  • Катталган: 07 Январь 11
  • Соңку аракети: 16 Фев 2022 13:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бактылуулук жана ыймандуулуктун жолунда...

Мен дагы суйунуп кетпедимби, бирок,теманын аталышынан улам бул суйунуч копко узабаса керек деп ойлойм....ошо учун да бир аз капалана туштум.

Билдирүүнү түзөткөн: Janyla: 23 Март 2014 - 21:43

Не ждите ЧУДЕС - чудите САМИ!!!

Дети так любят подражать — будьте для них хорошим примером!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#545 Пользователь офлайн   aziko88   23 Март 2014 - 21:53

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 104
  • Катталган: 05 Февраль 14
  • Соңку аракети: 21 Сен 2016 12:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

эх журок оору Боло турган болдум озумду элестетип бактылуу болуп жылмайып окудудум
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#546 Пользователь офлайн   munara_00   23 Март 2014 - 22:20

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 150
  • Катталган: 01 Март 13
  • Соңку аракети: 01 Май 2014 20:01
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:тоо арасы

Ии анан эмне болду? Калганы канааа((((
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#547 Пользователь офлайн   oruktu_city   23 Март 2014 - 23:01

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 471
  • Катталган: 07 Июль 13
  • Соңку аракети: 13 Авг 2021 02:26
  • Жынысы:Эркек

Суйуу.......эххх. .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#548 Пользователь офлайн   Ayson   23 Март 2014 - 23:17

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 15
  • Катталган: 01 Март 14
  • Соңку аракети: 09 Июл 2014 23:51
  • Жынысы:Аялзаты

;-(
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#549 Пользователь офлайн   sher89   23 Март 2014 - 23:33

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 91
  • Катталган: 07 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Янв 2021 15:00
  • Жынысы:Эркек

Азаматсын, озундун чыгармаларындан аралаштырып коркомдоп жазып кой окурмандарга дагы да кызыктуурак кылып жазгул менен ажырашканга чейин бактылуу мунооторду кошуп болгон чындыктын баарын жазбай дагы дагы экоондун суйуунорду коркомдоп жазышынды суранам
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#550 Пользователь офлайн   sparkle   23 Март 2014 - 23:50

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 175
  • Катталган: 24 Март 12
  • Соңку аракети: 26 Сен 2020 21:40
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Эмнеге мынча сезимдерди жашырасын тартынып? Жазгулду да тарттырып жибербесен экен эми...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#551 Пользователь офлайн   Bogotik   24 Март 2014 - 02:35

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 411
  • Катталган: 29 Август 13
  • Соңку аракети: 02 Мар 2020 05:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан!

Buttup kaldygo tez ele

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#552 Пользователь офлайн   kuu-1005   24 Март 2014 - 03:02

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 135
  • Катталган: 18 Февраль 14
  • Соңку аракети: 20 Июн 2025 23:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстандан алыыс жерде....

....Кубанып Жаңы-Жылды көп тилектерди ичимден кайталап айтып жатып тосуп алдым.Тынчын албайын деп ал күнү смс жазбадым.Эртеси ойгонуп эле төшөктөн турбай:"Жаңы- Жылдык салам.Маанай кандай?" деп жазып жибердим.Туруп чай-пай ичкичекти:" Салам.Жакшы өзүңүз? Кандай тосуп алдыңыз Жаңы-жылды?" деген билдирүү алдым.Кандай ганан бактылуу тосуп алганымды билсеңчи эгер.Жооп катары:"Сонун да.Келеерки Жаңы-Жылда сени менен бирге тосууну тилек кылдым.Сени көргүм келип жатат бүгүн жолугалыбы? " деп жазып жообуна "Макул" деген смс алдым.Кеч киришин күтүп ал күнү көздөрүм менен кошулуп күлүп жүрдүм.Түштөн кийин убакытты тез өткөзүш үчүн Керимге жөнөдүм.Керимдин үйүнө келсем Жаңылдын эки үч классташы келип калыптыр меймандап.Айтурган да бар экен.Алар менен тойдогу окуяларды сүйлөшүп бир кыйлага чейин олтурдум." Мал жайгаштырыш керек" (Атам үйдө болгондо өзу жайгаштырат болчу) деген шылтоону айтып алардан бошонуп үйгө келдим да жылуу кийинип алып Жазгүлүмө жөнөдүм.Жазгүлүмдүн жүзүн көрүп,күлкүсүн уккум келди.Себеби мен бул түнү өз сүйүүмдү айтууну эп көрдүм.Жүрөгүм: "Канчага чейин ушинтип жүрөсүң? Мен да кыйналдым го сенин чечкинсиздигиңдин айынан.Беш жылдан бери эч кимге кол тийгизбей көздүн карегиндей сактап жүргөн сезимдеримди билгизип анын дагы жүрөгүндө жаткан сага болгон сезимдерин бүгүн бил!" деп мага буйрук берип жаткансыды. Бүгүн Жазгүлдүн жүрөгүнүн эшигин ачып ичкери кирүүгө бел байлап бара жаттым эки жагымды карап элеңдеп.Жеттим. "Келдим" деген смс жаздым да жөнөттүм.Биринчи жолугушуудай болуп жүрөгүмдүн кагышы катуулап кулагыма угулуп жатты."Оо Кудай күч бере көр!" деп тиленип жибергенимди да байкабай калдым."Кечигип чыкса экен мен эрктүүлүк жыйнап алгыча" деп ойлонуп жатсам көбүнчөсү кечигип чыккан Жазгүл бул саам тез эле чыгып алды.Адатынча: "Кандайсыз? !" деген Жазгүлдүн жагымдуу үнүнө жооп катары:"Жакшы рахмат.Өзүң кантип атасың? Зээрикпей элеби?" деп сөздү ал тарапка ыргыттым." Жакшы эле.Зээриксем тажабай келип турган сиз барсыз го!" деп жылмайып туруп калды.Көздөрүнөн "Айт эми,Айт" деп менден сөз күтүп жаткандай көрүндү.Таярданып тур деген максатта тамагымды кыра жөтөлүп алдым да:"Жазгүл сени канчалык жакшы көрүшүмдү билсеңчи.Сенин жаныңда жүрүү мен үчүн бактылуулук. Канчалык түндөрдү уйкусуз өткөрдүм го сени ойлоп.Сен менин өңүмдө да түшүмдө да жашайсың! !!" деп "Сени сүйөм" деген создү ушунча көп сөз кылып айтууга күчүм зорго жетти.Жүрөктөн "Сени сүйөм" деген эки сөздү айтыш ушунчалык кыйын экенин угуп жүрсөм да ошол түнү дагы бир жолу ынандым.Сөзүмдү бөлбөй унчукпай угуп турган Жазгүлдүн көздөрүнөн же сүйүнгөнүн же капа болгонун аңдай албай ага кулак түрүп туруп калдым.Ошол секунддар мен үчүн токтоп калгандай болду.Дагы " жакшына болуңчу,сиз менин агамсыз" десе караңгылык каптаган асман үстүмө кулап кетчүдөй болуп коорунуп туруп калдым андан жооп күтүп.Бактыга жараша Жазгүл мыйыгынан жылмайып:" Хм..Түшүндүм. ..... Мммм менин деле сизге болгон көңүлүм бар экенин жакында эле байкадым" деп ушунча убакыт күткөн создү айтты.Уккан кулагыма ишенбей көзүмдү чоң ачып аны карап:"Чын элеби? тамашалабай элеби?" деп кайра кайра сурап жаттым."Ооба" дегендей кылып башын ийкеген Жазгүлүмдү кучактап жиберсем чочуп кеткен Жазгүл:"Секин болуңузчу.Азыр үйдөн бирөө жарым чыгып көрүп калса менин мойнумду үзүшөт" деп шыбырап калды.Кучактап бетинен,алкымынан өпкүп келип жатса да өзүмдү колго алып туруп калдым сүйүнүп.Жүрөгүмдүн согушу да өз калыбына түшкөндөй дүкүлдөбөй калды.Бул түндө ааламда менден өткөн бактылуу адам жоктой сезилип жатты...Сүйөм сени!... Сүйөм сени!... Сүйөм сени!... деп жатты жүрөгүм кайра кайра.Ал түнү түндүн суугуна карабай бир кыйла сүйлөшүп турдук..Бактыбызга да үйдөн эч ким чыкпады.Бул түндү кудай бизге арнагандай биз сүйлөшүп турган жолдон да эч кимди өткөзбөй жатты.Канчалык Жазгүлүмдүн жанынан кетүүнү каалабай турсам да аргам жок аны үйүнө киргизүүгө аргасыз болдум.Себеби Жазгүл кадимкидей титиреп үшүй баштаган болчу."Жакшы жетип алыңыз!" деп Жазгүл коштошуп кирип кетти бул саам.Суук экенин Жазгүлдүн үйүнөн алыстагандан кийин гана сездим.Ал түнү жүзүмө жылмайуу уялап ширин уйкуга кеттим.....


Билдирүүнү түзөткөн: kuu-1005: 24 Март 2014 - 03:09

"Бактылуумун" !
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#553 Пользователь офлайн   -detka-   24 Март 2014 - 03:19

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 565
  • Катталган: 02 Март 14
  • Соңку аракети: 21 Окт 2017 11:36
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Kyrgyzstan

Сонунгоооо.. .
Ж- И- В- И как хочешь, всё равно тебя будут осуждать до конца жизни...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#554 Пользователь офлайн   jon_jurbos   24 Март 2014 - 03:56

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 628
  • Катталган: 03 Март 14
  • Соңку аракети: 03 Апр 2017 22:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстанда

ушул жылы бутуройун деген ой барбы я??? же клон сериялындай болуп 2 жыл болобу?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#555 Пользователь офлайн   shezat   24 Март 2014 - 07:06

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 197
  • Катталган: 14 Февраль 12
  • Соңку аракети: 03 Фев 2025 20:48
  • Жынысы:Эркек

Бутуп калган окшойт деп окуй баштапмын башынан....... ..оа китеп жазса болот экен автор шыгын бар экен жоош болгонун менен...айтышатко жооштон жоон чыгат деп ийгилик сага..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#556 Пользователь офлайн   Aygul   24 Март 2014 - 08:00

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 700
  • Катталган: 06 Апрель 08
  • Соңку аракети: 30 Мар 2016 12:39
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Супер"Кыргыз"стан

Сүрөт Суйуу, суйуу, сонун жазыптыр го, чын эле. Ар бир моментти тушунуктуу кылып коркомдоп жазыптыр. Уландысын кутобуз.

Билдирүүнү түзөткөн: Aygul: 24 Март 2014 - 08:01

Сабырдын тубу- сары алтын! Сабыр пендени судуроп журуп Бейишке жеткирет.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#557 Пользователь офлайн   meri6ka   24 Март 2014 - 09:02

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 063
  • Катталган: 10 Февраль 13
  • Соңку аракети: 09 Янв 2022 16:46
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Город зеленого цвета...

ой бай,эмне болуп кетти ушунча коп жазган экен деп суйунуп кетсее



Я буду терпеливым,
Я стану повторять:
Чтобы быть счастливым,
Нужно уметь ждать



  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#558 Пользователь офлайн   menedjer   24 Март 2014 - 09:32

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 81
  • Катталган: 02 Ноябрь 11
  • Соңку аракети: 24 Окт 2017 22:40
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Ордолуу Ош шаары!

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#559 Пользователь офлайн   oruktu_city   24 Март 2014 - 12:03

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 471
  • Катталган: 07 Июль 13
  • Соңку аракети: 13 Авг 2021 02:26
  • Жынысы:Эркек

Сиздин жазганынызды окуп алып ,журогум опкоолжуп,озумдун 1жыл мурдагы ...кунум эске тушуп кетти
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#560 Пользователь офлайн   jon_jurbos   24 Март 2014 - 20:37

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 628
  • Катталган: 03 Март 14
  • Соңку аракети: 03 Апр 2017 22:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстанда

Просмотр сообщения Gulnazi (24 Март 2014 - 14:23) жазган:

Сени Жазгулдон болгон тагдырга наалат!





Наалат дегениниз кандай ботом? Жазгулго эми жетип бактылуу болуп жатат го.Наалат айтканга саал эртераак болуп калды окшойт.....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Жүрөк сыры
  • Кийинки тема →

  • (44 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 26
  • 27
  • 28
  • 29
  • 30
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 20 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 20, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 27 Июн 2025 04:23

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: